«Открой очи мои, и увижу чудеса закона Твоего.
Странник я на земле; не скрывай от меня заповедей Твоих»

(Псалтирь 118:18-19)

Кыргызча Инжил (Новый Завет на киргизском языке)

Институт перевода Библии (ИПБ) – это российская научная организация, занимающаяся переводом, изданием и распространением Библии на языках неславянских народов, проживающих в России и в сопредельных странах. Эти народы (около 85 млн чел.) имеют различные культурные и религиозные корни и говорят на более чем 130 языках. Численность носителей некоторых из них составляет миллионы, другими владеют только несколько тысяч и даже сотен человек. Одни языки имеют давнюю литературную традицию, а для других письменность была создана совсем недавно. Цель Института перевода Библии – создать точный и богословски верный перевод, чтобы донести содержание Библии до современного читателя на родном языке.

Деятельность ИПБ проходит по благословению Святейшего Патриарха Московского и всея Руси Кирилла. Офис Института располагается в Москве, в Андреевском ставропигиальном монастыре. 28 октября 2015 года весь коллектив Института перевода Библии был удостоин  медали священномученика Евгения (Зернова) в благодарность за многолетнее плодотворное сотрудничество в деле распространения Слова Божия и христианского просвещения народов Якутии. Медаль вручил Председателю Правления ИПБ протоиерею Александру Троицкому епископ Якутский и Ленский Роман.

Книга взята с сайта http://ibt.org.ru/ru/


Матай

1

 

Ыйса Машаяктын санжырасы

 

1Ыбрайымдын тукумунан чыккан Дөөт падышанын тукуму Ыйса Машаяктын санжырасы:
2Ыбрайымдан Ыскак, Ыскактан Жакып, Жакыптан Жүйүт жана анын ага-инилери,
3Жүйүттүн Тамар аттуу аялынан Перес менен Зерак, Перестен Эсрон, Эсрондон Рам,
4Рамдан Аминадап, Аминадаптан Наасон, Наасондон Салмон,
5Салмондун Рахап аттуу аялынан Обоз, Обоздун Рут аттуу аялынан Абыт, Абыттан Жесей,

 

6Жесейден Дөөт падыша туулган. Дөөт падыша Урийдин жесирине үйлөнүп, андан Сулайман туулган.
7Сулаймандан Рехабам, Рехабамдан Абыя, Абыядан Аса,
8Асадан Жашапат, Жашапаттан Жорам, Жорамдан Узия,
9Узиядан Жотам, Жотамдан Ахаз, Ахаздан Эзекия,
10Эзекиядан Манаш, Манаштан болсо Амос, Амостон Жошия,
11Жошиядан Экония жана анын бир туугандары туулган. Ушундан соң, Жүйүттүн эли Бабылга зордук менен көчүрүлгөн.

 

12Бабылга көчүрүлгөндөн кийин Экониядан Шелтиел, Шелтиелден Зоробабыл,
13Зоробабылдан Абыют, Абыюттан Элияким, Элиякимден Азор,
14Азордон Садок, Садоктон Аким, Акимден Элиют,
15Элиюттан Элазар, Элазардан Матан, Матандан Жакып,
16Жакыптан Жусуп туулган. Жусуп Машаяк аталган Ыйсаны төрөгөн Мариямдын күйөөсү болот.
17Ошентип, Ыбрайымдан Дөөткө чейинки мезгилдин аралыгында он төрт муун, Дөөттөн Бабылга көчүрүлгөн мезгилге чейин он төрт муун, Бабылга көчүрүлгөндөн Машаяк төрөлгөнгө чейинки аралыкта он төрт муун өткөн.

 

Ыйса Машаяктын төрөлүшү

 

18Ал эми Ыйса Машаяк мындайча төрөлгөн: сөйкө салынып, Жусупка башы байланган, келечекте төрөлө турган Ыйсанын энеси Мариям күйөөгө чыга электе эле Ыйык Рухтан кош бойлуу экендиги маалым болот.
19Болочок күйөөсү Жусуп адил адам болгондуктан Мариямды эл алдында шерменде кылгысы келбей, жашыруун башын ачып коюуну чечет.

 

20Ушундай ойлоп жүргөндө, Жараткан Эгенин периштеси түшүнө кирип, мындай дейт: «Жусуп! Дөөттүн тукуму, колуктуң Мариямды алгандан коркпо! Анткени боюндагы Бала Ыйык Рухтан бүткөн.
21Төрөгөндө Балага Ыйса[1]деген ат коёсуң, анткени Ал Өз элин алардын күнөөлөрүнөн куткарат».

 

22Мунун баары Жараткан Эгенин Өз пайгамбары аркылуу айттырган сөзүнүн аткарылышы үчүн болду.
23Ал мындай дебеди беле: «Бир кыз кош бойлуу болуп, Уул төрөйт, атын Имануэл коюшат».(Мунун мааниси: Кудай биз менен.)

 

24Жусуп ушул түштөн кийин Жараткан Эгенин периштесинин буйругу боюнча колуктусу Мариямга үйлөнөт.
25Бирок ал төрөгөнгө чейин аны менен төшөктө чогуу жатпайт. Аялы Уул төрөгөндө, Балага Ыйса деген ат коёт.

 

2

 

Акылмандардын Ыйсага таазим кылышы

 

1Ыйса Ирод падышанын тушунда Иудея аймагынын Бейтлехем деген шаарында төрөлдү. Чыгыштан Иерусалимге келишкен акылмандар:
2«Иудейлердин жаңы төрөлгөн падышасы кайда болду экен? — деп адамдардан сурамжылашты. — Биз күн чыгыштан анын жылдызын көрүп, ага таазим кылганы келдик».
3Муну укканда, Ирод падышанын тынчы кетти. Аны менен бирге бүткүл Иерусалим калкы да дүрбөлөңгө түштү.

 

4Ирод жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин баарын чакырып алып: — Машаяк кай жерде төрөлүшү керек эле? — деп алардан сурады.

 

5— Иудеянын Бейтлехем шаарында, — деп жооп беришти алар, — анткени бир пайгамбарга Кудай мындай деп жаздырып кеткен:

 

 

6«Жүйүттүн Бейтлехеми, сен Жүйүттүн

 

Бир дагы чоң шаарынан кем эмессиң,

 

Анткени Менин элим Ысрайылдын

 

Койчусу — Башкаруучу сенден чыгат».

 

 

7Муну укканда, Ирод акылмандарды жашыруун өзүнө чакырып алып, жылдыздын чыга турган мезгилин тактады.

 

8— Барып, баланын кайда экенин так билиңиздер! — деди ал жылдыз саноочуларды Бейтлехемге жөнөтүп жатып, — мен да барып, таазим кылып келишим үчүн, тапканыңыздарда мага кабарлап коюңуздар.

 

9Жылдыз саноочулар падышанын айтканын угушуп, жолго чыгышты. Аңгыча алар чыгыштан чыккан жылдызды көрүштү. Жылдыз Бала жаткан жайдын үстүнө келип токтогонго чейин анын жетегинде жүрүп отурушту.
10Жылдызды көргөн алар ушунча катуу сүйүнүшүп, кубанычтары койнуна батпады.
11Үйгө киришкенде, Баланы жана Анын энеси Мариямды көрүштү. Чөк түшүп, Балага таазим кылышты да, баштыктарын ачып, белектерди: алтынды, ладан жана мүр деген жыпар жыттуу заттарды тартуу кылышты.
12Андан соң келген жолунан башка жолго салып, өз өлкөлөрүнө кайтышты. Башка жолго салышканынын себеби, түш көрүп, «Иродко барбагыла» деген аян алышкан эле.

 

Мисирге качуу

 

13Алар кетишкенден кийин, Жусуптун түшүнө Жараткан Эгенин периштеси кирип:

 

— Тур да, Баланы жана Анын энесин алып, Мисирге кач. Ирод Баланы өлтүртмөкчү болуп, адамдарына издеткени жатат. Мен сага кайт демейинче ошол жакта бол! — деди.

 

14Жусуп түндө ордунан туруп, Баланы жана Анын энесин алып, Мисирге жөнөп кетти.
15Ал жакта Ирод өлгөнгө чейин болду. Анткени Жараткан Эгенин: «Мен Уулумду Мисирден чакырып алдым»деп, пайгамбарынан айттырган сөзү орундалышы керек болчу.

 

Ироддун «наристелерди өлтүргүлө» деген буйругу

 

16Ирод акылмандардын амалдуулук кылганын түшүнүп, кыжыры кайнап, каарданды. Жоокерлерин жиберип: «Бейтлехемде жана анын тегерек четинде төрөлгөн эки жашка чейинки балдардын баарын кырып салгыла!» — деген буйрук берди. Эки жашка чейин деген себеби акылмандардан сурап, билип алган убакыттан улам эле.
17Жеремия пайгамбар аркылуу айтылган пайгамбарчылык сөз ушундайча аткарылды. Ал мындай деген:

 

 

18«Жүйүттүн Рама аттуу шаарынан

 

Күйүттүү бир кошок үнү угулат.

 

Муңга толуп, балдарынан айрылып,

 

Соороно албай боздоп жатат Ракыйла,

 

Анткени анын бүт балдары кырылган».

 

Мисирден кайтып келүү

 

19Ирод өлгөн соң, Жараткан Эгенин периштеси Мисирдеги Жусуптун түшүнө кирип, мындай деди:

 

20— Тур да, Баланы жана Анын энесин алып, Ысрайыл жерине жөнө! Анткени Баланы жок кылабыз дегендер өлүштү.

 

21Жусуп турду да, Бала менен Анын энесин алып, Ысрайыл жерине келди.
22Иудеяда Ироддун ордуна анын баласы Архелай падышалык кылып турганын угуп, ал жакка баргандан коркту. Түшүндө көргөн аяндагы эскертүүдөн улам Галилея аймагы жакка өтүп кетти.
23Галилеяга келип, Назарет аттуу шаарга жайгашты. Ушундайча «Ал назареттик деген атка конмок» деп пайгамбарлар аркылуу алдын ала айтылган сөз аткарылды.

 

3

 

Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн чакырыгы

 

1Ошол күндөрдө болсо Жакыя чөмүлдүрүүчү Иудея чөлүнө келип:

 

2— Ниетиңерди өзгөрткүлө! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды, — деп жар салды.

 

3Бир кезде Ышая пайгамбар:

 

 

«Жар салгандын чөлдө үнү угулат:

 

"Даяр кылгын Эгебиздин жолдорун,

 

Талаадагы басар жерин түздөгүн!"»

 

 

— дегенде ушул Жакыя тууралуу айткан болчу.

 

4А Жакыя болсо төөнүн жүнүнөн токулган чапан кийип, белин булгаары кур менен бууп алчу. Жегени чегиртке менен жапайы аарынын балы эле.
5Иерусалим калкы жана Иудеянын башка бардык шаарларынан жана Иордан дарыясынын тегерек-четиндегилердин баары убап-чубап ага келип жатышты.
6Келгендер күнөөлөрүн мойнуна алып, Жакыянын Иордан дарыясындагы чөмүлдүрүү расмисинен өтүп жатышты.

 

7Алардын арасында чөмүлүү үчүн келген көп фарисейлер менен садукейлер да бар эле. Жакыя аларды көргөндө, мындай деди: — Эй, жылан тукумдары! Келечектеги каардуу жазадан качууну силерге ким көрсөттү эле?
8Ниетиңерди өзгөрткөнүңөр чын болсо, аны ошого ылайык жашооңор менен далилдегиле!
9Өзүңөрчө: «Биз Ыбрайымдын балдарыбыз» деп корстон болбогула! Айтып коёюн: керек болсо Кудай Ыбрайымга мына бул жаткан таштардан бала жасап бере алат.
10Азыр дарактардын түбүндө балта даяр турат: ар бир жакшы жемиш бербегени кыйылат да, отко ыргытылат.
11Ниеттерин өзгөртсүн деп сууга чөмүлдүрүп жүрөм, бирок мага караганда алда канча кудуреттүү бирөө аркамдан келе жатат. Мен анын бут кийимин көтөрүп жүргөнгө да татыбайм. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.
12Ал өз кырманын тазалоо үчүн күрөгүн кармап даяр турат. Буудайын кампага жыйып, топонун өчпөс отко ыргытат.

 

Ыйсанын сууга чөмүлүү расмисинен өтүшү

 

13Ушундан кийин Ыйса Галилеядан Иорданга Жакыянын чөмүлдүрүү расмисинен өтүү үчүн келди.

 

14Жакыя ага каршы болуп: — Чынында сууга чөмүлдүрүү расмисинен мени сен өткөрүшүң керек, бирок сенин мага келгениң кандай? — деди.

 

15Ыйса ага мындай деп жооп берди:

 

— Эми муну жөн кой, анткени адилеттүүлүктүн бардык талаптарын ушундайча аткарышыбыз керек.

 

Ошондо Жакыя макул болду.

 

16Ыйса чөмүлөрү менен суудан чыкты да, капысынан асман ачылганын жана үстүнө көгүчкөн кейпинде Кудайдын Руху түшүп келатканын көрдү.
17Ошондой эле асмандан бир үн чыкты: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын».

 

4

 

Шайтандын сыноосу

 

1Ушул окуядан соң, ибилистин сыноолорунан өткөрүү үчүн Кудайдын Руху Ыйсаны чөлгө алып келди.
2Кырк күн, кырк түн орозо кармаган Ыйса аягында ачка болгонун сезди.

 

3Ошондо азыткы келип: — Эгерде сен Кудайдын Уулу болсоң, мынабу таштарга айтчы, нан болуп калсын, — деди.

 

4Ыйса:

 

— Ыйык Жазууда: «Адам жалаң нан менен гана эмес, Кудайдын оозунан чыккан ар бир сөз менен да жашайт»,деп жазылып турат, — деди.

 

5Ошондо ибилис Аны ыйык шаар Иерусалимге алып барып, ийбадаткананын төбөсүнө чыгарып койду да:

 

6— Кана, Кудай Уулу болсоң, өзүңдү төмөн таштап жиберчи, анткени «Кудай Өзүнүн периштелерине буйрук берет, алар сенин бутуңду ташка тийгизбей илип кетишет»,деп жазылган эмеспи, — деди.

 

7Ыйса:

 

— «Кудай Эгеңди сынаба!»,деп да жазылган, — деп жооп берди.

 

8Ибилис Ыйсага дагы келип, Аны абдан бийик тоого алып чыгып, бул дүйнөнүн бардык мамлекеттери менен алардын байлыгын көрсөтүп:

 

9— Эгерде алдыма жыгылып, мага таазим кылсаң, ушунун баарын сага берем, — деди.

 

10Ыйса ага мындай жооп берди:

 

— Жогол нары, шайтан, «Кудай Эгеңе табын, жалгыз Ага кызмат кыл!»— деп жазылып турат!

 

11Ыйса ушундай дегенде, ибилис Андан кетип калды да, периштелер келип, Ыйсага кызмат кыла башташты.

 

Ыйсанын Галилеядагы кызматынын башталышы

 

12Ыйса Жакыянын камалганын угуп, Галилеяга кетип калды.
13-14Бирок Ышая пайгамбар аркылуу айтылган Кудайдын сөзү аткарылышы үчүн Назаретте калган жок, келери менен Забулун жана Напталы урууларына караган Галилея көлүнүн жээгиндеги Капарноом шаарында жашап калды. Ышая пайгамбар болсо мындай деген:

 

 

15«Иордан дарыясынын ары жагында,

 

Деңизге алып барчу жол боюнда

 

Жаткан жер — Забулун да, Напталы да,

 

Башка улуттар жашаган Галилея!

 

16Караңгыда жашаган эл

 

Көрдү улуу жарыкты!

 

Нур төгүлдү болгондорго

 

Далдаасында ажалдын!».

 

 

17Ошол убактан тартып Ыйса:

 

— Ниетиңерди өзгөрткүлө! Анткени Асман Падышачылыгы жакындап калды, — деп жар сала баштады.

 

Ыйсанын алгачкы шакирттери

 

18Галилея көлүнүн жээги менен басып бараткан Ыйса эки бир тууганды: Петир аталган Ысманды жана Идристи көрдү. Алар көлгө тор салып жатышкан болчу, анткени алардын кесиби балыкчы эле.

 

19Ыйса аларга мындай деди: — Жүргүлө, Мени менен, силерге балык кармагандын ордуна, адамдарды Кудайга кантип апкелүүнү үйрөтөм!

 

20Алар болсо ошол замат торлорун таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.
21Ыйса андан ары баратып, дагы бөлөк эки бир туугандарды: Жакып менен Жаканды көрдү. Алар атасы Зебедей менен бир кайыкта олтуруп алып, торлорун жамап жатышкан. Ыйса аларды Өзүнө чакырды.
22Алар ошол замат кайыкты да, андагы атасын да калтырып, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.

 

Ыйсанын Галилеядагы адамдарга таалим берип, айыктырышы

 

23Ыйса Галилеяны кыдырып, алардын синагогаларында таалим берип, Кудайдын Падышачылыгы тууралуу Жакшы Кабарды жар салып, адамдарды ар кандай оору-сыркоолорунан айыктырып жүрдү.
24Ал тууралуу кабар бүткүл Сирия аймагына тарап кетти. Адамдар Ага ар кандай илдет-дартка чалдыккандарды, жаны сыздап ооругандарды, жин тийгендерди, талмасы барларды, шал оору болуп калгандарды алып келишип, Ыйса аларды айыктырды.
25Ошондо Галилеядан, Оншаар аталган жерден, Иерусалимден, Иудеядан жана Иордан дарыясынын ары жагынан көптөгөн адамдар Анын артынан жөнөштү.

 

5

 

Ыйсанын тоодогу таалими

 

1Ыйса чогулган элди көрүп, тоого чыкты. Жайгашып олтурган соң, шакирттери жанына барышты.
2Ошондо Ал сөзүн баштап, аларга мындай таалим берди:

 

 

3— Момундар бактылуу!

 

Анткени Асман Падышачылыгы ошолордуку!

 

4Кайгыргандар бактылуу!

 

Анткени Кудай аларды сооротот!

 

5Алсыздар бактылуу!

 

Анткени жер алардын энчисине тиет!

 

6Адилдикке чаңкагандар бактылуу!

 

Анткени Кудай алардын суусунун кандырат!

 

7Кайрымдуулар бактылуу!

 

Анткени Кудай аларга кайрым кылат.

 

8Дили тазалар бактылуу!

 

Анткени алар Кудайды көрүшөт!

 

9Ынтымакка чакыргандар бактылуу!

 

Анткени Кудай аларды «балдарым» деп чакырат!

 

10Адилеттик үчүн куугунтук жегендер бактылуу!

 

Анткени Асман Падышачылыгы ошолордуку!

 

 

11Менин шакирттерим болгонуңар үчүн сөгүп, куугунтукка алып, силер тууралуу жалган сөздөрдү айтышса бактылуусуңар!
12Кубангыла! Шаттангыла! Анткени силерди асманда чоң сыйлык күтүп турат! Силерден мурда да пайгамбарларды ошондой куугунтукка алышкан.

 

13Силер — жердин тузусуңар! Эгер туз даамын жоготсо, аны кантип калыбына келтиресиң? Ал эч нерсеге жарабай калат. Сыртка алып чыгып, тепсендиге ыргытып гана жибериш керек.

 

14Силер бул дүйнөдөгүлөр үчүн жарыксыңар. Тоо башында турган шаарды эч ким жашыра албайт.
15Шамды жаккан соң, аны идиштин астына эмес, шамдалга коюшат да ал үйдө отургандардын баарына жарыгын чачат.
16Анын сыңары, силер да адамдарга жарыгыңарды чачкыла! Алар силердин жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташсын!

 

Тоорат мыйзамынын аткарылышы

 

17Мени Тоорат мыйзамын же пайгамбарлар жазмаларын жокко чыгарганы келди деп ойлобогула. Мен аларды жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим.
18Силерге бир чындыкты айтып коёюн: асман-жердин жашоосу бүтмөйүн, Тоорат мыйзамындагы бардык нерселер аткарылмайын, Тоорат мыйзамынын тамгасы тургай, тамгасынын эң кичинекей сызыкчасы да жок болуп кетпейт.
19Ошондуктан кимде-ким Кудайдын ушул эң кичине осуяттарынын бирин жокко чыгарса жана адамдарды ошондой окутса, ал Асман Падышачылыгында эң кичине болот. Ал эми осуяттарды аткарып, башкаларды да ошого үйрөткөн адам Асман Падышачылыгында улуу болот.
20Силерге айтып коёюн, эгерде фарисейлер менен дин мугалимдеринин адилдигинен силердики ашып түшпөсө, анда Асман Падышачылыгына кирбейсиңер.

 

Ачууну кармай билүү тууралуу

 

21Байыркыларга «киши өлтүрбө»жана «ким киши өлтүрсө, сот алдында айыпталат» деп айтылган сөздү силер уккансыңар.
22Мен болсо силерге айтам: кимде-ким боордошуна ачууланса, ал сот алдында айыпталат. Ким боордошуна: «Сен көңдөйсүң!» десе, ал жогорку сотко тартылат. Ким: «Сен наадансың!» десе, ал тозок отуна татыктуу.

 

23Ошондуктан Кудайга курмандык жайга тартуу алып келип, анан ошол жерден боордошуңдун сага бир нерседен нааразы болуп калганын эстесең,
24анда тартууңду курмандык жайдын жанына калтыр да, барып, алгач боордошуң менен элдеш. Анан кайра келип, тартууңду Кудайга бер.
25Доочуң менен тез жараш, жолдо сотко баратканда эле көңүлүн тап, антпесең ал сени соттун колуна тапшырат. Сот болсо сакчыларга өткөрүп берип, зынданга каматат.
26Сага бир чындыкты айтып коёюн: акыркы тыйыныңды бермейинче, ал жактан чыкпайсың.

 

Никени таза күтүү тууралуу

 

27Силер «ойноштук кылба»деп айтылган сөздү уккансыңар.
28А Мен силерге айтам: кимде-ким башка бирөөнүн аялын арам ой менен карап койсо, ал оюнда аны менен ойноштук кылып койду.
29Эгерде сени оң көзүң күнөөгө түртүп атса, аны оюп сал да ыргытып жибер, анткени бүт денең менен тозокко ыргытылгандан көрө, бир мүчөңдөн айрылганың артык эмеспи.
30Эгерде оң колуң күнөөгө түртүп атса, кыя чап да өзүңдөн алыс ыргыт, анткени бүт денең тозокко түшкөндөн көрө, бир мүчөңдөн ажыраганың жакшы.

 

31Мурда: «Кимде ким аялын коё берсе, ага ажырашуу катын жазып берсин!»деп айтылган.
32А Мен силерге айтам: ойноштук кылуудан башка себеп менен аялын коё берген адам аялын ойноштуккатүртөт. Ошондой эле күйөөдөн чыккан аялга үйлөнүү да ойноштук кылганга жатат.

 

Ант тууралуу

 

33Ошондой эле силер байыркыларга карата айтылган мындай деген да сөздү уккансыңар: «Ант-убадаңды бузба! Жараткан Эгеңдин алдында берген анттарыңды аткар!»
34А Мен силерге айтам: эч кандай ант берип, карганбагыла! «Мына, асман турат!» дебегиле, анткени асман Кудайдын тактысы.
35«Жер урсун!» дебегиле, анткени жер Кудайдын бут койгучу. Иерусалимди оозанып карганбагыла, анткени Иерусалим улуу Падыша — Кудайдын шаары.
36Башыңарды сайып да ант бербегиле, анткени андагы бир тал чачты ак же кара кылууга да кудуретиңер жетпейт.
37Бирок жообуңар түз болсун: же ооба, же жок дегиле, а мындан ашыгы — азгыруучудан.

 

Таш менен урганды аш менен ур

 

38Силер: «Көзгө көз, тишке тиш!»деп айтылганын да уккансыңар.
39А Мен силерге айтам: силерге жамандык кылгысы келгендерге каршы чыкпагыла, оң жаагыңарга чапканга сол жаагыңарды тоскула.

 

40Соттошкусу келип, көйнөгүңөрдү талашкандарга, чапаныңарды да чечип бергиле.
41Силерди өзү менен бир чакырым басып барууга мажбурлагандар менен эки чакырым баргыла.
42Силерден карыз алгысы келгендерге аркаңарды салбагыла.

 

Душмандарды сүйүү тууралуу таалим

 

43Силер: «Боордошуңду сүй, бирок душманыңды жек көр!»деп айтылган сөздү уккансыңар.
44А Мен силерге айтам: душмандарыңарды сүйгүлө, силерди куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла.
45Ошондо асмандагы Атаңардын уул-кыздары болосуңар. Анткени Анын күнү жамандарга да, жакшыларга да бирдей чыгып, жамгыры адилдерге да, адил эместерге да бирдей төгүлөт.
46Өзүңөрдү сүйгөндөрдү гана сүйсөңөр, силерге кандай сыйлык берилмек эле? Салыкчылар деле ошондой кылышат эмеспи.
47Боордошторуңарга гана сый көрсөтсөңөр, эмне өзгөчө иш кылган болосуңар? Бутпарастар деле ушундай кылышат эмеспи?
48Силер дагы асмандагы жеткилең Атаңардай жеткилең болгула.

 

6

 

Кайрымдуулук тууралуу таалим

 

1Эл алдында адилсингенден сак болгула. Болбосо силерге асмандагы Атаңардан сыйлык болбойт.
2Ошондуктан кайыр-садага бергениңерди айтып, жар салбагыла. Адамдардын алдында даңкын чыгарыш үчүн эки жүздүүлөр синагогаларда жана көчөлөрдө ушундай кылышат. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: алар мындай кылуусу менен эмитен эле сыйлыктарын толук алып бүтүштү.
3-4А сен кайыр берсең, даңазалабай, жашыруун бер. Оң колуңдун бергенин сол колуң билбесин. Ошондо жашыруун нерселерди да көрүп туруучу Кудай Атаң сага сыйлыгыңды берет.

 

Сыйынуу тууралуу таалим

 

5Сыйынганыңарда эки жүздүүлөрдөй болбогула: анткени алар элге көрүнүш үчүн синагогаларда, жолдордун кесилиштеринде туруп алып сыйынганды өтө жакшы көрүшөт. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: алар сыйлыктарын алып бүтүштү.
6Сен болсо сыйынганыңда төркү үйүңө кир да, эшигиңди жаап алып, жашыруун жерлердеги Кудай Атаңа сыйын, ошондо жашыруун жерден сени көрүп турган Атаң сага сыйлыгыңды берет.
7Сыйынганыңарда, башка элдерге окшоп, маанисиз сөздөрдү кайталап, маңыздана бербегиле. Алар ушундай сыйынсак, Кудай бизди угат деп ойлошот.
8Ал эми силер алар сыяктуу болбогула, анткени Кудай Атаңар эмнеге муктаж экениңерди Андан сурай элегиңерде эле билет.

 

 

9Силер мындайча сыйынгыла: «Асмандагы Атабыз.

 

Сенин атың урматталсын!

 

10Сенин падышачылыгың келсин!

 

Асмандагыдай эле жерде да

 

Баары Сенин эркиңдегидей болсун!

 

11Күнүмдүк наныбызды күн сайын бере көр,

 

12Бизге жамандык кылгандардын

 

Күнөөлөрүн кечиргенибиздей,

 

Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечир.

 

13Бизди азгырыкка кирип кетүүдөн сакта да

 

Азгыруучудан куткар».[2]

 

 

14Эгер силер башкалардын туура эмес иштерин кечирсеңер, анда силердикин да асмандагы Атаңар кечирет!
15Ал эми силер башкалардыкын кечирбесеңер, анда Атаңар да силердин туура эмес иштериңерди кечирбейт!

 

Орозо тутуу тууралуу таалим

 

16Орозо тутканыңарда эки жүздүүлөрдөй болбогула. Алар орозо тутуп жатканын элге көрсөтүш үчүн кабактарын бүркөшөт. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: алар өз сыйлыктарын эмитен эле алып алышты.
17-18Силер болсо адамдардын алдында эмес, жашыруун жерде да бар Атаңардын алдында орозо тутуп жатканыңарды көрсөтүү үчүн бети-башыңарды жууп, таранып-сыланып алгыла. Ошондо жашыруун нерселерди да көрүүчү Атаңар силерге сыйлыгыңарды берет.

 

Чыныгы байлык асманда

 

19Байлыгыңарды жерге жыйбагыла. Жерде же күбө жеп кетет, же дат басып калат, же уурулар дубалыңды тешип, уурдап кетишет.
20Андан көрө, байлыгыңарды асманга жыйгыла. Ал жактан күбө да жей албайт, дат да баспайт, уурулар да дубалды тешип, уурдап кете алышпайт.
21Анткени байлыгың каерде болсо, эси-дартың да ошерде болот.

 

22Адамдын көзү — анын чырагы. Ошондуктан көзүң тунук болсо, бүт денең да жарык болот.
23Эгер көзүң арам болсо, бүт дене-боюң караңгыда калат. Демек, сендеги жарык караңгыга айланып калган болсо, ал караңгылык абдан жаман!

 

Кудай жана байлык тууралуу

 

24Эч бир кул эки кожоюнга бирдей кызмат кыла албайт: же бирин сыйлайт да, экинчисин жек көрөт, же бирине берилип, экинчисине көңүл кош мамиле кылат. Ошол сыяктуу Кудай менен акчага бирдей кызмат кыла албайсыңар!

 

25Ошондуктан силерге айтам: «Эмне жеп, эмне ичебиз» деп, жаныңарды ойлоп, «эмне кийебиз» деп денеңерди ойлоп, түйшүк тартпагыла. Тамактан жан, кийимден дене артык да.
26Чымчыктарды карагылачы, алар эгин экпейт да орбойт, кампаларга да чогултпайт. Аларды асмандагы Атаңар багып жатат. А силердин алардан айырмаңар алда канча чоң эмеспи?
27Кимиңер түйшүк тартып, өмүрүңөрдү бир аз болсо да узарта аласыңар?

 

28Ошондой эле эмнеге кийим-кечектин камын жеп, түйшүктөнөсүңөр? Кызгалдактардын өсүп турганын карагылачы, алар эч кандай эмгек кылышпайт.
29А бирок силерге айтып коёюн: Сулайман падыша атак-даңкы чыгып турганда да алардын эч бириндей кийинген эмес.
30Эгерде бүгүн талаада өсүп, эртең мешке жагыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди андан артык кийиндирбейби, эй, ишеними аздар!

 

31«Эмнени жейт болдук экен? Эмнени ичер экенбиз? Эмнени кийер экенбиз?» деп түйшүктөнбөгүлө!
32Башка элдердин эси-дарты ушуларда, бирок силердин асмандагы Атаңар булардын баарына муктаж экениңерди билет.
33Силер баарынан мурда Кудайдын Падышачылыгы жөнүндө ойлоп, Анын каалаганын аткаргыла! Ошондо Ал силерди жанагылардын баарына жеткизет.
34Андыктан эртеңки күн үчүн түйшүк тартпагыла, себеби эртең тарта турган түйшүктөрүңөр башка, ар күндүн кыйынчылыгы өзүнө жетет.

 

7

 

Өзгөлөрдү соттобогула!

 

1Өзгөлөрдү айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар.
2Анткени өзгөлөрдү кандай айыптасаңар, өзүңөр да ошондой айыпталасыңар. Өзгөлөргө колдонгон өлчөмүңөр өзүңөргө колдонулат.
3Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй, боордошуңдун көзүндөгү чамындыны көрөсүң?
4Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Келе, көзүңдөгү чамындыны алып коёюн», — деп кантип айтасың?
5Эй, эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, анан боордошуңдун көзүндөгү чамындыны кантип алышты билесиң.

 

6Ыйык нерселериңерди иттерге бербегиле, берметтериңерди чочколордун алдына таштабагыла; чочколор аларды тепсеп таштайт, иттер кайрылып келип, өзүңөрдү каап алат.

 

Сурагыла, издегиле, тыкылдаткыла!

 

7Сурагыла, ошондо силерге берилет, издегиле, ошондо табасыңар, тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат!
8Анткени ар бир сураган алат, издеген табат, тыкылдатканга ачылат.
9Араңарда баласы нан сураса, таш бергендер барбы?
10Балык сураса, жылан кармата салганчы?
11Ошентип, силер жаман болсоңор да балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билесиңер, андан бетер асмандагы Атаңар да сурагандарга жакшы нерселерди берет.

 

12Ошентип, качан болсо да, өзгөлөрдөн кандай мамилени күтсөң, өзүң да аларга ошондой мамиле кыл. Бул Тоорат менен пайгамбарлардын жазмаларында айтылгандарга дал келет.

 

Түбөлүк өмүрдүн дарбазасы тар

 

13Тар дарбазадан киргиле, анткени апат болор жерге алып баруучу жол да, дарбаза да кенен жана ошол дарбазадан кирип жаткандар көп.
14Өмүргө алып баруучу дарбаза менен жол ушунчалык тар жана ал дарбазаны тапкандар аз.

 

Өсүмдүк жана анын жемиши

 

15Жалган пайгамбарлардан сак болгула. Алар кой терисин жамынып келген ач карышкырлар.
16Аларды кылган иштеринен ажыратып тааныйсыңар. Тикенектен жүзүм же анжир теришпейт.
17Ошондой эле жакшы дарактын жемиши да жакшы, жаман дарактын жемиши да начар болот.
18Жакшы дарак начар жемиш бербейт, ал эми начар дарак жакшы жемиш бербейт.
19Жакшы жемиш бербеген дарак чаап салынат да отко ыргытылат.
20Ошондуктан жалган пайгамбарларды кылган иштеринен таанып-билесиңер.

 

Мен силерди тааныбайм!

 

21Мени «Эге! Эге!» дегендердин баары эле Асман Падышачылыгына кире бербейт. Асмандагы Атамдын эркин аткаргандар гана киришет.
22Сот күнү көп адамдар Мага: «Эге! Эге! Сенин атың менен пайгамбарчылык кылбадык беле? Сенин атың менен жиндерди кубалабадык беле? Сенин атың менен ажайып-кереметтерди жасабадык беле?» — дешет.
23Ошондо Мен аларга: «Силер кимсиңер, Мен билбейм, көзүмө көрүнбөй жоголгула, күнөөкөрлөр!» — дейм.

 

Эки куруучу

 

24Ошондуктан Менин ушул сөздөрүмдү угуп, аны аткарган үйүн таш үстүнө курган акылдуу адамга окшош болот.
25Жаан нөшөрлөп, дарыялар ташкындап, алай-дүлөй бороон болуп, жанагы үйдү каптаганда, ал кыйрабайт, анткени таштын үстүнө курулган.

 

26Ал эми ушул сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбагандар үйүн кумга курган акылсыз адамга окшош.
27Жаан нөшөрлөп, суу ташкындап, алай-дүлөй бороон болуп, жанагы үйдү каптаганда, ал кулайт. Кулаганда да катуу кулайт.

 

Ыйсанын бийлиги

 

28Ыйса сөзүн аяктаганда, чогулган эл Анын таалимине таңданды.
29Анткени Ыйса алардын дин мугалимдериндей эмес, бийлиги бар инсандай таалим берди.

 

8

 

Пес оорулуу адамдын айыгышы

 

1Ыйса тоодон түшүп келгенде, чогулган элдин көбү Анын артынан ээрчиди.

 

2Аңгыча пес оорулуу бир адам жакын келип, таазим этип, мындай деди: — Таксыр, эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз.

 

3Ыйса ага колун тийгизди да:

 

— Каалаймын, айыккын! — деди.

 

Ошол замат ал оорусунан айыгып кетти.

 

4Ошондо Ыйса ага айтты: — Байкагын, бул тууралуу эч кимге ооз ачпа, бирок өзүңдү динкызматчыга көргөзүп, айыкканыңдын далили катары Муса буюрган курмандыкты алып баргының.

 

5Ыйса Капарноомго киргенде, Ага римдик жүз башы басып келди да:

 

6— Таксыр, кызматчым үйдө ооруп, ордунан тура албай, катуу кыйналып жатат, — деген өтүнүч менен кайрылды.

 

7Ошондо Ыйса ага:

 

— Мен барып, айыктырайын, — деди.

 

8Бирок жүз башы:

 

— Таксыр, босогомду атташыңызга мен татыктуу эмесмин, бирок бир ооз сөз айтсаңыз эле, кызматчым айыгып кетет.
9Мен бийлик астындагы адаммын, өзүмдүн да кол алдымда жоокерлерим бар. Алардын бирине: «Бар!» — десем, барат, башкасына: «Кел!» — десем, келет. Кулума: «Тигини жаса!» — десем, жасайт, — деп жооп берди.

 

10Муну укканда, Ыйса таң калып, аркасынан ээрчип келаткан элге айтты:

 

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мындай ишенимди Мен Ысрайыл элинен да жолуктурган эмесмин.
11Силерге айтам: чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн келген көп адамдар Асман Падышачылыгында Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен бирге той дасторконун тегеректеп, жамбаштап жатышат.
12Падышачылыкты мурастап ала турган эл тыштагы капкараңгы жайга кубаланат. Ал жакка түшкөндөр кыйналганынан тиштерин кычыратып, боздошот.

 

13Анан Ыйса жүз башыга:

 

— Бара бер, ишенимиңе жараша болсун, — деди.

 

Ушул саатта кызматчы айыгып кетти.

 

Ыйсанын көп адамды айыктырышы

 

14Ыйса Петирдин үйүнө келип, анын кайненеси ысытма менен ооруп, төшөктө жатканын көрдү.
15Ыйса аялдын колун кармаганда, ысыгы кайтып, аял айыгып кетти. Анан ордунан туруп, Ыйсаны коноктой баштады.

 

16Кеч киргенде, жин даарыган көп адамды Ыйсага алып келишти. Ыйса алардагы жиндерди сөзүнүн кудурети менен кууп чыкты да илдеттеринен айыктырды.
17Илгери Ышая пайгамбар аркылуу мындай деп айтылган: «Ал биздин алсыздыктарыбызды Өзүнө алды жана ооруларыбызды көтөрүп кетти».Ыйса аларды айыктыруу менен жогорудагы пайгамбардык сөздү ишке ашырды.

 

Ыйсаны ээрчип, шакирт болгусу келгендер

 

18Айланасындагы жыйналган элди көрүп, Ыйса шакирттерине көлдүн аркы өйүзүнө өтүүнү буюрду.

 

19Ошондо бир дин мугалими басып келип: — Устат, сен кайда барбагын, мен артыңдан калбайм, — деди.

 

20Ыйса ага:

 

— Түлкүлөрдүн ийини, чымчыктардын уясы бар. Адам Уулунун болсо баш калкалаар жайы жок, — деп жооп берди.

 

21Дагы бир шакирти Ыйсага:

 

— Таксыр, адегенде үйгө барып, атамдын кашында болуп, ал өлгөндө сөөгүн коюп келейин да анан сизди ээрчийин. Ушуга уруксат этиңиз, — деди.

 

22Ыйса ага:

 

— Сен артыман түш. Өз өлүктөрүн көмүүнү тирүү өлүктөргө калтыр! — деди.

 

Көлдөгү бороондун токтошу

 

23Ыйсаны ээрчип, шакирттери да кайыкка түшүштү.
24Аңгыча деңиз катуу толкуп, кайыктын кырынан суу ашып кире баштады. Ыйса болсо уктап жатты.

 

25Шакирттери жанына келип: — Устат! Куткар! Өлө турган болдук! — деп Аны ойготушту.

 

26Ошондо Ыйса аларга:

 

— Эмне мынча коркосуңар, ишеними аздар! — деди да, ордунан туруп, шамал менен деңиздин токтошу үчүн буйрук берди. Ошол замат айлана тыптынч болуп, мемирей түштү.

 

27Бул окуяны көргөндөр аң-таң болушуп: — Шамал менен деңизди да багындырган бул кандай адам? — дешти.

 

Жин даарыган адамдардын айыгышы

 

28Көлдүн аркы өйүзүндө жайгашкан Гадара деген жерге сүзүп барышканда, жин даарып ооруган эки киши үңкүрлөрдөгү мүрзөлөрдөн чыга калышып, Ыйсанын алдынан тосушту. Алар ушунчалык кутуруп кетишкендиктен ал жол менен эч ким өтө алчу эмес.

 

29Аңгыча алар кыйкырып жиберишти:

 

— Эй, Кудай Уулу, биз менен кандай ишиң бар?! Бизди күн мурунтан эле азапка салганы келдиңби?

 

30Алардан алысыраакта болсо бир топ чочко жайылып жүргөн.

 

31Жиндер Ыйсадан: — Эгер бизди кубаласаң, тээтигил чочколордун арасына жибер, — деп өтүнүштү.

 

32— Баргыла! — деди Ыйса.

 

Жиндер адамдардан чыгып, чочколорго кетишти. Ошол замат чочколор тобу менен жардан деңизге кулап, сууга чөгүп өлүштү.
33Чочко кайтаргандар болсо качып жөнөштү да шаарга келип, болгон ишти баарына жар салып, жин оорулуулардын кантип айыкканын айтышты.
34Ошондо бүткүл шаар эли Ыйсаны утурлай чыгып, Ага жолукканда: «Биздин жерибизден кетип калчы», — деп жалбарышты.

 

9

 

Шал болгон адамдын айыгышы

 

1Ыйса кайыкка түшүп, кайрадан көлдүн берки өйүзүндөгү Өзү жашаган шаарына келди.

 

2Аңгыча адамдар шал болуп ооруган бирөөнү төшөгү менен көтөрүп, алдынан тосуп чыгышты. Ыйса алардын Өзүнө ушундай ишеним артып турганын көрүп: — Кайрат кыл, балам, күнөөлөрүң кечирилди! — деди.

 

3Ошондо кээ бир дин мугалимдери:

 

— Бул Кудайга акарат келтирип атат! — деп өз ара күңкүлдөштү.

 

4Ыйса алардын оюн билип, мындай деди:

 

— Эмне үчүн силердин ичиңердеги ойлоруңар жаман?
5Кайсынысы оңой: «Күнөөлөрүң кечирилди!» дегенби же: «Ордуңан тур да бас!» дегенби?

 

6Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетинде күнөөлөрдү кечире турган бийлиги бар! Анан шал оорулууга карап:

 

— Тур да, төшөгүңдү көтөрүп, үйүңө жөнө! — деди.

 

7Киши ордунан туруп, үйүнө жөнөдү.
8Чогулгандарды коркунуч басып, адамдарга ушундай бийликти берген Кудайды даңкташты.

 

Матайдын шакирттикке тандалышы

 

9Ыйса андан ары баратып, салык жыйноочу жерде олтурган Матай аттуу кишини көрүп калды. Ага:

 

— Менин жолума түш! — деди.

 

Матай ордунан турду да, Ыйсаны ээрчип жөнөдү.

 

10Ошол күнү кечинде, Ыйса бир үйдө, дасторкондун жанында жамбаштап жатты. Көптөгөн салыкчылар жана башка күнөөкөрлөр ошол үйгө келип, Ыйсанын жана анын шакирттеринин катарынан орун алышты.

 

11Муну көргөн фарисейлер Ыйсанын шакирттерине: — Эй, эмне үчүн силердин устатыңар салыкчылар жана башка күнөөкөрлөр менен чогуу бир дасторкондон тамактанып жатат? — дешти.

 

12Ыйса муну угуп, аларга айтты:

 

— Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек.
13Баргыла да «Мен курмандыктан көрө, боорукердикти каалайм»деген сөздүн маанисин билип алгыла. Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим.

 

Орозо тутуу маселеси

 

14Ушул окуядан соң, Ыйсага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн шакирттери келип, суроо беришти:

 

— Эмне үчүн биз да, фарисейлер да тез-тез орозо тутабыз, ал эми сенин шакирттериң андай кылышпайт, ыя?

 

15Ыйса аларга мындай жооп берди:

 

— Үйлөнүп жаткан жигит тойго чакырылган коноктордун арасында жүргөндө, алар эмнеге кайгырмак эле? Бирок үйлөнгөн жигит алардан алына турган күндөр да келет, алар орозону ошондо тутушат.
16Эч ким жаңы кездемеден эски кийимге жамаачы жамабайт. Антпесе, жаңы жамаачы эски кийимди жыртып, жыртыгы мурдагыдан да аңырайып калат.
17Жаңы шарапты эски чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат. Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначтарга куюш керек, ошондо чанач да, шарап да аман калат.

 

Тирилген кыз, сакайган аял

 

18Ыйса аларга ушуларды айтып жатканда, жергиликтүү башкаруучулардын бири келди да, таазим кылып:

 

— Кызым каза болуп калды. Бирок сен барып, колдоруңду үстүнө койсоң эле кайра тирилет, — деди.

 

19Ыйса ордунан туруп, анын артынан жөнөдү. Шакирттери да ага кошулду.
20Аңгыча он эки жыл бою ичинен кан акканы токтобой ооруган бир аял Ыйсанын арка жагынан басып келип, Анын кийиминин этегине колун тийгизди.
21«Кийимине эле колум тийсе, айыгам!» деди аял өзүнчө.

 

22Ыйса болсо артына кайрылып, аны көрдү да: — Кайрат кыл, кызым, ишенимиң сени айыктырды, — деди.

 

Ошол сааттан баштап аял оорусунан кутулду.
23Ушундан соң, Ыйса башкаруучунун үйүнө келип, муңканган чоор үнүн угуп, ызы-чуу болуп жаткан элди көрдү.

 

24Анан аларга: — Ары тургула! Кыз өлгөн жок, ал жөн эле уктап жатат! — деди.

 

Ошондо алар Ыйсаны шылдыңдап күлүштү.
25Чогулгандар кетишкенде, Ыйса үйгө кирди да, кызды колунан алып ордунан тургузду.
26Бул окуя тууралуу күбүр-шыбыр туш-тарапка тарады.

 

Сокурлардын айыгышы

 

27Ыйса андан ары баратканда, эки сокур киши артынан түшүп:

 

— Дөөт Уулу, бизге боорукердик кыла көр! — деп кыйкырышты.

 

28Ыйса үйгө киргенде, сокурлар Анын жанына келишти. Ыйса аларга:

 

— Силерге жардам бере аларыма ишенесиңерби? — деди.

 

Алар:

 

— Ооба, таксыр, — деп жооп кайтарышты.

 

29Ошондо Ыйса алардын көздөрүнө колун тийгизип туруп:

 

— Ишенгениңердей болсун, — деди.

 

Ошондо тигилердин көздөрү ачылып, көрө башташты.

 

30Анан Ыйса катуу эскертип: — Абайлагыла, бул окуя тууралуу эч ким билбесин! — деди.

 

31Алар болсо үйдөн чыгары менен баарына Ыйса тууралуу айтып киришти.

 

Дудуктун айыгышы

 

32Айыккан сокурлар сыртка чыкканда, кимдир бирөөлөр Ыйсага жин оорудан улам дудук болгон кишини алып келишти.

 

33Ыйса жиндерди кууп чыкканда, дудук сүйлөп кирди. Эл: — Эч качан мындай укмуш Ысрайылда болгон эмес! — деп таңданышты.

 

34Ал эми фарисейлер:

 

— Бул жиндерди алардын башчысынын күчү менен кубалап жатат, — дешти.

 

Кароосуз калган койлор

 

35Ыйса көптөгөн шаар-кыштактарды кыдырып, алардагы синагогаларда таалим берип, Падышачылыктын Жакшы Кабарын жарыялап, адамдарды ар кандай оору-сыркоолорунан айыктырып жүрдү.
36Көптөгөн адамдарды көрүп, боору ооруду, анткени алар туш-тушка чачырап койчусуз калган койлордой болчу.

 

37Ошондо шакирттерине: — Оро турган эгин көп, бирок орокчулар аз.
38Андыктан Өз эгин талаасына орокчуларды жөнөтсүн үчүн эгин Эгесине жалынгыла, — деди.

 

10

 

Он эки шакиртке берилген тапшырма

 

1Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга ар кандай кара күчтөрдү кууп чыга турган бийлик, ар кандай оорулар менен алсыздыктарды айыктыра турган кудурет берди.
2Булар Ыйсанын он эки элчиси эле. Алардын аттары мындай: биринчиси Петир деп да аталган Ысман жана анын иниси Идрис, Зебедейдин уулу Жакып жана анын иниси Жакан,
3Филип жана Барталамей, Том жана Матай салыкчы, Алпейдин уулу Жакып жана Тадай,
4Ысман Динчил жана кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.

 

5Ушул он эки кишини Ыйса жөнөтүп жатып, мындай буйрук берди:

 

— Башка улуттагылардын жерине барбагыла жана самариялыктардын шаарына кирбегиле.
6Анын ордуна адашкан койлордой болгон Ысрайыл элине гана баргыла.
7Барганыңарда аларга: «Жакында силер Кудайдын башкаруусунда болосуңар!» — деп жар салгыла.
8Оорулууларды айыктыргыла, өлгөндөрдү тирилткиле, пес оорулууларды сакайткыла, жиндерди кубалагыла. Бекер алдыңар, бекер бергиле.
9Алтын, күмүш, жез акча да белбооңорго түйбөгүлө.
10Жолго баштык да, ашык кийим да, бут кийим да, таяк да албагыла. Анткени иштегендин тиштегенге акысы бар.

 

11Кайсы шаарга же айылга кирбегиле, алгач силерди кабыл алууга даяр адамдын барын аныктагыла, анан ошол жерден кеткиче ошол адамдыкынан башканыкына көчпөгүлө.
12Босогону аттаарыңарда: «Тынччылык болсун!» деп, батаңарды бергиле.
13Эгер ошол үйдө саламыңарды кабыл алууга даяр адам бар болсо, батаңар кабыл болот, эгер болбосо, батаңар өзүңөргө кайтат.
14Ал эми силерди кабыл албай, айткан сөзүңөргө кулак салышпаса, анда ошол шаардан же үйдөн чыгып, алардын четке кагылганынын белгиси катары бутуңардын чаңын күбүп салгыла.
15Чынын айтайын, кыяматтагы сот күнүндө ал шаарга караганда, Содом менен Гомор шаарларына жеңилирээк жаза колдонулат.

 

Боло турган куугунтуктар жөнүндө

 

16Мен силерди карышкырлардын арасына койлорду жибергендей жөнөтүп жатам. Ошондуктан жыландай кыраакы, көгүчкөндөй ак көңүл болгула.
17Адамдардан абайлагыла, алар силерди сотко беришип, синагогаларда сабашат.
18Мага ишенгениңер үчүн өкүмдарлар менен падышалардын алдына алып барышат. Алардын жана элдин алдында күбөгө өтүп, Мен жөнүндө айтып бересиңер.
19Ошондо «кантип айтабыз, эмнени айтабыз» деп түйшүк тартпагыла. Эмне дээриңерди ошол саатта Кудай оозуңарга сала берет.
20Анткени силер эмес, силер аркылуу Атаңардын Руху сүйлөйт.
21Бир туугандар бири бирин, атасы өз баласын өлүмгө салып бере турган болот. Балдары өз ата-энелерине каршы чыгышып, аларды өлүмгө салып беришет.
22Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Бирок ким аягына чейин чыдаса, куткарылат.
23Бир шаардан зордук көрсөтүшсө, башка шаарга качкыла. Силерге чындыкты айтып жатам: силер Ысрайылдын шаарларын кыдырып чыккыча, Адам Уулу келип калат.

 

24Шакирт устатынан, кул ээсинен өйдө эмес.
25Шакирт устатындай, кул ээсиндей боло алса, ошол жетиштүү. Үй ээсин Бээлзебул[3]деп атап жатышса, үйүндөгүлөрүн андан бетер тилдебей коймок беле.
26Ошондуктан алардан коркпогула, анткени сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт.
27Силерге караңгыда айтып жатканымды жарыкта айткыла. Кулагыңарга шыбырап айтылып жатканды үйдүн төбөсүнө чыгып алып жар салгыла.
28Силерди өлтүрүп коюш колунан келе тургандардан коркпогула. Алар жаныңарды өлтүрө албайт. Андан көрө, жаныңарды да, денеңерди да кууратып, тозокко салууга кудурети бар Кудайдан корккула.
29Эки чымчык бир аз эле тыйынга сатылат, туурабы? Эгерде Кудай Атаңардын эрки болбосо, алардын бири да топ этип жерге кулабайт.
30А силердин болсо башыңардагы чачыңар да эсептелүү.
31Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар.

 

Ыйсаны кабыл алуу жана Андан баш тартуу

 

32Ким Мени эл алдында ачык тааныса, Мен да аны асмандагы Атамдын алдында ачык тааныйм.
33Мени эл алдында четке какканды, Мен да асмандагы Атамдын алдында четке кагам.

 

Ыйса бул дүйнөгө ажырым алып келди

 

34Мени жер бетине тынчтык алып келди деп ойлобогула!
35Мен тынчтык эмес, уулун атасынан, кызын энесинен, келинин кайненесинен ажырата турган кылыч алып келдим.
36Адам баласынын душмандары — өз үйүндөгүлөрү.
37Атасын же энесин Менден артык сүйгөн адам Мага жарабайт. Баласын же кызын Менден артык сүйгөн адам Мага жарабайт.
38Ошондой эле өзүнүн айкаш жыгачын көтөрбөстөн, Мени ээрчиген адам да Мага жарабайт.
39Өмүрүн аяган адам аны сактамак турсун жоготуп алат, ал эми ким Мен үчүн өмүрүн жоготсо, ал аны кайрадан табат.

 

Чыныгы сыйлык

 

40Ким силерди кабыл алса, Мени кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы.
41Пайгамбарды пайгамбар катары кабыл алган адам, пайгамбарга бериле турган сыйлыкты алат. Кудайдын каалоосу менен жашаган адамды Кудайдын каалоосу менен жашаган адам катары кабыл алган адам, Кудайдын каалоосундай жашаган адамга бериле турган сыйлыкты алат.
42Шакирттеримдин эң кичинесин Менин шакиртим катары кабыл алып, бир чыны муздак суу берсе, анда, силерге чын айтам, ал адам тиешелүү сыйлыгын сөзсүз алат.

 

11

 

1Ыйса он эки шакиртине насаат-буйруктарын айтып бүтүп, ал жерден кетти да, Галилеянын шаарларына таалим берип, Жакшы Кабарды жар салууга жөнөдү.

 

Ыйса жана Жакыя

 

2Ал эми Жакыя болсо Машаяктын кылган иштери тууралуу түрмөдө отурган жеринен кабардар болду. Ошондо ал шакирттерин Ыйсага жиберип:
3«Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?»— деп суратты.

 

4Ыйса аларга:

 

— Баргыла, уккан-көргөнүңөрдү Жакыяга айтып бергиле:
5сокурлардын көзү көрүп, буту шал болгондор басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр кайра тирилип, жакырларга Жакшы Кабар тарап жатат.
6Ушул кылгандарымды көрүп туруп, Менин ким экенимен шек санабаган адам бактылуу, — деп жооп берди.

 

7Жакыя жиберген адамдар кеткенде, Ыйса элге Жакыя тууралуу мындай деди:

 

— Ээн талаага эмнени көргөнү бардыңар эле? Шамал термелткен камыштыбы?
8Айткылачы, деги эмнени көрөлү деп бардыңар эле? Кооз кийимчен адамдыбы? Кооз кийимчендер ал жакта эмес, тигине, алар падыша сарайларда.
9Анда эмнени көргөнү бардыңар? Пайгамбардыбы? Ооба! Силерге айтып коёюн: ал пайгамбардан да улуу.
10Ыйык Жазууларда Кудай: «Мына, Сенин алдыңан кабарчымды жиберемин, ал Сенден мурда барып, басар жолуңду даярдайт»,— деп ушул адам жөнүндө айткан.
11Силерге бир чындыкты айтып коёюн: энеден туулгандардын бири да Жакыя чөмүлдүрүүчүдөн улуу эмес! Бирок Асман Падышачылыгында эң кичине деп эсептелген киши да андан улуу.
12Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн күндөрүнөн тартып азыркы кезге чейин Асман Падышачылыгына күч колдонуп келишкен жана күчтүүлөр аны тартып алышууда.
13Анткени Жакыянын кызматы Муса калтырган Тоорат мыйзамы менен башка пайгамбарлардын китептериндеги алдын ала айтылгандарды жыйынтыктайт.
14Эгерде сөзүмдү кабыл алгыңар келсе, анда Жакыя — бул кайтып келүүгө тийиш болгон Илиястын өзү.
15Уга турган кулагы барлар уксун!

 

16-17Азыркы замандын адамдарын кимге окшотсом? Алар базарда олтуруп алып, бири бирине: «Той-тамаша күүсүн салып, чоор тартсак, эмнеге бийлебейсиңер, кошок кошсок, эмнеге ыйлабайсыңар?!» — деген жаш балдарга окшош.
18Анткени кадимки тамактарды ичип-жебеген Жакыя келди эле, «буга жин тийиптир» дешти.
19Башкаларга окшоп ичип-жеген Адам Уулу келди эле, «бул киши сугалак экен, шарапка жакын экен, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу экен» — дешти. Бирок кандай болсо да, Кудайдын даанышмандыгы аны жактагандар тарабынан ырасталды.

 

Ыйсанын сөзүн кабыл албаган шаарлар

 

20Ошондо Ыйса Өз кереметтерин баарынан көбүрөөк көрсөткөн шаарларды уруша баштады. Анткени алар ниеттерин өзгөртүшпөдү:

 

21— Эй, шордуу Коразин! Эй, шордуу Бейтсайда! Эгер силерде жасалган укмуштар Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эбак эле катуу кайгырып, кенептен кийим кийип, күлгө олтуруп,[4]ниеттерин өзгөртүшмөк.
22Бирок силерге айтып коёюн: эми кыямат кайымда Тир менен Сидондун акыбалы силердикинен жеңилирээк болот.
23А сен, Капарноом, текеберденип, төбөм менен көккө жетем деп ойлойсуңбу? Жок! Кудай сени жердин түпкүрүнө житире чабат. Анткени сенде жасалган укмуштар Содомдо да жасалган болсо, анда ал бүгүнкү күндө бар болмок.
24Бирок Мен силерге айтып коёюн: кыямат кайымда силерге караганда, Содом шаарына жеңилирээк болот.

 

Чарчап-чаалыккандарга сүйүнчү

 

25Ошол убакта Ыйса мындай деди:

 

— Оо, Ата, асман менен жердин Ээси! Сени мактап, даңазалайм, анткени Сен бул иштерди даанышмандар менен акылмандардан жашырып, жаш бала сыяктангандарга ачып көрсөттүң.
26Ооба, Атаке, Сен ушундай болушун кааладың.
27Атам бардыгын Мага өткөрүп берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким жакшы билбейт. Атасын ким экенин да Уулунан жана Уулу ачып көрсөткүсү келгендерден башка эч ким жакшы билбейт.
28Оор мээнеттин каамытынан башы чыкпай, түйшүк жүгүн көтөрүп жүрүп, чарчап-чаалыккандар, баарыңар Мага келгиле! Мен силерди эс алдырам.
29Менин каамытымды кийип, Менден таалим алгыла, анткени Мен жоош-момунмун жана жөнөкөймүн. Ошондо жаныңар жай табат.
30Анткени Менин каамытым жакшы, жүгүм жеңил.

 

12

 

Дем алыш күнү тууралуу

 

1Дем алыш күндөрдүн биринде Ыйса эгин талаасын аралап өтүп бара жатты. Жанындагы шакирттери ачка болуп, буудайдын башын жулуп жей башташты.

 

2Муну фарисейлер көрүп калышып Ыйсага: — Карачы, шакирттериң дем алыш күнү тыюу салынган ишти кылып жатышат! — дешти.

 

3Ыйса мындай жооп берди:

 

— Дөөт жанындагы адамдар менен бирге ач калганда эмне кылганын окуган жок белеңер?
4Кудай үйүнө кирип, Эгебизге багышталган нанды жанындагылар менен бирге жебеди беле! Бирок ал нандарды жегенге эч акысы жок болчу. Аларды жегенге динкызматчылардын гана акысы болгон.
5Дин кызматчылар ийбадатканада дем алыш күнү ошол күндүн мыйзамын бузуп коюшса да айыпсыз экендиги тууралуу Тоорат мыйзамынан окуган жок белеңер?
6Силерге айтып коёюн: бул жерде ийбадатканадан да улуу Бирөө турат.
7Эгерде силер Кудайдын: «курмандыкты эмес, боорукердикти каалайм!»деген сөзүнүн маанисин түшүнгөн болсоңор, анда айыпсыз адамдарды соттобос элеңер.
8Анткени Адам Уулу дем алыш күнүнүн да ээси!

 

Колу сенек адам

 

9Ыйса ал жактан кетип, синагогага келди.

 

10Синагогада колу сенек бир адам бар эле. Ошол жерде тургандардан бирөөлөр Ыйсадан кынтык таап, айыпка жыгуу максатында: — Кудайдын мыйзамы боюнча дем алыш күнү да адамды айыктырууга болобу? — деп сурашты.

 

11Ыйса:

 

— Бир кою дем алыш күнү чуңкурга түшүп калса, араңардан кимиңер аны көрүп туруп, алып чыкпай таштап коёт?
12Адам баласы койдон алда канча өйдө эмеспи! Демек, дем алыш күнү жакшылык кылса болот, — деди.

 

13Анан колу сенек адамга кайрылып:

 

— Колуңду сунчу! — деди.

 

Тигил адам сунары менен айыгып, берки колу соо колундай болуп калды.
14Ошондо сыртка чыгып кетишкен фарисейлер өз ара Ыйсаны кантип өлтүрүш керектигин акылдашышты.

 

Ыйса — Кудайдын сүйүктүү Кулу

 

15Ыйса болсо алардын бул ниетин билип, ал жактан кетип калды. Анын аркасынан көп эл ээрчиди. Ыйса алардын баарын айыктырып,
16адамдарга Өзү жөнүндө жарыя кылууга тыюу салды.
17Кудайдын Ышая пайгамбар аркылуу айткан сөзү аткарылышы үчүн ушундай болду:

 

 

18«Бул Менин тандап алган Кулум,

 

Жаным ыраазы болгон Сүйүктүүм.

 

Мен Анын үстүнө Өз Рухумду түшүрөм,

 

Ал бардык элдерге өкүмүмдү жарыя кылат.

 

19Талашпайт да кыйкырбайт,

 

Көчөдө кыйкырып жатканын эч ким укпайт.

 

20Менин өкүмүмдү аягына жеткирмейин,

 

Бүктөлгөн камышты сындырбайт,

 

Быкшыган шамды өчүрбөйт.

 

21Ага бардык улуттар үмүттөрүн артышат».

 

Ыйса жана шайтан

 

22Аңгыча жин даарыган бир сокур, дудук адамды Ыйсанын алдына алып келишти. Ыйса аны айыктырды. Сокур дудук сүйлөп, көзү көрүп калды.

 

23Элдин баары таң калып:

 

— Бул Дөөттүн урпагы эмеспи? — деп бири биринен сурашты.

 

24Муну угуп калган фарисейлер:

 

— Бул жиндерди алардын башчысы — Бээлзебулдун[5]күчү менен кубалап жатат. Мындан башкача болушу мүмкүн эмес! — дешти.

 

25Алардын оюн билген Ыйса мындай деди:

 

— Ичинен бөлүнүп-жарылган мамлекет кыйрайт, ыркы кеткен шаар же үй-бүлө соо калбайт.
26Эгер шайтан шайтанды кубалап жатса, демек, ал өз ичинен бөлүнүп-жарылып, өзүнө өзү каршы чыкканы. Анан анын падышачылыгы кантип аман калмак эле?
27Эгер Мен жиндерди шайтандын күчү менен кубалап жаткан болсом, анда өзүңөрдүн шакирттериңер кимдин күчү менен кубалап жүрөт? Ушул себептен шакирттериңердин кылган иштери силерге калыс болсун.
28А эгер Мен жиндерди Кудайдын Руху менен кубалап жаткан болсом, демек, силерге Кудай Өз Падышачылыгын орното турган мезгилдин келип жеткени!
29Алдуу адамдын үйүнө кирген бирөө алды менен анын өзүн байлабай туруп, үй-мүлкүн кантип тоноп кетет? Алдууну байлагандан кийин гана анын үйүн тоной алат.
30Ким Мен тарапта болбосо, ал Мага каршы. Ким Мени менен бирге жыйнабаса, ал чачат.
31Ошондуктан силерге айтып коёюн: адам баласынын күнөөлөрү менен жаман сөздөрү бүт кечирилет, а бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, кечирилбейт.
32Кимде ким Адам Уулуна каршы сөз айтса кечирилет, а бирок Ыйык Рухка каршы сүйлөгөн адам бул дүйнөдө да, тиги дүйнөдө да кечирилбейт.

 

Дарак жана анын мөмөлөрү

 

33Даракты жакшы баксаңар, мөмөсү да жакшы болот, жаман баксаңар, мөмөсү да жаман болот. Анткени дарактын кандай экени мөмөсүнөн билинет.

 

34Эй, жылан тукумдары! Өзүңөр жаман болуп туруп, анан кантип жакшы сөз сүйлөй алмак элеңер? Анткени адамдын дили эмнеге толуп-ташыса, ошол тилине чыгат.
35Жакшы адам дилиндеги жакшы казынасынан жакшылыкты берет, жаман адам жаман казынасынан жамандыкты берет.

 

36Силерге айтып коёюн: адамдар оозунан чыккан ар бир куру сөзү үчүн кыяматтагы сот күнү Кудай алдында жооп беришет.
37Анткени айткан сөзүң боюнча акталасың жана соттолосуң.

 

Жышаан көргүсү келгендер

 

38Ошондо дин мугалимдери менен фарисейлердин кээ бири Ыйсага:

 

— Устат, сиздин бизге бир кереметтүү жышаан көрсөтүшүңүздү каалайбыз, — дешти.

 

39Ыйса мындай жооп берди:

 

— Бузулган жана күнөөкөр муун кереметтүү жышаан көргүсү келет. Бирок Жунус пайгамбардын окуясындагы жышаандан башка жышаан ага көрсөтүлбөйт!
40Жунус деңиз жырткычынын курсагында үч күн, үч түн болгон сыяктуу Адам Уулу да жер түбүндө үч күн, үч түн болот.
41Нинебиликтер[6]кыямат кайымда ушул муун менен бирге кайра тирилип, аны айыпка жыгат, анткени алар Жунустун сөзүн угуп, ниеттерин өзгөртүшкөн. А бул жерде болсо Жунустан улуу Бирөө турат.
42Түштүк[7]ханышасы да тирилип, ушул муунду айыпка жыгат, анткени ал Сулаймандын акылман сөзүн угуп кетейин деп, дүйнөнүн аркы четинен келген. А бул жерде болсо Сулаймандан да улуу Бирөө турат.

 

Кайра келген жиндер

 

43Кара күч адамдан чыккан соң, жанына тынчтык издеп, какшыган чөлдөрдү кыдырып-кыдырып таппайт.
44Анан: «Кой, чыккан үйүмө кайра барайын» деп кайра келет да, анын шыпырылып, жыйналып бош турганын көрөт.
45Кайра барып, өзүнөн ашкан жети жинди ээрчите келет да, кирип, жашай башташат. Ошондо жанагы адамдын кийинки абалы мурункусунан да жаман болот. Азыркы жаман замандын адамдары менен так ошондой болот.

 

Ыйсанын энеси жана бир туугандары

 

46Ыйса чогулгандарга сүйлөп жаткан. Аңгыча энеси жана бир туугандары келип, Аны менен сүйлөшөлү деп сыртта күтүп турушту.

 

47Ошондо кимдир бирөө: — Сени менен сүйлөшкүсү келип, энең жана бир туугандарың сыртта турушат, — деди.

 

48Ыйса ушул сөздү айтканга карап:

 

— Менин энем менен бир туугандарым кимдер? — деди.

 

49Анан колун шакирттери тарапка сунуп:

 

— Менин энем менен бир туугандарым булар!
50Анткени ким асмандагы Атамдын каалоосун аткарса, ошол Мага бир тууган ага-ини, эже-карындаш жана эне болот, — деди.

 

13

 

Дыйкан тууралуу ибарат

 

1Ушундан соң, Ыйса үйдөн чыгып, кайрадан көл жээгинде элди окута баштады.
2Ошондо жыйылган элдин көптүгүнөн кайыкка түшүүгө туура келди. Эл болсо жээкте карап турду.

 

3Ыйса көп нерселерди ибараттап айтты. Ал мындай деди: — Бир дыйкан эгин сепкени талаага чыгыптыр.
4Сепкен үрөндөрдүн кээси жол боюна түшүп, учуп келген чымчыктарга жем болот.
5Кээ бири аз гана топурагы бар таштак жерге түшүп, кыртышы терең болбогондуктан тез эле өсүп чыгат.
6Бирок күн чыкканда күйүп, тамыры терең болбогондуктан куурап калат.
7Кээси тикендин арасына түшөт. Анан өсүп чыккан тикен астында басылып калат.
8Ал эми кээ бирлери жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, кээси жүз, кээси алтымыш, кээси отуз эсе түшүм берет.
9Уга турган кулагы барлар уксун!

 

Ибараттын мааниси

 

10Шакирттер Ыйсага келип:

 

— Эмне үчүн тигилерге ибараттап айтып жатасың? — деп сурашты.

 

11Ыйса мындай жооп берди:

 

— Анткени Асман Падышачылыгынын сырларын билүү силерге буюрган. Аларга болсо буюрган эмес.
12Кимде бир аз түшүнүк бар болсо, ага дагы берилип, аныкы көбөйөт. Ал эми кимде жок болсо, анын бар деп ойлогону да тартылып алынат.
13Ушул себептүү Мен аларга «карап турушса да көрө алышпасын, тыңшап турушса да уга алышпасын» үчүн башкаларга ушинтип ибарат аркылуу сүйлөп жатам.

 

 

14Ошондуктан Ышая пайгамбардын айткандары аткарылат. Ал мындай деген: «Уксаңар да эч нерсе туйбайсыңар,

 

Карап туруп эч нерсе көрбөйсүңөр.

 

15Анткени

 

Бул элдин дилин дат басып,

 

Оорлошуп кулагы,

 

Көздөрү калган тунарып.

 

Антпесе көрмөк көздөрү,

 

Кулактары ачылмак,

 

Жүрөгү туймак алардын.

 

Мага кайтып келишип,

 

Сакайтмакмын аларды».

 

 

16А силер бактылуусуңар, анткени көзүңөр көрүп, кулагыңар угат.
17Силерге бир чындыкты айтып коёюн: далай пайгамбарлар менен адилдер силер көргөндү көргүсү келген, бирок көрө алышпады, силер укканды уккусу келген, бирок уга алышпады.

 

Дыйкан тууралуу ибараттын мааниси

 

18Ошондуктан силер дыйкан тууралуу ибараттын маанисин угуп алгыла:
19Кудайдын Падышачылыгы тууралуу сөздү угуп, бирок маанисин түшүнбөгөнгө азгыруучу келет да анын жан дүйнөсүнө түшкөн Кудайдын сөзүн уурдап кетет. Жол боюна түшкөн үрөндүн мааниси ушуну билдирет.
20Ал эми таштак жерге түшкөн үрөн болсо Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамды билдирет.
21Бирок тамыры болбогондуктан бир азга гана ишенип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка же куугунтукка кабылар замат ишенимден баш тартат.
22Тикендердин арасына түшкөнү Кудай сөзүн уккан, бирок бул дүйнөнүн түйшүгү менен акчанын азгырыгына алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат.
23Ал эми жакшы кыртышка түшкөнү болсо Кудай сөзүн угуп, маанисин түшүнгөн адамды билдирет. Мындай адам жүз, алтымыш, отуз эсе жемиш берген үрөнгө окшош.

 

Отоо чөптөр тууралуу ибарат

 

24Ыйса аларга дагы бир ибаратты айтып таалим берди:

 

— Асман Падышачылыгы өз талаасына жакшы үрөн сепкен адамга окшош.
25Бирок, эл уктап жатканда душманы келип, буудайлардын арасына отоо чөптөрдүн үрөнүн себет да кетип калат.
26Буудай көгөрүп, баш байлай баштаганда, отоо чөптөр да кошо чыгат.
27Ошондо талаанын ээсине кулдары келип: «Төрөм, сиз талааңызга жакшы үрөн эктиңиз эле го. Отоо чөптөр кайдан чыга калды?» — дешет.
28Кожоюн: «Душмандарымдын бирөөсү кылган муну», — деп жооп берет. Кулдары: «Барып, отоп салалыбы?» — дешет.
29Кожоюн: «Кереги жок, отоо чөптөрдү жулабыз деп, алардын тамыры менен кошо буудайларды жулуп салышыңар мүмкүн.
30Оруу-жыюу маалы келгичекти өсө берсин. Кийин орокчуларга адегенде отоо чөптөрдү жулдуруп, өрттөө үчүн боо-боо кылып байлатып, буудайды болсо өзүнчө кампаларыма төктүртөм», — дейт.

 

Сары кычынын даны тууралуу ибарат

 

31Ыйса аларга дагы бир ибарат айтты:

 

— Асман Падышачылыгы бир адам өз талаасына эгип койгон сары кычынын данына окшош.
32Сары кычынын даны уруктардын эң кичинеси болгон менен өсүп чыкканда, бардык өсүмдүктөрдөн чоң болот да, бутактарына канаттуулар учуп келип уялаган даракка айланат.

 

Камыртуруш тууралуу ибарат

 

33Ыйса аларга дагы бир ибарат айтып берди:

 

— Асман Падышачылыгы бир аял камыр ачытыш үчүн үч чара унга салган ачыткыга окшош.

 

Ыйсанын ибарат менен айтышынын себеби

 

34Ушунун баарын Ыйса элге ибарат кылып айтты, ибаратсыз аларга эч нерсе айткан жок.
35Пайгамбар аркылуу айтылган сөз аткарылышы үчүн ушундайча сүйлөдү. Пайгамбар мындай деген: «Мен ибарат менен сүйлөйм. Дүйнө жаралгандан бери жашыруун болуп келген нерселерди жарыя кылам».

 

Отоо чөп тууралуу ибараттын мааниси

 

36Ошондо Ыйса элди коё берип, үйгө кирди. Шакирттери жанына келип:

 

— Талаадагы отоо чөптөр жөнүндөгү ибараттын маанисин бизге түшүндүрүп берчи, — дешти.

 

37Ыйса аларга мындай деди:

 

— Жакшы үрөн сепкени — бул Адам Уулу.
38Талаа болсо бул дүйнөнү билдирет. Жакшы үрөн — бул Кудай Падышачылыгынын атуулдары. Отоо чөптөр болсо азгыруучунун ишин кылган адамдар.
39Аларды сээп кеткен — ибилис, оруу-жыюу мезгили — акыр заман, орокчулар — периштелер.
40Ошондуктан акыр заманда да отоо чөптөр отолуп отко ыргытылгандай окуя болот.
41Адам Уулу Өз периштелерин жиберип, Өз падышачылыгынан бардык азгырыктар менен дин безерлерди тердирет.
42Анан аларды жалбырттап күйгөн мешке ыргытышат. Андагылар жаны кыйналганынан өкүрүп, тиштерин кычыратышат.

 

43Ошондо адил адамдар асмандагы Атасынын Падышачылыгында күндөй болуп жаркырашат. Уга турган кулагы барлар уксун!

 

Катылган кенч тууралуу ибарат

 

44Асман Падышачылыгы талаага катылган кенчке окшош. Аны бир киши таап алып, эч жанга билгизбей кайра катып коёт да, кубанганынан колундагынын баарын сатып жиберип, кайра ошол талааны сатып алат.

 

Бермет тууралуу ибарат

 

45Дагы Асман Падышачылыгы таза берметти издеген соодагерге окшош.
46Ал кымбат баалуу берметти таап, аны сатып алуу үчүн келип, колундагысынын баарын сатып жиберип, ошол берметти сатып алат.

 

Тор тууралуу ибарат

 

47Дагы Асман Падышачылыгы деңизге ыргытылып, ар түрдүү балыктарды жыйнап алган чоң торго окшош.
48Тор толгондо, аны жээкке сүйрөп чыгышып, анан олтуруп алып жакшысын себеттерге салышып, жамандарын ыргытып жиберишет.
49Акыр заманда ушундай болот: периштелер келип, жаман адамдарды адилдерден бөлүп алышат да,
50жалындаган мешке ыргытышат. Андагылар жаны кыйналганынан өкүрүп, тиштерин кычыратышат.

 

Асман Падышачылыгы тууралуу билим

 

51Анан Ыйса шакирттерине:

 

— Айткандарымдын баарын түшүндүңөрбү? — деди.

 

Шакирттери:

 

— Ооба, — деп жооп беришти.

 

52Ыйса сөзүн улады:

 

— Ошондуктан Асман Падышачылыгы тууралуу билимге ээ болгон ар бир дин мугалими өзүнүн кенч сактагыч жайынан жаңы буюмдарын да, эски буюмдарын да сыртка алып чыккан үй ээсине окшош.

 

Ыйсанын Өз мекенинде четке кагылышы

 

53Ыйса ушул ибараттарын айтып бүтүп, ал жактан кетип калды.
54Анан Өзүнүн чоңоюп өскөн шаарына келди да, андагы синагогага барып, таалим берди. Анын таалими адамдарды таңдантты. «Мындай акылмандык менен укмуштарды жасай турган кудуретти ал кайдан алды экен?
55Бул биздеги эле жыгач устанын баласы эмеспи?! Энеси — Мариям, ал эми Жакып, Жосе, Ысман жана Жүйүт бир туугандары эмеспи?!
56Карындаштарынын баары тең арабызда жашашат го?! Мынчалык акылмандык менен кудуреттин баарын ал кайдан алды болду экен?!» — дешип,

 

57Ыйсага ишене албай баштары катты. Ыйса болсо: — Пайгамбар бардык жерде кадыр-барктуу болсо да, өз эл-журту менен үй ичинде анын кадыры билинбейт, — деди аларга.

 

58Алардын ишенбестигинен улам Ыйса ал жерде көптөгөн укмуштарды жасаган жок.

 

14

 

Жакыянын өлүмү

 

1Ошол убакта Ыйса жөнүндөгү кабар Галилеянын акими Иродко жетти.

 

2Ал малайларына: — Бул Жакыя чөмүлдүрүүчү, ал тирилип кетиптир, укмуштуу иштерди кылып жатканынын себеби ошондон, — деди.

 

3Ирод бир тууганы Филиптин аялы Иродиянын айынан Жакыяны карматып, кишендеп, түрмөгө отургузуп койгонунан улам ушундай деген эле.
4Анткен себеби Жакыя: «Сенин Иродияга үйлөнгөнүң туура эмес!» — деп айткан болчу.
5Ушул сөзү үчүн Ирод аны өлтүргүсү келди, бирок элден корккондугунан батына албады, себеби эл Жакыяны пайгамбар деп эсептечү.
6Анткен менен Ироддун туулган күнүндө Иродиянын кызы меймандардын алдында бийлеп, Ироддун купулуна толду.
7Ошондо Ирод ага каалаган нерсесин берүүгө ант берди.

 

8Иродиянын кызы болсо, энесинин кеңеши боюнча: «Мага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын азыр табакка салып, алдырып келиңиз» деди.
9Кыздын сураганы падышаны капалантса да, меймандарынын алдында берген антынан улам талабын орундатууну буюрду.
10Жакыянын башын кесип келүү үчүн түрмөгө кишилерин жиберди.
11Алар башты табакка салып келип, кызга беришти. Кыз болсо энесине алып барып берди.
12Ошондо Жакыянын шакирттери келип, анын сөөгүн алып чыгып, көргө коюшту да, Ыйсага барып, болгон ишти айтып беришти.

 

Ыйсанын беш миң кишини тойгузушу

 

13Бул кабарды уккан Ыйса кайыкка түштү да элден бөлүнүп, ээн жерге жалгыз кетип калды. Ыйсанын кайык менен кеткенин уккандар шаарлардан чыгып, жөө-жалаңдап артынан түшүштү.
14Ыйса кайыктан чыкканда, көптөгөн элди көрүп, аларга боору ооруп, оорулууларын айыктырды.

 

15Кеч киргенде, шакирттери Ага келип: — Бул жер ээн экен, кеч да болуп кетти, ошондуктан элди коё бер, айылдарга барып, жегенге бирдеме сатып алышсын, — дешти.

 

16Бирок Ыйса аларга:

 

— Элдин кетишинин кереги жок, жегенге бирдемени силер бергиле, — деди.

 

17Шакирттери:

 

— Бул жерде эч нерсебиз жок, болгону беш нан менен эки балыгыбыз гана бар, — дешти.

 

18Ыйса:

 

— Аларды Мага алып келгиле, — деди.

 

19Анан элди чөптүн үстүнө олтургула деп буйруду да, жанагы беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты.
20Баары жеп тоюшту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду.
21Аялдар менен балдарды айтпаганда, жеген эркектердин эсеби беш миңдей эле.

 

Ыйсанын суу үстү менен басышы

 

22Ушундан соң, Ыйса шакирттерин кайыкка олтургузду. Элди коё бергичекти Өзүнөн мурда аркы өйүзгө сүзүп өткүлө деп буюрду.
23Элди таркаткан соң, Өзү жалгыз сыйынуу үчүн тоого чыкты. Түн киргенге чейин тоодо жалгыз калды.
24Кайык болсо жээктен алыстап, бет маңдайдан соккон шамалдан улам чоң толкундарды жирей, араң жылып баратты.
25Таң азанда Ыйса суу үстү менен басып, шакирттерине келди.
26Анын суу үстүнөн басып келе жатканын көргөн шакирттердин үрөйү учуп, Аны арбак экен деп ойлоп, корккондугунан бакырып жиберишти.

 

27Ыйса ошол замат аларга:

 

— Коркпогула, бул Мен элемин! — деди.

 

28Петир болсо:

 

— Устат, эгер бул сен болсоң, анда «суу үстү менен басып кел» деп буйручу мага, — деди.

 

29Ыйса:

 

— Кел, — деди.

 

Ошондо Петир кайыктан чыгып, суунун үстү менен Ыйсага жөнөдү.

 

30Бирок шамалды көрүп, коркуп кетти. Чөгүп баратып: — Эгем, мени сактап кал! — деп кыйкырып жиберди.

 

31Ыйса дароо колун созуп, аны сүйөй калды да:

 

— Ишеними аз десе, эмне үчүн шектендиң? — деди.

 

32Алар кайыкка түшкөндө, шамал басылды.

 

33Кайыктагылар Ыйсага таазим кылышып: — Сен чындыгында Кудай Уулусуң, — дешти.

 

Генисареттеги оорулуулардын сакайышы

 

34Алар көлдүн аркы бетине сүзүп өтүп, Генисарет жерине жетишти.
35Жергиликтүү эл Ыйсаны таанышып, бүткүл аймакка кабар таратып, Анын алдына бардык оорулууларды алып келишти.
36Анан Ыйсадан «алар жок дегенде киймиңиздин этегине колун тийгизсе болобу» деп суранып жатышты. Ал эми колун тийгизгендердин баары куландан соо болуп айыгып кетип жатышты.

 

15

 

Ата-бабалардын салты

 

1Ошондо Иерусалимден фарисейлер менен дин мугалимдери келип, Ыйсага мындай дешти:

 

2— Эмне үчүн шакирттериң улуулардан калган салтты бузуп жатышат? Алар кол жуу расмисин сактабай эле нан жешет экен.

 

3Ыйса аларга мындай жооп берди:

 

— А өзүңөрчү? Эмне үчүн өзүңөр салттарыңарды шылтоолоп, Кудайдын осуятын бузуп жатасыңар?
4Кудай эмне деди эле? «Ата-энеңди сыйла»,«Атасын же энесин сөккөн адам өлүм жазасына тартылсын!»— деген.
5А силер: «Эгер ким атасы же энесине: "силерге бере турган нерсемдин баарын Кудайга багыштадым" десе,
6анда ал атасы же энеси үчүн эч нерсе кылбай эле койсо болот» деп, элге үйрөткөн ушул салтыңар менен Кудайдын сөзүн жоюп салдыңар.

 

7О, эки жүздүүлөр! Силер тууралуу Ышая пайгамбар таамай айтыптыр:

 

 

8«Тили менен Мени сыйлап жатса да,

 

Дили менен бул эл Менден алыс бейм

 

9Адам салтын Меники деп окутуп,

 

Мага келип табынганы пайдасыз».

 

Адамды арам кылган эмне?

 

10Анан Ыйса элди чакырып алып, дагы мындай деди:

 

— Кунт коюп уккула да, түшүнүп алгыла.
11Адамды оозуна кирген нерсе эмес, оозунан чыккан нерсе арам кылат!

 

12Ыйса ушундай дегенде, шакирттери басып келишти да:

 

— Билесиңби, сенин сөзүңдү угуп, фарисейлер абдан таарынып жатышат? — дешти.

 

13Ыйса болсо шакирттерине:

 

— Менин асмандагы Атам тикпеген ар бир өсүмдүк тамыры менен жулунат.
14Алардан оолак болгула, алар сокурлардын сокур жетекчилери. Сокур сокурду жетелесе, экөө тең чуңкурга кулап түшөт, — деп жооп берди.

 

15Ошондо Петир буга:

 

— Бул ибараттын маанисин бизге түшүндүрүп берчи, — деди.

 

16Ыйса:

 

— Чындап эле силер да али түшүнө элексиңерби?
17Адамдын оозуна кирген нерсе ашказандан өтүп, сыртка чыгарын билбейсиңерби?
18Адамдын оозунан чыккан нерсе болсо жүрөктөн чыгат да, аны арам кылат.
19Анткени адамдын жүрөгүнөн арам ой, адам өлтүрүүчүлүк, ойноштук, бузукулук, уурулук, жалган-жалаа, уу сөздөр чыгат.
20Адамды ушулар арам кылат. Ал эми кол жуу расмисин сактабай тамак ичиш адамды арам кылбайт, — деп жооп берди.

 

Чет элдик аялдын ишеними

 

21Ыйса ал жактан чыгып, Тир менен Сидон шаарлары тарапка кетип калды.

 

22Аңгыча алдынан ошол жерде жашаган канаандык бир аял тосуп чыгып: — О, Дөөттүн Уулу! Ырайым кыла көрүңүз мага, таксырым! Кызымды жин даарып, катуу кыйналып жатат, — деп кыйкырды.

 

23Ыйса болсо жооп бербеди. Ошондо шакирттери Ага келип:

 

— Бул аялды коё берип койчу. Аркабыздан калбай кыйкырып келатат, — деп суранышты.

 

24Бирок Ыйса:

 

— Мен Ысрайылдын жоголгон койлоруна гана жиберилгем, — деп жооп берди.

 

25Тигил аял болсо Ыйсага жакын келип, чөк түшүп:

 

— Таксыр, мага жардам кылсаңыз, — деп жалынды.

 

26Ыйса:

 

— Балдардын нанын алып, иттерге ыргыткан жакшы эмес, — деди.

 

27Аял:

 

— Ооба, таксырым, бирок иттер деле кожоюндарынын дасторконунан түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи! — деди.

 

28Ошондо Ыйса:

 

— О, аял! Ишенимиң күчтүү экен, тилегиң кабыл болсун, — деди.

 

Ошондо аялдын кызы дароо айыгып кетти.

 

Ыйсанын көп адамдарды айыктырышы

 

29Ыйса ал жактан чыгып, Галилея көлүнө барды да, тоого чыгып отурду.
30Ошондо Ага аксак, чолок, сокур, дудук жана башка көптөгөн оорулууларды алып, көп эл келди да, аларды Анын алдына коюшту. Ыйса баарын сакайтты.
31Дудуктарга тил кирип, майыптар айыгып, сокурлардын көзү көрүп калганын көрүп турган эл аң-таң болуп, Ысрайыл табынган Кудайды даңктады.

 

Ыйсанын төрт миң кишини тойгузушу

 

32Ыйса шакирттерин чакырып алып:

 

— Элге боорум ооруп атат. Үч күндөн бери жанымда, жегенге эч нерселери жок. Алар жолдо алсырап, жыгылып калбас үчүн Мен аларды ачка коё бергим келбей турат, — деди.

 

33Шакирттери:

 

— Бул ээн талаада ушунча элдин баарын тойгузуу үчүн нанды кайдан алабыз? — дешти.

 

34Ыйса:

 

— Канча наныңар бар? — деп сурады.

 

Алар:

 

— Жети нан дагы бир нече кичинекей балыгыбыз бар, — деп жооп беришти.

 

35Ошондо Ыйса элди жерге олтургузгула деп буйруду да,
36алиги жети нан менен балыктарды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты.
37Баары жеп, тоюнушту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, жети себет толду.
38Аялдар менен балдарды айтпаганда, жеген эркектердин эсеби төрт миңдей эле.
39Ушундан соң, Ыйса элди коё берип, Өзү кайыкка түшүп, Магадан аймагына келди.

 

16

 

Жышаан талап кылуу

 

1Фарисейлер менен садукейлер келип, Ыйсаны сынап, асмандан бир жышаан-белги[8]көрсөтүшүн суранышты.

 

2Ошондо Ыйса айтты: — Силер кечинде: «Күн кызарып батты, демек эртең аба-ырайы жакшы болот», — дейсиңер.
3Эртең менен: «Бүгүн жаан-чачын болот, анткени асман кызарып турат», — дейсиңер. Асман кубулуштарын билесиңер да, ал эми заман өзгөртчү окуяларды билбейт экенсиңер.

 

4Бузулган жана күнөөкөр муун кереметтүү жышаан көргүсү келет. Бирок Жунус пайгамбардын окуясындагы жышаандан башка жышаан ага көрсөтүлбөйт! Ыйса ушундай деди да, аларды калтырып, башка жакка кетип калды.

 

Фарисейлер менен садукейлердин таалими тууралуу

 

5Шакирттер аркы өйүзгө барышты да, бирок нан алганды унутуп калышты.

 

6Ыйса аларга айтты: — Абайлагыла, фарисей менен садукей ачыткысынан сак болгула.

 

7Алар өз ара: «Биз нан албаганыбыз үчүн айтып жатат го», — дешти.

 

8Ыйса муну билип, аларга:

 

— Ай, ишеними аздар! Эмнеге өз ара нан ала келбептирбиз деп жатасыңар?
9Кылгандарымды дале түшүнгөн жоксуңарбы? Өткөндү эстебейсиңерби? Беш нан беш миң кишиге жетип, артканын жыйнап алганыңарда канча себет болду эле?
10Жети нан төрт миң кишиге жетип, арткандарын жыйнагандачы?
11Фарисейлер менен садукейлердин ачыткысынан сак болгула дегенимде нан тууралуу айтпаганымды кандайча түшүнбөйсүңөр? — деди.

 

12Ошондо шакирттер Ыйсанын ачыткыдан эмес, фарисейлер менен садукейлердин окутуусунан сак болууну айтканын түшүнүштү.

 

Ыйсанын Машаяк экендиги

 

13-14Ыйса Филип Кесария деген шаардын аймагына келгенде, шакирттерине мындай суроо берди:

 

— Мени, Адам Уулун, эл ким деп эсептешет?

 

Шакирттери:

 

— Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, а кээси Жеремия же башка пайгамбарлардын бири деп жатышат, — дешти.

 

15— А силерчи, — деди Ыйса аларга, — силер Мени ким деп эсептейсиңер?

 

16Ошондо Ысман-Петир:

 

— Сен Машаяксың, тирүү Кудайдын Уулусуң! — деп жооп берди.

 

17Ыйса айтты:

 

— Сен бактылуу адамсың, Баржунус уулу Ысман, анткени муну сага кан менен денеден турган пенде эмес, асмандагы Атам ачып берди.
18Мен да сага айтам: сен Петирсиң,[9]ушул аска таштын үстүнө Мен Өзүмдүн Жыйынымды курамын, аны өлүм да жеңе албайт.
19Мен сага Асман Падышачылыгынын ачкычтарын берем, жер бетинде эмнеге тыюу салсаң, ал асманда да тыюу салынган болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат кылсаң, ал асманда да уруксат берилген нерсе болушу керек.

 

20Ушундан соң, Ыйса шакирттерине:

 

— Менин Машаяк экенимди эч кимге айтпагыла! — деп катуу эскертти.

 

Ыйса Өзүнүн азап тартып өлөрүн алдын ала айтат

 

21Ушул убактан баштап Ыйса Иерусалимге барышы керектигин, андан эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери тарабынан көп азап чегип, өлтүрүлөрү, анан үчүнчү күн дегенде кайра тирилүүгө тийиш экендиги тууралуу айта баштады.

 

22Петир Аны четке чакырып алып: — Кой, анын бетин ары кылсын, устатым, сени Кудай сактасын! — деп Ага каршы болуп кирди.

 

23Ыйса Петирге бурулуп:

 

— Жогол Менден, шайтан! Мага тоскоол болуп жатасың, себеби сен Кудайдын эмес, пенденин оюн ойлоп жатасың! — деди.

 

24Анан шакирттерине мындай деди:

 

— Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын да, өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанын берүүгө даяр болуп, артыман түшсүн!
25Анткени ким өз жанын сактайм десе, аны жоготот, ал эми ким жанын Мен үчүн берсе, ал ага кайрадан ээ болот.
26Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанын жоготкондон адамга не пайда? Же кандай баа менен адам баласы жанын сактап кала алат?
27Анткени Адам Уулу Атасынын кудурети менен периштелеринин коштоосунда көктөн келет да, кылган иштерине жараша ар кимге тиешелүү шыбагасын берет.

 

28Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул жерде тургандардын кээ бирлери Адам Уулунун Падыша болуп келгенин көргөнгө чейин көз жумбайт.

 

17

 

Тоодогу кубулуш

 

1Ушундан алты күн өткөндө, Ыйса Петирди жана бир туугандар Жакып менен Жаканды башкалардан бөлүп алып, бир бийик тоого алып чыкты.
2Алардын алдында Ыйсанын кебетеси өзгөрүп, бети күндөй нурланып, кийимдери болсо аппак болуп, жаркырап кетти.
3Аңгыча Муса менен Илияс пайда болуп, Ыйса менен маек курушту.

 

4Ошондо Петир мындай деди: — Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы! Кел, үч алачык тигели: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска.

 

5Петир сөзүн аяктай электе бир аппак, жаркыраган булут аларга көлөкөсүн түшүрүп, ошол булуттан үн чыкты:

 

— Бул Менин сүйүктүү Уулум Ыйса. Мен Ага ыраазымын. Аны уккула!

 

6Муну уккан шакирттердин үрөйү учуп, жерге кулап түшүштү.

 

7Ошондо Ыйса келип, аларга колун тийгизди да: — Коркпогула, өйдө тургула! — деди.

 

8Шакирттер өйдө карап, жалгыз Ыйсадан башка эч кимди көрө алышпады.

 

9Тоодон түшүп келатышканда, Ыйса аларга:

 

— Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин бул көрүнүш тууралуу эч кимге ооз ачпагыла! — деп буйруду.

 

10Ошондо шакирттери:

 

— Эмне үчүн дин мугалимдери «Машаяк келерден мурун Илияс келиши керек» дешет? — деп сурашты.

 

11Ыйса:

 

— Туура, алды менен Илияс келип, баарын ордуна келтирет.
12Силерге айтып коёюн: Илияс келди, бирок аны тааныбай, ага өз каалагандарын кылышты. Эми Адам Уулу да алардын колунан азап чекмекчи, — деп жооп берди.

 

13Ошондо шакирттери анын Жакыя чөмүлдүрүүчү тууралуу айтып жатканын түшүнүштү.

 

Жин даарыган баланын айыгышы

 

14Ыйса шакирттери менен чогулган элге басып келгенде, бир киши Ыйсанын алдына чөгөлөй калып:

 

15— Устат, менин балама боорукерлик кыла көр, анын талмасы бар, ошондон азап чегип, кыйналууда. Далай ирет от менен сууга боюн таштады.
16Шакирттериңиздин алдына алып бардым эле, айыктыра алышпады, — деди.

 

17Ошондо Ыйса:

 

— Эй, ишеними жок, бузулган эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери! — деди.

 

18Баланы алып келишкенде, Ыйса буйрук берип, баладан жинди кууп чыкты. Ошол замат ал айыгып кетти.

 

19Ошондо шакирттери Ыйсадан өзүнчө: — Эмне үчүн биз аны кубалап чыга албадык? — деп сурашты.

 

20-21— Ишенимиңердин аздыгынан, — деп жооп берди Ыйса аларга. — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: сары кычынын данындай кипкиченекей ишенимиңер болсо, мына бул тоого: «Бул жактан тигил жакка которул!» — десеңер, которулат. Силердин колуңардан келбеген нерсе болбойт.[10]

 

Ыйса Өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат

 

22Шакирттери менен Галилеяда бир жерде болушканда, Ыйса аларга айтты:

 

— Адам Уулу кишилердин колуна түшөт,
23Аны өлтүрүшөт, анан үчүнчү күнү Ал кайра тирилет. Муну укканда, шакирттери абдан кайгырышты.

 

Ийбадатканага төлөнчү салык

 

24Ыйса шакирттери менен Капарноомго барганда, ийбадатканага төлөнүүчү салыкты жыйноочулар Петирге келип:

 

— Устатыңар салыкты төлөмөк беле? — дешти.

 

25Петир:

 

— Төлөйт, — деди.

 

Петир үйгө кирип, сүйлөйүн дегенде, Ыйса озунуп:

 

— Сен кандай дейсиң, Ысман, жердеги падышалар салык менен жылдык төлөмдү кимдерден алышат? Өз элиненби же башкаларданбы? — деген суроону узатты.

 

26Петир:

 

— Башкалардан, — дегенде, Ыйса:

 

— Анда өз эли — салыктан эркин.
27Бирок аларды нааразы кылбоо үчүн деңизге барып, кайырмак сал да, биринчи түшкөн балыкты алып, оозун ачсаң, бир тыйын бар, ошону алып, экөөбүз үчүн берип кой, — деди.

 

18

 

Кимдин жолу улуу?

 

1Ошол убакта Ыйсага шакирттери келип:

 

— Асман Падышачылыгында кимдин жолу улуу болот болду экен? — деп сурашты.

 

2Ыйса бир кичине баланы чакырып алды да, шакирттеринин ортосуна тургузуп туруп, мындай деди:

 

3— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: жан дүйнөңөрдү жаш балдардыкындай кылып өзгөртпөсөңөр, Асман Падышачылыгына кире албайсыңар.
4Ким өзүн ушул наристе баладай момун тутса, Асман Падышачылыгындагы улуу — ошол.
5Ким Мен үчүн ушундай баланы кабыл алса, Мени кабыл алганы.

 

Азгырыктар

 

6Кимде-ким Мага ишенген мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батырса, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңиздин эң терең жерине ыргытылганы оң болмок.
7Азгырыктардын көптүгүнөн бул дүйнөдөгүлөрдүн шору куруйт. Күнөөгө батырган азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошонун шору.
8Эгерде сени колуң же бутуң күнөөгө азгырып жатса, анда аны кыя чап да, өзүңдөн алыс ыргытып жибер. Колу-бутуң соо бойдон тозоктун өчпөс отуна ыргытылгандан көрө, колу-бутсуз бейишке чыкканың жакшы!
9Эгерде сени көзүң күнөөгө азгырып жатса, аны оюп алып, ыргытып жибер. Эки көзүң соо тозоктун өчпөс отуна ыргытылгандан көрө, бир көзүң менен бейишке чыкканың жакшы.

 

Жоголгон кой тууралуу ибарат

 

10Сак болгула, мына бул карапайым адамдардын бирин да капарыңарга албай койбогула, силерге айтып коёюн: булардын периштелери Менин асмандагы Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат.[11]

 

12Кандай деп ойлойсуңар: эгер жүз кою бар адамдын бир кою жоголуп кетсе, токсон тогузун тоого таштап, адашканын издебей жатып алабы?
13Эгер таап алса, анда, силерге бир чындыкты айтып коёюн, токсон тогуз адашпаган койлоруна караганда, таап алган алиги кою үчүн көбүрөөк кубанат.
14Ошонун сыңарындай, асмандагы Атаңар Мага ишенген мына бул карапайым адамдардын биринин да жоголуп кетишин каалабайт.

 

Күнөө кылган боордоштор тууралуу

 

15Эгер боордошуң сага жамандык кылса, анда бар да, жекече сүйлөшүп, күнөөсүн бетине айт. Эгер сөзүңдү укса, анда аны менен кайрадан ынтымакка келгениң.
16Укпай койсо, анда «ар кандай иш эки-үч күбө тарабынан ырасталышы үчүн»өзүң менен дагы бир же эки кишини ээрчите бар.
17Аларды да укпай койсо, анда жыйынга айт. Эгерде жыйынды да укпай койсо, анда ал сен үчүн Кудайды тааныбаган адам же салыкчы катары эсептелсин.

 

18Силерге бир чындыкты айтып коёюн: жер бетинде эмнеге тыюу салсаңар, ал асманда да тыюу салынган нерсе болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат берсеңер, ал асманда да уруксат кылынган нерсе болушу керек.
19Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эгерде жерде экөөңөр макулдашып алып, бир нерсени сурасаңар, асмандагы Атам силер үчүн ошону кылып берет.
20Анткени Менин урматыма чогулган эки-үч адамдын арасында Мен өзүм болом.

 

Ырайымсыз кызматчы

 

21Ошондо Петир Ыйсага келип:

 

— Устат, менин боордошум мага жамандык кылса, канча жолу кечиришим керек? Жети жолу кечирсем жетеби? — деди.

 

22Ыйса ага айтты:

 

— Жети жолу дебейм, бирок жетиден жетимиш жолу дейм.
23Мындай дегенимдин себеби — Асман Падышачылыгы өз кызматчылары менен эсептешкиси келген падышага окшош.
24Адегенде ал падышага ат башындай күмүш карызы бар адамды алып келишет.
25Төлөгөнгө чамасы жетпегендиктен падыша аны аялы жана бала-чакасы менен кошо, ошондой эле колундагы болгон нерсесинин баарын сатып, карыздын эсебине берүүгө буйрук чыгарат.
26Ал киши падышанын бутуна жыгылып: «Бир аз күтө туруңуз, мен сизге баарын кайтарып берем», — деп жалынат.
27Ошондо падышанын боору ооруп, кызматчыны бошотуп, бардык карызын кечип коёт.
28Ал азаттыкка чыгып, өзүнө жүз күмүш теңге[12]карыздар болгон бир кызматташ жолдошуна келет да: «Бардык карызыңды төлө!» — деп аны алка-жакадан алып, муунтуп кирет.
29Ошондо кызматташ жолдошу алдына жыгылып: «Бир аз күтө турчу, мен сага берем», — деп суранат.
30Тиги көнбөй, карызыңды төлөмөйүнчө жатасың деп аны зынданга салат.
31Муну көргөн башка кызматташтары терең кайгыга батышып, падышага болгон ишти төкпөй-чачпай айтып беришет.
32Ошондо падыша баягы кишини өзүнө чакырып алып, мындай дейт: «Эй, адепсиз кызматчы! Сен суранганыңдан карызыңдын баарын мен кечип койгон элем.
33Мен сага ырайым көрсөткөндөй, сен да өз кызматташыңа ырайым көрсөтүшүң керек эмес беле?»
34Ошентип, каарданган кожоюн: «Карызыңды толук кайтарып бергенче, эркиндикке чыкпайсың!» — деп, аны желдеттердин колуна салып берет.

 

35Боордошуңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силердин ар бириңерге жогорудагыдай кылат.

 

19

 

Ажырашуу маселеси

 

1Ыйса сөзүн аяктап, Галилеядан чыгып, Иордан дарыясынын чыгыш жагындагы Иудея аймагына келди.
2Көп эл Аны ээрчип барды. Ал жактан Ыйса алардын арасындагы оорулууларды айыктырды.

 

3Ошондо фарисейлер бир кынтык табуу ниетинде Ыйсага келишип: — Эркек ар кандай себеп менен аялын коё берсе болобу? — деп сурашты.

 

4— «Кудай башында адамдарды аял-эркек кылып жараткан»дегенин окуган эмес белеңер? — деди Ыйса аларга жооп берип.
5— Андан соң, Кудай: «Ошол себептүү эркек ата-энесинен бөлүнүп, аялына кошулат да, экөө бир дене болушат»,— деген.
6Ошондуктан алар эми экөө эмес, бирөө. Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын.

 

7Алар Ыйсага:

 

— Анда кандайча Муса ажырашуу катын жазып коё берсиндеп осуят калтырып кеткен? — дешти.

 

8Ыйса аларга мындай деп жооп берди:

 

— Муса тоң моюндугуңардан улам силерге аялыңарды коё берүүгө уруксат берген, бирок башында мындай болгон эмес.
9Мен болсо силерге айтам: ойноштук кылуудан башка себеп менен аялын коё берип, башкага үйлөнгөн адам өзү ойноштук кылган болот.

 

10Ошондо шакирттери Ыйсага мындай дешти:

 

— Эгерде эркектин аялынын алдындагы милдети ушундай болсо, анда үйлөнбөй эле койгону оң.

 

11Ыйса аларга мындай деди:

 

— Бул сөзүмдү баары эле кабыл ала алышпайт. Кимдин аны кабыл алууга кудурети жетсе, ошолор гана кабыл алышат.

 

12Анткени кээ бирөөлөр тубаса майып болгондуктан, үйлөнгөнгө жарамсыз, кээ бирөөлөрдү адамдар зордоп бычып салышат, кээ бирөөлөр болсо Асман Падышачылыгы үчүн өздөрүн атайлап аял албас кылышат. Кимдин муну кабыл алууга кудурети жетсе, кабыл алсын.

 

Ыйсанын балдарга батасын бериши

 

13Ошондо колун коюп, сыйынып батасын берсин деп, Ыйсанын алдына жаш балдарды алып келишти. Шакирттери болсо алып келгендерди жемелеп, уруша башташты.

 

14Бирок Ыйса: — Балдар Мага келе берсин, алардын жолун тоспогула! Себеби Асман Падышачылыгы ошондойлордуку, — деди да,
15алардын башына колун коюп, батасын берип сыйынды. Андан соң, ал жактан башка жакка жөнөп кетти.

 

Бай жигит

 

16Аңгыча бир киши Ыйсага жакын басып келип:

 

— О, устат, түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн кандай жакшы иш кылышым керек? — деп сурады.

 

17Ыйса ага:

 

— Жакшы иш тууралуу Менден эмне үчүн сурап жатасың? Бир эле Жакшы бар. Түбөлүк өмүргө ээ болгуң келсе, Кудайдын осуяттарын сактап жүр, — деп жооп берди.

 

18Ал Ыйсага:

 

— Кайсы осуяттарын? — дегенде,

 

Ыйса:

 

— Киши өлтүрбө, ойноштук кылба, уурдаба, жалган күбө болбо,
19ата-энеңди сыйла,башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй,— деди.

 

20Жанакы жигит Ыйсага:

 

— Мунун баарын сактап келатам, дагы эмне жетишпейт? — деди.

 

21Ыйса:

 

— Жеткилең болгуң келсе, анда бар да, колуңдагы дүнүйөнү сатып, түшкөн акчаны бей-бечараларга таратып бер, ошондо байлыгың көктө болот. Анан кел да, Мени ээрчи, — деди.

 

22Муну укканда, жигиттин кабагы бүркөлгөн бойдон жолуна түштү, анткени ал абдан бай эле.

 

23Ыйса ошондо шакирттерине кайрылып мындай деди:

 

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: бай адамдын Асман Падышачылыгына кириши кандай кыйын!
24Дагы бир нерсени айтып коёюн: байдын Кудай Падышачылыгына киргенинен көрө, төөнүн ийне көзүнөн өтүшү оңой.

 

25Муну укканда, шакирттери:

 

— Анда түбөлүк өмүргө ким ээ боло алат? — дешти, айран-таң болушуп.

 

26Ыйса аларга карап:

 

— Адамдын колунан келбегени менен, Кудайдын колунан баары келет, — деди.

 

27Ошондо Петир ордунан тура калып:

 

— Мына, биз баарын таштап салып, сени ээрчип жүрөбүз. Эми бизге кандай сыйлык берилет? — деди.

 

28Ыйса жооп кылып, шакирттерине мындай деди:

 

— Мени ээрчиген силерге бир чындыкты айтып коёюн, бардык нерселер кайрадан жаңы болгон кезде, Адам Уулу Өзүнүн даңкка оронгон көктөгү тактысына олтурганда, силер да он эки такка олтуруп, Ысрайылдын он эки уруусун башкарасыңар.
29Кимде-ким Мен үчүн үйлөрүн, же эркек же кыз бир туугандарын, же ата-энесин, же балдарын, же менчик талаасын таштаса, ал таштаганы жүз эселеп кайтарылып, түбөлүк өмүрдү мураска алат.
30Ошентип, азыр биринчи болуп жүргөндөрдүн көбү акыркы болуп калышат, ал эми азыр акыркы болуп жүргөндөр биринчи болушат.

 

20

 

Жүзүмзардагы жалчылар тууралуу

 

1— Ыйса дагы мындай деди:

 

Асман Падышачылыгы өзүнүн жүзүмзарында жалдап иштетүү үчүн эртең менен эрте жумушчуларды издеп чыккан адамга окшош.
2Тапканда, күнүнө бир күмүш теңгеден төлөп берем деп убадалашып, аларды жүзүмзарына жиберет.
3Саат тогуздарда көчөгө чыгып, базар жакта кыларга иши жок турган дагы бир нече кишилерди көрөт.
4Анан аларга: «Силер да менин жүзүмзарыма баргыла, тийиштүү акыңарды нак төлөп берем», — дейт.

 

5Алар болсо дароо жүзүмзарга жөнөшөт. Жүзүмзардын ээси саат он эки чендерде да, үчтөрдө да чыгып, так ушундай кылат.
6Акырында саат беш чендерде дагы бир ирет көчөгө чыгып, дагы ишсиз турган бир нече кишилерди көрөт да аларга: «Эмне үчүн эртеден бери бул жерде ишсиз турасыңар?» — дейт.
7Тигилер ага: «Себеби эч ким бизди жалдаган жок!» — деп жооп беришет. «Силер да жүзүмзарга баргыла», — дейт жүзүмзардын ээси.

 

8Кеч киргенде, жүзүмзардын ээси чарба башчысына мындай деп буйрук берет: «Жалданган кишилерди чакырып, эмгек акыларын төлө. Биринчи эң акыркыларына берип, башында келгендери менен аягында эсептеш!»

 

9Ошондо саат бештерде келгендери бир күмүш теңгеден алат.
10Биринчи келгендери көбүрөөк алабыз го деп турушкан, бирок алар да бир күмүш теңгеден алып калышат.
11Ошондо алар нааразы болуп, жүзүмзардын ээсине даттана башташат:
12«Мына бул акыркы келгендер бир эле саат иштешти. А сен болсо эртеден кечке маңдай терибизди төгүп, мээ кайнаткан ысыкта иштеген бизди тигилерге теңеп салдың».

 

13Ошондо жүзүмзардын ээси алардын бирине мындай деген экен: «Эй, дос, мен сага туура эмес эч нерсе кылганым жок. Башында бир күмүш теңгеден деп сүйлөшпөдүк беле.
14Ошондуктан акыңды ал да, жолуңа түш. А мен мына бул акыркы келгенге да сага берген акыны бергим келет.
15Өз менчигиме эмне кылсам өз эрким! Менин ак көңүлүмөн кылган жакшылыгыма сенин ичиң күйүп жатабы?»
16Ошентип, акыркылар биринчи, биринчилер акыркы болушат.

 

Ыйсанын Өз өлүмү тууралуу үчүнчү ирет айтышы

 

17Ыйса Иерусалимди көздөй баратып, жолдо он эки шакиртин жанына чакырды да, аларга мындай деди:

 

18— Мына, биз Иерусалимге баратабыз, Адам Уулун жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин колуна кармап беришет. Ал өлүм жазасына кесилет.
19Ошондо кордоп, сабап, жыгачка керип туруп, колдоруна мык кагып, асып салуу үчүн башка улуттагылардын колуна тапшырышат. Бирок Ал үчүнчү күнү кайра тирилет.

 

Жакан менен Жакыптын энесинин өтүнүчү

 

20Ошондо Зебедейдин аялы уулдары Жакан жана Жакып менен келип, Ыйсанын бутуна жыгылып, андан бир нерсени суранып жатты.

 

21Ыйса ага:

 

— Сизге Менден эмне керек? — деди.

 

Аял:

 

— Айтып койчу, менин мына бул эки уулум сенин падышачылыгың орногондо, бири оң жагыңа, бири сол жагыңа отурсун, — деди.

 

22Ыйса:

 

— Силер эмне сураганыңарды билбейсиңер. Мен иче турган азап чөйчөгүнөн иче аласыңарбы? — деди.

 

Алар:

 

— Иче алабыз, — деп чуулдашты.

 

23Ыйса:

 

— Мен иче турган азап чөйчөгүнөн ичесиңер, бирок оң жана сол жагыма кимди отургузууну Мен эмес, Атам Өзү чечет. Ал кимди Өзү алдын ала дайындаса, ошону олтургузат, — деди.

 

24Буларды укканда, берки экөөнө калган он шакирттин кыжыры кайнады.

 

25Ошондо Ыйса шакирттерин чакырып алып, мындай деди: — Бу дүйнөдөгү элдердин өкүмдарлары өз элине үстөмдүк кылып, төрөлөрү күч менен бийлик жүргүзөрүн билесиңер.
26Бирок силерде мындай болбосун, тескерисинче, араңардан ким чоң болгусу келсе, силердин кызматчыңар болсун.
27Ким биринчи болгусу келсе, силерге кул болсун.
28Анткени Адам Уулу бирөөлөрдү Өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, бирөөлөргө Өзү кызмат кылып, Өз жанын көп адамдардын күнөөсү үчүн кун катары берүүгө келген.

 

Эки сокурдун айыгышы

 

29Ыйса шакирттери менен бирге Иерихондон чыгып баратканда, алардын артынан көп адамдар ээрчип жөнөдү.

 

30Аңгыча жол боюнда олтурган эки сокур Ыйсанын өтүп баратканын угуп: — Оо, таксыр, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр! — деп кыйкырып жиберишти.

 

31Көпчүлүк аларга «унчукпагыла» деп тыюу салышты. Тигилер болсо андан бетер катуу кыйкырышып:

 

— Оо, таксыр, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кыла көр! — дешти.

 

32Ошондо Ыйса токтоп, аларды чакырды да:

 

— Силерге эмне кылышымды каалайсыңар? — деди.

 

33Алар:

 

— Таксыр, көзүбүз көрүп калса экен, — дешти.

 

34Ыйсанын тиги экөөнө боору ооруп, алардын көздөрүнө колун тийгизди. Ошол замат көздөрү көрүп калган алар Ыйсанын артынан түшүштү.

 

21

 

Ыйсанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши

 

1Ыйса шакирттери менен Иерусалимге жакындап, Зайтун тоосунун жанындагы Бейтфаге айылына келгенде, жанындагы эки шакиртине мындай деди:

 

2— Мынабу маңдайдагы айылга баргыла! Ага кирериңер менен такайы жанында, өзү болсо байлануу турган бир эшекти көрөсүңөр. Аларды чечип алып, жетелеп келгиле.
3Эгер бирөө бирдеме десе: «Эгебизге керек болуп жатат», — дегиле. Ошентсеңер, силерге дароо беришет.

 

4Мунун баары пайгамбар аркылуу айтылган сөздүн аткарылышы үчүн ушундай болду. Ошол пайгамбар минтип айткан экен:

 

 

5«Иерусалим калкына мындай кабар салгыла:

 

Карагыла, келатат силердин момун Падыша!

 

Келе жатат эшекти жана дагы эшектин

 

Кодигине минип Ал».[13]

 

 

6Эки шакирти барып, Ыйсанын айтканындай кылышты.
7Эшекти такайы менен жетелеп келишип, кийимдерин үстүнө жабышкан соң, Ыйса такайга минди.
8Көп адамдар Анын жолуна кийимдерин чечип, башкалары дарактардын бутактарын кесип алып, төшөп жатышты.

 

9Ал эми Ыйсанын алды-артында бараткандар: — Дөөттүн Уулуна осанна![14]Эгебиздин атынан келатканды Кудай жалгасын! Көктөгү Кудайга осанна! — деп кыйкырып жатышты.

 

10Ыйса Иерусалимге киргенде, бүт шаар эли кыймылга келип: «Бул ким болду экен?» — деп бири биринен сурап жатышты.

 

11Ыйсаны ээрчиген эл: «Бул Галилеядагы Назарет шаарынан чыккан Ыйса пайгамбар», — дешти.

 

Ийбадатканадагы соодагерлерди кубалап чыгуу

 

12Ыйса ийбадаткананын короосуна кирип, соода кылып жаткандардын баарын кууп чыкты. Акча алмаштырып олтургандардын үстөлдөрү менен курмандык үчүн көгүчкөн сатып олтургандардын орундуктарын оодарып салды.

 

13— «Менин Үйүм сыйынуу үйү аталат»деп жазылган, — деди Ал, — ал эми силер болсо аны каракчылардын үңкүрүнө айлантып жиберипсиңер!

 

14Ыйса ал жерде болгондо, Ага сокурлар менен чолоктор келишип, Ал аларды айыктырды.
15Ыйсанын жасаган кереметтерин жана ийбадаткананын короосундагы жаш балдардын: «Дөөттүн Уулуна осанна!» деп кыйкырып жатканын көргөн жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин кыжыры кайнап,

 

16Ыйсага: — Булардын эмне деп жаткандарын уктуңбу? — дешти.

 

— Ооба, — деп жооп берди Ыйса, — «Наристелер менен эмчектеги балдардын оозуна Өзүңдү мактоонун сөздөрүн салдың»деген Ыйык Жазуудагы сөздү эч качан окуган эмес белеңер?

 

17Ушундан соң, Ыйса ийбадатканадагыларды таштап, шаардын сыртына чыкты да, Бейтани кыштагына барып, анда түнөп калды.

 

Соолуп калган анжир дарагы

 

18Эртең менен эрте шаарга кайтып келатып, Ыйса ачка болгонун сезди.

 

19Анан жол боюнда өскөн бир анжир дарагына көзү түштү. Жакын келип, жалбырактан башка эч нерсе таппай: — Ылайым жемиш байлабай кал! — деди.

 

Анжир ошол замат куурап калды.

 

20Муну көргөн шакирттери аң-таң калышып:

 

— Ой, тобо, кантип анжир бир заматта соолуп калды! — дешти.

 

21Ыйса аларга мындай деди:

 

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эгерде ишенимиңер бекем болуп, эч шектенбесеңер, анжирге кылынган кереметтен алда канча керемет иштерди кыласыңар! Эгер мына бул тоого: «Ордуңан жыл да, деңизге кула!» — десеңер, талабыңар орундалат.
22Сыйынганда, ишеним менен эмне сурасаңар да аласыңар.

 

Ыйсанын бийлиги тууралуу суроо

 

23Ыйса ийбадаткананын короосунда олтуруп таалим берип жатканда, жогорку динкызматчылар менен эл башчылары басып келишип:

 

— Сен буларды кайсы бийлигиң менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди? — дешти.

 

24Ыйса аларга мындай жооп берди:

 

— Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп берсеңиздер, анан Мен да кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтам.

 

25Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өткөрүү бийлигин кимден алды эле: Кудайданбы же адамдарданбы? Ошондо тигилер өз ара мындай деп акылдаша кетишти:

 

— Эгер Кудайдан десек, анда «эмнеге ага ишенбедиңиздер?» дейт.
26Адамдардан десек, элден коркобуз, анткени баары Жакыяны пайгамбар деп эсептешет.

 

27Анан Ыйсага:

 

— Билбейбиз, — деп жооп беришти.

 

Ыйса да аларга:

 

— Анда Мен да силерге кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтпайм, — деди.

 

Эки уул жөнүндө ибарат

 

28— Төмөнкү ибаратты кандай түшүнөсүңөр? — деди Ыйса, — Бир кишинин эки уулу болот. Ал биринчисине келип: «Балам, бүгүн сен жүзүмзарга барып иштеп кел», — дейт.
29Баласы болсо: «Баргым келбей жатат», — дейт. Бирок кийин оюн өзгөртүп, жөнөп кетет.
30Экинчисине барып, ага да биринчисине айтканын айтат. Анысы: «Макул, ата», — дейт да, бирок барбай коёт.

 

31Экөөнүн кимиси атасынын каалоосун аткарды деп ойлойсуңар? Ыйсага алар:

 

— Албетте, биринчиси, — деп жооп беришти.

 

Ыйса аларга мындай деди:

 

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: салыкчылар менен сойкулар Кудайдын Падышачылыгына силерден мурда барат.
32Жакыя пайгамбар силерди ак жолго салууга келди эле, ага силер ишенбей койдуңар, ал эми салыкчылар менен сойкулар болсо ишеништи. Муну көргөндөн кийин да силер оюңарды өзгөртүп, ишенген жоксуңар!

 

Жүзүмзардагы ижарачылар тууралуу ибарат

 

33Ыйса сөзүн андан ары улантып мындай деди:

 

— Эмесе, дагы бир ибаратты угуп алгыла: бир дыйкан болуптур. Ал жүзүм тигип, айланасын коргондойт. Жүзүм ширесин сыгып алгыдай чуңкур казып, кароол мунара курат. Анан жүзүмүн багбандарга ижарага берип, өзү бир жакка кетет.
34Жүзүм тере турган маал келгенде, түшүмүнөн алып келгиле деп ижарачыларга кулдарын жөнөтөт.
35Ижарачылар болсо анын кулдарын кармап алып, бирин сабап, бирин өлтүрүп, дагы бирин таш менен урушат.
36Дыйкан кайрадан мындан да көбүрөөк кулдарын жөнөтөт. Тигилер болсо буларды да биринчилердей кылышат.
37Кийинчерээк: «Кой, уулумду жиберейин, балким андан ийменишээр», — деп аларга уулун жөнөтөт.
38Ижарачылар болсо уулун көргөндө өз ара: «Бул мураскор, жүргүлө, өлтүрөлү, ошондо мурасы бизге калат», — деп
39аны кармап алып, жүзүмдүн сыртына алып чыгып, өлтүрүп салышат.
40Эми, жүзүмдүн ээси келгенде, ижарачыларды эмне кылат?

 

41— Бул кара ниет ижарачыларды шорун курутуп өлтүрөт. Ал эми жүзүмдү болсо түшүмүн өз убагында берип тура турган бөлөк ижарачыларга берет, — деп жооп беришти Ага.

 

 

42Ошондо Ыйса мындай деди:

 

— «Куруучулар жаратпай,

 

Таштап салган таш эле,

 

Пайдубалдын негизи

 

Болуп калды ал эми.

 

Биз таң калган бул ишти

 

Өзү кылды Эгебиз»

 

 

деген сөздү Ыйык Жазуудан эч качан окуган жок белеңер?
43Андыктан айтып коёюн: Кудайдын Падышачылыгы силерден алынат да, анын жемиштерин бере турган башка элге берилет.
44Ким бул ташка куласа, талкаланат, ал эми бул таш кимдин үстүнө түшсө, анын таш-талканы чыгат.
45Ыйсанын ибараттарын уккан жогорку динкызматчылар менен фарисейлер мунун өздөрү тууралуу айтылганын түшүнүштү да,
46Ыйсаны кармамак болушту. Бирок чогулган эл Ыйсаны пайгамбар деп эсептегендиктен, алардан коркушту.

 

22

 

Үйлөнүү тою тууралуу ибарат

 

1Ыйса ибарат менен сүйлөгөнүн улантып, мындай деди:

 

2— Асман Падышачылыгы баласын үйлөнтүп, той берген падыша сыяктуу.
3Ал үйлөнүү үлпөтүнө чакырылган конокторго «тойго келиңиздер» деп айттырып, кулдарын жөнөтөт. Бирок тигилердин келгенге көңүлү жок болду.

 

4Ошондо падыша кайрадан бөлөк кулдарын жумшап: — Баргыла, чакырылгандарга: «Тамак даяр, букаларым да, бордолгон малдар да союлуп, баары даяр. Тойго келиңиздер», — деп айткыла, — деди.
5Тойго чакырылган коноктор болсо падышанын сөзүн этибарга албай, туш-тушка басып кетишти: бири айдоо талаасына кетсе, экинчиси соодасына,
6дагы башкалары болсо кулдарын кармап алып, кордоп, анан өлтүрүп салышты.
7Ошондо падышанын каары кайнап, аскерлерин жиберип, жанагы канкорлорду кырып, шаарын өрттөдү.

 

8Анан кулдарына айтты: — Үйлөнүү тою го даяр болчу, бирок чакырылгандар татыксыз экен.
9Ошондуктан жөнөгүлө да жолдордун кесилиштерине барып, жолуккандардын баарын тең тойго чакыргыла!
10Баягы кулдар жолдорго барып, жамандарды да, жакшыларды да, иши кылып жолуккан адамдардын баарын чогултуп келишти. Ошентип, той үйү жамбаштап жаткандарга жык-жыйма толду.
11Аларды көргөнү келген падыша той кийимин кийбеген бирөөнү байкады.

 

12Анан ага мындай деди: — Эй, дос, той кийимисиз бул жакка кантип кирип кеттиң? Тигил болсо үн катпады.

 

13Ошондо падыша кызматчыларына: — Мунун колу-бутун байлап туруп, сырттагы караңгылыкка ыргытып таштагыла! Ал жакка түшкөндөр кыйналганынан тиштерин кычыратып, өкүрүшөт! — деди.

 

14Анткени чакырылгандар көп болот, бирок тандалгандар аз.

 

Салык төлөө маселеси

 

15Ушундан кийин фарисейлер кетип калышты да, Ыйсанын кебинен бир кынтык таап, сөзүнөн кармайлы деп акылдашышты.

 

16Анан Ыйсага өзүнүн шакирттери менен Ироддун жолун жолдоочуларды кошуп, мындай деп айтыш үчүн жөнөтүштү: — Устат, сиздин чынчыл экениңизди билебиз. Бирөөгө жагынууга аракет кылбайбыз. Эч кимдин жүзүнө карабай, адамдарды Кудайдын акыйкат жолун окутасыз!
17Эми бизге айтыңызчы, сиз кандай ойлойсуз: Рим падышасына салык төлөгөн болобу же болбойбу?

 

18Ыйса алардын мындай жаман оюн билип: — Эй, эки жүздүүлөр, эмнеге Мени сынап жатасыңар?

 

19Мага салыкка төлөнө турган бир күмүш теңгени көрсөткүлөчү! — деди. Алар бир күмүш теңгени алып келишти.

 

20— Анан бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? — деди Ыйса ошондо аларга карап.

 

21— Падышаныкы, — дешти алар.

 

Ыйса:

 

— Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле! — деди.

 

22Тигилер мындай сөздү укканда, таң калышып, Ыйсаны калтырып, кетип калышты.

 

Өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү жөнүндө суроо

 

23Ошол эле күнү өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен садукей тобундагы адамдар келип, Ыйсага суроо беришти:

 

24— Устат, Муса: «Эгер бирөө дүйнөдөн тукумсуз өтүп кетсе, анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын!»— деп жазып кеткен.
25Бизде жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү.
26Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти. Анан үчүнчүсү да ошондой болду. Ошентип жетинчисине чейин, баары ушундай каза болушту.
27Эң аягында аял да көз жумду.
28Эми, кыяматта кайра тирилишкенде, аял кимисиники болот? Анткени баары тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы.

 

29Ыйса аларга мындай жооп берди:

 

— Ыйык Жазууларды да, Кудайдын кудуретин да билбегендиктен жаңылып жүрөсүңөр!
30Анткени адамдар өлүмдөн кайра тирилгенде, аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт, алар асмандагы периштелер сыяктуу болушат.
31-32Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилери тууралуу Кудайдын силерге эмне дегенин окуган эмес белеңер? Ал: «Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын»деген. Кудай өлүктөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы!

 

33Ошондо Ыйсанын таалимин угуп турган калайык Анын сөзүнө таң калышты.

 

Улуу осуят

 

34Ыйсанын садукейлердин оозун жапканын уккан фарисейлер өзүнчө чогулуп келишти.
35Алардын арасынан бир дин мугалими Ыйсаны сынап мындай суроо берди:

 

36— Устат, Тоораттагы эң улуу осуят кайсы?

 

37Ыйса ага мындай жооп берди:

 

— «Кудай Эгеңди чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бардык акыл-оюң менен сүй»
38Бул эң улуу жана биринчи осуят.
39Экинчиси буга окшош: «Башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй»
40Мусанын мыйзамы да, пайгамбарлардын окутуулары да мына ушул эки осуятка негизделген.

 

Машаяк тууралуу суроо

 

41Фарисейлер чогулганда, Ыйса мындай суроо берди:

 

42— Машаяк тууралуу кандай ойдосуңар? Ал кимдин тукуму?

 

— Дөөттүн, — деп жооп беришти алар.

 

43Ыйса аларга мындай деди:

 

— Анда кандайча Дөөт Ыйык Рух аркылуу Аны Эгем деп айткан?

 

 

44Ал: «Жараткан Эге Эгеме деди мындай,

 

Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча,

 

Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда»,—

 

 

деген.
45Демек, эгер Дөөт өзү Машаякты Эгем деп жатса, кандайча Ал кайра Дөөттүн тукуму болот? — деди аларга.

 

46Эч ким бул суроого жооп бере албай койду. Ушул күндөн тартып эч ким батынып, Ага суроо бере албады.

 

23

 

Дин мугалимдери жана фарисейлер тууралуу

 

1Ыйса чогулган эл менен шакирттерине кайрылып мындай деди:

 

2— Дин мугалимдери менен фарисейлерде Мусанын мыйзамдарын силерге чечмелеп берүү бийлиги бар.
3Ошондуктан алардын айткандарын аткаргыла да сактагыла, бирок кылгандарын кылбагыла. Анткени алар өздөрү айткандарын аткарышпайт.
4Оор, адам чыдагыс диний эрежелерди башкалардын жонуна артып, аларды көтөрүүгө жардам иретинде чыпалагын да тийгизип коюшпайт.
5Алар эмне кылышса да, элге көрүнүш үчүн кылышат. Ичине Ыйык Жазуунун аяттары салынып, маңдайлары менен колдоруна байлануучу кутучаларды чоңойтушуп, чапандарынын этегин обу жок узартышат.
6Аш-тойлордо төрдө, синагогаларда алдыңкы орундарда олтурганды жакшы көрүшөт.
7Базарларда элдин «устат» деп эпилдеп саламдашып турганын сүйүшөт.
8А силер болсо бири бириңерге боордошсуңар! Ошондуктан «устат» деп аталбай эле койгула! Анткени баарыңардын Устатыңар бир!
9Эч кимди «ата» дебегиле, анткени баарыңардын бир Атаңар бар. Ал — асмандагы Атаңар.
10Эч кимди «жол башчы» деп да айтпагыла, анткени баарыңардын бир эле жол башчыңар бар! Ал — Машаяк.
11Араңардагы эң чоңуңар силерге кызматчы болсун!
12Ким өзүн өзү көтөрсө, ал басынтылат, ал эми ким өзүн өзү басынтса, ал көтөрүлөт.

 

Дин кызматчылардын эки жүздүүлүгүн ашкерелөө

 

13-14Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени Асман Падышачылыгынын эшигин жаап, адамдарды киргизбей жатасыңар. Өзүңөр да кирбейсиңер, киргени жаткандарды да киргизбейсиңер.[15]
15Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени бир кишини өзүңөрдүн диниңерге киргизиш үчүн деңиздерди сүзүп өтүп, жердин четине чейин барасыңар, анан максатыңарга жеткенде, аны өзүңөрдөн эки эсе көп тозокко татыктуу кылып чыгарасыңар.

 

16Сокур жол башчылар, силердин шоруңар куруйт! Анткени силер: «Ким ийбадаткана менен ант берсе эч нерсе болбойт, ал эми ким ийбадатканадагы алтын менен ант берсе, айткан сөзүн аткарыш керек» дейсиңер.
17Акылсыздар жана сокурлар, кимиси улук: алтынбы же алтынды ыйык кылып турган ийбадатканабы?
18«Ким курмандык жай менен ант берсе, эч нерсе болбойт, ал эми анын үстүнө коюлган тартуу менен ант берсе, анда ал айткан сөзүн аткарыш керек» дейсиңер.
19Сокурлар, кайсынысы маанилүү: тартуубу же тартууну ыйыктап турган курмандык жайбы?
20Курмандык жай менен ант берген адам курмандык жайдын өзү менен да, анын үстүндөгүнүн баары менен да ант берет.
21Ийбадаткана менен ант берген адам, ийбадаткананын өзү менен да, анын ичинде жашаган Кудай менен да ант берет.
22Асман менен ант берген адам Кудайдын тактысы менен жана анда олтурган Кудай менен да ант берет.
23Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Жалбыз, адырашман, зиренин түшүмүнүн ондон бирин зекетке бересиңер, ал эми мыйзамдагы маанилүү нерселер: калыстык, боорукердик жана Кудайга ишенимдүүлүктү калтырып койдуңар. Силер ушуларды сактап, тигилерди да калтырбашыңар керек болчу.
24Сокур жол башчылар, силер чымынды чыпка менен сүзүп аласыңар, бирок төөнү жутуп коёсуңар!

 

25Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Чыны, табагыңардын сыртын жууйсуңар, бирок ичиңерде талоончулук менен сугалактык ашып-ташыйт.
26Сокур фарисей, чыныңдын сырты таза болуш үчүн биринчи ичин тазалап ал.

 

27Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени силер акталып, кооздолгон күмбөз сыяктуусуңар! Күмбөз сыртынан кооз көрүнгөнү менен, ичи өлүктөрдүн сөөк-саагына, ар кандай ыпластыкка толгон.
28Анын сыңарындай, силер да сыртыңардан элге такыбаа көрүнгөнүңөр менен, ичиңер толо эки жүздүүлүк менен күнөө.

 

29Дин мугалимдери менен фарисейлер, эки жүздүүлөр, силердин шоруңар куруйт! Анткени силер пайгамбарларга күмбөз куруп, адилдердин эстеликтерин кооздоп, анан:
30«Эгер биз өткөн ата-бабаларыбыздын убагында жашаган болсок, анда пайгамбарлардын канынын төгүлүшүнө эч кошулмак эмеспиз», — дейсиңер.
31Ушунуңар менен өзүңөрдүн пайгамбарларды өлтүргөндөрдүн тукуму экениңерди айгинелеп жатасыңар.
32Макул, ата-бабаларыңардын күнөө чөйчөгүн толтура бергилечи, эмне болор экен.
33Кара чаар жыландар, ажыдаардын тукумдары, тозоктогу жазадан кантип качып кутулар экенсиңер?
34Карагыла, силерге Мен пайгамбарларды, акылмандарды, дин мугалимдерин жиберем. Алардын кээсин өлтүрөсүңөр жана жыгачка керип саласыңар, кээсин синагогаларда сабатасыңар жана сары изине чөп салып, шаардан шаарга кубалайсыңар!
35Адилеттүү Абылдын канынан тартып, эң ыйык жай менен курмандык жайдын ортосунда силер өлтүрүп тынган Барахтын уулу Закирдин канына чейинки адилеттүүлөрдүн жер бетинде төгүлгөн бардык каны үчүн жаза тартасыңар!
36Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ошонун баары үчүн азыркы муундун адамдары, силер айыптуу болосуңар!

 

Ай, Иерусалим, Иерусалим!

 

37Ай, Иерусалим, Иерусалим! Сен пайгамбарларды өлтүрүп, Кудай жиберген адамдарды ташбараңга алдың. Аттиң, балапандарын бооруна чогултуп, канатына калкалаган тоок сымал канча ирет сенин элиңди чогултайын дедим, бирок силер каалаган жоксуңар.
38Эми мына, үйүңөр каңгырап, ээн калат.
39Силерге айтып коёюн: «Эгебиздин атынан Келатканга урмат!»деп айтар убак келгиче, Мени көрбөйсүңөр.

 

24

 

Ыйса ийбадаткананын кыйрай турганын алдын ала айтат

 

1Ыйса ийбадаткананын короосунан чыгып, кетип баратты. Ошондо шакирттери Ага келип, ийбадаткананын өзүн көрүп чыгууну сунуш кылышты.

 

2Ыйса аларга: — Мунун баарын көрүп турасыңарбы? Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Таш үстүндө таш калбай, мунун баары талкаланат, — деди.

 

Акыр заман алдындагы кыйынчылык, куугунтуктар

 

3Ыйса Зайтун тоосунда олтурганда, шакирттери элден бөлүнүп, Анын алдына келип сурашты:

 

— Айтчы, бул качан болот? Сенин келериңдин жана акыр замандын алдында кандай жышаан болот?

 

4Ыйса аларга мындай жооп берди:

 

— Сак болгула, бирөө силерди алдап кетпесин!
5Анткени көп адамдар Менин атымды жамынып келип: «Машаяк менмин!» дешет да, далай адамды алдап кетишет.
6Жакын жерлердеги согуштардын үнүн жана алыс жерлердеги согуштар тууралуу имиш-имиштерди угасыңар. Бирок байкагыла, коркуп, үрөйүңөр учпасын! Андайлар болушу керек, бирок бул акыр заман келди дегенди билдирбейт.
7Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат. Жер-жерлерде ачарчылыктар болуп, жер титирейт.
8Толгоо башталгандагы азаптар сыяктуу, мунун баары боло турган азаптардын башталышы гана.
9Ошондо өзүңөрдү кыйноого салып берип, өлтүрүшөт. Менин шакирттерим болгонуңар үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар.
10Ошондо көп адамдар Мага болгон ишенимден баш тартышат, бири бирине чыккынчылык кылышат, бири бирин жек көрүшөт.
11Көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болуп, көп адамдарды алдап кетишет.
12Анан, күнөөлөрдүн көбөйүшүнөн улам, шакирттеримдин көбүнүн сүйүүсүнүн табы кайтып кетет.
13Бирок ким акырына чейин туруштук берсе, куткарылат.
14Кудай Падышачылыгынын Жакшы Кабары бүткүл жер бетине жарыяланып, бардык элдерге айтылат. Анан акыр заман келет.

 

Улуу алаамат

 

15Касиеттүү ийбадатканада Данияр пайгамбар айткан жийиркеничтүү арам нерсенин турганын көргөнүңөрдө (муну окуп жаткан адам өзү түшүнүп алсын),
16Иудеядагылар тоолорго качсын,
17ким үйдүн төбөсүндө турса, бир нерсесин алам деп үйүнө кирбесин,
18ким талаада жүрсө, кийимин алам деп артына кайтпасын.

 

19Ошол күндөрү кош бойлуулар менен бала эмизгендердин шору.
20Силердин качып кутула турган күнүңөр кыш убагына же дем алыш күнүнө туш келбесе экен деп сыйынгыла.
21Анткени ошол күндөрдө аалам жаралгандан ушул убакка чейин болуп көрбөгөн улуу алаамат болот. Мындай алаамат келечекте да болбойт!
22Эгер Жараткан Эге ошол күндөрдү кыскартпаса, анда бир да жан аман калбас эле. Бирок Жараткан Эге Өзү тандап алган адамдары үчүн ошол күндөрдү кыскартат.
23Ошондо силерге бирөө: «Машаяк бул жакта» же «тигил жакта» десе, ишенбегиле.
24Анткени жалган машаяктар менен жалган пайгамбарлар чыгат. Алар, эгер мүмкүн болсо, Кудай тандап алган адамдарды да алдап кетүү үчүн улуу жышаандар менен кереметтерди көрсөтүшөт.
25Мына, Мен силерге муну алдын ала айттым.
26Ошондуктан, эгер силерге бирөөлөр: «Тигине, Машаяк чөлдө!» десе, чыкпагыла, «Мына, Машаяк төркү үйдө» десе, ишенбегиле.
27Анткени чыгыштан батышка чейин жарк эткен чагылган айкын көрүнгөндөй, Адам Уулунун келиши да айкын болот.
28Ошондой эле тарп кай жерде болсо, жорулар да ошол жерге жыйылары баарына белгилүү эмеспи.

 

Ыйсанын кайра келиши

 

29Ошол алаамат күндөрдөн кийин дароо эле

 

 

«Күндүн бети карарып,

 

Ай калат төкпөй өз нурун

 

Көктөн кулап жылдыздар

 

Асмандагы күчтөр да

 

Түгөл келет кыймылга».

 

 

30Ошондо асманда Адам Уулунун жышааны пайда болот. Жер бетиндеги элдердин баары өкүрүп ыйлап, улуу кудурет жана шаң-салтанат менен булуттарды аралап келе жаткан Адам Уулун көрүшөт.
31Сурнайдын катуу үнү менен Ал Өз периштелерин жиберип, алар төгөрөктүн төрт бурчунан Кудай тандап алган адамдарды чогултушат.

 

Акыр заманга жакын калды

 

32Анжир дарагынан сабак алгыла. Анын бутактары жумшарып, жалбырагы чыга баштаганда, жай жакындап калганын билесиңер.
33Анын сыңары, мунун баарын көргөнүңөрдө, кыяматтын[16]босогодо турганын билгиле.
34Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мунун баары ушул муундун тушунда болуп өтөт.
35Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет.

 

Адам уулунун келишине даяр болгула

 

36Ал кайсы күнү, кайсы саатта келерин Атабыздан башка эч ким билбейт. Ал убак асмандагы периштелерге да, ал тургай Уулуна да белгисиз.
37Нух пайгамбардын убагында заман кандай болсо, Адам Уулунун кайра келер алдында да ошондой болот.
38Топон суунун алдында да Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, үйлөнүштү, күйөөгө чыгышты, күндөлүк турмуш менен алек болушту.
39Бирок топон суу келип, баарын басып калгыча эч нерсени түшүнүшпөдү. Адам Уулунун келиши да ошондой болот.
40Ошондо эки адам талаада болот, бири алынат да экинчиси калтырылат.
41Жаргылчак тартып олтурган эки аялдын бири алынат да экинчиси калтырылат.
42Ошондуктан сак болгула, анткени Эгеңер кайсы күнү келерин билбейсиңер.
43Бирок силер билгендей, үй ээси уурунун кайсы саатта келерин билсе, үйүн бузуп кирүүсүнө жол бербес эле.
44Ошондуктан силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон саатта келет.

 

Ишенимдүү жана ишенимсиз кул

 

45Кожоюну үй-чарбасына кызмат кылган кулдарына тамак-ашын өз убагында берип туруш үчүн аларга башчы кылып шайлап кеткен ишеничтүү жана акыл-эстүү кулду элестеткиле.
46Тапшырылган кызматын аткарып жатканда кожоюну келип калса, ошол кул бактылуу!
47Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кожоюну аны бүт үй мүлкүнө башчы кылат.
48Эгерде ошол кул ниети бузулуп: «Кожоюнум жакында келбейт», — деп,
49башка кулдарды уруп сабай баштаса, аракечтерге кошулуп алып, жеп-ичсе,
50кожоюну ал күтпөгөн күндө, билбеген саатта келет да,
51башын жара чаап, эки жүздүүлөр менен кошо жазага тартат. Ал жактагылар жаза тарткан жайда өкүрүп, тиштерин кычыратышат.

 

25

 

Он кыз тууралуу ибарат

 

1Асман Падышачылыгы орноордо абал төмөнкү аңгемедегидей болот: он кыз чырактарын көтөрүп, күйөө жигитти утурлап чыгышат.
2Алардын бешөөсү акылсыз, бешөөсү акылдуу болушат.
3Акылсыздары чырактарын көтөрүп чыгышат, бирок май куюлган идиштерди өздөрү менен кошо алышпайт.
4Акылдуулары болсо чырактары менен кошуп, идиштерине май да куюп алышат.
5Күйөө кечигип жаткандыктан баарынын көзү илинип, уктап кетишет.
6Түн ортосунда: «Күйөө келатат! Тосуп чыккыла!» деген кыйкырык угулат.
7Ошондо баягы кыздардын баары ордунан турушат да чырактарын оңдошот.
8Акылсыздары болсо акылдууларга: «Майыңардан берип тургулачы, чырактарыбыз өчүп баратат!» — дешет.
9Бирок акылдуулары: «Май силерге да, бизге да жетпей калбасын үчүн, май саткандарга барып сатып алгыла», — деп жооп беришет.
10Тигилер май сатып алганы кетишкенде, күйөө келип, даяр тургандар аны менен бирге тойго киришет да эшик жабылат.
11Кийинчерээк берки кыздар да келип: «Таксыр, таксыр, эшикти ачып коюңузчу», — деп суранышат.
12Күйөө болсо: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мен силерди тааныбайм», — деп жооп берет.
13Ошондуктан сак болгула, анткени күндү да, саатты да силер билбейсиңер.

 

Үч кул тууралуу ибарат

 

14Бир бай киши алыска кетип баратып, кулдарын чакырып, үй-мүлкүн аларга табыштайт.
15Бир кулуна ат башындай күмүштөн бешти, экинчисине экини, дагы бирине бирди, ар бирине алардын алы жетишинче берет да жолго чыгат.
16Ат башындай беш күмүш алганы ошол замат аны ишке жумшап, дагы ат башындай беш күмүш киреше табат.
17Эки күмүш алганы да ошентип дагы эки күмүш кошуп алат.
18Бир күмүш алганы болсо барат да, кожоюнунун күмүшүн жерге көмүп салат.
19Көп убакыт өткөн соң, баягы кулдардын кожоюну келет да, алар менен эсептеше баштайт.
20Беш күмүш алганы дагы бешин алып келип: «Таксыр, сиз мага ат башындай күмүштөн бешти бердиңиз эле, мына, дагы беш күмүш пайда түшүрдүм», — дейт.
21Кожоюну: «Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум. Кичинеге ишенимдүү болдуң, эми чоңго ээлик кылдырам. Кел эми, кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол», — дейт.
22Эки күмүш алганы келип: «Таксыр, сиз мага ат башындай күмүштөн экини бердиңиз эле, мына, дагы эки күмүш пайда түшүрдүм», — дейт.
23Кожоюну: «Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум. Кичине иште ишенимдүү болдуң, эми чоңго ээлик кылдырам. Кел эми, кожоюнуңдун кубанычына ортоктош бол», — дейт.
24Ал эми бир күмүш алганы болсо келип: «Таксыр, мен сиздин экпеген жерден оруп, чачпаган жерден терип алган катаал адам экениңизди билем.
25Ошондуктан сизден коркуп, тышка алып чыгып, күмүшүңүздү жерге катып койгон элем. Мына күмүшүңүз алыңыз», — дейт.
26Ошондо кожоюну: «Эй, ыймансыз жалкоо кул! Менин экпеген жерден оруп, чачпаган жерден терип аларымды билчү белең?
27Анда эмне үчүн күмүшүмдү акча иштеткендерге берип койбодуң? Келгенимде кирешеси менен албайт белем.
28Мындан бир күмүштү алгыла да, он күмүшү барга бергиле.
29Анткени кимде бар болсо, ага дагы берилет да баары мол болот, ал эми кимде жок болсо, колундагысы да тартылып алынат.
30Ал эми мына бул жарабаган кулду сырттагы караңгы туңгуюкка ыргытып жибергиле. Ал жакка түшкөндөр кыйналганынан тиштерин кычыратышат», — дейт.

 

Акыр заманда болуучу сот

 

31Адам Уулу бардык периштелердин коштоосунда улуу шаң-салтанат менен келгенде, Ал Өзүнүн падышалык тактысына олтурат.
32Анын алдына бардык улуттардан адамдарды чогултушат. Ошондо койлордон эчкилерди бөлгөн койчу сыяктуу, Ал элдерди бири биринен бөлөт.
33Койлорду оң жагына, эчкилерди болсо сол жагына жайгаштырат.
34Анан Падыша оң жагындагыларга айтат: «Менин Атамдын батасын алгандар, келгиле, дүйнө жаратыла электе эле силер үчүн даярдалган падышачылыкты мураска алгыла!
35Анткени Мен ачка болгонумда, силер тамак бергенсиңер, суусаганымда, суусунумду кандыргансыңар, сапарда жүргөнүмдө, үйүңөргө кабыл алгансыңар,
36жылаңач калганымда, кийиндиргенсиңер, ооруп жатканымда, алымды сураганы келгенсиңер, түрмөдө олтурганымда, көргөнү келгенсиңер».
37Ошондо адил адамдар: «Падыша, качан биз сиздин ачка жүргөнүңүздү көрүп, тойгуздук эле? Суусаганыңызды көрүп, суусунуңузду кандырдык эле?
38Качан сапарда жүргөнүңүздө үйүбүзгө кабыл алдык эле да жылаңач калганыңызда кийиндирдик эле?
39Качан ооруганыңызды же түрмөдө олтурганыңызды көрдүк эле да сизге бардык эле?» — деп сурашат.
40Ошондо Падыша мындай жооп берет: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Менин эң карапайым боордошторумдун бирине кылган жакшылыгыңар, Мага кылганыңар».

 

41Ошондо Падыша сол жагындагыларга айтат: «Менин жанымдан кеткиле, ибилис менен анын периштелерине даярдалган түбөлүк отко түшкүлө, каргыш ургандар!
42Анткени ачка калганымда, силер тамак бербедиңер, суусаганымда суусунумду кандырбадыңар,
43сапарда жүргөнүмдө, үйүңөргө кабыл албадыңар, жылаңач калганымда, кийим бербедиңер, ооруп жатканымда, түрмөдө олтурганымда көргөнү келбедиңер».
44Ошондо булар да: «Падыша, качан биз сиздин ачка калганыңызды, суусаганыңызды, сапарда жүргөнүңүздү, жылаңач калганыңызды, ооруп жатканыңызды, түрмөдө олтурганыңызды көрдүк эле да сизге кызмат кылбай койдук эле?» — дешет.
45Ошондо аларга да Падыша мындай деп жооп берет: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мына бул эң карапайым адамдардын бирине кылбаганыңар — Мага кылбаганыңар».
46Ошондо булар түбөлүк азапка, ал эми адилеттүүлөр болсо түбөлүк өмүргө кетишет.

 

26

 

Ыйсага каршы бүтүм

 

1Ыйса сөзүн аяктады да, шакирттерине карап:

 

2— Эки күндөн кийин Куткарылуу майрамы болот, ошондо айкаш жыгачка кадаш үчүн Адам Уулу кармап берилет, — деди.

 

3Ошол кезде жогорку динкызматчылар жана эл башчылары Каяп деген башкы динкызматчынын короосуна чогулушту да,
4Ыйсаны куулук менен кармап, өлтүрөлү деп чечишти.

 

5Бирок алар: — Эл ичинде дүрбөлөң болбосун үчүн, муну майрам убагында кылбайлы, — дешти.

 

Бейтанидеги Ыйсага көрсөтүлгөн урмат

 

6Ыйса Бейтаниде пес оорулуу Ысмандын үйүндө дасторкондун жанында жамбаштап жатканда,
7кымбат баалуу атыр май куюлган идишин көтөрүп, бир аял келди да башына идишиндеги майды куюп жиберди.

 

8Муну көргөн шакирттеринин кыжыры кайнап: — Мындай ысырапчылыктын не кереги бар?
9Андан көрө, кымбат баага сатып туруп, акчасын жакырларга берсе болот эле го, — дешти.

 

10Ыйса алардын бул оюн билип:

 

— Эмнеге аны кыжалат кылып жатасыңар? Ал Мага жакшы иш кылды.
11Жакырлар ар дайым жаныңарда болот, а Мен жаныңарда дайыма эле болбойм.
12Бул аял май куюу салтын аткарып, денемди көргө коюуга даярдады.
13Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул Жакшы Кабар бүт дүйнөнүн кай жеринде жарыяланса, бул аялды эскерүү иретинде анын кылган иши тууралуу да айтылат.

 

Жүйүттүн чыккынчылыгы

 

14Ошондо Жүйүт Искариот аттуу бир шакирти жогорку динкызматчыларга барып:

 

15— Мен аны кармап берсем, эмне бересиңер? — деди.

 

Жогорку динкызматчылар отуз күмүш теңге санап беришти.
16Ошол убактан баштап, Жүйүт Ыйсаны кармап бергенге оңтойлуу учурду издей баштады.

 

Куткарылуу майрамына арналган тамак

 

17Калама майрамынын биринчи күнү Ыйсага шакирттери келип:

 

— Куткарылуу майрамынын тамагын кай жерде жегиң келет, каерге даярдайлы? — дешти.

 

18Ыйса аларга мындай деди:

 

— Шаарга барып, баланча деген кишини таап, ага: «Устатыбыз: "Менин убакыт-саатым жакындап калды, шакирттерим менен чогуу сеникинде Куткарылуу майрамын өткөрүп алалы", — деди», деп айткыла.

 

19Шакирттери Ыйса буюргандай кылышты да, Куткарылуу майрамынын тамагын даярдашты.
20Кеч киргенде, Ыйса он эки шакирти менен бирге дасторкондун жанында жамбаштап жатты.

 

21Анан алар тамактанып жатканда мындай деди: — Силерге бир чындыкты айтып жатам: араңардан бирөө Мени сатып кетет!

 

22Шакирттери бу сөзгө абдан капа болуп, биринин артынан бири:

 

— Эгем, мен эмеспи? — дей башташты.

 

23Ыйса:

 

— Табакка Мени менен бирге колун салган киши Мени сатып кетет.
24Адам Уулу Ыйык Жазууда Өзү тууралуу алдын ала жазылган жол менен баратат, бирок Аны сатып кеткен адамдын шору. Ал адам туулбай туна чөксө, өзүнө жакшы болмок, — деди.

 

25Ыйсага чыккынчылык кылуучу Жүйүт да:

 

— Устат, мени айтып жаткан жоксуңбу? — деп сурады.

 

Ыйса:

 

— Муну сен өзүң айтып алдың, — деди.

 

Акыркы кечки тамак

 

26Алар тамак ичип жатышканда, Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып:

 

— Алгыла, жегиле, бул Менин денем, — деди.

 

27Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип туруп:

 

— Баарыңар мындан ичкиле,
28анткени бул көп адамдардын күнөөлөрүнүн кечирилиши үчүн төгүлүп, алар менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишимди бекитүүчү Менин каным.
29Силерге айтып коёюн: мындан ары, Атамдын Падышачылыгында силер менен бирге жаңы шарап иче турган күнгө чейин эч кандай жүзүм шарабын ичпейм, — деди.

 

30Анан алар Кудайды мактоо ырын ырдашты да, Зайтун тоосуна жөнөштү.

 

Ыйса Петирдин Аны тааныбайм дээрин алдын ала айтат

 

31Ошондо Ыйса аларга мындай деди:

 

 

— Баарыңар ушул түнү Мени таштап кетесиңер, анткени Ыйык Жазууда: «Койчусун өлтүрөм, анан койлору чачырап кетет!»— деп айтылган.
32А бирок кайра тирилген соң, силерден мурда Галилеяга барам.

 

33Ошондо Петир Ыйсага:

 

— Сени баары таштап кетсе да, мен эч качан таштабайм! — деди.

 

34Ыйса ага:

 

— Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, — деди.

 

35Петир Ыйсага:

 

— Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, сени тааныбайм деп айтпайм, — деди.

 

Шакирттеринин баары тең ушундай дешти.

 

Гетсеман багындагы сыйынуу

 

36Ушундан соң, Ыйса шакирттери менен бирге Гетсеман деген жерге келди. Анан шакирттерине:

 

— Мен тигиндей барып сыйынып келгенче, ушул жерде отура тургула, — деди.

 

37Анан Өзү менен кошо Петир менен Зебедейдин эки уулун алып кетти да, терең кайгыга батып, кыйнала баштады.

 

38— Жаным өлгүдөй кыйналып турат, — деди Ал, — ушул жерде калып, уктабай Мени менен бирге тура тургулачы, — деди.

 

39Өзү бир аз ары барып, жүзтөмөндөп жыгылды да:

 

— Атаке, эгер мүмкүн болсо ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун! — деп сыйынды.

 

40Анан шакирттерине келип, алардын уктап калганын көрдү да, Петирге:

 

— Бир саат Мени менен бирге уктабай тура алган жоксуңарбы?
41Шайтанга азгырылып кетпес үчүн уктабагыла, сыйынгыла! Себеби жакшылык кылганды каалайсыңар, бирок алыңар аз, — деди.

 

42Анан кайрадан обочолонуп, Кудайга сыйынды:

 

— Атаке, эгер бул азап Мага тиймейинче өтпөсө, анда Сенин каалаганыңдай болсун!

 

43Кайра келип, шакирттеринин дагы уктап жатканын көрдү. Алар аябай чарчагандан уктап калышкан эле.
44Ыйса кайрадан алардан кетип, баягы эле сөздөрүн кайталап, үчүнчү ирет Кудайга сыйынды.

 

45Анан шакирттерине дагы келгенде, мындай деди:

 

— Эх, дале уктап, эс алып жатасыңарбы. Мына, Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна кармалып бериле турган убакыт жакындап калды.
46Тургула эми, кеттик. Тигине, Мени кармап бере турган киши да келип калды.

 

Ыйсанын кармалышы

 

47Ыйса сөзүн аяктай электе, «он экинин» бири — Жүйүт келип калды. Жанында жогорку динкызматчылар менен эл башчылары жиберген, кылыч, токмок менен куралданган жоон топ эл бар эле.
48Ыйсаны кармап бере турган киши аларга: «Кимдин бетинен өөп учурашсам, силер издеген киши — ошол. Ошону кармагыла», — деп белги берген болчу.

 

49Анан дароо Ыйсага басып келип: — Салам, устат, — деди да, бетинен өптү.

 

50Ыйса болсо ага:

 

— Досум, мында эмне кылып жүрөсүң? — деди.

 

Ошондо тигилер Ыйсага кол салып, Аны кармашты.
51Ыйсанын жанында тургандардын бири канжарын сууруп алып, башкы динкызматчынын кулунун кулагын шылый чапты.

 

52Ошондо Ыйса шылый чапканга: — Канжарыңды кынына сал! Анткени кылыч алгандар кылычтан кырылышат.
53Же Мен азыр Атамдан сурансам, Ал Мага миңдеген периштелерди жибербейт деп ойлойсуңбу?
54Бирок анда кантип Ыйык Жазууда ушундай болуш керек деген сөз аткарылат? — деди.

 

55Анан дароо чогулгандарга карап:

 

— Мени кармаш үчүн каракчыга каршы аттангансып, кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар. Күн сайын ийбадаткананын короосунда таалим берип отурганымда Мени кармаган жок элеңер.

 

56Бирок эмне болсо да, пайгамбарлар жазмаларындагы сөздүн баары аткарылсын, — деди. Ошондо шакирттеринин баары Ыйсаны таштап, качып кетишти.

 

Жогорку кеңештин алдында

 

57Ыйсаны кармагандар Аны дин мугалимдери менен эл башчылары чогулуп турушкан Каяп деген башкы динкызматчынын алдына алып келишти.
58Петир алыстан Ыйсаны акмалап келип, башкы динкызматчынын короосуна чейин барды. Анан короого кирип, аягы эмне менен бүтөр экен деп, көрүү үчүн сакчылардын арасына кирип олтурду.

 

59Жогорку динкызматчылар менен жогорку кеңеш Ыйсаны жазага тартуу үчүн Ага каршы жалган күбө издешти,
60бирок көптөгөн жалган күбөлөр келишсе да, алардын айткандары бири бирине туура келбеди. Бирок кийинчерээк келген экөө:

 

61— Бул киши: «Кудайдын ыйык ийбадатканасын бузуп, үч күндөн кийин кайра тургузуп коё алам» деген, — дешти.

 

62Ошондо башкы динкызматчы ордунан туруп Ыйсага:

 

— Булардын сага жөнүндө айткандарына берер жообуң жокпу? — деди.

 

63Ыйса болсо унчуккан жок. Ошондо башкы динкызматчы Ыйсадан:

 

— Тирүү Кудайдын алдында антыңды алайын, айтчы деги бизге, Кудайдын Уулу Машаяк сенсиңби? — деди.

 

64Ыйса башкы динкызматчыга:

 

— Өзүңүз айттыңыз. Бирок Мен силерге бир нерсени айтып коёюн: мындан ары Адам Уулунун Кудуреттин оң жагында олтурганын жана асмандагы булуттардын үстүндө келатканын көрөсүңөр,— деп жооп берди.

 

65Ошондо башкы динкызматчы кийимин айрып жиберип:

 

— Бул Кудайга акарат келтирди! Бизге дагы кандай күбөлөр керек? Уктуңарбы, ал азыр Кудайга акарат келтирди!

 

66Буга эмне дейсиңер? — деди. Тигилердин баары:

 

— Өлүм жазасына тартылышы керек! — деп чуулдашты.

 

67Анан Ыйсанын бетине түкүрүп, муштагылап, жаакка чаап:

 

68— Эй, Машаяк, кана, ким урду, айтчы? — дешти.

 

Петирдин «Ыйсаны тааныбайм» деп үч жолу айтышы

 

69Петир болсо сыртта, короодо олтурган. Аңгыча ага бир малай кыз басып келип:

 

— Сен! Сен да галилеялык Ыйса менен бирге болгонсуң! — деди.

 

70Петир болсо бардыгынын алдында:

 

— Эмне деп жатканыңды түшүнбөйм, — деп ага макул болгон жок.

 

71Дарбаза тарапка баратканда, ал жактан дагы башка малай кыз көрүп калып:

 

— Мына, бул киши да назареттик Ыйса менен бирге жүргөн, — деди.

 

72Петир карганып:

 

— Мен ал кишини тааныбайм, — деп дагы макул болбоду.

 

73Бир аздан кийин ошол жерде турган адамдар Петирге келишип:

 

— Сен чындап эле тигилердин бири экенсиң, ошолордон экениңди тилиң да айтып турат, — деди.

 

74Ошондо Петир аларга:

 

— Кудай урсун, ал кишини тааныбайм, — деп карганып-шиленип кирди.

 

Ошол кезде короз кыйкырды.
75Ошондо Петир Ыйсанын: «Ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың!» деген сөзүн эстеди да, сыртка чыгып, өксүп ыйлады.

 

27

 

Ыйса Пилаттын алдында

 

1Таң атканда, жогорку динкызматчылар менен эл башчыларынын баары чогулуп, Ыйса өлүм жазасына тартылсын деген чечим чыгарышты.
2Ыйсаны байлап, алып барышты да римдик губернатор Пилаттын колуна тапшырышты.

 

Жүйүттүн өлүмү

 

3Ошондо Ыйсага чыккынчылык кылган Жүйүт Ыйсанын өлүм жазасына кесилгенин көрүп, оюн өзгөрттү да, жогорку динкызматчылар менен эл башчылары берген отуз күмүш теңгени кайра кайтарып берди.

 

4— Бейкүнөө кишиге чыккынчылык кылып, күнөө кетириптирмин, — деди ал аларга.

 

Бирок алар:

 

— А биздин кандай тиешебиз бар? Өзүң бил, — деп жооп беришти.

 

5Жүйүт теңгелерди ийбадатканага ыргытып жиберип, сыртка чыгып, асылып өлдү.

 

6Жогорку динкызматчылар болсо теңгелерди терип алып: — Бул теңгелерди ийбадаткананын казынасына салганга болбойт, анткени бул адам канынын куну, — дешти да,
7өз ара акылдашып туруп, башка улуттуктардын сөөгүн коюу үчүн «Карапачынын талаасы» деп аталган жерди сатып алышты.
8Ошондон улам ал талаа ушул күнгө чейин «Кандуу талаа» аталып калган.

 

 

9Жеремия пайгамбардын: «Ысрайылдын эли ушул Адамга

 

Койгон бааны — отуз күмүш теңгени

 

Алар алып,

 

10Эгем мага айткандай, Сатып алды "карапачы таалаасын"»,—

 

 

деген сөзү аткарылды.

 

Пилаттын сурагы

 

11Ыйсаны болсо губернатордун алдына алып келишти. Губернатор:

 

— Иудейлердин падышасы сенсиңби? — деп сурады.

 

Ыйса:

 

— Өзүңүз айтып турасыз, — деди.

 

12Ал жогорку динкызматчылар менен эл башчыларынын койгон айыптарына эч нерсе деп жооп кайтарбады.

 

13Ошондо Пилат ага: — Сага канча деген айыптар айтылып жатканын сен, эмне, укпай жатасыңбы? — деди.

 

14Бирок Ыйса алардын бир да сөзүнө жооп кайтарган жок, ошондуктан Пилат абдан таң калды.

 

Ыйсаны өлүмгө кыюу

 

15Куткарылуу майрамына карата губернатордун элге алар сураган бир кылмышкерди түрмөдөн бошотуп берүү адаты бар эле.
16Ошол кезде алардын Барабба деген абдан белгилүү бир адамы түрмөдө болчу.

 

17Ошондуктан алар чогулушканда, Пилат: — Силерге кимди бошотуп беришимди каалайсыңар: Бараббаныбы же Машаяк аталган Ыйсаныбы? — деди.

 

18Анткени Пилат алардын Ыйсаны көрө албастыктан кармап бергенин билчү.

 

19Пилат сот орундугуна олтурганда, анын аялы бир кишини жиберип: «Жанагы адил кишиге тийбе, анткени таңга жуук көргөн түшүмдө ал үчүн көп азап чектим», — деп айттырды.
20Бирок жогорку динкызматчылар менен эл башчылары «Бараббаны чыгарып, Ыйсаны өлтүрүүнү сурангыла» деп чогулгандарды үгүттөп коюшкан эле.

 

21Губернатор чогулгандарга:

 

— Силерге экөөнүн кимисин бошотуп беришимди каалайсыңар? — деп дагы кайрылды.

 

Чогулгандар:

 

— Бараббаны, — деп жооп беришти.

 

22Пилат:

 

— Анда Машаяк аталган Ыйсаны эмне кылайын? — деди.

 

Тигилер болсо баары бир ооздон:

 

— Айкаш жыгачка кадалсын! — дешти.

 

23Пилат аларга:

 

— Ал эмне жамандык кылды? — деди.

 

Бирок алар мурдагыдан да катуу ызы-чуу түшүп:

 

— Айкаш жыгачка кадалсын! — деп бакырышты.

 

24Пилат сөзүнөн эч кандай пайда чыкпасын жана ызы-чуунун күчөп баратканын көрүп, сууну алды да, чогулгандардын алдында колун жууп:

 

— Мен бул кишинин канына айыпкер эмесмин! Муну кылган силер өзүңөрсүңөр! — деди.

 

25Чогулгандардын баары:

 

— Мунун каны биздин жана биздин балдарыбыздын мойнунда болсун! — деп чуулдашты.

 

26Ошондо Пилат Бараббаны бошотуп берди. Ыйсаны болсо сабатты да, айкаш жыгачка кадап салууга буйрук кылды.

 

Жоокерлердин Ыйсаны мазакташы

 

27Губернатордун жоокерлери Ыйсаны акимчиликке алып барышып, Анын алдына бүт полкту чогултушту.
28Ыйсаны чечинтишип, үстүнө кочкул кызыл чапан жабышты.
29Тикенектен таажы жасашып, башына кийгизишти да оң колуна таяк карматып коюшту. Анан алдына чөгөлөй калып: «Жашасын иудейлердин падышасы!» — деп келекелешти.
30Бетине жаба түкүрүп, колундагы таякты алып, башка ургулай башташты.

 

31Шылдыңдап бүтүшкөндө, үстүндөгү кочкул кызыл чапанды сыйрып алып, Өзүнүн кийимин кийгизишти да, айкаш жыгачка кадаганы алып жөнөштү.

 

Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы

 

32Жолдо киринеялык Ысманды жолуктурушуп, аны Ыйсанын айкаш жыгачын көтөрүп барууга мажбурлашты.
33Голгота (мунун мааниси: «Баш сөөк жайы») деген жерге келишкенде,
34алар Ыйсага өт кошулган шарапты беришти. Ыйса ооз тийип көрүп, ичкиси келбеди.

 

35Айкаш жыгачка кадагандар чүчү кулак кармашып, кийимдерин бөлүшүп,
36ошол жерде Ыйсаны кайтарып олтурушту.
37Алар Ыйсанын башынын жогору жагына Анын айыбы жазылган тактаны бекитишти. Тактада «Бул — Ыйса, иудейлердин падышасы» деген жазуу бар эле.

 

38Ыйса менен кошо дагы эки каракчыны бирин оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачтарга кадап салышты.

 

39Өтүп бараткандар Ыйсаны кордоп, баштарын ийкегилешип:

 

40— Эй, ийбадаткананы бузуп, үч күндө кайра тургузуучу! Кудайдын Уулу болсоң, айкаш жыгачтан түшүп, өзүңдү куткарбайсыңбы! — деп жатышты.

 

41Жогорку динкызматчылар да аларга кошулуп, дин мугалимдери жана эл башчылары менен бирге:

 

42— Башкаларды куткарыптыр, өзүн болсо куткара албай турат! Ысрайылдын падышасы имиш, айкаш жыгачтан түшсүнчү, кана, биз ага ишенип калалы.
43Кудайга таянчу эле, кана, кааласа, аны бошотсунчу, анткени «мен Кудайдын Уулумун» дечү эмес беле! — дешти.

 

44Ыйса менен кошо кадалган каракчылар да Аны кордоп жатышты.

 

Ыйсанын өлүмү

 

45Түшкү саат он экилерден баштап, бүт жерди караңгылык басып, ал саат үчкө чейин созулду.

 

46Саат үчтөрдө Ыйса: — Эли, эли! Лама сабахтани?— деп катуу үн менен боздоп жиберди.

 

Бул сөздүн мааниси: «Кудайым ай, Кудайым! Эмне үчүн Мени таштап кеттиң?»

 

47Ошол жерде тургандардын кээ бири муну угуп:

 

— Бул Илиясты чакырып жатат, — дешти.

 

48Ошол замат алардын бири жүгүрүп барып, соргучту сирке сууга малды да, таяктын учуна сайып алып, Ыйсанын оозуна такады.

 

49Ал эми башкалары: — Токточу, көрөлү, Илияс келип, аны куткарар бекен! — дешти.

 

50Ыйса болсо дагы бир жолу катуу кыйкырып, анан жан берди.

 

51Ошол замат ийбадатканадагы көшөгө башынан аягына чейин экиге бөлүнүп айрылды. Жер силкинип, таштар быркырады.
52Көрлөр ачылып, көптөгөн ыйыктар тирилди.
53Кийин, Ыйса тирилгенде, алар көрлөрүнөн чыгып, ыйык шаар Иерусалимге киришти да, көп адамдардын көзүнө көрүнүштү.

 

54Жердин силкингенин жана андан башка болуп жаткан окуяларды көрүп, үрөйлөрү учкан римдик жүз башы жана аны менен бирге Ыйсаны кайтарып тургандар:

 

— Бул чындыгында Кудайдын Уулу болгон экен! — дешти.

 

55Ошол жерде алыстан карап турган көптөгөн аялдар да бар эле. Булар Ыйсага кызмат кылып, Аны Галилеядан бери ээрчип келишкен болчу.
56Алардын арасында магдалалык Мариям, Жакып менен Жосенин энеси — Мариям жана Зебедейдин аялы бар эле.

 

Ыйсанын көргө коюлушу

 

57Кеч киргенде, ариматиялык Жусуп аттуу бир бай адам келди. Ал да Ыйсанын шакирти болчу.
58Ал Пилатка келип, Ыйсанын сөөгүн сурады. Пилат сөөктү берүүгө буйрук берди.
59Жусуп сөөктү алып, таза кездемеге ороп,
60асканы оюп өзүнө арнап жасаган жаңы көргө жаткырды да, оозун чоң таш менен бекитип туруп, кетип калды.
61Магдалалык Мариям менен дагы башка Мариям болсо ошол жерде, көрдүн маңдайында отурушкан.

 

Көрдөгү күзөт

 

62Кийинки күнү, жуманын эртесинде жогорку динкызматчылар менен фарисейлер Пилаттын алдына чогулушуп,

 

63ага: — Мырза, жанагы алдамчы көзү тирүүсүндө: «үч күндөн кийин тирилем» дегенин эстедик.
64Шакирттери келип, сөөгүн уурдап алып, элге: «Ал тирилди», деп айтышы мүмкүн. Ошондуктан үчүнчү күнгө чейин көр жакшылап бекитилсин деп буйрук бериңиз. Эгер алар ушундай кылышса, анда алардын бул алдамчылыгы биринчисинен да жаман болот, — дешти.

 

65Пилат аларга:

 

— Сакчылар мына, алгыла да, эми билгениңердей кылып, кайтара бергиле! — деп жооп берди.

 

66Ошондо алар барып, көрдүн оозундагы чоң ташка мөөр басып, сакчыларга кайтартып коюшту.

 

28

 

Ыйсанын тирилиши

 

1Дем алыштын эртеси, таң азанда магдалалык Мариям менен дагы башка Мариям көрдү көргөнү келишти.
2Аңгыча абдан катуу жер титирөө болду. Анткени Жараткан Эгенин периштеси асмандан түшүп, көрдүн оозундагы ташты жылдырып таштап, үстүнө отуруп алган болчу.
3Ал күн нурундай жаркырап, кийими кардай аппак эле.
4Сакчылар андан коркконунан калчылдап, өлүк кишилердей болуп, катып калышты.

 

5Периште болсо аялдарга минтип сүйлөдү:

 

— Силер коркпогула! Анткени айкаш жыгачка кадалган Ыйсаны издеп жүргөнүңөрдү билем.
6Ал бул жерде жок, Өзү айткандай, тирилип кетти, келип, жаткан жайын карагыла!
7Анан тез барып, шакирттерине: «Ыйса өлүмдөн кайра тирилип кетиптир, силерден мурда Галилеяга барат, Аны ошол жактан көрөсүңөр» дегиле. Силерге айтарым ушул!

 

8Бир чети коркуп, бир чети аябай кубанган аялдар көрдөн шарт бурулуп, Ыйсанын шакирттерине кабарлаганы чуркап жөнөштү.

 

9Аңгыча алардын алдынан Ыйса жолугуп:

 

— Саламатсыңарбы, — деди.

 

Аялдар жакындап келип, бутунан кучактап, Анын алдына жүзтөмөндөп жыгылышты.

 

10Ыйса аялдарга:

 

— Коркпогула, боордошторума барып айткыла, алар Галилея аймагына барышсын, Мени ошол жактан көрүшөт, — деди.

 

Сакчылардын сатылып кетиши

 

11Аялдар жолдо баратышканда, сакчылардын айрымдары шаарга барып, жогорку динкызматчыларга болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып беришти.
12Жогорку динкызматчылар эл башчылары менен жыйын өткөрүшүп, чечим кабыл алышты. Анан жоокерлерге көп акча берип:

 

13— «Түндө, биз уктап калганыбызда, шакирттери келип, аны уурдап кетишти» дегиле.
14Эгер муну губернатор угуп калса, анда анын көңүлүн биз жайгарабыз, силер болсо кам санабагыла, баарын өзүбүз бүтүрөбүз, — дешти.

 

15Сакчылар болсо акчаны алып, тигилер айткандай кылышты. Ал эми бул жалган сөз иудейлердин арасында ушул күнгө чейин кеңири тарап, айтылып жүрөт.

 

Ыйса шакирттерине көрүндү!

 

16Он бир шакирт болсо Ыйса «баргыла» деп буюрган Галилеядагы тоого келишти.
17Ал жерден Ыйсаны көрүшүп, Анын алдына жүзтөмөндөп жыгылышты. Алардын кээ бири мунун чындык экенине ишене албай турушту.

 

18Ыйса шакирттерине жакын келип, мындай деди: — Көктөгү да, жердеги да бийликтин баары Менин колума берилди.
19-20Ошондуктан барып, бардык элдерди Ата, Уул жана Ыйык Рухтун атынан сууга чөмүлдүрүп, Менин силерге буйругандарымдын баарын сактоого үйрөтүп, Мага шакирт кылгыла! Мына, Мен акыр заманга чейин, бардык убактарда, силер менен бирге болом.

 

 

 

Марк

1

 

Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн чакырыгы

 

1Бул Кудай Уулу Ыйса Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабардын башталышы:

 

 

2Ышая пайгамбар жазып кеткендей: «Мына, Сенин алдыңан,

 

Кабарчымды жиберем.

 

Ал Сага жол даярдайт».

 

3 «Жар салгандын чөлдө үнү угулат:

 

"Даяр кылгын Эгебиздин жолдорун,

 

Талаадагы басар жерин түздөгүн!"».

 

 

4Жакыя чөлгө келип, адамдарды сууга чөмүлдүрүп, күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн ниеттерин өзгөртүп, сууга чөмүлүү керек экендигин жар салып жүрдү.
5Бүткүл Иудея аймагындагылар жана иерусалимдиктер ага барышып, күнөөлөрүн моюнга алышып, өздөрүн Иордан дарыясында чөмүлдүртүп жатышты.
6Жакыя болсо төөнүн жүнүнөн жасалган кийим кийип, кайыштан белбоо тагынып, чегиртке менен жапайы аарынын балын жеп тамактанчу.

 

7Ал: — Арка жагыман менден алда канча кудуреттүү бирөө келатат. Мен эңкейип анын бут кийиминин боосун чечкенге да татыксызмын.

 

8Силерди мен сууга чөмүлтөм, ал болсо Ыйык Рухка чөмүлтөт! — деп жар салды.

 

Ыйсанын сууга чөмүлүү расмисинен жана сыноолордон өтүүсү

 

9Ошол күндөрдө Ыйса Галилея аймагындагы Назарет шаарынан келип, Иордан дарыясында Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүү расмисинен өттү.
10Ал суудан чыкканда, асмандын ачылганын жана Ыйык Рухтун көгүчкөн кейпинде үстүнө түшүп келатканын көрдү.
11Ошондой эле асмандан үн чыкты: «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын».
12Ушундан соң, Рух Ыйсаны дароо ээн талаага алып кетти.
13Жапайы жаныбарлар мекендеген ээн талаада кырк күн шайтандын сыноосунан өттү. Периштелер болсо Ага кызмат кылышты.

 

Ыйсанын биринчи шакирттери

 

14Жакыя камалган соң, Ыйса Галилея аймагына келип, мындай деп Кудайдын Жакшы Кабарын жарыялады:

 

15— Убакыт-сааты келип, Кудайдын падышачылыгы жакындап калды! Ниетиңерди өзгөртүп, Жакшы Кабарга ишенгиле!

 

16Галилея көлүнүн жанынан өтүп бара жатып, Ысман менен анын иниси Идристи көрдү. Алар кесиби балыкчы болгондуктан көлгө тор салып жатышкан болчу.

 

17Ыйса аларга: — Жүргүлө, Мени менен, силерге балык кармагандын ордуна, адамдарды Кудайга кантип апкелүүнү үйрөтөм! — деди.

 

18Алар ошол замат торлорун таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.
19Ыйса ал жерден бир аз узагандан кийин, кайыкта торлорун оңдоп жатышкан Зебедейдин балдары: ага-ини Жакып менен Жаканды көзү чалды.
20Көрөрү менен аларды Өзүнө чакырды. Алар болсо атасы менен мардигерлерди кайыкка калтырып, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.

 

Жинге чалдыккан киши

 

21Ыйса шакирттери менен бирге Капарноом шаарына келип, дем алыш күнү синагогада таалим берди.
22Ыйсанын таалимине эл таң калды, анткени Ал дин мугалимдериндей эмес, бийлиги бардай таалим берчү.
23Алардын синагогасына ошондо кара күчкө байланган бир киши капыстан кирип келип минтип катуу бакырды:

 

24— Биз менен сенин эмне ишиң бар, назареттик Ыйса! Түбүбүзгө жеткени келдиңби, ыя! Бил-е-е-м, ким экениңди, сен Кудайдын ыйыгысың.

 

25Ыйса ага:

 

— Үнүңдү бас да, андан чыгып кет! — деп буйруду.

 

26Кара күч жанагы кишини калчылдатып, катуу чаңырык менен андан чыгып кетти.
27Баарынын үрөйлөрү учуп, бири бирине: «Бул эмне ыя? Күчтүү окуубу? Бу киши кара күчтөргө да бийлик менен буйрук кылып, алар ага баш ийип атышат!» — дешти.
28Ошентип, Ыйса тууралуу кабар бүткүл Галилея аймагына тез эле тарап кетти.

 

Ыйсанын көп адамды айыктырышы

 

29Синагогадан чыгары менен Ыйса Жакып жана Жакан менен бирге Ысман менен Идристин үйүнө келди.
30 Ысмандын кайненеси ысытма болуп ооруп, төшөктө жаткан. Аял жөнүндө Ага дароо айтышты.
31Ыйса ага жакын басып келип, колунан алып, өйдө тургузду. Аял ошол замат ысытма оорусунан айыгып, Ыйсаларды коноктой баштады.

 

32Кеч кирип, күн батканда болсо эл Ыйсага бардык оорулуулары менен жиндерге чалдыккандарын алып келишти.
33Бүт шаар эли Ыйса турган үйдүн эшигинин алдына чогулуп калды.
34Ыйса ар кандай оору менен ооруган көп адамдарды айыктырды, көптөгөн жиндерди кууп чыкты. Жиндер Ыйсанын ким экенин билгендиктен аларга сүйлөгөнгө тыюу салды.

 

Ыйсанын Галилеядагы таалими

 

35Ыйса эртеси таң атпай туруп, үйдөн чыкты да, Өзү жалгыз ээн жерге барып, Кудайга сыйынды.
36Ысман менен анын шериктери Ыйсаны артынан издеп барышып,

 

37табышкан соң: — Баары сени издеп жүрүшөт! — дешти.

 

38Ыйса аларга:

 

— Жүргүлө, жакын жердеги айылдарга баралы. Ошол жерде да Жакшы Кабарды жар салышым керек. Анткени Мен ошол үчүн келгемин, — деди.

 

39Ошентип Ыйса бүтүндөй Галилея аймагын кыдырып, алардын синагогаларында таалим берип, адамдардан жиндерди кубалап жүрдү.

 

Пес оорулуу адамдын айыгышы

 

40Бир пес оорулуу адам Ыйсага келип, чөк түшүп, мындай деп жалбарды:

 

— Эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз.

 

41Ыйса бу кишиге боору ооруп, колун сунуп ага тийгизди да:

 

— Каалаймын, айыккын! — деди.

 

42Ошол замат тиги кишинин денеси пестен арылып, айыгып кетти.
43Ыйса катуу эскертип:

 

44— Байкагын, бул тууралуу эч кимге ооз ачпа, бирок өзүңдү динкызматчыга көргөзүп, айыкканыңдын далили катары Муса буюрган курмандыкты алып баргының!— деп, аны дароо кайра жөнөттү.

 

45Ал киши болсо, мындай чыгары менен элдин баарына болгон окуяны жар салып, айтып кирди. Ошондон улам Ыйса шаарга түз кире албай, сыртта, ээн жерлерде калууга аргасыз болду. Эл болсо Ыйсага туш-тараптан агылып келип жатты.

 

2

 

Шал болгон адамдын айыгышы

 

1Арадан бир аз күндөр өтүп, Ыйса кайрадан Капарноомго келди да, Анын үйдө экени баарына маалым болду.
2Көптөгөн эл жыйылып, эшигинин алдында бут коёрго жер калбады. Ыйса болсо аларга Кудайдын сөзүнөн таалим бере баштады.
3Шал оорулууну көтөрүп келишкен төрт адам
4элдин көптүгүнөн Ыйсага жакындай албай, Ал турган бөлмөнүн үстүн ачып, төбөсүн тешишти да, оорулууну төшөнчүсү менен кошо төмөн түшүрүштү.

 

5Ыйса алардын ишенимин көрүп, шал оорулуу адамга: — Балам, сенин күнөөлөрүң кечирилди! — деди.

 

6Ошол жерде олтурушкан дин мугалимдеринин кээ бирөөлөрү ичинен:
7«Мынабу эмне деп жатат! Бул Кудайга акарат келтирип жатат! Күнөөлөрдү Кудайдан башка ким кечире алат!» — дешти.

 

8Алардын бул оюн дароо туя койгон Ыйса мындай деди: — Силер эмне үчүн мындай ойлоп жатасыңар?
9«Күнөөлөрүң кечирилди!» деген жеңилби же «Тур, төшөгүңдү ал да бас!» дегенби?

 

10Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетиндеги күнөөлөрдү кечирүүгө бийлиги бар! Анан шал кишиге:

 

11— Сага айтам: тур, төшөгүңдү ал да, үйүңө жөнө! — деди.

 

12Шал оорулуу киши ошол замат тура калып, төшөгүн алды да, баарынын көз алдында сыртка чыгып кетти. Баары жакаларын кармашып:

 

— Ой, тобо, эч качан мындай нерсени көргөн эмес элек! — деп, Кудайды даңкташты.

 

Лебинин шакирттикке тандалышы

 

13Ыйса кайрадан Галилея көлүнүн жээгине барды. Ошол жерге келген элдин баарына таалим берди.

 

14Өтүп баратып, салык жыйноочу жайда олтурган Алпейдин уулу Лебини көрдү да ага: — Менин жолума түш, — деди.

 

Леби ордунан туруп, Ыйсаны ээрчип жөнөдү.

 

15Кийинчерээк Ыйса шакирттери менен бирге Лебинин үйүндө конок болуп, дасторкондун чекесинде жамбаштап жатты. Ыйсанын артынан ээрчип жүргөн көп салыкчылар жана башка күнөөкөрлөр да Аны менен бир дасторкондон тамак жеп жатышты.

 

16Ыйсанын салыкчылар жана күнөөкөрлөр деп четке кагылган адамдар менен бирге олтуруп тамак жеп олтурганын көрүшкөн фарисей тобундагы дин мугалимдери Анын шакирттерине: — Эй, эмне үчүн бул салыкчылар менен күнөөкөрлөргө кошулуп, бир дасторкондон тамак жейт? — дешти.

 

17Муну уккан Ыйса:

 

— Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек. Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим, — деди.

 

Орозо тутуу маселеси

 

18Жакыянын шакирттери жана фарисейлер орозо тутуп жүрүшкөн. Ошондуктан кээ бир кишилер Ыйсага келишип:

 

— Жакыянын шакирттери менен фарисейлердин шакирттери орозо тутушат, а эмне үчүн сенин шакирттериң тутушпайт? — дешти.

 

19Ыйса аларга мындай жооп берди:

 

— Үйлөнүп жаткан жигит тойго чакырылган коноктордун арасында жүргөндө, алар орозо тутушабы? Күйөө бала араларында турган кезде, аларга орозо тутууга болбойт!
20Алардын арасынан күйөө бала алына турган күндөр келет, алар орозону ошондо тутушат.
21Жаңы кийимден алынган жамаачыны эски кийимге эч ким жамабайт, анткени жаңы жамаачы эски кийимди айрып, жыртыгын мурдагысынан да чоң кылып коёт.
22Эч ким жаңы шарапты эски чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат. Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначтарга куюш керек.

 

Дем алыш күнү тууралуу

 

23Дем алыш күндөрүнүн биринде Ыйсага эгин талаасын аралап өтүүгө туура келди. Жолдо баратканда, шакирттери эгиндин баштарын жула башташты.

 

24Муну көргөн фарисейлер Ыйсага: — Карачы, эмне үчүн шакирттериң дем алыш күнү тыюу салынган ишти кылып жатышат! — дешти.

 

25Ыйса аларга:

 

— Өзүнүн жана жанындагы адамдардын карды ачып, бир нерсе жегенге зар болуп турганда, Дөөттүн эмне кылганын силер окуган жок белеңер?
26Ал Абыятар башкы динкызматчы болуп турганда, Кудай үйүнө кирип, Эгебизге багышталган нанды өзү да жеп, жанындагыларга да бербеди беле? Бирок ал нанды жегенге динкызматчылардын гана акысы болгон,— деди.

 

27Ыйса сөзүн мындайча аяктады:

 

— Адам дем алыш күнү үчүн эмес, тескерисинче, дем алыш адам үчүн жаратылган!
28Андыктан Адам Уулу дем алыш күнүнүн да ээси.

 

3

 

Колу сенек адам

 

1Ыйса кайрадан синагогага келди. Синагогада колу сенек бир адам бар эле.
2Ошол кишини дем алыш күн экенине карабай айыктырар бекен деп, фарисейлер Ыйсаны айыпка жыгуунун амалын издеп, алдыртан байкап турушту.

 

3 Ыйса болсо, колу сенек адамга: — Алдыга чык, — деди.

 

4Анан тигилерге кайрылып:

 

— Дем алыш күнү жакшылык кылуу керекпи же жамандык кылуу керекпи? Жанды куткаруу керекпи же кууратуу керекпи? — деди.

 

Тигилер унчугушпады.

 

5Ыйса аларды каардуу көзү менен кыдырата карап, ушунчалык таш боордугуна кейиди. Анан жанагы колу сенек кишиге: — Колуңду сун! — деди.

 

Тигил колун сунар замат айыгып кетти.
6Ошондо фарисейлер сыртка чыгышып, Ирод тараптагылар менен чогулушуп, алар менен бирге кантип Ыйсанын көзүн тазалаштын жолун сүйлөшүштү.

 

Көл жээгиндеги калың эл

 

7Ыйса шакирттери менен бирге Галилея көлү тарапка кетип калды. Галилея жана Иудея аймактарынан,
8Иерусалимден жана Идумея аймагынан, Иордандын чыгыш тарабынан, Тир жана Сидон шаарларынын айланасынан адамдар Ыйсанын кылган иштерин угушуп, Ага жоон топ болуп агылып келип жатышты.

 

9Топураган көп элдин Ыйсаны жөөлөп кысканынан улам Ал шакирттерине: — Мага бир кайыкты камдагыла, — деди.

 

10Ыйса көп адамдарды айыктырган болчу, ошондуктан оорулуулар Ага колдорун тийгизүүгө жулунуп жатышты.
11Кара күчкө чалдыккандар болсо Ыйсаны көргөндө алдына кулап: «Сен Кудайдын Уулусуң!» — деп чаңырып жатышты.
12Ыйса аларга Өзүнүн ким экенин жарыя кылууга катуу тыюу салды.

 

Он эки элчинин тандалышы

 

13Анан Ыйса тоого чыгып, Өзү тандап алган бир нече кишини чакырды. Алар келишкенде,
14-15арасынан он экисин Өзү менен бирге болууга дайындап, буларды элчилер деп атады. Аларды жар салууга жөнөттү да, жиндерди кууп чыгуу бийлигин берди.
16Төмөндө ошол он эки элчинин аттары: Ысман (Ыйса ага Петир деген ат койду),
17Зебедей уулу Жакып жана анын иниси Жакан (Ыйса аларды Боонергестер деп атады, аттын мааниси «Күн күркүрөөнүн уулдары»),
18Идрис, Филип, Барталамей, Матай, Том, Алпей уулу Жакып, Тадай, Динчил[1]Ысман,
19ошондой эле кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.

 

Ыйса жана шайтан

 

20Ушундан соң, Ыйсалар үйгө келишти. Кайрадан эл жыйылып, шам-шум этип алууга да мүмкүнчүлүктөрү болбой калды.
21Бул тууралуу кабар Ыйсанын жакындарына жеткенде, алар Аны алып кетүү үчүн келишти, анткени эл: «Бул акылынан адашыптыр», — деп сөз кылып жаткан болчу.
22Иерусалимден келген кээ бир дин мугалимдери болсо: «Мунун ичинде Бээлзебул[2]бар! Бул жиндерди алардын ошол башчысынын күчү менен кубалап жатат», — дешти.

 

23Ошондо Ыйса аларды чакырып алып мындай деген ибарат айтты:

 

— Кантип шайтан шайтанды кубалай алат?
24Эгер мамлекет өз ичинен бөлүнүп-жарылса, кыйрайт.
25Эгер үй-бүлөнүн ыркы кетсе, соо калбайт.
26Эгер шайтан да өзүнө өзү каршы чыгып, бөлүнүп-жарылса, анда соо калбайт, соодасы бүтөт.
27Алдуу адамдын үйүнө кирген бирөө алды менен анын өзүн байлабай туруп, үй-мүлкүн кантип тоноп кетет? Алдууну байлагандан кийин гана анын үйүн тоной алат.
28Силерге бир чындыкты айтып коёюн: адам баласынын күнөөлөрү менен жаман сөздөрү бүт кечирилет,
29а бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, анда ал эч качан кечирилбейт, ошол күнөөсү түбөлүк мойнунда калат.

 

30Ыйса бул сөздү кээ бир адамдардын: «Муну кара күч басыптыр!» — дегенинен улам айтты.

 

Ыйсанын энеси жана бир туугандары

 

31Ушундан соң, Ыйсанын энеси менен бир туугандары келишип, сырттан туруп Аны чакыртышты.

 

32Ыйсанын айланасында толтура адамдар олтурган болчу. Алар Ыйсага: — Энең, инилериң жана карындаштарың келип, сыртта сени чакырып жатышат, — дешти.

 

33—  Менин энем менен бир туугандарым кимдер? — деди аларга Ыйса.

 

34 Анан айланасында олтургандарды сыдыра карап алып:

 

— Менин энем менен бир туугандарым булар!
35Анткени ким Кудайдын каалоосун аткарса, ошол Мага бир тууган ага-ини, эже-карындаш жана эне болот, — деди.

 

4

 

Дыйкан тууралуу ибарат

 

1Ыйса кайрадан көл жээгинде элди окута баштады. Ошондо жыйылган элдин көптүгүнөн кайыкка түшүүгө туура келди. Эл болсо жээкте карап турду.
2Ыйса ибарат менен көп нерселерди айтып, аларды окутту. Ал элге мындай деди:

 

3— Кулак салып, угуп алгыла: бир дыйкан эгин сепкени талаага чыгыптыр.
4Сепкен уругунун кээси жол боюна түшүп, чымчыктарга жем болот.
5Кээ бири аз гана топурагы бар таштак жерге түшүп, кыртышы терең болбогондуктан тез эле өсүп чыгат.
6Күн чыкканда күйүп, тамыры терең болбогондуктан куурап калат.
7Кээси тикен арасына түшөт. Анан тикен өсүп чыгып, аны басып калгандыктан ал түшүм бербейт.
8Ал эми кээ бирлери жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, кээси отуз, кээси алтымыш, кээси жүз эсе түшүм берет.

 

9Ыйса аягында мындай деди:

 

— Уга турган кулагы барлар уксун!

 

Ибараттын мааниси

 

10Ыйса жалгыз калганда, он эки шакирти менен бирге айланасында тургандар Андан ибараттардын мааниси тууралуу сурашты.

 

11Ыйса аларга мындай деп жооп берди: — Кудайдын Падышачылыгынын сырларын билүү силерге буюрган. Ал эми сырттагы, жанагыларга болсо баары ибараттар аркылуу айтылат.

 

 

12Ошондуктан алар: «Караса да, көрүшпөйт,

 

Тыңшаса да, түшүнбөйт.

 

Кайрылышса Кудайга,

 

Кечирилмек күнөөсү».

 

Дыйкан тууралуу ибараттын мааниси

 

13Анан Ыйса аларга мындай деди:

 

— Бул ибараттын маанисин түшүнбөй жатасыңарбы? Анда башка ибараттарды кантип түшүнөсүңөр?
14Дыйкан сепкен урук — Кудайдын сөзү.
15Жол боюна түшкөнү мындай адамдарды билдирет: булардын жүрөгүнө Кудайдын сөзү себилет, бирок алар угары менен эле шайтан дароо жетип келе калып, жүрөктөрүнө себилген сөздү уурдап кетет.
16Ал эми таштак жерге түшкөн үрөн болсо Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамдарды билдирет.
17Бирок тамыры болбогондуктан бир азга гана ишенип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка же куугунтукка кабылар замат ишенимден баш тартышат.
18Тикендердин арасына түшкөнү Кудай сөзүн уккан,
19бирок бул дүйнөнүн түйшүгүнө, акчанын азгырыгына жана башка каалоолорго алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат.
20Ал эми жакшы кыртышка түшкөндөрү Кудай сөзүн угуп, кабыл алган адамдарды билдирет. Мындай адамдар отуз, алтымыш, жүз эсе жемиш берген үрөнгө окшош.

 

Шам тууралуу ибарат

 

21Ыйса дагы мындай деди:

 

— Шамды идиштин же керебеттин астына коюш үчүн жагышабы? Аны шамдалга коюшпайбы?
22Сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт.
23Уга турган кулагы барлар уксун!

 

24Ыйса аларга дагы мындай деди: — Укканыңарды байкагыла! Кандай өлчөмдө көңүл бөлсөңөр, ошондой өлчөмдө силерге түшүнүк берилет, ал тургай ашыгы менен берилет.
25Кимде бир аз түшүнүк бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, анын бар деп ойлогону да тартылып алынат.

 

Кудай Падышачылыгынын жайылышы тууралуу ибарат

 

26Ыйса дагы мындай деди:

 

— Кудай Падышачылыгы мындай: адам айдоо талаасына урук себет да,
27 түнү уктап, күндүзү туруп, уруктун кандайча өсүп-өнүп жатканын билбейт.
28Жер аны өзү өстүрөт: алгач көгөртүп, анан баш байлатып, анан башын данга толтурат.
29Адам болсо дан бышары менен эгинине орок салат, анткени оруу-жыюу маалы келип жетет.

 

Сары кычынын даны тууралуу ибарат

 

30Ыйса дагы мындай деди:

 

— Кудай Падышачылыгын дагы эмнеге салыштырса болот? Аны кандай ибарат менен сүрөттөп берейин?
31Ал жерге эгилген, бул дүйнөдөгү уруктардын эң кичинеси болгон сары кычы данына окшош.
32Ал эгилген соң, өсүп чыгат, анан бакчадагы бардык өсүмдүктөрдөн ашып кетет. Чоң-чоң бутак жайып, көлөкөсүнө канаттуулар пааналап, уя салышат.

 

33Ыйса элге ушул сыяктуу дагы көптөгөн ибараттарды айтып, алардын сиңирүүгө кудурети жеткиче Кудайдын сөзүнөн таалим берди.
34Ал элге жалаң ибарат менен сүйлөдү, ал эми шакирттери менен калганда, аларга ибарат менен айтылгандардын баарысынын маанисин чечмелеп, түшүндүрүп берди.

 

Көлдөгү бороондун токтошу

 

35Ошол күнү кечинде Ыйса шакирттерине көлдүн аркы өйүзүнө барабыз деп айтты.
36Ошондуктан шакирттери элден бөлүнүп, кайыктын ичинде олтурган Ыйсага кошулушту. Жанында башка кайыктар да бар болчу.
37Анан катуу бороон башталып, кайыктын капталына урунган толкундар ичине ашып, ичи толо баштады.

 

38Ыйса болсо кайыктын куйрук жагында жаздык жазданып, уктап жатты. Шакирттери Аны ойготушуп: — Устат, өлө турган болдук! Бизди ойлосоң боло! — дешти.

 

39Ыйса ордунан туруп, бороонго тыюу салып, толкундарга:

 

— Басыл, токтогун! — деп буйруду.

 

Бороон тынчып, айлана жымжырт боло түштү.

 

40Анан шакирттерине кайрылып: — Эмне мынчалык коркоксуңар? Ушул убакка чейин ишене алган жоксуңарбы? — деди.

 

41Үрөйлөрү учкан шакирттери өз ара:

 

— Бороон менен деңиз да баш ийген бул ким болду экен? — деп сүйлөштү.

 

5

 

Жин даарыган адамдын айыгышы

 

1Анан алар көлдүн аркы өйүзүнө жайгашкан Гераса аймагына келишти.
2Ыйса кайыктан түшөрү менен, мүрзөлөрдүн арасынан кара күчкө чалдыккан бир киши чыга калып, алдынан тосуп чыкты.
3Бул кишинин жашаган жери мүрзө болчу. Эч ким аны, ал тургай чынжырлар менен да байлап кармап кала алган эмес.
4Көп ирет колун кишендеп, бутун чынжыр менен байлашса да ал чынжырларды үзүп, кишендерди талкалап бошонуп кетчү. Аны баш ийдиргенге эч кимдин күчү жетпеген.
5Ал күн-түн дебей тоо-дөбөлөрдү, мүрзөлөрдү аралап далбастап, өкүрүп-бакырып, өзүн өзү таш менен уруп, жарадар кылчу.

 

6Бул киши Ыйсаны алыстан көрүп, чуркап келип, алдына чөгөлөдү да:

 

7— Эй, Ыйса, Кудай Тааланын Уулу, мени менен кандай ишиң бар?! Кудай акы, сенден суранам, мени азапка салбачы! — деп бакырып жиберди.

 

8Анткени Ыйса андагы кара күчкө: «Кара күч, бул кишиден чыгып кет!» — деген болчу.

 

9Ыйса андан: — Атың ким? — деп сурады.

 

Ал:

 

— Менин атым түмөн, анткени биз көппүз! — деп жооп берди.

 

10Анан аларды ошол аймактан кууп чыкпоосун өтүнүп, Ыйсага кайра-кайра жалынып-жалбарышты.

 

11Ошол жердеги тоонун боорунда чоң бада чочко оттоп жүргөн.

 

12Кара күчтөр Ыйсага жалбарышып: — Бизди чочколорго жибере көр, ошолордун ичине кирелик, — дешти.

 

13Ыйса уруксат берди. Кара күчтөр адамдан чыгып чочколорго киришти. Ошондо эки миңдей чочкодон турган баданын баары жабыла тик жардан көлгө кулап чөгүп өлүштү.

 

14Чочко кайтаргандар болсо артка карай чуркап жөнөштү да, муну шаар-кыштактарга жарыя кылышты. Ошондо адамдар болгон окуяны көрүп келүүгө чыгышты.
15Алар Ыйсага келишип, ичинде түмөн жини бар кишинин кийим кийип, акыл-эси жайында олтурганын көрүшүп, жүрөктөрү ооздоруна тыгылды.
16Окуяны көргөндөр болсо, аларга бул жин оорулуу адам менен чочколор эмне болгонун айтып беришти.
17Ошондо герасалыктар Ыйсадан алардын жеринен кетишин сурана башташты.
18Ыйса кайыкка түшкөндө, мурда жин даарып ооруган киши Аны менен кошо кетүүнү суранды.

 

19Ыйса болсо ага уруксат берген жок: — Өз үй-бүлөңө бар да, Эгеңдин сага эмне кылганын, сага кандай кайрым көрсөткөнүн айтып бер, — деди.

 

20Ошондо баягы киши артына кайтып, Оншаар аталган аймакта Ыйсанын ага кылганын айтып, жарыялай баштады. Уккандардын баары таң калып жатышты.

 

Тирилген кыз, сакайган аял

 

21Ыйса кайрадан көлдүн аркы өйүзүнө жеткенде, жоон топ эл Аны дагы курчап алды. Ал көлдүн жээгинде турганда,
22синагога башчыларынын бири болгон Жайыр деген киши келип, Ыйсаны көрүп, Анын бутуна жыгылып:

 

23— Кызым өлүм алдында жатат. Келип, кызыма колуңузду коё көрүңүз, айыгып, аман калсын! — деп жалбарды.

 

24Ыйса Жайыр менен анын үйүнө жөнөдү. Кошо жөнөгөн көп эл Ыйсаны туш-тушунан жөөлөп баратты.

 

25Ошол тополоңдун ичинде он эки жыл бою ичинен кан акканы токтобой ооруган бир аял бар эле.
26Ал көп дарыгерлерге барып, алардан шыпаа табалбай, кыйналып, колунда болгон нерсесинин баарын сарптап бүтсө да, ден-соолугу түзүк болбой эле кайра начарлап бараткан.
27-28Бул аял Ыйса тууралуу укканда, ичинен «кийимине эле колум тийсе, айыгам» деп эл арасынан билинбей Анын артынан келип, кийимине колун тийгизди.
29Кан кеткени тып басылып, аял айыкканын сезди.

 

30Ошол эле убакта Ыйса да Өзүнөн күч чыкканын сезип, айланасындагы элге кайрылып: — Ким Менин кийимиме колун тийгизди? — деп сурады.

 

31Шакирттери Ага:

 

— Карачы, сени канча адам туш-тушуңдан кысып турат! А сен болсо «ким Мага колун тийгизди» дейсиң, — дешти.

 

32Ыйса болсо колун тийгизген ким экенин көрүү үчүн айланасын карай берди.
33Ошондо өзү менен эмне болгонун билген аял коркконунан калтырап-титиреп басып келди да, Ыйсанын алдына жыгылып, болгон чындыкты төкпөй-чачпай айтып берди.

 

34Ыйса болсо тигил аялга: — Кызым, ишенимиң сени айыктырды. Жакшы бара кой, дартыңдан сакайып кет, — деди.

 

35Ыйса сөзүн бүтө электе, синагога башчысы тараптан адамдар келишип:

 

— Кызыңыз өлдү! Эмне үчүн устатты дале убара кылып жатасыз? — дешти.

 

36Ыйса болсо алардын сөзүн укту, ошентсе да синагога башчысына:

 

— Коркпо, тек гана ишенгин, — деди.

 

37Анан Петир, Жакып жана анын иниси Жакандан башкалардын бирөөнө да артынан барганга уруксат бербеди.
38Алар синагога башчысынын үйүнө келишип, ызы-чуу түшүп ыйлап, өкүрүп жаткандардын үстүнөн чыгышты.

 

39Ыйса алардын арасына кирип: — Эмнеге ызы-чуу түшүп, ыйлап жатасыңар? Кыз өлгөн жок, уктап жатат, — деди.

 

40Ошондо алар Ыйсаны шылдыңдап күлүштү. Ыйса болсо баарын үйдөн сыртка чыгарып, өлгөн кыздын ата-энеси менен үч шакиртин алып, сөөк жаткан жайга кирди.

 

41Кирип, кыздын колун кармады да: — Талита, куми! — деди. Мунун котормосу: «Кызым, сага айтам, тургун!»

 

42Кыз ошол замат туруп, нары-бери баса баштады. Ал он экиде болчу. Муну көргөндөр абдан таң калышты.
43Ыйса болсо аларга бул тууралуу эч кимге ооз ачпоону буйруду жана кызга жегенге бир нерсе бергиле деди.

 

6

 

Ыйсанын Өз мекенинде четке кагылышы

 

1Ыйса ал жактан кетип, шакирттери менен бирге кайрадан Өзүнүн чоңоюп өскөн шаарына келди.

 

2Дем алыш күнү болгондо, синагогага барып таалим бере баштады. Ошол жердеги көпчүлүк Ыйсанын таалимин укканда: — Булардын баарын бу кайдан алды? Ага кандай акылмандык берилди экен? Мындай укмуштар кантип анын колунан келип жатат?

 

3Бу жыгач уста эмес беле? Мариямдын уулу, Жакып, Жосе, Жүйүт жана Ысмандардын бир тууганы го бул? Карындаштары да биздин арабызда турушат го? — деп таң калышты. Ошентип алар Ыйсаны четке кагышты.

 

4Ошондо Ыйса аларга мындай деди:

 

— Пайгамбар бардык жерде кадыр-барктуу болсо да, өз жери, туугандары жана үй-бүлөсүнүн ичинде анын кадыры билинбейт.

 

5Ыйса ал жерден бир нече оорулууга колун коюп айыктыргандан башка эч кандай кереметтерди көрсөтө албады.

 

6Алардын ишенбестигине ушунчалык таң калды.

 

Ошондон кийин Ыйса айлана-тегеректеги айыл-кыштактарга барып, андагыларга таалим берип жүрдү.

 

Он эки шакиртке берилген тапшырма

 

7Анан он эки шакиртин чакырып алып, эки-экиден кызматка жөнөтө баштады. Аларга кара күчтөрдү башкарганга бийлик берди.

 

8— Жолго жалгыз таяктан башка эч нерсе: нан да, баштык да албагыла, белбооңорго тыйын да түйбөгүлө,
9 бирок бут кийим кийгиле да, ашык кийим албагыла! — деп буйруду.

 

10Дагы мындай деди:

 

— Кайсы үй силерди кабыл алса, барган жериңерден кеткиче, ошол үйдө калгыла.
11Эгерде кайсы бир жерде силерди кабыл албаса жана сөзүңөрдү укпаса, анда ал жактан чыгып баратып, алардын четке кагылганынын белгиси катары бутуңардын чаңын күбүп салгыла.

 

12Ошентип алар жолго чыгышып, адамдарга ниетиңерди өзгөрткүлө деп жар салышты.
13Адамдардан көп жиндерди кубалап чыгышып, далай оорулууларды май менен майлап айыктырып жүрүштү.

 

Жакыянын өлүмү

 

14Мунун баары Ирод падышага жетти. Анткени бардык жерде Ыйсанын аты чыгып кетти. Кээ бирөөлөр: «Бул Жакыя чөмүлдүрүүчү, ал тирилип кетиптир, укмуштуу иштерди кылып жатканынын себеби ошондон», — дешти.
15Кээ бирөөлөр болсо: «Бул Илияс пайгамбар!» — дешсе, дагы бирөөлөр: «Бул байыркы пайгамбарларга окшогон дагы бир пайгамбар!» — дешти.
16Ирод муну укканда: «Бул мен башын алдырган Жакыя! Ал тирилип кеткен турбайбы!» — деди.
17Жакыяны Ирод өзү киши жиберип карматып, камакка алдырткан. Ирод иниси Филиптин аялы Иродияга үйлөнүп алган. Жакыяны ал ошол аялы үчүн түрмөгө отургузган.
18Анткени Жакыя Иродго: «Иниңдин аялын алып алганың туура эмес!» — деген.
19Ошондон улам Иродия Жакыяны өлтүргүсү келип, кекенип, бирок анысын ишке ашыра алган эмес.
20Анткени Ирод Жакыянын адил жана ыйык адам экенин билип, коркконунан аны коргоп жүргөн. Айткан сөздөрүнө ар дайым тынчсызданып жүрсө да, аны укканды жакшы көргөн.
21Акыры Иродиянын күнү тууган учур келди. Бул Ироддун туулган күнүндө болду. Ал ак сарайда иштеген өзүнүн бардык чоңдорун, аскербашыларын жана Галилея аймагын башкарган адамдарды чакырды.

 

22Иродиянын кызы келип, бийлеп, Ирод менен анын жанында олтурган коноктордун купулуна толду. Ошондо падыша кызга: — Менден каалаганыңды сура, сурооңду орундатам! — деди.
23— Каалаганыңды берем, керек болсо падышачылыгымдын жарымын сурасаң да берем! — деп ант кылды.

 

24Кыз барып энесинен:

 

— Эмне сурайын? — дегенде, энеси:

 

— Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын, — деди.

 

25Кыз дароо падышага чуркап барып:

 

— Мага Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн башын азыр табакка салып, алдырып келишиңизди каалайм! — деп талап кылды.

 

26Кыздын өтүнүчү падышаны абдан кайгыртты. Бирок коноктордун алдында берген анты үчүн ага жок деп айткысы келбеди.
27Ошондуктан бир желдетин жиберип, Жакыянын башын кесип келүүнү буюрду. Желдет түрмөгө барып, Жакыянын башын алды да,
28табакка салып келип, кызга берди. Кыз болсо энесине берди.
29Бул окуяны уккан Жакыянын шакирттери келип, анын сөөгүн алышты да, көргө алып барып коюшту.

 

Ыйсанын беш миң кишини тойгузушу

 

30Жиберилген элчилер кайтып келишип, Ыйсага барышты да, эмне кылып, эмнени окуткандарын төкпөй-чачпай айтып беришти.

 

31Келип-кетип жаткан элдин көптүгүнөн, Ыйса менен Анын шакирттеринин тамактанып алганга да чолосу тийбей жаткан. Ошондуктан Ыйса шакирттерине:

 

— Өзүбүзчө ээнирээк жерге барып, бир аз эс алып алалы, — деди.

 

32Ошентип алар өздөрү жалгыз кайыкка олтурушуп, ээн жерге жөнөштү.
33Көп адамдар алардын бараткан жагын көрүп, ким экенин таанып калышты. Анан бардык шаарлардан жөө-жалаңдап чыгып, алар бараткан жерге алардан мурда чуркап жетишти.
34Ыйса кайыктан түшкөндө, топураган элди көрүп, аларга боору ооруду. Анткени алар койчусу жок койлорго окшош эле. Ыйса ошол жерде көп нерселерди айтып, аларга таалим бере баштады.

 

35Кеч кирип бараткандыктан шакирттери келип: — Бул жер ээн, убакыт болсо кеч болуп кетти.
36Элди коё бер, айланадагы айыл-кыштактарга барып, жегенге бирдеме сатып алышсын, — дешти.

 

37Ыйса болсо:

 

— Жегенге бирдемени силер бергиле, — деди.

 

Шакирттери:

 

— Бизди барып, эки жүз күмүш теңге[3]жумшап, буларга нан сатып келгиле дегени турасыңбы? — дешти.

 

38Ыйса:

 

— Канча наныңар бар? Барып, карап келгилечи, — деди.

 

Алар барып карап келишип:

 

— Беш нан, эки балык бар экен, — дешти.

 

39Ошондо Ыйса аларга элдин баарын көк чөптүн үстүнө топ-топко бөлүп олтургузууну буйруду.
40Эл катар-катар болуп, жүз-жүз, элүү-элүүдөн топко бөлүнүп олтурушту.
41Анан Ыйса жанагы беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, элге таратсын үчүн шакирттерине берди. Эки балыкты да баарына бөлүп берди.
42Баары жеп, тоюшту.
43Анан нан менен балыктын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду.
44Жеген эркектердин эсеби беш миңдей эле.

 

Ыйсанын суу үстү менен басышы

 

45Ыйса элди таратып жатып, ошол эле убакта шакирттерин дароо кайыкка салып, көлдүн аркы өйүзүндөгү Бейтсайдага Өзүнөн мурда барсын үчүн жөнөтүп жиберди.
46Элди тараткан соң, сыйынуу үчүн тоого чыкты.
47Кеч кирип, кайык көлдүн ортосуна барып калганда, Ал Өзү жалгыз жерде турган.
48Ошондо шакирттеринин толкундар менен алышып, жандалбастап жаткандарын көрдү. Анткени шамал алардын бет маңдайынан согуп, калак шилтеш кыйын болуп турган. Анан таң азанда шакирттерине суу үстү менен басып келип, жандап өтө берейин деди.
49Ошондо шакирттери көрүп калышты да, Аны арбак экен деп ойлоп, бакырып жиберишти.

 

50Аны көргөндө, баарынын эси чыкты. Ыйса ошол замат аларга:

 

— Коркпогула, бул Мен элемин, — деп сүйлөй баштады.

 

51Анан аларга кошулуп кайыкка түштү. Шамал ошол замат тып басылды. Шакирттери ушунчалык таң калып, ооздору ачылды,
52анткени акыл-сезимдери тунарып калгандыктан, нан менен болгон кереметтин маанисин түшүнүшкөн эмес эле.

 

Генисареттеги оорулуулардын сакайышы

 

53Алар көлдүн аркы бетине сүзүп өтүп, Генисарет жерине жетишти да кайыкты жээкке байлашты.
54Кайыктан түшөрү менен жергиликтүү эл Ыйсаны дароо тааный коюшуп,
55бүткүл аймакты аралай жүгүрүп өтүшүп, Анын кайда экенин угушкан жерге оорулууларды төшөктөрү менен көтөрүп алпкеле башташты.
56Ыйса кайда барбасын: айыл-кыштактарга болобу, шаарларга болобу, адамдар оорулууларын базар болчу жерлерге жаткырып коюшуп, «алар жок дегенде киймиңиздин этегине колун тийгизсе болобу» деп суранып жатышты. Ал эми колун тийгизгендер болсо айыгып кетип жатышты.

 

7

 

Ата-бабалардын салты

 

1Фарисейлер менен Иерусалимден келген дин мугалимдери Ыйсанын жанына жыйналышты.
2Ыйсанын шакирттеринин кээ бири арам колу менен, тагыраак айтканда, колдорун жуубай нан жеп жатканын көрүштү.
3Анткени фарисейлер башка иудейлердин баары сыяктуу эле колдорун улуулардан калган салтка ылайык жуумайын тамак жешпейт.
4Ошондой эле базардан келгенди жуумайынча ооздоруна алышпайт. Мындан башка дагы табактарды, чайнектерди, идиштерди, керебеттерди жууп-тазаламай деген, өздөрү кабыл алышкан толгон-токой салттары бар.

 

5Ошондуктан фарисейлер менен дин мугалимдери Ыйсага: — Эмне үчүн шакирттериң улуулардан калган салтты бузуп жатышат? Алар кол жуу расмисин сактабай эле нан жешет экен, — дешти.

 

6Ыйса аларга мындай жооп берди:

 

— Эки жүздүүлөр, Ышая силер жөнүндө туура пайгамбарчылык кылып, жазып кеткен:

 

 

«Тили менен Мени сыйлап жатса да,

 

Дили менен бул эл Менден алыс бейм.

 

7Адам салтын Меники деп окутуп,

 

Мага келип табынганы пайдасыз».

 

 

8Силер Кудайдын осуяттарынан баш тартып, адамдардын салттарын кармайсыңар.

 

9Ыйса дагы мындай деди:

 

— Өзүңөрдүн салттарыңарды карманыш үчүн Кудайдын осуяттарынан баш тартканыңар жакшыбы?
10Муса мындай деген эмеспи: «Ата-энеңди сыйла»жана «Атасын же энесин сөккөн адам өлүм жазасына тартылсын!»
11А силер болсо: «Эгер ким атасы же энесине: "силерге бере турган нерсемдин баарын ‘корбан’, башкача айтканда, ‘Кудайга багыштадым’" десе,
12анда ал атасы же энеси үчүн эч нерсе кылбай эле койсо болот» деп,
13элге үйрөткөн ушул салтыңар менен Кудайдын сөзүн жоюп салдыңар. Буга окшогон дагы башка көп нерселериңер толуп жатат.

 

Адамды арам кылган эмне?

 

14Анан Ыйса элди чакырып алып, дагы мындай деди:

 

— Мага кулак салып, түшүнүп алгыла!
15-16Адамды анын ичине сырттан кирген нерсе эмес, ичинен чыккан нерсе арам кылат.

 

17Ыйса көпчүлүктөн бөлүнүп, үйгө киргенде, шакирттери Ал айткан сөздүн маанисин сурашты.

 

18— Чындап эле силер да али түшүнө элексиңерби? — деди Ыйса аларга. — Адамдын ичине сырттан кирген бир да нерсе аны арам кыла албайт.
19Анткени ал адамдын жүрөгүнө эмес, курсагына кирет да, сыртка чыгып кетет. (Ыйса муну менен бардык тамак адал дегиси келген.)
20Адамды ичинен чыккан нерсе арам кылат, — деп улантты Ыйса сөзүн,
21— анткени ичтен, адамдын жүрөгүнөн арам ой, бузукулук, уурулук, адам өлтүрүүчүлүк,
22ойноштук, ач көздүк, кара ниеттик, алдамчылык, кумарлануучулук, көрө албастык, уу сөздөр, текебердик, акмакчылык чыгат.
23Ушул жамандыктын баары ичтен чыгып, адамды арам кылат.

 

Чет элдик аялдын ишеними

 

24Ыйса ал жактан чыгып, Тир аймагы жакка жөнөдү. Ошол жерден бир үйгө кирип, турган жерин бирөөлөр билишин каалабады. Бирок баары бир жашырына алган жок.
25Анткени кара күчкө чалдыккан кызы бар бир аял Ыйса жөнүндө угары менен жетип келип, Анын бутуна жыгылды.
26Бул аял эврей эмес, сирофиникиялык болчу. Ал Ыйсадан кызынын ичиндеги жинди кууп беришин суранып жалбарды.

 

27Ыйса болсо ага: — Кой, адегенде балдардын курсагы тойсун, алардын нанын иттерге ыргыткан жакшы эмес, — деди.

 

28— Ооба таксырым, — деди аял, — бирок иттер деле балдардын дасторконунан түшкөн күкүмдөрдү жейт эмеспи?

 

29Ошондо Ыйса ага:

 

— Ушул сөзүң үчүн бара бер, жин кызыңдан чыгып кетти, — деди.

 

30Аял үйүнө келип, кызынын төшөктө жатканын жана жиндин чыгып кеткенин көрдү.

 

Дүлөйдүн айыгышы

 

31Ыйса Тир аймагынан чыгып, Сидон шаарынан өтүп, Оншаар турган жерди аралап, Галилея көлүнө жөнөдү.
32Аңгыча кимдир бирөөлөр жакшы сүйлөй албаган, кулагы да такыр укпаган кишини алып келишип, Ыйсадан ага колун коюп, айыктыруусун сурап жалбарышты.
33Ыйса аны элден өзүнчө бөлүп барып, эки кулагына сөөмөйлөрүн тыкты. Анан сөөмөйүнө түкүрүп, тигинин тилине тийгизди.

 

34Андан соң, асманга карап, терең дем алды да оорулууга: — Эффата! (мааниси: ачыл!), — деди.

 

35Ошол замат дүлөйдүн кулагы ачылып, тилге келди да кадимкидей сүйлөй баштады.
36Анан Ыйса элге бул тууралуу эч кимге ооз ачпоону буюрду. Бирок канчалык тыюу салган сайын, ошончолук кайра күчөшүп кеп кылышты.

 

37Айран таң калган эл: — Ал кылгандын баары жакшы экен: ал тургай дүлөйлөрдү уктуруп, дудуктарды сүйлөтүп жатат! — дешти.

 

8

 

Ыйсанын төрт миң кишини тойгузушу

 

1Ошол күндөрдүн биринде кайрадан абдан көп эл чогулуп, жегенге тамак табылбады. Ыйса шакирттерин чакырып алып:

 

2— Элге боорум ооруп атат, үч күндөн бери жанымда, жегенге эч нерселери жок.
3Эгерде ушул бойдон үйлөрүнө таратып жиберсем, жолдо шайы ооп калат, анткени арасында алыстан келгендери да бар, — деди.

 

4Шакирттери:

 

— Мынча элди тойгуза турган нанды бул ээн талаадан ким таба алат? — дешти.

 

5Ыйса:

 

— Канча наныңар бар? — деди.

 

Алар:

 

— Жети, — деп жооп беришти.

 

6Ошондо Ыйса элди жерге отургузгула деп буйруду. Анан жети нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да элге таратуу үчүн шакирттерине берди. Шакирттери болсо элге таратышты.
7Алардын дагы бир аз кичине балыктары бар эле. Ыйса шүкүрчүлүк келтирип, аларды да таратууну буйруду.
8Баары жеп, тоюшту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, жети себет болду.
9Жегендердин эсеби болсо төрт миңдей киши эле. Анан Ыйса аларды үйлөрүнө коё берип,
10дароо шакирттери менен бирге кайыкка олтуруп, Далманут аймагына келди.

 

Фарисейлердин жышаан талап кылышы

 

11Кээ бир фарисейлер Ыйсага келишип, Аны менен талаша башташты. Ыйсаны сынашып, асмандан бир жышаан-белги көрсөт деп талап кылышты.

 

12Ыйса терең үшкүрүнүп алды да: — Бул адамдар эмне үчүн Менден жышаан-белги талап кылышат? Силерге бир чындыкты айтып коёюн: бул муунга эч кандай белги берилбейт! — деди.

 

13Анан аларды калтырып, кайрадан кайыкка олтурду да, көлдүн наркы өйүзүнө кетип калды.

 

Фарисейлер менен садукейлердин таалими тууралуу

 

14Кайыкта бир эле нан бар болуп чыкты, анткени алар нан алганды унутуп калышкан экен.

 

15Ыйса шакирттерине: — Абайлагыла, фарисейлер менен Ироддун ачыткысынан сак болгула! — деди.

 

16Алар өз ара: «Биз нан албаганыбыз үчүн айтып жатат го», — дешти.

 

17Ыйса муну билип, аларга:

 

— Эмнеге нан ала келбептирбиз деп жатасыңар? Кылгандарымды дале түшүнгөн жоксуңарбы? Алардын маанисин биле элексиңерби? Дале көкүрөгүңөр көрбү?
18Көзүңөр туруп, көрө албай жатасыңарбы? Кулагыңар туруп, уга албай жатасыңарбы? Эсиңерде жокпу:

 

19Мен беш нанды беш миң кишиге сындырып бергенимде, силер чогулткан калдыктары канча себет болду эле? — деди. Шакирттери:

 

— Он эки, — дешти.

 

20Ыйса:

 

— Төрт миң кишиге жети нанды сындырып бергенимде, арткандары канча себет болду эле? — деди.

 

Алар:

 

— Жети, — дешти.

 

21Ошондо Ыйса аларга:

 

— Дале түшүнө элексиңерби? — деди.

 

Бейтсайдадагы сокурдун айыгышы

 

22Бейтсайдага келишкенде, Ыйсага бир сокурду алып келишип, ага колун тийгизип, айыктырып коюусун суранып жалбарышты.

 

23Ыйса аны колунан алып, айылдын сыртына жетелеп чыкты. Анан анын көзүнө түкүрүп туруп, колун үстүнө койду да: — Бирдеме көрүп жатасыңбы? — деди.

 

24Сокур киши көз тигиле карап:

 

— Адамдарды көрүп турам. Алар басып жүргөн дарактарга окшош, — деди.

 

25Ыйса кайрадан колун анын көзүнө койду. Ошондо ал көз тигиле карады да, бул жолу айыгып, баарын ачык көрүп калды.

 

26Ошондо Ыйса: — Айылга кирбе! — деп аны үйүнө жиберди.

 

Ыйсанын Машаяк экендиги

 

27Анан Ыйса шакирттерин ээрчитип, Филип Кесария деген шаардын жанындагы айылдарга жөнөдү. Жолдо шакирттеринен:

 

— Эл Мени ким деп эсептешет? — деп сурады.

 

28— Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, а кээси башка пайгамбарлардын бири деп жатышат, — дешти шакирттери.

 

29— А силерчи, силер Мени ким деп эсептейсиңер? — деди Ыйса.

 

Петир:

 

— Сен — Машаяксың! — деп жооп берди.

 

30Ошондо Ыйса аларга:

 

— Менин ким экенимди эч кимге айтпагыла! — деп катуу эскертти.

 

Ыйса Өзүнүн азап тартып өлөрүн алдын ала айтат

 

31Анан Адам Уулу көп азап чегип, эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери тарабынан четке кагыларын, анан өлтүрүлүп, үчүнчү күнү кайра тирилүүгө тийиш экендигин айтып, шакирттерин окута баштады.
32Ал муну аларга ачык айтты. Ошондо Петир Аны четке чакырып алып, каршы болуп баштады.

 

33Ыйса болсо бурулуп, шакирттерин карады да Петирге: — Жогол Менден шайтан, себеби сен Кудайдын эмес, пенденин оюн ойлоп жатасың! — деп аны урушуп койду.

 

34Анан эл менен шакирттерин чакырып алып мындай деди:

 

— Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын да, өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанын берүүгө даяр болуп, артыман түшсүн.
35Анткени ким өз жанын сактайм десе, аны жоготот, ал эми ким жанын Мен үчүн жана Жакшы Кабарым үчүн берсе, ал ага кайрадан ээ болот.
36Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок жанын жоготкондон адамга не пайда?
37Же кандай баа менен адам баласы жанын сактап кала алат?
38Кимде-ким мына бул бузулган, күнөөкөр муундун алдында Менден жана Менин сөздөрүмдөн баш тартса, анда Адам Уулу да Атасынын кудурети менен ыйык периштелеринин коштоосунда көктөн келгенде, андан баш тартат.

 

9

 

1Ыйса аларга дагы мындай деди: «Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул жерде тургандардын кээ бирлери күч-кудурети менен келген Кудай Падышачылыгын көрмөйүнчө, көз жумбайт».

 

Тоодогу кубулуш

 

2Ушундан алты күн өткөндө, Ыйса Петирди, Жакыпты жана Жаканды башкалардан бөлүп алып, бир бийик тоого алып чыкты. Анан алардын көз алдында Ыйсанын кебетеси өзгөрүп кетти.
3Кийимдери аппак болуп жаркырап, дүйнөдө эч ким агарта албагандай түскө айланды.
4Анан Илияс менен Муса пайда болуп, Ыйса менен маек курушту.

 

5Ошондо Петир Ыйсага мындай деди: — Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы! Үч алачык тигели: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска.

 

6Ал эмне дегенин өзү да түшүнгөн эмес, анткени баары коркуп турушкан.

 

7Анан бир булут пайда болуп, аларга көлөкөсүн түшүрүп, булут ичинен: «Бул Менин сүйүктүү Уулум Ыйса, Аны уккула», — деген үн чыкты.
8Алар айланасын карай калышса, жанында Ыйсадан башка эч ким жок экен.

 

9Тоодон түшүп келе жатышканда, Ыйса: «Адам Уулу өлүп, кайра тирилгенге чейин көргөнүңөрдү эч кимге айтпагыла!» — деп буйруду.
10Алар бул сөздү унутушпай, бири биринен: «Өлгөндөрдөн тирилет дегени эмнеси?» — деп сурашты.

 

11Анан Ыйсадан сурашты: — Эмне үчүн дин мугалимдери «Машаяк келерден мурун Илияс келиши керек» дешет?

 

12Ыйса:

 

— Туура, алды менен Илияс келип, баарын ордуна келтирет. Ошондой эле Адам Уулу да, Ыйык Жазууларда айтылгандай, көп азап чегип, жек көрүндү болууга тийиш эмес беле?
13Бирок Мен силерге айтам: Илияс чын эле келди жана ага Ыйык Жазууларда жазылгандай, өз оюна келгендерин жасашты, — деп жооп берди.

 

Жин даарыган баланын айыгышы

 

14Ыйсалар калган шакирттердин жанына басып келишип, аларды тегеректеп турган көптөгөн элди жана алар менен талашып-тартышып жаткан дин мугалимдерин көрүштү.
15Аны көрөрү менен элдин баары катуу таңданышты. Анан алдынан тосо чуркап чыгып, Аны менен саламдашышты.

 

16Ыйса алардан: — Эмне тууралуу талашып жатасыңар? — деп сурады.

 

17Элдин ичинен бирөө Ага:

 

— Устат, мен сага жин уруп, дудук кылган уулумду алып келдим эле.
18Жини кармаганда эле боюн жерге уруп, оозунан көбүгү чыгып, тишин кычыратып, тырышып жатып калат. Шакирттериңен жинин кубалап чыгаргыла деп сурансам, колдорунан келбей койду, — деп үн катты.

 

19Ошондо Ыйса:

 

— Эй, ишеними жок эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери! — деди.

 

20Алар баланы Ыйсанын алдына алып келишти.

 

Жин Ыйсаны көрөрү менен баланы калчылдатып кирди. Ал жерге кулап, оозунан көбүгү чыгып, ары-бери тоголонуп жатты.

 

21Ыйса анын атасынан: — Уулуң качантан бери мындай? — деп сурады.

 

— Бала кезинен бери, — деди атасы,
22— жин аны өлтүрүү үчүн далай ирет от менен сууга салды. Эгерде колуңуздан келсе, бизге ырайым кылып, жардам берегөрүңүз!

 

23— Эгер колумдан келсеби? — деди Ыйса ага. — Ким ишенсе, ага баарын жасай алам.

 

24Баланын атасы ошол замат:

 

— Ишенем! Дагы катуураак ишенгенге жардам кыла көр! — деп боздоп жиберди.

 

25Элдин агып келип жатканын көрүп, Ыйса кара күчкө:

 

— Дудук жана дүлөй кылчу жин, Мен сага катуу буйрук кыламын: чыгып кет да, экинчи кирбегин! — деди.

 

26Жин ачуу чаңырып, баланы катуу калчылдатып, анан чыгып кетти. Бала өлүктөй болуп жатып калгандыктан баары: «Өлдү!» — деп жатышты.
27Бирок Ыйса аны колунан алып, турууга жардамдашты эле, ал турду.

 

28Ыйса үйгө киргенде, шакирттери Андан өзүнчө:

 

— Эмне үчүн биз аны кубалап чыга албадык? — деп сурашты.

 

29Ыйса:

 

— Аны сыйынуу менен гана кууп чыгарууга болот! — деп жооп берди.

 

Ыйса Өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат

 

30Ыйса шакирттери менен ал жактан чыгып, Галилея аймагын аралап өтүп баратты. Ал Өзүнүн кайда экенин эч ким билбөөсүн каалады.
31Анткени шакирттерине: «Адам Уулу кишилердин колуна түшөт, Аны өлтүрүшөт, анан үчүнчү күнү Ал кайра тирилет», — деп айткан болчу.

 

32Бирок алар бул сөздөрдү түшүнүшкөн эмес, сурагандан болсо коркушкан.

 

Кимдин жолу улуу?

 

33Алар Капарноомго келишти. Үйгө киришкенде, Ыйса алардан: «Жолдо эмнени талаштыңар?» — деп сурады.

 

34Шакирттери үндөшпөдү, анткени алар жолдо арабыздан кимибиздин жолубуз улуу деп талашкан эле.

 

35Ыйса олтурду да, он эки шакиртин чакырып алып, мындай деди: — Ким биринчи болууну кааласа, баарынын акыркысы жана баарынын кызматчысы болсун.

 

36Анан бир кичине баланы алып, алардын ортосуна тургузуп койду. Анан аны кучактап:

 

37— Ким ушундай балдардын бирин Мен үчүн кабыл алса, Мени кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени эмес, Мени Жибергенди кабыл алганы, — деди.

 

Ким бизге каршы болбосо, ал биз тарапта

 

38Ошондо Жакан:

 

— Устат, сенин ысмыңды оозанып, адамдардан жиндерин кууп чыгарып жүргөн бирөөнү көрүп, ал биз менен жүрбөгөндүктөн ага тыюу салдык, — деди.

 

39Ыйса болсо мындай деди:

 

— Ага тыюу салбагыла. Менин атыман укмуштарды жасагандын бирөө да дароо эле Мен жөнүндө жаман сөз айта албайт.
40Ким бизге каршы болбосо, ал биз тарапта.
41Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким силерге «булар Машаякка караштуулар» деп, Мен үчүн бир чыны суу берсе, ал сөзсүз өз сыйлыгын алат.

 

Азгырыктар

 

42Ал эми кимде-ким Мага ишенген мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батырса, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңизге ыргытылганы оң болмок.
43-44Эгерде колуң сени күнөөгө азгырып жатса, аны кыя чап! Эки колуң менен тозоктун өчпөс отуна кеткениңден көрө, майып болуп бейишке чыкканың жакшы.
45-46Эгерде сени бутуң күнөөгө азгырып жатса, аны кыя чап! Эки бутуң менен тозоктун өчпөс отуна ыргытылгандан көрө, чолок болуп бейишке чыкканың жакшы.
47 Эгерде сени көзүң күнөөгө азгырып жатса, анда аны чукуп сал! Эки көзүң соо тозокко ыргытылгандан көрө, бир көзүң менен бейишке чыкканың жакшы.
48Ал жакта аларды жеген курттар эч качан өлүшпөйт жана аларды куйкалаган от эч качан өчпөйт.
49Кудайга тартуу кылынган нерселер туз менен тазаланган сыяктуу бардыгыңар азап отунан өтөсүңөр.
50Туз — жакшы нерсе! Эгер ал даамын жоготсо, аны кантип калыбына келтиресиң? Жан-дүйнөңөрдө «туз» болсун жана өз ара ынтымактуу жашагыла.

 

10

 

Ажырашуу маселеси

 

1Ыйса ал жактан чыгып, Иудея аймагына келди да, Иордан дарыясынан өттү. Кайрадан көп эл чогулду жана Ал адатынча аларга таалим берди.

 

2Ошондо фарисейлер бир кынтык табуу ниетинде Ыйсага келишип: — Эркек аялын коё берсе боло береби? — деп сурашты.

 

3— Муса силерге эмне деген осуят калтырды эле? — деди Ыйса аларга жооп берип.

 

4— Муса ажырашуу катын жазып берип, аялын коё бергенге уруксат кылган,— дешти алар.

 

5Ошондо Ыйса аларга:

 

— Бул осуятты ал силерге тоң моюндугуңардан улам жазган.
6Бирок Кудай башында адамдарды аял-эркек кылып жараткан.
7«Ошол себептүү эркек ата-энесинен бөлүнүп, аялы менен кошулат да,
8экөө бир дене болушат».Ушундайча алар эми экөө эмес, бирөө.
9Демек, Кудай кошконду адам ажыратпасын, — деди.

 

10Үйгө киришкенде, шакирттери Ыйсадан бул тууралуу кайра сурашты.

 

11Ыйса аларга: — Аялын коё берип, башкага үйлөнгөн адам аялынын көзүнө чөп салган болот.
12Эгер аялы күйөөсүнөн кетип, башкага тийсе, ал да ойноштук кылган болот, — деп жооп берди.

 

Ыйсанын балдарга батасын бериши

 

13Колун коюп батасын берсин деп, эл Ыйсага жаш балдарды алып келди. Шакирттери болсо алып келгендерди жемелеп, уруша башташты.

 

14Муну көргөндө, Ыйса ачууланып мындай деди: — Балдар Мага келе берсин, алардын жолун тоспогула! Себеби Кудай Падышачылыгы ошондойлордуку!
15Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай Падышачылыгын баладай кабыл албаган адам ага эч качан кире албайт.

 

16Анан балдарды кучагына алды да, аларга колун коюп, батасын берди.

 

Бай адам

 

17Ыйса жолго чыкканда, бир киши жүгүрүп келип, алдына чөгөлөп:

 

— О, жакшы устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек? — деп сурады.

 

18Ыйса болсо ага минтип жооп берди:

 

— Эмне үчүн Мени жакшы деп жатасың? Бир Кудайдан башка эч ким жакшы эмес.
19«Киши өлтүрбө, ойноштук кылба, уурдаба, жалган күбө болбо, алдап эч нерсе тартып алба, ата-энеңди сыйла»деген осуяттарды билесиң да.

 

20— Устат, — деди ал, — мунун баарын жаштайыман сактап келатам.

 

21Ыйса ага карап туруп, мээрим менен:

 

— Сага дагы бир нерсе жетпейт: бар да, колуңдагы дүнүйөңдүн баарын сатып, түшкөн акчаны бей-бечараларга таратып бер, ошондо байлыгың көктө болот. Анан кел да, Мени ээрчи, — деди.

 

22Муну укканда, жанагы киши кабагы бүркөлүп, кайгыга баткан бойдон жолуна түштү, анткени ал абдан бай эле.

 

23Ыйса айланасын кыдырата карап, шакирттерине:

 

— Байлардын Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын! — деди.

 

24Анын айткандарына шакирттери таң калышты. Ыйса болсо сөзүн улантты:

 

— Балдарым, Кудай Падышачылыгына кирүү кандай кыйын!

 

25Бай адамдын Кудай Падышачылыгына киргенинен көрө, төөнүн ийне көзүнөн өтүшү оңой.

 

26Шакирттери андан бетер таң калышып, өз ара:

 

— Анда түбөлүк өмүргө ким ээ боло алат? — дешти.

 

27Ыйса аларга карап:

 

— Адамдын колунан келбегени менен, Кудайдын колунан келет. Кудай баарын жасай алат, — деди.

 

28Ошондо Петир Ыйсага:

 

— Мына, биз баарын таштап салып, сени ээрчип жүрөбүз, — деди.

 

29-30Силерге бир чындыкты айтып коёюн, — деди Ыйса аларга, — Мен үчүн жана Жакшы Кабар үчүн үйлөрүн же эркек же кыз бир туугандарын же ата-энесин же балдарын же менчик талаасын таштап чыккандын баарына азыр, ушул убакта, жүз эсе көп үй, бир тууган, эне, бала жана жер кайра берилет, куугунтукка да алынат, ал эми келечекте болсо алар түбөлүк өмүргө ээ болушат.
31Азыр биринчи болуп жүргөндөрдүн көбү акыркы болушат, ал эми азыр акыркылардан болуп жүргөндөрдүн көбү биринчи болушат.

 

Ыйсанын Өз өлүмү тууралуу үчүнчү ирет айтышы

 

32Ыйса шакирттери менен Иерусалимге кетчү жолдо баратты. Ал таң калып келатышкан шакирттеринин алдында эле. Ал эми алардын артындагылар коркуп келатышкан. Ыйса кайрадан он эки шакиртин жанына чакырып алып, Өзүн алдыда эмне күтүп тургандыгын айтты.

 

33— Мына, — деди Ал, — биз азыр Иерусалимге чыгып баратабыз. Адам Уулун жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин колуна кармап беришет. Алар Аны өлүм жазасына кесишип, башка улуттагылардын колуна тапшырышат.
34Башка улуттагылар Аны кордошуп, бетине түкүрүшүп, сабашып, акырында өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү кайра тирилет.

 

Жакып менен Жакандын өтүнүчү

 

35Ошондо Зебедейдин балдары Жакып менен Жакан басып келишип:

 

— Устат, биздин суранычыбызды аткарышыңды каалар элек, — дешти.

 

36Ыйса:

 

— Силерге эмнени аткарып беришимди каалайсыңар? — деди.

 

37Алар:

 

— Мындан кийин салтанаттуу улуулугуңа ээ болгон кезде, бирибизди оң, бирибизди сол жагыңа олтура тургандай кыл, — дешти.

 

38— Силер эмнени сурап жатканыңарды билбейсиңер, — деди Ыйса ошондо. — Силер чындап эле Мен иче турган азап чөйчөгүнөн ичип, Мен өтө турган чөмүлүүдөн өтө аласыңарбы?

 

39— Ооба, — деп жооп беришти алар.

 

— Мен иче турган азап чөйчөгүнөн ичесиңер, Мен өтө турган чөмүлүүдөн силер да өтөсүңөр, — деди Ыйса,
40— бирок оң же сол жагыма олтургузуу Менин колумда эмес, ал мурдатан кимге даярдалган болсо, ошого берилет.

 

41Буларды укканда, Жакып менен Жаканга калган он шакирттин кыжыры кайнады.

 

42Ошондо Ыйса шакирттерин чакырып алып, мындай деди: — Бу дүйнөдөгү элдердин өкүмдарлары өз элине үстөмдүк кылып, төрөлөрү күч менен бийлик жүргүзөрүн билесиңер.
43Бирок силерде мындай болбосун, тескерисинче, араңардан ким чоң болгусу келсе, силердин кызматчыңар болсун.
44Ким биринчи болгусу келсе, баарыңарга кул болсун.
45Анткени Адам Уулу бирөөлөрдү Өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, бирөөлөргө Өзү кызмат кылып, Өз жанын көп адамдардын күнөөсү үчүн кун катары берүүгө келген.

 

Бартимей сокурдун айыгышы

 

46Анан Иерихонго келишти. Ыйса шакирттери менен көптөгөн элдин коштоосунда Иерихондон чыгып баратканда, Тимейдин уулу сокур Бартимей жол боюнда кайыр сурап олтурган эле.

 

47Өтүп бараткандын назареттик Ыйса экенин кулагы чалып калып: — Оо, Дөөттүн Уулу Ыйса, мага ырайым кыла көр! — деп кыйкыра баштады.

 

48Көп адамдар ага «унчукпа» деп тыюу салышты. Бартимей болсо ого бетер үнүн бийик чыгарып:

 

— Оо, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр! — деп кыйкырды.

 

49Ыйса токтоду да:

 

— Аны бери чакыргыла! — деди.

 

Алар сокурду чакырышып:

 

— Коркпо, тур, сени чакырып жатат, — дешти.

 

50Бартимей чапанын силкип таштап, ордунан ыргып тура калды да Ыйсага келди.

 

51Ыйса:

 

— Сага эмне кылышымды каалайсың? — деди.

 

— Устатым, — деди сокур, — көзүм ачылса экен!

 

52— Бара бер, — деди Ыйса, — ишенимиң сени айыктырды.

 

Ошол замат сокурдун көзү көрүп калды. Анан ал жолго чыгып, Ыйсанын артынан ээрчип жөнөдү.

 

11

 

Ыйсанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши

 

1Алар Иерусалимге жакындап, Зайтун тоосунун жанындагы Бейтфаге жана Бейтани айылдарына келишти. Ошерден Ыйса эки шакиртин жөнөтүп жатып,

 

2аларга: — Мынабу маңдайдагы айылга баргыла. Ага кирериңер менен эч ким мине элек такай байланып турганын көрөсүңөр. Аны чечип алып, жетелеп келгиле.
3Эгер бирөө: «Эмне кылып жатасыңар?» — десе, «Эгебизге керек болуп жатат. Ал муну кайра дароо эле берип жиберет», деп жооп бергиле, — деди.

 

4Шакирттери барып, такайдын көчөдө, эшиктин түбүндө байланып турганын көрүштү. Аны чечип жатышканда,

 

5ошол жерде тургандардын арасынан бирөөлөр: — Эмнеге эшекти чечип жатасыңар? — деп сурашты.

 

6Шакирттер Ыйса үйрөткөндөй жооп беришкенде, аларды коё беришти.
7Алар эшекти алып келип, кийимдерин үстүнө жапкандан кийин, Ыйса ага минди.
8Көп адамдар кийимдерин жолго төшөп жатышса, дагы башкалары талаадагы дарактардын бутактарын кесип келип, төшөп жатышты.

 

9Ал эми Ыйсанын алды-артында бараткандар:

 

— Осанна! Эгебиздин атынан келатканды Кудай жалгасын!

 

10Дөөт атабыздын келе жаткан падышалыгын Кудай жалгасын!

 

Көктөгү Кудайга осанна!— деп кыйкыра башташты.

 

11Ыйса Иерусалимге кирип, ийбадатканага барды да, баарын карап чыкты. Анан кеч кирип калгандыктан шаардан чыгып, он эки шакирти менен Бейтаниге келди.

 

Каргышка калган анжир дарагы

 

12Кийинки күнү, Бейтаниден келатышканда, Ыйса ачка болгонун сезди.
13Тээ алыстан жалбырактуу анжир дарагын көрүп, жемиши бар бекен деп жакын басып барды. Бирок келип жалбырактардан башка эч нерсе таппады, анткени анжирдин убагы али келе элек болчу.

 

14Ыйса ошол даракка: — Ылайым, мындан ары эч ким жемишиңди жебесин! — деди.

 

Шакирттери болсо муну угушту.

 

Ийбадатканадагы соодагерлерди кубалап чыгуу

 

15Ошону менен Иерусалимге жетишти. Ыйса ийбадаткананын короосуна келип, андан соодагерлерди кууп чыга баштады. Акча алмаштыргандардын үстөлдөрүн көңтөрүп, көгүчкөн сатып олтургандардын отургучтарын оодарып салды.
16Эч кимге кандайдыр бир буюмду ийбадаткананын короосу аркылуу алып өтүүгө уруксат бербеди.

 

17Анан аларга: — Ыйык Жазууда жазылган: «Менин үйүм бардык элдердин сыйынуучу үйү деп атала турган болот!»* Силер болсо аны каракчылардын үңкүрүнө айландырып жибериптирсиңер!— деп таалим айтты.

 

18Муну жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери угуп калышты да, Ыйсанын көзүн тазалоо амалын издей башташты. Себеби бүт эл Анын таалимдерине таң калып жаткандыктан, Андан коркушту.

 

19Кеч киргенде, Ыйса шакирттери менен шаардан чыгып кетти.

 

Анжир дарагынын мисалы

 

20Кийинки күнү эртең менен эрте шакирттери баягы анжир дарагынын жанынан өтүп баратышып анын тамыры менен куурап калганын көрүштү.

 

21Мурдагы окуя Петирдин эсине түшүп: — Устат, карачы, сен каргап салган анжир дарагы кагайып калыптыр! — деди.

 

22Ошондо Ыйса аларга:

 

— Кудайга ишенгиле.
23Силерге бир чындыкты айтып коёюн, эгер ким мына бул тоого: «Ордуңан жыл да, деңизге кула!» деп ичинен шектенбей, айтканындай болоруна ишенсе, анын айтканы аткарылат.
24Силерге айтып коёюн: сыйынганыңарда эмне сурасаңар да, аны алганыңарга ишенгиле, ошондо сураганыңарды аласыңар.
25-26Ошондой эле сыйынып турганыңарда асмандагы Атаңар каталарыңарды кечирсин үчүн силер да башкаларга кандайдыр бир нааразычылыгыңар болсо, кечиргиле, — деди.[4]

 

Ыйсанын бийлиги тууралуу суроо

 

27Алар кайрадан Иерусалимге келишти. Ыйса ийбадаткананын короосунда жүргөндө, Ага жогорку динкызматчылар, дин мугалимдери жана эл башчылары басып келишип:

 

28— Сен буларды кайсы бийлигиң менен кылып жатасың? Мындай бийликти сага ким берди? — деп сурашты.

 

29Ыйса аларга мындай жооп берди:

 

— Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп берсеңиздер, анан Мен да кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтам.
30Айтыңыздарчы, Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өткөрүү бийлигин кимден алды эле: Кудайданбы же адамдарданбы?

 

31Ошондо тигилер:

 

— Эгер Кудайдан десек, анда «эмнеге ага ишенбедиңиздер?» дейт дешип, өз ара акылдаша кетишти.
32Элден коркконунан «адамдардан» деп да айта алышпады, анткени баары Жакыяны пайгамбар деп эсептешчү.

 

33Анан Ыйсага: — Билбейбиз, — деп жооп беришти.

 

Ыйса да аларга:

 

— Анда Мен да силерге кайсы бийлик менен кылып жатканымды айтпайм, — деди.

 

12

 

Жүзүмзардагы ижарачылар тууралуу ибарат

 

1Ыйса аларга ибарат менен сүйлөй баштады:

 

— Бир киши болуптур. Ал жүзүм тигип, айланасын коргондойт. Жүзүм ширесин сыгып алгыдай чуңкур казып, кароол мунара курат. Анан жүзүмүн багбандарга ижарага берип, өзү бир жакка кетет.

 

2Жүзүм тере турган маал келгенде, жемишинен алып келгиле деп ижарачыларга бир кулун жөнөтөт.
3Ижарачылар болсо кулду кармап алып, сабап, куру кол кайтарып жиберишет.
4Ошондо ал кайрадан дагы башка кулун жиберет. Ижарачылар болсо бу кулдун башын жарып, кордоп туруп кайтарып жиберишет.
5Ал дагы бир кулун жөнөтөт. Ижарачылар аны да өлтүрүшөт. Башка кулдарын жөнөткөндө да, аларды же сабап, же өлтүрүп салышат.
6Акыры жанындай көргөн уулу калып, ошону жибериш керек болот. Ошондо «уулумдан ийменишээр» деп, аларга уулун жөнөтөт.
7Ижарачылар болсо өз ара: «Бул мураскор, жүргүлө, өлтүрөлү, ошондо мурасы бизге калат!» — дешет да,
8аны кармап алып, өлтүрүшүп, жүзүмдүн сыртына ыргытып салышат.
9Эми жүзүмдүн ээси эмне кылат? Келип, ижарачыларды өлтүрүп, жүзүмдү башкаларга берет.

 

 

10«Куруучулар жаратпай,

 

Таштап салган таш эле,

 

Пайдубалдын негизи

 

Болуп калды ал эми.

 

11Биз таң калган бул ишти

 

Өзү кылды Эгебиз»

 

 

деген сөздү Ыйык Жазуудан эч качан окуган жок белеңер?

 

12Ошондо бул ибараттын алар тууралуу айтылганын түшүнүштү да, Ыйсаны кармамак болушту, бирок элден коркуп, Аны калтырып кетип калышты.

 

Салык төлөө маселеси

 

13Ыйсаны сөзүнөн кынтык таап айыптоо максатында эл башчылары тарабынан жиберилген бир нече фарисейлер менен Ироддун жолун жолдоочулар

 

14келишти. Алар Ыйсага: — Устат, сиздин чынчыл экениңизди билебиз. Бирөөгө жагынууга аракет кылбайсыз. Эч кимдин жүзүнө карабай, адамдарга Кудайдын акыйкат жолун окутасыз! Рим падышасына салык төлөгөн болобу же болбойбу? Биз салыкты беришибиз керекпи же бербешибиз керекпи? — дешти.

 

15Ыйса алардын эки жүздүүлүгүн билип:

 

— Эмнеге Мени сынап жатасыңар? Бир теңге алып келгилечи, көрөйүн! — деди.

 

16Алар алып келишти.

 

— Анын бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? — деп сурады Ыйса алардан.

 

— Падышаныкы, — дешти алар.

 

17Ыйса:

 

— Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле, — деди.

 

Ошондо алар Ыйсага таң калышты.

 

Өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү жөнүндө суроо

 

18Ошондо өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен садукей тобундагы адамдар келип, Ыйсага суроо беришти.

 

19— Устат, Муса: «Эгер бирөө дүйнөдөн өтүп, артында аялы эле калып, тукум калбаса, анда анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын», — деп жазып кеткен.
20Жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү.
21Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти. Анан үчүнчүсү да ошондой болду.
22Ошентип жетинчисине чейин, баары ушундай каза болушту. Эң аягында аял да көз жумду.
23Эми кыяматта кайра тирилишкенде, аял кимисиники болот? Анткени баары тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы.

 

24Ыйса аларга мындай жооп берди:

 

— Ыйык Жазууларды да, Кудайдын кудуретин да билбегендиктен жаңылып жүрөсүңөр силер, чынбы?
25 Анткени адамдар өлүмдөн тирилгенде, аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт, алар асмандагы периштелер сыяктуу болушат.
26Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилери тууралуу Мусанын китебинин күйүп турган бадал тууралуу бабынан окуган эмес белеңер? Ал жерде Кудай Мусага: «Мен Ыбрайымдын Кудайымын, Ыскактын Кудайымын жана Жакыптын Кудайымын»,— деген.
27Кудай өлүктөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы! Силер катуу жаңылып жүрөсүңөр.

 

Улуу осуят

 

28Ошол жерде дин мугалимдеринин бири бул талашты угуп турган. Ал Ыйсанын аларга жакшы жооп бергенин көрдү да, басып келип:

 

— Тоораттагы эң биринчи осуят кайсы? — деп сурады.

 

29Ыйса ага:

 

— Бардык осуяттардын эң биринчиси: «Ук, Ысрайыл, Эгебиз, биздин Кудайыбыз — жалгыз Эге.
30Ошондуктан Аны чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бардык акыл-оюң менен, бар күч-кубатың менен сүй!»
31Экинчиси бул: «Башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй»Ушул экөөнөн чоң осуят жок, — деп жооп берди.

 

32— Жакшы, устат, — деди дин мугалими, — «Кудай жалгыз жана андан башка жок,
33Аны бүткүл аң-сезимиң, түшүнүгүң жана бүт күч-кудуретиң менен сүйүш керек жана башкаларды өзүңдөй сүйүү бардык өрттөлүүчү курмандыктар менен тартуулардан маанилүүрөөк» деп чындыкты айттыңыз.

 

34Ыйса анын абдан жөндүү жооп бергенин көрүп:

 

— Сиз Кудай Падышачылыгынан алыс эмес экенсиз, — деди.

 

Ушундан соң, эч ким батынып, Ага суроо бере албады.

 

Машаяк тууралуу суроо

 

35Ийбадаткананын короосунда таалим берип жатып, Ыйса мындай деп сурады:

 

— Эмне үчүн дин мугалимдери Машаякты Дөөттүн тукуму дешет?

 

 

36Ыйык Рух аркылуу Дөөт өзү: «Жараткан Эге Эгеме деди мындай:

 

Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча,

 

Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда»,— деген.

 

 

37Демек, Дөөт өзү Машаякты Эгем деп жатса, кандайча Ал кайра Дөөттүн тукуму болот?

 

Көп адамдар Анын сөзүн кубануу менен угушту.

 

Дин мугалимдеринен сак болгула

 

38Ыйса дагы мындай деп таалим берди:

 

— Узун чапан кийип алып жайкала басканды, базарларда элдин эпилдеп саламдашып турганын,
39синагогаларда алдыңкы орундарда, аш-тойлордо төрдө олтурганды жакшы көргөн дин мугалимдеринен сак болгула!
40Жесирлердин үй-жайын тартып алып, атайын элге көрүнүш үчүн узакка сыйынган ошолор. Алардын жазасы өтө оор болот.

 

Жесир аялдын зекети

 

41Ыйса ийбадаткананын зекет сала турган үкөгүнүн маңдайында элдин акча салып жатканын байкап олтурду. Көпчүлүк байлар көп-көптөн салып жатышты.
42Ал эми колунда жок бир жесир аял келди да, эки тыйынын салды.

 

43Ошондо Ыйса шакирттерин чакырып алып: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мына бул колунда жок жесир аял баарынан көп салды!
44Анткени баары өздөрүнөн артканын салышса, бул аял өзү жакыр болуп туруп, колунда болгонун бүт салып берди, — деди.

 

13

 

Ийбадаткананын кыйрашы тууралуу

 

1Ыйса ийбадаткананын короосунан чыгып баратканда, шакирттеринин бири ага:

 

— Устат, карачы, бу не деген таштар, не деген имараттар! — деди.

 

2Ыйса ага:

 

— Сен ушул заңгыраган имараттарды көрүп турасыңбы? Таш үстүндө таш калбай, мунун баары талкаланат, — деди.

 

Акыр заман алдындагы кыйынчылык, куугунтуктар

 

3Ыйса ийбадаткананын тушундагы Зайтун тоосунда олтурганда Петир, Жакып, Жакан жана Идрис Андан өзүнчө минтип сурашты:

 

4— Айтчы, бул качан болот? Ушунун баары ишке ашар алдында кандай жышаан болот? — дешти.

 

5Ыйса аларга мындай деди:

 

— Сак болгула, бирөө силерди алдап кетпесин!
6Анткени көп адамдар Менин атымды жамынып келип: «Машаяк менмин!» дешет да, далай адамды алдап кетишет.
7Жакын жерлердеги согуштардын үнүн жана алыс жерлердеги согуштар тууралуу имиш-имиштерди угасыңар. Бирок коркуп, үрөйүңөр учпасын! Андайлар болушу керек, бирок бул акыр заман келди дегенди билдирбейт.
8Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат. Жер-жерлерде жер титиреп, ачарчылыктар болот! Толгоо башталгандагы азаптар сыяктуу, мунун баары боло турган азаптардын башталышышы гана.

 

9Силер болсо өзүңөргө сак болгула! Силерди сотко беришип, синагогаларда сабашат. Мага ишенгениңер үчүн өкүмдарлар менен падышалардын алдында суракка алынасыңар жана аларга Мен жөнүндө айтасыңар.
10Акыр заман болордон мурда, бардык элдерге Жакшы Кабар жетиши керек.
11Силерди соттоо үчүн кармап, алып жөнөшкөндө, эмнени айтабыз деп алдын ала түйшүк тарпагыла, ошол саатта Кудайдан эмне берилсе, ошону айткыла! Анткени силер эмес, Ыйык Рух сүйлөйт.
12Бир туугандар бири бирин, атасы өз баласын өлүмгө салып бере турган болот. Балдары өз ата-энелерине каршы чыгышып, аларды өлүмгө салып беришет.
13Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Бирок ким аягына чейин чыдаса, куткарылат.

 

Улуу алаамат

 

14Жийиркеничтүү арам нерсенин касиеттүү ийбадатканада турганын көргөнүңөрдө(муну окуп жаткан адам өзү түшүнүп алсын), Иудеядагылар тоолорго качсын,
15ким үйдүн төбөсүндө турса, бир нерсесин алам деп үйүнө кирбесин,
16ким талаада жүрсө, кийимин алам деп артына кайтпасын.
17Ошол күндөрү кош бойлуулар менен бала эмизгендердин шору.
18Бул окуялар кыш убагына туш келбесе экен деп сыйынгыла.
19Анткени ошол күндөрдө Кудай ааламды жараткандан ушул убакка чейин болуп көрбөгөн алаамат болот. Мындай алаамат келечекте да болбойт!
20Эгер Жараткан Эге ошол күндөрдү кыскартпаса, анда бир да жан аман калбас эле. Бирок Жараткан Эге Өзү тандап алган адамдары үчүн ошол күндөрдү кыскартып койгон.

 

21Ошондо силерге бирөө: «Машаяк бул жакта», же «тигил жакта» десе, ишенбегиле.
22Анткени жалган машаяктар менен жалган пайгамбарлар чыгат. Алар, эгер мүмкүн болсо, Кудай тандап алган адамдарды да алдап кетүү үчүн жышаандар менен кереметтерди көрсөтүшөт.
23Силер болсо абайлагыла! Мен силерге баарын алдын ала айттым.

 

Адам Уулунун келиши

 

24Ошол алаамат күндөрдөн кийин

 

 

«Күндүн бети карарып,

 

Ай калат төкпөй өз нурун.

 

25Көктөн кулап жылдыздар

 

Асмандагы күчтөр да

 

Түгөл келет кыймылга».

 

 

26Ошондо улуу кудурет жана шаң-салтанат менен булуттарды аралап келе жаткан Адам Уулункөрүшөт.
27Анан Ал периштелерди жиберип, алар төгөрөктүн төрт бурчунан Кудай тандап алган адамдарды чогултушат.

 

Анжир дарагынан алынган мисал

 

28Анжир дарагынан сабак алгыла. Анын бутактары жумшарып, жалбырагы чыга баштаганда, жай жакындап калганын билесиңер.
29Анын сыңары, ушул окуялардын башталганын көргөнүңөрдө, кыяматтын[5]босогодо турганын билгиле.
30Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мунун баары ушул муундун тушунда болуп өтөт.
31Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет.

 

Ыйсанын келер убагын Кудай гана билет

 

32Ал кайсы күнү, кайсы саатта келерин Атабыздан башка эч ким билбейт. Ал убак асмандагы периштелерге да, ал тургай Уулуна да белгисиз.
33Ошондуктан абайлагыла, сак болгула! Анткени ал убакыт качан келерин билбейсиңер.
34Бул үйүн таштап алыс сапарга чыгарда кулдарына бийлик берип, алардын ар бирине тиешелүү иш тапшырып, кароолчусуна сак болууну буйруп кеткен киши сыяктуу болот.
35Ошондуктан сергек болгула! Анткени үй Ээсинин качан келерин билбейсиңер. Ал кечинде, же түн жарымында, же таң эрте короз кыйкырганда, же күн чыкканда келип калышы мүмкүн.
36Күтпөгөн саатта келип, уктап жатканыңарда үстүңөрдөн чыкпасын!
37Силерге айтып жатканымды баарына айтам: сак болгула!

 

14

 

Ыйсага каршы бүтүм

 

1Куткарылуу жана Калама майрамына эки күн калган эле. Жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери Ыйсаны куулук менен кармап өлтүрүүнүн жолун издешти. Бирок алар:

 

2— Эл ичинде дүрбөлөң болбосун үчүн, муну майрам убагында кылбайлы, — дешти.

 

Бейтанидеги Ыйсага көрсөтүлгөн урмат

 

3Ыйса Бейтаниде пес оорулуу Ысмандын үйүндө дасторкондун жанында жамбаштап жатканда, нард деген өсүмдүктөн жасалган, таза, кымбат баалуу атыр май куюлган идишин көтөрүп, бир аял келди да, идишти сындырып, атырды Ыйсанын башына куйду.

 

4Ошондо үйдө отургандардын кээ биринин кыжыры кайнап, бири бирине: — Атырды эмне мынча бекер ысырап кылды?

 

5Эмне үчүн бул майды үч жүз күмүш теңгеге сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берген жок, — дешти. Ошентип алар аялды катуу сынга алышты.

 

6Ыйса болсо мындай деди:

 

— Бул аялды жайына койгула! Эмнеге аны кыжалат кылып жатасыңар? Ал Мен үчүн жакшы иш жасады.
7Жакырлар ар дайым жаныңарда болот. Каалаган убагыңарда аларга жакшылык кыла бересиңер. А Мен дайыма эле жаныңарда болбойм.
8Бул аял колунан келгенин жасады: май куюу салтын аткарып, денемди көргө коюуга даярдады.
9Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ушул Жакшы Кабар бүт дүйнөнүн кай жеринде жарыяланса, бул аялды эскерүү иретинде анын кылган иши тууралуу да айтылат.

 

Жүйүттүн чыккынчылыгы

 

10«Он экинин» бири — Жүйүт Искариот Ыйсаны кармап берүү ниети менен жогорку динкызматчыларга барды.
11Алар болсо анын айтканын укканда сүйүнүп кетишип, акча убада кылышты. Ошентип ал Ыйсаны кармап бергенге оңтойлуу учурду издей баштады.

 

Куткарылуу майрамына арналган тамак

 

12Калама майрамынын биринчи күнү — Куткарылуу майрамына карата бир козуну курмандыкка чалышчу. Ошондо шакирттери Ыйсага:

 

— Сага Куткарылуу майрамынын тамагын кай жерге барып даярдашыбызды каалайсың? — дешти.

 

13Ошондо Ыйса эки шакиртин жиберип жатып, аларга мындай деди:

 

— Шаарга баргыла, анан алдыңардан бир кумара суу көтөрүп бараткан адам жолугат. Аны ээрчип баскыла да,
14ал кирген үйдүн ээсине: устатыбыз сага жиберип, «шакирттерим менен чогуу Куткарылуу майрамынын тамагын жей турган бөлмө кайсы» деп сурап жатат дегиле.
15Ал силерге үстүнкү кабаттагы төшөктөр салынып, конокко даярдалган чоң бөлмөнү көргөзөт. Тамакты ошол жерге даярдагыла.

 

16Шакирттери шаарга келгенде, баары Ыйса айткандай болду анан майрам тамагын ошол жерге даярдашты.

 

17Кеч киргенде, он эки шакиртин ээрчитип Ыйса да келди.

 

18Анан жамбаштай жатып, тамак ичип жатышканда, Ыйса: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн, араңардан бирөө Мени сатып кетет; ал азыр Мени менен бирге тамактанып жатат, — деди.

 

19Шакирттери бу сөзгө капа болуп, биринин артынан бири:

 

— Мен эмеспи? — дей башташты.

 

20— Ал Мени менен чогуу бир табакка колун салган он эки шакиртимдин бири, — деди Ыйса аларга.
21— Не болсо да, Адам Уулу Ыйык Жазууда Өзү тууралуу алдын ала жазылган жол менен баратат, бирок Аны сатып кеткен адамдын шору. Ал адам туулбай туна чөксө, өзүнө жакшы болмок!

 

Акыркы кечки тамак

 

22Алар тамак ичип жатышканда, Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып:

 

— Алгыла, жегиле, бул Менин денем, — деди.

 

23Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, аларга берди. Баары андан ичишти.

 

24Анан Ыйса аларга мындай деди: — Бул көп адамдар үчүн төгүлүп, алар менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишимди бекитүүчү Менин каным.
25Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мындан ары, Кудай Падышачылыгында жаңы шарап иче турган күнгө чейин эч кандай жүзүм шарап ичпейм.

 

26Анан алар Кудайды мактоо ырын ырдашты да, Зайтун тоосуна жөнөштү.

 

Ыйса Петирдин Аны тааныбайм дээрин алдын ала айтат

 

27Ошондо Ыйса аларга мындай деди:

 

— Баарыңар Мени таштап кетесиңер, анткени Ыйык Жазууда: «Койчусун уруп өлтүрөм, анан койлору чачырап кетет»деп айтылган.
28А бирок Мен кайра тирилген соң, силерден мурун Галилеяга барам.

 

29Ошондо Петир Ыйсага:

 

— Сени баары таштап кетсе да, мен таштабайм! — деди.

 

30Ыйса ага:

 

— Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз эки ирет кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, — деди.

 

31Петир болсо айтканынан кайтпай:

 

— Сени менен бирге өлүшүм керек болсо да, сени тааныбайм деп айтпайм, — деди.

 

Шакирттеринин баары тең ушундай дешти.

 

Гетсеман багындагы сыйынуу

 

32Ушундан соң, алар Гетсеман деген жерге келишти. Анан Ыйса шакирттерине:

 

— Мен сыйынып келгенче, ушул жерде олтура тургула, — деди.

 

33Анан Өзү менен кошо Петирди, Жакыпты жана Жаканды алып кетти да, терең кайгыга батып, кыйнала баштады.

 

34— Жаным өлгүдөй кыйналып турат, — деди Ал, — ушул жерде калып, уктабай тура тургулачы.

 

35Анан бир аз ары жакка басып барып, жерге жыгылды да, эгер мүмкүн болсо, ушу алдыда турган азаптын Ага тийбей өтүп кетишин суранып сыйынды.

 

36— Ата, о Атаке, — деди Ал, — Сенин колуңдан баары келет. Ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок... Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун!

 

37Кайра келип, үч шакиртинин уктап жатканын көрдү да, Петирге:

 

— Ысман! Уктап жатасыңбы! Бир саат уктабай олтура албадыңбы?
38Шайтанга азгырылып кетпес үчүн уктабагыла, сыйынгыла! Себеби жакшылык кылганды каалайсыңар, бирок алыңар аз, — деди.

 

39Анан кайра ары барып, дагы баягы сөздөрдү айтып сыйынды.
40Кайра келип, шакирттеринин дагы уктап жатканын көрдү. Алар аябай чарчагандан уктап калышкан эле. Ошондуктан эмне деп жооп беришти билишпеди.

 

41Анан үчүнчү жолу келгенде, мындай деди: — Эх, дале уктап, эс алып жатасыңарбы! Болду! Мына, Адам Уулу күнөөкөрлөрдүн колуна кармалып берилчү убакыт келди!
42Тургула, кеттик. Тигине, Мени кармап бере турган киши да келип калды.

 

Ыйсанын кармалышы

 

43Ыйса сөзүн аяктай электе, «он экинин» бири — Жүйүт келип калды. Жанында жогорку динкызматчылар, дин мугалимдери жана эл башчылары жиберген, кылыч, токмок менен куралданган жоон топ эл бар эле.
44Ыйсаны кармап бере турган киши аларга: «Кимдин бетинен өөп учурашсам, силер издеген киши ошол. Кармагыла да, өтө сактык менен алып кеткиле», — деп белги берген болчу.

 

45Анан дароо Ыйсага басып келип: — Устат! — деди да, бетинен өптү.

 

46Ошондо тигилер Ыйсага кол салып, Аны кармашты.
47Ошерде тургандардын бири канжарын сууруп алып, башкы динкызматчынын кулунун кулагын шылый чапты.

 

48Ошондо Ыйса: — Мени кармаш үчүн каракчыга каршы аттангансып кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар.
49Күн сайын силер менен кошо ийбадаткананын короосунда болуп, таалим берип жүргөнүмдө кармаган жок элеңер. Бирок эмне болсо да Ыйык Жазуулардагы сөз аткарылсын, — деди.

 

50Ошондо шакирттеринин баары Аны таштап, качып кетишти.
51Жылаңач этине кездеме оронгон бир жаш улан Ыйсанын артынан баратты. Жоокерлер аны шап кармай калганда,
52ал оронгон кездемесин таштай салып, качып кетти.

 

Жогорку кеңештин алдында

 

53Ошентип Ыйсаны башкы динкызматчынын алдына алып келишти. Бардык жогорку динкызматчылар, эл башчылары жана дин мугалимдери ошол жерге чогулушту.
54Петир алыстан Ыйсаны акмалап келип, башкы динкызматчынын короосуна чейин барды. Ал жерден сакчылар менен бирге отуруп, отко жылынды.
55Жогорку динкызматчылар менен жогорку кеңештин бардык мүчөлөрү болсо Ыйсаны өлүм жазасына тартуу үчүн жалган күбө издеп, бирок таба алышпады.
56Жалган күбөгө өткөндөр көп болсо да, алардын айткандары бири бирине туура келбеди.
57Ошондо бир нече киши орундарынан туруп, Ыйсага мындай деген жалаа жабышты:

 

58— Биз мунун: «Мен мына бул адам жасаган ийбадаткананы бузуп, үч күндөн кийин адам жасабаган башкасын тургузамын» дегенин укканбыз.

 

59Алардын мындай дегени да бири бириникине дал келбеди.

 

60Ошондо башкы динкызматчы ортого чыгып, Ыйсага:

 

— Булардын сен жөнүндө айткандарына берер жообуң жокпу? — деди.

 

61Ыйса болсо үндөгөн да, бир нерсе деп жооп берген да жок. Ошондо башкы динкызматчы Ыйсадан:

 

— Ыйык Кудайдын уулу Машаяк сенсиңби? — деп сурады.

 

62— Менмин, — деди Ыйса ага жооп берип, — Силер Адам Уулунун Кудуреттин оң жагында олтурганын жана асмандагы булуттардын үстүндө келатканын көрөсүңөр.

 

63Ошондо башкы динкызматчы кийимин айрып жиберип:

 

— Бизге дагы кандай күбөлөр керек?

 

64Мунун Кудайга акарат айтканын баарыңар уктуңар! Буга эмне дейсиңер? — деди. Жыйналгандардын баары бир ооздон Аны өлүмгө татыктуу деп чечим чыгарышты.

 

65Кээ бири Ыйсанын бетине түкүрүшүп, көзүн жаап, жаакка чаап: — Кана, ким урду, айтчы! — дей башташты.

 

Сакчылар да Аны бетке койгулашты.

 

Петирдин «Ыйсаны тааныбайм» деп үч жолу айтышы

 

66Петир төмөн жакта, короодо турганда, башкы динкызматчынын малай кыздарынын бири келип,

 

67оттун жанында жылынып турган Петирди көрдү да, ага тигиле тиктеп: — Сен да назареттик Ыйса менен бирге жүрчүсүң! — деди.

 

68Петир болсо:

 

— Эмне деп жатканыңды билбейм да, түшүнбөйм да! — деп макул болбоду. Анан жолдун жанындагы короого чыкканда, короз кыйкырды.

 

69Малай кыз аны кайрадан көрүп, ошол жерде тургандарга:

 

— Бул ошолордун бирөөсү, — деп айта баштады.

 

70Петир дагы макул болгон жок.

 

Бир аздан кийин ошол жерде тургандар Петирге:

 

— Сен чын эле ошолордун бирисиң, анткени галилеялыксың, — дей башташты.

 

71Петир болсо:

 

— Кудай урсун, силер айтып жаткан ал кишини тааныбайм, — деп карганып-шиленип кирди.

 

72Ошол замат короз экинчи ирет кыйкырды. Ошондо Петир Ыйсанын: «Короз эки ирет кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың», — деген сөзүн эстеди, да өксүп ыйлай баштады.

 

15

 

Ыйса Пилаттын алдында

 

1Таңазанда жогорку динкызматчылар шашылыш түрдө эл башчылары, дин мугалимдери жана жогорку кеңештин бардык мүчөлөрү менен жолугуп, чечим чыгарышты да, Ыйсаны байлап алып барып Пилаттын колуна тапшырышты.

 

2Пилат Ыйсадан:

 

— Иудейлердин падышасы сенсиңби? — деп сурады.

 

Ыйса:

 

— Өзүңүз айтып турасыз, — деди.

 

3Жогорку динкызматчылар Ыйсага көп айыптарды тагышты.

 

4Ошондуктан Пилат Ага кайрадан: — Жооп бергиң келбейби? Карачы, сага канча көп айыптар айтылууда! — деди.

 

5Бирок Ыйса буга да эч жооп кайтарган жок, ошондуктан Пилат таң калды.

 

Ыйсаны өлүмгө кыюу

 

6Куткарылуу майрамына карата дайыма Пилат алар сураган бир кылмышкерди бошотуп берчү.
7Ошол кезде көтөрүлүш убагында өзүнүн шериктери менен киши өлтүргөн Барабба деген бир киши түрмөдө олтурган.
8Эл Пилаттан адатта алар үчүн жасаган ишин талап кылып, чуулдай башташты.

 

9Пилат аларга: — Силерге «иудейлердин падышасын» бошотуп беришимди каалайсыңарбы? — деди.

 

10Пилат Ыйсаны жогорку динкызматчылар көрө албастыктан кармап бергенин абдан жакшы билип туруп ушундай деди.

 

11Жогорку динкызматчылар болсо элди Бараббаны бошотуп берүүнү суроого козутушту.

 

12Пилат элге дагы бир кайрылып: — Анда силер «иудейлердин падышасы» деп атаган кишини эмне кылышымды каалайсыңар? — деди.

 

13Алар:

 

— Айкаш жыгачка када! — деп кыйкырышты.

 

14Пилат аларга:

 

— Ал эмне жамандык кылды? — деди.

 

Бирок алар мурдагыдан да катуу ызы-чуу түшүп:

 

— Аны айкаш жыгачка кадап сал! — деп бакырышты.

 

15Пилат болсо элге жагыныш үчүн аларга Бараббаны бошотуп берди, Ыйсаны болсо сабатты да, айкаш жыгачка кадап салууга буйрук кылды.

 

Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы

 

16Жоокерлер Ыйсаны акимчиликтин короосуна алып киришти да, бүт полкту чогултушту.
17Анан Ыйсага кочкул кызыл чапан жабышып, тикенектен таажы жасап башына кийгизишти да:
18«Жашасын иудейлердин падышасы!» — деп салам бере башташты.
19Шылдыңдап камыш менен башка чабышып, түкүрүшүп, чөгөлөй калып, жүгүнүп жатышты.
20Мазактап бүтүшкөндө, үстүндөгү кочкул кызыл чапанды сыйрып алып, Өзүнүн кийимин кийгизишти да, айкаш жыгачка кадаганы алып жөнөштү.

 

21Жолдо айылдан келе жаткан Искендер менен Руптун атасы — киринеялык Ысманды жолуктурушуп, аны Ыйсанын айкаш жыгачын көтөрүп барууга мажбур кылышты.
22Ошентип Ыйсаны Голгота (мунун мааниси: «Баш сөөк жайы») деген жерге алып келишти.
23Ал жерден Ага дененин кыйналганын басуучу мүр чайыры кошулган шарап беришти. Бирок Ыйса аны ичкен жок.
24Айкаш жыгачка кадагандар кимисине эмнеси тиер экен деп чүчү кулак кармашып, кийимдерин бөлүп жатышты.

 

25Ыйсаны айкаш жыгачка кадашканда, саат эртең мененки тогуздарга жакындап калган болчу.
26Анын айыбын көрсөтүп турган тактада «Бул — иудейлердин падышасы» деген жазуу бар эле.
27Аны менен кошо дагы эки каракчыны бирин оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачтарга кадап салышты.[6]

 

29Өтүп бараткандар Ыйсаны кордоп, баштарын ийкегилешип: — Эй, ийбадаткананы бузуп, үч күндө кайра тургузуучу!
30Айкаш жыгачтан түшүп, өзүңдү куткарбайсыңбы? — дешти.

 

31Ошондой эле жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери да Ыйсаны мазакташып, бири бирине:

 

— Башкаларды куткарыптыр, өзүн болсо куткара албай турат!

 

32Машаяк, Ысрайылдын падышасы имиш, айкаш жыгачтан түшсүнчү, кана, көзүбүз менен көрөлү да, биз ага ишенип калалы, — дешти. Ыйса менен кошо кадалгандар да Аны кордоп жатышты.

 

Ыйсанын өлүмү

 

33Түшкү саат он экилерде бүт жерди караңгылык басып, ал саат үчкө чейин созулду.

 

34Саат үчтө Ыйса: — Элои, элои! Лама, сабахтани?— деп катуу үн менен боздоп жиберди.

 

Бул сөздүн мааниси: «Кудайым ай, Кудайым! Эмне үчүн Мени таштап кеттиң?»

 

35Ошол жерде тургандардын кээ бири муну угуп:

 

— Карасаңар, Илиясты чакырып жатат, — дешти.

 

36Бирөөсү жүгүрүп барып, соргучту сирке сууга малды да, таяктын учуна сайып алып, Ыйсанын оозуна такады. Ал эми башкалары:

 

— Токточу, көрөлү, Илияс келип, аны айкаш жыгачтан чыгарар бекен! — дешти.

 

37Ыйса болсо катуу кыйкырды да, жан берди.
38Ийбадатканадагы көшөгө башынан аягына чейин экиге бөлүнүп айрылды.

 

39Айкаш жыгачтын маңдайында турган римдик жүз башы Ыйсанын ушундай өлүмүн көргөндө: — Бул адам чын эле Кудайдын Уулу экен, — деди.

 

40Ошол жерде алыстан карап турган аялдар да бар эле. Алардын арасында магдалалык Мариям, кичүү Жакып менен Жосенин энеси Мариям жана Саломия да турган.
41Булар Ыйсага кызмат кылып, Аны Галилеядан бери ээрчип келишкен болчу. Булардан башка да Ыйса менен бирге Иерусалимге келген көптөгөн аялдар турду.

 

Ыйсанын көргө коюлушу

 

42-43Ариматиялык Жусуп Кудай Падышачылыгын өзү да күтүп жүргөн, жогорку кеңештин кадыр-барктуу мүчөсү болчу. Кеч кире баштаганда, ал Пилаттын алдына тартынбай кирип барды да, андан Ыйсанын сөөгүн берүүнү сурады. Ошол күн дем алыштын мурунку күнү — даярдануу күнү болчу.

 

44Пилат Ыйсанын тез эле өлүп калганын укканда, таң калды. Жүзбашыны чакырып алып: — Анын өлгөнүнө көп болдубу? — деп сурады.

 

45Жүзбашынын жообун уккан соң, Жусуп Ыйсанын сөөгүн бердиртти.
46Жусуп ак кепин сатып алды да, сөөктү айкаш жыгачтан түшүрүп, кепинге ороп, аскага оюлуп жасалган көргө койду. Анан чоң ташты томолотуп келип, көрдүн оозун бекитти.
47Магдалалык Мариям менен Жосенин энеси Мариям Ыйсанын сөөгүн кайда коюшканын карап турушту.

 

16

 

Ыйсанын тирилиши

 

1Дем алыш өткөндөн кийин, магдалалык Мариям, Жакыптын энеси Мариям жана Саломия болушуп, Ыйсанын сөөгүн майлап келүү үчүн жыттуу майларды сатып алышты.
2Анан жуманын биринчи күнү таң азанда мүрзөгө жөнөштү.

 

3Жолдо өз ара: — Көр оозундагы ташты бизге ким жылдырып берер экен? — деп келишти.

 

4Бирок карашса, таш жылып калыптыр! Таш болсо абдан чоң болчу.
5Көргө кирип, оң тарапта отурган ак кийимчен бир уланды көрүп, үрөйлөрү учту.

 

6Улан болсо:

 

— Коркпогула! Силер айкаш жыгачка кадалган назареттик Ыйсаны издеп жүрөсүңөр! Ал тирилип кетти, бул жерде жок! Анын сөөгү коюлган жер мына.
7Эми болсо баргыла да, шакирттерине жана Петирге муну айткыла: Ал силерден мурун Галилеяга барат. Өзү айткандай, силер Аны ошол жактан көрөсүңөр, — деди.

 

8Айран таң калып, коркунучтан калтыраган аялдар көрдөн чыгып, чуркап жөнөштү. Бул окуядан жүрөктөрү түшүп, эч кимге эч нерсе айтышпады.

 

Ыйсанын магдалалык Мариямга көрүнүшү

 

9Жуманын биринчи күнү таң азанда тирилген соң, Ыйса ичинен жети жинди кубалап чыгарган магдалалык Мариямга биринчи көрүндү.
10Мариям Анын боздоп ыйлап олтурушкан шериктерине барып, көргөнүн айтып берди.
11Бирок алар Ыйсанын тирүү экенин жана Мариямдын Аны көргөндүгүн угушса да, ишенишкен жок.

 

Ыйсанын эки шакиртине көрүнүшү

 

12Мындан соң, Ыйса айылга бара жатышкан эки шакиртине башкача кейипте көрүндү.
13Эки шакирт кайтып келип, калгандарына көргөндөрүн айтып беришти, бирок аларга да ишенишпеди.

 

Ыйсанын он бир шакиртине көрүнүшү

 

14Мындан кийин Ыйса тамактанып олтурушкан он бир шакиртине көрүндү. Шакирттеринин өздөрү да ишенбей, Өзүнүн тирилгенин көргөндөргө да кежирленип ишенбей коюшканы үчүн аларды урушту.

 

15Анан Ыйса аларга мындай деди: — Бүт жер жүзүн кыдырып, бардык адамдарга Жакшы Кабарды жарыя кылгыла.
16Ким ишенип, чөмүлдүрүлсө, ал куткарылат. Ал эми ким ишенбесе, ал айыпталат.
17Ишенгендерди бул жышаандар коштойт: алар Менин атым менен жиндерди кубалашат, жаңы тилдерде сүйлөшөт,
18жыландарды кармап алышса же уу ичип алышса, зыян тартышпайт, оорулууларга кол коюшса, алар айыгып кетишет.

 

Ыйсанын көккө көтөрүлүшү

 

19Ушул сөздөрдү айтып бүткөн соң, Эгебиз Ыйса көккө көтөрүлүп, Кудайдын оң жагына — ардактуу орунга олтурду.

 

20Шакирттер болсо, бардык жерлерде ушул Жакшы Кабарды таратып жүрүштү. Эгебиз аларга жар болуп, айтылган сөздү кереметтүү жышаандар менен ырастап жатты. Аялдар Петир менен Анын шериктерине барып, өздөрүнө айтылган сөздүн баарын кыскача айтып беришти. Ушундан соң, Ыйса шакирттери аркылуу күн чыгыштан күн батышка чейин түбөлүк куткарылуунун ыйык жана өлбөс-өчпөс кабарын таратты.

 

 

 

Лука

1

 

Кат башы

 

1Урматтуу Теопил, арабызда болуп өткөн окуяларды көп адамдар аңгеме кылып жаза башташты.
2Биз бул окуяларды тээ башынан бери аларды өз көзү менен көрүп, күбө болгон Жакшы Кабар жарчыларынан уккан элек.
3Эми, ошол окуялардын баарын баштан-аяк кылдаттык менен изилдеп чыккан соң, мен да сизге ырааты менен жазып жиберүүнү туура таптым.
4Менин максатым — мурдагы сиз алган таалимдердин аныгын билдирүү.

 

Жакыя пайгамбардын дүйнөгө келери тууралуу кабар

 

5Иудея аймагынын падышасы Ироддун убагында Абыя[1]уруусунан чыккан Закир аттуу бир динкызматчы болгон. Аялы Элизабет да Арун уруусунан эле.
6Экөө тең Кудай алдында ак жашап, Эгебиздин бардык осуят-парыздарын так аткарышчу.
7Элизабет төрөбөгөндүктөн, алар балалуу болушкан эмес. Ал экөө улгайып да калышкан эле.
8Закир ошол кезде өз уруусунун кезеги келип, динкызматчы катары Кудайга кызмат кылып жүргөн.
9Бир күнү динкызматчылар арасындагы салт боюнча чүчү кулак кармашканда, Закирге Эгебиздин ийбадатканасына кирип, жыттуу чайыр түтөтүү милдети тийди.
10Ал бул милдетин аткарып жатканда, калың эл сыртта сыйынып турду.
11Ошондо чайыр түтөтө турган тактанын оң капталында Эгебиздин периштеси пайда болду.
12Аны көргөн Закир селт этип, коркуп кетти.

 

13Бирок периште ага: — Закир, коркпо! Сыйынган үнүң Кудайга жетти. Аялың Элизабет сага уул төрөп берет, атын Жакыя койгун.
14Кубанычың койнуңа батпай, сүйүнөсүң. Анын туулушу көп адамдарды кубанычка бөлөйт.
15Эгебиздин алдында мартабасы бийик болот. Арак-шарапты оозуна албайт. Энесинин ичинен эле Ыйык Рухка толот.
16Ысрайыл урпактарынын көбүн өздөрүнүн Кудай Эгесине кайра алып келет.
17Аталарынын көңүлүн балдарына буруп, тоң моюндардын жүрөгүн жибитип, Эгебиздин келишине элди даярдаш үчүн Илияс пайгамбардын күч-кудурети менен Эгебизден мурда келет, — деди.

 

18— Муну мен кантип биле алам? Өзүм карыдым, кемпирим да улгайып калды, — деп сурады Закир периштеден.

 

19Периште:

 

— Мен Кудай алдында турган Жебирейилмин. Сага ушул кабарды сүйүнчүлөш үчүн жиберилген элем.
20Убагы келгенде, айткан сөзүм аткарылат. Бирок сөзүмө ишенбей койгонуң үчүн тилден калып, айтканым аткарылган күнгө чейин сүйлөбөйсүң, — деди.

 

21Бул арада Закирди күтүп турган эл анын ийбадатканада мынчалык кармалганына таң калып турушту.
22Закир эл алдына чыкканда, сүйлөй албады. Ошондо анын ийбадаткананын ичиндеги ыйык бөлмөдөн[2]аян көргөнүн түшүнүштү. Ал кол жаңсап, сүйлөй албай, дудук болуп калды.

 

23Диний милдети бүткөн соң, Закир үйүнө кайтты.
24-25Көп узабай эле Элизабет кош бойлуу болду. «Эл алдында "төрөбөс" деген атка калтырбай, Эгем мага назарын салды», — деп ал беш ай бою үйүнөн чыкпады.

 

Кудай жиберген Куткаруучунун дүйнөгө келери тууралуу кабар

 

26Элизабеттин боюндагы баласы алты айлык болгондо, Кудай Жебирейил периштени Галилея аймагындагы Назарет шаарында жашаган Мариям аттуу бир кызга жиберди.
27Ал Дөөт падышанын тукумунан чыккан Жусуп деген кишиге башы байланган эле.

 

28Периште Мариямга келип: — Амансыңбы, Кудайдын мээри түшкөн кыз! Эгебиз сага жар болсун! — деди.

 

29Бул сөздү укканда, Мариям абдан таң калды. «Бул кандай саламдашуу болуп кетти?» — деп ойлонуп туруп калды.

 

30Ошондо периште мындай деди: — Мариям, коркпогун, сага Кудай ырайым кылды.
31Кош бойлуу болосуң да, уул төрөйсүң. Атын Ыйса кой!
32Ал улуу инсан болуп, Кудай Тааланын Уулу аталат. Кудай Эгебиз Ага бабасы Дөөттүн падышалык тактысын берет.
33Ал Ысрайыл элине түбөлүк падышалык кылып, Анын падышачылыгына чек болбойт.

 

34— Бул кандайча болот, мен али күйөөгө чыга элекмин да? — деди Мариям периштеге.

 

35— Сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт да, сага Кудай Тааланын кудуретинин көлөкөсү тиет. Мына ошол себептен төрөлө турган ыйык бала Кудай Уулу аталат.

 

36Эжең Элизабетти карачы! Адамдар аны «төрөбөс» дешчү эле, бирок ал да азыр, карыган чагында, боюна эркек бала бүтүп, кош бойлуу болгонуна алты ай болуп калды.
37Себеби Кудайдын колунан келбеген эч нерсе жок, — деп айтты периште.

 

38Ошондо Мариям:

 

— Мен Эгебиздин кулумун. Айтканыңыздай болсун, — деди.

 

Анан периште көздөн кайым болду.

 

Мариямдын Элизабетке барышы

 

39Ушул окуядан кийин Мариям шашылыш түрдө Иудеянын тоолуу жериндеги шаарга жөнөдү.
40Анда жашаган Закирдин үйүнө кирери менен Элизабет менен учурашты.
41Мариямдын үнүн укканда, Элизабеттин курсагындагы бала туйлап кетти. Элизабет Ыйык Рухка толуп, кубанганынан мындай деп кыйкырып жиберди:

 

42— Сен аялдардын ичинен таалайлуусуң. Ичиңдеги балаң да таалайлуу.
43Эгемдин энеси мага келгендей мен ким элем?
44Саламыңды укканда, ичимдеги балам сезип, туйлап жиберди.
45Ишеними бар, бактылуу жан экенсиң. Себеби сага айткан сөздөрүн Эгем сөзсүз орундатат.

 

Мариямдын кубаныч ыры

 

46Мариям болсо мындай деди:

 

 

— Эгемди жаным урматтайт.

 

47Куткаруучум — Кудайым

 

Абдан мени сүйүнттү,

 

48Назарын салып кулуна

 

Моюн сунганым көрдү.

 

Эми бардык урпактар,

 

«Таалайлуу» деп аташып,

 

Атымды даңазалашат.

 

49Кудуреттүү Кудайым

 

Мага чоң урмат көрсөттү.

 

Ысмы ыйык Кудайдын,

 

50Андан корккон пенделер,

 

Укумдардан тукумга,

 

Мээримине бөлөнөт.

 

51Кудурети менен Ал,

 

Улуу иштер жасаган:

 

Көпкөндөрдүн ниетин,

 

Чачыратып, кыйраткан.

 

52Күчтүүлөрдү тактыдан

 

Ал шыпырып түшүргөн.

 

Алсыздарды көтөргөн,

 

53Мусаапыр, ачыккандарга

 

Берекесин мол төккөн.

 

Байларды кур кол жөнөткөн.

 

54-55Түп атабыз Ыбрайымга

 

Жана да урпактарына

 

Боломун деген мээримдүү,

 

Сөздөрүн эстеп убада,

 

Кызматчысы Ысрайылга

 

Ар дайым көмөк көрсөткөн.

 

 

56Мариям үч айдай эжесинин жанында болуп, анан үйүнө кайтты.

 

Жакыя пайгамбардын дүйнөгө келиши

 

57Элизабет ай-күнүнө жетип, уул төрөдү.
58Эгебиздин ага кылган бул ырайымын коңшу-колоңдору, тууган-туушкандары угуп, алар да Элизабеттин кубанычына ортоктош болушту.
59Бир жума дегенде, алар баланы сүннөткө олтургузуп, Закир деп атасынын атын коймокчу болушту.

 

60Бирок энеси: — Жок, аты Жакыя болот! — деп каршы чыкты.

 

Алар:

 

61— Сенин уругуңда мындай аттуу эч ким жок го, — дешти да,
62кол жаңсап, атасынан кандай ат койгусу келерин сурашты.
63Атасы колуна бир тактай алды да, «ысымы Жакыя болсун» деп жазып койду. Буга баары таң калышты.
64Ошол эле замат Закирге тил кирип, Кудайды алкай баштады.
65Айланада жашагандардын баарын Кудайдын коркунучу каптап, бүтүндөй тоолуу Иудеяда бул окуялардын тегерегинде кеп-сөз жүрдү.
66«Бул бала ким болор экен?» — дешип, уккандардын баары бул окуяларды эсине түйүштү. Анткени баланы кудуреттүү Эгебиз Өзү колдогону анык эле.

 

Закирдин пайгамбарлык сөзү

 

67Баланын атасы Ыйык Рухка толуп, мындай деп пайгамбарлык сөзүн айтты:

 

 

68— Ысрайылдын Кудайы —

 

Эгебизге алкыш-даңк!

 

Анткени Ал элине

 

Келди дагы, куткарды.

 

69Өз кулунун — Дөөттүн

 

Тукумунан жаратып,

 

Кудуреттүү Куткаруучу

 

Мына эми жиберди.

 

70Тээ мурдатан касиеттүү

 

Пайгамбарлар аркылуу

 

Кудай бизге айткандай,

 

71Касташкандарыбыздан

 

Жек көргөндүн баарынан

 

Бизди келип куткарар.

 

72Ата-бабаларыбызга

 

Ырайымдуу болом деп,

 

Өз ыйык келишимин

 

Түбөлүк унутпайм деп,

 

73Бабабыз Ыбрайымга

 

Берген антын эстеп, Ал

 

74Айыгышкан жообуздун

 

Колдорунан кутказат.

 

Эч нерседен коркпостон,

 

75Өмүр бою алдында

 

Ыйык жана адилет

 

Болуп кызмат кылабыз.

 

76-79Сен болсо, оо, наристем,

 

Кудайыбыз Тааланын

 

Пайгамбары аталып,

 

Жараткан Өз элинин

 

Күнөөлөрүн кечирип

 

Куткарарын билдирип,

 

Эгебиздин алдынан

 

Жол даярдап чыгасың.

 

Өз элине кайрымдуу

 

Жана дагы мээримдүү

 

Кудайыбыз мына эми

 

Бизге ичи элжиреп,

 

Куткаруунун ак таңын

 

Жаркыратат асмандан,

 

Караңгы менен өлүмдүн

 

Болгондорго алдында

 

Чачыратат жарык-нур,

 

Тынчтыгына алпарган

 

Ак жолуна багыттайт.

 

 

80Ал эми бала эрезеге жетип, эл алдына чыкканча ээн чөлдө жашады.

 

2

 

Куткаруучу Машаяктын дүйнөгө келиши

 

1Ошол күндөрү Рим падышасы Август мамлекетте жашаган элдин баары каттоодон өтсүн деген буйрук чыгарды.
2Бул губернатор Кирини Сирия жерин бийлеп турган кездеги биринчи эл каттоо болчу.
3Элдин баары катталуу үчүн өз-өз шаарларына жөнөштү.
4Жусуп да Галилеянын Назарет шаарынан Иудеядагы Дөөт шаары — Бейтлехемге жөнөдү. Себеби ал Дөөт тукумунан эле.
5Сөйкө салынып, Жусупка башы байланган, кош бойлуу Мариям да бирге барды.
6-7Алар шаарга келгенде, жата турган жайда орун жок болгондуктан, ай-күнү жетип турган Мариям тун уулун малканада төрөп, баланы ороду да, акырга жаткырып койду.

 

Койчулар жана периштелер

 

8Ошол жерде түнкүсүн талаада койлорун кайтарып койчулар жүрүшкөн.
9Күтүлбөгөн жерден алардын алдында Эгебиздин периштеси пайда болуп, Эгебиздин улуу нуру айлананы жарык кылып жиберди. Койчулар аябагандай коркуп кетишти.

 

10Бирок периште аларга: — Коркпогула! Мен бүтүндөй элди сүйүнтө турган улуу кубанычты кабарлап жатам:
11Бүгүн Дөөт шаарында силердин Куткаруучуңар дүйнөгө келди. Ал — Эгебиз Машаяк.
12Мына бул нерсе силер үчүн жышаан болсун: силер акырда оролуу жаткан наристени көрөсүңөр, — деди.

 

13Аңгыча периштенин жанында дагы башка көптөгөн периштелер пайда болушту да:

 

14— Көктө Кудайга урмат болсун! Жер бетинде Анын сүйгөн жандарына тынчтык болсун! — деп Кудайды даңкташты.

 

15Периштелер асманга кетишкенде, койчулар бири бирине:

 

— Жүргүлө, Бейтлехем шаарына барып, Эгебиз бизге билдирген бул жаңылыкты көрүп келели, — дешти.
16Алар тез эле шаарга келишти да, Мариямды, Жусупту жана акырда жаткан наристени көрүштү.
17Көрүшкөн соң, наристе жөнүндө уккандарын айтып беришти.
18Муну уккандардын баары койчулардын сөзүнө таңданышты.
19Мариям болсо баарын көңүлүнө түйө берди.
20Койчулар Кудайды даңктап, Ага мактоо айтып, кайра кайтышты, анткени көргөндөрүнүн баары периштенин айтканындай болуп чыккан эле.

 

Наристеге Ыйса деген ысымдын коюлушу

 

21Бир жума өткөн соң, баланы сүннөткө олтургуза турган маал келди. Ошондо бала бойго бүтөрдөн мурда периште атап кеткендей эле атын Ыйса коюшту.

 

Ата-энесинин Ыйсаны Кудайга табыштоосу

 

22Муса пайгамбардын китебинде жазылган мыйзам боюнча алардын адалдануу мөөнөтү[3]аяктаганда, баланы Эгебиздин алдына алып баруу үчүн Иерусалимге алып келишти.
23Анткени Эгебиздин мыйзам китебинде: «Ар бир биринчи төрөлгөн эркек бала Эгебиздики!»— деп жазылган.
24Алар Эгебиздин мыйзамы боюнча эки бактекти же көгүчкөндүн эки балапанын курмандык үчүн алып келүүгө милдеттүү эле.

 

25Ошол убакта Иерусалимде Шемон аттуу адам жашаган. Ал Ысрайыл элинин азаттыкка чыгар мезгилин күтүп жүргөн адил, такыбаа, Кудайдын Ыйык Руху даарыган киши болчу.
26Ыйык Рух ага: «Жараткан Эгенин Машаягын көргүчө өлбөйсүң» — деп алдын ала айткан эле.
27Ошол күнү ал Ыйык Рухтун жетегинде ийбадатканага келген. Тоораттагы мыйзамда көрсөтүлгөндөй, баланы Кудайга табыштоо расмисин аткаруу үчүн ата-энеси Ыйсаны алып келгенде,
28Шемон наристени колуна алды да, Кудайга алкыш айтып, мындай деди:

 

 

29— Оо, Эгем, Өзүң мурда айткандай,

 

Кулуң эми тынчтык менен көз жумсун.

 

30-32Бүт элдерге даярдаган куткарууңду,

 

Башка элдердин көзүн ачар нуруңду,

 

Өз элиңдин, Ысрайылдын сыймыгын

 

Эми мына көрдү менин көздөрүм.

 

 

33Наристе тууралуу айтылган бул сөздөргө ата-энеси таң калды.

 

34Шемон аларга батасын берди да, Мариямга: — Бул бала Ысрайылдагы көптөгөн адамдардын кулап калышына жана өйдө көтөрүлүүсүнө себепкер болот. Жашыруун сырларды ачыкка чыгаруучу талаш-тартыштардын белгиси болот.
35Өзүңдүн да жүрөгүңө канжар сайылат, — деп айтты.

 

36Ашыр уруусунан чыккан Пануилдин кызы Анна аттуу пайгамбар аял да ошол жерде жүргөн. Ал күйөөсү менен болгону жети жыл бирге жашап, анан жесир калган эле.
37Сексен төрт жаштагы бул аял киши орозо кармап, сыйынып, күнү-түнү Кудайга табынып, ийбадатканадан чыкчу эмес.
38Ал Ыйсага басып келип, Кудайыбызды алкыштады да, Иерусалимдин боштондукка чыгар күнүн күтүп жүргөндөрдүн баарына наристе бала жөнүндө айта баштады.

 

39Жусуп менен Мариям Эгебиздин мыйзамындагы парыздардын баарын аткарып бүтүшүп, Галилеядагы өз шаарына кайтышты.
40Бала болсо Кудайдын берекелүү батасына маарып, акылга толуп, чоңоё берди.

 

Ыйса Атасынын үйүндө

 

41Ыйсанын ата-энеси жыл сайын Куткарылуу майрамына Иерусалимге келип турушчу.
42Ыйса он эки жашка чыкканда, алар адаттагыдай эле Иерусалимге майрамдаганы келишти.
43Майрам бүтүп, үйүнө кайтып баратышканда, Ыйса Иерусалимде калып калды. Ата-энеси муну билбей,
44башка жолоочулар менен жүрсө керек деп ойлошту. Бир күндүк жолду басып өтүшкөндөн кийин, Аны туугандары менен тааныштарынын арасынан карашып,
45таппаган соң, кайра Иерусалимге издеп келишти.
46Үч күн өткөндө, устаттардын кебин тыңшап, суроо берип, ийбадаткананын короосунда олтурган жеринен табышты.
47Ыйсаны уккандар Анын зээндүүлүгүнө жана айткан жоопторуна таң калып олтурушкан экен.

 

48Ата-энеси да Ыйсаны көргөндө таң калышты, бирок энеси Ага: — Балам, бул эмне кылганың?! Мына, атаң экөөбүздүн шорубуз катып, Сени издеп, барбаган жерибиз калбады! — деди.

 

49Ыйса аларга:

 

— Мени издөөнүн эмне кереги бар эле? Атамдын үйүндө болушум керек экенин билген эмес белеңер? — деп жооп берди.

 

50Бирок Жусуп менен Мариям Анын сөзүнүн маанисин түшүнүшкөн жок.

 

51Ыйса ата-энеси менен Иерусалимден Назаретке келди. Ата-энесине тил алчаак болду. Энеси болсо мунун баарын көңүлүнө бекем түйдү.
52Ыйсанын ою да, бою да өсүп, Кудайга да, адамдарга да сүйкүмдүүлүгү артты.

 

3

 

Жакыя чөмүлдүрүүчүнүн чакырыгы

 

1Рим мамлекетине Тиберий башчылык кылганы он беш жылга караган кез эле. Иудея аймагына Понтий Пилат губернатор болуп, Галилея аймагына Ирод, Итурея менен Трахонит аймактарына Ироддун иниси Филип, Абилен аймагына Лусаний акимчилик кылып турушкан.
2Ал эми Анас менен Каяп жогорку динкызматчылар болгон. Ошолордун тушунда чөлдө күн өткөргөн Закирдин баласы Жакыяга Кудайдан сөз түштү.
3Ошондон баштап, Жакыя Иордан дарыясынын айланасындагы бардык аймактарды кыдырып, күнөөлөрдүн кечирилиши үчүн ниетти өзгөртүүнү жана сууга чөмүлүү расмисинен өтүүнү жар салып жүрдү.

 

 

4Ышая пайгамбардын китебинде мындай деп жазылган жери бар: «Жар салгандын чөлдө үнү угулат:

 

"Даяр кылган Эгебиздин жолдорун,

 

Талаадагы басар жерин түздөгүн!

 

5Кокту-колот толтурулсун бардыгы,

 

Түздөтүлсүн тоо-дөбөнүн бардыгы.

 

Ийри-буйру жолдор дагы оңдолсун,

 

Тегизделсин өңгүл-дөңгүл жерлер да.

 

6Мына ошондо тирүү жандын бардыгы

 

Кудайымдын куткаруусун көрүшөт"».

 

 

7Көп адамдар сууга чөмүлүү расмисинен өтүү үчүн Жакыя пайгамбардын алдына келишти. Жакыя аларга карап, мындай деди:

 

— Эй, жылан тукумдары! Келечектеги каардуу жазадан кантип качууну силерге ким көрсөттү эле?
8Ниетиңерди өзгөрткөнүңөр чын болсо, аны ошого ылайык жашооңор менен далилдегиле! Өзүңөрчө: «Ыбрайымдын балдарыбыз» деп корстон болбогула! Айтып коёюн: керек болсо Кудай Ыбрайымга мына бул жаткан таштардан бала жасап бере алат.
9Азыр дарактардын түбүндө балта даяр турат: ар бир жакшы жемиш бербегени кыйылат да, отко ыргытылат.

 

10Эл андан:

 

— Эми биз эмне кылышыбыз керек? — деп сурады.

 

11— Эки кийими барыңар бирин кийими жокко бергиле, тамак-ашы барыңар да ошенткиле, — деди ал.

 

12Сууга чөмүлүү расмисинен өткөнү келгендердин арасында салыкчылар да бар эле. Алар Жакыяга келишип:

 

— Устат, биз эмне кылышыбыз керек? — дешти.

 

13Силерге белгиленгенден ашык талап кылбагыла! — деп жооп берди Жакыя аларга.

 

14Аскер адамдары сурашты:

 

— Бизчи? Кандай кылышыбыз керек?

 

Жакыя аларга:

 

— Эч кимди зордобогула, кордобогула жана алган айлыгыңарга ыраазы болгула, — деп жооп берди.

 

15«Машаяк ушул болду бекен?» — деп үмүттөнүп, күтүп турган жамы журтка Жакыя мындай деди:

 

16— Мен силерди сууга чөмүлдүрүп жүрөм, менден алда канча кудуреттүү бирөө келе жатат. Мен анын бут кийиминин боосун чечүүгө да татыбайм. Ал силерди Ыйык Рухка жана отко чөмүлдүрөт.
17Ал өз кырманын тазалоо үчүн күрөгүн кармап даяр турат. Буудайын кампасына жыйып, топонун өчпөс отко ыргытат.

 

18Жакыя элге дагы башка көп насааттарды айтып, Жакшы Кабарды жарыялады.
19Ал аймак башчысы Ироддун да кылгандарын айтып, ашкере кылды. Ирод бир тууган инисинин аялы Иродияны алып, жана башка дагы көп жамандыктарды жасаган эле.
20Анысы аз келгенсип, үстүнө дагы кошуп, Жакыяны түрмөгө камады.

 

Ыйсанын чөмүлүү расмисинен өтүшү

 

21Эл сууга чөмүлүү расмисинен өтүп жатканда, Ыйса да чөмүлдү. Чөмүлгөндөн кийин, сыйынып турганда, асман ачылып,
22көгүчкөн кейпинде Ыйык Рух үстүнө түштү. Ошондо көктөн: «Сен Менин сүйүктүү Уулумсуң. Мен Сага ыраазымын!» — деген үн чыкты.

 

Ыйсанын ата теги

 

23Ыйса Өз кызматын баштаганда отуз жаштын тегерегинде болчу. Ал адамдардын ою боюнча Жусуптун уулу деп эсептелчү. Демек, Анын санжырасы мындай: Ал Жусуптун, Элийдин,
24Мататтын, Лебинин, Мелхинин, Жанайдын, Жусуптун,
25Мататайдын, Амостун, Ноомдун, Эслинин, Нагайдын,
26Мааттын, Мататайдын, Шимейдин, Жасектин, Жоданын,
27Жаханандын, Ырыстын, Зоробабылдын, Шелтиелдин, Неринин,
28Мелхинин, Адынын, Косамдын, Элмадамдын, Эрдин,
29Жашыянын, Элийезердин, Жоримдин, Мататтын, Лебинин,
30Шемондун, Жүйүттүн, Жусуптун, Жонамдын, Элиякимдин,
31Мелейдин, Меннанын, Мататтын, Натандын, Дөөттүн,
32Жесейдин, Абыттын, Обоздун, Шалмондун, Наасондун,
33Аминадаптын, Рамдын, Эсрондун, Перестин, Жүйүттүн,
34Жакыптын, Ыскактын, Ыбрайымдын, Терахтын, Нахордун,
35Серухтун, Регунун, Пелектин, Эбердин, Шеланын,
36Кайнандын, Арпакшаттын, Шемдин, Нухтун, Лемектин,
37Матушалдын, Анактын, Эреттин, Махалалилдин, Кайнандын,
38Эноштун, Шеттин, Адам атанын, Кудайдын Уулу.

 

4

 

Шайтандын сыноосу

 

1Ыйык Рухка толгон Ыйса Иордандан кайтып келе жатып, Анын таасири астында чөлгө барды.
2Чөлдө кырк күн бою ибилистин сыноосунан өттү. Кырк күн эч нерсе жебегендиктен, бул күндөр өткөндө абдан ачка болду.

 

3Ошондо ибилис Ага: — Кудайдын Уулу болсоң, мына бул ташка буюрчу, нан болуп калсын! — деди.

 

4Ыйса ага мындай жооп берди:

 

— Ыйык Жазууда: «Адам жалаң эле нан менен жашабайт!»— деп жазылган.

 

5Мындан соң, ибилис Ыйсага кыска убакыттын ичинде дүйнөнүн бардык падышачылыктарын көрсөтүп:

 

6— Ушул падышачылыктардын үстүнөн болгон толук бийликти, алардын атак-даңкын сага берем. Анткени мага укук берилген: аны кимге кааласам, ошого бере алам.
7Сен мага табынсаң, баары сеники болот, — деди.

 

8Ыйса ага:

 

— Ыйык Жазууда: «Кудай Эгеңе табын, жалгыз Ага кызмат кыл!»деп жазылган, — деп жооп берди.

 

9Ошондо ибилис Аны Иерусалимдеги ийбадаткананын төбөсүнө тургузуп:

 

— Эгер Кудайдын Уулу болсоң, ушул жерден боюңду таштап жиберчи!
10«Кудай Өзүнүн периштелерине сени сактоону буйрат,
11ташка бутун уруп албасын деп, алар сени колдоруна көтөрүшөт»— деп жазылган эмеспи, — деди.

 

12Ыйса ага мындай жооп берди:

 

— «Кудай Эгеңди сынаба!»— деп жазылган.

 

13Ибилис Ыйсаны бардык жагынан сынап бүткөн соң, Андан убактылуу кетип калды.

 

Ыйсанын Өз мекенинде четке кагылышы

 

14Ыйык Рухтун күчүнө толгон Ыйса Галилеяга кайтып келди. Ал жөнүндө кабар жер-жерлерге тарады.
15Ыйса синагогаларга кирип, элге таалим берип, алардын мактоосуна арзыды.

 

16Бир күнү Ал Өзү өскөн Назарет шаарына келди. Адатынча дем алыш күнү синагогага барды. Ал Ыйык Жазуудан окуп берүү үчүн ордунан турганда,
17Ага Ышая пайгамбардын китебин сунушту. Ыйса китепти ачып, мындай деп жазылган жерин тапты:

 

 

18«Эгемдин Руху үстүмдө,

 

Анткени Ал Мени тандады,

 

Жакшы Кабар айтууга

 

Жакырларга дайындап.

 

Бошонорун туткундар,

 

Сокурлардын көздөрү

 

Көрөрүн кабар кылууга

 

Жана эзилгендерди

 

Эркиндикке чыгарууга,

 

19Эгебиздин кечирим

 

Бере турган мезгилин —

 

Ырайым кылар жылын да

 

Жар салууга жөнөттү».

 

 

20Ыйса китепти жаап, кызматчыга кайтарды да, таалим берүү үчүн жайгашып отурду. Синагогадагы элдин баары тең Аны тигиле карашты.

 

21Ошондо Ыйса: — Силер уккан Ыйык Жазуудагы сөздөр бүгүн аткарылды, — деди.

 

22Баары Ага ыраазы болушту да, оозунан чыккан кереметтүү сөздөргө таң калышып:

 

— Ой, бул Жусуптун эле баласы эмеспи? — дешти.

 

23— «Дарыгер болсоң өзүңдү айыктыр!» деген макалды айтарыңар бышык, — деди Ыйса аларга, — «Капарноомдо кылгандарыңды бул жерде, өз мекениңде да кыл» дээрсиңер.
24Силерге бир чындыкты айтып коёюн: өз элинде пайгамбардын кадыры жок болот.
25Чын айтып жатам: Илияс пайгамбардын тушунда үч жыл алты ай бою асмандан тып эткен тамчы тамбай, бардык жерде ачарчылык болгондо, Ысрайылда жесирлер көп эле.
26Бирок Кудай Илияс пайгамбарды ошолордун эч кимисине жибербестен, Сидон аймагындагы Сарепта шаарында жашаган бир жесирге алып барды.
27Элиша пайгамбардын тушунда да Ысрайылда пес дартына чалдыккандар көп болгон, бирок алардын бири да айыкпастан, сириялык Нааман аттуу киши гана айыккан.

 

28Муну укканда, синагогада отургандардын баары катуу ачууланышты.
29Тура калышып, Ыйсаны шаардын сыртына кууп чыгышты да, ылдый кулатмакчы болуп, шаар жайгашкан тоонун чокусуна алып барышты.
30Бирок Ыйса аларды аралап өтүп, кетип калды.

 

Жинге чалдыккан киши

 

31Ыйса Галилеядагы Капарноом шаарына түшүп келди да, дем алыш сайын элге таалим берип жатты.
32Адамдар Анын таалимине таң калып жатышты, себеп дегенде Анын сөзүндө кудурет бар эле.
33Бир күнү синагогада жинге чалдыккан бир киши жүргөн. Ошол киши кыйкырып жиберди:

 

34— Эй, назареттик Ыйса! Биз менен кандай ишиң бар? Түбүбүзгө жеткени келдиңби, ыя? Мен билем Сенин ким экениңди: Сен — Кудайдын ыйыгысың!

 

35Ыйса жинди тыйып:

 

— Үнүңдү бас! Бул кишиден чыгып кет! — деди.

 

Жин ошол кишини турган жеринде жыгып, эч кандай зыян келтирбестен, чыгып кетти.

 

36Элдин баарынын үрөйү учуп, өз ара: — Кара күчтөрдү бийлик менен чыгара кууган, бул кандай кудурет болду экен? — дешти.

 

37Ошентип, туш-туш жакка Ыйса жөнүндө сөз тарап кетти.

 

Ыйсанын көп адамды айыктырышы

 

38Ыйса синагогадан чыгып, Ысмандын үйүнө келди. Үйдө анын кайненеси ысытма болуп, катуу ооруп жатыптыр. Ыйсадан аны көрүп берүүсүн суранышты.
39Ыйса аялдын маңдайына басып келип, ысытманы басар замат, ал куландан соо тура калып, дароо конокторун тейлей баштады.

 

40Күн батканда элдин баары ар кандай оорулууларды Ыйсага алып келе башташты. Ыйса ар биринин үстүнө колун коюп, аларды айыктырып жатты.
41Көп адамдардын ичинен жиндер: «Сен Кудай Уулусуң!» — деп бакырып, чыгып кетип жатты. Ыйса аларга Өзүнүн Машаяк экенин айтууга тыюу салды, анткени жиндер Анын Машаяк экенин билишчү.

 

Ыйсанын синагогаларда Жакшы Кабар айтышы

 

42Таң атканда, Ыйса ээн жерге барды. Калың эл Аны издеп келип, кетирбестен өздөрү менен алып калгылары келди.

 

43Бирок Ыйса аларга: — Мен башка шаарларга да Кудай Падышачылыгы тууралуу Жакшы Кабарды жеткиришим керек, анткени Кудай Мени ошол максат менен жиберген, — деди.

 

44Ошентип, Ыйса Иудея жериндеги синагогаларда элге Жакшы Кабарды жар салып жүрдү.

 

5

 

Ыйсанын алгачкы шакирттерин тандашы

 

1Бир күнү Ыйса Генисарет көлүнүн жээгинде турган эле. Кудай сөзүн угууга келген эл көп болгондуктан кысылып турду.
2Ошондо Ыйса жээктен эки кайыкты көрдү. Кайыктардан түшкөн балыкчылар торлорун жууп жатышкан.
3Кайыктардын бири Ысмандыкы эле. Ыйса анын кайыгына түшүп, жээктен ары бир аз түртүп коюусун өтүндү. Анан олтуруп алып, элге таалим бере баштады.

 

4Сөзүн бүткөндө, Ысманга: — Көлдүн терең жерине сүзүп барып, балык кармаганга торлоруңарды салгыла, — деди.

 

5Ысман:

 

— Оо, устат, түнү менен мээнеттенип, эч нерсе кармай албадык. Бирок сен айтып жаткан соң, торлорду салып көрөйүн, — деди.

 

6Торлорун салышканда, балык мол түштү. Балыктын көптүгүнөн торлору айрыла баштады.
7Ошондо экинчи кайыктагы жолдошторуна кол булгап, жардамга чакырышты. Алар келишип, эки кайыкты тең балыкка толтурушту. Жүгүнүн оордугунан кайыктар сууга чөгө түштү.

 

8Муну көргөн Ысман-Петир Ыйсанын бутуна жыгылып: — Оо, таксыр, менден кетчи, мен күнөөкөр адаммын! — деди.

 

9Анткени ушунчалык көп балык түшкөнүнөн өзү да, жанындагылар да үрөйү учуп, коркуп турушкан.

 

10Ысмандын шериктери болгон Зебедейдин балдары Жакып менен Жакан да ушундай абалда эле. Ошондо Ыйса Ысманга карап: — Коркпо, мындан ары балык кармагандын ордуна, адамдарды Кудайга кантип алып келүүнү үйрөтөм, — деди.

 

11Алар кайыктарды жээкке чыгарып салышты да, баарын таштап, Ыйсаны ээрчип жөнөштү.

 

Пес оорулуу адамдын айыгышы

 

12Ыйса ошол жердеги айылдардын биринде жүргөндө, Ага бүткөн боюн пес баскан оорулуу адам жолукту. Ал Ыйсаны көрөрү менен алдына келип, чөк түшүп, жалынды:

 

— Оо, таксыр, эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз.

 

13Ыйса колун созуп ага тийгизди да:

 

— Каалаймын, айыккын! — деди.

 

Оорулуу ошол замат айыгып кетти.

 

14— Бул тууралуу эч кимге ооз ачпа! — деп буюрду Ыйса бул адамга. — Бар да, өзүңдү динкызматчыга көргөзүп, айыкканыңдын далили катары Муса буюрган курмандыкты алып баргының.

 

15Ыйса жөнүндө кеп-сөз дагы жайылып, көптөгөн адамдар Анын сөзүн угуп, дарттарынан айыгыш үчүн туш-тараптан Ага келип жатышты.
16Ыйса болсо ээн талаага барып, сыйынып турду.

 

Шал болгон адамдын айыгышы

 

17Ыйса таалим берип отурган күндөрдүн биринде Эгебиздин кудурети оорулуулардын айыгуусунан көрүнүп жатты. Галилея менен Иудея аймактарынын туш-тарабынан жана Иерусалимден келген фарисейлер, дин мугалимдери да Ыйсанын таалимин угуп олтурушкан.
18Аңгыча бирөөлөр шал болгон адамды төшөнчүсү менен көтөрүп келишти. Аны үйгө киргизип, Ыйсанын алдына коюуга аракет кылышты,
19бирок элдин көптүгүнөн өтө алышпады. Ошондо алар тамдын үстүнө чыгышты да, төбөсүн тешип, оорулууну төшөнчүсү менен Ыйсанын алдына түшүрүштү.

 

20Ыйса алардын ишенимин көрүп, шал адамга: — Пендем, күнөөлөрүң кечирилди! — деди.

 

21Дин мугалимдери менен фарисейлер болсо өз ара:

 

— Бул адам Кудайга акарат келтирип атат. Күнөөлөрдү бир Кудайдан башка ким кечире алат? — дей башташты.

 

22— Эмне деп жатасыңар ичиңерден? — деди Ыйса, алардын оюн билип,
23— «Күнөөлөрүң кечирилди!» деп айтуу оңойбу, же «Ордуңан тур да, бас!» деген оңойбу?

 

24Билип алгыла, Адам Уулунун жер бетинде күнөөлөрдү кечире турган бийлиги бар! Ыйса ушундай деди да, шал болгон кишини карап:

 

— Сага айтам: тур, төшөгүңдү ал да, үйүңө бар! — деди.

 

25Шал киши ошол замат баарынын көз алдында ордунан туруп, төшөгүн алды да, Кудайды даңктап, үйүнө жөнөдү.

 

26Баарын тең коркунуч басып, аң-таң болушуп: — Биз бүгүн акылга сыйбаган укмуштуу окуяны көрдүк! — деп, Кудайды даңкташты.

 

Лебинин шакирттикке тандалышы

 

27Ушундан соң, Ыйса сыртка чыгып, салык жыйноочу жерде олтурган Леби аттуу кишини көрдү.

 

— Менин жолума түш! — деди Ыйса ага.

 

28Ал ордунан тура калды да, баарын таштап, Ыйсанын артынан басты.

 

Ыйса күнөөкөрлөрдү ниетин өзгөртүүгө чакыруу үчүн келди

 

29Леби Ыйсаны үйүнө чакырып, чоң сый көрсөттү. Анын үйүндө салыкчылардын жоон тобу жана дагы башка адамдар Ыйса менен бирге дасторкондо отурушту.

 

30Дин мугалимдери менен фарисейлер буга нааразы болушуп, Ыйсанын шакирттерине мындай дешти: — Эй, силер эмне үчүн салыкчылар жана күнөөкөрлөр менен бир дасторкондон ичип-жеп отурасыңар, ыя?!

 

31Ыйса аларга:

 

— Дарыгер дени сактарга эмес, оорулууларга керек.
32Мен такыбааларды эмес, күнөөкөрлөрдү ниеттерин өзгөртүүгө чакырганы келдим, — деди.

 

Орозо тутуу маселеси

 

33Дин мугалимдери менен фарисейлер Ыйсага:

 

— Жакыянын шакирттери бат-бат орозо тутуп, сыйынышат экен. Фарисейлердики да ошондой кылышат. Сенин шакирттериң болсо, орозо тутпастан, ичип-жей беришет экен! — дешти.

 

Ыйса аларга мындай деди:

 

34— Үйлөнүп жаткан жигит тойго чакырылган коноктордун арасында жүргөндө, аларды орозо кармагыла деп мажбурлоого болобу?
35Күйөө жигит алардан алынып кете турган күндөр келет, орозону алар ошондо тутушат.

 

36Ыйса аларга мындай бир ибарат айтты:

 

— Эч ким жаңы кийимден айрып, эски кийимге жамабайт. Эгер жамаса, анда жаңы кийим да жыртылат, жаңы жамаачы да эски кийимге жарашпай калат.
37Эч ким жаңы шарапты эскирген чаначтарга куйбайт. Эгер куйса, жаңы шарап чаначтарды айрып, өзү да төгүлөт, чаначтар да жарабай калат.
38Ошондуктан жаңы шарапты жаңы чаначтарга куюш керек.
39Эч ким эски шарапты ичкен соң, жаңысын сурабайт. Ал: «эскиси жакшы экен», — дейт.

 

6

 

Дем алыш күн тууралуу

 

1Дем алыш күндөрдүн биринде Ыйсага шакирттери менен эгин талаасын аралап өтүүгө туура келди. Шакирттери буудайдын башын жулуп, ушалап, жеп баратышты.

 

2Муну көргөн кайсы бир фарисейлер Ыйсага: — Силер эмне үчүн дем алыш күнү тыюу салынган ишти кылып жатасыңар? — дешти.

 

3— Дөөт жанындагылары менен ачка калганда эмне кылганын окуган жок белеңер?
4Ал Кудай үйүнө кирип, Эгебизге багышталган нанды өзү да жеп, жанындагыларга да бербеди беле? Бирок ал нанды жегенге динкызматчылардын гана акысы болгон, — деди Ыйса аларга.
5— Адам Уулу — дем алыш күндүн да ээси, — деп кошумчалады Ыйса.

 

Колу сенек адам

 

6Дем алыш күндөрдүн дагы биринде Ыйса синагогага кирип, таалим берип, сөз сүйлөп калды. Синагогада оң колу сенек бир адам бар эле.
7Дин мугалимдери менен фарисейлер Ыйсадан кынтык издешип, оорулууну айыктырар бекен деп аңдып турушту.

 

8Алардын мындай оюн билген Ыйса колу сенек адамга: — Ордуңан тур да, алдыга чык! — деди.

 

Ал ордунан туруп, алдыга чыкты.

 

9Ошондо Ыйса дин мугалимдери менен фарисейлерге кайрылып, мындай деди: — Силерге бир суроо берейин: дем алыш күнү жакшылык менен жамандыктын кайсынысын кылуу керек? Жанды куткаруу керекпи, же куратуу керекпи?

 

10Ыйса баарын бир сыйра кыдырата карап алды да, алиги кишиге:

 

— Колуңду сун! — деди.

 

Ал сунары менен, колу айыгып кетти.

 

11Тигилер болсо кутургандай жинденишип, Ыйсаны эмне кылсак экен деп, өз ара акылдаша башташты.

 

Он эки шакирттин элчиликке тандалышы

 

12Ошол күндөрдүн биринде Ыйса сыйынуу үчүн тоого барып, түнү бою Кудайга сыйынды.
13Күн чыкканда, шакирттерин чакырып, арасынан он экисин тандап, аларды элчи деп жарыялады.
14Алар төмөнкүлөр эле: Ыйса Петир деп атаган Ысман, анын иниси Идрис, Жакып, Жакан, Филип, Барталамей,
15Матай, Том, Алпейдин баласы Жакып, Динчил атка конгон Ысман,
16Жакыптын баласы Жүйүт жана кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.

 

Ыйсанын адамдарга таалим берип, айыктырышы

 

17Ыйса шакирттери менен тоодон түз жерге түшүп келди. Анын жанына көптөгөн шакирттери жана бүткүл Иудеядан, Иерусалимден, деңиз жээгинде жайгашкан Тир менен Сидон аймактарынан келген көп эл чогулду.
18Алар Ыйсанын сөзүн угуп, ооруларынан айыгуу үчүн келишкен эле. Кара күчтөргө байланып, кыйналгандар да сакайып кетип жатышты.
19Элдин баары Ыйсага колун тийгизүүгө аракеттенип жатышты, анткени Андан чыккан кудуреттүү күчтөн баары айыгып жатты.

 

20Ошондо Ыйса шакирттерин карап мындай деди:

 

 

— Жардылар, силер бактылуусуңар,

 

Кудай Падышачылыгы силердики.

 

21Азыр ачка жүргөндөр, силер бактылуусуңар,

 

Акыры тоюнасыңар.

 

Азыр ыйлап жүргөндөр, силер бактылуусуңар,

 

Кубанып күлөсүңөр.

 

22Адам Уулуна ишенгениңер үчүн

 

Жек көрүндү кылышып,

 

Элден бөлүп салышып,

 

Шылдыңдашып, кордошуп,

 

Жаманатты кылышса,

 

Бактылуусуңар силер.

 

23Ошол күндөр келгенде,

 

Шаттангыла кубанып.

 

Эң чоң сыйлык асманда,

 

Күтүп турат силерди.

 

 

Алардын аталары пайгамбарларды да ошондой куугунтукка алышкан!

 

24А бирок азыр байлар,

 

Шордуусуңар силер!

 

Алчуңарды азыртан

 

Толугу менен алдыңар!

 

25Азыр курсагы токтор,

 

Шордуусуңар силер!

 

Ачкадан кезересиңер!

 

Азыр жыргап күлгөндөр,

 

Шордуусуңар силер!

 

Кайгырасыңар боздоп!

 

26Элдин баары макташса,

 

Шордуусуңар силер!

 

 

Алардын аталары жалган пайгамбарларга да ошентишкен.

 

27Бирок Мени угуп турган, калайык, сага айтам:

 

 

Душманыңды сүйгүнүң,

 

Сени жаман көргөнгө,

 

Жакшылык кылгының.

 

28Каргаганды алкагын,

 

Кордогон адам үчүн сыйын,

 

29Бир жаагыңа чапканга

 

Экинчисин тосуп бер,

 

Тонуңду сыйрып жатканга

 

Көйнөгүңдү кошуп бер.

 

30Ким сураса, бергиниң,

 

Кайра андан доолаба.

 

 

31Өзгөлөрдөн кандай мамилени күтсөң, өзүң да аларга ошондой мамиле кыл.
32Өзүңөрдү сүйгөндөрдү сүйгөнүңөр үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Өздөрүн сүйгөндөрдү күнөөкөрлөр деле сүйүшөт.
33Өзүңөргө жакшылык кылгандарга жакшылык кылганыңар үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Мындайды күнөөкөрлөр деле кылышат.
34Кайтарып берер деген адамдарга гана карыз бергениңер үчүн кандай сыйлык берилмек эле? Чыпчыргасын коротпой кайра алуу үчүн күнөөкөрлөр деле бири бирине карыз беришет.
35А силер душманыңарды сүйгүлө, жакшылык кылгыла, кайра алам деп үмүттөнбөстөн бергиле. Ошондо сыйлыгыңар чоң болот жана Кудай Тааланын балдары болосуңар, анткени Ал жакшылыкты билбегендерге да, кара ниеттерге да бирдей мээримдүү.
36Силер асмандагы Атаңардай боорукер болгула.

 

37Өзгөлөрдү айыптабагыла, ошондо өзүңөр да айыпталбайсыңар, өкүм чыгарбагыла, ошондо өзүңөргө да өкүм чыгарылбайт, кечиргиле, ошондо өзүңөр да кечирилесиңер.
38Бергиле, ошондо силерге да берилет: марттык менен салынган, ныктап толтурулган, ыкшалган, ашып-ташкан өлчөмдө алдыңарга төгүлөт. Кандай ченем менен өлчөп берсеңер, силерге да ошондой ченем менен өлчөнүп берилет.

 

39Ыйса сөзүн ибарат түрүндө улады:

 

— Сокур сокурду жетелей алабы? Экөө тең чуңкурга түшүп кетпейби.
40Шакирт устатынан өйдө болбос. Бирок жетилсе, устатындай боло алат.

 

41Эмнеге өз көзүңдөгү дөңгөчтү көрбөй, боордошуңдун көзүндөгү кыпынды көрөсүң?
42Өз көзүңдө дөңгөч турса, боордошуңа: «Келе, көзүңдөгү кыпынды алып коёюн», — деп кантип айтасың? Эй, эки жүздүү! Адегенде өз көзүңдөгү дөңгөчтү алып ташта, анан боордошуңдун көзүндөгү кыпынды кантип алышты билесиң.

 

43Жакшы дарак начар жемиш бербейт, ошондой эле начар дарак жакшы жемиш бербейт.
44Ар дарак жемишинен билинет. Тикенектен анжир, бадалдан жүзүм теришпейт да, туурабы?
45Анын сыңары, жакшы адам дилиндеги жакшы казынасынан жакшылыкты берет, жаман адам жаман казынасынан жамандыкты берет. Адамдын дили эмнеге толуп-ташыса, ошол тилине чыгат.

 

46Эмнеге силер мени «Эге, Эге» дейсиңер да, айтканымды кылбайсыңар?
47Мага келип, сөздөрүмдү угуп, аны аткарган киши кимге окшош экенин айтып коёюн.
48Ал жерди терең казып, пайдубалын ташка орнотуп туруп, үй курган киши сыяктуу. Суу ташкындап, үйүн каптаганда, ал былк этпейт. Себеп дегенде, ал мыкты салынган.
49Ал эми сөздөрүмдү угуп, бирок аткарбагандар үйүн пайдубалсыз, жерге эле салып койгон адамга окшош. Суу ташкындап, үйүн каптаганда, үйү ошол замат кулайт. Кулаганда да катуу кулайт.

 

7

 

Римдик жүз башынын ишеними

 

1Ыйса элге сөзүн айтып бүтүп, Капарноомго жөнөдү.
2Римдик бир жүз башынын аябай жакшы көргөн кулу ооруп, өлүм алдында жаткан экен.
3Жүзбашы Ыйсанын келгенин угуп, ага эл башчыларын жиберип, кулун айыктырып берүүсүн суранды.

 

4— Ал жардамыңа татыктуу киши,
5анткени биздин элибизди жакшы көрөт, синагогабызды куруп берген да ошол, — деп, эл башчылары Ыйсага чоң өтүнүч менен кайрылышты.

 

6Ыйса макул болуп, алар менен бирге жөнөдү. Үйгө жакындап калышканда, жүз башы досторун жиберип, мындай деп айттырды:

 

— Келип, убара болбой эле коюңуз, таксыр. Менин босогомду аттаганыңызга татыксызмын.
7Ошол себептен алдыңызга өзүмдүн барышымды ылайык көрбөгөн элем. Кулумдун айыгышына бир ооз сөзүңүз эле жетет.
8Мен бийлик астындагы адаммын, өзүмдүн да кол алдымда жоокерлерим бар. Алардын бирине: «Бар!» — десем, барат, башкасына: «Кел!» — десем, келет. Кулума: «Тигини жаса!» — десем, жасайт.

 

9Ыйса муну укканда, таң калып, элге кайрылды:

 

— Силерге айтып коёюн: мындай ишенимди Мен Ысрайыл элинен да жолуктурган эмесмин!

 

10Жиберилген кишилер үйгө кайтып келишип, кулдун айыгып кеткенин көрүштү.

 

Ыйсанын жесирдин баласын тирилтиши

 

11Арадан көп өтпөй, Ыйса Найын шаарына жөнөдү. Шакирттери менен кошо жоон топ эл чыкты.
12Шаар дарбазасына жакындаганда, өлүк көтөрүп келе жаткандарга кезигишти. Өлгөн адам бир жесирдин жалгыз баласы экен. Жесирдин жанында бир топ адам бар эле.

 

13Аны көргөндө, Эгебиздин боору ооруп кетти. — Ыйлабаңыз, — деди Ал аялга.

 

14Анан басып келип, табытка колун тийгизди.

 

Көтөрүп бараткандар тык токтой калышты. Ошондо Ыйса:

 

— Жигит, сага айтам, тургунуң! — деди.

 

15Өлүк башын көтөрүп, отура калды да, сүйлөй баштады. Ыйса аны энесинин колуна тапшырды.
16Баарынын үрөйү учуп: «Арабыздан улуу пайгамбар чыгыптыр, Кудай Өз элин куткарууга келиптир!» — деп Кудайды даңкташты.
17Ыйса тууралуу мындай сөз бүткүл Иудеяга жана анын тегерек-чекесине жайылды.

 

Ыйса жана Жакыя пайгамбар

 

18Бул окуялар тууралуу Жакыя өз шакирттеринен кабардар болду.
19Ошондо ал шакирттеринин экөөсүн чакырып алып: «Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтүшүбүз керекпи?» — деген суроо менен Ыйсага жөнөттү.

 

20Алар Ыйсага келишип: — Бизди Жакыя жиберди. Ал сенден: «Келе турган Куткаруучу сенсиңби же башканы күтөлүбү?» деп сурап жатат, — дешти.

 

21Ыйса ошол маалда көп адамдарды илдет-дарттарынан айыктырып, кара күчтөрдөн арылтып, көптөгөн сокурлардын көзүн ачкан эле.

 

22Ыйса аларга: — Баргыла, уккан-көргөнүңөрдү Жакыяга айтып бергиле: сокурлардын көзү көрүп, буту шал болгондор басып, пес оорулуулар айыгып, дүлөйлөр угуп, өлгөндөр кайра тирилип, жакырларга Жакшы Кабар тарап жатат.
23Ушул кылгандарымды көрүп туруп, Менин ким экенимен шек санабаган адам бактылуу, — деди.

 

24Жакыя жиберген адамдар кеткенде, Ыйса элге Жакыя тууралуу мындай деди:

 

— Ээн талаага эмнени көргөнү бардыңар эле? Шамал термелткен камыштыбы?
25Айткылачы, деги эмнени көргөнү бардыңар эле? Кооз кийимчен адамдыбы? Тигине, кооз кийинип, шаан-шөкөттө жашагандар хан сарайларда жүрүшөт.
26Анда эмнени көргөнү бардыңар? Пайгамбардыбы? Ооба! Силерге айтып коёюн: ал пайгамбардан да улуу.
27Ыйык Жазууларда Кудай: «Мына, Сенин алдыңан кабарчымды жиберемин. Ал Сенден мурда барып, басар жолуңду даярдайт»,— деп ушул адам жөнүндө айткан.
28Силерге айтып коёюн: энеден туулгандардын бири да Жакыядан улуу эмес! Бирок Кудай Падышачылыгында эң кичине деп эсептелген киши да андан улуу.

 

29Ыйсанын сөзүн угуп турган элдин баары, ал тургай салыкчылар да, Кудайдын айтканын ак деп санашты. Анткени алар Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүү расмисинен өтүшкөн болчу.
30Ал эми бул расмиден мурда өтүшпөгөн фарисейлер менен дин мугалимдери Кудайдын аларга деген тилегин кабыл алышпады.

 

31Ошондо Ыйса мындай деди:

 

— Азыркы замандын адамдарын кимге салыштырсам? Деги алар кимге окшош?
32Базарда олтуруп алып, бири бирине: «Той-тамаша күүсүн салып, чоор тартсак, эмнеге бийлебейсиңер, кошок кошсок, эмнеге ыйлабайсыңар?!» — деген жаш балдарга окшош.
33Анткени кадимки тамактарды ичип-жебеген Жакыя келди эле, «буга жин тийиптир» дешти.
34Башкаларга окшоп ичип-жеген Адам Уулу келди эле, «бул киши сугалак экен, шарапка жакын экен, салыкчылар менен күнөөкөрлөрдүн досу экен!» — дешти.
35Бирок кандай болсо да, Кудайдын даанышмандыгы аны жактагандар тарабынан ырасталды.

 

Фарисей жана күнөөлүү аял

 

36Фарисейлердин бири Ыйсаны конокко чакырып калды. Ыйса анын үйүнө келип, дасторкондун жанына жамбаштап жатты.
37Аңгыча ошол шаарда жашаган бир күнөөкөр аял Ыйсанын фарисейдикинде экенин билип, атыр май куюлган идишин көтөрүп, сырттан кирип келди.
38Аял Ыйсанын аягына олтура калып, Анын бутуна көз жашын төгүп, ыйлай баштады. Анан Ыйсанын буттарын чачы менен сүртүп, өпкүлөп, атырын сыйпады.
39Ыйсаны конокко чакырган фарисей муну көрүп, ичинен: «Эгер бул чын эле пайгамбар болсо, ага колун тийгизип жаткан аялдын ким жана кандай экенин билмек. Анткени бул күнөөгө баткан аял да», — деп ойлоду.

 

40Ошондо Ыйса ага кайрылып: — Ысман, сага айта турган сөзүм бар, — деди.

 

— Айтыңыз, устат, — деди Ысман.

 

41Ошондо Ыйса мындай деди:

 

— Бир киши эки адамга карызга акча берет. Биринчисине беш жүз, экинчисине элүү күмүш теңге[4]бериптир.
42Бирок алардын төлөгөнгө эч нерсеси жок болгондуктан, ал экөөнүн тең карыздарын кечип коёт. Эми айтчы: ушул экөөнүн кимисинин ага деген сүйүүсү көбүрөөк болот?

 

43Ысман:

 

— Көбүрөөк карызы кечирилген адамдыкы болуш керек деп ойлойм, — деди.

 

— Туура айттың.

 

44Ыйса ушундай деди да, аялды карап туруп, Ысманга мындай деп айтты:

 

— Бул аялды көрдүңбү? Мен сенин үйүңө киргенде, сен Менин бутума суу куйган жоксуң. Бул аял болсо көз жашы менен бутумду жууду, чачы менен аарчыды.
45Сен Мени бетимден өөп, тосуп алганың жок. Бул аял болсо келгенимден бери бутумду тынымсыз өпкүлөп жатат.
46Сен башыма май куйбадың,[5]бул аял болсо буттарымды атыр менен майлады.
47Ошол себептен сага айтып коёюн: бул аялдын көп күнөөлөрү кечирилди, андагы мээримдин көптүгүнүн себеби мына ушунда. Ал эми кимге аз кечирилсе, анын мээрими да аз болот.

 

48Анан аялга:

 

— Күнөөлөрүң кечирилди! — деди.

 

49Ошондо анын жанында олтургандар: «Күнөөлөрдү да кечире алган, деги бул ким өзү?» — дешти бири бирине.

 

50Ыйса аялга айтты: — Сени ишенимиң куткарды, жакшы баргының!

 

8

 

Ыйсанын жолун жолдогон аялдар

 

1Мындан кийин Ыйса шаар-кыштактарды аралап, Кудай Падышачылыгына үгүттөп, Жакшы Кабарды жарыялап жүрдү.
2Анын жанында он эки шакирти жана бир топ аялдар бар эле. Бул аялдардын бир нечесин Ыйса кара күчтөрдөн куткарып, ооруларынан айыктырган. Булар ичинен жети жин чыккан магдалалык Мариям,
3Ирод падышанын хан сарайынын башкы кызматчысы Кузанын аялы Жахана, Сусанна жана башка көптөгөн аялдар эле. Алар колунда бар болгон нерселерин Ыйсага арнап, Ага кызмат кылып жүрүштү.

 

Дыйкан тууралуу ибарат

 

4Туш тараптан элдер агылып келип, чогулганда, Ыйса ибарат менен сүйлөй баштады:

 

5— Бир дыйкан эгин сепкени талаага чыгыптыр. Сепкен уругунун кээси жол боюна түшөт да, тепсендиде калып, чымчыктарга жем болот.
6Кээ бири таштак жерге түшүп, өсө баштайт да, ным жетпей куурап калат.
7Кээси тикен арасына түшөт. Анан тикен өсүп чыгып, аны басып калат.

 

8Кээ бири жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, жүз эсе түшүм берет. Анан Ыйса үнүн катуу чыгарып:

 

— Уга турган кулагы барлар уксун! — деди.

 

9Шакирттери Андан:

 

— Бул ибараттын мааниси кандай? — деп сурашты.

 

10— Кудай Падышачылыгынын сырларын билүү мүмкүнчүлүгү силерге берилген, — деди Ыйса. — Башкаларга болсо Мен ушинтип ибарат менен сүйлөп жатам, ошондуктан алар:

 

 

«Караса да, көрүшпөйт,

 

Тыңшаса да, түшүнбөйт».

 

 

11Ибараттын мааниси мындай: урук — бул Кудайдын сөзү.
12Ал эми жол боюна түшкөн урук мындай адамдарды билдирет: алар сөздү угушат, бирок ибилис келип, ишенбесин, кутулбасын деп, жан дүйнөсүнө түшкөн сөздү уурдап кетет.
13Таштак жерге түшкөн үрөн болсо, Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамдарды билдирет. Бирок тамыры болбогондуктан, бир азга гана ишенишип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка кабылар замат ишенимден баш тартышат.
14Тикендердин арасына түшкөнү болсо, Кудай сөзүн уккан, бирок бул дүйнөнүн түйшүгүнө, акчанын азгырыгына жана жашоодогу кумарларга алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат.
15Ал эми жакшы кыртышка түшкөнү, Кудай сөзүн угуп, туура кабыл алып, таза жүрөктөрүнө сактаган адамдарды билдирет. Алар дайыма жемиш берген үрөнгө окшош.

 

16Эч ким шамды жаккан соң, үстүнөн идиш менен жаппайт, керебеттин астына да катпайт. Үйгө киргендер анын жарыгын көрсүн деп, шамдалга коёт.
17Анткени сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас, билинип калбас жашыруун иш болбойт.
18Ошондуктан кунт коюп уккула: кимде бир аз түшүнүк бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, анын бар деп ойлогону да тартылып алынат.

 

Ыйсанын энеси жана бир туугандары

 

19Бул убакта Ыйсага энеси менен бир туугандары келип, элдин көптүгүнөн Ага өтө алышпады.

 

20Ыйсага:

 

— Энең менен бир туугандарың сени көрөлү деп сыртта турушат, — деп билдиришти.

 

21— Энем менен бир туугандарым, — деди Ыйса аларга жооп берип, — бул — Менин сөзүмдү угуп, аны аткаргандар.

 

Көлдөгү бороондун токтошу

 

22Күндөрдүн биринде Ыйса шакирттери менен кайыкка түшүп:

 

— Көлдүн аркы бетине өтөлү! — деди.

 

23Сүзүп бара жатышканда, Ыйса уктап калды. Ошол кезде көлдө катуу бороон башталып, кайыкка суу кире баштады. Алар коркунучтуу абалда эле.

 

24Ошондо шакирттери Ыйсаны ойготушуп: — Устат, устат, өлдүк! — дешти.

 

Ыйса ордунан тура калды да, бороон-чапкынга тыюу салды. Бороон ошол замат басылып, айлана жымжырт боло түштү.

 

25Анан шакирттерине бурулуп: — Ишенимиңер кайда кетти? — деди.

 

Үрөйү учкан шакирттери аң-таң болуп, бири бирине:

 

Бороон-чапкынды башкара алган бул ким өзү? Бороон ага баш ийип, тынчып калбадыбы? — дешти.

 

Жин даарыган адамдын айыгышы

 

26Алар Галилеянын маңдайында жайгашкан Гераса жергесине сүзүп барышты.
27Ыйса жээкке чыкканда, көптөн бери жин даарып ооруган, ошол жердеги шаардын бир тургуну алдынан чыкты. Ал үйгө турбай, кийим кийбей, мүрзөлөрдө жашачу экен.

 

28Ал Ыйсаны көрө коюп, кыйкырып жиберди да, алдына жыгылып: — Эй, Кудай Тааланын Уулу Ыйса, мени менен кандай ишиң бар?! Сенден суранам, мени азапка салбачы! — деди.

 

29Себеби Ыйса кара күчкө: «Бул кишиден чык!» — деп буйруган болчу. Бул адамды кара күч көптөн бери кыйнап келиптир. Аны чынжыр менен байлап, кишендешсе да, үзүп таштап, жинге айдалып, чөлгө кетип калчу экен.

 

30Ыйса андан: — Атың ким? — деп сурады.

 

— Түмөн! — деп жооп берди ал.

 

Анткени бул кишинин ичине түмөндөгөн жиндер кирип алышыптыр.

 

31Жиндер Ыйсага: — Бизди туңгуюкка кетире көрбө! — деп жалынышты.

 

32Ошол жерде бир чоң бада чочко жайылып жүргөн. Жиндер ошол бадага кирүүгө Ыйсадан уруксат сурашты. Ыйса уруксат берген соң,
33алар ошол адамдан чыгып, чочколорго киришти да, чочколор өздөрүн жардан көлгө таштап, чөгүп өлүштү.
34Муну көрүп турган бадачылар качып жөнөштү. Алар шаар-кыштактарга барып, көргөндөрүн айтышты.
35Эл болгон ишти көрүү үчүн Ыйсага келди. Алар жиндерден бошонгон адамдын кийимин кийип, акыл-эсине келип, Ыйсанын аяк жагында олтурганын көрүп, аябай коркушту.
36Ал адамдын жинден кутулганын көргөндөр бул жөнүндө аларга айтып беришти.
37Ошондо герасалыктардын баары бир ооздон Ыйсадан алардын жеринен кетишин өтүнүштү. Себеби баары тең катуу коркуп калышкан эле. Ыйса кайрадан кайыкка түшүп, артына кайтты.
38Жиндерден кутулган адам аны да кошуп алуусун суранды. Бирок Ыйса:

 

39— Үйүңө бар да, Кудайдын сага эмне кылганын айтып бер, — деп, аны коё берди.

 

Ал шаарга кайтып, Ыйсанын ага кылган жакшылыгын элдин баарына жарыя кылды.

 

Тирилген кыз, сакайган аял

 

40Ыйса Гераса тараптан кайтып келгенде, эл Аны тосуп чыкты. Алар Ыйсаны күтүп турушкан эле.
41Аңгыча синагоганын башчысы болгон Жайыр аттуу бир киши келип, Ыйсанын алдына чөгөлөп, үйүнө келүүсүн суранды.
42Анын он эки жашар жалгыз кызы өлүм алдында жаткан экен. Ыйса Жайырдын үйүнө бара жатканда, эл Аны туш-туштан кысып жатты.

 

43Элдин арасында он эки жылдан бери ичинен кан акканы токтобой ооруган бир аял бар эле. Ал колундагысынын баарын дарыгерлерге сарптап, бирок биринен да айыга алган эмес.
44Ошол аял Ыйсанын артынан келип, кийиминин этегине колунун учун тийгизди. Тиер замат кан кеткени токтоду.

 

45Ошондо Ыйса: — Ким Мага колун тийгизди? — деди.

 

Баары:

 

— Биз эмес! — дешти.

 

Ошондо Петир менен анын жанында тургандар:

 

— Устат, эл сени тегеректеп кысып турушса, «ким мага колун тийгизди» дегениң кандай? — деди.

 

46Бирок Ыйса: — Кимдир бирөө Мага колун тийгизди, себеби Менден кудурет чыкканын сездим, — деди.

 

47Аял жашырына албасын көрүп, коркконунан калтырап, Ыйсанын алдына жыгылды да, кандай максат менен колун тийгизгенин жана дароо айыгып кеткенин бүт элдин алдында айтып берди.

 

48Ыйса аялга: — Кызым, ишенимиң сени айыктырды, жакшы бара кой, — деди.

 

49Ыйса сөзүн аяктай электе, синагога башчысына анын үйүнөн бирөө келип:

 

— Кызыңыз каза болду. Эми устатты бекер убара кылбай эле коюңуз, — деди.

 

50Муну уккан Ыйса:

 

— Коркпо, тек гана ишенгин, кызың айыгат, — деди.

 

51Ошентип, Ыйса синагога башчысынын үйүнө келди. Ал Петир, Жакан, Жакып жана кыздын ата-энесинен башка эч кимге үйгө кирүүгө уруксат берген жок.

 

52Баары боздоп, ыйлап жатышты. Ошондо Ыйса: — Ыйлабагыла, кыз өлгөн жок, уктап жатат, — деди.

 

53Кыздын өлгөнүн билгендер Ыйсаны шылдыңдап күлүштү.

 

54Ыйса болсо кыздын колунан кармап, үнүн катуу чыгарып: — Кызым, тургун! — деди.

 

55Ошондо кыздын жаны кайтып, ал ошол замат ордунан турду.

 

— Кызга тамак бергиле! — деди Ыйса. Анан аң-таң болуп турган ата-энесине:

 

56— Бул окуяны эч кимге айтпагыла! — деди.

 

9

 

Он эки шакиртке берилген тапшырма

 

1Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга бардык жиндердин үстүнөн бийлик, ооруларды айыктырууга кудурет берип,
2элге Кудай Падышачылыгын жар салууга жөнөттү.

 

3— Жолго эч нерсе албагыла, — деди Ыйса аларга, — Таяк да, баштык да, нан да, акча да, ашык кийим да албагыла.
4Кайсы үйгө кирсеңер, ошол үйдө калып, ошол үйдөн жолго чыккыла.
5Эгерде бир жерден силерди кабыл албай коюшса, анда ал шаардан кетип баратып, алардын четке кагылганынын белгиси катары бутуңардын чаңын күбүп салгыла.

 

6Шакирттер жолго чыгышып, айылдарды аралап, жер-жерлерге Жакшы Кабарды таратып, оорулууларды айыктырып жүрүштү.

 

Ироддун Ыйсаны көргүсү келгени

 

7Болуп жаткан окуялардын баары аким Иродго жетти. Эл арасында ар кандай сөз жүрүп, бирөөлөрү: «Жакыя пайгамбар тирилиптир!» — десе,
8башкалары: «Илияс пайгамбар келиптир!» — деп, дагы башкалары: «Байыркы пайгамбарлардын бири тирилиптир!» — деп жатышты. Ошондуктан Ироддун башы катты.
9«Мен Жакыянын башын алдырдым эле. Бул ким болуп кетти?» — деп, ал Ыйсаны көргүсү келди.

 

Ыйсанын беш миң кишини тойгузушу

 

10Элчилер кайтып келип, кылган иштерин Ыйсага айтып беришти. Ыйса аларды ээрчитип алып, Бейтсайда деген шаарды көздөй жөнөдү.
11Муну билип калган эл аркасынан барды. Ыйса аларды тосуп алып, Кудай Падышачылыгы тууралуу айтып, айыгууга зар болгондорду айыктырып жатты.

 

12Күн кечтеп баратканда, он эки шакирти Ага келип: — Эми элди коё бер, тегеректеги айыл-кыштактарга барып, түнөп, жегенге бир нерсе таап алышсын, анткени биз чөлдө турабыз, — дешти.

 

13— Жегенге бир нерсени силер бергиле! — деди Ыйса аларга.

 

— Колубузда беш нан менен эки балыктан башка эч нерсебиз жок. Мына бул элдин баарына тамак сатып алганы баралыбы? — дешти он эки шакирти.

 

14Анткени ошол жерде беш миңге жакын адам турган. Ыйса аларга:

 

— Элди элүү-элүүдөн бөлүп олтургузгула, — деди.

 

15Шакирттери Анын айтканындай кылышты.
16Ошондо Ыйса беш нан менен эки балыкты алып, асманды карап Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, нанды сындырды да, элге таратсын үчүн шакирттерине берди.
17Баары жеп, тоюшту. Нандын арткан үзүмдөрүн жыйнашканда, он эки себет толду.

 

Ыйсанын Машаяк экендиги

 

18Ыйса эл жок жерде сыйынып отурган. Шакирттери жанында болчу. Ыйса алардан минтип сурады:

 

— Эл Мени ким деп эсептешет?

 

19Шакирттери:

 

— Кээ бир адамдар Жакыя чөмүлдүрүүчү деп, кээ бири Илияс пайгамбар деп, а кээси байыркы пайгамбарлардын бири тирилиптир деп жатышат, — дешти.

 

20Ыйса алардан:

 

— Ал эми силер Мени ким деп эсептейсиңер? — деп сурады.

 

Ошондо Петир:

 

— Сен Кудайдын Машаягысың! — деп жооп берди.

 

21— Менин ким экенимди эч кимге айтпагыла! — деди катуу эскертип Ыйса.

 

22— Адам Уулу көп азап чегип, эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери тарабынан четке кагылып, анан өлтүрүлүп, үчүнчү күнү кайра тирилүүгө тийиш!

 

Ким Ыйсанын чыныгы шакирти боло алат?

 

23Ыйса элге кайрылып мындай деди:

 

— Кимде-ким Мени ээрчигиси келсе, өз кызыкчылыктарынан баш тартсын, күн сайын өз айкаш жыгачын көтөрүп, жанынан кечүүгө даяр болуп, артыман түшсүн.
24Анткени ким өз жанын сактап калам десе, аны жоготот, ал эми ким Мен үчүн жанынан кечсе, ал ага кайрадан ээ болот.
25Бүт дүйнөгө ээ болуп, бирок өзүн өзү куруткандан же өз жанынан айрылгандан адамга не пайда?
26Кимде-ким Менден же Менин сөздөрүмдөн баш тартса, анда Адам Уулу да Өзүнүн, Атасынын жана ыйык периштелердин кудурети менен көктөн келгенде, андан баш тартат.
27Силерге айтып коёюн: ушул жерде тургандардын кээ бирлери Кудай Падышачылыгын көрмөйүнчө, көз жумбайт.

 

Тоодогу кубулуш

 

28Ушундан бир жумача өткөндө, Ыйса Петирди, Жаканды жана Жакыпты кошуп алып, сыйынуу үчүн тоого чыкты.
29Ал сыйынып жатканда, бети башкача болуп өзгөрө түштү. Кийими да аппак болуп, жылтылдап калды.
30Аңгыча эки киши пайда болуп, Ыйса менен маектеше баштады.
31Асман улуулугунун нуруна бөлөнгөн Муса менен Илияс пайгамбарлар Ыйсанын Иерусалимде өлүп, Кудайдын эркин ишке ашыра тургандыгы жөнүндө кеп кылышты.
32Петир менен анын жанындагы жолдошторун болсо уйку басып турган. Алар ойгонушуп, асман улуулугунун нуруна бөлөнгөн Ыйсаны жана Анын жанындагы эки кишини көрүштү.

 

33Тигил кишилер кетип бара жатканда, Петир Ыйсага айтты: — Устат, бул жерде болгонубуз кандай жакшы! Кел, үч алачык тигели: бирин сага, бирин Мусага, дагы бирин Илияска.

 

Ал эмне дегенин өзү да түшүнгөн эмес.
34Петир сүйлөп жатканда, бир булут пайда болуп, аларга көлөкөсүн түшүрдү. Булут аларды каптаганда, шакирттеринин үрөйү учту.

 

35Ошол убакта булуттан үн чыкты: — Бул Менин тандап алган Уулум Ыйса, Аны уккула!

 

36Бул үн чыккандан кийин, алар Ыйсанын жалгыз калганын көрүштү. Шакирттери үн катпай, көргөндөрүн ошол күндөрү эч кимге айтышкан жок.

 

Жин даарыган баланын айыгышы

 

37Кийинки күнү тоодон түшүп келишкенде, аларды көп эл тосуп чыкты.

 

38Аңгыча эл арасынан бир киши Ыйсага минтип кыйкырды: — Устат, суранам, баламды көрүп берчи, жалгызым эле.
39Туруп-туруп эле жини кармайт да, чаңыртып, калчылдатып, оозунан көбүк чыкканча кыйнагандан кийин араң кетет.

 

40Шакирттериңен жинин кубалап чыгаргыла деп сурансам, колдорунан келбей койду. Ошондо Ыйса:

 

41— Эй, ишеними жок, бузулган эл! Качанга чейин араңарда болуп, силерге чыдаар экем? Баланы алып келгиле бери, — деди.

 

42Бала басып келатканда, жин аны көтөрө чаап, калтырата баштады. Ыйса кара күчтү тыйып, баланы айыктырды да, атасына тапшырды.

 

Ыйса Өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат

 

43Карап турган элдин баары Кудайдын улуулугуна таңданышты. Анын кылганына элдин баары таң калып карап турганда, Ыйса шакирттерине айтты:

 

44— Бул сөздөрдү эсиңерге түйүп алгыла: Адам Уулунун кишилердин колуна түшөрүнө аз калды.

 

45Бирок алар бул сөздөрдү түшүнүшкөн жок. Бул сөз алар үчүн жашыруун сыр болгондуктан, маанисин түшүнүшпөдү. Кайра сурагандан болсо коркушту.

 

Кимдин жолу улуу?

 

46Шакирттердин арасында «кимибиздин жолубуз улуу болду экен» деген ой туулду.
47Ыйса алардын мындай оюн туюп, бир кичине баланы колуна алды да, мындай деди:

 

48— Ким ушундай баланы Мен үчүн кабыл алса, Мени кабыл алганы. Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы. Анткени араңардагы эң кичүүдөй болуп жүргөнү баарынан улуу.

 

Силерге каршы болбогон силер тарапта

 

49Ошондо Жакан:

 

— Устат, сенин ысмыңды оозанып, адамдардан жиндерин кууп чыгарып жүргөн бирөөнү көрүп, ал биз менен жүрбөгөндүктөн ага тыюу салдык, — деди.

 

50— Тыюу салбагыла, — деди Ыйса, — ким силерге каршы болбосо, ал силер тарапта.

 

Самариялыктардын Ыйсага сыртын салышы

 

51Көккө кетер убактысы жакындап калганда, Ыйса Иерусалимге барууга камданып,
52алдын ала элчилерин жөнөттү. Алар Ыйсага жай камдоо үчүн Самариядагы бир айылга келишти.
53Бирок Ыйсанын Иерусалимге баратканы сыртынан билинип тургандыктан, самариялыктар Ал келгенде кабыл алышпады.

 

54Алардын мунусун көргөн шакирттер Жакан менен Жакып: — Эгебиз, асмандан от түшүп, буларды жалмап кетсин дейлиби? — дешти.

 

55Ыйса аларды тыйып койду.[6]
56Ошондон кийин алар башка кыштакка өтүп кетишти.

 

Ыйсаны ээрчип, шакирти болгусу келгендер

 

57Жолдон бир киши Ыйсага:

 

— Сен кайда барбагын, мен артыңдан калбайм, — деди.

 

58Ыйса ага:

 

— Түлкүлөрдүн ийини, чымчыктардын уясы бар. Адам Уулунун болсо баш калкалаар жайы жок, — деди.

 

59Анан башка бирөөгө:

 

— Менин жолума түш, — деп айтты.

 

Тигил:

 

— Таксыр, адегенде үйгө барып, атамдын кашында болуп, ал өлгөндө сөөгүн коюп келейин. Ушуга уруксат этиңиз! — деди.

 

60Бирок Ыйса ага:

 

— Өз өлүктөрүн көмүүнү тирүү өлүктөргө калтыр! Сен болсо бар да, Кудайдын Падышачылыгын жарыя кыл, — деди.

 

61Анда дагы бирөөсү айтты:

 

— Таксыр, мен сизди ээрчийм, бирок адегенде үй-бүлөм менен коштошуп келүүгө уруксат бериңиз.

 

62Ыйса ага жооп кайтарып:

 

— Минткениң сени Кудай Падышачылыгына ылайыксыз кылат. Себеби буурусунду кармап, артына кылчактаган адамдай болуп жатасың, — деди.

 

10

 

Ыйсанын жетимиш эки шакирти

 

1Ушундан кийин Эгебиз Ыйса Өзүнө дагы жетимиш эки шакирт тандады. Аларды Ыйса Өзү да барайын деген шаар-кыштактардын баарына Өзүнөн мурун эки-экиден жиберип, мындай деди:

 

2— Оро турган эгин көп, бирок орокчулар аз. Андыктан Өз эгин талаасына орокчуларды жөнөтсүн үчүн эгин Эгесине жалынгыла.
3Кана эмесе, баргыла, Мен силерди карышкырлардын арасына козуларды жибергендей жөнөтүп жатам.
4Капчык да, баштык да, ашыкча бут кийим да албагыла жана жолдо бирөөлөр менен саламдашып, убактыңарды коротпогула.
5Кандай үйгө кирсеңер да, адегенде: «Үйүңөрдө тынччылык болсун!» — деп, батаңарды бергиле.
6Эгерде ошол үйдө саламыңарды кабыл алууга даяр адам бар болсо, батаңар кабыл болот, эгер болбосо, батаңар өзүңөргө кайтат.
7Алдыңарга койгон ашка топук кылып, ал үйдө калгыла. Анткени кызматчы эмгек акысын алууга татыктуу. Үйдөн үйгө өтпөгүлө.
8Шаарга киргениңерде, анын тургундары кабыл алышса, анда тамагын жегиле,
9ооруларын айыктыргыла да, «жакында силер Кудайдын башкаруусунда болосуңар!» деп жар салгыла.
10Эгерде кабыл албай коюшса, анда көчөлөргө чыгып:
11«Шаарыңардан бутубузга жуккан чаңды кайра өзүңөргө наалат катары кагып жатабыз. Бирок билип койгула, Кудай Падышачылыгы жакындап калды», — дегиле.
12Силерге айтып коёюн: кыямат күнү келгенде, ал шаарга караганда Содом шаарына[7]жеңилирээк жаза колдонулат.

 

13Эй, шордуу Коразин! Эй, шордуу Бейтсайда! Эгерде силерде жасалган укмуштар Тир менен Сидондо жасалган болсо, алар эбак эле катуу кайгырып, кенептен кийим кийип, күлгө олтуруп, ниеттерин өзгөртүшмөк.
14Эми кыямат кайымда Тир менен Сидондун акыбалы силердикинен жеңилирээк болот.
15А сен, Капарноом, текеберденип, төбөм менен көккө жетем деп ойлойсуңбу? Жок! Кудай сени жердин түпкүрүнө житире чабат.

 

16Кимде-ким силерди укса, Мени укканы, кимде-ким силерди четке какса, Мени четке какканы, ал эми кимде-ким Мени четке какса, Мени Жибергенди четке какканы.

 

17Жетимиш эки шакирт жүздөрүндө кубаныч менен кайтып келишип, Ыйсага:

 

— Эгебиз, сенин атыңды атаганда, бизге жиндер да багынышты! — дешти.

 

18Ыйса аларга:

 

— Мен шайтандын чагылгандай болуп, жерге түшкөнүн көрдүм.
19Мына, мен силерге жыландар менен чаяндарды таптап, жоонун бардык күчтөрүн жеңе турган бийлик бердим. Эч нерсе силерге зыян кыла албайт.
20Бирок жиндердин силерге багынганына эмес, атыңардын бейиштеги китепке жазылганына кубангыла.

 

21Ыйык Рухка толгон Ыйса кубанычтан катуу толкунданып кетти.

 

— Оо, Ата, асман менен жердин Эгеси! — деди Ал. — Сени мактап, даңазалайм, анткени Сен бул иштерди даанышмандар менен акылмандардан жашырып, бала сыяктангандарга ачып бердиң. Ооба, Атаке, Сен ушундай болушун кааладың.
22Атам бардыгын Мага өткөрүп берген. Уулунун ким экенин Атасынан башка эч ким жакшы билбейт. Атасынын ким экенин да Уулунан жана Уулу ачып көрсөткүсү келгендерден башка эч ким билбейт.

 

23Анан шакирттерине бурулуп, мындай деди:

 

— А силер бактылуусуңар, анткени көзүңөр көрүп, кулагыңар угат.
24Силерге айтып коёюн: далай пайгамбарлар менен падышалар силер көргөндү көргүсү келген, бирок көрө алышпады, силер укканды уккусу келген, бирок уга алышпады.

 

Боорукер самариялык

 

25Ошондо бир дин мугалими ордунан туруп, Ыйсаны сынай сурады:

 

— Устат, эмне кылсам түбөлүк жашайм?

 

26Ыйса ага:

 

— Тооратта эмне деп жазылган? Эмнени окуп жүрөсүң? — деди.

 

Тигил айтты:

 

27— «Кудай Эгеңди чын жүрөктөн, бүткүл жан дүйнөң менен, бар күч-кубатың менен, бардык акыл-оюң менен сүйжана башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй»— деп жазылган.

 

28— Сен туура жооп бердиң, — деди Ыйса ага. — Ушундай кыл, ошондо түбөлүк жашайсың.

 

29Тиги болсо өзүн актагысы келип:

 

— А менин жакын адамым ким? — деп сурады.

 

30Ошондо Ыйса мындай ибарат менен жооп берди:

 

— Бир адам Иерусалимден Иерихон шаарына түшүп келе жатып, жолдо каракчыларга туш болот. Алар анын кийимин сыйрып алып, аябай сабап, чала өлүк кылып таштап кетишет.
31Ошол жол менен бир динкызматчы түшүп бара жаткан. Ал бул кишини көрүп, жолдун аркы жээги менен кыя басып, өтүп кетет.
32Дагы бир лебит ушул жол менен бара жатып, бул адамды көрүп, жолдун аркы жээги менен кыя басып, өтүп кетет.
33Аңгыча бир самариялык жолоочу келет. Ал бул кишини көрүп, боору ооруп,
34жанына басып келип, жарааттарын шарап менен жууп, май менен майлап, таңып, эшегине артып, мейманканага алып барып, ага кам көрөт.
35Кийинки күнү мейманкананын ээсине эки күмүш теңге берип: «Бу кишиге кам көрүп кой. Эгер артык чыгым болсоң, кайтканымда кайрып берем», — дейт.
36Эми сен кандай деп ойлойсуң: ушул үчөөнүн кимиси каракчыларга туш болгон кишиге жакын адам болот?

 

37Мыйзамчыл Ыйсага карап:

 

— Албетте, кайрым кылганы, — деп жооп берди.

 

— Бар, сен да ушундай кыл! — деди Ыйса ага.

 

Адам баласы үчүн эң керектүү нерсе — Ыйсанын жанында болуу

 

38Ыйса шакирттери менен жолун улантып келе жатып, бир айылга келди. Бул айылдан Марта деген бир аял Аны үйүнөн тосуп алды.
39Бул аялдын Мариям аттуу сиңдиси бар эле. Ал Ыйсанын аяк жагына олтуруп алып, сөзүн угуп жатты.

 

40Марта болсо конокту жакшылап күтүүнүн камын ойлоп, убара тартып жүрдү. Ал Ыйсанын алдына келип: — Таксыр, сиңдимдин кызматтын баарын жалгыз мага таштап койгону сизге баары бирби? Ага айтып коюңузчу, мага жардамдашсын, — деди.

 

41— Ээ, Марта, Марта! — деди ага Ыйса, — сен убара болуп, көп түйшүк тартасың.
42Бирок керектүүсү — бир эле нерсе. Мариям жакшы жагын тандап алды, муну андан эч ким тартып ала албайт.

 

11

 

Сыйынуу тууралуу таалим

 

1Бир күнү Ыйса бир жерде сыйынып отурду. Ал сыйынуусун аяктаганда, шакирттеринин бири:

 

— Эгебиз, Жакыя өз шакирттерине үйрөткөндөй, сен да бизге сыйынганды үйрөтчү, — деди.

 

2Ыйса аларга айтты:

 

— Сыйынганыңарда мындай дегиле:

 

 

Оо, Кудай Ата!

 

Сенин атың урматталсын.

 

Сенин падышачылыгың келсин.

 

3Күнүмдүк наныбызды күн сайын бере көр.

 

4Бизге жамандык кылгандардын баарынын

 

Күнөөлөрүн кечиргенибиздей,

 

Сен да биздин күнөөлөрүбүздү кечир.

 

Бизди азгырыкка кирип кетүүдөн сакта.

 

 

5Ыйса сөзүн улап, дагы мындай деди:

 

— Бирөөңөрдүн досуңар бар болсун дейли, түн ортосунда досуна барып: «Досум, карызга үч нан берип турчу,
6сапардагы досум келип калып, алдына коёрго эч нерсем жок болуп жатат», — дейт.
7Үй ээси болсо: «Эй, койчу, тынчымды албай, эшикти кулпулап салгам, бала-чакам да төшөгүмө кирип, жатып алышты, эми туруп, сага бере албайм», — дейт.
8Силерге айтам: үй ээси досчулук үчүн бербесе да, өтүнө берип, тажаткандыгынан улам туруп, канча сураса, ошончо берет.
9Ошондуктан силерге айтып коёюн: сурагыла, ошондо силерге берилет. Издегиле, ошондо табасыңар. Тыкылдаткыла, ошондо силерге эшик ачылат.
10Анткени ар бир сураган алат, издеген табат, тыкылдатканга ачылат.
11Араңардагы баласы балык сураса, жылан берген ата барбы?
12Жумуртка сураса, чаян кармата салганчы?
13Ошентип, силер жаман болсоңор да, балдарыңарга жакшы нерселерди бергенди билесиңер, андан бетер, асмандагы Атаңар да сурагандарга Ыйык Рухту берет.

 

Ыйса жана шайтан

 

14Бир жолу Ыйса бир адамды дудук кылып койгон жинди андан кууп чыкты. Жин чыкканда, дудук сүйлөй баштады. Муну көргөндөр аң-таң болушту.

 

15Кээ бири: — Бул жиндерди алардын башчысы — Бээлзебулдун[8]күчү менен кубалап жатат, — дешти.

 

16Кээ бири сынап, асмандан кереметтүү жышаан көрсөтүүсүн талап кылышты.

 

17Мындай ойлорун билген Ыйса аларга айтты: — Ичинен бөлүнүп-жарылган мамлекет кыйрайт, ыркы кеткен үй-бүлө соо калбайт.
18Эгер шайтан да өзүнө өзү каршы чыгып, ичинен бөлүнүп-жарылса, анын падышачылыгы кантип соо калат? А силер болсо «Бээлзебулдун күчү менен жиндерди кубалап жатат» дейсиңер.
19Эгер Мен Бээлзебулдун күчү менен кубалап жатсам, анда өзүңөрдүн адамдарыңар кимдин күчү менен кубалап жатышат? Ушул себептен алар силерге сот болушуп, катаңарды ашкерелешет.
20Эгерде Мен жиндерди Кудайдын кудурети менен кубалап жаткан болсом, демек, силерге Кудайдын Падышачылыгы жетти.
21Эгерде күчтүү адам курал-жарак алып, үйүн кайтарып турса, анда анын мүлкү коопсуздукта болот.
22Бирок андан ашкан күчтүү бирөө кол салып, жеңип алса, анда анын ишенген куралын тартып алып, колуна түшкөн олжону таратып жиберет.
23Ким Мен тарапта болбосо, ал Мага каршы. Ким Мени менен бирге жыйнабаса, ал чачат.

 

Кайра келген жиндер

 

24Адамдан чыккандан кийин, кара күч эс ала турган жай издеп, суусуз жерлерди кезет. Таба албаган соң: «Кой, чыккан үйүмө барайын», — дейт.
25Келип, өзүнүн чыккан жеринин шыпырылып, тазаланганын көрөт да,

 

26кайра барып, өзүнөн да жаман жети жинди ээрчитип келет. Анан баягы адамга кайра кирип, жашай баштайт. Ошондо бул адамга мурдагыдан да оор болот. Ким бактылуу?

 

27Ыйса сүйлөп жатканда, эл арасынан бир аял мындай деп кыйкырып жиберди:

 

— Сени курсагына көтөрүп, эмчегин эмизген эне кандай бактылуу!

 

28— Кудай сөзүн угуп, аткаргандар андан да бактылуу, — деди Ыйса.

 

Жышаан көргүсү келгендер

 

29Туш-туштан адамдар келип, жыйылган эл көбөйгөндө, Ыйса сөзүн мындай деп баштады:

 

— Азыркы муун — бузулган муун, ал кереметтүү жышаан көргүсү келет. Бирок Жунус пайгамбардын окуясындагы жышаандан башка жышаан ага көрсөтүлбөйт.
30Себеби Жунус Нинеби шаарындагылар үчүн кереметтүү жышаан катары жиберилгендей, Адам Уулу да бул муун үчүн кереметтүү жышаан болот.
31Түштүк[9]ханышасы да тирилип, ушул муунду айыпка жыгат, анткени ал Сулаймандын акылман сөзүн угуп кетейин деп, дүйнөнүн аркы четинен келген. А бул жерде болсо Сулаймандан да улуу Бирөө турат.
32Нинебиликтер кыямат кайымда ушул муун менен бирге кайра тирилип, аны айыпка жыгат, анткени алар Жунустун сөзүн угуп, ниеттерин өзгөртүшкөн. А бул жерде болсо Жунустан да улуу Бирөө турат.

 

Дененин шамы

 

33Эч ким шамды күйгүзүп туруп, жашыруун жерге же идиштин алдына катып койбойт. Тескерисинче, киргендерге жарыгын чачсын деп, шамдалга коёт.
34Адамдын көзү — анын чырагы. Ошондуктан көзүң тунук болсо, бүт денең да жарык болот. Эгерде көзүң арам болсо, бүт дене-боюң караңгыда калат.
35Ошондуктан байка: сендеги жарык караңгы болуп жүрбөсүн.
36Эгерде бүт денең эч караңгысыз, жарык болуп турса, анда сага шам жарыгын чачып турган сыяктуу, бүтүндөй жарык болосуң.

 

Сырты жалтырак, ичи калтырактар

 

37Ыйса муну айтып жатканда, фарисейлердин бири Аны конокко чакырды. Ыйса анын үйүнө кирип, дасторкондун жанына жамбаштап отурду.
38Анын тамак алдында кол жуубаганын көрүп, фарисей таң калды.

 

39Ошондо Эгебиз ага мындай деди: — Фарисейлер, азыр силер чыны, табагыңардын сыртын жууйсуңар, бирок ичиңерде талоончулук менен жамандык ашып-ташыйт.
40Акылсыздар, сыртын жараткан Кудай ичин да жараткан эмеспи?
41Андан көрө, идиштин ичиндегисин мусапырларга бербейсиңерби, ошондо бардык нерсеңер таза болот эле го!
42Бирок фарисейлер, силердин шоруңар куруйт, себеби жалбыз, адырашман, ар кандай жашылчалардын түшүмүнүн ондон бирин зекетке бересиңер да, Кудайдын мээрими менен калыстыгынан четтеп кеттиңер. Бирок бул жагына да көңүл буруп, тигил жагын да калтырбашыңар керек болчу.
43Эй, фарисейлер, шоруңар куруйт. Силер синагогаларда алдыңкы орундарда олтурганды, базарларда элдин эпилдеп саламдашып турганын сүйөсүңөр.
44Шордуусуңар силер, анткени адамдар байкашпай, үстүнөн басып жүргөн көрлөргө окшошсуңар.[10]

 

45Ошондо дин мугалимдеринин бири:

 

— Устат, бул сөзүң бизге да тийип жатат, — деди.

 

46Ыйса ага мындай деди:

 

— Дин мугалимдери, силердин да шоруңар куруйт. Силер оор, адам чыдагыс диний эрежелерди башкалардын жонуна артып, аларды көтөрүүгө жардам иретинде чыпалагыңарды да тийгизип койбойсуңар.
47Силердин шоруңар куруйт, себеби аталарыңар өлтүргөн пайгамбарларга күмбөз куруп,
48алардын кылгандарын туура деп эсептеп, ал тургай ошого макул экениңерди көрсөтүп жатасыңар.
49Ошондон улам Кудай Өзүнүн даанышмандыгы менен: «Мен аларга пайгамбарлар менен элчилерди жиберем, бирок алардын кээсин өлтүрүп, кээсин сары изине чөп салып, кубалашат» деген.
50Ошону менен дүйнө жаратылгандан бери
51— Абылдан[11]тартып, курмандык жай менен эң ыйык жайдын ортосунда өлтүрүлгөн Закирге чейинкилердин баарынын каны ушул муундан талап кылынат.
52Дин мугалимдери, силердин шоруңар куруйт! Силер билимдин ачкычын колуңарга алып алып, өзүңөр да кирбей, кирейин дегендерге да бут тосуп келгенсиңер.

 

53-54Ыйса сүйлөп бүтүп, үйдөн чыкканы жатканда, дин мугалимдери менен фарисейлер ичинен жаман ойлошуп, сөзүнөн кыйкым издеп, суроолорду жаадырышты.

 

12

 

Кудайды урматтагыла жана чындыкты коркпой, ачык айткыла

 

1Ушул арада миңдеген киши жыйылып, алар бири бирин кыса баштады. Ошондо Ыйса адегенде шакирттерине кайрылып, мындай деди:

 

— Фарисейлердин ачыткысы — эки жүздүүлүктөн алыс болгула.
2Сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт.
3Ошондуктан караңгыда айткан сөзүңөрдү жарыкта угушат, үйдүн ичинде кулакка шыбырап айткан сөзүңөр үйдүн төбөсүнөн жар салынат.
4Досторум, силерге айтам: денени өлтүрүп, андан кийин башка эч нерсе кыла албаган адамдардан коркпогула.
5Кимден коркуш керектигин айтып коёюн: өлтүргөндөн кийин тозокко түшүрүүгө кудурети бар Кудайдан корккула!
6Беш чымчык бир аз эле тыйынга сатылат эмеспи. Бирок алардын бирин да Кудай унутта калтырбайт.
7А силердин болсо башыңардагы чачыңар да эсептелүү. Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар.
8Силерге айтып коёюн: ким Мени эл алдында ачык тааныса, Адам Уулу да Кудай периштелеринин алдында аны ачык тааныйт.
9Мени эл алдында четке какканды Мен да Кудай периштелеринин алдында четке кагам.
10Адам Уулуна каршы сөз айткан адам кечирилет, бирок кимде-ким Ыйык Рухка акарат айтса, кечирилбейт.
11Силерди синагогадагы элдин, башчылардын, бийлик башындагылардын алдына алып барышканда, кантип же эмне деп актанышты же эмнени айтышты ойлоп, түйшүк тартпагыла.
12Эмне дешти Ыйык Рух ошол саатта силерге үйрөтөт.

 

Дүнүйөкорлуктан алыс болуу жөнүндө ибарат

 

13Эл арасынан бирөө:

 

— Устат, агама айтып коюңузчу, мурасты мени менен бөлүшсүн, — деп кайрылды.

 

14Ыйса ал кишиге:

 

— Ким Мени силерге сот же бөлүштүргүч болуп берсин деди эле? — деди.
15— Анан элге кайрылып: — Этият болгула, ар кандай дүнүйөкорлуктан алыс болгула, анткени адам өмүрү анын мал-мүлкүнүн көптүгүнө байланыштуу эмес, — деди.

 

16Ошондон кийин Ыйса аларга мындай ибаратты айтып берди:

 

— Бир байдын эгин талаасы жакшы түшүм берет.
17Бай ичинен ойлонот: «Эмне кылсам? Эгин жыяр жайым жок.
18Кой, минтейин: кампаларымды бузайын да, кайра чоңураак кылып салып, бардык эгиним менен мал-мүлкүмдү ошо жерге коёюн.
19Анан өз жаныма айтам: жаным, көп жылдарга жете турган байлыгың жатат. Эми эс ал, ич, же, шапар тээп шаттан».
20Бирок Кудай ага: «Эй акылсыз, бүгүн түнү жаныңды алганы келишет. Жыйган-тергениң кимге калат?» — дейт.
21Керт башы үчүн байлык топтоп, Кудайды эсине албаган адам ушундай болот.

 

Көр оокаттан өйдө болуп, Кудайга ишенгиле

 

22— Ошондуктан силерге айтып коёюн, — деди Ыйса шакирттерине карап, — «Эмне жейбиз» деп жаныңарды ойлоп, «эмне кийебиз» деп денеңерди ойлоп, түйшүк тартпагыла!
23Тамактан жан, кийимден дене артык да.
24Каргаларды карагылачы, алар эгишпейт да орушпайт, кырмандары да, кампалары да жок. Аларды Кудай азыктандырып турат. Ал эми алардан силердин айырмаңар кандай чоң.
25Кимиңер түйшүктөнүп, өзүнө бир карыш бой кошо алат?
26Эгерде ушундай жарыбаган нерсе колуңардан келбесе, башкаларды ойлоп, куру убара тартуунун эмне кереги бар?
27Кызгалдактардын өскөнүн карагылачы, алар эмгектенишпейт, жип да ийришпейт. Бирок силерге айтып коёюн: Сулайман падыша атак-даңкы чыгып турганда да алардын эч бириндей кийинген эмес.
28Эгерде бүгүн талаада өсүп, эртең мешке жагыла турган чөптү Кудай ушундай кийиндирсе, силерди андан артык кийиндирбейби, эй, ишеними аздар!
29Ошондуктан не жеп, не ичебиз деп кабатыр болбогула!
30Дүйнөдөгү элдердин эси-дарты ушуларда, бирок силердин Атаңар буларга муктаж экениңерди билет.
31Андан көрө, Кудай Падышачылыгы жөнүндө ойлогула, ошондо калганы силерге кошулуп берет.

 

Чыныгы байлык асманда

 

32Коркпогун, кичинекей кой короо! Атаңар падышачылыгын силерге мурас кылууну ылайык көрдү.
33Мал-мүлкүңөрдү сатып, кайыр бергиле! Эскирбес, көөнөрбөс байлыктарды көккө жыйнагыла. Ал жакка ууру да жакындай албайт, күбө да жей албайт.
34Анткени байлыгың каерде болсо, эси-дартың да ошерде болот.

 

Ыйсанын кайтып келишине даяр болгула!

 

35Ар дайым белиңер буулуу, чырагыңар жагылуу болсун!
36Үйлөнүү тоюнан кайта турган ээсин күтүп, каалганы кагылар замат ачууга даяр турган адамдардай болгула.
37Ээси келип, кызматчыларынын уктабай күтүп турушканын көрсө, ошол кызматчылар таалайлуу. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ээси аларды олтургузуп коюп, өзү белин бууп алып, кызмат кылат.
38Эгер ээси түн ортосунда болобу, таң азанда болобу келип, кулдарынын уктабай, сергек тургандарын көрсө, анда алар таалайлуу.
39Силер билгендей, эгер үй ээси уурунун кайсы саатта келерин билсе, үйүн бузуп кирүүсүнө жол бербес эле.
40Ошондуктан силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон саатта келет.

 

Ишенимдүү жана ишенимсиз кул

 

41Ошондо Петир:

 

— Эгебиз, бул ибаратты бизге эле айтып жатасыңбы же бардыгынабы? — деп сурады.

 

42Ыйса мындай деп жооп берди:

 

— Үйдөгү кулдарына тамак-ашын убагында берип туруш үчүн кожоюн дайындап кеткен ишеничтүү жана акыл-эстүү башчыны элестеткиле.
43Кожоюну келгенде тапшырылган ишин аткарып жаткан кызматчы бактылуу!
44Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кожоюну аны бүт үй мүлкүнө башчы кылат.
45Эгер ошол кызматчы ичинен: «Кожоюнум жакында келбейт», — деп, башка кулдарды уруп сабап, жеп-ичип, масчылыкка берилсе,
46кожоюну ал күтпөгөн күндө, билбеген саатта келет да, башын жара чаап, ишенимсиздер менен кошо жазага тартат.
47Ээсинин каалоосун билип туруп, даярданбаган, анын каалоосун аткарбаган кул көп таяк жейт.
48Ал эми билбей калып, жазага татыктуу иш кылган кул азыраак таяк жейт. Ошол сыңары, кимге көп берилсе, ошондон көп талап этилет, кимге көбүрөөк ишенип тапшырылса, андан көбүрөөк суралат.

 

Ыйса үчүн бөлүнүү болот

 

49Мен асмандан жерге от таштоо үчүн келдим. Ошол от тезирээк жанышын кандай каалар элем!
50Мен өзгөчө чөмүлүүдөн[12]өтүшүм керек, ошол саатым келгиче канча кыйналам.
51Силер Мени жер бетине тынчтык алып келди деп ойлойсуңарбы? Жок, бөлүнүү алып келдим десем туурараак болот.
52Анткени мындан ары бир үй ичинде эле беш киши өз ара бөлүнө башташат: үчөө экөөнө каршы, экөө үчөөнө каршы болуп, бөлүнөт.

 

 

53Атасы каршы болуп өз уулуна,

 

Уулу да атасына каршы болот,

 

Энеси каршы болуп өз кызына,

 

Кызы да энесине каршы болот,

 

Кайнене каршы болуп келинине,

 

Келин да кайненеге каршы болот.

 

Өз учурунда элдеш

 

54Ыйса элге мындай деди:

 

— Силер батыштан каптап келаткан булутту көргөндө, «жамгыр жаайт» дейсиңер, анан чынында эле жамгыр жаайт.
55Түштүктөн шамал соксо, «күн ысык болот» дейсиңер, анан чындап эле ысык болот.
56Эй, эки жүздүүлөр, көк менен жердин кубулушун ажырата билесиңер, ал эми азыркы убактын кандай экенин кантип ажырата билбейсиңер!
57Эмне үчүн кандай кылуу туура экенин өзүңөр калыстык менен чечпейсиңер?
58Доочуң менен сотко баратканыңда, жолдо андан кутулганга тырыш. Антпесең ал сени сотко сүйрөп келет да, сот жазалоочунун колуна өткөрөт, жазалоочу болсо зынданга салат.
59Айтып коёюн: акыркы тыйыныңды бермейинче, ал жактан чыкпайсың.

 

13

 

Ниетиңерди өзгөрткүлө

 

1Ушул убакта Пилат өлтүргөн галилеялыктар тууралуу Ыйсага кабарлашты. Пилат аларды малдарын курмандыкка чалып жаткан жеринен өлтүрткөн эле.

 

2Ыйса бул кабарды айткандарга айтты: — Бул адамдардын күнөөсү галилеялыктардын баарыныкынан чоң болгондугу үчүн ушундай балээге туш болушту деп ойлойсуңарбы?
3Жок дейм силерге, андай эмес. Эгерде ниетиңерди өзгөртпөсөңөр, баарың тең ушинтип куурайсыңар.
4Силоом мунарасы басып калып, каза тапкан он сегиз кишинин күнөөсү Иерусалимде жашагандардын баарыныкынан көбүрөөк болгон деп ойлойсуңарбы?
5Жок дейм силерге, андай эмес. Эгерде ниетиңерди өзгөртпөсөңөр, баарың тең ушинтип куруйсуңар.

 

Ниетти өзгөртүүгө бир аз убакыт бар

 

6Ушундан кийин Ыйса мындай ибаратты айтып берди:

 

— Бир адамдын жүзүмзарында олтургузулган анжир дарагы болуптур. Ошол адам жүзүмзарына келип, анжир дарагынан жемиш издеп, таба албайт да,
7багбанга айтат: «Үч жылдан бери келип, мына бул анжирден жемиш издейм, бирок таба албайм. Ошондуктан аны кыйып сал, бекер эле жерди ээлеп турат».
8Багбан айтат: «Таксыр, быйыл да коё туруңузчу. Мен тегерегин жумшартып, кык төгүп көрөйүн.
9Жемиш берип калар. Эгер бербесе, анда эмки жылы кыя бериңиз».

 

Бүкүр аялдын дем алыш күнү айыгышы

 

10Бир дем алыш күнү Ыйса синагогалардын биринде таалим берип калды.
11Ал жерде жиндин таасиринен улам он сегиз жылдан бери такыр белин көтөрө албай бүкүрөйүп калган бир аял бар эле.

 

12Ыйса ошол аялды көрүп, чакырып алды да: — Аял, дартыңдан кутул! — деп,

 

13колун үстүнө койду. Ошол замат бели жазылып кеткен аял Кудайга алкыш айта баштады.

 

14Муну карап турган синагога башчысы Ыйсанын дем алыш күнү айыктырганына кыжырланып, элге:

 

— Иш кыла турган алты күн бар го! Айыгууга дем алыш күнү келбестен, ошол күндөрү келгиле! — деди.

 

15Эгебиз ага айтты:

 

— Эй, эки жүздүү! Өзүңөр дем алыш күнү өгүзүңөрдү же эшегиңерди акырдан чечип алып, сугарганы жетелеп барбайсыңарбы?
16Ал эми он сегиз жыл бою шайтандын байлоосунда келген Ыбрайымдын мына бул кызын дем алыш күнү куткарса болбойт беле?

 

17Ыйсанын бул сөзү Ага каршы болгондордун баарын уят кылды. Турган эл Анын кылган улуу иштеринин баарына кубанып жатышты.

 

Сары кычынын даны тууралуу ибарат

 

18Ушундан соң, Ыйса мындай деди:

 

— Кудайдын Падышачылыгын эмнеге салыштырсам? Аны эмнеге окшоштурсам?
19Ал бир адамдын өз багына эккен кипкичинекей сары кычынын данына[13]окшош. Урук өнүп, чоң өсүмдүккө айланат да, бутактарына канаттуулар уя салат.

 

20— Кудайдын Падышалыгын эмнеге окшотсом? — деди Ыйса сөзүн улантып,
21— ал бир аялдын камыр ачытыш үчүн үч чара унга салган ачыткысына окшош, — деди.

 

Бейиштин эшиги тар

 

22Ошентип, Ыйса шаар-кыштактарды аралап, Иерусалимге баратты.

 

23Кимдир бирөө Андан:

 

— Таксыр, аз гана адамдар куткарылабы? — деп сурап калды.

 

Ыйса ага айтты:

 

24— Кудай Падышачылыгына тар эшиктен кирүүгө тырышкыла! Силерге айтып коёюн: көп адамдар кирсек дешет, бирок кире алышпайт.
25Эгер үй ээси ордунан туруп, эшиктерин жаап алса, сыртында каласыңар да, эшигин каккылап: «Таксыр, эшикти ачып койчу бизге» дейсиңер. Үй ээси болсо: «Мен силердин ким экениңерди, кайдан экениңерди билбейм!» дейт.
26Ошондо силер: «Сени менен бир дасторкондо даамдаш элек го, биздин көчөлөрүбүздө таалим берип жүрбөдүң беле!» дей баштайсыңар.
27Үй ээси болсо: «Силерге айтып жатам, эй, ыймансыздар, кимсиңер, кайдансыңар, мен билбейм, көзүмө көрүнбөй жоголгула!» дейт.
28Ошондо Ыбрайым, Ыскак, Жакып жана башка бардык пайгамбарлардын Кудай Падышачылыгында калганын көрөсүңөр, а силер болсо сыртка кууласыңар. Анан боздоп, тишиңерди кычыратып, ачууланасыңар.
29Чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн келгендер Кудай Падышачылыгынан орун алышат.
30Ошондо биринчи болуп калган акыркыларды жана акыркы болуп калган биринчилерди көрөсүңөр.

 

Ай, Иерусалим, Иерусалим!

 

31Ошол убакта фарисейлерден кимдир бирөөлөр келип:

 

— Бул жерден кетип калчы, Ирод сени өлтүрөм деп жатат, — дешти.

 

Ыйса аларга айтты:

 

32— Барып, ал түлкүгө айтып койгула: «Мен бүгүн, эртең жиндерди кубалап, оорулууларды айыктырам да, үчүнчү күнү[14]ишимди аяктайм».
33А бирок кантсе да, Мен бүгүн, эртең жана бүрсүгүнү сапарымды улантам, анткени пайгамбардын Иерусалимдин сыртында өлүшү мүмкүн эмес да!
34Ай, Иерусалим, Иерусалим! Сен пайгамбарларды өлтүрүп, Кудай жиберген адамдарды таш бараңга алдың. Аттиң, балапандарын бооруна чогултуп, канатына калкалаган тоок сымал, канча ирет сенин элиңди чогултайын дедим, бирок силер каалаган жоксуңар.
35Эми мына, үйүңөр каңгырап, ээн калат. Силерге айтып коёюн: «Эгебиздин атынан Келатканга урмат!» деп айтар убак келгиче, Мени көрбөйсүңөр.

 

14

 

Мыйзам жана ырайым

 

1Ыйса дем алыш күндөрүнүн биринде фарисейлердин кайсы бир башчысынын үйүнө конокко келди. Фарисейлер Ыйсанын артынан акырын байкап турушту.
2Ошол убакта денесине сары суу толуп, шишик басып ооруган бир адам Ыйсанын алдына келди.

 

3Ошондо Ыйса фарисейлер менен мыйзамчылардан: — Дем алыш күнү дарылоого болобу? — деп сурады.

 

4Тигилер унчугушкан жок. Ыйса оорулууга колун тийгизип, айыктырды да үйүнө жиберди

 

5анан тигилерге: — Араңардан кимиңер баласы же өгүзү чуңкурга түшүп калса, ал дем алыш күнү экенине карабай дароо сууруп чыгарбайт? — деген суроо берди.

 

6Алар болсо бул суроого жооп бере алышпады.

 

Төрөпейилдик жана кичипейилдик

 

7Конокко чакырылгандар орун тандап, төргө өтүп жатышты. Муну байкаган Ыйса ибарат менен мындай деди:

 

8— Бирөө сени тойго чакырса, төргө жулунба. Коноктордун бири сенден сыйлуураак болуп калып,
9экөөңдү тең чакырган адам жаныңа келип: «Бу кишиге ордуңду бер» деп калбасын. Ошондо уят болуп, улагага өтүп барып олтурганга туура келет.
10Конокко келгениңде, төмөн жакка олтуруп жүр. Сени чакырган киши басып келип: «Досум, төргө өт» дегенде, жаныңдагылардын алдында мартабаң арта түшөт.
11Анткени ким өзүн өзү көтөрсө, кемсинтилет, ал эми ким өзүн төмөн кармаса, көтөрүлөт.

 

Сыйлыкты Кудайдан күт

 

12Ошондон кийин чакырган адамга Ыйса айтты:

 

— Түштө же кечинде тамак жасап, конок чакыра турган болсоң досторуңду, тууган-туушкандарыңды, бай кошуналарыңды чакырба. Анткени алар кайра өзүңдү чакырып, бергениңди кайтарышат.
13Ошондуктан жакыр, майып, чолок, сокурларды чакыр.
14Алар сага кайра кайтарганга эч нерсеси болбогондуктан бактылуу болосуң. Анткени кыяматта, адилеттүүлөр тирилген кезде, тиешеңди аласың.

 

Чакырылгандар жана тандалгандар

 

15Ыйса менен дасторкондун жанында жамбаштап жаткандардын бири Ага:

 

— Кудай Падышачылыгынан даам сыза турган адам таалайлуу! — деди.

 

16Ыйса ага мындай деди:

 

— Бир киши чоң той тамагын берип, көп адамдарды чакырат.
17Тамактанар маал келгенде, чакырылгандарга кулун жөнөтүп: «Келгиле, баары даяр болду» деп айттыртат.
18Ошондо баары сүйлөшүп алгандай кечирим сурай баштайт экен: «Жер сатып алдым эле, барып көрүп келбесем болбойт, мени кечирип кой», — дейт биринчиси.
19Экинчиси: «Беш жуп өгүз сатып алдым эле, ошолорду сынап көргөнү баратам, мени кечирип кой», — дейт.
20Үчүнчүсү болсо: «Мен аял алдым, ошондуктан бара албайм», — дейт.
21Кул ээсине кайра келип, баарын айтып берет. Ошондо үй ээси каарданып, кулуна: «Тез бар да, шаардын аянттары менен көчөлөрүн кыдырып, жакыр, майып, сокур, чолокторду алып кел бул жакка!» — дейт.
22Кийин кул ээсине келип: «Таксыр, буйругуңду аткардым, бирок дагы бош орундар бар!» — дейт.
23«Жолдорго чык да, чарбактарды, кашааларды аралап өтүп, адамдарды келүүгө мажбур кыл, үйүмдүн ичи толсун!» — дейт ээси.
24Силерге айтып коёюн: жанагы чакырылгандардан эч кимиси менин тамагымдан экинчи ооз тийишпейт!

 

Ким Ыйсанын шакирти боло алат?

 

25Жолдо Ыйсаны көп эл ээрчип келе жатты. Ыйса аларга кайрылып мындай деди:

 

26— Ким Мага келип, бирок ата-энесин, үй-бүлөсүн, бала-чакасын, тууган-туушкандарын, атүгүл өз өмүрүн Менден артык көрсө, ал Менин шакиртим боло албайт.
27Мени өзүнүн айкаш жыгачын көтөрбөстөн[15]ээрчиген адам да Менин шакиртим боло албайт.
28Араңардан бирөө мунара кургусу келсе, анда ал адегенде отура калып, сарптала турган чыгымды эсептебей, аягына чыгарганга каражаты бар-жогун калчабай туруп, ишке киришеби?
29Пайдубалын куярын куюп алып, калганын бүтүрө албаса, айланадагылар:
30«Бул кайран баштаарын баштап алып, аягына чыккан жок!» — деп шылдыңдашпайбы.

 

31Же бир падыша башка бир падышага каршы согушка аттана турган болсо, келе жаткан каршылашынын жыйырма миң аскерине өзүнүн он миңи менен туруштук бере алабы же жокпу — олтура калып, акылдашпайбы?
32Туруштук бере албаса, каршылашы тээ алыста экенинде эле ага элчи жиберип, жансоога сурайт.

 

33Ушул сыяктуу эле араңардан кимиңер болбосун колунда болгондун баарынан баш тартпаса, Менин шакиртим боло албайт.

 

34Туз — жакшы нерсе, бирок ал даамын жоготуп койсо, кайра калыбына келтирүүгө болобу?
35Болбойт, анткени ал кыртышка да, кыкка да жарабай калат. Ошондуктан аны ыргытып жиберишет. Уга турган кулагы барлар уксун!

 

15

 

Күнөөкөр ниетин өзгөртсө, көктөгүлөр кубанат

 

1Бир күнү көптөгөн салыкчылар менен ар кандай күнөөкөр адамдар Ыйсанын жанына Анын сөзүн укканы келишти.
2Ошон үчүн фарисейлер менен дин мугалимдери: «Ал күнөөкөрлөрдү кабыл алып, алар менен бир дасторкондон тамак жейт экен!» — дешип, нааразы болушту.
3Ыйса аларга мындай ибаратты айтып берди:

 

4— Эгер араңардагы жүз кою бар бирөөнүн бир кою жоголуп кетсе, ал токсон тогузун ээн талаага таштап, жоголуп кеткенин тапкыча кыдырып издебейби?
5Таап алган соң, кубанычы койнуна батпай, койду ийнине артып,
6үйүнө келет да, жоро-жолдошторун, коңшу-колоңун чакырып: «Жоголгон коюмду таптым, кубанчыма ортоктош болгула!» — дейт.
7Силерге айтып коёюн: ниетти өзгөртүүнүн кажети жок деп, өздөрүн такыбаа санаган токсон тогуз адамдан көрө, ниетин өзгөрткөн бир күнөөкөр үчүн көктөгүлөр көбүрөөк кубанышат.

 

8Же болбосо, он күмүш теңгеси бар аял теңгелеринин бирин жоготуп алса, шамдарын күйгүзүп, үйүн шыпырып-сыйрып, тапмайынча кылдаттык менен издебейби?
9Тапкан соң, курбу-курдаштары, коңшу-колоңдорун чакырып алып: «Жоготкон теңгемди таптым, кубанчыма ортоктош болгула!» — дейт.
10Ошондуктан силерге айтам: бир күнөөкөр ниетин өзгөртсө, Кудайдын периштелери зор кубанычка бөлөнүшөт.

 

Адашкан уул

 

11Ыйса дагы мындай деди:

 

— Бир адамдын эки уулу болуптур.
12Бир күнү кенже уулу: «Ата, менин энчимди бериңиз!» — дейт. Ошондо атасы бар дүнүйөсүн балдарына бөлүп берет.
13Көп өтпөй кенжеси өзүнө бөлүнгөн энчинин баарын алып, алыс жерге кетип калат. Ал жерден өз билгениндей жашап, колундагы дүнүйөсүн чачып жок кылат.
14Ошол кезде ал жерде катуу ачарчылык болуп, бул бала да ач-жылаңач калат.
15Анан ошол өлкөнүн бир тургунуна барып, жалчы болуп орношот. Жалдап алган киши аны талаага жиберип, чочколорун кайтартып коёт.
16Ал бала чочколор жеген кабык менен курсагын тойгузууга зар болчу экен, бирок аны да ага эч ким ыраа көрбөптүр.
17Бир күнү ал эсине келип, минтип ойлонот: «Атамдын канчалаган малайлары нанды кенен жеп жүрүшөт, а мен болсом бул жерде ачкадан куурап, өлө турган болдум.
18Кой, атама барайын да: "Ата, мен Кудайга күнөөкөр болдум, сиздин алдыңызда да айыптуумун.
19Эми мен сиздин уулуңуз деп аталууга да татыксызмын. Мени жалчыларыңыздын катарына кошуп алыңызчы", — дейин».
20Ошентип ал атасына жөнөйт. Ал үйүнө жете электе, тээ алыста келе жатканда эле атасы аны көрөт. Көргөндө ичи элжиреп, алдынан чуркап чыгып, мойнунан кучактап, бетинен өпкүлөйт.
21Уулу болсо ага айтат: «Ата, мен Кудайга күнөөкөр болдум, сиздин алдыңызда да айыптуумун. Эми мен сиздин уулуңуз аталууга да татыксызмын!»
22Бирок атасы кулдарына мындай деп буйрук берет: «Балама тезирээк эң мыкты кийим алып келип, үстүнө жапкыла, колуна мөөрлүү шакек салгыла, бутуна өтүк кийгизгиле!
23Бордолгон ноопазды жетелеп келип, сойгула! Жеп-ичип, тойлойлу!
24Себеби менин бул балам өлгөн эле — тирилди, жоголгон эле — табылды!» Анан баары тойлой башташат.

 

25Бул убакта улуу баласы талаада жүргөн. Ал талаадан кайтып келатып, үйүнө жакындаганда ыр-күү менен бийлеп-чордогондордун добушун эшитет.
26Малайлардын бирин чакырып алып: «Эмне болуп жатат?» — деп сурайт.
27«Иниңиз келди. Атаңыз аны аман-эсен көргөнү үчүн бордолгон ноопазын сойду», — деп жооп берет малай.
28Ошондо ал ачууланып, үйгө киргиси келбейт. Атасы сыртка чыгып, өтүнсө да көнбөй, ага:
29«Канча жылдан бери кызматыңызды кылып келатам. Бир да жолу сөзүңүздү эки кылбадым. Бирок сиз досторум менен отуруп, көңүл ачуум үчүн жок дегенде бир улак да берген эмес элеңиз.
30Ал эми бузулган аялдар менен бирге сиздин мүлкүңүздү жалмап салып келген мына бул балаңызга бордолгон ноопазды союп бердиңиз», — дейт. Анда атасы мындай дейт:
31«Ээ, балам, сен ар дайым жанымдасың да. Менин мал-мүлкүмдүн баары сеники.
32Бирок бүгүн кубанып, тойлош керек. Себеби сенин бул иниң өлгөн эле — тирилди, жоголгон эле — табылды».

 

16

 

Акылдуу кул

 

1Ыйса шакирттерине кайрылып мындай деген ибарат айтып берди:

 

— Бир бай болуптур. Анын үй чарбасын башкарган кызматчысы бар экен. Ага ошол кызматчысы тууралуу: «Мүлкүңдү ысырап кылып жатат!» — деген сөз жетет.
2Муну укканда, ал кызматчысын чакырып: «Эмне үчүн сен жөнүндө ушундай сөз жүрүп жатат? Кылган ишиңдин эсебин бер. Эми мындан ары бул кызматта иштей албайсың!» — дейт. Ошондо үй чарбаны башкарган кызматчы ичинен минтип ойлонот:
3«Эмне кылсам? Ээм кызматтан алып жатат. Кара жумушка жокмун, кайыр сураштан уялам.
4Аа, кызматтан кеткен соң, адамдар мени үйлөрүнө кабыл алышы үчүн эмне кылуунун амалын таптым».
5Анан ээсине карыз болгондорду бир-бирден чакыра баштайт. Биринчисинен сурайт: «Ээме канча карызсың?»
6— «Жүз бочке май карызмын». «Тил катыңды ал да, тез отура калып, элүү деп жаз».
7Андан кийин экинчисинен сурайт: «А сен канча карызсың?» — «Жүз кап буудай». «Тил катыңды ал да, сексен деп жаз».
8Ээси кара ниет кызматчысын акыл таап кеткени үчүн мактады. Чынында эле бул дүйнөнүн адамдары өзүнө окшогондордун арасында жарыктын адамдарынан[16]көрө тапкычыраак.
9Мен да силерге айтам: бул бейоопа дүйнөнүн байлыгын пайдаланып, дос күткүлө. Ошентип, бул байлыгың өтүп кеткенде, алар силерди бейиштен кучак жайып тосуп алышсын.

 

10Кичине иште ишенимдүү болгон киши, чоң иште да ишенимдүү болот. Кичине иште ишенимдүү болбогон киши, чоң иште да ишенимдүү боло албайт.
11Андыктан бул бейоопа дүйнөнүн байлыгында ишенимдүү болбосоңор, чыныгы байлыкты силерге ким ишенип тапшырат?
12Эгерде силер башка бирөөгө караштуу байлыкта ишенимдүү болбосоңор, өзүңөрдүкүн силерге ким берет?
13Эч бир кул эки кожоюнга бирдей кызмат кыла албайт: же бирин сыйлайт да, экинчисин жек көрөт, же бирине берилип, экинчисине көңүл кош мамиле кылат. Ошол сыяктуу, Кудай менен акчага бирдей кызмат кыла албайсыңар!

 

Тоорат мыйзамы жана Кудай Падышачылыгы

 

14Мунун баарын угуп турушкан дүнүйөкор фарисейлер Аны шылдыңдап күлүштү.

 

15Ыйса аларга айтты: — Силер өзүңөрдү адамдардын алдында такыбаа көрсөткүңөр келет, бирок Кудай силердин ниетиңерди билет. Себеп дегенде адамдар жогору баалаган нерсе, Кудай алдында жийиркеничтүү.
16Тоорат мыйзамы менен пайгамбарлардын доору Жакыяга чейин созулду, андан бери Кудай Падышачылыгы жар салынып жатат жана баары ага өз күчү менен кирүүгө аракеттенип жатышат.
17Бирок Тоораттын бир чекити жоголгуча, асман менен жердин жок болуп кетиши оңой.

 

18Аялын коё берип, башкага үйлөнгөн адам өзү ойноштук кылган болот. Ошондой эле күйөөдөн чыккан аялга үйлөнүү да ойноштук кылганга жатат.

 

Тиги дүйнөдөгү бай менен кедей

 

19Бир бай киши болуптур. Ал кымбат чапан менен шайы көйнөк кийип, күндө шапар тээп жыргачу экен.
20-21Ошондой эле Лазар аттуу бир кедей болуптур. Бүткөн боюн жара баскан ал бай жеген тамактын калдыктарына зар болуп, анын дарбазасынын жанында жатканда, иттер келип жараларын жалашчу экен.
22Бир күнү бул кедей каза болуп, периштелер аны Ыбрайым жаткан жайга алып барып коюшат. Бай да өлүп, көргө коюлат.
23Тозокто кыйналып жатып, бай көзүн ачып карап, Ыбрайымдын жанындагы Лазарды көрөт.
24Ошондо мындай деп жалынып жиберет: «Ыбрайым ата, мени аяп, Лазарды жиберип коюңузчу, колунун учун сууга малып, тилиме тамызып койсун, мына бул от-жалындан катуу кыйналып жатам».
25Бирок Ыбрайым мындай дейт: «Эй, балам, тирүүңдө кандай жашаганыңды эстечи: сен жыргадың, ал эми Лазар болсо куурады. Бирок азыр ал бул жерден сооронуч тапты, а сен болсо кыйналып жатасың.
26Анын үстүнө бул жактан силер жакка, силер жактан биз жакка өткүсү келгендер өтө албас үчүн ортобузга түпсүз туңгуюк орнотулган».
27«Ата, андай болсо аны менин атамдын үйүнө жиберип коюңузчу,
28беш бир тууганым бар эле, ошолор да бул азаптуу жайга келбес үчүн жакшылап эскертип, күбө болуп берсин», — деп суранат бай.
29Ыбрайым болсо мындай дейт: «Аларда Муса менен башка пайгамбарлар бар эмеспи, ошолорду билишсин».
30«Жок, Ыбрайым ата, — дейт бай, — эгер өлгөндөрдөн бирөө аларга барса, алар ниеттерин өзгөртүшөт».
31Ошондо Ыбрайым айтат: «Муса менен пайгамбарларга кулак салбаган алар тирилип барган адамга да ишенишпейт».

 

17

 

Азгырыктар

 

1Ыйса шакирттерине дагы мындай деди:

 

— Күнөөгө батырган азгырыктар сөзсүз келет, бирок ким аркылуу келсе, ошонун шору куруйт.
2Мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батыргандан көрө, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңизге ыргытылганы оң болмок.
3Ошондуктан өзүңөргө этият болгула. Эгер боордошуң сага жамандык кылса, зекип кой. Эгер күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураса, кечир.
4Эгер ал бир күндө жети ирет[17]сага жамандык кылып, кайра жети ирет күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сураса, кечир.

 

Ишеним жөнүндө

 

5Элчилери Ыйсага:

 

— Ишенимибизди арттырчы! — дешти.

 

6Эгебиз аларга мындай жооп берди:

 

— Эгер сары кычынын данындай ишенимиңер бар болсо, мына бул турган тыт дарагына: «Тамырың менен жулун да, деңизге олтургузул!» десеңер, тилиңерди алат эле.

 

Кудайга кызмат кылуу жөнүндө

 

7Ыйса дагы мындай деди:

 

— Араңардан бирөөнүн жер айдаган же кой кайтарган кулу болсун дейли. Кул талаадан келгенде, ага: «Тез келип, дасторконго өт!» дейби?
8Тескерисинче: «Мага тамак бер! Тамактанып бүткөнүмчө, мени тейлегин, андан кийин өзүң тамактанарсың!» дебейби?
9Ал буйругун аткарганы үчүн кулуна алкыш айтмак беле?
10Ошол сыяктуу, силерге берилген буйруктардын баарын аткарган соң: «Биз эч нерсеге арзыбаган кулдарбыз. Милдетибизди гана аткардык», — дегиле.

 

Пес оорусунан айыккан он киши

 

11Ыйса Самария менен Галилея аймактарын аралап өтүп, Иерусалимге жол тартты.
12Ал бир айылга жакындаганда, пес менен ооруган он адамга туш болду. Алар оолак туруп алышып:

 

13— Эй, устат! Ыйса, бизге ырайым эт! — деп кыйкырышты.

 

14Ыйса аларды көрүп:

 

— Баргыла, денеңерди динкызматчыларга көрсөткүлө! — деди.

 

Алар жолдо баратышканда, денелери пестен айыгып калды.
15Бирөөсү айыкканын көрүп, Кудайды кыйкыра даңктап, кайтып келди да,
16Ыйсанын бутуна жыгылып, алкышын жаадырды. Бул киши самариялык болчу.

 

17Ошондо Ыйса: — Айыккандар он киши эмес беле? Калган тогузу кайда?
18Мынабу башка уруулуктан башкалары Кудайга мактоо айтыш үчүн келишкен жокпу? — деди.

 

19Анан айыккан адамга кайрылып:

 

— Тур, бара бер, сени ишенимиң айыктырды, — деди.

 

Ыйсанын экинчи жолку келиши жөнүндө

 

20Фарисейлер Кудай Падышачылыгынын качан келишин сураганда, Ыйса мындай деп жооп берди:
21Кудай Падышачылыгы көзгө көрүнүп келбейт. «Бул жерде» же «тигил жерде» деп да айтууга болбойт. Мынакей, Кудай Падышачылыгы силердин эле араңарда.

 

22Ыйса шакирттерине карап, мындай деди:

 

— Адам Уулу менен өткөргөн күндөрдүн бирин көрсөк деп эңсеген кез келет, бирок көрө албайсыңар.
23Ошондо силерге: «Машаяк тигил жакта» же «бул жакта» дешет. Бирок аларга барбагыла да, ээрчибегиле.
24Анткени Адам Уулу Өзүнүн келер күнүндө асмандын бир четинен экинчи четине чейин жарык кылган чагылгандай баарына айкын көрүнөт.
25Бирок адегенде Ал көп азап чегип, бул уруу тарабынан четке кагылышы керек.
26Нухтун убагында заман кандай болсо, Адам Уулунун кайра келер алдында да ошондой болот.
27Топон суунун алдында да Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, үйлөнүштү, күйөөгө чыгышты, күндөлүк турмуш менен алек болушту. Бирок топон суу келип, баарын басып калды.
28Лут жашаган убакта да ушундай болгон: баары жешкен, ичишкен, соода-сатык жүргүзүшкөн, эгин эгишкен, үй салышкан.
29Бирок Лут Содом шаарынан чыккан күнү асмандан от аралаш күкүрт жаап, баарын кыйратты.
30Адам Уулу келген күнү да так ошондой болот.
31Ошол күнү ким үйдүн төбөсүндө жүрсө, үй ичинде калган буюмдарымды алып чыгам дебесин, ким талаада жүрсө, артына кайтпасын.
32Луттун аялын эстегиле!
33Жанын сактоого аракеттенген адам, жанынан айрылат, ким жанын Кудай үчүн аябаса, аны сактап калат.
34Силерге айтып коёюн: ошол түнү бир үйдө жаткан эки адамдын бири алынат, экинчиси калтырылат.
35Жаргылчак тартып олтурушкан эки аялдын бири алынат, экинчиси калтырылат.[18]

 

37Ошондо шакирттери Ыйсадан:

 

— Эгебиз, бул кай жерде болот? — деп сурашты.

 

— Тарп кай жерде болсо, жорулар да ошол жерге жыйылары баарына белгилүү эмеспи, — деп жооп берди Ыйса.

 

18

 

Кудайдан сураган алат

 

1Ыйса шакирттерине дайыма сыйынып, кайгыга чөкпөө керектигин насааттап, мындай ибаратты айтты:

 

2— Бир шаарда Кудайдан да коркпогон, адамдардан да уялбаган казы болуптур.
3Ошол эле шаарда дагы бир жесир аял турчу экен. Ошол аял казыга улам-улам келип: «Доочумдан мени коргой көрүңүз!» — деп суранат.
4Бирок көпкө чейин казы аны коргогусу келбеди. Акырында ал ичинен: «Мен Кудайдан да коркпойм, адамдардан да уялбайм.
5Бирок мына бул жесир мага тынчтык бербей жатканы үчүн коргоп коёюн, антпесем кайта-кайта келе берип, тажатат», — дейт.
6Ыймансыз казынын айтканын көрдүңөрбү, — деди Эгебиз сөзүн аяктап жатып.
7— Ал эми Кудай Өзүнө күнү-түнү жалбарып турган, Ал Өзү тандап алган пенделерин коргобой, анан зарыктырмак беле?
8Силерге айтып коёюн: Кудай аларга коргоону маалкатпай жиберет. Бирок Адам Уулу келгенде жер бетинен ишенимди табар бекен?

 

Өзүн көтөргөн басынтылат, төмөн кармаган көтөрүлөт

 

9Өздөрүн такыбаа санашып, өзгөлөрдү өйдөдөн карашкан кээ бирөөлөргө Ыйса мындай ибаратты айтты:

 

10— Эки адам сыйынуу үчүн ийбадатканага барышыптыр: бири фарисей, экинчиси салыкчы экен.
11Фарисей туруп алып, мындай деп сыйынат: «О, Кудай! Мен башкалардай талап-тоногуч, адамдарды какшатып жабыр тарттыргыч, нике бузгуч же мынабу турган салыкчы сыяктуу болбогонума шүкүр!
12Бир жумада эки жолу орозо кармайм, бардык кирешемдин ондон бирин сага берем».
13Арт жагында турган салыкчы болсо башын көтөргөнгө да батына албай, капаланып, көкүрөгүн койгулап:[19]«Оо, Кудай, мендей күнөөкөргө ырайым кыла көр!» — деп сыйынат.
14Силерге айтып коёюн: фарисейден көрө, бул киши үйүнө акталып кайтат. Анткени өзүн көтөргөн ким болбосун басынтылат, ал эми өзүн төмөн кармаган ар ким көтөрүлөт.

 

Кудай Падышачылыгын наристедей кабыл алуу керек

 

15Колун коюп, батасын берсин деп, Ыйсанын алдына балдарды да алып келишти. Шакирттери муну көрүп, алып келгендерди жемелеп, уруша башташты.

 

16Бирок Ыйса балдарды жанына чакыртып, шакирттерге айтты: — Балдар Мага келе берсин, алардын жолун тоспогула! Себеби Кудай Падышачылыгы ошондойлордуку.
17Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай Падышачылыгын баладай кабыл албаган адам ага эч качан кире албайт, — деди.

 

Бай адам

 

18Башчылардын бири Ыйсадан:

 

— О, жакшы устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуу үчүн эмне кылышым керек? — деп сурады.

 

19Ыйса ага минтип жооп берди:

 

— Эмне үчүн Мени жакшы деп жатасың? Бир Кудайдан башка эч ким жакшы эмес.
20«Ойноштук кылба, киши өлтүрбө, уурдаба, жалган күбө болбо, ата-энеңди сыйла»деген осуяттарды билесиң да.

 

21— Булардын баарын жаштайымдан сактап келатам, — деди башчы.

 

22Ыйса муну укканда:

 

— Сага дагы бир нерсе жетпейт: бар да, колуңдагы дүнүйөңдүн баарын сатып, түшкөн акчаны бей-бечараларга таратып бер, ошондо байлыгың көктө болот. Анан кел да, Мени ээрчи, — деди.

 

23Ал муну укканда, катуу кайгырды. Анткени ал абдан бай эле.

 

24Ыйса анын терең кайгырганын көрүп: — Байлардын Кудай Падышачылыгына кириши кандай кыйын!
25Байдын Кудай Падышачылыгына кирүүсүнөн көрө, төөнүн ийне көзүнөн өтүшү оңой, — деди.

 

26Муну уккандар:

 

— Анда түбөлүк өмүргө ким ээ боло алат? — дешти.

 

27Ыйса:

 

— Адамдын колунан келбеген менен, Кудайдын колунан келет, — деди.

 

28Петир болсо:

 

— Мына, биз баарын таштап салып, сени ээрчип жүрөбүз, — деди.

 

29Ыйса шакирттерине:

 

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Кудай Падышачылыгы деп, үйүн, аялын, туугандарын, ата-энесин, балдарын таштап чыккан адам
30бул дүйнөдө андан да көп эсе жакшылык таап, акыретте болсо түбөлүк өмүргө ээ болот, — деди.

 

Ыйсанын Өз өлүмү тууралуу үчүнчү ирет айтышы

 

31Ыйса он эки шакиртин жанына чакырып алып, аларга:

 

— Биз азыр Иерусалимди көздөй баратабыз. Ошол жерде Адам Уулу тууралуу жазылган бардык пайгамбарчылык сөздөр ишке ашат.
32Аны башка улуттагылардын колуна тапшырышат. Алар Аны кордоп, шылдыңдашат, бетине түкүрүп,
33сабашат, аягында өлтүрүшөт. Бирок Ал үчүнчү күнү кайра тирилет, — деди.

 

34Бирок шакирттери Ыйсанын айтканынан эч нерсе түшүнүшпөдү. Бул сөздөр алар үчүн купуя сыр эле, ошондуктан айтылган сөзгө маани беришкен жок.

 

Сокурдун айыгышы

 

35Ыйса Иерихон шаарына жакындап калганда, жолдун четинде бир сокур кайыр тилеп олтурган эле.

 

36Алдынан топураган эл өтүп бара жатканын угуп: — Эмне болуп кетти? — деп сурады.

 

37— Назареттик Ыйса өтүп баратат! — дешти Ага.

 

38Ошондо сокур:

 

— Оо, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр! — деп кыйкырып жиберди.

 

39Алдыда келе жаткандар болсо:

 

— Унчукпа! — деп тыюу салышты.

 

Бирок ал:

 

— Оо, Дөөттүн Уулу, мага ырайым кыла көр! — деп, мурдагыдан да катуу кыйкырды.

 

40Ошондо Ыйса токтоп, сокурду жанына алып келүүнү буюрду. Сокур маңдайына келгенде, Ыйса андан:

 

41— Сага эмне кылышымды каалайсың? — деп сурады.

 

Ал:

 

— Таксыр, көзүм көрүп калса экен! — деди.

 

42Ыйса ага:

 

— Көзүң көрсүн, ишенимиң сени айыктырды, — деди.

 

43Ошол замат сокурдун көзү көрүп калды. Ал Кудайга алкышын жаадырып, Ыйсанын артынан ээрчиди. Муну көргөн элдин баары Кудайды даңкташты.

 

19

 

Закайдын Кудай жолуна түшүшү

 

1Ыйса Иерихон шаарын аралап өтүп баратты.
2Ошол жерде Закай аттуу киши бар эле. Ал салыкчылардын чоңу болуп, абдан бай болчу.
3Ал Ыйсаны көрүүгө, ким экенин билүүгө куштар эле. Бирок боюнун кыскалыгынан, анын үстүнө элдин көптүгүнөн улам көрө албады.
4Ыйсаны көрүү үчүн алдыга жүгүрүп барып, бир тыт дарагына чыкты, себеби Ыйса ошол жол менен өтүшү керек эле.

 

5Ыйса ошол тушка келгенде, жогору жакты карап: — Закай, тезирээк ылдый түш! Мен бүгүн сенин үйүңө конушум керек, — деди.

 

6Закай дароо төмөн түшүп, Ыйсаны кубаныч менен тосуп алып, конок кылды.

 

7Муну көргөндөрдүн баары нааразы болушуп, өз ара күңкүлдөштү: — Ал күнөөкөрдүн үйүнө конокко барган эмнеси?!

 

8Закай болсо ордунан туруп:

 

— Таксыр, мүлкүмдүн теңин кедей-кембагалдарга берем. Эгер бирөөнү алдап, акысын жеген болсом, аны төрт эселеп кайтарып берем, — деди.

 

9Ошондо Ыйса:

 

— Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди! Анткени бул киши да Ыбрайым атанын чыныгы урпагынан экен.
10Адам Уулу жоголгонду издеп таап, куткаруу үчүн келди, — деди.

 

Он дилде жөнүндө ибарат

 

11Ыйса Иерусалимге жакындап калгандыктан, Аны угуп турган калайык Кудай Падышачылыгы келет деп ойлошчу.

 

12Ыйса аларга мындай ибарат айтты: — Бир ак сөөк адам хандыкка шайланып келиш үчүн алыс өлкөгө жөнөйт.
13Кетерде өзүнүн он кулун чакырып алып, ар бирине бирден алтын дилде[20]берип: «Мен кайтып келгиче, бул акчаны иштетип тургула!» — дейт.
14Бирок эли аны жек көрчү экен. Ошондуктан анын аркасынан элчи жөнөтүшүп: «Анын бизге хан болушун каалабайбыз», — деп айттырышат.
15Бир күнү ошол киши хан шайланып, кайра кайтып келет. Берген акчаларынан кимиси кандай пайда өндүргөнүн билиш үчүн кулдарын жанына чакыртат.
16Биринчиси келип: «Таксыр, сиздин акчаңыздан он дилде пайда түшүрдүм», — дейт.
17Хан ага: «Азаматсың, ак ниет, ишенимдүү кулум! Кичине иште ишенимдүү болдуң, эми он шаардын акими бол», — дейт.
18Экинчиси келип: «Таксыр, сиздин акчаңыздан беш дилде пайда түшүрдүм», — дейт.
19Хан ага: «Сен да беш шаарга аким бол», — дейт.
20Үчүнчү кул келип: «Таксыр, мына дилдеңиз, мен аны түйүнчөккө түйүп сактадым.
21Мен сизден корктум, анткени сиз койбогон жерден алган, экпеген жерден оргон катаал адамсыз», — дейт.
22Хан ага: «Эй, ыймансыз кул, сени өз оозуңдан чыккан сөзүң менен жазалайм! Менин койбогон жерден алып, экпеген жерден оргон катаал адам экенимди билчү белең?
23Анда эмне үчүн дилдемди акча иштеткендерге берип койбодуң? Келгенимде, кирешеси менен албайт белем», — дейт.
24Андан соң, жанындагыларга айтат: «Мындан дилдени алып, он дилдеси барга бергиле!»
25«Таксыр, анын он дилдеси бар го», — дешти алар.
26Анда хан: «Силерге айтып коёюн: кимде бар болсо, ага дагы берилет, ал эми кимде жок болсо, колундагысы да тартылып алынат.
27Мени өздөрүнө хан кылууну каалабаган душмандарымды ушул жерге алып келип, менин көзүмчө башын алгыла!» — дейт.

 

Ыйсанын Иерусалимге кириши

 

28Ыйса сөзүн бүтүп, Иерусалим тарапка жолун улантты.

 

29Зайтун тоосунун жанындагы Бейтфаге менен Бейтани айылдарына жакындаганда, Ыйса эки шакиртин жөнөтүп жатып, аларга мындай деди:

 

30— Мына бу маңдайдагы айылга баргыла. Ага кирериңер менен эч ким мине элек такай байланып турганын көрөсүңөр. Аны чечип алып, жетелеп келгиле.
31Эгер бирөө: «Муну эмне чечип жатасыңар?» десе, «Эгебизге керек болуп жатат», — деп жооп бергиле.

 

32Шакирттер барып, Ыйсанын айтканын табышты.
33Алар такайды чечип жатканда, анын ээлери: «Эшекти эмне чечип жатасыңар?» — дешти.
34Шакирттер: «Эгебизге керек болуп жатат», — деп жооп беришти.
35Алар такайды Ыйсага жетелеп келишти да, чапандарын чечип, ага жаап, Ыйсаны мингизишти.
36Ыйса аны минип баратканда, урмат-сый көрсөтүшүп, жолуна чапандарын төшөштү.
37Зайтун тоосунан төмөн түшө турган жолго жеткенде, шакирттеринин баары мурда жасаган кудуреттүү кереметтер үчүн Кудайды кубана даңктай башташты:

 

38— Эгебиздин атынан келаткан Падышаны Кудай жалгасын!Көктө бейкуттук болсун, Кудайга урмат болсун!

 

39Ошондо эл арасындагы кээ бир фарисейлер Ыйсага:

 

— Устат, шакирттериңди тыйгын! — дешти.

 

40Бирок Ыйса аларга мындай жооп берди:

 

— Силерге айтып коёюн: эгер алар унчукпай калышса, анда таштар кыйкырып жиберишет.

 

Ай, Иерусалим, Иерусалим

 

41Ыйса шаарга жакындап калганда, аны карап туруп, ыйлап жиберди да мындай деди:

 

42— Ушул күнү тынчтык үчүн эмне керек экенин, жок дегенде, сен билсеңчи. Бирок ал азыр сенин көзүңдөн жашыруун.
43Башыңа каран күн түшүп, касташкандарың айланаңды казып, туш тарабыңдан кысымга алышат.
44Таш-талканыңды чыгарып, койнуңдагы балдарыңды кырышат. Кудайдын сага келген саатын билбей калганың үчүн сени жер менен жексен кылышат.

 

Ийбадатканадагы соодагерлерди кубалап чыгуу

 

45Ошондон кийин Ыйса Иерусалимдеги ийбадаткананын короосуна кирип, андагы соодагерлерди кууп чыга баштады.

 

46Аларга: — Ыйык Жазууда «Менин үйүм сыйына турган үй болсун»деп жазылган. А силер аны каракчылардын үңкүрүнө айлантып жибериптирсиңер!— деди.

 

47Ыйса ар күнү ийбадаткананын короосунда таалим берип жүрдү. Ал эми эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери Анын көзүн тазалоо амалын издей башташты,
48бирок бул максаттарын ишке ашыра турган жолду таба алышпады. Себеби жамы журт Ыйсанын маңдайынан кетпей, сөзүн угушар эле.

 

20

 

Ыйсанын укугу тууралуу суроо

 

1Ыйса ийбадаткананын короосунда таалим берип, Жакшы Кабарды жарыялап жүргөн ошол күндөрдүн биринде жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери эл башчылары менен бирге келишип,

 

2Ага суроо беришти: — Бизге айтчы, сен буларды кайсы бийлигиң менен жасап жатасың? Мындай бийликти сага ким берди? — дешти.

 

3Ыйса аларга мындай жооп берди:

 

— Мен да сиздерге бир суроо берейин, жооп берсеңиздер:
4Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өткөрүү бийлигин кимден алды эле? Кудайданбы же адамдарданбы?

 

5Ошондо тигилер өз ара мындай деп акылдаша кетишти:

 

— Эгер Кудайдан десек, анда «эмнеге ага ишенбедиңиздер?» дейт.
6Адамдардан десек, элдин баары бизди ташбараңга алат, анткени алар Жакыяны пайгамбар деп эсептешет.

 

7Анан Ыйсага:

 

— Кимден экенин билбейбиз, — деп жооп беришти.

 

8Ыйса да аларга:

 

— Анда Мен да силерге кайсы бийлик менен жасап жатканымды айтпайм, — деди.

 

Жүзүмзардагы ижарачылар тууралуу ибарат

 

9Анан Ыйса элге кайрылып, мындай ибаратты айтты:

 

— Бир киши болуптур. Ал жүзүм тигип, аны багбандарга ижарага берип, өзү узак убакка бир жакка кетет.
10Жүзүм тере турган маал келгенде, жемишинен берсин деп ижарачыларга бир кулун жөнөтөт. Бирок ижарачылар аны сабап, куру кол кайтарып жиберишет.
11Ошондо жүзүмзардын ээси дагы бир кулун жиберет. Алар аны да сабап, кордоп, куру кол жиберишет.
12Үчүнчүсүн жибергенде, аны да жарадар кылып, тышка ыргытып салышат.
13Ошондо жүзүмзардын ээси: «Эми эмне кылсам? Жанымдай көргөн уулумду жиберейин. Балким, андан ийменишээр», — дейт.
14Ижарачылар болсо уулун көргөндө, өз ара акылдашып: «Бул мураскор, жүргүлө, өлтүрөлү, ошондо мурасы бизге калат», — дешет да,
15аны жүзүмдүн сыртына алып чыгып, өлтүрүп салышат. Эми жүзүмдүн ээси эмне кылат?

 

16Келип, ижарачыларды өлтүрүп, жүзүмдү башкаларга берет. Муну угуп турган эл:

 

— Анын бетин ары кылсын! — деп жиберишти.

 

17Ыйса аларга карап:

 

— Ыйык Жазуулардагы:

 

 

«Куруучулар жаратпай,

 

Таштап салган таш эле,

 

Пайдубалдын негизи

 

Болуп калды ал эми»

 

 

деген сөз эмнени билдирет?
18Ким бул ташка куласа, талкаланат, ал эми бул таш кимдин үстүнө түшсө, анын таш-талканы чыгат, — деди.

 

Салык төлөө маселеси

 

19Жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери бул ибараттын ал тууралуу айтылганын түшүнүштү да, ошол эле замат кармамак болуп, бирок элден коркушту.
20Сөзүнөн кыйкым таап, римдик губернатордун колуна тапшырып, соттотуу үчүн алар Ыйсаны аңдытып, такыбаа болумуш болуп, анткорлонушкан тыңчыларын жиберишти.

 

21Тыңчылар Ыйсага мындай суроо узатышты: — Устат, сиздин ак сүйлөп, туура таалим берериңизди билебиз. Эч кимдин жүзүнө карабай, адамдарга Кудайдын акыйкат жолун окутасыз.
22Айтыңызчы: Рим падышасына салык төлөгөн болобу же болбойбу?

 

23Алардын арам оюн байкаган Ыйса:

 

24— Мага бир күмүш теңгени көрсөткүлөчү. Анын бетиндеги сүрөт менен жазуу кимдики экен? — деди.

 

— Падышаныкы, — дешти алар.

 

25Ыйса:

 

— Анда падышаныкын падышага, Кудайдыкын Кудайга бергиле! — деди.

 

26Ошентип алар Аны эл алдында сөзүнөн кармай албай, Анын жообуна таң калышып, унчуга албай калышты.

 

Өлгөндөрдүн кайра тирилүүсү жөнүндө суроо

 

27Ошондо өлгөндөр кайра тирилбейт деп ишенишкен садукей тобундагы адамдар келип, Ыйсага суроо беришти:

 

28— Устат! Муса: «Эгер бирөө дүйнөдөн тукумсуз өтүп кетсе, анын аялын иниси алып, агасынын тукумун уласын»,— деп жазып кеткен.
29Жети бир тууган бар эле. Эң улуусу аял алып, бала көрбөй өлдү.
30Аялын экинчи иниси алып, ал да баласыз өтүп кетти.
31Анан үчүнчүсү да ошондой болду. Ошентип жетинчисине чейин, баары ушундай каза болушту.
32Эң аягында аял да көз жумду.
33Эми, кыяматта кайра тирилишкенде, аял кимисиники болот? Анткени баары тең ага үйлөнүп чыгышпадыбы.

 

34Ыйса аларга мындай жооп берди:

 

— Бул дүйнөдөгүлөр аял алышып, күйөөгө тийишет.
35Ал эми бейишке татыгандар кайра тирилгенде, о дүйнөдөн аял да алышпайт, күйөөгө да чыгышпайт.
36Алар периштелер сыяктуу эч качан өлбөйт, анткени кайра тирилтүүчү Кудайдын балдары болуп калышат.
37Ал эми өлгөндөрдүн кайра тирилерин Муса өзү да күйүп турган бадал жөнүндөгү аңгемеде билдирген. Ал Эгебизди Ыбрайымдын Кудайы, Ыскактын Кудайы жана Жакыптын Кудайыдеген.
38Демек, Кудай — өлгөндөрдүн эмес, тирүүлөрдүн Кудайы. Анткени Анын алдында баары тең тирүү да!

 

39Ошондо дин мугалимдери:

 

— Устат, сиз абдан жакшы жооп бердиңиз! — дешти.

 

40Мындан соң, эч ким батынып, Ага суроо бере албады.

 

Машаяк тууралуу суроо

 

41Ыйса аларга мындай деди:

 

— Эл эмне үчүн Машаякты Дөөттүн тукуму дешет?

 

 

42Дөөт Забур китебинде: «Жараткан Эге Эгеме деди мындай:

 

43Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча,

 

Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда»— деген.

 

 

44Демек, Дөөт өзү Машаякты Эгем деп жатса, кандайча Ал кайра Дөөттүн тукуму болот?

 

Эки жүздүү динчилдерден сактангыла

 

45Элдин баары Ыйсаны угуп турганда, Ал шакирттерине кайрылып мындай деди:

 

46— Узун чапан кийип алып жайкала басканды, базарларда элдин эпилдеп саламдашып турганын, синагогаларда алдыңкы орундарда, аш-тойлордо төрдө олтурганды жакшы көргөн дин мугалимдеринен сак болгула!
47Жесирлердин үй-жайын тартып алып, атайын элге көрүнүш үчүн узакка сыйынган ошолор. Алардын жазасы өтө оор болот.

 

21

 

Жесир аялдын зекети

 

1Айлананы карап, Ыйса ийбадаткананын зекет сала турган үкөгүнө акчаларын салып жаткан байларды көрдү.
2Ошондой эле колунда жок бир жесир аялдын да эки тыйын салып жатканын көрдү.

 

3Ошондо Ыйса айтты: — Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мына бул колунда жок жесир аял баарынан көп салды!
4Анткени баары өздөрүнөн артканын зекетке беришсе, бул аял өзү бечара болуп туруп, колунда болгонун бүт салып берди, — деди.

 

Акыр заман качан болот?

 

5Кимдир бирөөлөр ийбадаткана асыл таштар менен жасалгаланып, Кудайга арналган тартуулар менен кооздолгонун сөз кылып жатышты. Муну уккан Ыйса аларга кайрылып:

 

6— Силер ушул имаратты көрүп турасыңарбы? Таш үстүнө таш калбай, баары талкалана турган күндөр келет, — деди.

 

7Алар Ыйсадан:

 

— Устат, бул качан болот? Ушулар ишке ашар алдында кандай жышаан болот? — деп сурашты.

 

8Ыйса:

 

— Сак болгула, алданып калбагыла! Анткени көп адамдар Менин атымды жамынып келип: «Машаяк менмин!» жана «Акыр заман жакындады!» дешет. Алардын артынан ээрчибегиле!
9Жакын жерлердеги согуштардын үнүн жана алыс жерлердеги тартипсиздиктер тууралуу угасыңар. Бирок коркуп, үрөйүңөр учпасын! Анткени алгач ушулар болушу керек. Бирок булар акыр заман жакын экенин билдирбейт, — деди.

 

10Ыйса дагы мындай деди:

 

— Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат.
11Жер-жерлерде катуу жер титиреп, ачарчылыктар, жугуштуу оорулар болот, көктө коркунучтуу кубулуштар жана улуу жышаандар көрүнөт.
12Ал эми ушунун баары ишке ашардан мурда Мага ишенгениңер үчүн силерге зордук көрсөтүп, кодулашат, синагога сотторуна кармап берип, абакка камап, ал тургай падышалар менен өкүмдарлардын алдына алып барышат.
13Силер болсо мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Мен тууралуу айтып бересиңер.
14Ошондуктан өзүбүздү кантип актайбыз деп алдыртан түйшүк тартпоону көкүрөгүңөргө түйүп алгыла!
15Себеби Мен силерге кастарыңар каршы чыга да, сүйлөй да албай тургандай чечендик менен даанышмандыкты берем.
16Силерди, атүгүл ата-энелериңер, бир туугандарыңар, жакындарыңар менен досторуңар да кармап берип, кээ бириңерди өлтүрүшөт.
17Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар.

 

18Бирок башыңардан бир тал чачыңар да түшпөйт.
19Туруктуулук менен өзүңөрдү сактап калгыла.

 

Иерусалимдин кыйрашы тууралуу алдын ала айтуу

 

20Иерусалим шаарын душмандын аскерлери курчап алганын көргөнүңөрдө, анын каңгырап ээн кала турган кези жакын калган экен деп билгиле.
21Ошондо Иудеядагылар тоолорго качсын, Иерусалимдегилер шаардан чыгып кетишсин, ал эми шаардын сыртындагылар ичине киришпесин!
22Себеби ошол убак — Кудайдын элге тиешелүү шыбагасын бере турган убагы. Ушундайча Ыйык Жазуудагы бул тууралуу жазылгандардын баары жүзөгө ашыш керек.
23Ошол күндөрү кош бойлуулар менен бала эмизгендердин шору. Анткени жер бетин ырайымсыз зордук-зомбулук чулгап, бул элдин башына каардуу жаза жаайт.
24Алар кылычтан кырылып, колго түшүп, башка элдиктерге туткунга кетишет. Башка элдиктер башкарган доор бүткүчө, Иерусалим алардын таманына тепселет.

 

Ыйсанын кайра келиши

 

25Күндө, айда, жылдыздарда алаамат жышаандары пайда болуп, жерде деңиздер албууттанат, элдердин үрөйү учуп, эмне кыларын билишпейт.
26Жер бетине келе жаткан коркунучтарды күтүп, адамдар эстерин жоготот. Анткени аалам күчтөрү багытынан таят.
27Ошондо алар улуу кудурет жана шаң-салтанат менен булуттарды аралап келе жаткан Адам Уулун көрүшөт.
28Силер бул окуялар боло баштаган кезде, өйдө туруп, жогору жакты карагыла, себеби ошол убакта куткарыла турган кезиңер жакындап калат.

 

29Андан кийин Ыйса муну ибарат аркылуу түшүндүрдү:

 

— Анжир дарагын жана башка дарактарды карагылачы.
30Жалбырактары чыга баштаганын көрсөңөр, жай жакындап калганын билесиңер.
31Анын сыңары, ушул окуялардын башталганын көргөнүңөрдө, Кудай Падышачылыгы жакын калганын билгиле.
32Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мунун баары ушул муундун тушунда болуп өтөт.
33Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет.

 

34Бирок өзүңөргө сак болгула! Той-тополоңго берилип, мас болуп, же күндөлүк тиричиликтин түйшүгүнө кирип кетпегиле! Анткени Мен кайтып келе турган күн капысынан келет.
35Ошол күн жер бетинде тургандардын баарынын башына түшкөн тор сыяктуу күтүлбөгөн жерден карп-курп кирип келет.
36Ошондуктан апаттардан кутулуп, Адам Уулунун алдында туралгыдай болуу үчүн ар качан сергек болуп, сыйынгыла!

 

37Ыйса ар күнү кечке чейин ийбадаткананын короосунда таалим берип, кечинде шаардан чыгып, Зайтун тоосуна барып, ошол жакта түнөп жүрдү.
38Таң атпай элдин баары Аны угуу үчүн ийбадатканага келишер эле.

 

22

 

Ыйсага каршы бүтүм

 

1Калама майрамы жакындап калган эле. Аны Куткарылуу майрамы деп да коюшат.
2Жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери элден корккондуктан Ыйсаны өлтүрүүнүн тымызын жолун издешти.
3Ошондо «он экинин» бири — Жүйүт Искариоттун ичине шайтан кирди.
4Ал жогорку динкызматчыларга жана ийбадаткана сакчыларынын башчыларына барып, Ыйсаны аларга кантип кармап берерин сүйлөштү.
5Алар абдан кубанып, Жүйүткө акысын төлөөгө макул болушту.

 

6Жүйүт аларга убада кылып, Ыйсаны эл жок жерден кармап бергенге оңтойлуу учурду издей баштады.

 

Акыркы кечки тамак

 

7Ошентип Калама майрамынын биринчи күнү да келип калды. Ошол күнү бир козуну курмандыкка чалышчу.

 

8Ошондуктан Ыйса Петир менен Жаканды жиберип: — Барып, бизге майрам тамагын даярдагыла, — деди.

 

9— Тамакты кай жерге даярдайлы? — деп сурашты алар.

 

10Ыйса мындай жооп берди:

 

— Шаарга киргениңерде, бир кумура суу көтөрүп бараткан адам жолугат. Аны ээрчип ал кирген
11үйдүн ээсине: устатыбыз сага жиберип, «шакирттерим менен чогуу Куткарылуу майрамынын тамагын жей турган бөлмө кайсы» деп сурап жатат дегиле.
12Ал силерге үстүнкү кабаттагы төшөктөр салынып, конокко даярдалган чоң бөлмөнү көргөзөт. Тамакты ошол жерге даярдагыла.

 

13Алар барышканда, баары Ыйса айткандай болду анан майрам тамагын ошол жерге даярдашты.

 

14Кечки тамак учурунда Ыйса элчилери менен дасторкон жанында жамбаштап жатып,

 

15аларга: — Азап чегеримдин алдында мына бул Куткарылуу майрамынын тамагын силер менен бирге жешти абдан эңсеген элем.
16Силерге айтып коёюн: Кудай Падышачылыгында куткарылуу майрамынын чыныгы мааниси толук ачылганча, мындан ары бул тамактан ооз тийбейм, — деди.

 

17Анан чөйчөктү алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип туруп, аларга:
18Силерге айтып коёюн: мындан ары, Кудай Падышачылыгы орногуча, эч кандай жүзүм шарабын ичпейм, — деди.

 

19Анан нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, сындырды да, шакирттерине таратып берип жатып:

 

— Бул — силер үчүн берилип жаткан Менин денем. Мени ушундай кылып эскерип жүргүлө, — деди.

 

20Анан бир чөйчөктү колуна алып, мындай деди:

 

— Бул чөйчөк — силер үчүн төгүлчү каным менен бекий турган силер менен Кудайдын ортосундагы жаңы келишим.
21Бирок Мени өз колу менен кармап бере турган саткын Мени менен бирге дасторкон башында отурат!
22Анткени Адам Уулу алдын ала белгиленген жол менен баратат, бирок Аны сатып кеткен адамдын шору.

 

23Ошондо шакирттери:

 

— Аны ким сатканы жүрөт? — деп бири биринен сурай башташты.

 

Ким улуу?

 

24Шакирттеринин арасында кимибиз улуу болдук экен деген талаш башталды.

 

25Ыйса аларга мындай деди: — Дүйнөдөгү падышалар эл үстүнө үстөмдүк кылышат, эл бийлегендер «эл камын көргөндөр» деп аталышат.
26Бирок силер андай болбогула. Тескерисинче, улууңар кичүүдөй, башчыларыңар кызматчыдай болушсун.
27Кимиси улуу: дасторкондун жанында жамбаштап жатканбы, же ага кызмат кылып турганбы? Жамбаштап жатканы улуу да, туурабы? Бирок Мен силердин араңарда кызматчы катары кызмат кылып жүрбөймүнбү.
28Бирок силер Менин башыма кыйынчылык түшкөн кезде жанымда болдуңар.
29Ошондуктан Атам Мени падышачылык кылганга дайындагандай, Мен да силерге бийлик берем.
30Силер Менин падышачылыгымдагы дасторкондон даам татасыңар да, такка олтуруп, Ысрайылдын он эки уруусун башкарасыңар.

 

Ыйса Петирдин «Аны тааныбайм» дээрин алдын ала айтат

 

31Эгебиз Ыйса Ысман-Петирге:

 

— Ысман, Ысман! Буудайды электен өткөргөн сыяктуу, шайтан да силерди сыноодон өткөрүүнү талап кылды.
32Бирок Мен сенин ишенимиң жоголуп кетпесин деп сыйындым. Сен болсо ишенимге кайтып келгениңде, боордошторуңдун да ишенимин бекемде, — деди.

 

33Ысман Ыйсага:

 

— Эгем, сени менен бирге абакка да, ажалга да даярмын! — деди.

 

34Бирок Ыйса:

 

— Петир, сага айтамын: ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың, — деп жооп берди.

 

35Ошондон кийин Ыйса шакирттерине:

 

— Мен силерди капчыксыз, баштыксыз, бут кийимсиз жөнөткөнүмдө, бир нерсеге муктаж болдуңар беле? — деди.

 

Алар:

 

— Жок, эч нерсеге, — деп жооп беришти.

 

36Ыйса аларга:

 

— Бирок мындан ары кимдин капчыгы болсо, алып алсын. Кимдин баштыгы болсо, көтөрүп алсын. Кимде канжар жок болсо, кийимин сатып ийип, канжар сатып алсын.
37Анткени силерге айтып коёюн: «Аны кылмышкерлердин катарына кошушту»деп Ыйык Жазууда айтылган сөз Менин өмүрүмдө аткарылышы керек. Себеби Мен тууралуу айтылган сөздөр аткарылбай койбойт, — деди.

 

Шакирттер:

 

38— Эгебиз, мына бул жерде эки канжар бар, — дешти.

 

Ыйса аларга:

 

— Жетет, — деди.

 

Гетсеман багындагы сыйынуу

 

39Ыйса шаардан чыгып, адатынча Зайтун тоосуна жөнөдү. Шакирттери Анын артынан ээрчишти.
40Ошол жерге жеткенден кийин Ыйса аларга: «Шайтанга азгырылбас үчүн сыйынгыла!» — деди.

 

41Өзү алардан таш ыргытымдай оолагырак барып, тизеледи да, мындай деп сыйынды:

 

42— Ата, эгер кааласаң, ушул азапты Мага тийгизбей өткөрүп жиберчи. Бирок Менин эмес, Сенин каалаганыңдай болсун!

 

43Ошол учурда көктөн бир периште келип, Ыйсага көрүнүп, Ага кайрат берди.
44Ыйса ого бетер берилип сыйынды. Анын тери кан тамчыларындай болуп жерге тамды.
45Ыйса сыйынып бүтүп, ордунан турду да, шакирттеринин жанына келип, алардын кайгыдан чарчап, уктап калганын көрдү.

 

46Ошондо аларга: — Эмне уктап жатасыңар? Шайтанга азгырылып кетпес үчүн сыйынгыла! — деди.

 

Ыйсанын кармалышы

 

47Ыйса сөзүн аяктай электе, топурап, бир топ адамдар келди. Аларды он эки элчинин бири, Жүйүт баштап жүрүптүр. Ал Ыйсага жакындап, өпмөкчү болду.

 

48Бирок Ыйса ага: — Жүйүт, сен өөп туруп, Адам Уулуна кыянаттык кыласыңбы? — деди.

 

49Ыйсанын жанындагылар эми эмне боло турганын сезишти да:

 

— Эгебиз, канжар менен чабышпайлыбы? — дешти.

 

50Алардын бирөөсү башкы динкызматчынын кулунун оң кулагын шылый чапты.

 

51Бирок Ыйса: — Токтоткула! — деди да, кулдун кулагына колун тийгизип, аны калыбына келтирип, айыктырып койду.

 

52Өзүн кармоого келген жогорку динкызматчыларга, ийбадаткана сакчыларынын башчыларына жана эл башчыларына Ыйса мындай деди:

 

— Каракчыга каршы аттангансып, кылыч, токмок менен куралданып чыгыпсыңар.
53Күн сайын силер менен кошо ийбадаткананын короосунда жүргөнүмдө, Мага кол көтөргөн жок элеңер, эми болсо силердин мезгилиңер келип, бийлик — караңгылыктыкы.

 

Ысман Петирдин «Ыйсаны тааныбайм» деп үч жолу айтышы

 

54Алар Ыйсаны кармашты да, башкы динкызматчынын үйүнө алып барышты. Ал эми Петир артынан акмалап, ээрчип келди.
55Сакчылар короонун ичине от жагып, тегерете жылынып отурушканда, Петир да алардын арасына барып кошулду.

 

56Бир малай аял оттун жарыгынан анын отурганын көрө койду да, тигиле карап: — Бул да ошолор менен бирге жүргөн болчу, — деди.

 

57Петир ага:

 

— Ай, аял, койсоңчу, мен аны тааныбайм, — деп мойнуна албады.

 

58Көп өтпөй дагы бирөө аны көрө коюп:

 

— Сен да ошолордун бирисиң, — деди.

 

Бирок Петир ал кишиге да:

 

— Эй, койсоңчу, мен алардан эмесмин, — деди.

 

59Бир сааттай убакыт өткөн соң, дагы бирөө:

 

— Чынында эле, бул да анын жанында жүргөн, өзү да галилеялык экен, — деп баса айтты.

 

60Бирок Петир ошол адамга:

 

— Эй, сен эмне деп жатканыңды түшүнбөдүм?! — деди.

 

Ал сүйлөп бүтө электе короз кыйкырды.
61Эгебиз бурулуп, Петирди карады. Ошондо Петир Эгебиздин: «Ушул түнү короз кыйкыргыча, Мени тааныбайм деп үч жолу айтасың» деген сөзүн эстеди да,
62сыртка чыгып, өксүп ыйлады.

 

Жогорку кеңештин алдында

 

63Ыйсаны кармап турган кишилер Аны сабап, кордук көрсөтүштү.

 

64Анын башын таңып туруп, уруп: — Кана, пайгамбарчылык кылып, сени ким урганын айтып берчи! — деп мазакташты.

 

65Алар Аны дагы башка көптөгөн жаман сөздөр менен кордошту.

 

66Таң атканда, эл башчылары, жогорку динкызматчылар жана дин мугалимдери жыйналышып, Ыйсаны өздөрүнүн жогорку кеңешке алып келишти.

 

67— Эгер сен Машаяк болсоң, бизге айтчы! — дешти алар Ыйсаны суракка алып.

 

Ыйса аларга:

 

— Силерге айтсам, ишенбейсиңер!
68Суроо берсем, жооп бербейсиңер!
69Бирок ушул кезден баштап Адам Уулу кудуреттүү Кудайдын оң жагында олтура турган болот,— деди.

 

70Ошондо бардыгы:

 

— Демек, сен Кудайдын Уулу экенсиң да? — дешти.

 

Ыйса аларга:

 

— Дал ошонун Өзү экенимди өзүңөр айтып турасыңар, — деп жооп берди.

 

71Андан кийин муну уккан алар:

 

— Бизге башка далилдин кереги жок! Биз муну анын өз оозунан уктук! — дешти.

 

23

 

Ыйса Пилаттын алдында

 

1Чогулгандардын баары ордуларынан туруп, Ыйсаны Пилатка алып барышты да,

 

2айыптай башташты: — Биз мына бул кишинин элибизди бузуп жүргөнүн жана Рим падышасына салык төлөөгө каршы чыкканын аныктадык. Ал өзүн Машаякмын, мындайча айтканда, Падышамын деп жүрөт, — дешти.

 

3Ошондо Пилат Ыйсадан:

 

— Иудейлердин падышасы сенсиңби? — деп сурады.

 

Ыйса:

 

— Өзүңүз айтып турасыз, — деп жооп берди.

 

4Пилат жогорку динкызматчылар менен жыйылган элге кайрылып:

 

— Мен бул адамдан эч бир күнөө таппай турам, — деди.

 

5Бирок алар ого бетер күчөшүп:

 

— Бул киши Галилеядан баштап, ушул жерге чейин бүткүл Иудеяга өз таалимин таратып, элди ээликтирип жүрөт, — дешти.

 

6Пилат Галилея тууралуу укканда:

 

— Бул киши галилеялыкпы? — деп сурады.

 

7Ыйсанын Ирод бийлеген аймактан экенин билген соң, Пилат Ыйсаны ошол майрам күндөрү Иерусалимде жүргөн Иродго жөнөттү.

 

Ыйса Ироддун алдында

 

8Ирод Ыйсаны көргөнүнө аябагандай кубанды, себеби Ал жөнүндө кабардар болуп, Андан бир керемет көрсөм деп, көптөн бери көксөп жүргөн эле.
9Ирод Ыйсага көп суроо берди, бирок Ыйса алардын бирине да жооп берген жок.
10Ошол жерде турушкан жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдери болсо Ыйсаны күчүнүн барынча каралап жатышты.
11Ошондо Ирод да жоокерлери менен бирге Ыйсаны кордоп, мазактады да, үстүнө падыша чапанын жаап, кайра Пилатка жиберди.
12Ушул кезге чейин касташып келген Пилат менен Ирод ошол күнү дос боло калышты.

 

Ыйсаны өлүмгө кыюу

 

13Пилат жогорку динкызматчыларды, уруу башчыларын жана элди чакыртып алып,

 

14мындай деди: — Мына бул адамды элди бузуп жүрөт деп, мага алып келдиңиздер. Мына, мен аны өзүңүздөрдүн көз алдыңыздарда суракка алып, бул адамдан силер айыптагандай эч бир күнөө таппадым.
15Ирод да ошентти, анткени мен бул адамды ага жөнөткөн элем. Демек, ал өлүм жазасына тартыла тургандай эч кандай кылмыш кылган жок.
16Ошондуктан аны сабатып туруп, бошотуп жиберем, — деди.[21]

 

18Бирок чогулган элдин баары:

 

— Өлтүр аны! Бизге Бараббаны бошотуп бер! — деп чуулдашты.

 

19Барабба болсо шаарда көтөрүлүш чыгарып, киши өлтүргөндүгү үчүн түрмөгө камалган эле.
20Пилат Ыйсаны коё бермекчи болуп, кайрадан элге кайрылды.

 

21Бирок алар: — Аны айкаш жыгачка кер! Аны айкаш жыгачка керип сал! — деп чуу салышты.

 

22Пилат алардан:

 

— Бул киши кандай жамандык кылды? — деп үчүнчү жолу сурады да, мындай деди:

 

— Мен андан өлүм жазасына тарта тургандай эч айып таппай турам. Ошондуктан сабатып туруп, бошотуп жиберейин.

 

23Бирок алар бир ооздон:

 

— Аны айкаш жыгачка керип сал! — деп кыйкыра беришти.

 

Акыры эл менен башкы диний кызматчылардын кыйкырыктары үстөмдүк кылып,
24Пилат алардын талабына көнүүгө аргасыз болду.
25Көтөрүлүш чыгарганы жана киши өлтүргөнү үчүн түрмөгө камалган адамды алардын суранычы боюнча бошотуп жиберди, ал эми Ыйсаны алардын ыктыярына тапшырды.

 

Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы

 

26Жоокерлер Ыйсаны жазалай турган жерге алып бара жатышканда, айылдан шаарга келе жаткан Ысман аттуу киринеялыкты кармап алышып, ага айкаш жыгачты артып, Ыйсанын аркасынан көтөртүп коюшту.

 

27Ыйсаны өтө көп эл ээрчип келе жатты. Көптөгөн аялдар боздоп, ыйлап баратышты.

 

28Ыйса аларга кайрылып, мындай деди: — Оо, Иерусалим аялдары! Мен үчүн ыйлабагыла, өзүңөр үчүн жана балдарыңар үчүн ыйлагыла!
29Себеби «Согончогу канабаган, бала төрөбөгөн, эмчек эмизбеген аялдар бактылуу!» дей турган, азаптуу күндөр келет.
30Ошол убакта адамдар тоолорго: «Үстүбүзгө кулагыла!» дөбөлөргө: «Бизди көөмп калгыла!»деп айта турган болушат.
31Эгер жашыл даракты ушундай кылып жатышса, анда куураган жыгачка эмне болот?

 

32Жоокерлер Ыйса менен бирге эки кылмышкерди да өлтүрүүгө алып баратышты.
33Алар «Баш сөөк жайы» деген жерге келишкенде, Ыйса менен кошо кылмышкерлерди да, бирин оң жагына, бирин сол жагына айкаш жыгачтарга кадап салышты.

 

34Ыйса: — Оо, Ата, буларды кечире көр! Алар эмне кылып жатышканын өздөрү билишпейт, — деди.

 

Жоокерлер чүчү кулак кармашып, Ыйсанын кийимдерин өз ара бөлүп алышты.

 

35Эл муну карап турду. Башчылар да Ыйсаны мазакташып: — Ал башкаларды куткарчу эле. Эгер чын эле ал Кудай тандаган Машаяк болсо, эми өзүн куткарып көрсүнчү! — дешти.

 

36Жоокерлер да алдына келип, Ага кычкыл ичимдик сунушуп:

 

37— Эй, иудейлердин падышасы болсоң, өзүңдү куткарбайсыңбы, — деп Аны кордошту.

 

38Жыгачтын өйдө жагында «Бул — иудейлердин падышасы» деп грек, латын жана эврей тилдеринде жазылган такта кагылуу эле.

 

39Ыйсанын жанына жыгачтарга кагылган эки кылмышкердин бири Аны мазактай:

 

— Сен Машаяк эмессиңби? Кана, өзүңдү да, бизди да куткарбайсыңбы! — деди.

 

40Экинчиси, тескерисинче, аны тыйып:

 

— Кудайдан коркпойсуңбу? Өзүң да бул жазага тартылдың го.
41Биз го кылган иштерибизге жараша тийиштүү жазабызды алдык. Бул болсо эч жамандык кылган жок, — деди.

 

42Ошондон кийин Эгебизге:

 

— Ыйса, падышачылыгыңа келгенде, мени эстей көр, — деди.

 

43Ыйса:

 

— Сага бир чындыкты айтып коёюн: бүгүн сен Мени менен бирге бейиште болосуң! — деди.

 

Ыйсанын өлүмү

 

44-45Түшкү саат он экилерде күн тутулуп, бүт жерди караңгылык басып, ал саат үчкө чейин созулду. Ийбадатканадагы көшөгө тең ортосунан айрылып, экиге бөлүндү.

 

46Ыйса бар үнү менен: — Ата, жанымды Сенин колуңа тапшырып жатам!— деп кыйкырды. — Ушундай деп, Ал акыркы демин чыгарды.

 

47Ушул окуяларды көрүп турган римдик жүз башы:

 

— Бул адам, чынында эле, ак экен! — деп, Кудайды даңктады.

 

48Кызык көргөнү чогулуп, бул окуяга күбө болгон эл көкүрөгүн койгулап, катуу кайгырып, шаарга кайтышты.
49Ал эми Ыйсаны тааныгандардын бардыгы жана Галилеядан бери ээрчип келген аялдар ушунун баарын алыстан карап турушту.

 

Ыйсанын көргө коюлушу

 

50Жогорку кеңештин Жусуп аттуу мүчөсү бар эле. Ал Иудеядагы Ариматия шаарынан чыккан, ак пейил, адил адам болчу.
51Ал иудей жетекчилеринин чечими менен ишине макул болбогон, Кудай Падышачылыгын күтүп жүргөн киши боло турган.
52Эми ал Пилатка барып, Ыйсанын сөөгүн сурап алды.
53Аны жыгачтан түшүрүп алып, ак кепинге ороду. Аска ташты оюп жасалган, али эч ким коюлбаган бир көргө алып барды.
54Бул иш даярдануу күнү кечинде, дем алыш күнү жаңы башталган маалда болду.
55Ыйса менен бирге Галилеядан келген аялдар Жусупту ээрчип келишип, көрдү да, анын ичине сөөктүн кандай коюлганын да көрүштү.

 

56Алар шаарга кайтышып, атыр менен жыттуу май камдашты. Дем алыш күнү болсо Тоорат мыйзамына ылайык эч иш кылбай, эс алышты.

 

24

 

Ыйсанын тирилиши

 

1Жуманын биринчи күнү таң азанда алиги аялдар даярдап коюшкан атыр менен жыттуу майларды алышып, көргө келишти.
2Келгенде, көрдүн оозун бекиткен таштын ордунан жылдырылып, алынып салынганын көрүштү.
3Алар ичине кирип, Эгебиз Ыйсанын сөөгүн табышпады.
4Эмне болгонун түшүнбөй аң-таң болуп турушканда, жаркыраган кийимчен эки киши пайда болду.

 

5Аялдар катуу коркуп, баштарын жерден ала албай турушканда, беркилер мындай дешти: — Эмнеге тирүүнү өлүктөрдүн арасынан издеп жүрөсүңөр?
6Ал тирилип кетти, бул жерде жок! Ал мурда, Галилеяда жүргөнүндө айткан сөздөрүн эсиңерге түшүргүлө.
7Силерге: «Адам Уулун күнөөкөр адамдардын колуна кармап беришет, Аны айкаш жыгачка керишет, үчүнчү күнү болсо Ал кайрадан тирилет», — дебеди беле.

 

8Ошондо аялдар Ыйсанын бул сөздөрүн эстешти.
9Мүрзөдөн кайтып келип, бул тууралуу он бир шакиртке жана башкалардын баарына кабарлашты.
10Элчилерге бул кабарды жеткизгендер — магдалалык Мариям, Жахана, Жакыптын энеси Мариям жана башка аялдар эле.
11Бирок бул сөздөрдү элчилер куру сөз деп, ишенишкен жок.
12Петир болсо ордунан тура калып, мүрзөнү көздөй жүгүрдү. Жетип келип, эңкейип, көрдүн ичин карады. Ал кепиндердин гана жатканын көрүп, бул ишке таң калып, кайра артына жөнөдү.

 

Ыйсанын эки шакиртине көрүнүшү

 

13Так ошол күнү шакирттердин экөө Иерусалимден он чакырымдай аралыкта жайгашкан Эмаус деген айылды көздөй жол тартып,
14болуп өткөн окуялар тууралуу сөз кылып баратышкан.
15Бул окуяларды талкуулап, сүйлөшүп бара жатышканда, Ыйса жакындап келип, аларга кошулуп калды.
16Бирок алардын көзү байланып калгандыктан Аны таанышкан жок.

 

17Ыйса алардан: — Эмне жөнүндө сөз кылып жатасыңар? — деп сураганда, шакирттер токтой калышты.

 

Алардын өңдөрү капалуу эле.

 

18Анан Клеоп аттуусу мындай деди: — Иерусалимге келип, жакын арада эле анда болуп өткөн окуя жөнүндө билбеген жалгыз сен окшойсуң?

 

19— Кайсы окуя? — деп сурады Ыйса.

 

— Назареттик Ыйса жөнүндөгү, — дешти алар. — Ал Кудайдын да, бүтүндөй элдин да алдында кудуреттүү иши жана сөзү менен таанылган пайгамбар эле.
20Биздин жогорку динкызматчыларыбыз менен эл башчыларыбыз өкүм чыгартып, аны айкаш жыгачка керип өлтүртүштү.
21Ал эми биз, Ысрайыл элин куткаруучу — ошол деген ишеним менен үмүттөнгөн элек. Анын үстүнө бул окуянын болгонуна мына бүгүн үчүнчү күн.
22-23Бирок арабыздан бир топ аялдар эртең менен эрте көргө барышып, анын сөөгүн таппай кайра келишип, бизди аябай таң калтырышты. Аларга периштелер көрүнүп, «Ыйса тирүү» дешиптир.
24Ошондо дагы башкалары мүрзөгө барып, аялдардын айтканындай эле Ыйсанын көрдө жок экенине ынанышты.

 

25Ошондо Ыйса аларга айтты:

 

— Эй, баамсыздар! Пайгамбарлар айткан сөздөрдүн баарына эмнеге дале ишенбейсиңер!
26Машаяк Өз улуулугуна жеткенден мурун ушул азаптардан өтүш керек эмес беле?

 

27Анан Ыйса аларга Муса жана башка бардык пайгамбарлардан тартып, Ыйык Жазуулардагы Өзү тууралуу айтылгандарды чечмелеп, түшүндүрүп берди.

 

28Алар бара жаткан айылга жакындаганда, Ыйса жолун андан ары улай тургандай түр көрсөттү.

 

29Бирок шакирттер: — Бүгүн биздикине конуп калсаңчы, анткени кеч кирип, күн батайын деп калды, — деп өтүнүштү.

 

Ыйса алар менен бирге калмакчы болуп, үйгө кирди.
30Алдыларына тамак келгенде, Ал Кудайга ыраазычылык келтирип, нанды сындырып, шакирттерине сунду.
31Ошондо гана алардын көзү ачылып, Ыйсаны таанышты. Бирок Ыйса ошол замат көздөн кайым болду.

 

32Шакирттер өз ара: — Эсиңдеби, жолдо ал бизге Ыйык Жазуулардын маанисин ачып, түшүндүрүп жатканда, жүрөгүбүз от болуп жалындабады беле? — дешти.

 

33Ошол замат ордуларынан туруп, Иерусалимге кайтып келишти да, он бир шакиртти жакын адамдары менен чогулуп олтурушкан жеринен табышты.
34Алар Эгебиздин чындыгында эле кайра тирилип, Ысманга көрүнгөнүн кеп кылып жатышкан экен.
35Эки шакирт дагы жолдо болгон окуяны жана Ыйсаны нан сындырып жатканда таанып калышканын айтып беришти.

 

Ыйсанын шакирттерине көрүнүшү

 

36Алар ушундай деп сүйлөшүп жатканда, Ыйса алардын ортосунда Өзү пайда болду да:

 

— Ассалом алейкум! — деди.

 

37Жүрөгү түшкөн алар Аны арбак экен деп ойлошту.

 

38Ошондо Ыйса аларга айтты:

 

— Неге коркуп кеттиңер? Эмнеге шектенип жатасыңар?
39Колдорумду, буттарымды карап көргүлө, бул Мен Өзүммүн. Мени кармап көргүлө, анткени арбактын Меникиндей эти менен сөөгү болбойт.

 

40Ыйса ушундай деди да, аларга колдору менен буттарын көрсөттү.

 

41Алар кубанганынан ишене албай, аң-таң болуп турушту. Ошондо Ыйса: — Жегидей бир нерсеңер барбы? — деди.

 

42Алар Ага куурулган балыктын бир үзүмүн сунушту.
43Ыйса аны алып, алардын көзүнчө жеди.

 

44Анан аларга айтты: — Силер менен бирге жүргөн кезде эле: «Мусанын мыйзамында, пайгамбарлардын китептеринде жана Забурда Мен жөнүндө айтылгандардын бардыгы аткарылышы керек», — деп айткам.

 

45Ошондо Ал Ыйык Жазуулардын маанисин түшүнүүгө шакирттердин акыл-сезимин ойготту.

 

46Анан сөзүн улап: — Дагы мындай деп жазылган: «Машаяк ушул азапты башынан өткөрүп, үчүнчү күнү өлүмдөн кайра тирилиши керек
47жана ниеттерин өзгөрткөн адамдардын күнөөлөрү кечирилет деп, Анын атынан Иерусалимден баштап, бардык элдерге кабар жарыялоо керек».
48Силер болсо буга күбөсүңөр.
49Мен силерге Атам убада кылган Ыйык Рухту жиберем. Силер болсо жогорудан келе турган ошол кудуретке толгуча Иерусалимде болгула! — деди.

 

Ыйсанын асманга көтөрүлүшү

 

50Ыйса шакирттерин шаардын сыртына алып чыгып, Бейтаниге жакын жерге ээрчитип келди да, колун жайып, батасын берди.
51Бата берип жаткан маалда алардан алыстап, көккө көтөрүлө баштады.
52Шакирттери тизе бүгүп, Ага таазим кылышты. Анан кубанычтары койнуна батпай, Иерусалимге кайтып келишти да,
53ар убакта Кудайды даңазалап, ийбадатканада жүрүштү.

 

 

 

Жакан

1

 

Ыйса — Кудайдын адамга айланган Сөзү

 

1Адегенде Сөз болгон, Сөз Кудайда болгон жана Сөз Кудай болгон.
2Сөз башынан эле Кудай менен болгон.
3Кудай баарын Сөз аркылуу жараткан жана жаратылган нерсенин бири да Ансыз пайда болгон эмес.
4Сөз өмүрдүн башаты болгон. Ошол өмүр адамзатка жарыгын төктү.
5Жарык караңгыда жаркырады, караңгы болсо жарыкты жеңе албады.

 

6Кудай жиберген Жакыя аттуу бир адам болгон.
7Ал Жарыкка күбө болуп, бардык адамдарды Ошого ишендирүү үчүн келген.
8Жакыя өзү Жарык болгон эмес, ал Жарык тууралуу кабарлоо үчүн гана келген болчу.

 

9Ар адамга жарыгын төкчү чыныгы Жарык бул дүйнөгө келе жатты.
10Ал Өзү бул дүйнөдө бар эле, дүйнөнү Ошол жараткан болчу, бирок дүйнөдөгүлөр Аны тааныбады.
11Өзү тандаган элге келди, бирок алар Аны кабыл алышпады.
12Ал эми кабыл алып, Ага ишенгендердин баарына Кудайдын балдары болуу укугун берди.
13Алар табигый жол менен же пенденин каалоосу менен эмес, Кудай аларга чыныгы өмүр бергендиктен гана Анын балдары боло алышты. Алар түпкү аталары ким болгонунан же адамдардын каалоосунан эмес, Кудай Өзү аларды балдары кылган.

 

14Сөз адам болуп, арабызда өмүр сүрдү. Ошондо биз Кудай Атанын жалгыз Уулунун чексиз улуулугун көрдүк. Кудайдын болгон ырайымы менен акыйкаты Анда эле.
15Жакыя Ал жөнүндө мындай деп жар салды: «"Аркамдан келе жаткан менден улуу, анткени ал мен төрөлө электе эле бар болгон" деген кишим ушул».
16Анын чексиз ырайымынан баарыбыз батанын үстүнөн батага ээ болуп келе жатабыз.
17Муса пайгамбар аркылуу мыйзам берилсе, Ыйса Машаяк аркылуу ырайым менен акыйкат берилди.
18Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес, Аны бизге Атасына эң жакын болгон жалгыз Уулу таанытты.

 

Жакыянын Машаяк тууралуу айтышы

 

19-20Иерусалим шаарындагы иудей башчылары тарабынан ким экендигин билип келүүгө жиберилген динкызматчылар менен лебиттерге Жакыя жооп берүүдөн баш тартпай:

 

— Мен Машаяк эмесмин, — деп ачык айтты.

 

21Алар:

 

— Анда сен кимсиң, Илияс[1]пайгамбарсыңбы? — деп сурашты.

 

— Жок, ал эмесмин, — деп жооп берди Жакыя.

 

— Мүмкүн сен келе турган Пайгамбар[2]чыгарсың?

 

— Жок.

 

22Жиберген кишилерибизге жооп бергендей бололу. Сен өзүң жөнүндө эмне дейсиң?

 

23Ошондо Жакыя мындай деди:

 

— Мен, Ышая пайгамбар айткандай, «Эгебизге жолду түздөгүлө!»— деп чөлдө жар салган кабарчымын.

 

24Бул адамдар фарисейлер тобунан эле.

 

25Алар Жакыядан дагы: — Эгер Машаяк да, Илияс да, келе турган Пайгамбар да болбосоң, эмне үчүн адамдарды Кудай жолуна чакырып сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүрөсүң? — деп сурашты.

 

26Жакыя:

 

— Мен тек гана сууга чөмүлдүрүү расмисин өткөрүп жүрөм. Араңарда силер тааныбаган бирөө турат.
27Ал өз ишин менден кийин баштайт, ошентсе да мен анын бут кийиминин боосун чечүүгө татыксызмын, — деди.

 

28Бул окуя Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өтөп жүргөн Иордан дарыясынын чыгышындагы Бейтани айылында болду.

 

Кудайдын курмандык козусу

 

29Кийинки күнү Жакыя өзүн көздөй келе жаткан Ыйсаны көрүп:

 

— Карагыла, Кудай жиберген курмандык козу ушул! Бул адамзаттын күнөөсүн мойнуна алат.
30«Менден кийин келе жаткан менден улуу, анткени ал мен төрөлө электе эле бар болгон» деп, ушул тууралуу айткан элем, — деди. —
31Мен муну таанычу эмесмин, бирок Ысрайыл элине тааныштырып, адамдарды чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүү үчүн келдим.

 

32Жакыя Ал жөнүндө дагы мындай деди:

 

— Мен Ыйык Рухтун көгүчкөн кейпинде көктөн түшүп, Ыйсага конгонун көрдүм.
33Аны мурда чындап эле таанычу эмесмин, бирок мени сууга чөмүлдүрүү расмисин аткарууга жиберген Кудай: «Рухтун кимге конгонун көрсөң, Ыйык Рухка чөмүлдүрүүчү Ошол», — деген эле.
34Мен көрүп, Ыйсанын Кудай Уулу экенине күбө болдум.

 

Ыйсанын алгачкы шакирттери

 

35Эртеси күнү да Жакыя эки шакирти менен ошол жерде турган эле.

 

36Ал өтүп бараткан Ыйсаны көрүп: — Карагыла, Кудай жиберген курмандык козу ушул! — деди.

 

37Эки шакирти Жакыянын айтканын угары менен Ыйсаны ээрчип жөнөштү.

 

38Ыйса артына бурулуп, алардын келе жатканын көрдү да: — Эмне керек эле? — деди.

 

Алар:

 

— Рабби (устат дегенди билдирет), каерде турасыз? — дешти.

 

39Ыйса:

 

— Келип, көрүп кеткиле! — деди.

 

Алар барып, Ыйсанын турган жерин көрүшүп, ал күнү Аны менен бирге болушту. Бул түштөн кийинки убак эле.

 

40Жакандын сөзүн угуп, Ыйсанын артынан ээрчиген экөөнүн бири Ысман-Петирдин иниси Идрис болчу.

 

41Ал биринчи бир тууган агасы Ысманга барып: — Биз Машаяк ким экенин билдик! — деди.

 

42Анан аны Ыйсага ээрчитип келди. Ыйса Ысманга карап:

 

— Сен Жакан уулу Ысмансың. Мындан ары атың Кефа[3](«таш» дегенди билдирет) болсун, — деди.

 

43Эртеси күнү Ыйса Галилея аймагына бармакчы болду. Ал Филипке жолугуп:

 

— Жүр, Мага кошул, — деди.

 

44Филип да Идрис менен Петир турган Бейтсайдадан эле.

 

45Филип болсо Натанайылга барды. — Биз Муса Тооратта жазган жана башка пайгамбарлар да өз жазмаларында айтып кеткен Машаякка жолуктук! — деди ага Филип, — ал — Назареттик Жусуптун уулу Ыйса!

 

46Бирок Натанайыл:

 

— Деги Назареттен жакшы бир нерсе чыкмак беле? — деди.

 

Филип:

 

— Анда бар да өзүң көрбөйсүңбү! — деди.

 

47Ыйса келе жаткан Натанайылды көргөндө:

 

— Ичинде эч бир кири жок, накта ысрайылдык мына ушул, — деди.

 

 

48Сиз мени кайдан билесиз? — деди Натанайыл буга таңыркай. — Мен сени Филип чакыра электе эле анжир дарагынын түбүнөн көргөм.

 

49Ошондо Натанайыл:

 

— Устат, сиз чындап эле Кудай Уулу экенсиз! Ысрайыл падышасы сиз экенсиз! Буга эми көзүм жетти, — деди.

 

50«Сени анжир дарагынын түбүнөн көргөм» дегениме эле ишенип жатасыңбы? Али мындан да зор нерселерди көрөсүң!

 

51Ыйса дагы мындай деди:

 

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эми силер көктүн ачылганын көрөсүңөр. Ал жерде Кудайдын периштелери асманга чыгып, асмандан Адам Уулуна түшүп турушат.

 

2

 

Ыйсанын тойдо көрсөткөн керемети

 

1Эки күндөн кийин Галилеядагы Каана деген айылда бир үйлөнүү тою болуп калды. Ыйсанын энеси ошол жерде болчу.
2Ыйса да шакирттери менен бирге тойго чакырылды.

 

3Шарап түгөнгөндө, энеси: — Шараптары түгөнүп калыптыр, — деди.

 

4Ыйса энесине:

 

— Бул ишти Мага коюңуз. Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-саатым али келе элек, — деп жооп берди.

 

5Деген менен энеси малайларга:

 

— Эмне десе, ошону кылгыла! — деди.

 

6Ошол жерде иудейлердин диний салтына ылайык даарат алууга арналган, ар биринин ичине он чака суу сыйчу алты таш идиш турар эле.
7Ыйса малайларга аларды толтурууну буюрду. Малайлар идиштерди сууга мелт-калт кылып толтурушту.
8Ыйса аларга ошондон сузуп алып, тойбашыга алпарууну буйруду. Тигилер ошондой кылышты.

 

9Тойбашы шарапка айланган алиги суудан татып көрдү, бирок бул шараптын кайдан экенин билген жок. Муну суу сузуп алган малайлар гана билишчү. Тойбашы таң калды да, үйлөнүп жаткан жигитти чакырып алып: —
10Баары адегенде шараптын жакшысын беришет да, коноктор кызып калган кезде начарын беришет. А сен болсо шараптын жакшысын ушул убакытка чейин сактаптырсың, — деди.

 

11Ушундайча Ыйса керемет-жышаандарынын алгачкысын Галилеядагы Каана шаарында жасап, Өзүнүн улуулугун көрсөттү. Шакирттери болсо Ага ишеништи.
12Андан кийин Ыйса энеси, бир туугандары жана шакирттери менен бирге Капарноом шаарына барып, ал шаарда бир нече күн туруп калды.

 

Ийбадатканадагы соодагерлерди кубалап чыгуу

 

13Иудейлердин Куткарылуу майрамы жакындаганда, Ыйса Иерусалимге барды.
14Ийбадаткананын короосунда өгүз, кой, көгүчкөн саткандарды жана акча алмаштырып отургандарды көрдү.

 

15Аркандан камчы жасап алып, соодагерлердин баарын кой, өгүздөрү менен кошо короодон кууп чыкты. Акча алмаштыруучулардын теңгелерин чачып, үстөлдөрүн оодарып таштады. —
16Мунуңарды жоготкула бул жерден! — деди Ал көгүчкөн сатуучуларга. — Атамдын үйүн базарга айландырбагыла!

 

17Ошондо «Сенин үйүңдүн камын жеп, ичим өрттөнүп жатат»деген Ыйык Жазуудагы сөздөр шакирттердин эсине түштү.

 

18Иудей башчылары: — Мындай кылууга кандай акың бар? Аны кандай кереметтүү жышаан менен көрсөтө аласың? — дешти.

 

19Ыйса:

 

— Бул ыйык үйдү бузуп көргүлө, Мен аны үч күндө кайра тургузам, — деп жооп берди.

 

20Иудей башчылары:

 

— Бул ыйык үй кырк алты жыл бою салынган. Сен аны үч күндүн ичинде кайра тургузмакчысыңбы? — дешти.

 

21Ыйса болсо «ыйык үй» деп Өзүнүн денесин айткан эле.
22Ошондуктан Ыйса өлүмдөн кайра тирилген кезде шакирттери Анын ушундай дегенин эстешип, Ыйык Жазууда жазылган жана Ыйса айткан пайгамбарлык сөздөргө ишеништи.

 

23Ыйсанын Иерусалимде, Куткарылуу майрамы маалында кылган кереметтерин көргөн көп адамдар Ага ишеништи.
24-25Бирок Ыйса бардык адамдардын ой-ниеттерин билип, аларга ишене бербеди. Адам баласынын көңүлүндөгүсүн Өзү деле билгендиктен, бирөөнүн адамдар тууралуу маалымат берүүсүнө муктаж да болгон жок.

 

3

 

Кудайга кантип жакындоого болот?

 

1Фарисейлер арасында Никадим аттуу иудей эл башчыларынын бири бар эле.

 

2Ал бир түнү Ыйсага келди да, мындай деп сурады: — Устат, Кудайдан келген мугалим экениңизди билебиз, себеби сиздин керемет-жышаандарыңызды Кудайдын колдоосусуз эч ким жасай албайт.

 

3Ыйса ага мындай деп жооп берди:

 

— Сага бир чындыкты айтып коёюн: кимде-ким кайрадан туулбаса, Кудай Падышачылыгын көрө албайт.

 

 

4Карыган адам кантип кайра туулат? Энесинин курсагына кирип, экинчи жолу бул дүйнөгө кайра туулмак беле? — деп сурады Никадим. —
5Сага бир чындыкты айтып коёюн: пенде сууга чөмүлүп, Ыйык Рухтан туулбаса, Кудайдын Падышачылыгына кире албайт, — деп жооп берди Ыйса. —
6Денеден — дене, Рухтан — рух туулат.
7«Кайрадан туулууга тийишсиңер» дегениме таң калба!

 

8Шамал каалаган жеринде согот, анын үнүн угасың, бирок кайдан келип, кайда кеткенин билбейсиң. Ыйык Рухтан туулган киши менен да ушундай болот. —

 

9Муну кандайча түшүнсө болот? — сурады Ыйсадан Никадим. —
10Ысрайылдын дин мугалими болуп туруп, ушуну билбейсиңби? — деди Ыйса. —
11Сага бир чындыкты айтып коёюн: биз билгенибизди сүйлөп, көргөнүбүздү айтабыз, а бирок силер айткандарыбызды кабыл албайсыңар.
12Мен силерге жердегилерди айтсам ишенбейсиңер, анан көктөгүлөр жөнүндө айтсам кантип ишенесиңер.
13Көктөн келген Адам Уулунан башка эч ким көккө чыккан эмес.
14Муса чөлдө жасалма жыланды жогору көтөрүп койгондой, Адам Уулу да көтөрүлүп коюлууга тийиш.
15Ошондо Ага ишенүүчү ар ким түбөлүк өмүргө ээ болот.

 

16Кудай адамзатты ушунчалык катуу сүйгөндүктөн, Ага ишенүүчү ар ким өлбөстөн түбөлүк өмүргө ээ болсун деп, Өзүнүн жалгыз Уулун курмандыкка берди.
17Кудай Өз Уулун бул дүйнөгө адамзатты жазалоо үчүн эмес, куткаруу үчүн жиберди.
18Ага ишенүүчүлөр жазага тартылбайт, ал эми ишенбегендерди жазалоо үчүн эбак эле өкүм чыгарылган, анткени алар Кудайдын жалгыз Уулуна ишенбей коюшту.
19Ал эми жазанын мааниси мындай: жерге Кудайдын жарыгы түштү, бирок кылган иштери жаман болгондуктан адамдар караңгылыкты артык көрүштү.
20Жамандык жасаган ар ким жарыкты жек көрүп, кылган иштери ашкереленбес үчүн да ага жолобойт.
21Ал эми ким акыйкат жолунда жүрсө, кылган иштеринин Кудайдан экендиги көрүнүп турсун деп, жарыкка келет.

 

Жакыянын Ыйсага жол берип, урматтоосу

 

22Ушундан кийин, адамдарды чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүргөн Ыйса жана Анын шакирттери Иудея аймагында дагы бир нече убакыт туруп калышты.
23Жакыя болсо Салим шаарынын жанындагы Айнон деген жерде суу көп болгондуктан чөмүлдүрүү расмисин ошол жакта аткарып жүрдү. Адамдар келип, чөмүлдүрүү расмисинен өтүп жатышты.
24Ал кезде Жакыя али абакка алына элек болчу.

 

25Бир күнү Жакыянын шакирттери менен бир иудейдин ортосунда диний тазалануу салтына байланыштуу талаш чыгып кетти.

 

26Алар Жакыяга келип: — Устат, Иордандын чыгыш жагында сиз менен бирге болгон киши эсиңиздеби? Ал тууралуу өзүңүз күбөгө өтүп, айтып бербедиңиз беле? Ошол киши адамдарды чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жүрөт. Элдин баары ошого барып жатат, — дешти.

 

27Жакыя аларга мындай деп жооп берди:

 

— Кудай Өзү бербесе, эч ким эч нерсе ала албайт.
28«Мен Машаяк эмесмин, тек гана анын алдынан жиберилген кабарчысымын» дегениме өзүңөр күбөсүңөр.
29Колуктусу бар киши күйөө жигит эмеспи. Ал эми күтүп турган күйөө жолдош анын келе жатканын угуп, кубанат. Айтканыңарды угуп, менин да кубанычым койнума батпай турат.
30Силер кеп кылган адамдын зоболосу көтөрүлүп, меники төмөндөшү керек.

 

31Көктөн түшкөнү баарынан улуу, ал эми, мен сыяктуу, жерден пайда болгону жерге таандык болот да, жердеги нерселер жөнүндө сүйлөйт. Көктөн түшкөн ал — баарынан улуу!
32Ал өзүнүн көктөн уккан-көргөнүн айтат. Бирок анын айткан кабарын эч ким кабыл албайт.
33Ал эми анын сөзүнө кулак салган ар ким Кудайдын акыйкат экенин ырастайт.
34Кудайдын жибергени Анын кабарын жарыялайт. Кудай ага Ыйык Рухун ченемсиз берет.
35Асмандагы Атабыз Өзүнүн Уулун сүйүп, бардык бийликти анын колуна тапшырган.
36Кудай Уулуна ишенгендер түбөлүк өмүргө ээ, ал эми аны укпагандар ошол өмүрдү көрбөй, Кудайдын каарына калышат.

 

4

 

Кудайга кантип табынуу керек?

 

1Ыйса Жакыяга караганда көбүрөөк шакирт таап, чөмүлдүрүү расмисинен өткөрүп жатат деген сөз фарисейлерге жетти.
2Бирок чынында Ыйсанын Өзү эмес, шакирттери чөмүлдүрүп жүргөн эле.
3Мындай кабардын фарисейлерге жеткенин билген Ыйса Галилеяга кайра кетип калды.
4Ыйса Самария аймагы аркылуу жол жүрүүгө тийиш эле.
5Ошондуктан Ал Самариядагы Шыкар шаарына келди. Ал Жакып өз баласы Жусупка мурас кылып калтырган жерге жакын жайгашкан.
6Ошол жерде «Жакып кудугу» деп аталган кудук бар болчу. Жол жүрүп чарчаган Ыйса кудуктун жанына отура кетти. Түшкө маал эле.

 

7-8Шакирттери тамак сатып алуу үчүн шаарга кетишкен. Ошол кезде бир самариялык аял кудуктан суу алганы келди. Ыйса андан: — Ичкенге суу берчи, — деп өтүндү.

 

9— Өзүңүз иудей болуп туруп, менден, самариялык аялдан суу сураганыңыз кандай? — деп таң калды аял.

 

Мындай дегени, иудейлердин самариялыктар менен такыр мамилеси болгон эмес.

 

10— Эгер Кудайдын сага эмне бергиси келгенин жана суу сураган адамдын ким экенин билсең, анда сен Анын Өзүнөн сурар элең, ошондо Ал сага өмүр суусун бермек, — деди Ыйса ага.

 

11— Мырза, — деди аял, — суу сузар идишиңиз жок экен, кудук болсо терең, анан ошол өмүр суусун кайдан аласыз?
12Же ушул кудукту калтырган түп атабыз Жакыптан да улуусузбу? Ал өзү да, балдары да, малы да ушундан суу ичкен.

 

13Ыйса ага мындай жооп берди:

 

— Бул суудан ичкен адам кайра дагы суусайт.
14Ал эми кимде-ким Мен берген суудан ичсе, ал түбөлүк суусабас болот. Мен берчү суу анын ичинде түбөлүк өмүр тартуулоочу кайнар булакка айланат.

 

15Анда аял:

 

— Мырза, мага да ошол суудан бериңизчи. Мен да мындан ары чаңкабайынчы, суу алам деп бул жерге келе бербейинчи, — деди.

 

16Ыйса ага:

 

— Барып, күйөөңдү чакырып кел, — деди.

 

17— Менин күйөөм жок, — деди аял.

 

— Күйөөм жок дегениң туура, — деди Ыйса.
18— Сен беш жолу күйөөгө чыккан элең, бирок азыркың күйөөң эмес. Муну туура айттың.

 

19Аял Ыйсага:

 

— Мырза, пайгамбар экениңизге көзүм жетип турат.
20Бирок биздин ата-бабаларыбыз мына бул тоонун башында[4]ийбадат кылышчу экен, ал эми силер, иудейлер, табынуучу жай Иерусалимде гана болуш керек дейсиздер, кайсынысы туура? — деди.

 

21— Айтканыма ишен: асмандагы Атабызга бул тоонун башында жана Иерусалимде гана эмес, бардык жерде табына турган убакыт келет, — деп жооп берди Ыйса.
22— Силер кимге табынып жүргөнүңөрдү билбейсиңер, биз болсо билебиз. Анткени Кудай иудейлер аркылуу адамзатты куткармак.
23Чыныгы табынуучулар Атабызга Рухун жетегинде, акыйкатты таанып табына турган убакыт келет. Ал тургай келип да калды. Атабыз ушундай табынуучуларды каалайт.
24Кудай Өзү — Рух. Ошондуктан Ага табынгандар Рухтун жетегинде, акыйкатты таанып табынуулары керек.

 

25Буга аял:

 

— Машаяк келерин билем. Ал келгенде бизге баарын айтып берет, — деди.

 

26— Сен дал ошонун Өзү менен сүйлөшүп турасың, — деп жооп кайтарды Ыйса.

 

Бышып турган эгин талаасы

 

27Ошол арада шакирттери кайтып келип, Ыйсанын бир аял менен сүйлөшүп отурганына таң калышты. Бирок эч кимиси «Андан эмне сурап жатасың?» же «Эмнеге аны менен сүйлөшүп жатасың?» деп сурашпады.

 

28-29Аял кумарасын коё калып, шаарга кетти да:

 

— Жүргүлө, менин кылган иштеримдин баарын так айтып берген кишини көргүлө! Машаяк ошол болуп жүрбөсүн? — деп элге айта баштады.

 

30Муну уккан эл шаардан чыгып, Ыйсага карай бет алышты.

 

31Ушул арада шакирттери Ыйсадан:

 

— Устат, тамактанып алыңыз? — деп өтүнүп жатышкан эле.

 

32Ыйса аларга:

 

— Менин жей турган башка тамагым бар, силер аны билбейсиңер, — деди.

 

33Шакирттери түшүнүшпөй: «Ага бирөө тамак алып келип бердиби?» — деп бири биринен сурашты.

 

34— Менин тамагым, — деди Ыйса, — Мени Жибергендин каалоосун ишке ашырып, Анын тапшырганын толук орундоо.
35Анан силер: «Эгин себилгенден кийин төрт ай өткөндө, оруу башталат» дейсиңер. Мен болсо: «Эгин талаасын жакшылап карагылачы, ал тегиз бышып, баштарын ийип, орууга даяр турат», — деп айтам.
36Азыртан эле орокчулар эмгек акыларын алып, түбөлүк өмүргө арналган түшүмдү жыйнап жатышат. Ошентип, эгинди эккен да, оргон да чогуу кубанат.
37«Бири сепкенди бири орот» деген макал ушул шартка туура келип турат.
38Мен силерди Мага түшүм алып келүү үчүн, силер эмгек кылбаган жерге жумшадым. Башкалар мурда эмгек кыла башташкан, эми силер алардын ишине кошулуп жатасыңар.

 

39Ошол шаардагы самариялыктардын көпчүлүгү жанагы аялдын: «Ал менин кылган иштеримдин баарын айтып берди», — деген сөзү аркылуу Ыйсага ишене башташты.
40Ошондуктан алар Ыйсага келип, конуп кетүүсүн өтүнүштү. Ошентип Ыйса эки күн ошол жерде болду.
41Анын сөзүн угуп, дагы көбүрөөк адамдар ишеништи да,
42аялга: «Биз эми сенин айтканың боюнча эле ишенип калбастан, анын сөзүн өз кулагыбыз менен угуп, чынында адамзаттын Куткаруучусу ошол экенин билдик», — дешти.

 

Падыша кызматчысынын баласынын айыгышы

 

43Эки күндөн кийин Ыйса ал жерден ары карай Галилеяга кетти.
44(Ал Өзү бир жолу «пайгамбар өз элинде кадырлуу болбойт» деген эле.)
45Галилеялыктар Ыйсаны жылуу кабыл алышты, анткени алар да Иерусалимдеги Куткарылуу майрамына барып, Анын кылган бардык кереметттерин көрүшкөн болчу.

 

46Ошентип Ыйса үйлөнүү тоюнда сууну шарапка айландырган Галилеядагы Каана айылына дагы келди. Ошол кезде чоң кызматта иштеген бир кишинин баласы Капарноомдо ооруп жаткан.

 

47Ал Ыйсанын Иудеядан Галилеяга келгенин угуп, Ага барды да: — Келип, баламды сакайтып берсеңиз экен, өлүм алдында жатат, — деп жалынды.

 

48Ыйса:

 

— Кудуретимди далилдей турган ажайып-жышаандарымды көрмөйүнчө силер ишенбейсиңер! — деди.

 

49Падыша сарайында чоң кызматта иштеген адам болсо:

 

— Оо, мырза, балам өлүп кала электе келиңизчи! — деди.

 

50Ошондо Ыйса:

 

— Үйүңө бара бер, балаң аман-эсен! — деди.

 

Ал Ыйсанын айткан сөзүнө ишенип, кетип калды.
51Үйгө жакындаганда, алдынан кулдары тосуп чыгышып: «Балаңыз аман-эсен», — деп сүйүнчүлөштү.
52Ал кулдарынан баласынын абалы кайсы убакта жакшырганын сурады. Кулдары өткөн күнү түшкү саат бирде ысыгы кайтканын айтышты.
53Ошондо ал Ыйсанын: «Балаң аман-эсен» дегени дал ошол саатка туура келгенин билди. Ал өзү да, үйүндөгүлөрү да — баары тең Ыйсага ишенип калышты.
54Ошентип, Ыйса Иудеядан Галилеяга келгенден кийин экинчи ирет кереметтүү жышаан көрсөттү.

 

5

 

Ыйсанын Бейтсайдадагы оорулууну

 

1Бир аз убакыттан кийин иудейлердин дагы бир майрамы болуп, ошого катышуу үчүн Ыйса Иерусалимге жөнөдү.
2Шаардын «Кой дарбаза» деп аталган дарбазасынын тушунда бир көлмө бар эле. (Анын эврейче аталышы — Бейтсаада.) Тегерегинде түркүктүү беш бастырма салынган.
3-4Аларда сокурлар, аксактар, шал оорусуна чалдыккандар, дагы башка көптөгөн оорулуулар жатышчу.[5]
5Бул жерде отуз сегиз жылдан бери ноокастап жаткан киши бар эле.

 

6Ыйса анын жатканын көрүп, көптөн бери оорулуу экенин билген соң: — Сакайгың келеби? — деп сурады.

 

7— Ооба, мырза, бирок көлмө толкуганда сууга түшүрөр адамым жок. Мен жеткиче башка бирөө түшүп алат, — деди оорулуу.

 

8— Ыйса ага:

 

— Тур, төшөнчүңдү ал да, баскын! — деди.

 

9Жанагы киши ошол замат эле оорусунан айыгып, төшөнчүсүн алды да, басып кетти. Бул окуя дем алыш күнү болгон эле.

 

10Ошондуктан иудей башчылары айыккан адамга: — Бүгүн дем алыш күн эмеспи? Төшөнчүңдү эмне үчүн көтөрүп жүрөсүң? Мыйзам боюнча бүгүн иш кылууга болбойт! — дешти.

 

11Анда айыккан адам аларга:

 

— Мени айыктырган киши: «Төшөнчүңдү ал да, бас!» деген эле, — деди.

 

12Тигилер болсо:

 

— «Төшөнчүңдү ал да, бас!» дегендей ал ким өзү?! — дешти.

 

13Элдин көптүгүнөн айыккан киши Анын ким экенин билбей калган, анткени Ыйса калың элдин арасына кирип сиңип кеткен.

 

14Кийинчерээк Ыйса жанагы кишиге ийбадаткананын короосунан жолугуп, мындай деди: — Мына, сен айыктың, мурункудан да жаман акыбалга туш болгуң келбесе, мындан ары күнөө кылба!

 

15Жанагы киши иудей башчыларына барып, аны Ыйса айыктырганын айтты.
16Ыйса ушуну дем алыш күнү жасагандыктан, Аны куугунтукташты.

 

17Ыйса аларга мындай деди: — Атам эмгектен кол үзбөйт. Ошондуктан Мен да үзгүлтүксүз эмгектенип жатам.

 

18Мындан кийин иудей башчылары Ыйсага мурункудан бетер каршылашып, өлтүрмөкчү болушту. Себеби Ал алардын диний дем алыш күнүнүн эрежелерин гана бузбастан, Кудайды «Менин Атам» деп, Өзүн Кудайга теңеди.

 

Кудай Уулунун бийлиги

 

19Ыйса аларга мындай деди:

 

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Атасынын кылып жаткан иштерин көрбөсө, Уулу өз алдынча эч нерсе кыла албайт. Атасы кылып жаткан иштерди Уулу да кылат.
20Атасы Уулун жакшы көрөт, ошондуктан Өзү кылганынын баарын Ага көрсөтөт. Ал тургай силер таң кала турган, мындан да зор кереметтерди көрсөтөт.
21Атасы өлгөндөрдү тирилтип, өмүр бергендей, Уулу да каалагандарын тирилтет.
22Атасы Өзү эч кимди соттобойт. Ал бардык сотту Уулуна тапшырган,
23ошондуктан Атасын урматтаган ар ким Уулун да ошондой урматтасын. Ал эми кимде-ким Уулун урматтабаса, Аны жиберген Атасын да урматтабайт.
24Силерге бир чындыкты айтып коёюн: сөзүмө кулак салып, Мени Жибергенге ишенген ар ким түбөлүк өмүргө ээ, ал кыямат сотуна тартылбайт, тескерисинче, рухий өлүмдөн чыныгы өмүргө өттү.

 

25Силерге бир чындыкты айтып коёюн: руху өлүктөр Кудай Уулунун үнүн уга турган убакыт келет, ал тургай келип да калды. Ошол үндү уккандардын руху тирилет.
26Себеби Атасынын Өзү өмүрдүн булагы болгон сыяктуу, Уулун да өмүрдүн булагы кылган.
27Ал Адам Уулу болгондуктан, Атасы Ага сот жүргүзүү бийлигин да тапшырган.
28Буга таң калбагыла, анткени көрдө жаткандардын баары Кудай Уулунун үнүн уга турган убак келет.
29Ошондо өлгөндөр көрдөн туруп келишет: жакшылык кылгандары — өмүр сүрүү үчүн, жамандык кылгандары — соттолуу үчүн тирилишет.
30Мен Өз алдымча эч нерсе кыла албайм. Кудайдан укканыма жараша гана соттойм. Менин сотум адилеттүү, анткени Мен Өз каалоомду эмес, Мени Жибергендин эркин аткарууну көздөйм.

 

Ыйсанын чыныгы табияты тууралуу далилдер

 

31Эгерде Мен Өзүм гана күбөлүк берип жаткан болсом, анда күбөлүгүм чындыкка жатмак эмес.
32Мага кепил боло турган башка Бирөө бар, Анын сөзүнүн акыйкат экенин билемин.
33Ырас, силер Жакыяга өкүлүңөрдү жибердиңер. Жакыя болсо чындыгын айтты.
34Өзүм тууралуу адамдын күбөлүгүнө муктаж болбосом да, муну силер куткарылсын деп айтып жатам.
35Жакыя жарык чачыратып, жанып турган чырак эле, а силер болсо бир аз убакыт гана анын жарыгында шаттангыңар келди.

 

36А бирок Менин күбөлүгүм Жакыяныкынан да күчтүүрөөк. Себеп дегенде асмандагы Атабыздын Мага аткар деп тапшырган иштери — азыркы аткарып жүргөн жакшы иштерим — Мени Ал жибергенине күбөлүк берүүдө.
37Мени жиберген Атабыз Өзү да Мен жөнүндө күбөлүк берди. Бирок силер эч качан Анын үнүн угуп, жүзүн көргөн эмессиңер.
38Анын сөзү да жан дүйнөңөрдөн орун алган эмес, ошол себептүү жиберген Уулуна ишенбейсиңер.
39Силер Ыйык Жазууларды изилдөө аркылуу түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп ойлойсуңар, ал эми Ыйык Жазуулар Мен жөнүндө күбөлүк беришет.
40А бирок силер чыныгы өмүргө ээ болуу үчүн Мага келүүдөн баш тартасыңар.

 

41Мен адамдардан урмат күтпөймүн.
42Силердин жүрөгүңөрдө Кудайга деген мээримдин жок экенин билем.
43Атамдын атынан келсем да, Мени кабыл албай жатасыңар, бирок башка бирөө өз атынан келгенде кабыл аласыңар.
44Бири бириңерден урмат күтүп, ал эми жалгыз Кудайдан боло турган чыныгы урматты издебей жүргөн силер эмнеге ишениш керек экенин кантип биле алмак элеңер?

 

45Мен силерди Атабыздын алдында айыптайт экен деп ойлобогула. Айыптоочу бар: ал — өзүңөр үмүттөнүп жүргөн Муса пайгамбар.
46Эгер чындап эле Мусага ишенсеңер, Мага да ишенмексиңер, анткени ал Мен тууралуу жазып кеткен.
47Бирок Мусанын жазгандарына чындап ишенбесеңер, Менин сөздөрүмө кантип ишене аласыңар?

 

6

 

Ыйсанын беш миң кишини тойгузушу

 

1Бир аз убакыттан кийин Ыйса Галилея көлүнүн чыгыш тарабына сүзүп өттү. (Ал Тиберия көлү деп да аталат.)
2Оорулууларга жасаган керемет-жышаандарын көргөндүктөн, көп эл Ыйсаны ээрчиди.
3Ал тоого чыгып, ошол жерде шакирттери менен сүйлөшүп отурду.
4Бул — иудейлердин Куткарылуу майрамынын алды болчу.

 

5Ыйса көз жүгүртүп караса, калың эл Аны көздөй келе жатыптыр. Ошондо Филипке:

 

— Буларды тойгузуу үчүн нанды кайдан сатып алабыз? — деди.
6(Ыйса муну Филиптин ишенимин сыноо үчүн айткан, себеби эмне кылмакчы болгонун Өзү билип турган.)

 

7— Бизде эки жүз күмүш теңгеге[6]келчү нан болуп, ар бир адам бир сындырымдан жегенде да баарына жетмек эмес эле, — деп жооп берди Филип Ага.

 

8Ошондо башка бир шакирти — Ысман-Петирдин иниси Идрис Ыйсага мындай деди:

 

9— Бул жерде бир бала жүрөт, анын беш арпа наны менен эки балыгы бар экен. Бирок ушунча кишиге алар эмне болмок эле?

 

10Бирок Ыйса:

 

— Адамдарды жайгаштыра бергиле! — деди.

 

Көк майсандуу ошол жерге беш миңге жакын киши жайгашты.
11Ыйса нанды алып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирди да, жайгашкандарга таратсын үчүн шакирттерине берди. Балыктан да ар бирине каалашынча берди.

 

12Баары жеп, тойгон соң, шакирттерине: — Ысырап болбосун үчүн нандын артканын жыйнап алгыла, — деди.

 

13Алар кишилер жегенден калган арпа нандын үзүмдөрүн жыйнаганда, он эки себет толду.

 

14Адамдар Ыйса жасаган ошол кереметти көргөндө: — Дүйнөгө келүүгө тийиш болгон Пайгамбар — так ушул, — дешти.

 

15Ыйса алардын «күтүлбөгөн жерден кармап, падыша шайлап алабыз» деген оюн туюп, кайрадан Өзү жалгыз тоого кетип калды.

 

Ыйсанын суу үстү менен басышы

 

16Кеч киргенде, Ыйсанын шакирттери көлгө барып,
17бир кайыкка түшүп, көлдүн ар жагындагы Капарноомго бет алышты. Караңгы кирип калса да, Ыйса аларга али келе элек болчу.
18Ошондо катуу шамал болуп, көл толкуй баштады.
19Алар беш-алты чакырымдай жүргөндөн кийин, суу үстү менен кайыкка басып келе жаткан Ыйсаны көрүп, коркуп кетишти.

 

20Ыйса аларга: — Коркпогула, бул Мен элемин! — деди.

 

21Шакирттери Ыйсаны тосуп алмакчы болушту. Ошол замат кайык алар бет алган жээкке жетип калды.

 

Ыйса — чыныгы өмүр тартуулай турган «нан»

 

22Кийинки күнү көлдүн чыгыш жагында калган эл Ыйсанын шакирттери түшкөн жалгыз кайыктан башка эч бир кайыктын болбогонун эстешти да, Ыйсанын алар менен бирге кайыкка түшпөй, шакирттери өздөрү гана кеткенин билишти.
23Эгебиз Ыйса Кудайга шүкүрчүлүк келтирип сыйынгандан кийин, эл нан жеп тойгон кечээги жерге дагы башка кайыктар Тиберия шаары жактан келип жатты.
24Ыйса менен шакирттеринин бул жерде жок экенин билген эл жанагы кайыктарга түшүп, Ыйсаны издеп, Капарноомго жөнөштү.

 

25Алар Ыйсаны көлдүн аркы жээгинен табышканда: — Устат, бул жерге качан келдиң? — деп сурашты.

 

26Ыйса:

 

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кереметтүү жышаан көргөндүктөн эмес, нан жеп тоюп калганыңардан гана Мени издеп жүрөсүңөр.
27Күнүмдүк тамак эмес, түбөлүк өмүр бере турган тамак үчүн аракеттенгиле! Аны силерге Адам Уулу гана бере алат, анткени Кудай Ата муну ошого дайындаган, — деди.

 

28Ошондо алар Ыйсадан:

 

— Кудайдын каалоосун аткаруу үчүн эмне кылышыбыз керек? — деп сурашты.

 

29Ал:

 

— Анын жибергенине ишенгиле, Кудайдын каалоосу — ошол, — деди.

 

30— Сен кандай кереметтүү жышаан көрсөтөсүң? — деп сурады эл Андан. — Биз көрүп, анан сага ишенели. Кандай иш кыласың?
31«Аларга жей турган нанды көктөн берди» деп Ыйык Жазууда жазылгандай, ата-бабаларыбыз чөлдө манна жешкен.

 

32Ыйса аларга:

 

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: көктөн нан берген Муса эмес, көктөн чыныгы нан берип жаткан Менин Атам.
33Себеби көктөн түшүп, адамзатка өмүр берүүчү — Кудайдын наны, — деди.

 

34Анда эл:

 

— Мырза, бизге дайыма ошондой нан берип туруңузчу! — деди.

 

35Ыйса мындай деп жооп кайтарды:

 

— Мен — өмүр нанымын. Мага келгендер эч качан ач кетпейт, ишенгендер эч качан чаңкабайт.
36Бирок Мен силерге: «Мени көрсөңөр да, Мага ишенбейсиңер» дегем.
37Асмандагы Атабыз берген адамдардын бардыгы Мага келет, Мен болсо аларды кубалабайм.
38Көктөн Өз каалоомду эмес, бирок Мени Жибергендин эркин аткаруу үчүн түштүм.
39Жибергендин каалоосу болсо — Анын Мага берген адамдарынын бирин да жоготпой, баарын тең кыямат күнү кайра тирилтүүм.
40Себеби Атамдын каалоосу — Анын Уулун көрүп, Ага ишенген ар бир адамды түбөлүк өмүргө ээ кылуу. Мен аны кыямат күнү кайра тирилтип алам.

 

41Иудей башчылары Ыйсанын «көктөн түшкөн нан — Менмин» дегенине нааразы болуп,
42«мынабу Жусуптун уулу Ыйса эмеспи? Анын ата-энесин биз билебиз го? Анда ал кандайча "көктөн түштүм" дейт?» — деп күңкүлдөштү.

 

43Ыйса аларга мындай деди: — Күңкүлдөшпөгүлө!
44Мени жиберген Атабыз чакырбаса, эч ким Мага келе албайт. Мен аны кыяматта кайра тирилтип алам.
45Пайгамбарлардын жазмаларында «Кудай алардын баарын үйрөтөт»деп айтылган. Атамды угуп, андан таалим алган ар ким Мага келет.
46Арийне, Кудайдан келгенден башка эч ким Атабызды көргөн эмес. Атабызды көргөн — жалгыз ошол гана.
47Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким Мага ишенсе, ал түбөлүк өмүргө ээ.
48Мен — өмүр нанымын.
49Ата-бабаларыңар чөлдө манна жешсе да, акырында өлүштү.
50Бирок азыркы көктөн түшкөн нандын касиети мында: андан жеген адам өлүмгө дуушар болбойт.
51Мен — көктөн түшкөн тирүү нанмын. Бул нандан жеген адам түбөлүк өмүргө ээ болот. Бул нан — Менин денем, аны Мен адамзат чыныгы өмүргө ээ болсун деп, курман кылам.

 

52Ошондо иудей башчылары:

 

— Бул кандайча бизге денесин жесин деп бере алат? — деп өз ара айтышып, талаша башташты.

 

53Ыйса аларга мындай деди:

 

— Силерге Мен чындыкты айтып коёюн: эгер Адам Уулунун денесин жеп, канынан ичпесеңер, чыныгы өмүргө ээ болбойсуңар!
54Кимде-ким Менин денемди жеп, канымды ичсе, ал түбөлүк өмүргө ээ болот жана Мен аны кыямат күнү кайра тирилтемин.
55Себеби Менин денем — чыныгы азык, каным — чыныгы суусундук.
56Денемди жеп, канымды ичкен ар ким Мени менен тыгыз байланышта болот. Мен да аны менен тыгыз байланышта болом.
57Мени түбөлүк тирүү Атабыз жиберди жана Мен Ал аркылуу өмүр сүрөм. Ошол сыяктуу денемди жеген киши да Мен аркылуу чыныгы өмүр сүрөт.
58Көктөн түшкөн нан мына ошондой. Ал ата-бабаларыңар жеген таттуу нандай эмес: алар акырында өлгөн, ал эми бул нанды жеген ар ким түбөлүк өмүргө ээ болот.

 

Ыйсанын сөздөрү чыныгы өмүргө жеткизет

 

59Ыйса муну Капарноомдогу синагогада таалим берип жатканда айтты.

 

60Муну уккан шакирттеринин көбү: — Абдан оор сөздөр экен, ким муну угуп тура алат?! — дешти.

 

61Бул нааразылыкты байкап калган Ыйса аларга мындай деди:

 

— Ушул сөз силерди ызалантып жатабы?
62Анда Адам Уулунун келген жагына көтөрүлгөнүн көргөн кезде эмне дейсиңер?
63Өмүрдү Ыйык Рух берет, ал эми пенденин колунан эч нерсе келбейт. Силерге айткан сөздөрүм аркылуу Рух берүүчү чыныгы өмүргө ээ боло аласыңар.

 

64Бирок араңардагы кээ бирөөлөр ишенишпейт. Ыйса ишенбегендердин ким экенин жана ким Ага чыккынчылык кыларын башынан эле билгендиктен ушундай деген болчу.

 

65— «Асмандагы Атабыз чакырбаса, эч ким Мага келе албайт» дегенимдин себеби ошол, — деди Ыйса сөзүнө кошумчалай.

 

66Ушул күндөн баштап шакирттеринин көбү Ыйсадан баш тартып, ээрчибей калышты.

 

67Ошондо Ыйса он эки шакиртинен: — Силердин да кеткиңер келген жокпу? — деп сурады.

 

68Ысман-Петир:

 

— Эгем, сенден кетсек, кимге барабыз? Түбөлүк өмүргө жеткирүүчү сөздөр сенде гана бар.
69Биз сенин Кудайдын жиберген ыйыгы экениңе ишенип, эми ошого көзүбүз жетти, — деди.

 

70Ыйса аларга:

 

— Ушул он экиңди Өзүм тандап алган эмес белем? Ошондо да араңардагы бирөө ибилистин жетегинде, — деди.

 

71(Ал Ысман Искариоттун уулу Жүйүт жөнүндө айткан эле. Ал «он экинин» бири болгону менен, кийин Ыйсаны сатып кеткен.)

 

7

 

Бир туугандарынын Ыйсаны түшүнбөөсү

 

1Андан кийин Ыйса Галилея аймагында жүрдү. Иудей башчылары өлтүрмөкчү болгон соң, ал жерде калгысы келбеди.
2Иудейлердин Чөп алачык майрамы жакындап калган.

 

3Ыйсанын бир туугандары Ага: — Иудеяга бар, ал жердеги шакирттериң да кереметтериңди көрүшсүн.
4Эл көзүнө түшкүсү келген адам кылган иштерин жашырбайт. Сен ушундай кереметтүү иштерди кылдың, эми өзүңдү бүт дүйнөгө тааныт, — дешти.

 

5Бир туугандары да Ыйсага ишенишчү эмес.

 

6— Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-саатым али келе элек, — деди Ыйса аларга. — Ал эми силер үчүн качан болсо да ыңгайлуу.
7Бул дүйнө силерди жек көрө албайт, ал эми Мени жек көрөт. Себеби Мен анын иштеринин жаман экенин ашкерелеп жүрөм.
8Майрамга бара бергиле! Мен азыр бул майрамга барбайм. Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-саатым али келе элек.

 

9Ал ушундай деп, Галилеяда калып калды.

 

Ыйсанын чөп алачык майрамындагы таалими

 

10Бир туугандары майрамга кеткен соң, Ыйса да элге билинбей, жашыруун жолго чыкты.

 

11Иудей башчылары майрамда Аны аңдып, кайда экенин сураштырып жүрүштү.
12Келген элдин арасында ар кандай күбүр-шыбыр сөз жүрүп жатты. Бирөөлөрү Аны: «Жакшы» десе, башкалары: «Жок, элди азгырып жүрөт», — дешти.
13Бирок иудей башчыларынан корккондуктан, эч ким Ал тууралуу ачык сүйлөшкөн жок.

 

14Майрамдын жарымы өтүп кеткенде, Ыйса ийбадаткананын короосуна келип, элге таалим берди.

 

15Иудей башчылары таң калышып: — Бул атайын даярданбай туруп, Ыйык Жазууларды кантип түшүнүп алган? — дешти.

 

16Ыйса аларга мындай деп жооп берди:

 

— Сөзүм Меники эмес, Мени Жибергендики.
17Кудайдын эркин аткаргысы келген ар кимге бул сөздүн Кудайдан же Менин Өз оюмдан келип чыккандыгы белгилүү болот.
18Өз оюнан чыгарып сүйлөгөн ар ким өзүнүн гана беделин ойлойт, ал эми аны жибергендин беделин ойлогон кишиге ишенсе болот. Анын оюнда арамдык жок.
19Силерге Муса Тоорат китебиндеги мыйзамды берген эмес беле? Чынында бириң да ошол мыйзамды тутунбайсыңар. Анда неге Мени өлтүрмөкчүсүңөр?

 

20Ошондо алар:

 

— Сага жин тийдиби? Ким сени өлтүрөм деп жатат? — деп сурашты.

 

21— Мен дем алыш күнү бир керемет жасадым эле, — деди буга Ыйса, — баарыңар ошондон аң-таң калып отурасыңар.
22Ал эми Муса сүннөткө олтургузууну буйругандай (чындыгында бул расми Мусадан эмес, андан мурунку ата-бабалардан калган), силер ошол буйрук боюнча туулгандан кийинки сегизинчи күнү, ал күн дем алыш болсо деле, балдарыңарды сүннөткө отургузуп жүрөсүңөр.
23Ошентип, Мусанын мыйзамы бузулбасын деп, балдар дем алыш күнү да отургузулуп келет. Эмне үчүн анда бир адамдын бүтүн боюн дем алыш күнү таптаза кылып айыктырганым үчүн ачууланасыңар?
24Сырткы гана көрүнүшүнө карабай, калыс сот жүргүзгүлө!

 

Ыйса жөнүндө талаш-тартыш

 

25Ошондо иерусалимдиктердин арасынан бирөөлөр мындай дешти:

 

— Башчылар өлтүрөбүз деп жүргөн киши го бул?
26Карасаңар, ачык эле эл алдында сүйлөп жатат! Эмне үчүн буга эч нерсе дешпейт? Же чын эле мунун Машаяк экенине башчылардын көзү жеттиби?
27Машаяк келгенде, анын кай жактан келерин эч ким билбейт. Ал эми анын кайдан экенин биз билебиз да.[7]

 

28Ошол кезде ийбадаткананын короосунда таалим берип отурган Ыйса үнүн катуу чыгарып:

 

— Менин ким экенимди, кайдан келгенимди билесиңерби? — деди. — Мен Өзүмөн Өзүм келген жокмун. Мени Жиберген эч качан жалган айтпайт. Силер Аны билбейсиңер,
29Мен болсо билем, себеби Мен Ошондон келдим, Мени Ошол жиберди.

 

30Бул сөзү үчүн Ыйсаны кармоого умтулушту. Бирок эч кимиси кол салууга даабады. Анткени Анын Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-сааты али келе элек эле.
31Бирок көп адамдар: «Машаяк келгенде, мындан да артык кереметтерди көрсөтөт дейсиңби?» — деп Ыйсага ишене башташты.

 

32Эл арасындагы ушундай күбүр-шыбыр фарисейлерге жетти. Ошондо жогорку динкызматчылар менен фарисейлер Ыйсаны кармап келүүгө ийбадаткана сакчыларын жиберишти.

 

33— Дагы бир аз убакыт араңарда болом, — деди Ыйса аларга, — Андан кийин Мени жибергенге кайтам.
34Мени издейсиңер да таппайсыңар, себеби Мен турган жерге силер бара албайсыңар.

 

35Ошондо иудей башчылары өз ара мындай деп сүйлөшө башташты:

 

— Биз таба албагыдай кайда барат? Чет өлкөгө тарап кеткен биздин адамдарыбызга барып, башка улуттарды да окутмакчыбы?

 

36«Мени издейсиңер да таба албайсыңар», «Мен турган жерге силер бара албайсыңар» дегени эмнеси?

 

Өмүр берүүчү кайнар булак

 

37Майрам аягындагы эң маанилүү жана улуу күнү Ыйса эл алдына чыгып:

 

— Кимдин жан дүйнөсү суусаса, Мага келип ичсин!
38Ыйык Жазууларда жазылгандай, ким Мага ишенсе, анын жүрөгүнөн өмүр берүүчү суу ташкындап агат, — деди.

 

39Ыйса бул сөзү менен Ага ишенгендер кийинирээк кабыл ала турган Ыйык Рухту айткысы келген. Анткени Кудай Ыйсаны али Өз улуулугуна бөлөй элек болгондуктан, Ыйык Рухун төгө элек болчу.

 

40Ыйсанын сөзүн уккан кээ бирөөлөр:

 

— Чынында эле бул келүүгө тийиш болгон пайгамбардын өзү,[8]— дешсе,

 

41башкалар: — Бул — Куткаруучу Машаяк, — дешти.

 

Дагы башкалар:

 

— Жок! Машаяк Галилеядан келмек беле!
42Ыйык Жазууларда Машаяк Дөөт падышанын тукумунан, Дөөттүн ата-мекени Бейтлехем шаарчасынан чыгат деп жазылган эмеспи? — дешти.
43Ошентип, Ыйса тууралуу талашып, эл экиге бөлүндү.
44Бир нече адам Аны кармоого умтулушту, бирок да кол салууга батынышпады.

 

Иудей башчыларынын Ыйсага ишенүүдөн баш тартышы

 

45Ыйсаны кармап келүүгө жиберилген сакчылар кайтып келишкенде, жогорку динкызматчылар менен фарисейлер алардан:

 

— Эмне үчүн аны бул жакка алып келген жоксуңар? — деп сурашты.

 

46Сакчылар:

 

— Ушуга чейин бир да адам ал сыяктуу сүйлөгөн эмес, — дешти.

 

47Ошондо фарисейлер:

 

— Эмне, ал силерди да алдап кеткенби?
48Деги башчылар менен фарисейлердин ичинде ага ишенген бирөө-жарым болгонбу?!
49Жок, ага Тоорат мыйзамын билбеген, каргышка калган эл гана ишенет! — дешти.

 

50Бир ирет түн ичинде Ыйсага келип кеткен жана ошол жердегилердин арасында болгон Никадим мындай собол таштады:

 

51— Мыйзам боюнча бирөөгө өз оозунан угуп, териштирбей туруп өкүм чыгарууга болобу?

 

52— Эмне, сен да галилеялыксыңбы? Ыйык Жазууларды оку! Галилеядан пайгамбар чыкпайт, ошону билип койгун! — деди ага башка фарисейлер.

 

53Андан кийин баары тең үй-үйлөрүнө тарап кетишти.

 

8

 

Күйөөсүнүн көзүнө чөп салып кармалган аял

 

1Ыйса болсо Зайтун тоосуна кетти.
2Эртеси күнү таң эртең менен кайтып, ийбадаткананын короосуна барды. Мүлдө калайык Анын алдына келди. Ыйса отуруп алып, элге таалим айтты.
3Ошол кезде бир нече дин мугалимдери менен фарисейлер күйөөсүнүн көзүнө чөп салып жаткан жеринде кармалган аялды алып келип, ортого тургузушту да,

 

4Ыйсага карап: — Устат, бул аял ойноштук кылып жаткан жеринен кармалды!
5Тоорат мыйзамында Муса бизге: «Мындайлар таш бараңга алынып өлтүрүлсүн!»деп буюрган. Сиз буга кандай дейсиз? — дешти.

 

6Алар Ыйсаны сынап, айыпка жыгууга шылтоо табыш үчүн гана айтышты. Бирок Ыйса эңкейип сөөмөйү менен жерге бирдемени жазып, аларга көңүл бөлбөдү.

 

7Тигилер улам-улам сурай берген соң, башын көтөрүп: — Араңарда ким күнөөсүз болсо, аялга биринчи болуп таш ыргытсын, — деп,
8кайрадан эңкейип, жазганын уланта берди.

 

9Алар бул сөздү укканда, адегенде улуулары, андан кийин калгандары биринин артынан бири кете башташты. Ыйса менен ортодо турган аял гана калды.

 

10Ошондо Ыйса башын көтөрүп: — Аялзаты, айыптоочуларың кайда кетти? Сага эч ким өкүм чыгарган жокпу? — деп сурады.

 

11— Эч кимиси, оо, мырза, — деди аял.

 

— Мен да сага өкүм чыгарбайм. Бара бер, мындан ары күнөө кылба! — деди Ыйса.

 

Ыйса — Кудайдын бул дүйнөдөгү жарыгы

 

12Ыйса дагы бир жолу элге сүйлөп отуруп, мындай деди:

 

— Мен — бул дүйнөдөгүлөр үчүн Кудайдын жарыгымын. Мени ээрчиген киши мындан ары караңгыда жүрбөй, өмүрдүн жарыгына ээ болот.

 

13Ошондо фарисейлер:

 

— Сен өзүңө жалгыз өзүң гана күбөсүң, ошондуктан күбөлүгүң жарабайт, — дешти.

 

14— Мен Өзүмө жалгыз Өзүм гана күбөлүк берсем да, күбөлүгүм акыйкат. Себеби Мен кайдан келгенимди жана кайда барарымды билем. Силер болсо Менин кайдан келгенимди да, кайда барарымды да билбейсиңер.
15Силер пенденин ою боюнча өкүм чыгарып жатасыңар, Мен болсом эч кимге өкүм чыгарбайм.
16Өкүм чыгарсам да, жалгыз Өзүм эмес, Мени жиберген Атам менен бирге чыгарам.
17Силердин Тоораттагы мыйзамыңарда да «эки адамдын күбөлүгү чындык»деп жазылган эмеспи?
18Мен Өзүмө Өзүм күбөмүн. Мени жиберген Атам да Мага күбө.

 

19— А сенин атаң кайда? — деп сурашты алар.

 

— Силер Мени да, Атамды да билбейсиңер, — деди Ыйса аларга. — Эгер Мени билсеңер, анда Атамды да билмексиңер.

 

20Ыйса бул сөздү ийбадаткананын зекет сала турган үкөгүнүн жанында таалим берип отурганда айтты. Бирок Аны эч ким кармаган жок. Анткени Анын Кудайдын улуулугун көрсөтөр убакыт-сааты али келе элек эле.

 

Ыйсанын бара турган жайы

 

21Ыйса кайрадан элге кайрылып мындай деди:

 

— Мен бул жерден кетемин. Силер Мени издейсиңер жана күнөөкөр бойдон өлөсүңөр. Мен баруучу жерге силер жете албайсыңар.

 

22Ошондо иудей башчылары өз ара:

 

— «Мен баруучу жерге силер жете албайсыңар» дегени ал өзүн өзү өлтүрмөкчү болгонубу? — дешти.

 

23— Силер жерденсиңер, Мен болсо көктөнмүн, — деди Ыйса сөзүн улай, — силер ушул дүйнөлүксүңөр, Мен болсо бул дүйнөлүк эмесмин.
24Ошондуктан Мен силерге «күнөөкөр бойдон өлөсүңөр» дегем. Мен Өзүмдү ким десем, дал ошол экениме ишенбесеңер, анда чындап эле күнөөкөр бойдон өлөсүңөр.

 

25Ошондо тигилер:

 

— Киммин дедиң? — дешти.

 

Ыйса жооп кайтарып айтты:

 

— Силерге эң башынан бери эле киммин деп айтып келатсам, дал ошонун Өзүмүн.
26Силер тууралуу айтып, өкүм чыгара турган себептерим көп. Бирок Мени жиберген — акыйкат, Мен адамдарга ошондон укканымды айтамын.

 

27Ал көктөгү Атасы жөнүндө айтып жатканын тигилер түшүнүшкөн жок.

 

28Ошондуктан Ыйса сөзүн улап: — Силер Адам Уулун жогору көтөрүп койгондо, Мен Өзүмдү ким десем, дал ошол экенимди жана бардыгын Өз каалоом менен эмес, асмандагы Атабыз кандай үйрөткөн болсо, ошондой сүйлөгөнүмдү билесиңер.
29Мени жиберген Мени менен бирге. Мен ар дайым Ага жакканды кылгандыгымдан, Атам Мени жалгыз калтырбайт, — деди.

 

30Ыйса муну айтып жатканда, көптөгөн адамдар Ага ишеништи.

 

Машаяк берүүчү эркиндик

 

31Ыйса Өзүнө ишенгендерге мындай деди:

 

— Эгер силер айтканымды эсиңерге сактап, ошого ылайык жашасаңар, чыныгы шакирттерим болосуңар.
32Ошондо акыйкатты таанып каласыңар жана ал силерди эркин кылат.

 

33Алар:

 

— Биз Ыбрайымдын урпактарыбыз, эч качан бирөөгө кул болгон эмеспиз, анан «эркин болосуңар» дегениң кандай? — дешти.

 

34Ыйса аларга мындай деп жооп берди:

 

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким күнөө жасаса, ал — күнөөнүн кулу.
35Бирок кул эмес, уул гана атасынын үйүндө түбөлүк жашайт, буга анын акысы бар.
36Анын сыңары, эгер силерди Кудай Уулу эркин кылса, чындап эркин болосуңар.
37Ыбрайымдын тукуму экениңерди билем. Бирок Мени өлтүрөбүз деп жатасыңар, себеби сөздөрүмө жүрөгүңөрдөн орун берген жоксуңар.
38Мен Атамдан көргөндөрүм жөнүндө айтып жатам. Силер болсо өзүңөрдүн түп атаңардан укканыңарды кылгыла.

 

39— Биздин түпкү атабыз Ыбрайым, — дешти алар.

 

Анда Ыйса мындай деди:

 

— Силер чындап эле Ыбрайымдын балдары болсоңор, анын кылганын кылмаксыңар.
40Бирок анын ордуна силер Кудайдан уккан акыйкатты жеткизген Мени өлтүргүңөр келип жатат. Ыбрайым болсо мындай кылган эмес.

 

41Ошентип, силер өзүңөрдүн рухий атаңар кылганды жасап жүрөсүңөр. Алар Ыйсага жооп берип:

 

— Биз никесиз туулган эмеспиз! Биздин бир гана Атабыз бар, Ал — Кудай.

 

42Анда Ыйса мындай деди:

 

— Атаңар чындап эле Кудай болсо, Мени жакшы көрмөксүңөр. Себеби Мен Кудайдан келдим, өз алдымча келген жокмун, Мени Кудай жиберди.
43Менин сөзүмдү эмне үчүн түшүнбөй жатасыңар? Анткени аны уга албайсыңар.
44Силердин атаңар — ибилис, ошонун күнөөлүү кумар-каалоолорун аткаргыңар келет. Ал эң башынан баштап эле канкор болгон жана эч качан акыйкат тарабында турган эмес. Анткени анда эч бир калыстык жок. Ал калпты өзүнүн күнөөлүү табиятына жараша айта берет. Себеби ал жалганчы, бардык калптын атасы.
45Мен акыйкатты айткандыгымдан Мага ишенбейсиңер.
46«Күнөө кылдың» деп кимиңер Мени ашкерелей аласың? Эгер акыйкатты айтсам, эмне үчүн Мага ишенбейсиңер?
47Ким Кудайга таандык болсо, Анын сөзүн угат. Силердин укпай жатканыңар Кудайга таандык эместигиңерден.

 

Ыйса Ыбрайымдан мурда бар болчу

 

48Ошондо иудей башчылары:

 

— «Самариялыксың, сага жин тийиптир» деп туура айткан экенбиз! — дешти.

 

49— Мага жин тийген эмес, Мен Атамды урматттайм, бирок силер Мени кордоп жатасыңар, — деп жооп кайтарды Ыйса.
50— Мен Өзүмдүн атак-даңкымды чыгарууга тырышпайм. Муну кылып, чечим чыгара турган башка Бирөө бар.
51Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Менин сөзүмдү бек туткан адам эч качан өлүм бетин көрбөйт.

 

52Анда алар:

 

— Сага жин тийгенине эми чындап эле көзүбүз жетти. Ыбрайым да, пайгамбарлар да өлүшкөн, а сен болсо: «Менин сөзүмдү бек кармаган киши эч качан өлүм даамын татыбайт» дейсиң!
53Сен эмне, көзү өтүп кеткен түп атабыз Ыбрайымдан да кудуреттүүсүңбү? Пайгамбарлар да өлүшкөн, өзүңдү ким деп ойлойсуң? — дешти.

 

54— Эгер Өзүмдү Өзүм даңктасам, мунум эч нерсеге арзыбай калмак, — деди Ыйса аларга жооп берип. — «Биздин Кудайыбыз» деп айтып жүргөнүңөр — Менин Атам болот. Менин даңкымды чыгаруучу — Ошол.
55Силер Аны тааныбайсыңар. А Мен тааныйм. Эгер тааныбайм десем, силер сыяктуу жалганчы болмокмун. Бирок Мен тааныйм жана айткандарына баш ием.
56Түп атаңар Ыбрайым Менин дүйнөгө келер күнүмдү көрөрүнө кубанган эле. Ал көргөн жана кубанган.

 

57— Али элүүгө да чыга элексиң, анан Ыбрайымды көрдүм дейсиң?! — дешти анда алар.

 

58— Силерге бир чындыкты айтып коёюн, — деди Ыйса жооп кайтара, — Мен Ыбрайым туула электен мурун эле бар болчумун.

 

59Ошондо алар ачууланышып, Ыйсаны ташбараңга алуу үчүн жерден таш алышты. Бирок Ыйса араларынан өтүп, көздөн жашырынды да, ийбадатканадан чыгып кетти.

 

9

 

Тубаса сокурдун айыгышы

 

1Ыйса жолдо бара жатып, тубаса сокур адамды көрдү.

 

2Шакирттери андан: — Устат, бул кишинин сокур болуп төрөлгөнүнө өз күнөөсү себеп болдубу же ата-энесиникиби? — деп сурашты.

 

3Ыйса:

 

— Өзүнүн да, ата-энесинин да күнөөсү себеп болгон жок, анын өмүрүндө Кудайдын кудурети көрүнсүн үчүн ушундай төрөлгөн.
4Жарык барда Мени жибергендин тапшырган иштерин жасашыбыз керек, караңгы түшкөндөн кийин эч ким эч нерсе кыла албайт.
5Мен бул дүйнөдө турганда дүйнөдөгүлөр үчүн жарыкмын, — деп жооп берди.

 

6Ушундай деп, жерге бир түкүрдү да андан ылай жасады. Ылайды сокурдун көзүнө сүйкөп:

 

7«Силоом көлмөсүнө бар да, жууп ташта!» — деди. («Силоом» деген сөздүн мааниси — жиберилген киши). Ал барып, бетин жууду да, көзү ачылып, кайтып келди.

 

8Ошондо коңшулары жана мурда кайырчы болуп жүргөнүн көргөндөр таңгалышып, бири бирине:

 

— Мынабу ушу жерде кайыр сурап отурган адам эмес беле? — дешти.

 

9Бирөөлөрү:

 

— Ошол, — дешсе, башкалары: — Жок, бул ага окшош гана киши, — дешти.

 

Өзү болсо:

 

— Ошол сокур адам менмин, — деди.

 

10Адамдар андан сурай башташты:

 

— Көзүң кантип көрүп калды?

 

11— Ыйса деген киши ылай жасап, көзүмө сүйкөп: «Силоом көлмөсүнө бар да, жууп ташта!» — деди. — Мен барып, бетимди жуудум эле, ошол замат көзүм көрүп калды.

 

12— Ал өзү кайда кетти? — дешкенде,

 

— Билбейм, — деп жооп берди ал.

 

Фарисейлердин айыккан адамды тергөөсү

 

13Ушундан кийин алар мурда сокур болгон кишини фарисейлердин алдына алып келишти.
14Ыйса ылай жасап, анын көзүн ачкан күн — дем алыш күн болчу.

 

15Фарисейлер да алиги кишиден көзү кантип көрүп калганын сурашты. — Бир киши көзүмө ылай сүйкөдү, мен бетимди жуудум да, мына эми көрүп турам, — деп жооп берди ал.

 

16Ошондо фарисейлердин кээ бирөөлөрү:

 

— Бул киши Кудайдан келген эмес, себеби ал дем алыш күндүн тартибин бузду, — дешсе, башкалары:

 

— Күнөөкөр киши ушундай кереметтерди кантип жасай алат? — дешти.

 

Ошентип, алар эки жаатка бөлүнүштү.

 

17— «Жанагы киши көзүмдү ачты» дейсиң, кана, ал тууралуу дагы эмне айтасың? — деп, алар сокурдан дагы сурашты.

 

Мурда сокур болгон киши:

 

— Ал пайгамбар адам, — деди.

 

18Бирок иудей башчылары көзү ачылган кишинин мурда сокур болуп, эми көрүп калгандыгына ата-энесин чакыртканча ишенишкен жок.

 

19Ата-энеси келгенде алардан: — Сокур төрөлгөн балаңар ушубу? Эми ал кандайча көрүп калды? — деп сурашты.

 

20Алар:

 

— Мунун балабыз экенин, анын сокур болуп төрөлгөнүн билебиз.
21Бирок эми кандайча көзү көрүп калды, ошону билбейбиз, көзүн ким ачканын да билбейбиз. Өзүнөн сураңыздар, бала эмес го, өзү айтып берсин, — дешти.

 

22Ата-энеси корккондугунан ушундай дешкен, анткени иудей башчылары: «Ким Ыйсаны Машаяк десе, синагогадан чыгарылсын», — деп чечим чыгарып коюшкан эле.
23Ата-энесинин «өзүнөн сураңыздар, бала эмес го» дешкени ушул себептен эле.

 

24Ошондо иудей башчылары мурда сокур болгон кишини экинчи ирет чакыртышты.

 

— Кудайдан коркуп, чыныңды айт! — дешти алар. — Жанагы, сени айыктырган кишинин күнөөкөр экенин биз билебиз.

 

25Тиги болсо:

 

— Ал киши күнөөкөрбү, жокпу, анысын билбейм. Бир нерсени гана билем: мен сокур элем, эми көрүп калдым, — деди.

 

26— Ал сага эмне кылды? — деп сурашты алар андан. — Көзүңдү кантип ачты?

 

27— Мен сиздерге жана айттым го, бирок уккан жоксуздар. Эмне үчүн дагы уккуңуздар келип жатат? Сиздер да анын шакирти болгуңуздар келип жатабы? — деди ал.

 

28— Анын шакирти сенсиң, — дешти ошондо алар аны жекиришип. — Биз Муса пайгамбардын шакиртибиз.
29Кудайдын Мусага сүйлөгөнүн биз билебиз, ал эми жанагынын кайдан келгени бизге белгисиз.

 

30— Анын кайдан келгенин билбегениңиздер кызык экен, — деди жанакы киши. — Ал менин көзүмдү ачпадыбы.
31Кудай күнөөкөрлөргө кулак салбайт. Ал эми ким Аны урматтап, каалоосун аткарса, ошого кулак саларын билебиз.
32Дүйнө жаралгандан бери мен сыяктуу тубаса сокурдун көзүн бирөө ачты дегенди эч ким уккан эмес.
33Ал киши Кудайдан келбесе, эч нерсе жасай алмак эмес.

 

34Ошондо алар буга каршы чыгып:

 

— Сен тубаса күнөөкөр болуп туруп, бизди окуткуң барбы? — деп, аны синагогадан кууп чыгышты.

 

Рухий сокурлук

 

35Алиги кишини синагогадан кууп жиберишкенин Ыйса укту да аны таап:

 

— Адам Уулуна ишенесиңби? — деп сурады.

 

36— Мырза, анын ким экенин айтыңызчы, мен ишенейин, — деп жооп берди ал.

 

37Ыйса мындай деди:

 

— Сен Аны көрдүң, Ал азыр сени менен сүйлөшүп жатат.

 

38— Эгем, ишенем! — деп алиги адам Ыйсанын бутуна жыгылды.

 

39Ыйса:

 

— Мен бул дүйнөгө сокурлар көрө алсын үчүн, ал эми көзү көргөндөр сокур болсун деп өкүм чыгаруу үчүн келдим, — деди.

 

40Бул сөздү ал жерде турган бир нече фарисейлер да угуп калышып:

 

— Эмне, анда биз да сокурбузбу? — дешти.

 

41Ыйса:

 

— Эгер сокур болсоңор, анда күнөөңөр болмок эмес. Бирок азыр «көзүбүз көрөт» дегениңерден улам күнөөлөрүңөр мойнуңарда калат, — деди.

 

10

 

Койчу жана анын койлору

 

1Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким кой короого эшиктен кирбестен, башка жагынан ашып түшсө, ал — ууру жана каракчы.
2Ал эми ким эшиктен кирсе, койлордун кайтаруучусу ошол.
3Кароолчу ага эшикти ачып берет, койлор аны үнүнөн таанышат. Ал өзүнүн койлорун атынан чакырып, жайытка чыгарат.
4Чыгарган соң, алардын алдында баштап басат, ал эми койлору анын артынан ээрчишет, анткени алар анын үнүн таанышат.
5Жат кишини ээрчибей, качышат, себеби анын үнүн таанышпайт.

 

6Ыйса бул ибаратты чогулгандарга айтып берди, бирок алар Анын сөзүнүн маанисине түшүнүшкөн жок.

 

Чыныгы өмүргө киргизүүчү дарбаза

 

7Ошондуктан Ыйса сөзүн улай мындай деди:

 

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: койлор кирүүчү дарбаза — Менмин.
8Менден мурун келгендердин баары ууру жана каракчы болушкан. Бирок койлор аларды угушкан жок.
9Мен — дарбазамын. Менден киргендин өмүрү сакталат. Ал ээн-эркин кирип чыгат жана жайыт табат.
10Ууру уурдап, союп, ойрондоо үчүн келет. Мен болсо адамдар чыныгы өмүргө, болгондо да берекелүү өмүргө ээ болушсун деп келдим.

 

11Мен — жакшы койчумун. Жакшы койчу койлору үчүн жанын аябайт.
12Жалчы болсо койчу эмес, койлор да аныкы эмес. Ал карышкырдын келе жатканын көргөндө, оторду таштай качат. Карышкыр койлорго тийип, туш тарапка чачыратат.
13Жалчы оторду таштай качат, анткени ал — жалчы, койлордун камын ойлобойт.

 

14-15Мен жакшы койчумун. Асмандагы Атабыз Мени кандай жакшы билсе, Мен да Аны ошондой жакшы билем, ошол эле сыяктуу, Мен Өз койлорумду кандай жакшы билсем, алар да Мени ошондой жакшы билишет. Мен койлорум үчүн жанымды кыям.
16Бул отордон башка да койлорум бар, ошолорду Өзүмө алып келүүм керек. Алар үнүмдү угуп, Мени таанышат, ошондо бардыгы бир гана койчусу бар короо болушат.
17Атам Мени жакшы көрөт, себеби Мен кайрадан ээ болоюн деп, койлорум үчүн жанымды кыям.
18Жанымды эч ким Менден тартып албайт, аны Өз каалоом менен курман кылам. Жанымды курман кыла турган да, кайтып ала турган да бийлигим бар. Бул — Мага Атамдын тапшырган милдети.

 

19Ушул сөздөн улам иудей башчылары эки жаат болуп, дагы айтыша кетишти.
20Көпчүлүгү: «Буга жин тийиптир, сандырактап жатат, эмнеге угуп турасыңар?» — дешти.
21«Бул жин тийген кишинин сөзү эмес! Жин сокур кишинин көзүн ача алмак беле?» — дегендер да болду.

 

Элдин Ыйсага ишенбей коюшу

 

22Мындан кийин Иерусалимде ийбадаткананы Кудайга кайрадан багыштоо майрамы болду. Кыш убагы эле.
23Ыйса ийбадаткананын короосундагы Сулайман падышанын атындагы түркүктүү бастырманын ичинде ары-бери басып жүрдү.

 

24Иудей башчылары Аны курчап алып: — Канчага чейин бизди ээликтиресиң? Машаяк болсоң, ачыгын айт! — дешти.

 

25— Мен айттым го, силер болсо ишенбей койдуңар, — деди Ыйса аларга. — Атамдын атынан кылып жүргөн иштерим ким экенимди айтып жатышат.
26Бирок силер ишенбейсиңер, себеби Менин оторумдан эмессиңер.
27Менин койлорум үнүмө кулак салышат. Мен аларды жакшы билем. Алар Мени ээрчишет.
28Мен түбөлүк өмүрдү ошолорго берем, алар эч качан курут болушпайт. Менин колуман эч ким аларды тартып ала албайт.
29Аларды Мага берген Атам баарынан улуу. Атабыздын колунан да эч ким тартып ала албайт.
30Мен асмандагы Атабыз менен бирмин.

 

31Бул сөздү уккан иудей башчылары Ыйсаны таш бараңга алуу үчүн дагы жерден таш алышты.

 

32Ошондо Ыйса аларга мындай деди: — Көз алдыңарда Атабыз тапшырган көп жакшы иштерди кылдым. Кайсынысы үчүн Мени ташбараңга алгыңар келип жатат?

 

33— Сенин жакшы иштериң үчүн эмес, Кудайды кордогонуң үчүн ташбараңга алабыз, — деп жооп беришти алар. — Сен адам болуп туруп, өзүңдү Кудай кылып жатпайсыңбы!

 

34Ыйса жооп берип мындай деди:

 

— Ыйык Жазууңарда «силер кудайларсыңар»деп жазылган жери бар эмеспи.
35Кудай Анын сөзү жеткирилгендерди «кудайларсыңар» деген экен. Ал эми Ыйык Жазуунун күчүн жоюш мүмкүн эмес экенин биз билебиз.
36Анда асмандагы Атабыз Өзү атайын дайындап дүйнөгө жиберген Мен «Кудай Уулумун» десем, кандайча Кудайга акарат келтирдиң деп айта аласыңар?
37Атам тапшырган иштерди аткарып жүрбөсөм, Мага ишенбей эле койгула.
38Ал эми аткарып жүргөн болсом, анда сөзүмө ишенбесеңер да, кылган иштериме ишенгиле! Ошондо силер асмандагы Атабыз Мени менен, Менин болсо Аны менен тыгыз байланышта экенимди түшүнөсүңөр.

 

39Алар Ыйсаны кайрадан кармап алмакчы болушту, бирок Ыйса араларынан суурулуп чыгып, кетип калды.

 

40Ушундан кийин, Ыйса кайрадан Иордан дарыясынын аркы бетине — мурун Жакыя чөмүлдүрүү расмисин өтөп жүргөн жерге барып, ошол жерде жүрдү.
41Ага көп адамдар келишип, өз ара: «Жакыя эч кандай керемет көрсөткөн жок, бирок анын бул киши жөнүндө айткандарынын баары чындык экен» — дешти.
42Ошентип ал жерден көп адамдар Ыйсага ишенип калышты.

 

11

 

Лазардын оорудан кайтыш болушу

 

1Лазар деген бейтанилик бир киши ооруп жатты. Мариям да эжеси менен ошол айылда турчу.
2(Кийинчерээк Эгебиздин бутуна жыттуу май сүйкөп, чачы менен кургаткан так ушул Мариям болчу. Ооруп жаткан Лазар болсо анын бир тууган агасы эле.)
3«Эгебиз, жакшы көргөн кишиңиз ооруп жатат», — деп, эже-сиңди Ыйсага кабар жиберишти.

 

4Ыйса муну укканда: — Бул оору өлүм менен бүтпөйт, тескерисинче, Кудайдын улуулугун көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Бул иш аркылуу Кудай Уулунун кудуреттүү улуулугу көрүнөт, — деди.

 

5Ыйса Мартаны, анын сиңдисин жана алардын бир тууганы Лазарды өтө жакшы көрсө да,
6Лазардын оору экендиги тууралуу кабар жеткенде, ошол жерде дагы эки күн болду.

 

7Андан соң, шакирттерине мындай деди: — Жүргүлө, Иудеяга кайра баралы!

 

8— Устат, иудей башчылары жакында эле сени ташбараңга алып, өлтүрмөкчү болушпады беле? — дешти шакирттери Ага, — Эмне, ошол жакка дагы бармакчысыңбы?

 

9— Бир күндүн он эки сааты жарык эмеспи? — деди жооп кайтара Ыйса. — Адам күндүз жүрсө, мүдүрүлбөйт, анткени бул дүйнөнүн жарыгын көрөт.

 

10Ал эми түн ичинде жүрсө, жарыгы жок болгондуктан мүдүрүлөт. Ыйса андан ары дагы мындай деди:

 

11— Досубуз Лазар катуу уйкуда жатат. Мен барып аны ойготоюн.

 

12Шакирттери:

 

— Мырза, уктап жатса жакшы, анда айыгат, — дешти.

 

13Ыйса Лазардын өлгөнүн кыйыр түрдө айткан эле, а шакирттери болсо кадимки уйкуну айтып жатат деп ойлошту.

 

14Ошондо Ал ачык айтты:

 

— Лазар өлдү,
15бирок силерди ойлоп, ал жакта болбогонума кубанып жатам, анткени бул аркылуу силер ишенимге келе аласыңар. Эми жүргүлө, Лазарга баралы.

 

16Ошондо Том-Эгиз башка шакирттерге:

 

— Кеттик, биз да Устат менен бирге өлөлү! — деди.

 

Лазардын кайра тирилиши

 

17Ыйса Бейтаниге жеткенде, Лазардын өлүп, көргө коюлганына төрт күн болгонун укту.
18Бейтани менен Иерусалимдин аралыгы үч эле чакырымдай болгондуктан,
19көптөгөн адамдар Марта менен Мариямга көңүл айтууга келишкен экен.
20Ыйсанын келе жатканын уккан Марта алдынан тосуп чыкты. Мариям болсо, үйдө калды.

 

21Марта: — Эгем, эгер сиз бул жерде болсоңуз, иним өлмөк эмес эле да.
22Бирок эмне сурасаңыз, Кудайдын азыр болсо деле сизге берерин билем, — деди.

 

23Ыйса ага:

 

— Иниң кайра тирилет, — деди.

 

24— Кыяматта, кайра тирилүү күнү анын да тирилерин билем — жооп кайтарды Марта.

 

25— Кайра тирилүү менен чыныгы өмүр — Менмин, — деди Ыйса. — Мага ишенген адам өлсө да, өмүр сүрө турган болот.
26Мага ишенип өмүр сүргөн адам эч качан өлбөйт. Буга ишенесиңби?

 

27Марта:

 

— Ооба, Эгем, сиздин дүйнөгө келе турган Кудай Уулу жана Машаяк экениңизге ишенем — деди.

 

28Анан ал Мариямды тымызын чакырып алды да:

 

— Устат келип калды, сени чакырып атат, — деди.

 

29Муну угары менен Мариям шашылыш тура калып, Ыйсага жөнөдү.
30Бирок Ыйса дале айылга кирбептир, ал баягы Мартага жолуккан жерде экен.
31Мариямдын жанында көңүл айтып олтурушкандар анын шашылыш чыгып кеткенин көрүшкөндө, артынан кошо чыгышып, «көрүстөнгө барып кошок кошкону кетти го» деп ойлоп калышты.

 

32Мариям Ыйса турган жерге келди да Анын бутуна жыгылды. — Оо, Эгем, — деди ал, — Сиз бул жерде болсоңуз, бир тууганым өлбөйт эле.

 

33Ыйса Мариям менен анын артынан келгендердин кошок кошуп, ыйлап турганын көргөндө, катуу үшкүрүнүп, каңырыгы түтөп кетти.

 

34— Аны каерге койдуңар? — деди Ыйса.

 

— Эгебиз, келип көрүңүз, — деп жооп беришти алар.

 

35Ыйсанын көзүнөн жаш агып кетти.

 

36Ошондо адамдар өз ара: — Карасаңар, Лазарды кандай ал жакшы көргөн! — дей башташты.

 

37— Сокурдун көзүн ачкан бул тигини да ажалдан арачалап кала албас беле? — дегендери да болду.
38Ыйса дагы бир үшкүрүнүп алып, көрүстөнгө басып келди. Көр болсо оозу таш менен жабылган үңкүр эле.

 

39Ыйса: — Ташты алып салгыла! — деп буюрду.

 

Ошондо маркумдун эжеси Марта:

 

— Эгем, ал жыттанып баратат, жатканына төрт күн болуп калды, — деди.

 

40— «Ишенсең, Кудайдын кудуретин көрөсүң» дебедим беле, — деди Ыйса ага.

 

41Ташты үңкүрдүн оозунан алып салышканда, Ыйса көктү карап мындай деди:

 

— Ата, үнүмдү укканыңа ыраазымын!
42Мени дайыма угарыңды билсем да, муну айланамда турган эл Мени Сенин жибергениңе ишенсин деп айтып жатам, — деп сыйынды.

 

43Анан:

 

— Лазар, чыккын! — деп кыйкырды.

 

44Ошондо колу-буту кепинге оролгон Лазар көрдөн чыга келди. Анын башы-көзү да таңылуу эле. Ыйса жанында тургандарга:

 

— Кепинин чечип салгыла, бассын, — деди.

 

45Мариямга келишкендердин көбү Ыйсанын керемет ишин көрүп, Ага ишенип калышты.

 

Ыйсага каршы бүтүм

 

46Бирөөлөр фарисейлерге барып, Ыйсанын кылганын айтып беришти.

 

47Ошондо жогорку динкызматчылар менен фарисейлер диний жогорку кеңештин мажилисин чакырышып, өз ара мындай деп сүйлөшүштү: — Кандай кылсак, жанагы киши көптөгөн укмуштарды жасап атат.
48Аны ушул бойдон калтыра турган болсок, элдин баары ага ишенип кетет. Анан римдиктер келип, касиеттүү үйүбүздү да, элибизди да чаап алышат.

 

49Ошол мезгилде башкы динкызматчы болгон Каяп ордунан туруп, мындай деди:

 

— Силер эч нерсени билбейсиңер!
50Бүтүндөй эл ойрон болгондон көрө, ошол эл үчүн бир адамдын өлгөнү бизге дурус болорун ойлосоңор боло!

 

51Каяп муну өз оюнан чыгарып айткан жок, бирок ошол мезгилде башкы динкызматчы болгондуктан, Ыйсанын эл үчүн өлөрүн алдын ала айткан болчу.
52Ооба, Ыйса Ысрайыл эли үчүн гана эмес, жер жүзүнө таралган башка элдердеги Кудайдын балдарын бир үй-бүлө кылуу үчүн да өлүүгө тийиш болчу.
53Ошол күндөн баштап иудей башчылары Ыйсаны өлтүрүүнүн жолун ойлонуштура башташты.

 

54Ошондуктан Ыйса мындан ары Иудеяда ачык жүрбөй, чөлгө жакын жердеги Эфрайым деген айылга кетип, ал жерде шакирттери менен бирге болду.

 

55Куткарылуу майрамы жакындап калган эле. Өлкөнүн туш тарабынан көптөгөн адамдар майрам алдындагы диний тазалануу салтын аткаруу үчүн Иерусалимди көздөй агылып, чыгып бара жатышты.
56Алар ийбадаткананын жанынан Ыйсаны издешти. Короодо топтолуп тургандар: «Кандай деп ойлойсуңар, ал да майрамга келер бекен?» — деп бири биринен сурашты.
57Себеби жогорку динкызматчылар менен фарисейлер: «Кимде-ким Ыйсанын кайда экенин билип калса, кабар берсин!» деген буйрук чыгарышкан эле.

 

12

 

Ыйсага көрсөтүлгөн урмат

 

1Куткарылуу майрамынан алты күн мурун Ыйса Бейтаниге келди. Бул айылда Ал өлүмдөн кайра тирилтип алган Лазар турчу.
2Ошол жерде Аны конокко чакырышты. Марта кызмат кылып жүрдү. Ыйса менен бирге отурган коноктордун арасында Лазар да отурган эле.
3Мариям нард деген өсүмдүктөн жасалган, таза, кымбат баалуу майдан жарым литрдей алып, Ыйсанын бутуна куйду да, анан аны чачы менен сыйпады. Үй ичи майдын аңкыган жыпар жытына толуп чыкты.
4Анда Ыйсанын шакирттеринин бири, кийинчерээк Ага чыккынчылык кылган Жүйүт Искариот мындай деди:

 

5— Эмне үчүн бул майды үч жүз күмүш теңгеге сатып, түшкөн акчаны жакырларга таратып берген жок?
6Ал муну кембагалдардын камын ойлогондуктан эмес, ууру болгондугунан айтты: ортого түшкөн акчаны сала турган баштыкты асынып жүргөн ал түшкөн акчадан өзүнө кытып алып коюп турчу.

 

7Ыйса ага:

 

— Бул аялды жайына кой! Ал май куюу салтын аткарып, денемди көргө коё турган күнгө даярдады.
8Жакырлар ар дайым жаныңарда болот, а Мен жаныңарда дайым эле боло бербейм, — деп тыйып койду.

 

9Ыйсанын Бейтаниде экенин көп адамдар угушуп, Ыйса үчүн гана эмес, Ал өлгөндөн тирилткен Лазарды көрүү үчүн да келишти.
10Жогорку динкызматчылар аны да өлтүрмөкчү болушту.
11Минткен себеби, Лазар башынан өткөргөн кереметтен улам, көп адамдар аларды таштап, Ыйсага ишенип кетишти.

 

Ыйсанын салтанаттуу түрдө Иерусалимге кириши

 

12Кийинки күнү майрамга чогулган эл Ыйсанын Иерусалимге келерин угушту.
13Алар колдоруна пальма бутактарын кармап, шаардын сыртына чыгып: «Осанна![9]Эгебиздин атынан келе жатканды Кудай жалгасын!Ысрайылдын падышасын Кудай жалгасын!» — деген үндөр менен Ыйсаны тосуп алышты.

 

14Ыйса бир такайды таптыртып, ошого минип алган эле. Ыйык Жазууларда бул тууралуу алдын ала мындай айтылган:

 

 

15«Эй, Иерусалим, коркпогун!

 

Карачы, сенин падышаң

 

Такай минип келатат!»

 

 

16Ыйсанын шакирттери муну убагында түшүнүшкөн эмес. Ыйса кайра тирилгенден кийин, элдин ушундайча тосуп алганын эстешип, бул сөздөрдүн Ал жөнүндө жазылганын билишти.
17Ыйса Лазарды көрдөн сыртка чакырып алып, өлүмдөн кайра тирилткен кезде бирге болгон көп кишилер бул ишти көргөнүн айтып жатышты.
18Мындай керемет кылганын уккан эл ушул себептен да Анын алдынан тосуп чыкты.

 

19Ал эми фарисейлер өз ара: — Көрдүңөрбү, эч нерсе колуңардан келбей калды! Элдин баары анын артынан ээрчип кетти! — дешти.

 

Бир нече гректин Ыйсаны издеши

 

20Майрам убагында Иерусалимде Кудайга ийбадат кылууга келгендердин арасында бир нече грек да бар эле.

 

21Алар Галилеянын Бейтсайда шаарынан чыккан Филипке барышып: — Мырза, биз Ыйсаны көрсөк дедик эле, — дешти.

 

22Филип муну Идриске барып айтып, анан экөө Ыйсага жеткизишти.

 

23Ыйса аларга мындай деп жооп берди: — Адам Уулунун улуулукка жетер убакыт-сааты келип калды.
24Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эгер буудайдын даны жерге эгилип, анан өлбөсө, анда ал жалгыз бойдон калат. Эгер ал жерге эгилип, өнүп, өзү өлсө, ошондо гана мол түшүм берет.
25Ким өз жанын баарынан артык көрсө, ал андан айрылат. Ал эми кимде-ким бул дүйнөдө өз жанын аябаса, аны түбөлүк өмүр үчүн сактап калат.
26Ким Мага кызмат кылгысы келсе, Мени ээрчисин. Мен кай жерде болсом, кызматчым да ошол жерде болот. Ал эми Мага кызмат кылган ар кимди асмандагы Атабыз урматтайт.

 

Ыйса Өз өлүмү тууралуу дагы бир ирет айтат

 

27Азыр абдан кыйналып турам. Эмне дейин? «Ата, Мени ушул азаптуу сааттан куткар» дейинби? Жок! Мен бул күнгө атайын дал ушуну баштан кечирүү үчүн жеттим да.

 

28Ата, Өз атыңды улуулукка бөлөй көр! Ошондо көктөн: «Мен Аны улуулукка бөлөдүм жана мындан ары да бөлөй берем» деген үн угулду.

 

29Ошол жерде турган элдин арасынан бирөөлөрү: «Күн күркүрөдү», — дешсе, башкалары: «Ага периште сүйлөдү», — дешти.

 

30Ыйса аларга: — Бул үн Мен үчүн эмес, силер үчүн.
31Эми бул дүйнөнүн соттолор маалы келди. Эми бул дүйнөнүн башкаруучусу[10]куулат.
32Мен жерден өйдө көтөрүлүп, улуулукка бөлөнгөнүмдөн кийин, адамдардын баарын Өзүмө чакырам, — деди.

 

33Бул сөздү Ал Өзүнүн кантип өлөрүн билдирүү үчүн айтты.

 

34Ошондо жыйылган эл:

 

— Биз Ыйык Жазуудан «Машаяк түбөлүк жашайт» деп окуган элек. Анан кандайча сен Адам Уулу көтөрүлөт дейсиң? «Адам Уулу» дегениң ким? — дешти.

 

35Ыйса аларга мындай деди:

 

— Жарык дагы бир аз убакыт силер менен бирге болот. Силерди кара түн басып калбоо үчүн жарык барда жүрө тургула. Анткени түндө жүргөндөр кайда бара жатканын билишпейт.

 

36Араңарда жарык барында ага ишенгиле, ошондо жарыктын балдары болосуңар. Ыйса ушундай деди да, алардан узап, элдин көзүнөн жашырынды.

 

Элдин Ыйсага ишенүүдөн баш тартышы

 

37Ыйса алардын көз алдында көп эле керемет-жышаандарды көрсөтсө да, көпчүлүк Ага ишенбеди.

 

 

38Ошону менен Ышая пайгамбардын мындай сөзү ордунан чыкты: «Бизден уккан кабарга,

 

Эгем, кимдер ишенди?

 

Кудуретин Эгенин

 

Кимдер көрүп, билишти?»

 

 

39Ышая дагы бир жерде көпчүлүктүн эмне себептен ишене албагандыгы жөнүндө мындай деген:

 

 

40«Кудай байлап көздөрүн,

 

Көкүрөгүн көр кылган.

 

Көзү көрбөйт алардын,

 

Туйбайт дагы жүрөгү.

 

Айыктырам десем да,

 

Терс жолдорун таштабайт,

 

Мага кайтып келишпейт».

 

 

41Ышая пайгамбар Ыйсанын улуулугун алдын ала көрүп, Ал туралуу ушундай деп айткан эле.

 

42Ошентсе да, иудей башчыларынын көбү Ыйсага ишеништи, бирок фарисейлер синагогадан чыгарып жибербесин деп, Ал тууралуу ачык сүйлөшкөн жок.
43Себеби алар Кудай берүүчү урматты эмес, адамдан көрсөтүлө турган урматты артыгыраак сүйүшчү.

 

Ишенбестиктин аягы

 

44Ыйса үнүн бийик чыгарып, мындай деди:

 

— Мага ишенген киши Мага эле эмес, Мени жибергенге да ишенет.
45Мени көргөн киши Мени жибергенди да көрөт.
46Мен — Мага ишенген ар ким караңгы түндө калбасын деп, дүйнөгө келген Кудайдын жарыгымын.
47Сөзүмдү угуп, аны карманбаган ар кимди айыптай турган Мен эмесмин. Мен адамзатты айыптоо үчүн эмес, куткаруу үчүн келдим.
48Бирок Мени четке кагып, сөзүмдү кабыл албагандардын соту белен: Менин сөзүм аларды кыямат күнү соттойт.
49Себеби Мен аларды Өз оюмдан чыгарып айткан жокмун, эмнени жана кандай айтышым керектигин Атам буйруган.
50Анын сөздөрү ишенгендерге түбөлүк өмүр тартууларын билем. Менин оозумдан чыккан сөздөрдүн баары — асмандагы Атабыздыкы.

 

13

 

Кичи пейилдиктин үлгүсү

 

1Куткарылуу майрамынын алды эле. Ыйса Өзүнүн бул дүйнөдөн кетип, Атасына барар саатынын жакындап калганын билди. Ал бул дүйнөдөгү Өз адамдарын дайыма жакшы көрчү, азыр да аларга болгон чексиз мээримин көрсөттү.

 

2Кечинде Ыйса шакирттери менен бирге тамактанууга отурду. Буга чейин ибилис Ысман Искариоттун уулу Жүйүттүн ниетине Ыйсага чыккынчылык кылууну салып койгон эле.
3Бирок Ыйса Атасы бүткүл бийликти Анын колуна берип койгонун жана Өзүнүн Кудайдан келип, Ага кайра кайтып барарын билген.

 

4Ыйса дасторкондон туруп, үстүнкү кийимин чечти да, белине сүлгүнү байланды.
5Андан кийин чылапчынга суу куюп алып, шакирттеринин буттарын жууп, сүлгү менен аарчый баштады.

 

6Ысман-Петирдин маңдайына келгенде, ал Ыйсадан: — Эгем, сен менин бутумду жууганы турасыңбы? — деп сурады.

 

7— Эмне кылып жатканымды сен азыр эмес, кийинчерээк түшүнөсүң, — деди Ыйса.

 

8— Мен сага бутумду эч убакта жуудурбайм!

 

— Эгер жуубасам, анда Мени менен энчилеш болбойсуң.

 

9— Эгем, андай болсо, бутумду гана эмес, колу-башымды да жуугун.

 

10— Жуунган киши таптаза, ал бутун гана жууш керек. Силер да тазасыңар, бирок баарыңар эмес.

 

11Ыйса кимдин чыккынчылык кыларын билген, ошондуктан «бирок баарыңар эмес», деди.

 

12Шакирттеринин бутун жууп бүтүп, кийимин кийип ордуна отургандан кийин:

 

— Силерге эмне кылганымды түшүндүңөрбү? — деди.
13— Мени «Устат», «Эгем» дейсиңер, мунуңар туура, себеби Мен чындап эле дал Ошонун Өзүмүн.
14Демек, Мен Эгеңер жана Устатыңар болуп туруп, кул сыяктуу бутуңарды жуусам, анда дал ошентип силер да бири бириңердин бутуңарды жуушуңар керек.
15Мен силерге кандай кызмат кылсам, силерди да ошондой кылсын деп, үлгү көрсөттүм.
16Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кул ээсинен өйдө эмес, элчи да аны жибергенден жогору эмес.
17Эми силер бул чындыкты билесиңер, ушуну иш жүзүнө ашырсаңар, анда абдан бактылуусуңар.

 

Ыйсанын саткындын ким экенин айтышы

 

18«Силер тазасыңар» деп баарыңарды айтканым жок, тандаган адамдарымды билем, бирок Ыйык Жазуудагы: «Табакташ болуп жүргөн кишим, Мага каршы чыкты»деген сөз аткарылышы керек.
19Мен муну бул сөз аткарылардан мурда айтып жатам, кийин, аткарылган соң, Менин дал ошонун Өзү экениме ишенесиңер.
20Силерге бир чындыкты айтып коёюн: ким Мен жиберген адамды кабыл алса, Мени да кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы.

 

21Ушул сөздөн кийин Ыйса катуу үшкүрүнүп алды да:

 

— Силерге бир чындыкты айтып коёюн: араңардан бирөө Мени сатып кетет, — деди.

 

22Шакирттери Ыйсанын кимди айтып жатканын түшүнбөй, аң-таң болушуп, бири бирин карашты.
23Ыйсанын өзгөчө сүйгөн шакирти Анын жанында жамбаштап жаткан.
24Ысман-Петир кимди айтып жатканын сурап билчи деп жанагы шакиртке ымдап белги берди.

 

25Тигил Ыйсага бурулуп: — Эгем, ал ким? — деп сурады.

 

26Ыйса:

 

— Бир үзүм нанды табакка малып, кимдин оозуна салсам, ал ошол, — деди.

 

Андан соң, бир үзүм нанды табакка малып, Ысман Искариоттун уулу Жүйүткө сунду.

 

27Жүйүт нанды алары менен шайтан анын жан дүйнөсүн ээлеп алды. Ыйса Жүйүткө: — Кылайын дегениңди бачымыраак кыл! — деди.

 

28Отургандардын эч кимиси Ыйсанын ага эмне үчүн мындай дегенин түшүнгөн жок.
29Акча баштыгы Жүйүттө болгондуктан, кээ бирөөлөрү Ыйса ага «майрамга керектүү нерселерди алып кой» же «жакырларга бир деме берип кой», деп жатат го деген ойдо калышты.
30Жүйүт болсо нанды жеген соң, дароо сыртка чыгып кетти. Ошол убакта түн кирип калган эле.

 

Ыйсанын жаңы осуяты

 

31Жүйүт чыгып кеткенден кийин, Ыйса мындай деди:

 

— Эми Адам Уулу улуулукка бөлөнөт. Ал аркылуу Кудайдын да улуулугу көрүнөт.
32Ал Кудайдын улуулугун көрсөтсө, Кудай да Аны улуулукка бөлөйт. Бул жакын арада ишке ашат.
33Балдарым, эми араңарда аз гана убакыт болом, кийин Мени издейсиңер. Иудей башчыларына айткан сөзүмдү азыр силерге да айтам: Мен бара турган жерге силер азыр бара албайсыңар.

 

34Силерге жаңы осуят калтырам: бири бириңерди сүйгүлө! Мен силерди сүйгөндөй, силер да бири бириңерди сүйгүлө!
35Бири бириңерге болгон сүйүүдөн улам, башкалар силердин Менин шакирттерим экениңерди билишет.

 

Ыйса Петирдин «Аны тааныбайм» дээрин алдын ала айтат

 

36Ысман-Петир Ыйсадан:

 

— Эгем, кайда бара жатасың? — деп сурады.

 

Ыйса ага:

 

— Мен бара жаткан жакка сен азыр ээрчип бара албайсың, кийинчерээк артымдан келесиң, — деди.

 

37Петир:

 

— Эгем, азыр эмне үчүн ээрчий албайм? Сен үчүн жанымды кыюуга даярмын, — деди.

 

38Ыйса ага мындай деди:

 

— «Сен үчүн жанымды кыюуга даярмын» дейсиңби? Сага бир чындыкты айтып коёюн: ушул түнү короз кыйкыргыча, «Аны тааныбайм» деп үч жолу айтасың.

 

14

 

Ыйса Машаяк — Кудайга алып баруучу жалгыз жол

 

1Кайгыга батпагыла! Кудайга ишенгиле, ошондой эле Мага да ишенгиле!
2Көктөгү Атамдын үйүндө жай көп. Эгер андай болбосо, силер үчүн жай даярдаганы бара жатам деп айтмак белем?
3Барып, даярдап бүткөндөн кийин кайтып келип, Мен болгон жерде силер да болууңар үчүн жаныма алып кетем.
4Мен бара жаткан жакка алып баруучу жолду билесиңер.

 

5Эгем, кайда бара жатканыңды билбейбиз, анан кантип ал жакка алып баруучу жолду билмек элек? — деп сурады Том.

 

6Ыйса ага:

 

— Мен — жол, чындык жана өмүрмүн. Мен аркылуу болбосо, асмандагы Атабызга эч ким бара албайт.
7Менин ким экенимди билген үчүн, Атамды да билип каласыңар. Эми Аны билип, көрө баштадыңар, — деди.

 

8Ошондо Филип:

 

— О, Эгем, бизге Атабызды көрсөт, ошондо жетиштүү болот, — деди.

 

9Ыйса мындай деп жооп берди:

 

— Мен көптөн бери жаныңардамын, ошондо да Менин ким экенимди билген жоксуңбу, Филип? Мени көргөн адам, Атабызды да көргөнү. Эмне үчүн Атабызды көрсөт дейсиң?
10Мен Атабыз менен, ал эми Атабыз Мени менен тыгыз байланышта экенине ишенбейсиңерби? Силерге айткан сөздөрүмдү Өз оюмдан чыгарып айткан жокмун. Мени менен тыгыз байланыштагы Атабыз Мен аркылуу Өз ишин иштеп жатат.
11Менин Атабыз менен, ал эми Атабыздын Мени менен тыгыз байланышта экенине ишенгиле! Буга ишене албасаңар, кылган кереметтеримден улам Мага ишенгиле.
12Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Мен кылгандай кереметтүү иштерди Мага ишенген адам да кылат, ал тургай андан да зор кереметтүү иштерди кыла алат, себеби Мен Атабызга барып, Ыйык Рухту жиберем.
13Атабыздан Менин атыман эмне сурасаңар да, аткарып берем. Ошондо Атабыздын улуулугу Уулу аркылуу көрүнөт.
14Менин атымдан эмне сурасаңар да Мен аткарып берем.

 

Ыйык Рухтун келери тууралуу убада

 

15Силер Мени жакшы көрсөңөр, буйруктарымды аткаргыла.
16Мен Атабыздан силерге дагы Бирөөнү жиберүүсүн өтүнөм. Ал силерди колдоп, түбөлүк бирге болот.
17Ал — акыйкаттын Руху. Бул дүйнөдөгүлөр Аны кабыл ала албайт, себеби Аны көрө да, биле да албайт. Ал эми силер билесиңер, анткени азыр Ал жан дүйнөңөрдө жашайт жана кийин да жашай берет.

 

18Мен силерди жетимсиретпей кайра келем.
19Бир аз убакыттан кийин бул дүйнөдөгүлөр Мени андан ары көрбөй калышат, ал эми силер көрөсүңөр, анткени Мен кайра тирилем, силер да түбөлүк өмүргө ээ болосуңар.
20Ошол күнү силер Мен Атам менен, өзүңөр Мени менен, Мен болсо силер менен тыгыз байланышта экенимди билип каласыңар.
21Буйруктарымды көңүлүнө сактап, аткарып жүргөндөр — Мени сүйгөндөр. Мени сүйгөндөрдү Атам сүйөт. Мен да аларды сүйүп, Өзүмдү аларга ачып берем.

 

22Ошондо Жүйүт (Искариот эмес) Ыйсадан:

 

— Эгем, сен өзүңдү кандайча бүт дүйнөгө эмес, бизге гана ачмакчысың? — деп сурады.

 

23Ыйса мындайча жооп берди:

 

— Ким Мени сүйсө, айткандарымды бек тутат. Атам да аны сүйөт жана Биз ага келип, аны менен бирге жашайбыз.
24Мени сүйбөгөндөр Менин сөзүмдү тутунушпайт. Силер угуп жүргөн сөздөрдү Өз оюмдан чыгарып айтканым жок. Алар Мени жиберген Атабыздын сөздөрү.

 

25Мен бул сөздөрдү азыр араңарда жүргөн кезде айтып жатам.
26Ал эми Атабыз Менин атымдан колдоочуңар — Ыйык Рухту жиберет. Ал Мен айткан сөздөрдүн баарын эсиңерге салып, баарын үйрөтөт.
27Мен силердин жаныңарга тынчтык берип кетем. Өз жанымдын тынчтыгын берип кетем. Менин бере турганым адамдар берип, жок болчу тынчтык эмес, ошондуктан жүрөкзаада болуп, корко бербегиле.
28Силерге: «Мен кетип атам, бирок силерге кайтып келем» дебедим беле. Эгер Мени чын жүрөктөн жакшы көрсөңөр, Атабызга баратканыма кубанат элеңер, анткени Атабыз Менден улуу.
29Ушулардын баары ишке ашкан кезде, силер Менин айткандарыма ишенип калууңар үчүн, буларды азыр, алдын ала айтып жатам.
30Эми Мен силер менен көпкө сүйлөшө албайм, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу жакындап калды. Ал Менин үстүмөн бийлик жүргүзө албайт.
31Бирок адамзат Мен Атабызды жакшы көрөрүмдү билүүгө тийиш. Ошол себептүү эмне кылсам да, Ал айткандай кылам. Эми тургула, бул жерден кетели.

 

15

 

Жүзүм сабагы жана бутактары тууралуу ибарат

 

1Мен — чыныгы жүзүм сабагымын, Атам болсо — багбан.
2Мендеги жемиш бербеген ар бутакты Ал кесип таштайт. Ал эми жемиш бергендерин дагы көбүрөөк берсин деп тазалап, бутайт.
3Ошол сыяктуу силерге айткан сөзүм аркылуу силер тазардыңар.
4Мени менен тыгыз байланышта болгула, Мен да силер менен тыгыз байланышта болом. Бутак сабакта болбосо, өзүнөн өзү жемиш бере албайт. Ошол сыяктуу силер да Мени менен тыгыз байланышта болмоюн, жемиш бере албайсыңар.
5Мен сабакмын, силер болсо бутактарымсыңар. Ким Мени менен тыгыз байланышта болуп, Мен да аны менен тыгыз байланышта болсом, ал мол түшүм берет. Менден бөлүнүп, силер эч нерсе кыла албайсыңар.
6Ким Мени менен байланышта турбаса, ал кесилген бутак сымал сыртка ыргытылат да куурап калат. Анан чогултулуп, отко ташталып, күйүп кетет.
7Эгер Мени менен тыгыз байланышта болуп, сөздөрүм көкүрөгүңөрдө болсо, эмне кааласаңар да сурасаңар, аласыңар.
8Силер мол жемиш берсеңер, Атамдын зоболосу көтөрүлөт. Ошондой эле чыныгы шакирттерим болосуңар.

 

9Атабыз Мени кандай сүйсө, Мен силерди ошондой сүйдүм. Менин сүйүүмдү көкүрөгүңөргө түйүп жашагыла!
10Мен Атамдын буйруктарына баш ийип, Анын сүйүүсүн көкүрөгүмө түйүп жашаганымдай, силер да Менин буйруктарыма баш ийсеңер, Менин сүйүүм да силердин ичиңерде жашайт.
11Бул сөздөрдү Менин кубанычым силердин жүрөгүңөрдө жашасын жана кубанычыңар толук болсун деп айттым.
12Силерге айтар осуятым бул: бири бириңерди Мен силерди сүйгөндөй сүйгүлө!
13Өзүн достору үчүн курман кылуудан өткөн улуу сүйүү жок.
14Эгер Менин айткан сөзүмдү аткарсаңар, Мага доссуңар.
15Силерди мындан ары кул дебейм, кул ээсинин иштерин билбейт. Мен силерди досторум деп атайм, анткени Атамдан уккандарымдын баарын силерге айтып бердим.
16Силер Мени эмес, Мен силерди тандап алдым да, барып, жемиш берсин деп, ошол жемишиңер түбөлүктүү болсун деп дайындадым. Ошондо Менин атымдан эмне сурасаңар да Атабыз берет.
17Силерге калтыра турган осуятым бул: бири бириңерди сүйгүлө!

 

Күнөөкөр дүйнөнүн кастыгы

 

18Эгер дүйнө силерди жек көрсө, анын силерден мурда Мени жек көргөнүн эстегиле.
19Эгер силер да ушул дүйнөгө таандык болсоңор, силерди өз адамдары катары жакшы көрмөк. Бирок Мен силерди бул дүйнөнүн ичинен тандап, бөлүп алдым, эми бул дүйнөлүк эмессиңер, ошондуктан ал силерди жек көрөт.
20«Кул ээсинен өйдө эмес» дегенимди эстегилечи. Алар Мени кодулап, куугунтукташса, демек, силерди да кодулап, куугунтукташат. Менин сөздөрүмдү угушса, анда силердикин да угушат.
21Мунун баарын Мени ээрчигениңер үчүн кылышат, себеби алар Мени жибергенди түшүнүшпөйт.
22Мен бул дүйнөгө келип, сүйлөбөсөм, бул дүйнө айыптуу болбос эле. Эми болсо, күнөөсүнөн актанууга эч шылтоосу жок.
23Мени жек көргөндөр Атамды да жек көрүшөт.
24Эгер Мен башка эч ким кылбаган кереметтеримди алардын арасында көрсөтпөгөн болсом, айыптуу болушмак эмес. Бирок Алар кереметтеримди көрүшкөнү менен, Мени да, Атамды да жек көрүшөт.
25Алардын мыйзамындагы «себепсиз жек көрүндү болдум»деген сөз ушундайча ишке ашат.

 

26Мен силерге Атабыздан Колдоочу жиберем: акыйкатты билдирүүчү ошол Ыйык Рух Атабыздан келип, Мен жөнүндө ачык айтып берет.
27Силер да Мен жөнүндө айтып бересиңер, себеби кызматымдын башынан баштап эле жанымдасыңар.

 

16

 

1Силерге мунун баарын Мага деген ишенимиңерден тайбооңор үчүн айттым.
2Синагогалардан чыгарыласыңар, ал тургай силерди өлтүрүп жаткан адам: «Кудайга кызмат кылып жатам!» деп ойлогон күндөр да келет.
3Алар муну Атабызды да, Мени да тааныбагандыктан жасашат.
4Мен буларды башыңарга ушундай күн түшкөндө, ушундай болот деп алдын ала айтып кеткенимди эстегиле деген максатта айттым. Араңарда жүргөндүктөн кызматымдын башында силерге буларды айткан эмесмин.

 

Ыйык Рух — биздин колдоочубуз

 

5Эми Мен Мени Жибергенге кайтып бара жатам. Бирок бириң да кайда бара жатканымды ушуга чейин сураган жоксуңар.
6Эми, айткан сөздөрүмдөн кийин кайгыга батып турасыңар.
7Силерге бир чындыкты айтып коёюн: силер үчүн Менин кеткеним дурус! Себеби эгер кетпесем, силерге колдоочу келбейт. Эгер кетсем, барып, Аны силерге жиберем.
8Ал келген соң, бул дүйнөнүн күнөө, адилеттик жана сот жөнүндөгү ойлорунун ката экендигин ашкере кылат.
9Алар күнөө эмне экенин түшүнүшпөйт, анткени Мага ишенбей жатышат.
10Алар адилеттик эмне экенин түшүнүшпөйт, анткени Мен Атабызга баратам жана силер мындан ары Мени көрбөйсүңөр.
11Алар сот эмне экенин да түшүнүшпөйт, анткени бул дүйнөнүн башкаруучусу сотко тартылды.

 

12Силерге айтар сөзүм али көп, бирок азыр айтсам, көтөрө албайсыңар.
13Акыйкаттын Руху келген соң, Ал силерди акыйкатка жетелейт, себеби Ал Өз оюнан чыккан сөздү эмес, Атабыздан укканын жана келечекте боло турганын айтат.
14Ал силерге Менин айткандарымды жеткирип, улуулугумду көрсөтөт.
15Атабыздагынын баары Мага таандык. «Менин айткандарымды силерге Ыйык Рух жеткирет» деп ошондуктан айттым.

 

Ажырашуу кайгысы жана кайра көрүшүү кубанычы

 

16Бир аздан кийин Мени көрө албай каласыңар, андан соң, кайрадан көрөсүңөр.

 

17Ошондо Ыйсанын кээ бир шакирттери:

 

— «Бир аздан кийин Мени көрө албай каласыңар, андан соң, кайра көрөсүңөр» дегени эмнеси? «Асмандагы Атабызга баратам» дегенин кандайча түшүнсө болот?
18«Бир аз убакыт» дегеничи? Эмне жөнүндө айтып жатат? — дешти.

 

19Ыйса алардын сурагысы келгенин туюп, мындай деди:

 

— «Бир аздан кийин Мени көрө албай каласыңар, андан соң, кайра көрөсүңөр» деп айтканымды түшүнбөй, бири бириңерден сурап жатасыңарбы?
20Силерге бир чындыкты айтып коёюн: силер боздоп, зарлайсыңар, ал эми бул дүйнө кубанып шаттанат. Ооба, кайгырасыңар, бирок кайгыңар кубанычка айланат.
21Аялдын ай-күнү жеткенде, толгоо тартып кыйналат. Төрөгөн соң, наристе дүйнөгө келди деп кубанганынан кыйналганын унутуп коёт.
22Силер да ошондой болуп азыр кайгырып жатасыңар. Кайгырбагыла, Мен силерди кайрадан көрөм. Ошондо силердин жүрөгүңөр кубанычка толот. Ал кубанычты силерден эч ким тартып ала албайт.
23Ошол күнү Менден бир нерсе жөнүндө сурашыңардын зарылчылыгы болбой калат. Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Атабыздан Менин атымдан эмне сурасаңар да, Ал берет.
24Буга чейин Менин атымдан эч нерсе сураган жоксуңар. Кубанычыңар толук болсун үчүн сурагыла, аласыңар!
25Мен буларды силерге кыйыр түрдө айттым. Мындан ары кыйыр түрдө сүйлөбөй, Атабыз тууралуу ачык айта турган кез келет.
26Ошол кезде Менин атымдан сурай турган болосуңар. Силер үчүн Атабыздан Менин өтүнүшүмдүн зарылчылыгы болбой калат.
27Себеп дегенде, силер Мени жакшы көрүп, Кудайдан келгениме ишенгениңер үчүн Атабыз да силерди жакшы көрөт.
28Мен дүйнөгө Атабыздан келгем, эми бул дүйнөнү таштап, кайрадан Атабызга баратам.

 

29Ошондо шакирттери:

 

— Азыр кыйыр түрдө эмес, ачык сүйлөдүң.
30Сен баарын билериңе көзүбүз жетти. Эми бир нерсе сураштын кереги да жок. Ошондуктан Кудайдан келгениңе ишенебиз, — дешти.

 

31Ыйса аларга мындай деп жооп берди:

 

— Эми ишенесиңерби?
32Силер туш-тарапка чачырап, ар кимиң үйлөрүңөргө качып кете турган убакыт келе жатат, ал тургай келип да калды. Мени жалгыз таштап кетесиңер. Бирок Мен жалгыз эмесмин, себеби Атабыз Менин жанымда.
33Мен буларды силер Мени менен тыгыз байланышта болуп, жаныңар тынчтыкка бөлөнсүн деп айттым. Бул дүйнөдө азап чегесиңер, бирок кайраттуу болгула: Мен бул дүйнөнү жеңдим.

 

17

 

Ыйсанын шакирттери үчүн сыйынуусу

 

1Ыйса ушуну айтып бүткөндөн кийин, көккө карап туруп мындай деди:

 

— Оо, Ата, убакыт-саатым келип калды. Уулуң Сенин улуулугуңду көрсөтө алсын үчүн Аны улуулукка бөлөй көр.
2Себеби Ага берген адамдарыңдын баарына түбөлүк өмүр берсин деп, бардык адамзаттын үстүнөн болгон бийликти Анын колуна өткөзүп бердиң.
3Түбөлүк өмүр бул — бирден бир чыныгы Кудай болгон Сени жана Өзүң жиберген Ыйса Машаякты таануу.
4Мага тапшырган ишиңди аяктап, жерде улуулугуңду көрсөттүм.
5Дүйнө жаратыла электе жаныңда жүрүп, улуулукка бөлөнгөн элем. Оо, Атаке, эми да, жаныңда болгонумда, ошол улуулугуңа кайрадан бөлөй көр.

 

6Бул дүйнөдөн тандап берген адамдарыңа Мен Өзүңдү тааныттым. Алар Сага таандык эле, Мага бердиң. Алар Сенин сөзүңдү көкүрөктөрүнө түйүп алышты.
7Мага тапшырганыңдын баары тең Сенден чыкканына эми алардын көздөрү жетти.
8Себеби Мен Сенин сөзүңдү жеткиздим эле, алар кабыл алышты. Сенден келгенимди чындап түшүнүп, Мени Өзүң жибергениңе ишеништи.

 

9Бул дүйнө үчүн эмес, Өзүң Мага табыштаган адамдар үчүн өтүнүп жатам. Себеби алар Сага таандык.
10Мендегинин баары Сеники, Сендегинин баары Меники эмеспи. Ошол себептүү алар аркылуу Мен улуулукка бөлөндүм.
11Мындан ары Мен жерде калбай, Сага бара жатам, бирок алар жерде калышат. Оо, ыйык Ата! Өзүң Мага берген ысмың аларга калканыч болсун! Биз сыяктуу алар да бир болушсун.
12Араларында жүргөнүмдө, Мага берген ысмыңдын кудурети менен аларды коргоп, аман сактап жүрдүм. Шору куруй турган бир адамдан башка бирин жоготкон жокмун. Ыйык Жазууда айтылган ошол адамдын кылчу иши ушундайча ордунан чыкмак.
13Эми болсо Өзүңө бара жатам. Бирок Менин кубанычым толугу менен аларда болсун деп, бул сөздөрүмдү азырынча, жерде экенимде айтып турам.

 

14Аларга Сенин сөзүңдү жеткиздим. Мага окшоп, алар да бул дүйнөгө караштуу эмес, ошондуктан дүйнө аларды жек көрүп калды.
15Аларды бул дүйнөдөн алып чык деген жерим жок, азгыруучудан сактай көр деп гана сурап турам.
16Булар да Мен сыяктуу бул дүйнөгө караштуу эмес.
17Аларды акыйкатың менен Өзүңө багыштап, ыйык кыл. Сенин сөздөрүң — акыйкат.
18Сен бул дүйнөгө Мени жөнөткөндөй, Мен да аларды бул дүйнөгө жөнөттүм.
19Сага өздөрүн чындап багыштасын деп, алар үчүн Сага Мен Өзүмдү багыштайм.

 

Ыйсанын келечектеги шакирттери үчүн сыйынуусу

 

20Менин жанымдагы шакирттерим үчүн гана эмес, алардын айткандары аркылуу Мага ишенип кала турган бардык адамдар үчүн да өтүнүп турам.
21Оо, Атаке! Мени Сен жибергениңе адамзаттын ишенүүсү үчүн, Сенин Мени менен, ал эми Менин Сени менен тыгыз байланышта турганыбыздай ишенүүчүлөр да экөөбүз менен тыгыз байланышта туруп, баары тең бир болушса экен.
22Алар да биз сыяктуу бир болсун деп, Мага берген улуулугуңду аларга бердим.
23Мен булар менен, Сен болсо Мени менен тыгыз байланыштасың. Мени Сен жибергендигиңе, Мени кандай жакшы көрсөң, аларды да ошондой жакшы көрөрүңө адамзаттын көзү жетсин үчүн Мага ишенүүчүлөр ушундай толук биримдикке жетишсин.
24Атаке, Мага тапшырган адамдарыңдын Мен болчу жерде болушун каалайм. Сени жакшы көргөндүгүмдөн аалам жарала электе эле Мага улуулукту тартуулаган элең. Ошол улуулукту алар да көрүшсө экен.
25Оо, адилеттүү Ата! Бул дүйнөдөгүлөрдүн көбү Сени таанышпайт, бирок Мен тааныйм. Мени Сен жибергениңе шакирттеримдин да көздөрү жетти.
26Мен аларга ким экениңди ачып берип, мындан ары да ача бермекчимин. Ылайым Мага деген мээримиң алардын ичинде болсун, Мен да алардын жүрөгүнөн орун алайын.

 

18

 

Ыйсанын кармалышы

 

1Ыйса сыйынып бүтүп, шакирттери менен бирге шаардын сыртына чыкты да, Кедрон сайынын ары жак бетине өттү. Ал жакта бир бак бар эле. Ал шакирттерин ээрчитип, ошонун ичине кирди.
2Ыйса бул жерде шакирттери менен тез-тез жолугушуп тургандыктан, Ага чыккынчылык кылуучу Жүйүт да бул жерди билчү.
3Ал римдик аскердин бир тобун жана жогорку динкызматчылар менен фарисейлер берген бир нече сакчыларды ээрчитип келди. Алардын колунда чырак, шамана жана курал бар эле.

 

4Алдында эмне күтүп турганын билген Ыйса бактын ичинен чыгып, алардан: — Кимди издеп жүрөсүңөр? — деп сурады.

 

5Алар:

 

— Назареттик Ыйсаны! — деп жооп беришти.

 

Ыйса:

 

— Мен дал Ошонун Өзүмүн! — деди.

 

Саткын Жүйүт да ошолор менен турган эле.
6Ыйсанын «Мен дал Ошонун Өзүмүн!» дегенин угушканда, алар кетенчиктешип, жерге жыгылышты.

 

7Ыйса аларга кайрадан: — Кимди издеп жүрөсүңөр? — деди.

 

— Назареттик Ыйсаны, — дешти алар.

 

8— Мен дал Ошонун Өзүмүн дедим го! Эгерде издегениңер Мен болсом, анда жанымдагыларды коё бергиле! — деди Ыйса.

 

9Ыйсанын «Мага бергендериңдин бир да бирин жоготкон жокмун» деп айтканы ушундайча аткарылды.
10Ошондо Ысман-Петир канжарын кынынан сууруп алып, башкы динкызматчынын кулунун оң кулагын шылый чапты. (Кулдун аты Малк эле.)

 

11Бирок Ыйса Петирге: — Канжарыңды кынына сал! Же Атабыздын эркин аткарбашым керек деп ойлойсуңбу? — деди.

 

Петирдин «Ыйсаны тааныбайм» деп үч жолу айтышы

 

12Аскер тобу менен миңбашы жана иудей башчыларынын сакчылары Ыйсаны кармап алып, колун байлашты.
13Аны алды менен Анаска алып барышты. Ал ошол мезгилде башкы динкызматчы болуп турган Каяптын кайнатасы эле.
14«Бүтүндөй эл ойрон болгондон көрө, ошол эл үчүн бир адамдын өлгөнү жакшы» деп иудей башчыларына кеңеш берген Каяп ушу болчу.

 

15Ысман-Петир менен дагы бир шакирт Ыйсанын артынан жүрүп отурушту. Бул шакирт башкы динкызматчынын таанышы болгондуктан анын үйүнүн короосуна Ыйса менен бирге кирди.
16Петир болсо дарбазанын сыртында калды. Башкы динкызматчынын таанышы болгон жанагы шакирт сыртка чыгып, дарбазачы малай кыз менен сүйлөшүп, Петирди да ичкериге киргизип алды.

 

17Малай кыз Петирден: — Сен да ушу кишинин шакирти эмессиңби? — деп сурады.

 

Петир:

 

— Жок, — деп макул болгон жок.

 

18Күн суук болгондуктан, кулдар менен сакчылар от жагып, тегеректеп, жылынып турушту. Петир да ошолордун арасында жылынып турду.

 

19Башкы динкызматчы Ыйсадан Анын шакирттери жана берген таалими жөнүндө сурады.

 

20Ыйса мындай деп жооп кайтарды: — Мен эл алдында ачык айтып келдим. Ар дайым синагогада, ийбадаткананын короосунда таалим берип жүрдүм. Мен эч нерсени жашыруун айткан жокмун.
21Эмнеге Менден сурап жатасыз? Сөзүмдү уккандардан сураңыз, Менин эмне айтып жүргөнүмдү алар билишет.

 

22Ыйса муну айтканда, ошол жерде турган сакчылардын бири Аны жаака чапты да:

 

— Эй, башкы динкызматчыга да ушинтип жооп бересиңби? — деди.

 

23— Туура эмес айтсам, далилдеп бер, эгер туура болсо эмнеге уруп жатасың? — деди Ыйса ага.

 

24Ушундан кийин Анас Ыйсаны байлануу бойдон башка башкы динкызматчы — Каяпка жиберди.

 

25Оттун табына жылынып турган Ысман-Петирден жанындагылар: — Сен да тигинин шакирттеринен эмессиңби? — деп сурашты.

 

Ал:

 

— Жок, — деп дагы макул болбоду.

 

26Ошондо башкы динкызматчынын кулдарынын бири, Петир кулагын шылый чапкандын тууганы:

 

— Сени бакта тигинин жанынан көрбөдүм беле, — деди.

 

27Петир үчүнчү ирет танды. Так ошол кезде короз кыйкырды.

 

Ыйса Пилаттын алдында

 

28Таң заарда иудей башчылары Ыйсаны Каяптын үйүнөн римдик губернатордун акимчилигине алып келишти. Дин боюнча башка улуттагылардын жайына кирүү адамды арам кылгандыктан, жогорку динкызматчылар акимчиликтин босогосун атташпады. Антпесе алар Куткарылуу майрамындагы тамакка катыша албай калмак.

 

29Ошондуктан Пилат аларга өзү чыгып: — Бул кишиге кандай айып коюп турасыздар? — деп сурады.

 

30Алар ага:

 

— Бул кылмышкер болбосо алдыңызга алып келбейт элек, — деп жооп беришти.

 

31Пилат:

 

— Аны өзүңүздөр алып кетип, өз мыйзамыңыздар боюнча соттой бериңиздер! — деди.

 

Иудей башчылары:

 

— Бизде бирөөнү өлүм жазасына тартуу укугу жок, — дешти.

 

32Өзүнүн кандай өлүүгө тийиштүү экенин алдын ала айткан Ыйсанын пайгамбардык сөзү ушундайча аткарылды.

 

33Пилат акимчиликтин ичине кайра кирип, Ыйсаны чакыртып алды да: — Иудейлердин падышасы сенсиңби? — деп сурады.

 

34Ыйса:

 

— Бул сөз өзүңүздөн чыктыбы же бул ушундай деп Мен тууралуу сизге башкалар айттыбы? — деди.

 

35Пилат:

 

— Мен, эмне, иудей белем! Сени мага өзүңдүн элиң менен жогорку динкызматчылар кармап келишти. Эмне иш кылып койдуң эле? — деп сурады.

 

36Ыйса:

 

— Менин падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес. Эгер бул дүйнөгө таандык болсо, кызматкерлерим Мени иудей башчыларынын колуна түшүрбөө үчүн күрөшмөк. Бирок Менин падышалыгым бул дүйнөгө таандык эмес, — деп жооп берди.

 

37Пилат андан:

 

— Демек, падыша экенсиң да? — деп сурады.

 

Ыйса ага:

 

— Падыша экенимди өзүңүз айттыңыз. Мен акыйкатты жарыялаш үчүн төрөлдүм жана ошол максат менен дүйнөгө келдим. Ким акыйкат тарабында болсо, Менин үнүмдү угат, — деди.

 

Пилат:

 

38— Акыйкат деген эмне? — деп сурады да, кайра эл алдына чыгып, аларга мындай деди:

 

— Мен андан эч кандай айып таппай турам.
39Сиздердин салтыңыздар боюнча Куткарылуу майрамына карата дайыма бир кылмышкерди бошотуп берчү эмес белем. Мен сиздерге «иудейлердин падышасын» бошотуп берейинби?

 

40Ошондо алар бир добуштан:

 

— Аны эмес, Бараббаны! — деп, кыйкырышты.

 

Барабба болсо каракчы эле.

 

19

 

Жоокерлердин Ыйсаны мазакташы

 

1Ушундан кийин Пилат Ыйсаны камчы менен сабаттырды.
2Бир топ жоокер тикенектен таажы жасап, Ыйсанын башына кийгизишти да, кочкул кызыл чапанды желбегей жабышты.[11]

 

3— Жашасын иудейлердин падышасы! — деп алдына тура калып, шылдыңдашып, Аны жаакка чапкылашты.

 

4Пилат кайрадан сыртка чыгып:

 

— Караңыздар, мен муну сиздердин алдыңыздарга алып келе жатам: мен мындан эч кандай күнөө таба албадым, ошону билип коюңуздар, — деди.

 

5Тикенек таажы менен кырмызы чапанчан Ыйса сыртка чыкты. Пилат элге:

 

— Ал киши мына! — деди.

 

6Жогорку динкызматчылар менен алардын сакчылары Ыйсаны көргөндө:

 

— Жыгачка кадап сал аны, жыгачка! — деп кыйкырышты.

 

Пилат аларга:

 

— Силер кадагыла! Мен андан эч кандай күнөө таппадым! — деди.

 

7Жогорку динкызматчылар ага:

 

— Бизде мыйзам бар, ошол мыйзам боюнча бул өлүүгө тийиш. Себеби бул өзүн Кудай Уулумун деп, Кудайга акарат келтирип жүрөт, — дешти.

 

8Пилат муну укканда, мурункудан бетер коркуп кетти.

 

9Ал Ыйсаны кайрадан акимчиликтин ичине алып кирди да: — Сен кайдан келдиң? — деп сурады.

 

Бирок Ыйса ага жооп берген жок.

 

10— Мени менен сүйлөшкүң келбейби, ыя? Сени бошотуп жиберүү да, жыгачка кадап салуу да менин колумда экенин билбейсиңби? — деди.

 

11— Көктөн берилбесе, Мага бийлигиңиз жүрбөс эле. Ошондуктан Мени кармап бергендин күнөөсү сиздикинен көбүрөөк, — деди.

 

12Ушул сөздөн кийин Пилат Ыйсаны бошотуунун айласын ойлоду, бирок иудей башчылары:

 

— Эгер бошотуп жиберсең, Рим падышасына дос эмессиң! Өзүн өзү падышамын деген ар ким падышага каршы, — деп кыйкырышты.

 

13Ушул сөздөн кийин Пилат Ыйсаны сыртка чыгартып, Ташаянттагы (бул аянттын эврейче аталышы — Габата) сот орундугуна отурду.

 

14Бул Куткарылуу майрамынан бир күн мурда, түшкө маал болгон эле. Пилат иудей башчыларына: — Мына, падышаңыздар! — деди.

 

15Бирок алар:

 

— Алып кет аны! Алып кет! Кадап сал жыгачка! — деп чуулдашты.

 

Пилат аларга:

 

— Мен жыгачка падышаңыздарды кадайынбы? — деп суроо берди.

 

Жогорку динкызматчылар:

 

— Биздин Рим падышасынан башка эч кандай падышабыз жок, — деп жооп беришти.

 

16Акырында Пилат алардын айткандарына көнүп, Ыйсаны айкаш жыгачка кадоого буйрук берди.

 

Ыйсаны кармап алып кетишти.

 

Ыйсанын айкаш жыгачка кадалышы

 

17Ал Өз айкаш жыгачын Өзү көтөрүп, шаардан чыкты да, «Баш сөөк жайы» деген жерге карай бет алды. Бул жердин эврейче аталышы — Голгота.

 

18Жоокерлер жазалана турган дагы эки адамдын ортосуна Ыйсаны коюп, айкаш жыгачка кадашты да, өйдө көтөрүп коюшту.
19Пилат такта жасаттырып, айкаш жыгачтын өйдө жагына бекиттирди. Тактада «Бул — назареттик Ыйса, иудейлердин падышасы» деген жазуу бар эле.

 

20Муну көптөгөн адамдар окушту, себеби Ыйса жыгачка кагылган жер шаардан алыс эмес эле, анын үстүнө жазуу эврейче, латынча жана грекче болчу.

 

21Жогорку динкызматчылар Пилатка келип, мындай дешти: — «Иудейлердин падышасы» эмес, «Мынабу иудейлердин падышасымын деди» деп жазыңыз.

 

22Пилат ага:

 

— Бүттү, мен жазарымды жазып койдум, — деп жооп берди.

 

23Жоокерлер Ыйсаны жыгачка кадагандан кийин, анын сырт кийимин төрткө бөлүп алышты. Көйнөгүн да алышты. Көйнөк башынан аягына чейин токулуп жасалган эле.

 

24Андыктан алар бири бирине: — Муну айрыбастан чүчү кулак кармашып, кимге тиерин билелик, — дешти.

 

Ыйык Жазууда «кийимимди бөлүп, өз ара чүчү кулак кармап жатышат»деп айтылган үчүн алар ушундай кылышкан эле.

 

25Ыйса керилген айкаш жыгачтын жанында Анын энеси, таежеси, Клеоптун аялы — Мариям жана магдалалык Мариям карап турушкан.

 

26Ыйса энеси менен анын жанында турган, өзгөчө жакшы көргөн шакиртин көргөндө, энесине: — Эми мынабу сиздин балаңыз болсун! — деди.

 

27Андан кийин шакиртине:

 

— Эми бул аял сенин энең болсун! — деди.

 

Ошол сааттан баштап шакирти Ыйсанын энесин өз үйүнө алды.

 

28Ыйса бардык тийиштүү нерселердин ордуна келгенин билип, Ыйык Жазуудагы сөздүн ырасталышы үчүн:

 

— Суусадым, — деди.

 

29Ал жерде начар шарап куюлган кумара турган эле. Ошондо бир соргучту андагы кычкыл ичимдикке малып, иссоп бутагына бекитишти да Ыйсанын оозуна такашты.

 

30Ыйса аны татып көрүп: — Аткарылды! — деди да, башы шылк этип, жан берди.

 

31Бул окуя жума күнү болуп, эртеси дем алыш күн эле. Иудей башчылары айкаш жыгачка кадалгандардын сөөктөрү дем алыш күнү жыгачтарда илинген бойдон калышын каалашпады. Ошондуктан Пилатка барышып, алардын шыйрактарын сындыра чаап, сөөктөрүн жыгачтан түшүрүп, алып таштоосун суранышты.

 

32Ошентип жасоолдор келишти да, Ыйса менен бирге кадалган эки кишинин шыйрактарын сындыра чабышты.
33Ыйсага келишип, Анын өлүп калганын көргөн соң, шыйрагын сындырышпады.
34Бирок жасоолдордун бири Ыйсанын бооруна найзасын малып алды. Ошол замат кан менен суу чыкты.

 

35Муну өз көзү менен көргөн киши силерди да ишенсин деп ушуларды жазды. Анын сөздөрү чын. Ал чындыгын айтып жатканын билет.
36Ыйык Жазуудагы «Анын бир да сөөгү сынбайт!»деген сөз орундалууга тийиш эле, ошол үчүн ушундай болду.
37Ыйык Жазуулардын дагы бир жеринде: «Алар өздөрү сайып салган кишини көрүшөт»деп жазылган.

 

Ыйсанын көргө коюлушу

 

38Мындан кийин ариматиялык Жусуп деген киши Пилатка барды. Ал Ыйсанын шакирти болгону менен, мунусун иудей башчыларынан жашырып жүргөн болчу. Эми ал Пилаттан Ыйсанын сөөгүн көргө коюу үчүн алып кетүүгө уруксат берүүсүн суранды. Пилат макулдугун бергенде, Жусуп барып, сөөктү алып кетти.
39Мурда бир жолу Ыйсага түн ичинде келип кеткен Никадим да маркумга сүйкөй турган мүр чайыры менен алой майынын жүз кадактай аралашмасын алып, ушул жерге келди.
40Иудейлердин сөөк коюу салты боюнча алар маркумдун сөөгүн өздөрү алып келген жыттуу заттар менен шыбап, ак кепинге орошту.
41Ыйса кадалган тушта бир бак болор эле, анда али эч ким коюла элек, жаңы оюлган бир көр[12]бар болчу.
42Дем алыш күн жакындап, анын үстүнө көр да жакын жерде болгондуктан, алар Ыйсанын сөөгүн ошонун ичине коюшту.

 

20

 

Ыйсанын тирилиши

 

1Жуманын биринчи күнү таң азанда магдалалык Мариям көргө келип, анын оозун бекиткен таштын ордунан жылдырылып калганын көрдү.

 

2Ал Ысман-Петир менен Ыйсанын өзгөчө сүйгөн шакиртине жүгүрүп барып, аларга: — Эгебизди көрдөн алып кетишиптир! Кай жерге коюшканын билбейбиз — деди.

 

3Петир менен ошол шакирт дароо шаардан чыгып, көргө бет алышты.
4Экөө тең чуркаган бойдон жөнөп, бирок алиги шакирт Петирден ылдамыраак жүгүргөндүктөн, көргө биринчи жетти.
5Анан эңкейип кепиндин жатканын көрдү да, бирок ичине кирбеди.
6-7Ошол кезде анын артынан Ысман-Петир да жетип келип, түз эле көргө кирди. Ал да кепин менен Ыйсанын башын орогон сүлгүнүн жатканын көрдү. Бирок сүлгү кепин менен бирге эмес, оролуу боюнча бөлөк жаткан экен.
8Анан биринчи болуп келген алиги шакирт көргө кирди. Ал көрдү да ишенди.
9Ал кезде алар Ыйык Жазуулар боюнча Анын өлүмдөн кайра тирилүүгө тийиш экендигин алиге чейин түшүнүшө элек эле.
10Ушундан кийин шакирттери үйлөрүнө кайтышты.

 

Ыйсанын магдалалык Мариямга көрүнүшү

 

11Мариям болсо үңкүрдүн жанында ыйлап турду. Ыйлап жатып, ал эңкейип, көрдүн ичин карады.
12Ичинен ал ак кийимчен эки периштени көрдү. Бирөө Ыйсанын сөөгү коюлган жердин баш жагында, экинчиси аяк жагында отурган экен.

 

13Периштелер ага: — Аялзаты, неге ыйлап турасың? — дешти.

 

Ал периштелерге:

 

— Эгемди алып кетишиптир, эми кай жерге коюшканын билбейм, — деди.

 

14Ушуну айткандан кийин артына бурулган ал Ыйсанын турганын көрдү, бирок тааныбады.

 

15Ыйса андан: — Аялзаты, неге ыйлап турасың? Кимди издеп жүрөсүң? — деп сурады.

 

Мариям аны багбан экен деп ойлоп:

 

— Мырза, аны алып кеткен сиз болсоңуз, кай жерге койгонуңузду айтыңызчы, мен алып келейин, — деди.

 

16Ошондо Ыйса ага:

 

— Мариям, — деди.

 

Мариям Ыйсага бурулуп, эврейче:

 

— Раббуни! — деди. Бул сөз «устатым» деп которулат.

 

17Ыйса ага:

 

— Мени кармаба, себеби Мен али Атабызга көтөрүлө элекмин. Боордошторума барып, Менин Атама — силердин да Атаңарга, Менин Кудайыма — силердин да Кудайыңарга көтөрүлөрүмдү айт! — деди.

 

18Магдалалык Мариям шакирттерге барып, Эгебизди көргөнүн жана Анын бул айткандарын кабарлап, айтып берди.

 

Ыйсанын шакирттерине көрүнүшү

 

19Ошол эле күнү кечинде Ыйсанын шакирттери бир үйгө чогулушуп, иудей башчыларынан корккондуктан, эшиктерин бекитип отурушкан эле. Капилеттен Ыйса ортосунда пайда болуп:

 

— Ассалом алейкум! — деди.

 

20Ыйса муну айткандан кийин, аларга эки колундагы жана боорундагы жараттарын көрсөттү. Шакирттери Эгесин көрүшкөнүнө өтө кубанып кетишти.

 

21— Ассалом алейкум! — деди Ыйса экинчи ирет. — Асмандагы Атабыз Мени жиберген сыяктуу, Мен да силерди дүйнөгө жиберем.

 

22— Ушундай деп, Ал шакирттерине демин үйлөп мындай деди: — Ыйык Рухту кабыл алгыла!
23Кимдин күнөөсүн кечирсеңер, кечирилет, ал эми кимдин күнөөсүн кечирбесеңер, аларды Кудай да кечирбейт.

 

24Он эки шакирттин бири Том-Эгиз Ыйса келген кезде алардын арасында жок эле.

 

25Башка шакирттер: — Биз Эгебизди көрдүк, — дешкенде, ал: — Мен анын колунан кагылган мыктардын ордун көрүп, манжамды мыктардын изине, колумду бооруна тийгизмейинче, тирилгенине эч ишенбейм, — деди.

 

26Бир жумадан кийин Ыйсанын шакирттери дагы ошол үйгө чогулушту, Том да алар менен бирге болчу. Эшик бекитилүү эле, бирок Ыйса келди да, ортого туруп:

 

— Ассалом алейкум! — деди.

 

27Андан кийин Томго кайрылып:

 

— Менин колума манжаңды тийгизип, колумду боорума коюп көр да, ишенбөөчү болбой, ишенүүчү бол! — деди.

 

28Том ага:

 

— Эгем менин! Кудайым менин! — деди.

 

29Ыйса ага:

 

— Том, сен Мени көргөндүгүңдөн ишенип жатасың, бирок көрбөй туруп ишенгендер кандай бактылуу, — деди.

 

30Ыйса шакирттеринин көз алдында бул китепте жазылбаган башка дагы көптөгөн ажайып-жышаандарды көрсөттү.
31Ал эми мунун баары силер Ыйсанын Машаяк, Кудай Уулу экенине ишенип, ишенгениңерден улам чыныгы өмүргө ээ болсун деген максат менен жазылды.

 

21

 

Ыйсанын көл жээгинен шакирттерине көрүнүшү

 

1Мындан кийин Ыйса Тиберия көлүнүн жээгинде дагы бир жолу шакирттерине көрүндү. Бул мындайча болду:
2Ысман-Петир, Том-Эгиз, Галилеядагы Каана шаарынан чыккан Натанайыл, Зебедейдин уулдары жана Ыйсанын дагы эки шакирти бирге жүрүшкөн.

 

3— Балык кармаганы баратам, — деди Ысман-Петир аларга.

 

Алар:

 

— Биз да барабыз, — дешти да, сыртка чыгып, кайыкка түшүштү.

 

Бирок бул түнү алар эч нерсе кармай алышпады.

 

4Таң эрте Ыйса жээкте турган эле. Шакирттери болсо анын Ыйса экенин билишкен эмес.

 

5Ыйса аларга: — Эй, балдар, балыгыңар барбы? — деди.

 

— Жок! — деп жооп беришти шакирттери.

 

6— Торду кайыктын оң жагына салгыла, ошондо кармайсыңар, — деди Ыйса.

 

Алар торун таштап, түшкөн балыктын көптүгүнөн кайра тартып чыгара алышпады.

 

7Ошол кезде Ыйсанын жакшы көргөн шакирти: — Бул Эгебиз го, — деди Петирге.

 

«Бул Эгебиз!» дегенди укканда, сырт кийимсиз жүргөн Ысман-Петир көйнөгүн байлана калып, сууга секирди.
8Башка шакирттери болсо кайык менен жээкке жөнөштү, анткени алар жээктен алыс эмес, жаа атымдай[13]аралыкта жүрүшкөн. Ошентип алар балыкка толгон торду сүйрөтүп келишти.
9Жээкке чыкканда, чоктун үстүндөгү балык менен нанды көрүштү.

 

10Ыйса аларга: — Балыгыңардан алып келгиле! — деди.

 

11Ысман-Петир кайыкка барып, чоң балыкка толгон торду жээкке тартып чыгарды. Тордо жүз элүү үч чоң балык бар экен. Балык ушунча көп болсо да, тор жыртылбаптыр.

 

12Ыйса аларга: — Эми келип тамактангыла! — деди.

 

Шакирттеринин эч кимиси «сен кимсиң?» деп суроого батынышпады. Бул киши өздөрүнүн Эгеси экендигин алар билип калышкан.
13Ыйса басып келип, нанды алып, аларга берди. Балыктан да берди.
14Бул Ыйсанын өлүмдөн кайра тирилгенден берки шакирттерине үчүнчү жолу келүүсү эле.

 

Ыйсанын Петирге берген тапшырмасы

 

15Алар тамактанып алгандан кийин Ыйса Ысман-Петирден:

 

— Жакан уулу Ысман, буларга караганда Мени сен көбүрөөк сүйөсүңбү? — деп сурады.

 

— Ооба, Эгем, жакшы көргөнүмдү Өзүң деле билесиң, — деди Петир.

 

Ошондо Ыйса ага:

 

— Козуларымды бак! — деди.

 

16Ыйса андан экинчи ирет:

 

— Жакан уулу Ысман, сен Мени жакшы көрөсүңбү? — деп сурады.

 

Петир:

 

— Ооба, Эгем, жакшы көргөнүмдү Сен билесиң го, — деп жооп кайтарды.

 

Ыйса ага:

 

— Койлорумду кайтар! — деди.

 

17Ыйса үчүнчү жолу:

 

— Жакан уулу Ысман, сен Мени жакшы көрөсүңбү? — деп сурады.

 

«Сен Мени жакшы көрөсүңбү?» деп үчүнчү ирет сурагандыктан Петир капа болуп:

 

— Эгем, Сен баарын билесиң да, Сени жакшы көрөрүмдү да билесиң, — деди.

 

Ошондо Ыйса ага мындай деди:

 

— Койлорумду бак!
18Сага бир чындыкты айтып коёюн: жаш кезиңде кайда баргың келсе, өзүң чеччүсүң, карыганыңда колуңду сунуп бересиң, башка бирөө байлайт да, каалабаган жагыңа алып барат, — деди.

 

19(Ыйса бул сөздөрдү Петирдин кандайча өлүп, Кудайды улуулукка бөлөөрүн билдирүү үчүн айтты.) Ушундан кийин ага:

 

— Менин артыман түш! — деди.

 

Ыйса жана Анын жакшы көргөн шакирти

 

20Петир артын карап, Ыйсанын өзгөчө жакшы көргөн шакиртинин ээрчип келатканын көрдү, ал дасторкон башында Ыйсанын жанында жамбаштап жатып: «Эгем, Сени сатып кетчү ким?» — деп сураган шакирт эле.

 

21Петир ошол шакиртти көргөндө: — Эгем, а булчу? — деди.

 

22Ыйса:

 

— Кааласам, Мен кайтып келгенче ал ушул жерде болот, аны менен сенин ишиң эмне? Сен болсо Менин артыман түш! — деп жооп берди.

 

23Мындан кийин Ыйсага ишенгендердин арасында «бул шакирт өлбөйт» деген сөз тарап кетти. Бирок Ыйса Петирге «өлбөйт» деген эмес, «кааласам Мен кайтып келгенче ал ушул жерде болот, аны менен сенин ишиң эмне?» деген эле.

 

24Ушунун баарына күбө болуп, жазып алган ошол шакирт.[14]Биз анын жазгандары чындык экенин билебиз.

 

25Ыйса жасаган дагы башка көп нерселер бар. Алардын баарын бир-бирден жазып чыга турган болсо, анда жазылган китептер, менимче, бул дүйнөгө сыйбай кетмек.

 

 

 

Элчилердин Иштери

1

 

Ыйса убада кылган Ыйык Рух

 

1-2Ыйса асманга көтөрүлгөн күнгө чейинки убакытта Өзү тандап алган элчилерине Ыйык Рухтун колдоосу менен берген жол-жоболорунун, кылган иштеринин жана таалиминин баарын мен сизге, улуу урматтуу Теопил, биринчи китебимде жазган элем.
3Ал азап чегип, өлгөндөн кийин кырк күн бою бир нече жолу элчилерине көрүнүп, тирүү экендигин ишеничтүү далилдер менен көрсөттү жана Кудай Падышачылыгы тууралуу айтып берди.

 

4Андан соң, алар менен бирге отурганда: — Иерусалимден кетпей, Атабыз убада кылган Ыйык Рухту күткүлө. Силер Ал жөнүндө Менден уккансыңар.
5Жакыя адамдарды сууга чөмүлдүргөн болчу, силер да бир нече убакыттан кийин Ыйык Рухка чөмүлөсүңөр, — деди.

 

6Элчилер Ыйсадан мындай деп сурашты:

 

— Эгебиз, Сенин Ысрайыл падышачылыгын кайра калыбына келтире турган убагың келип жеттиби?

 

7Ыйса аларга:

 

— Атабыз Өзүнүн бийлиги менен белгилеп койгон убакыт-саатты билүүнү силерге буйруган эмес.
8Бирок үстүңөргө Ыйык Рух түшкөндө, Анын кудуретине толосуңар жана Иерусалимде, Иудея менен Самариянын бардык жерлеринде, ал тургай, жер чегине чейин Мен жөнүндө адамдарга айтып бересиңер, — деп жооп берди.

 

Ыйсанын асманга көтөрүлүшү

 

9Ыйса жогорудагы сөздү айтып бүткөн соң, элчилеринин көз алдында көккө көтөрүлө баштады да, булуттун кучагына кирип кетти.
10Элчилер Анын көтөрүлүп бара жатканын карап турушканда, бет алдыларында күтүлбөгөн жерден ак кийимчен эки адам пайда болуп, мындай дешти:

 

11— Эй, галилеялыктар, эмнеге бул жерде асманды карап турасыңар? Бул — Ыйса, Аны Кудай силердин араңардан асманга алып кетти. Ал көз алдыңарда кандай көтөрүлүп кетсе, дал ошондой эле болуп кайра келет.

 

12Ушундан соң, элчилер Зайтун тоосунан Иерусалимге кайтып келишти. Зайтун тоосу Иерусалимден бир чакырымдай аралыкта жайгашкан.
13Шаарга кирип, алар өздөрү жайгашкан бөлмөгө барышты. Ал жерде Петир, Жакан, Жакып, Идрис, Филип, Том, Барталамей, Матай, Алпейдин уулу Жакып, Динчил Ысман, Жакыптын уулу Жүйүт олтурушкан эле.
14Баары тең Кудайга берилүү менен сыйынып жатышкан. Алардын арасында Ыйсанын энеси Мариям, бир туугандары жана Анын жолун жолдогон башка аялдар бар болчу.

 

Жүйүттүн ордун баскан киши

 

15Ошол күндөрдүн биринде, жүз жыйырмадай шакирт чогулуп олтурушкан жерде Петир ортого чыгып, мындай деди:

 

16— Боордоштор! Ыйык Рух аркылуу айтылган Дөөттүн сөзү жана Ыйык Жазууларда жазылгандай, Жүйүт тууралуу алдын ала айтылган пайгамбарчылык аткарылууга тийиш болчу.
17Жүйүт бизге кошулуп, кызматташ болууга тандалган эле.
18Бирок арам жол менен тапкан акчасына сатып алган жеринде оңкосунан сайылып, ичегиси чубалып өлдү.
19Мунун баары бүткүл иерусалимдиктерге билинип, ал жер алардын тилинде «Акелдама», башкача айтканда, «Кандуу жер» деп аталды.

 

 

20Себеби Забур китебинде дагы мындай деп жазылган: «Ылайым үйү ээн калсын,

 

Эч ким жашабай калсын!»

 

Дагы мындай деген жери бар:

 

«Анын ордун башка бирөө бассын!»

 

 

21-22Ошондуктан Жүйүттүн ордун бир киши ээлеш керек. Ал киши Эгебиз Ыйса арабызда болгон бардык күндөрү, башкача айтканда, Жакыя тарабынан сууга чөмүлдүрүлгөн кезинен тартып, асманга кеткенине чейин биз менен жүрүп, Анын кайра тирилгенине күбө болгон адам болууга тийиш.

 

23Ошентип, алар эки кишини: Барсап атка конгон Жусуп (анын башка аты — Жуст) жана Матыйды алдыга чыгарышты.
24Анан Кудайга сыйынышты: «Оо Эгебиз, Сен бардык адамдардын оюн билесиң.
25Элчилик кызматка ушул экөөнүн кайсынысын тандаганыңды көрсөтсөң экен. Анткени Жүйүт кетчү жагына кетти».

 

26Сыйынган соң, чүчү кулак кармашышты эле, Матыйдын энчисине тийди. Ошентип, Матый он бир элчинин катарына кошулду.

 

2

 

Ыйык Рухтун түшүшү

 

1Түшүм майрамы келгенде, шакирттердин баары бир жерге чогулушту.
2Аңгыча асмандан катуу шамал жүргөндөй гүүлдөгөн добуш угулуп, алар олтурган үйдү толтурду.
3Анан жалындын тилиндей болгон нерселер көрүндү. Алар бөлүнүп-бөлүнүп, ар бирине бирден конду.
4Ошондо баары тең Ыйык Рухка толуп, Анын бергенине жараша бөтөн тилдерде сүйлөй башташты.

 

5Ошол кезде бардык элдердин арасында жашап, Кудайды урматтаган иудейлер Иерусалимге төгөрөктүн төрт бурчунан келишкен.
6Алар бул добуш чыкканда, эмне болгонун билүү үчүн жүгүрүп келишип, ар кимиси шакирттердин анын өз тилинде сүйлөп жатканын угушуп, өтө таңыркашты.

 

7Баары тең айран-таң калышып, өз ара: — Бул сүйлөп жаткан адамдардын баары галилеялыктар эмеспи?
8Анан кантип алар ар бирибиздин эне тилибизде сүйлөп жатышат?
9Арабызда парфтыктар, мидиялыктар, эламдыктар, ошондой эле Месопотамияда, Иудеяда, Кападокияда, Понт менен Асияда,
10Фригияда, Памфилияда, Мисир менен Ливиянын Киринеяга караштуу жагында жашагандар, Римден келген
11иудейлер менен иудей динине киргендер, криттиктер менен арабдар бар эмеспи. Ошентсе да булардын Кудай кылган улуу иштер тууралуу биздин тилдерде айтканын угуп жатабыз, — дешти.

 

12Ошентип, баары таң калышып, бири бирине: «Ой тобо, бул эмнеси, ыя?» — дешти.

 

13Бирок алардын арасында: «Шарапка тоюп алышкан тура!» — деп шылдыңдашкандар да болду.

 

Петирдин эл алдында сүйлөгөн сөзү

 

14Ошондо Петир он бир элчи менен бирге ортого чыкты да, үнүн бийик чыгарып, мындай деди:

 

— Иудей боордошторум! Жалпы Иерусалим тургундары! Сөзүмдү кунт коюп угуп, билип алгыла:
15булар силер ойлогондой мас эмес! Анткени азыр эле таң атып, саат араң тогуз болбодубу.
16Бирок бүгүнкү көргөнүңөр Жайыл пайгамбар алдын ала айткан сөздүн аткарылышы. Ал мындай деген:

 

 

17«Кудай айтат мындай деп:

 

Ошол соңку күндөрдө

 

Бүт адамзат үстүнө

 

Төгөм Ыйык Рухумду.

 

Ошондо уул-кыздарың

 

Кудай Сөзүн айтышат.

 

Аян көрүп жаштарың,

 

Карыларың түш көрөт.

 

18Ошол соңку күндөрдө

 

Кул-күңдөрүм үстүнө

 

Рухум төгөм. Алар да

 

Кудай Сөзүн айтышат.

 

19Жогоруда асмандан

 

Кереметтер көрсөтөм.

 

Төмөндөгү жерден да

 

Канды жана отту Мен,

 

Уюлгуган түтүндү

 

Жышаан кылып көргөзөм.

 

20Эгебиздин сот күнү —

 

Улуу жана даңктуу күн[1]

 

Келеринин алдында

 

Күндүн бети караят,

 

Айдын жүзү канталайт.

 

21Эгебиздин ысымын

 

Чакыргандын ар бири

 

Куткарылат ошондо».

 

 

22Ысрайылдыктар, кулак салып, угуп алгыла! Кудай Өзүнүн кудуреттүү жана ажайып жышаандары менен коштоп, силерге назареттик Ыйсаны дайындап, Өзү жибергенин көрсөттү. Араңарда болуп өткөн ошол окуяларды өзүңөр да билесиңер.
23Аны Кудай Өзүнүн алдын ала көрөгөчтүгү жана түзгөн максаты боюнча силердин колуңарга тапшырды. Силер болсо күнөөкөр адамдардын колу менен жыгачка мыктап, өлтүрдүңөр.
24Бирок Кудай Аны өлүмдүн чеңгелинен бошотуп, кайра тирилтип алды. Себеби Аны өз колунда кармап турууга өлүмдүн кудурети жеткен жок.

 

 

25Дөөт пайгамбар Ал тууралуу мындай деген: «Эгем дайым көз алдымда, оң жагымда,

 

Мен эч качан жыгылбаймын ошондуктан.

 

26Толуп-ташат жүрөгүм кубанычтан,

 

Тилим безеп, даңктагандан тажабайм,

 

Денем дагы үмүт менен өмүр сүрөт.

 

27О дүйнөдө мени эч качан калтырбайсың,

 

Ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң.

 

28Сен өмүрдүн жолун мага ачып бердиң,

 

Сен менин кубанычка бөлөөрүмсүң».

 

 

29Боордоштор! Сөздүн ачыгын айтканга уруксат эткиле: түп атабыз Дөөт өлгөн жана көргө коюлган. Анын бейити бүгүнкү күнгө чейин сакталып турат.
30Ал өзү пайгамбар болгондуктан, Кудай ага берген убадасы боюнча анын тукумунан чыккан бирөөнү Машаяк катары тактыга олтургузарын билген.

 

31Ал Машаяктын кайра тирилишин алдын ала көргөн. Ошондуктан Анын о дүйнөдө калбастыгын, денесинин чирибестигин айткан.
32Мына ошол Ыйсаны Кудай кайра тирилтти, буга баарыбыз күбөбүз.

 

33Ошентип, Ыйса Кудайдын кудурети менен көккө көтөрүлдү да, азыр өзүңөр угуп, көрүп тургандай, Атасы убада кылган Ыйык Рухту кабыл алып, бизге төгүп жиберди.

 

 

34Дөөт болсо көккө көтөрүлгөн эмес. Бирок мындай деген: «Жараткан Эгем Эгеме деди мындай:

 

35Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча,

 

Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда».

 

 

36Ошондуктан, бүткүл Ысрайыл эли, жакшылап билип ал: силер жыгачка кадап салган ошол Ыйсаны Кудай биздин Эгебиз жана Куткаруучу Машаягыбыз кылды.

 

37Бул сөздөр уккандардын жүрөгүнө катуу тийди. Алар Петирден жана анын жанындагы элчилерден:

 

— Боордоштор, биз эмне кылалы? — деп сурашты.

 

38Петир аларга:

 

— Ар бириңер ниетиңерди өзгөрткүлө да, күнөөлөрүңөрдүн кечирилиши үчүн Ыйса Машаяктын атынан сууга чөмүлүү расмисинен өткүлө. Ошондо Ыйык Рухтун белегин аласыңар.
39Анткени Кудай Эгебиздин Ыйык Рухту берем деген убадасы силерге, силердин балдарыңарга жана Кудай чакырган башка адамдардын баарына берилген, — деди.

 

40Петир аларга башка дагы көптөгөн сөздөрдү айтып:

 

— Бул бузулган муундан өзүңөрдү сактагыла! — деп эскертти.

 

41Ошентип, анын сөзүн чын жүрөктөн кабыл алгандар сууга чөмүлүштү. Ошол күнү үч миңдей адам аларга кошулду.
42Баары тең элчилердин окуусун кабыл алышып, бири бири менен тыгыз мамиледе болушуп, чогуу нан сындыруу расмисин өткөрүп, бирге сыйынып жүрүштү.

 

Ыйсага ишенгендердин жашоосу

 

43Элдин баарын Кудайдан коркуу сезими бийледи. Анткени элчилердин колдору менен Иерусалимде көптөгөн ажайыптар, кереметтүү жышаандар көрсөтүлүп жатты.
44Ыйсага ишенгендердин баары чогуу жүрүшүп, чарбасы да бир болду.
45Колдо болгонун сатышып, ар кимисинин муктаждыгына карап, бөлүп беришти.
46Ар күнү ийбадатканада чогуу табынышып, бири бирин конокко чакырышып, өз ара жөнөкөй жана кубанычтуу боордоштук мамиледе болушту.
47Дайыма Кудайды мактап, бүтүндөй элдин сүймөнчүлүгүнө айланышты. Эгебиз болсо куткарыла тургандарды ар күнү жыйынга кошуп жатты.

 

3

 

Тубаса аксак кишинин айыгышы

 

1Ошол күндөрдүн биринде, сыйынуу убагы келгенде, тактап айтканда, күндүзгү саат үчтөрдө Петир менен Жакан ийбадатканага барышты.
2Ал жерде тубаса аксак киши бар эле. Бул кишини ийбадатканага кирип жаткандардан кайыр суратып, ар күнү ийбадаткананын «Кооз Дарбаза» деген дарбазасынын жанына көтөрүп келип, олтургузуп коюшчу.
3Ал ийбадатканага кирип бараткан Петир менен Жаканды көрүп, алардан да кайыр сурады.

 

4Петир менен Жакан анын көзүнө кадала тиктеп: — Бери кара! — дешти.

 

5Ал киши бир нерсе үмүт этип, жалдырап тиктеп турду.

 

6Петир ага:

 

— Менде алтын менен күмүш жок. Бирок колумдан келгенин берейин: назареттик Ыйса Машаяктын атынан сага айтам, тур да басып кет! — деди.

 

7— Анан оң колунан кармап, ордунан тургузду. Ошол замат анын бутуна кубат кирип,
8ордунан ыргып турду да басып кетти. Кубанганынан Кудайды мактап так секирип, алар менен бирге ийбадатканага кирди.
9Ошондо элдин баары анын Кудайды мактап, басып жүргөнүн көрүп,
10Кооз Дарбазанын алдында кайыр сурап олтурган адам экенин таанып, ал башынан өткөргөн окуяга аң-таң болушту.

 

Петирдин кайрылуу сөзү

 

11Сакайган киши Петир менен Жакандын жанынан кетпегенинен улам, элдин баары таңданышып, алардын жанына — Сулаймандын бастырмасы аталган жайга чогулуп калышты.

 

12Муну көргөн Петир элге кайрылып мындай деди: — Урматтуу, агайындар! Биз бул ишти өз күчүбүз же ыйык кудуретибиз менен жасап салгансып, эмне үчүн буга мынча таң калып карап турасыңар?
13Биздин аталарыбыз Ыбрайым, Ыскак, Жакыптардын Кудайы Өз кулу Ыйсаны улуулукка бөлөдү. Аны силер бийлик башындагыларга кармап бердиңер. Бошотмокчу болгон Пилатка каршылык кылып, Андан баш тарттыңар.
14Силер ыйык жана адилет Инсанды четке кагып, Анын ордуна канкорду бошотуп бер деп сурандыңар.
15Ал эми өмүрдүн Ээси болгон Ыйсаны өлтүрүп салдыңар! Бирок Кудай Аны кайра тирилтти, буга жалпыбыз күбөбүз.
16Ыйсага болгон ишенимдин урматына силер көрүп, билип жүргөн мына бул кишиге Кудай кубат берди да, ал берген ишеним баарыңардын көз алдыңарда муну айыктырды.
17Туугандар, силер да башчыларыңар сыяктуу эле муну түшүнбөстүктөн улам жасаганыңарды билем.
18Ал эми Кудай Өзүнүн бардык пайгамбарлары аркылуу Машаяк азап тартат деп алдын ала айтканын ушундайча аткарды.
19Андыктан адашкан жолуңардан кайтып, күнөөңөрдүн кечирилиши үчүн ниетиңерди өзгөрткүлө.
20Ошондо Эгебиз жан дүйнөңөргө жаңылануу берип, силерге алдын ала дайындаган Машаягы — Ыйсаны жиберет.
21Кудайдын абалтадан эле Өз пайгамбарлары аркылуу айткан бардык убадалары толук орундала турган кезге чейин Ал асманда болууга тийиш.
22Муса пайгамбар биздин аталарыбызга мындай деген: «Кудай Эгеңер боордошторуңардын арасынан мен сыяктуу бир пайгамбарды чыгарат. Ал силерге эмне айтса, баарын уккула.
23Эгерде кимде-ким ошол пайгамбарга дилин бурбаса, ал Кудайдын элинен чыгарылып, жок кылынат».
24Шамил пайгамбардан баштап, андан кийин бардык пайгамбарлар да ушул күндөрдө болуп жаткан окуялар жөнүндө алдын ала айтып кетишкен.
25Силер ошол пайгамбарлардын урпактарысыңар жана Кудайдын ата-бабаңар менен түзгөн келишиминин мураскорусуңар. Кудай Ыбрайымга: «Сенин урпагың аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдерге батам тиет!»— деп, аны менен келишим түзгөн.
26Ошондуктан ар бириңерди ыймансыз жолуңардан кайтарып, батасын берүү үчүн Кудай Өз кулу Ыйсаны дайындап, Аны эң алгач силерге жиберди.

 

4

 

Эки элчинин түрмөгө камалышы

 

1Петир менен Жакан элге сүйлөп жаткан маалда, динкызматчылар, ийбадаткананын кароол башчысы жана садукейлер басып келишти.
2Алар бул экөөнүн элди окутканына жана Ыйсаны мисал кылып, кайра тирилүү жөнүндө айтып жатканына абдан нааразы болушту.
3Ошондуктан аларды кармап, кеч кирип калгандыктан, таң атканга чейин кайтарып турсун деп, сакчылардын колуна өткөрүп беришти.
4Уккандардын көбү, беш миңге жакын адам Петир менен Жакандын сөзүнө ишеништи.

 

Элчилердин күбө сөзү

 

5Эртеси иудей башчылары, эл башчылары жана дин мугалимдери Иерусалимге чогулушту.
6Башкы динкызматчы Анас менен Каяп, Жакан, Искендер жана башка жогорку динкызматчылардын уруусунан чыккан көптөгөн адамдар топтолушту.

 

7Алар эки элчини тегеректешип: — Силер бул кишини кандай күч менен, кимдин кудурети менен айыктырдыңар? — деп сурашты.

 

8Ыйык Рухка толуп турган Петир аларга мындайча жооп берди:

 

— Урматтуу эл башчылары! Кадырман аксакалдар!
9Эгер бүгүн бир алсыз пендеге кылынган жакшылык жайында жана анын кандайча айыкканы туурасында бизден жооп талап кылып жаткан болсоңуздар,
10анда баарыңыздарга — бүткүл Ысрайыл элине маалым болсун: сиздер жыгачка кадап өлтүргөн жана Кудай кайрадан тирилтип алган назареттик Ыйса Машаяктын кудурети менен бул адам айыгып, алдыңыздарда турат.

 

 

11Ыйык Жазууларда мындай деген сөз бар: «Куруучулар, бул сиздер

 

Таштап салган таш эле,

 

Пайдубалдын негизи

 

Болуп калды ал эми».

 

 

Ыйса ошол таштын өзү!
12Ыйсадан башка эч ким бизди куткара албайт, анткени асман алдында бизди куткаруу үчүн жиберилген Андан башка эч ким жок.

 

Элчилердин бошотулушу

 

13Петир менен Жакандын атайын билими жок, карапайым адамдар экенин билген эл алардын кайраттуулугун көрүп, таң калышты. Ошондой эле алардын Ыйса менен бирге жүргөнүн эстешти.
14Ал эми алардын жанындагы айыккан кишини көрүп, каршы эч нерсе дей алышпады.
15Аларга жогорку кеңештен чыгууну буйрушуп, өз ара мындай деп кеңешишти:

 

16— Буларды эмне кылалы? Анткени Иерусалимде жашагандардын баарына булардын анык таң каларлык бир иш жасаганы маалым! Биз муну тана албайбыз.
17Бирок бул иш эл арасына дагы кеңири жайылып кетпес үчүн аларга: «Ыйса дегениңерди эч кимге айтпагыла!» деп коркутуп, тыюу салалы, — дешти.

 

18Анан элчилерди чакырышып:

 

— Мындан ары Ыйсанын атын атап, ал жөнүндө эч нерсе айтпагыла да, окутпагыла! — деп буйрук беришти.

 

19Бирок Петир менен Жакан аларга мындай дешти:

 

— Өзүңөр деле ойлоп көргүлөчү: Кудай алдында Аны укпай, силерди угуу туура болобу?
20Биз уккан-көргөнүбүздү айтпай коё албайбыз.

 

21Жогорку кеңештегилер шал болгон адамдын айыкканынан улам Кудайды даңктап жаткан элден айбыгып, анын үстүнө жазалаганга себеп таба алышпагандыктан ызырынышып, колдорун кезеп коркутуп, аларды коё беришти.
22Бул кереметтүү жышаанды башынан өткөрүп, айыгып кеткен кишинин курагы кырктан ашып калган эле.

 

Жыйындын сыйынуусу

 

23Бошонгон соң, Петир менен Жакан өз адамдарына келишти. Аларга жогорку динкызматчылар менен эл башчыларынын айткандарын айтышты.

 

24Муну уккандар бир добуштан Кудайга кайрылып, сыйынышты: — Ааламдын Эгеси, асман-жердин, деңиздин жана алардагы бардык нерселердин жаратуучусу болгон Кудай!

 

 

25Сен биздин атабыз болгон Өз кулуң Дөөт аркылуу Ыйык Рух менен мындай дедиң эле: «Болбогон ойду ойлошуп

 

Неге каршы чыгышат?

 

26Падышалар жердеги

 

Көөдөндөрүн көтөрүп,

 

Чогулуп алып төрөлөр,

 

Эгебизге ат коюп,

 

Анын Машаягына

 

Неге каршы чыгышат».

 

 

27Чындап эле бул шаарда Ирод менен Понтий Пилат, иудей эместер жана ысрайылдыктар Өзүң падыша шайлаган касиеттүү кулуң, Ыйсага каршы чыгышты.
28Ооба, мындай болору Сенин абалтан эле алдын ала белгилеп койгон эркиңдин жана максатыңдын аткарылышы.
29Оо, Эгебиз, эми болсо алардын коркутууларына назар салып, кулдарыңдын эр жүрөктүк менен Сенин сөзүңдү сүйлөөсүнө жардам бер.
30Касиеттүү кулуң Ыйсанын аты менен оорулууларды сакайтып, кереметтүү иштерди жасап, кудуретиңди көрсөтө көр.

 

31Ошондо алардын сыйынуусунан кийин алар чогулган жай солкулдап, баары Ыйык Рухка толушуп, Кудайдын сөзүн тайманбастык менен айта башташты.

 

Алгачкы жыйындагы турмуш

 

32Ишенгендер жыйыны бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, ынтымактуу жашашты. Эч кимиси колундагысын меники дебей, баарын ортого салышты.
33Элчилер болсо Эгебиз Ыйсанын кайра тирилишине күбө болушканын чоң жигер менен айтып жүрүштү. Ошентип, алардын арасына Кудайдын кут-берекеси төгүлүп турду.
34Муктаж болгон адам болбоду. Анткени кимдин жери, үй-жайы болсо, сатып, түшкөн каражатты ортого алып келип,
35элчилердин колуна тапшырып жатышты. Элчилер болсо ар кимдин муктаждыгына жараша бөлүштүрүп турушту.
36Мисалы, Леби уруусунан чыккан Жусуп аттуу бир кипрлик киши бар болчу. Аны элчилер Барнап (мааниси Колдоочунун уулу) дешчү.
37Анын да менчик жери бар болчу. Ал жерин сатып, түшкөн акчасын алып келип, элчилерге берди.

 

5

 

Ыйык Рухка калп айтуунун жазасы

 

1Ошол жерде Анания аттуу бир киши бар эле. Ал аялы Сабира экөө жерин сатып,
2түшкөн акчанын бир бөлүгүн аялынын макулдугу менен жашырып коюп, калганын элчилердин алдына алып келди.

 

3Петир ага айтты: — Эй, Анания! Эмне үчүн ниетиңди шайтанга бийлетип, Ыйык Рухка калп айттың? Эмне үчүн жерден түшкөн акчадан кытып алдың?
4Жер да, саткандан кийинки түшкөн акча да сеники эмес беле? Эмне үчүн минтип, ниетиңди буздуң? Сен адамдарга эмес, Кудайга калп айттың!

 

5Анания бул сөздөрдү угар замат жерге кулап, жан берди. Бул окуяны көрүп билгендерди катуу коркунуч басты.
6Бир нече жигит ордунан туруп, аны кепиндешти да, тышка алып чыгып, көмүп салышты.
7Мындан үч сааттай өткөндө, болгон окуядан бейкапар Ананиянын аялы келип калды.

 

8Петир андан: — Айтчы, жерди ушунча акчага саттыңар беле? — деп сурады.

 

Аял:

 

— Ооба, ушунча акчага, — деп жооп берди.

 

9Ошондо Петир ага айтты:

 

— Силер кантип Эгебиздин Рухун сыноого батындыңар? Тигине, эриңди көмгөндөр эшиктен кирип келе жатышат. Эми сени да алып кетишет.

 

10Ошол замат аял Петирдин алдына кулап түштү да, жан берди. Алиги кирип келген жигиттер анын өлгөнүн көрүштү да, тышка алып чыгышып, күйөөсүнүн жанына көмүштү.
11Бүтүндөй жыйынды жана муну уккандардын баарын Кудайдын улуу коркунучу басты.

 

Элчилердин кызматы

 

12Эл арасында элчилер тарабынан көп кереметтер менен укмуштар жасалып жатты. Ишенгендер ийбадатканадагы Сулаймандын бастырмасында дайыма чогулуп турушту.
13Элдин баары аларга ыраазы болуп сүйлөп жатышса да, арасынан эч кимиси алардын катарына кошулууга батынбады.
14Эгебизге ишенгендердин саны болсо улам өсө берди. Алардын арасында көптөгөн эркектер жана аялдар бар эле.
15Элчилердин иштеринен улам, эл кур дегенде өтүп бара жаткан Петирдин көлөкөсү оорулуулардын кээ бирине болсо да тийсин деп, аларды төшөгү менен сыртка алып чыгып жатышты.
16Көптөгөн адамдар Иерусалимге шаардын чет жакасынан келип турду. Алар оорулууларын, кара күчтөргө байлангандарын көтөрүп келишти. Баары оорусунан айыгып жатышты.

 

Элчилердин куугунтукка алынышы

 

17Ал эми башкы динкызматчы менен садукей тобуна кирген адамдар муну көрө албай ызырынышты.
18Алар элчилерди кармап, абакка камашты.
19Бирок түндө Эгебиздин периштеси келип, эшиктерди ачып жиберди да, аларды сыртка алып чыгып, мындай деди:

 

20— Ийбадатканага баргыла да, бул чыныгы өмүрдүн сөздөрүн элге төкпөй-чачпай айтып бергиле!

 

21Периштени угуп, элчилер таң эрте ийбадаткананын короосуна кирип, таалим беришти. Ошол арада башкы динкызматчы менен анын шериктери келишип, эл башчыларынын баарын жогорку кеңешке чакырышты. Элчилерди түрмөдөн алдыруу үчүн киши жөнөтүштү.
22Бирок кызматкерлер барып, түрмөдөн аларды таппай, кайтып келишти.

 

23— Биз түрмөнүн эшиктери бекем жабылып, дарбазаларынын жанында сакчылар турганын көрдүк. Бирок ачып караганыбызда, ичинен эч кимди таппадык, — дешти алар.

 

24Жогорку динкызматчылар жана ийбадаткананын кароол башчысы муну угушканда, таң калышып, түшүнө албай баштары катты.

 

25Ошол кезде бир киши келип: — Силер түрмөгө олтургузган адамдар ийбадаткананын короосунда элге таалим берип жатышат, — деп кабарлады.

 

26Ошондо кароол башчысы кызматкерлери менен бирге барып, элчилерди алып келди. Бирок эл таш бараңга алып жибербесин деп коркушкан алар элчилерге кол көтөрө алышкан жок.
27Аларды жогорку кеңештин алдына чыгарышты. Ошондо башкы динкызматчы аларга мындай собол узатты:

 

28— Силерге жанагы адамдын атынан элди окутпагыла деп эскертпедик беле? Силер болсо бул окууңарды бүт Иерусалимге жайып жибердиңер да, бизди анын канына забын кылганы турасыңар.

 

29Петир менен анын жанындагы элчилер мындай жооп беришти:

 

— Адамдардан көрө, Кудайга баш ийиш керек.
30Биздин ата-бабаларыбыздын Кудайы силер жыгачка асып өлтүргөн Ыйсаны кайра тирилтти.
31Ысрайыл эли ниетин өзгөртүп, күнөөлөрү кечирилсин деп, кудуреттүү Кудай Аны Башчы жана Куткаруучу кылды.
32Буга биз да, Кудай Өзүнө баш ийгендерге берген Ыйык Рух да күбө.

 

Дин мугалими Гамалиелдин сөзү

 

33Муну укканда, тигилер катуу жаалданып, аларды өлтүргүлөрү келди.

 

34Жогорку кеңештин ичинде фарисейлер тобуна кирген, эл сыйлаган Гамалиел аттуу дин мугалими бар эле. Ал ордунан турду да, элчилерди бир аз убакытка сыртка алып чыгууну буйруду. Аларды алып чыгып кетишкен соң, мындай деди:

 

35— Урматтуу агайын-туугандар! Бул адамдарга чара көрүүдөн мурда жакшылап ойлонгула.
36Анткени жакында эле Теда деген бир киши өзүн кайсы бир улуу инсанмын деп чыккан болчу. Ага төрт жүздөй киши кошулду. Бирок ал өлтүрүлдү эле, аны ээрчигендердин баары тарап, жок болушту.
37Андан соң, эл каттоо убагында галилеялык Жүйүт чыгып, көп адамдарды ээрчитип кетти. Бирок ал да өлтүрүлгөндөн кийин, аны ээрчигендердин баары тарап кетишти.
38Азыр да силер бул адамдарды өз жайына койгула. Анткени бул иш-аракет адамдан болсо, анда ал бузулат.
39А эгер Кудайдан болсо, анда силер буза албайсыңар! Абайлагыла, Кудай менен касташып жүрбөгүлө.

 

40Жогорку кеңештин мүчөлөрү анын тилин алышты. Алар элчилерди чакырып алып сабатып, Ыйсанын атын атап сүйлөөгө тыюу салып, коё беришти.
41Элчилер болсо Эгеси Ыйса үчүн ушундай кордук тартууга татыктуу болушканына кубанып, жогорку кеңештен чыгып кетишти.
42Алар күндө ийбадатканада, үйлөрдө адамдарга таалим беришип, Ыйса Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды таратууну токтотушпады.

 

6

 

Атайын кызматка дайындалган жети киши

 

1Шакирттердин катары көбөйгөн ушул күндөрдө грек тилдүүлөр алардын арасындагы жесирлер күндөлүк тамак-ашты бөлүштүрүүдө эврей тилдүүлөрдүн арасындагы жесирлерден кем алып жүрүшүптүр деп нааразы болушту.

 

2Ошондо элчилер шакирттердин баарын чакырып алып, мындай дешти: — Кудайдын кабарын таратууну таштап, тамак-аш менен алек болгонубуз жакшы болбос.
3Ошондуктан, боордоштор, араңардан ишеничтүү, Ыйык Рухка толгон жети акылман кишини тандагыла, бул кызматка ошолорду дайындайлы.
4Биз болсок убактыбызды сыйынууга, Жакшы Кабар таратканга жумшайлы.

 

5Бул сунуш жыйынга жакты. Алар ишеними күчтүү жана Ыйык Рухка толгон адамдар — Степанды, ошондой эле Филипти, Прохорду, Никанорду, Тимонду, Парменди жана эврей улутунан эмес антахиялык Николаны тандашты.
6Ушул жети кишини элчилердин алдына алып келишти. Элчилер Кудайга сыйынышып, колдорун жайып, аларга бата тилешти.

 

7Кудайдын сөзү улам кеңири тарап, шакирттердин саны Иерусалимде абдан көбөйдү. Дин кызматчылардын арасынан да көп адамдар Ыйсага ишенгендерге кошулушту.

 

Степандын кармалышы

 

8Ишеними күчтүү жана Кудайдын кудуретине толгон Степан эл арасында улуу укмуштар менен кереметтерди жаратып жатты.
9Бирок бир күнү «эркин адамдардын синагогасы» аталган синагогадан кайсы бир адамдар Степан менен талаша кетишти. Алар Киренея менен Александрия шаарларынан жана Киликия менен Асия дубандарынан келишкен иудейлер эле.
10Бирок Ыйык Рухтун жетегинде акылмандуулук менен сүйлөгөн Степандын сөздөрүнө каршы тура алышпады.
11Ошондуктан кайсы бир адамдарды тымызын табышып: «Биз мунун Муса пайгамбарга каршы сүйлөп, Кудайга акарат келтиргенин уктук» деп аларды тукуруп коюшту.
12Ошентип, элди, эл башчыларын жана дин мугалимдерин Степанга каршы чыгарып, аны кармашты да, жогорку кеңешке алып келишти.
13Жалган күбөлөрдү жалдап, аларга мындай деп айттыртышты: «Бул киши касиеттүү жайыбыз ийбадаткананы жана Муса пайгамбардын мыйзамын дайыма жамандап жүрөт.
14Биз анын "назареттик Ыйса бул ийбадаткананы талкалап, Муса пайгамбардын бизге калтырган үрп-адаттарын өзгөртөт" деп айтканын уктук».

 

15Ушул жерден жогорку кеңеште олтургандардын баары Степанга кадала карап калышты, анткени анын жүзү периштеникиндей жаркырап, нурданып турган эле.

 

7

 

Степандын жогорку кеңеш алдындагы сөзү

 

1Башкы динкызматчы Степандан:

 

— Айтылган сөздөр ыраспы? — деп сурады.

 

2Степан мындай деди:

 

— Кымбаттуу боордоштор жана кадырман аталар! Атабыз Ыбрайым Харан шаарына көчөрдөн мурда улуу Кудай Месопотамия жеринен ага көрүнгөн болчу.
3Ал ага: «Өз жериңден, туугандарыңдан, атаңдын үйүнөн чык да, Мен көрсөтө турган жерге жөнө!»— деген.
4Ошондо ал каздийлердин жеринен чыгып, Харанда жашаган эле. Атасы өлгөн соң, Кудай Ыбрайымды ал жерден азыр сиздер жашап жаткан жерге көчүргөн.
5Кудай ага бул жерден бир карыш да мураска бербеди. Бирок анын баласы жок болсо деле убада кылып, бул жерди ага, анын укум-тукумуна берем деди.
6Анын тукумдары бөтөн эл, бөтөн жерде көчүп-конуп, төрт жүз жылдай кул болуп, кысымга алынарын айтты.
7«Бирок Мен, — деди Кудай, — аларды кул кылган элди жазалайм. Андан кийин алар ушул жерге келип, Мага табынышат».
8Кудай атабыз Ыбрайымга Өзү менен түзгөн келишимдин белгиси катары сүннөткө олтургузуу расмисин берди. Кийин ал Ыскак аттуу бала көрүп, аны сегизинчи күнү сүннөткө олтургузду. Андан кийин Ыскак уулу Жакыпты сүннөткө олтургузду. Жакып болсо он эки уулун сүннөткө олтургузду. Жакыптын балдарынан Ысрайыл элинин он эки уруусу келип чыккан.

 

9Жакыптын балдары бир тууганы Жусупту көрө алышпай, Мисирге сатып жиберишти. Бирок Кудай Жусупту колдоду.
10Ал Жусупту бардык күйүтүнөн арылтып, өзгөчө акылмандык берип, Мисир падышасы — фараондун жүрөгүн жибитип, ага ырайым кылдырды. Фараон аны мүлдө Мисир элине жана хан сарайына башчы кылып дайындады.
11Ошол кезде катуу ачарчылык болуп, Мисир жерин да, Канаан жерин да жабыркатты. Биздин аталарыбыз жегенге азык таба албай калышты.
12Жакып болсо Мисирде эгин бар экенин угуп, балдарын ошол жакка жиберди. Бул алардын Мисирге биринчи жолку сапары болчу.
13Ал эми экинчи жолу келишкенде, Жусуптун ким экенин билинип, алар жөнүндө фараонго белгилүү болду.
14Анан аларды Канаанга жиберип, атасын, бүт туугандарын Мисирге алдыртты. Атасы менен жетимиш беш киши келди.
15Жакып Мисирге келип, ошол жерден о дүйнө кетти. Биздин түп аталарыбыз болгон анын он эки баласы да ошол жакта көз жумушту.
16Алардын сөөктөрү Шехемге алынып келинип, атабыз Ыбрайым шехемдик Омордун балдарынан сатып алган жердеги көрүстөнгө коюлду.

 

17Кудай Ыбрайымга ант берип, убада кылган убакыт келгенче, Ысрайыл калкы Мисирде өсүп-өнө берди.
18Кийин Жусупту тааныбаган башка бир киши падыша болду.
19Бул падыша биздин элибизге каршы чыгып, аталарыбызды кысмакка алып, жаңы төрөлгөн эркек балдарды өлтүрүүнү буйруду.
20Ошол убакта Муса төрөлүп, үч ай бою өз үйүндө багылды. Ал өзгөчө сүйкүмдүү бала эле.
21Аны ата-энеси аргасыздан таштап кетишкенде, фараондун кызы таап алып, өз баласындай кам көрүп, үйүндө чоңойтту.
22Ошентип Мусага Мисир жеринин бардык илим-билимин үйрөтүштү. Муса сөзү менен да, иши менен да күчтүү чыкты.

 

23Ал кыркка чыкканда, бир туугандарын көрүп келейин деп чечти.
24Келип, боордошторунун бирине мисирлик бирөө зордук көрсөтүп жатканын көрдү да, кордук тартканга болуша кетип, мисирликти өлтүрүп алды.
25Муса Кудай мен аркылуу боордошторумду куткарып жатканын алар түшүнөт го деп ойлогон. Бирок алар түшүнүшпөдү.
26Эртеси эки ысрайылдыктын мушташып жатканын көрүп, алардын жанына басып келди да, жараштырайын деген тилекте мындай деди: «Эй, силер боордош болуп туруп, эмне үчүн бири бириңер менен мушташып жатасыңар?»
27Бирок алдуураагы Мусаны түртүп жиберип: «Ким сени бизге башчы же бий кылып шайлады эле?
28Кечээ мисирликти өлтүргөнүңдөй, мени да өлтүргүң келип турабы?»— деди.
29Бул сөздү укканда, Муса качууга аргасыз болду да, мадиандыктардын жеринде чет элдик катары жашап калды. Анын эки уулу ошол жерде төрөлдү.

 

30Ал жакта кырк жыл жашагандан кийин, Синай тоосунун этегиндеги чөлдө, күйүп жаткан тикенектүү бадалдын жалынынан ага бир периште көрүндү.
31Бул көрүнүшкө Муса абдан таң калып, жакшылап карайын деген ой менен жакындап басып келгенде, ага Эгебиздин үнү угулду. Ал мындай деди:
32«Мен сенин ата-бабаларың: Ыбрайым, Ыскак жана Жакыптын Кудайымын». Муса болсо коркунучтан денеси калтырап, тик кароого даай албады.
33Эгебиз ага дагы мындай деди: «Бутуңду чеч! Анткени сен турган жер — ыйык жер.
34Мен Өз элимдин Мисирде кор болгонун көрүп, онтогонун угуп жатам. Ошондуктан аны куткарып алуу үчүн көктөн түштүм. Эми бар, Мен сени Мисирге кайра жиберем».

 

35«Ким сени башчы же бий кылып шайлады эле?»деп боордоштору четке каккан Муса ушул эле. Бирок Кудай аны тикенектүү бадалдан көрүнгөн периште аркылуу башчы жана кутказуучу кылып жөнөттү.
36Мисирде, Кызыл Деңизде жана чөлдө кырк жыл бою кереметтүү жышаандарды көрсөтүп, ысрайылдыктарды Мисирден алып чыккан киши ушул болчу.
37Ысрайылдыктарга: «Кудай боордошторуңардын арасынан мен сыяктуу бир пайгамбарды чыгарат»,— деген Муса ушул эле.
38Чөлдө биздин аталарыбыз менен бирге жүрүп, Синай тоосунда периштенин айткан кудуреттүү сөздөрүн кабыл алып, бизге жеткирген Муса ушул эле.
39Бирок ага биздин аталарыбыз моюн сунгусу келбей, аны таназарына албай, эси-дартын Мисирге бурушту.
40Ошондуктан Арунга:[2]«Бизди жетектей турган кудайларды жасап бер! Себеби бизди Мисирден алып чыккан жанагы Муса деген кишиге эмне болгонун билбейбиз!»дешти.
41Ошентип, алар букачардын сөлөкөтүн жасап алып, ошого курмандык чалып, колдорунан жаратылган нерсенин алдында ырдап-чордошту.

 

 

42Кудай болсо терс бурулуп, ай-жылдыздарга табынышкан аларды ошол бойдон калтырып кетти. Бул тууралуу пайгамбарлар китебинде мындай деп жазылган: «Эй, Ысрайыл эли!

 

Кырк жыл бою чөл кезип,

 

Курмандыгың чалганда,

 

Малыңарды сойгондо,

 

Мага беле ошолор?

 

43Чоң чатырын Молохтун,

 

Кудайыңар аталган

 

Райпандын жылдызын

 

Жүргөнсүңөр көтөрүп,

 

Өз колуңар жараткан

 

Сөлөкөткө табынып.

 

Ошондуктан Мен дагы

 

Бабылдын ары жагына

 

Сүрүп салам силерди».

 

 

44Кудай Мусага көрсөтүп, Анын айтканындай жасалган касиеттүү чатыр биздин аталарыбыздын колунда, чөлдө болчу.
45Кийин Кудай Канаанда жашаган элдерди кууп жиберип, аталарыбыз Нун уулу Жашыянын жетекчилиги менен алардын жерин ээлеп алган кезде, касиеттүү чатырды бул жерге апкелишти. Дөөттүн убагына чейин чатыр алар менен болду.
46Дөөт болсо Кудайга жаккан адам болчу. Ал «Кудай жашай турган, Анын эли сыйына турган жай таап берейин» деп, Эгебиздин Өзүнөн уруксат сурады.
47Бирок Кудайга ийбадаткананы Сулайман курду.
48Анткен менен Кудай Таала адам колунан жасалган ийбадатканаларда жашабайт. Бир пайгамбар айткандай, Эгебиз:

 

 

49«Отурар тагым Менин — көк асманың,

 

Жериң да — бутум коёр таканчыгым.

 

Кандай үй курасыңар силер Мага?

 

Эс алчу кандай жайды тургузасың?

 

50Жараткан мунун баарын Мен эмеспи?»— дейт.

 

 

51Эй, тоңмоюндар! Кудайга чын жүрөктөн табынбагандар жана Ага кулак салбагандар! Силер Ыйык Рухка дайыма каршысыңар! Ата-бабаларыңар ушундай болушкан, силер да алардан калышпайсыңар!
52Ата-бабаларыңар куугунтуктабаган пайгамбар барбы деги? Алар Кудайдын адилеттүү Кызматчысынын келишин алдын ала айткандарды өлтүрүшкөн. Эми силер ошол Кызматчыны сатып, өлтүрдүңөр.
53Силер, ыйык мыйзамды периштелер кызмат кылып турганда кабыл алгандар, аны сактаган жоксуңар!

 

Степандын таш бараңга алынышы

 

54Муну угушканда, тигилердин кыжыры кайнап, тиштерин кычыратышты.
55Ыйык Рухка толуп турган Степан болсо асманга карап, Кудайдын улуулугун жана Анын оң жагында олтурган Ыйсаны көрдү.

 

56Ошондо ал: — Мына, мен асмандын ачылганын жана Кудайдын оң кол жагында олтурган Адам Уулун көрүп турам! — деди.

 

57Бирок алар кулактарын жаап алышып, жаны чыкканча кыйкырышып, Степанга жулунушту.
58Анан шаардын сыртына алып чыгып, таш бараңга ала башташты. Күбөлөр болсо кийимдерин чечип, Шабыл деген бир жигиттин алдына коюшту.

 

59Алар таш бараңга алып жатышканда, Степан: — Эгем Ыйса, жанымды кабыл эт, — деп сыйынды.

 

60Анан чөк түшө калып, катуу үн менен:

 

— Оо, Эгем! Аларды бул күнөөсү үчүн жазалай көрбө, — деди.

 

Ушуну айтып, Степан жан берди.

 

8

 

Шабылдын куугунтугу

 

1Шабыл болсо Степанды өлтүрүп жаткандарды жактап турду.

 

Ошол күндөрү Иерусалимдеги жыйын абдан чоң куугунтукка кабылды. Элчилерден башка ишенүүчүлөр чачырап, Иудея менен Самариянын ар кайсы жерине тарап кетишти.
2Степандын сөөгүн Кудайдан ыйбаа кылган адамдар жерге коюшуп, аны жоктоп ыйлап, катуу кайгыга батышты.
3Ал эми Шабыл болсо үймө-үй кыдырып, эркек-аял дебей зынданга салдырып, ишенүүчүлөр жыйынын кыйнады.

 

4Ошол арада ар жакка тараган Ыйсанын жолун жолдоочулар Кудайдын сөзүн жер-жерлерге таратып, Жакшы Кабарды жайып жүрүштү.

 

Филиптин Самариядагы кызматы

 

5Филип Самариядагы бир шаарга келип, ошол жерде Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды айта баштады.
6Филиптин жасаган кереметтерин уккан-көргөн элдин баары анын сөздөрүнө кунт коюп кулак салышты.
7Себеп дегенде, көптөгөн адамдардан аларды байлап турган кара күчтөр ач кыйкырык менен чыгып жатышты. Шал оорулуулар менен чолоктор болсо айыгып жатты.
8Ошондуктан Филип жүргөн шаардагы эл жыргап, кубанычка бөлөндү.

 

Сыйкырчы Ысман

 

9Ошол шаарда Ысман деген бир киши жүргөн. Ал Филип келерде өзүн бир улуу киши деп жарыялап, сыйкырчылык кылып, самариялыктардын оозун ачырып жаткан.
10-11Элдин баары: «Бул кишиде Кудайдын зор кудурети бар экен», — дешип чоң-кичине дебей аны угуп жүрүшкөн.
12Бирок Кудайдын Падышачылыгы жана Ыйса Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды таратып жүргөн Филипке ишенишкен соң, эркектери да, аялдары да сууга чөмүлүштү.
13Ысман сыйкырчынын өзү да ишенимге келди. Ал да сууга чөмүлүп, Филиптин артынан калбай ээрчип жүрдү. Болуп жаткан улуу укмуштар менен кереметтүү жышаандарды көргөн ал абдан таң калды.

 

14Иерусалимде калышкан элчилер самариялыктар Кудай сөзүн кабыл алганын угушуп, аларга Петир менен Жаканды жөнөтүштү.
15Алар келишип, самариялыктар Ыйык Рухту кабыл алышы үчүн сыйынышты.
16Анткени Ыйык Рух али алардын бирине да түшө элек эле. Алар Эгебиз Ыйсанын гана урматына сууга чөмүлүшкөн болчу.
17Ошондуктан элчилер колдорун алардын үстүнө коюп, батасын беришти жана алар Ыйык Рухту кабыл алышты.
18Ысман сыйкырчы болсо элчилер кол коюп сыйынганда Ыйык Рух берилип жатканын көрүп, аларга акча алып келип мындай деди:

 

19— Кол коюп сыйынган адамым Ыйык Рухту кабыл ала тургандай кылып, мага да силердикиндей кудурет бергилечи.

 

20Бирок Петир ага айтты:

 

— Эй, сен акчаң менен жерге кир! Кудайдын бекер берген белегин акчага алмаштыргың келдиби!
21Бул кызматка сенин эч кандай тиешең да, акың да жок, анткени Кудай алдында ниетиң бузук!
22Андыктан бул жаман ниетиңди өзгөрт да, Эгебизден кечирим сурап сыйын!
23Ач көздүк менен арамдыктын чеңгелинде калганыңды көрүп турам!

 

24Ысман болсо мындай деп жооп кайтарды:

 

— Айткан сөзүңөр мага тийбесин деп, мен үчүн Эгебизге сыйынып койгула!

 

25Элчилер болсо өздөрү күбө болгон Кудайдын кереметтерин айтышып, Эгебиздин сөзүн жар салышып, кайрадан Иерусалимге бет алышты. Жолду карата Самариянын көп айылдарында Жакшы Кабарды жарыялашты.

 

Эфиопиялык вазирдин ишенимге келиши

 

26Ал эми Филипке болсо Эгебиздин периштеси мындай деди:

 

— Ордуңан тур да, түштүк тарапта жаткан ээн талаадагы, Иерусалимден Газа шаарына карай кеткен жолго чык!

 

27Филип ордунан турду да, периште айткан жакка жөнөдү. Ошол кезде Иерусалимге зыярат кылганы келген эфиопиялык бир киши кайра өз жерине кайтып бараткан. Ал Эфиопия ханышасы Кандакиянын вазири, анын бардык казыналарына башчылык кылып турган киши эле.
28Вазир өз арабасында Ышая пайгамбардын китебин окуп бараткан.

 

29Ыйык Рух Филипке:

 

— Бар да, ушул арабага катарлаш бас, — деди.

 

30Филип арабага жакын басып келип, вазирдин Ышая пайгамбардын китебинен окуп жатканын укту да, андан:

 

— Окуганыңызды түшүнүп жатасызбы? — деп сурады.

 

31Ал:

 

— Түшүндүрүп бере турган адам болбосо, өзүм кайдан түшүнмөк элем? — деп жооп берди.

 

Ал ушундай деди да, Филиптин арабага чыгып, жанына олтуруусун өтүндү.

 

 

32Анын Ыйык Жазуудан окуп олтурган жери бул эле: «Аны койго окшотуп,

 

Жетелешти союуга.

 

Жүнүн кыркып жаткандын

 

Бут алдында унчукпай

 

Жатып берген козудай,

 

Ал дагы үн катпады.

 

33Аны кордоп, кемсинтип,

 

Адилетсиз соттошту.

 

Анын укум-тукумун

 

Баян кылат ким эми?

 

Анткени жер үстүнөн

 

Анын жаны алынды?».

 

 

34Вазир Филипке кайрылып:

 

— Сенден өтүнүч, айтып берчи: пайгамбар ким тууралуу айтып жатат? Өзү жөнүндөбү же башка бирөө жөнүндөбү? — деди.

 

35Филип Ыйык Жазуунун ушул жеринен баштап, ага Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды айтып берди.

 

36Жолду карата маектешип баратышкан булар сууга туш болушту. Аны көргөн вазир: — Мына, сууга да келип калдык, менин сууга чөмүлүү расмисинен өтүүмө эмне жетишпейт? — деди.[3]

 

38Анан экөө тең сууга киришти. Филип вазирди чөмүлдүрүү расмисинен өткөрдү.
39Алар суудан чыгышканда, вазирге Ыйык Рух түштү, ал эми Филипти болсо Эгебиздин периштеси алып кетти. Ошондуктан ал вазирге көрүнбөй калды. Вазир кубаныч менен жолун андан ары улантты.
40Ал эми Филип Азот шаарында пайда болуп, Кесарияга келгенче, жолду карата бардык шаарларга Жакшы Кабарды жарыялап жүрдү.

 

9

 

Шабылдын ишенимге келиши

 

1Шабыл Эгебиздин шакирттерин өлтүрөм, житирем деп коркутуп-үркүтүп, башкы динкызматчынын алдына барды.
2Андан Ыйсанын жолуна түшкөндөрдү аял-эркегине карабай байлап, Иерусалимге алып келүүгө жиберилди деген, Дамаск шаарындагы синагогалардын жетекчилерине арналган тил кат жаздырып алды.
3Ошентип, Шабыл Дамаск шаарына жакындап калганда, капыстан асмандан бир нур төгүлүп, айланасын жарык кылып жиберди.

 

4Шабыл жерге жыгылды да, өзүнө кайрылган үндү укту. — Шабыл, Шабыл! — деди ошол үн. — Эмнеге Мени куугунтуктап жүрөсүң?!

 

5Шабыл Ага:

 

— Оо, Кудурет, сиз кимсиз? — деди.

 

Ошондо Эгебиз мындай деди:

 

— Мен сен куугунтуктап жүргөн Ыйсамын.
6Тур да, шаарга кир. Эмне кыла тургандыгыңды сага айтып беришет.

 

7Аны менен бара жаткан кишилер аң-таң болушуп, үн-сөзсүз туруп калышты. Алар үндү угушкан менен айланадан эч кимди байкашкан жок.
8Шабыл өйдө болуп, көзүн ачканда, эч нерсени көрө албады. Ошондуктан жанындагы адамдар аны колунан жетелешип, Дамаскка алып келишти.
9Шабыл үч күн бою эч нерсе көрө да, жей да албады.

 

10Дамаскта Ыйсанын Анания аттуу шакирти жашачу. Эгебиз ага аян берип, ошондо аны:

 

— Анания! — деп атынан чакырды.

 

Ал:

 

— Угуп жатам, Эгем! — деди.

 

11Эгебиз ага мындай деди:

 

— Ордуңан туруп, Түз аттуу көчөгө бар да, Жүйүттүн үйүнө кирип, тарстык Шабылды сура. Ал азыр сыйынып жатат.
12Мен ага Анания аттуу бирөөнүн келип, көзү көрүп калсын үчүн колун койгонун көргөзүп аян бердим.

 

13Анания Эгебизге мындай жооп берди:

 

— Эгем, бул кишинин Иерусалимде Сенин ыйыктарыңа жасаган жамандыктары тууралуу көп адамдардан уккан элем.
14Эми ал бул жерге келиптир. Колунда «Ыйсага табынгандардын баарын кармап келүүгө укуктуу» деген жогорку динкызматчылардан жаздырып алган кагазы бар экен.

 

15Бирок Эгебиз ага айтты:

 

— Баргын! Ал Менин тандаган элчим. Менин атымды элдерге айтып, падышаларга маалым кылып, Ысрайылдын урпактарына жарыялайт.
16Мен үчүн канча азапты башынан өткөрүүгө тийиш экендигин Өзүм ага билдиремин.

 

17Анания барды да, Жүйүттүн үйүнө кирип, Шабылдын башына колун коюп, мындай деди:

 

18Ошол замат Шабылдын көзүн каптаган кабырчык сыяктуу нерсе жок болуп, ал кайрадан көрүп калды. Ал ордунан туруп, чөмүлдүрүү расмисинен өттү.
19Анан тамак жеп, кубаттанды. Ушундан соң, Шабыл Ыйсанын шакирттери менен бир нече күн Дамаскта болду.
20Ошол жердеги синагогаларга барып, Ыйсанын Кудай Уулу экендигин айта баштады.

 

21Уккандар таң калышып: — Бул киши Ыйсага ишенгендерди Иерусалимде куугунтуктап, мында да аларды кармап, жогорку динкызматчыларга алып баруу максаты менен келбеди беле? — деп жатышты.

 

22Шабыл болсо уламдан-улам күчүнө келип, Дамаскта жашаган иудейлерге Ыйсанын Машаяк экендигин далилдеп, алардын айласын кетирди.

 

23Бир топ убакыт өткөндө, иудейлер аны өлтүрүүнү чечишти.
24Бирок Шабылга алардын мындай ниети билинип калды. Иудейлер аны өлтүрүү үчүн күнү-түнү шаар дарбазасынын айланасынан кетпей, аңдып жүрүштү.
25Шакирттер болсо Шабылды себетке салып, түн ичинде шаардын сепилинен сыртка түшүрүп коюшту.

 

26Шабыл Иерусалимге келип, шакирттердин катарына кошулгусу келди. Бирок алар Шабыл да Ыйсанын шакирти болуп калганына ишенишпей, андан коркушту.
27Ошондо Барнап Шабылды элчилердин алдына ээрчитип келди да, анын Дамаскка бараткан жолдо Ыйсаны кандайча көргөнүн, Анын ага айткан сөздөрүн жана Шабыл Ал жөнүндө коркпостон жар салганын айтып берди.

 

28Шабыл алар менен бирге бүткүл Иерусалимде Эгебиз Ыйсанын атын тайманбастан ачык жарыялап жүрдү.
29Ал тургай, грек тилинде сүйлөгөндөр менен да Ыйса жөнүндө талашып-тартышты. Алар болсо аны өлтүрүүнүн амалын издешти.
30Бул тууралуу Ыйсанын үмөттөрү билип калып, аны Кесарияга алып барып, Тарска жөнөтүп жиберишти.

 

31Ошентип, бүткүл Иудея, Галилея жана Самария аймактарындагы ишенүүчүлөрдүн жыйындары тынчтыкта жана Эгебизди урматтоо менен жашап, өсүп-өнүп жатышты. Ыйык Рух колдоп, катарлары көбөйдү.

 

Айнейдин айыгышы

 

32Өлкөнүн чар тарабын кыдырып жүргөн Петир Лидда шаарында жашаган ыйыктарга да келди.
33Ал жерге келгенде, сегиз жылдан бери төшөктөн тура албай шал болуп ооруп жаткан Айней аттуу бир кишиге жолукту.

 

34Петир ага кайрылып, мындай деди: — Айней, сени Ыйса Машаяк айыктырып жатат. Өйдө тур да, төшөнчүңдү жыйна!

 

Айней болсо ошол замат ордунан туруп кетти.
35Муну Лидда менен Шарон шаарларында жашагандардын баары көрүшүп, Эгебизге дитин бурушту.

 

Табитанын тирилиши

 

36Жаффа шаарында Ыйсанын шакирти — Табита аттуу аял жашачу. Анын аты грекче — Дорка (мааниси — элик) эле. Ал жакшылык кылгандан талбаган, кедейлерге колу ачык адам эле.
37Ошол күндөрү ал катуу ооруп, каза болуп калды. Анын сөөгүн жууп, кепиндеп, үстүнкү кабаттагы бөлмөгө коюп коюшту.
38Лидда шаары Жаффага жакын жайгашкандыктан, шакирттер Петирдин Лиддада экенин угуп, ага: «Бизге тезирээк келиңиз», — деген өтүнүч менен эки киши жиберишти.
39Петир дароо эле алар менен бирге Лиддага жөнөдү. Келери менен аны сөөк жаткан бөлмөгө алып барышты. Бөлмөгө киргенде, жесир аялдар курчап алышып, Дорка көзү тирүүсүндө тигип берген кийим-кечектерин ага көргөзүшүп, боздоп ыйлашты.

 

40Петир баарын сыртка чыгарып, өзү болсо тизелеп, Кудайга сыйынды. Анан өлүккө кайрылып: — Табита, тургун! — деди.

 

Аял көзүн ачып, Петирди көрдү да, өйдө болду.
41Петир колунан кармап, бутуна турганга жардамдашты. Анан ыйыктар менен жесирлерди чакырып, тирилип кеткен Табитаны көргөздү.
42Бул иш бүткүл Жаффага белгилүү болуп, көптөгөн адамдар Эгебизге ишеништи.
43Петир бир нече күн Ысман аттуу тери ийлегичтин үйүндө жашап, Жаффада туруп калды.

 

10

 

Корнелийдин аяны

 

1Кесария шаарында Корнелий деген бир киши жашачу. Ал «Италия кошууну» деп аталган аскер бөлүмүндө жүз башы эле.
2Бул такыбаа, бүт үй-бүлөсү менен Кудайдан ыйбаа кылган адам эле. Ал иудейлерге көп кайрым кылып, дайыма Кудайга сыйынчу.

 

3Күндөрдүн биринде Корнелий күндүзгү саат үчтөрдө бир аян көрдү. Ага Кудайдын периштеси келип: — Корнелий! — деп атынан чакырды.

 

4Корнелий аны көргөндө, коркконунан:

 

— Оо, Кудурет! Эмне болуп кетти? — деп жиберди.

 

Периште ага мындай деди:

 

— Кембагалдарга кылган кайрымың менен сыйынууларыңды Кудай кабыл кылып, сени эстеди.
5Эми Жаффага киши жиберип, Петир аталган Ысманды үйүңө чакыр.
6Ал азыр деңиз жээгинде жашаган тери ийлегич Ысман деген кишинин үйүндө.

 

7-8Корнелий менен сүйлөшкөн периште көздөн кайым болгондо, ал үй кызматчыларынан экөөсүн жана дайыма жанына алып жүрчү Кудайга табынган бир жоокерин чакырып алып, болгон окуяны толугу менен айтып берди да, аларды Жаффага жөнөттү.

 

Петирдин аяны

 

9Алар бир күндүк жолду басып өтүшүп, экинчи күнү түшкө маал шаарга жакындашты. Ушул убакта сыйынуу үчүн Петир тамдын төбөсүнө[4]чыккан эле.
10-11Ал ачка болуп, тамактангысы келди. Тамак даярдалып жаткан маалда эстен танып, аян көрдү. Аянда асман ачылып, төрт бурчунан байланган дасторкон сыяктуу бир нерсенин түшүп келе жатканын көрдү.
12Анын ичинде ар кандай төрт аяктуу жаныбарлар, бака-жыландар, канаттуулар бар эле.

 

13Ошондо бир үн чыкты: — Тур, Петир, буларды союп же!

 

14Бирок Петир макул болбой:

 

— Жок, Эгем, болбойт! Мен эч качан арам нерсени оозума алган эмесмин! — деди.

 

15Ошондо баягы үн экинчи ирет кайталанды:

 

— Кудай адалдаганды арам дебе!

 

16Бул көрүнүш үч жолу кайталанды да, баягы дасторконго окшогон неме кайрадан асманга көтөрүлүп кетти.

 

17Петир көргөн көзүнө ишене албай, бул эмне болуп кетти деп, деңдароо болуп турган маалда, Корнелийден келген кишилер дарбазага жакындап, Ысмандын үйүн сурап жатышыптыр.

 

18Алар үнүн катуу чыгарышып: — Петир аталган Ысман ушул жерде болду бекен? — деп сурашты.

 

19Петир көргөн аяны жөнүндө ойлонуп турганда, Ыйык Рух ага мындай деген эле:

 

— Сени үч киши издеп келди!
20Тур да, төмөн түшүп, эч шектенбестен алар менен бирге жөнө! Анткени аларды сага Мен жибергем.

 

21Петир ылдый түшүп, келген кишилерди тосуп алды. Аларга:

 

— Силер издеп жүргөн киши менмин. Кандай иш менен келдиңер эле? — деди.

 

22Алар мындай деп жооп беришти:

 

— Бизди Корнелий аттуу жүз башы жиберди. Ал динчил, Кудайдан ыйбаа кылган адам. Атпай иудей элинин арасында анын кадыр-баркы чоң. Ошол кишиге Кудайдын касиеттүү периштеси көрүнүп, үйүнө сени чакырып, сөзүңдү уксун дептир.

 

23Ошондо Петир аларды үйгө киргизип, коноктоду.

 

Эртеси Петир алар менен бирге жолго чыкты. Жаффадан келген боордоштордун кээ бирлери ага кошулду.

 

Башка улуттагылардын Машаякка ишениши

 

24Алар кийинки күнү Кесарияга келишти. Корнелий болсо өзүнүн туугандары менен жакын досторун чакырып, аларды күтүп олтурган эле.
25Петир үйгө келгенде, Корнелий утурлай чыгып, бутуна жыгылды.

 

26Петир болсо ага: — Кой, тур, мен деле адаммын, — деп өйдө тургузду.

 

27Аны менен кобурашып үйгө киргенде, көп адамдар чогулуп олтурушуптур.

 

28Петир аларга кайрылып мындай деди: — Билесиздерби, биздин диний мыйзамыбыз боюнча иудей адамына башка элдиктер менен байланышууга да, алар жашаган жайга барууга да болбойт. Бирок бир да адам арам эместигин Кудай мага түшүндүрдү.
29Ошондуктан чакырылар менен шыр эле түптүз силерге келдим. Эми суроо берейин: кандай иш менен мени чакырдыңыздар эле?

 

30Корнелий мындай деп жооп берди:

 

— Үч күн мурун мен ушул убакта, күндүзгү саат үчтөрдө үйүмдө сыйынып олтургам. Аңгыча эле бет алдымда жаркыраган кийимчен киши пайда болду да:
31«Корнелий! Үнүң Кудайга жетип, адамдарга кылган кайрымдарың эске алынды.
32Жаффага киши жиберип, Петир аталган Ысманды үйүңө чакыр. Ал азыр деңиз жээгинде жашаган тери ийлегич Ысмандын үйүндө», — деди.
33Муну угарым менен дароо сизге киши жибердим. Сиз келип, жакшы иш кылдыңыз. Эми Эгебиздин сизге айткан сөзүн төкпөй-чачпай бизге айтып бериңиз. Ошол үчүн баарыбыз Кудай алдында күтүп турабыз.

 

Петирдин башка улуттагыларга Жакшы Кабар айтышы

 

34Петир мындай деп сөзүн баштады:

 

— Кудайда бет карамачылык жок экен. Буга чындап көзүм жетти.
35Кудайдан ыйбаа кылып, ак жашаган адам кандай гана улуттан болбосун Ага жагат экен.
36Кудай Ыйса Машаяк аркылуу Өзү менен тынчтыкка чакырып, Ысрайыл элине кабар берди. Ушул Ыйса Машаяк баарынын Эгеси экен.
37Жакыя жар салган чөмүлдүрүү расмисинен кийин Галилеядан башталып, бүткүл Иудея аймагында болуп өткөн окуяны сиздер билесиздер.
38Кудайдын назареттик Ыйсаны Ыйык Рухка толтуруп кудуреттүү күчкө кантип эгедер кылганы сиздерге маалым. Ошондуктан Ал адамдарга жакшылык жасап, ибилистен запкы тарткандарды айыктырып жүрдү. Анткени Кудай Аны колдоп турду.
39Бүтүндөй иудей жеринде, ошондой эле Иерусалимде Анын кылган иштерине биз да күбөбүз. Алар Аны жыгачка керип өлтүрүштү.
40Мына ошол Ыйсаны Кудай үч күндөн кийин кайра тирилтип, адамдарга көрсөттү.
41Бирок баарына эмес. Тек, Кудай Өзү алдын ала эл арасынан тандап алган күбөлөрүнө, Ал кайра тирилгенден кийин Аны менен чогуу бир дасторкондон жеп-ичип, бирге жүргөн бизге гана көрсөттү.
42Ыйса болсо бизге Өзүнүн өлгөндөр менен тирүүлөрдү соттой турган Кудайдын белгилеген Соту экенин адамдарга жарыялоону жана кепилдикке өтүүнү буйруду.
43Ыйсанын ысмынын урматы үчүн, Ага ишенген ар бир адамдын күнөөсү кечирилет деп бардык пайгамбарлар да күбөлүккө өтүшкөн.

 

Башка улуттагыларга Ыйык Рухтун түшүшү

 

44Петир ушул сөзүн айтып жаткан маалда, аны угуп тургандардын баарынын үстүнө Ыйык Рух түштү.
45Петир менен бирге келген эврей улутундагы ишенүүчүлөр Ыйык Рухтун ыроологон ырыскысы башка улуттагыларга да берилгенине таңданышты.
46Анткени алардын бөтөн тилдерде сүйлөп, Кудайды даңазалап жатканын угушту. Ошондо Петир мындай деди:

 

47— Биз сыяктуу эле, Ыйык Рухту алган адамдардын сууга чөмүлүү расмисинен өтүүсүнө ким кедерги боло алат?

 

48Анан аларга Ыйса Машаяктын урматына чөмүлдүрүү расмисинен өтүүнү буюрду. Ушул окуядан соң, алар Петирден бир нече күн өзүлөрү менен бирге болуп кетүүсүн суранышты.

 

11

 

Петирдин башка улуттагылардын чөмүлгөнү жөнүндө актануусу

 

1Иудеядагы элчилер менен боордоштор Кудайдын Жакшы Кабарын башка улуттун адамдары да кабыл алганын угушту.
2Петир Иерусалимге кайтып келгенде, Ыйсага ишенген эврейлер ага нааразы болушуп:

 

3— Сен сүннөткө отургузулбаган башка улуттагы адамдарга барып, ошолор менен бирге тамак ичипсиң, — дешти.

 

4Ошондо Петир аларга болгон окуянын баарын катар-катары менен баяндап, айтып берди.

 

5— Мен Жаффа шаарында сыйынып отурган элем, — деди ал. — Эс-учумду жоготуп койгон экем, ушундай абалда бир аян көрдүм. Анда чоң дасторконго окшош бир нерсе төрт бурчунан буулган боюнча асмандан келип, алдыма түштү.
6Ичин караганымда, төрт аяктуулар, сойлоочулар жана жапайы канаттуулар бар экен.
7Анан: «Петир, тур да, союп же!» — деген добушту уктум.
8А мен ага: «Жок, Эгем, мен эч качан арам нерсени оозума алган эмесмин» — дедим.
9Жанагы үн дагы чыгып: «Кудай адалдаганды арам дебегин!» — деди.
10Бул үч жолу кайталанып, кайра көккө көтөрүлүп кетти.
11Ошол кезде Кесариядан мага жиберилген үч киши келип, дарбазамдын жанында турган экен.
12Ыйык Рух болсо: «Эч ойлонбостон буларга кошулуп, жолго чык!» — деди. Ошентип, бул Жаффадан келген алты боордошум да мени менен бирге барып, ошол Корнелий деген кишинин үйүнө кирдик.
13Ал болсо, үйүндө көзүнө көрүнгөн периштенин эмне дегенин бизге айтып берди. Периште ага: «Жаффага киши жиберип, Ысман Петир деген кишини чакырт!
14Ал сени жана сенин бүт үй-бүлөңдү куткара турган сөздү айтып берет», — дептир.
15Мен сүйлөй баштаганда, Ыйык Рух мурда бизге түшкөндөй алардын үстүнө да түштү.
16Ошондо Эгебиздин мындай деген сөзүн эстедим: «Жакыя адамдарды сууга чөмүлдүргөн, силер болсо Ыйык Рухка чөмүлдүрүлөсүңөр».
17Ошондуктан Кудай Эгебиз Ыйса Машаякка ишенгенибизде бизге берген ырыскысын буларга да ыраа көрсө, анда Кудайга каршы чыккандай мен ким элем.

 

18Бул сөздү угуп, алар тынчып калышты. Анан:

 

— Кудай башка улуттардын ниетин өзгөртүп, түбөлүк өмүрдү аларга да берет турбайбы, — деп Кудайды даңкташты.

 

Антахиядагы жыйын

 

19Степан өлгөндөн кийин куугунтукка учурап, чачырап кеткен шакирттер Финикияга, Кипр аралына жана Сириядагы Антахия шаарына чейин жетип, Жакшы Кабарды эврейлерге гана айтып жүрүштү.

 

20Бирок Антахия шаарына келген кээ бир кипрлик жана киринеялык кишилер Эгебиз Ыйса тууралуу кабарды башка улуттун адамдарына да жеткизишти.
21Кудайдын кудурети алар аркылуу иштегендиктен көп адамдар ишенип, Эгебиздин жолуна түшүштү.
22Бул тууралуу кабар Иерусалимдеги жыйынга жетип, алар Антахияга Барнапты жиберишти.
23Ал келип, Кудайдын ырайымын көрүп, абдан кубанды. Эгебизге чын жүрөктөн берилип, аны менен тыгыз байланышта болууну бардык ишенгендерге насааттады.
24Барнап Ыйык Рухка толгон, ишеними күчтүү, жакшы киши эле. Ал Эгебизге көптөгөн кишилерди ишендирди.
25Анан Барнап Шабылды издеп Тарска кетти.
26Аны жолуктуруп, Антахияга ээрчитип келди. Андагы жыйында экөө бир жыл болушуп, көп адамдарга насаат айтып жүрүштү. Ошентип, Антахиядагы шакирттер биринчи жолу «машаякчылар» деген атка конушту.

 

27Ошол кезде Иерусалимден Антахияга бир нече пайгамбарлар келишти.
28Алардын арасынан Агап дегени ордунан туруп, Ыйык Рух берген аян менен жакын арада бүт жер жүзүндө катуу ачарчылык болорун айтты. Бул ачарчылык кийин, Рим падышасы Клавдийдин тушунда болду.
29Ошондо ишенгендердин ар бири колунан келишинче Иудеядагы Ыйсага ишенген боордошторуна жардам жиберүүнү чечишти.
30Бул чечимди ишке ашырып, белектерин Барнап менен Шабыл аркылуу Иерусалимдеги жыйын жетекчилерине жөнөтүштү.

 

12

 

Ирод Агрипанын Жакыпты өлтүрүшү жана Петирди каматышы

 

1Ошол кезде Ирод падыша жыйын мүчөлөрүнүн бир нечесине жамандык кылып, аларды куугунтуктай баштады.
2Ал Жакандын бир тууган агасы Жакыпты кылычтап өлтүрдү.
3Бул кылганы иудейлерге жакканын көрүп, Петирди да карматты. Бул Калама майрамы болуп жаткан кез эле.
4Ал аны карматып, зынданга олтургузду да, төрт жоокерден турган төрт топко кайтартып койду. Ал Петирди Куткарылуу майрамы бүткөндө, эл алдына алып чыгып соттойм деп ойлоду.
5Ошентип Петир зынданда кайтарууда болуп, ал эми бул убакта ишенгендер ал үчүн Кудайга жалынып жатты.

 

Петирдин түрмөдөн керемет менен чыгышы

 

6Ирод элге алып чыккысы келген күндүн алдындагы түнү Петир эки жоокердин ортосунда эки жагынан чынжыр менен байлануу уктап жаткан эле. Зындандын оозун кароолчулар кайтарып турушкан.

 

7Бир убакта капыстан эле Эгебиздин периштеси пайда болуп, зындандын ичи жарык болуп кетти. Периште Петирди капталга түртүп ойготуп: — Тур, тезирээк! — дегенде, анын колундагы чынжырлар шыпырылып түшүп калды.

 

8Ошондо периште мындай деди:

 

— Белиңди байлан да, бутуңду кий.

 

Петир айтканын кылды. Андан соң, дагы мындай деди:

 

— Чапаныңды кийип, артыман түш!

 

9Периштенин жасап жатканы өңүмдөбү же аян көрүп жатамбы деп ойлогон Петир аны ээрчип, сыртка жөнөдү.
10Түрмөнүн биринчи, анан экинчи бөлүгүндөгү кароолчунун жанынан өтүп, шаарга алып чыга турган темир дарбазага келишти. Дарбаза аларга өзүнөн өзү ачылып кетти. Алар зындандан сыртка чыгып, бир көчөгө келишкенде, күтүлбөгөн жерден периште көздөн кайым болду.

 

11Ошондо Петир өзүнө келип: — Эгем Өзүнүн периштесин жиберип, Ироддун колунан жана иудейлердин мага каалаган жамандыгынан мени куткарды, — деди.

 

12Ал эсин жыйып, Жакандын энеси Мариямдын үйүнө келди. (Жакандын дагы бир аты Марк эле.) Аныкында көп боордоштор чогулуп, сыйынып олтурушкан эле.
13Петир үйдүн дарбазасын тыкылдатканда, үйдөн Рода аттуу малай кыз чыгып, дарбазага кулагын тосту.

 

14Петирди үнүнөн тааныган соң, кубанганынан дарбазаны ачканды унутуп, үйгө жүгүрүп кирди да: — Петир дарбазанын алдында турат! — деп сүйүнчүлөдү.

 

15Үйдөгүлөр ага:

 

— Акыл-эсиң жайындабы?! — дешти.

 

Бирок кыз айтканынан кайтпады. Ошондо тигилер:

 

— Бул Петирдин периштеси! — дешти.

 

16Бул арада Петир дарбазаны тыкылдатып тура берди. Дарбазаны ачышканда, Петирди көрүп, айран-таң калышты.
17Петир болсо акырын деп колу менен белги берип, Эгебиздин кантип аны зындандан алып чыкканын айтып берди. Анан бул тууралуу Жакыпка жана башка боордошторго кабарлап койгула, деп өтүндү. Ушундан соң, үйдөн чыгып, башка жакка жөнөдү.

 

18Таң атканда, зындан кайтарган жоокерлердин арасында Петирдин жоголгонуна байланыштуу чоң тополоң болду.
19Ирод болсо Петирди издеп таба албаган соң, кароолчуларды жоопко тартып, өлтүрүүнү буюрду. Ушундан соң, ал Иудеядан чыгып, Кесарияга барды да, ал жакта туруп калды.

 

Ирод Агрипанын өлүмү

 

20Тир менен Сидон шаарларынын элине Ироддун кыжыры келип жүргөн эле. Тигилер болсо өз ара сүйлөшүп, ага келишти да, падышанын кызматкери Биласты өзүлөрү тарапка тартышып, Иродду тынчтыкка келүүгө чакырышты. Анткени алар жашаган аймак падышага караштуу аймактан азык-түлүк алып турчу.
21Болжошкон күнү Ирод падышалык кийимин кийип, тактысына олтурду да, алар менен сүйлөшө баштады.

 

22Угуп турган эл: — Бул үн адамдыкы эмес, Кудайдыкы! — деп кыйкырып жатты.

 

23Бирок Кудайга тиешелүү даңкты Кудайга бербегени үчүн аны күтүлбөгөн жерден Эгебиздин периштеси жазалады. Иродду ичиндеги курттары жеп, ал өлдү.

 

24Кудайдын кабары туш-тушка тарап жатты.

 

25Ал эми Барнап менен Шабыл тапшырылган милдеттерин аткарган соң, Марк аталган Жаканды алышып, Иерусалимден Сириядагы Антахияга келишти.

 

13

 

Барнап менен Шабылдын атайын кызматы

 

1Антахия шаарындагы жыйында бир нече пайгамбарлар менен устаттар бар эле. Булар: Барнап, Нигер аталган Шемон, киринеялык Лукий, аким Ирод Антипас менен бирге өскөн Манайын жана Шабыл.

 

2Алар орозо кармап, Эгебизге ийбадат кылып жүрүшкөндө, Ыйык Рух мындай деди: — Мен Барнап менен Шабылды атайын бир кызматка чакырып алганмын, ошондуктан аларды Мага бергиле.

 

3Ошондо алар орозо тутуп, ал экөөнө бата тилеп сыйынышкан соң, Кудайдын кызматы үчүн бөлүп коюшту.

 

Кипр аралында

 

4Ыйык Рухтун буйругу боюнча жөнөтүлгөн булар Селекияга барышып, андан ары кеме менен Кипрге кетишти.
5Саламин шаарында болушуп, иудей синагогаларында Кудай сөзүн жар салышты. Жардамчы катарында жанына алышкан Жакан да алар менен бирге жүрдү.
6Алар Кипр аралын баштан аяк аралап өтүшүп, Пафос деген жерге келишкенде, Барыйса деген бир иудейге кезигишти. Ал жалган пайгамбарчылык кылган сыйкырчы болчу.
7Ал Пабыл Сергий аттуу аймак акими менен жүргөн. Аким акылдуу киши болор эле. Ал Кудайдын сөзүн угуу үчүн Шабыл менен Барнапты чакыртып, киши жиберди.
8Бирок жанагы Элим деген сыйкырчы (тигинин аты грекче ушундай) акимдин ишенип калуусун каалабай, аларга тоскоолдук кылды.
9Бирок Ыйык Рухка толуп турган Шабыл (дагы бир аты Пабыл) аны тике карап, мындай деди:

 

10— Эй, алдамчылык менен адепсиздикке ичи толгон, бардык адилеттиктин душманы болгон ибилистин баласы! Эгебиздин түз жолун бурмалаганыңды качан коёсуң?

 

11Азыр Эгебиздин кудуретин көрөсүң, көзүң көпкө көрбөй кашайып кал! Күтүлбөгөн жерден Элимдин көзү чындап эле байланып, карайлап калды да жетелей турган адам издей баштады.
12Ошондо бул окуяны көргөн аймак акими Эгебиз жөнүндөгү таалимге таң калып, Ага ишенди.

 

Писидия аймагындагы Антахияда

 

13Пабыл менен анын жанындагылар Пафостон кеме менен чыгышып, Памфилиянын Перге деген шаарына келишти. Ошол жерден Жакан алардан бөлүнүп, кайра Иерусалимге кайтты.
14Пабыл менен Барнап болсо Пергени аралап өтүшүп, Писидия аймагындагы Антахияга келишти. Анан дем алыш күнү синагогага киришти.

 

15Тоорат менен пайгамбарлар жазмасы окулуп бүткөн соң, синагога башчылары Пабыл менен Барнапка киши жиберишип, мындай дешти: — Боордоштор, элге айта турган насыят сөзүңөр болсо, айткыла.

 

16Пабыл ордунан туруп, колу менен ишарат кылып, элди тынчтыкка чакырды да, сүйлөй баштады:

 

— Урматтуу агайындар! Урматтуу башка улуттук боордоштор! Кулак салып, угуп алыңыздар.
17Ушул Ысрайыл элинин Кудайы биздин ата-бабаларыбызды Өзүнө тандап алып, Мисир жеринде келгин катары жашап жаткан кезинде аларга жөлөк болуп, өркүндөтүп өстүрдү. Өзүнүн кудуреттүү колу менен Мисирден алып чыкты.
18Андан кийин, кырк жылга жакын чөлдө сынады.
19Ошондон кийин Канаан жериндеги жети элди кыйратып, алардын жерин ысрайылдыктарга мурас кылып берди.
20Ушулардын баары төрт жүз элүү жылга созулду. Андан соң, Кудай аларга Шамил пайгамбардын убагына чейин бийлерди берип, алар элди башкарды.
21Андан кийин, алар падыша сурашканда, Кудай Бенжамин уруусундагы Киштин уулу Шабылды берди. Ал кырк жыл аларга падышачылык кылды.
22Анан: «Менин көңүлүмө жаккан адамды таптым. Ал — Жесейдин уулу Дөөт. Ал Менин каалаганымдын баарын аткарат»— деп, Шабылды тактан алып, Дөөттү дайындады.
23Кудай Өзүнүн убадасы боюнча мына ушул кишинин тукумунан Ысрайылдын Куткаруучусу Ыйсаны чыгарды.
24Анын келер алдында Жакыя бүт Ысрайыл элин ниетин өзгөртүп, сууга чөмүлүү расмисинен өтүүгө чакырып, жар салды.
25Ал өз вазийпасын аткарып бүткөндө, элге: «Силердин оюңар боюнча мен киммин? Мен силер ойлоп жатканыңар эмесмин. Менден кийин келе жатканга көңүл бургула, мен анын бут кийимин чечүүгө да татыксызмын», — деди.

 

26Агайын-туугандар, Ыбрайымдын урпактары жана Кудайдан корккон пенделер! Бул куткаруучу сөз бизге айтылган болчу.
27Иерусалимдиктер менен алардын башкаруучулары муну түшүнүшпөй, Ыйсаны соттошуп, ар дем алышта окулуучу пайгамбарлар китебинде жазылганды жүзөгө ашырышты.
28Алар өлүмгө татыктуу бир да себеп табышпаганына карабай, Пилаттан Аны өлтүрүүсүн талап кылышты.
29Анан, Ал тууралуу жазылгандардын баарын аткарып бүтүшкөн соң, Анын сөөгүн жыгачтан түшүрүшүп, көргө коюшту.
30Бирок Кудай Аны өлүмдөн тирилтип алды.
31Мындан соң, Аны Галилеядан Иерусалимге ээрчип келгендер көп күндөр бою көрүп жүрүштү. Алар азыр Аны эл алдында күбөлөндүрүп жатышат.
32Кудай Ыйсаны өлүмдөн тирилтип, аталарыбызга берген убадасын алардын балдары — бизге аткарып бергенин силерге азыр Барнап экөөбүз сүйүнчүлөп турабыз.

 

 

33Бул тууралуу экинчи забурда мындай деп жазылган: «Сен Уулумсуң, анткени Мен

 

Бүгүн Сага Ата болдум».

 

 

34Кудай Аны өлүмдөн тирилткендиги, демек, эми эч качан чирий турган денеге айланбастыгы тууралуу мындай деген: «Мен сага Дөөткө убада кылган ыйык, ишенимдүү баталарымды берем».
35Ошондуктан дагы бир жерде мындай дейт: «Ыйыгыңдын чирүүсүнө жол бербейсиң».
36Дөөт өз убагында Кудайдын эркин аткарып, элине кызмат кылып бүткөндө, көз жумуп, ата-бабасы жаткан жерге коюлуп, денеси чириген.
37Ал эми Кудай кайрадан тирилтип алган Киши болсо чириген жок.
38Ошондуктан, силерге белгилүү болсун, агайын-туугандар, мына ушул Кишинин урматына силердин күнөөлөрүңөрдүн кечириле тургандыгы жарыяланып жатат.
39Силер Мусанын мыйзамы аркылуу арылбаган бардык күнөөдөн эми бул Кишиге ишенген ар бир адам арылат.
40Ошондуктан сак болгула! Пайгамбарлар айтып кеткен сөздөр силердин башыңарга келбесин.
41Алар мындай дешкен: «Эй, Кудай сөзүн жек көрүп, шылдыңдагандар! Оозуңар ачылып, таң калып, шоруңар курусун! Мен силердин жашооңордо бирөө айтып берсе да, өзүңөр ишене албагандай бир керемет иш кылам».

 

42Барнап менен Пабыл синагогадан чыгып жатканда, алардан келерки дем алышта да ушул тууралуу сүйлөп беришин суранышты.
43Чогулуш бүткөндө, көптөгөн иудейлер жана иудей динине өтүп, Кудайга кызмат кылган улуту башка адамдар Пабыл менен Барнапты ээрчип жөнөштү. Пабыл менен Барнап болсо алар менен аңгеме куруп: «Ырайымдуу Кудайдын жолунда жүрө бергиле» деп кеңештерин беришти.
44Кийинки дем алышта Кудай Сөзүн угуу үчүн дээрлик бүт шаар эли чогулду.
45Бирок иудейлердин ушунчалык көп эл чогулганына ичтери тарыды. Ошондуктан Пабылдын сөзүнө каршы чыгып, ага тил тийгизишти.

 

46Пабыл менен Барнап аларга тайманбастан мындай дешти: — Кудайдын сөзү биринчи силерге айтылышы керек эле, бирок силер аны четке кагып, өзүңөрдү түбөлүк өмүргө татыксыз кылып жатасыңар. Ошон үчүн, мына, эми биз башка улуттарга кайрылып, айтып жатабыз.
47Анткени Эгебиз бизге: «Жер чегине чейин адамдардын баары күнөөлөрүнүн жазасынан кутулуу үчүн Мен Сени башка элдерге жол көрсөтүүчү нур кылып койдум»,— деп буйрук берип кеткен.

 

48Бул сөздү угушкан башка улуттагылар кубанышып, Кудай сөзүн даңктап жатышты. Алардын арасындагы түбөлүк өмүр буюрган көп адамдар ишенимге келишти.
49Ошентип, Эгебиздин сөзү өлкөнүн туш тарабына тарады.
50Бирок иудейлер диний ырым-жырымдарды катуу кармаган шаардын атактуу аялдары менен башчыларын Пабыл менен Барнапка каршы тукурушуп, аларды куугунтукка алышты. Алар эки элчини шаардан кууп чыгышты.
51Эки элчи болсо аларга наалат катары буттарынын чаңын күбүп, Икония тарапка кетип калышты.
52Антахиядагы шакирттер болсо кубаныч менен Ыйык Рухка толуп, өсө беришти.

 

14

 

Икония шаарында

 

1Икония шаарында Пабыл менен Барнап адаттагыдай иудей синагогасына барышты да, сөз сүйлөштү. Ошондо көптөгөн иудейлер менен иудей эместер ишенимге келишти.
2Ал эми Кудай сөзүнө баш ийбеген иудейлер болсо башка улуттагыларды ишенгендерге каршы тукуруп, дүрбөлөңгө салышты.
3Ошондуктан эки элчи көп убакыт бою ошол жерде болуп, Эгебиз тууралуу тайманбай ачык сүйлөшүп, Анын берекелүү сөздөрүн айтышты. Кудай болсо алар аркылуу кереметтүү жышаандарды жана укмуштарды жаратып жатты.
4Шаар эли экиге бөлүнүп, бир тобу иудейлер тарапта болсо, бир тобу элчилер тарапта болушту.

 

Листра менен Дербе шаарында

 

5-6Башка улуттун адамдары иудей башчылары менен биригип алышып, элчилерди кордоп, таш бараңга алмакчы болуп жулунганын байкаган элчилер Лукония аймагындагы Листра менен Дербе шаарларына жана алардын айланасындагы жерлерге кетип,
7Жакшы Кабарды ошол жакта таратып жүрүштү.

 

8Листрада эки буту тең шал болгон бир адам отурчу. Ал тубаса оорулуу болгондуктан, эч качан басып көрбөгөн.
9Бу киши Пабылдын сөзүн угуп олтурган. Пабыл ага тике карады да, анын айыгып кетүүгө жете турган ишенимин көрүп:

 

10— Кана, тур өйдө! — деп кыйкырды.

 

Ошондо ал секирип туруп, басып кетти.

 

11Пабылдын кылганын көргөн эл лукон тилинде: — Булар бизге адам кейпинде түшүп келген кудайлар! — деп кыйкыра башташты.

 

12Алар Барнапты Зевс деп, ал эми дайыма сөздү баштап сүйлөп жүргөндүктөн Пабылды Эрмес аташты.

 

13Шаардын сыртындагы грек кудайы Зевстин ийбадатканасынын динкызматчысы эл менен бирге аларга курмандык чалмакчы болуп, букалар менен гүлдөрдү шаар дарбазасына алып келди.

 

14-15Элчилер — Барнап менен Пабыл муну укканда, үстүндөгү кийимдерин тытып жиберишип, элдин арасына чуркап киришти. — Эл-журт! Эмне кылганы жатасыңар? — дешти алар. — Биз деле силерге окшогон пендебиз. Силерди бул пайдасыз нерселерге табынбай, асман-жерди, деңизди жана алардын ичиндегинин баарын жараткан тирүү Кудайга ишенсин деген Жакшы Кабарды айтып жүрөбүз.
16Өздөрү каалагандай жашаган бардык улуттарды ал мурдагы замандарда тим койду.
17Ошондой болсо да, бизге асмандан жамгырын жаадырып, түшүм мезгилдерин берип, ырыскыбызды үзбөй, көңүлүбүздү куунак кылып, ушул жакшылыктары менен Өзүн күбөлөндүрүп келди.

 

18Элчилер ушундай деп, аларды өздөрүнө курмандык чалуудан араң токтотушту.
19Ушундан соң, Антахия менен Икониядан келген иудейлер элди өздөрү тарапка тартып алып, Пабылды таш бараңга алышты. Анан өлдү го деп ойлоп, шаардын сыртына сүйрөп чыгарып салышты.
20Бирок айланасына шакирттер чогулганда, Пабыл ордунан турду да, кайра шаарга кирди. Эртеси күнү ал Барнап менен бирге Дербеге кетип калды.

 

Элчилердин Сириядагы Антахияга кайтып келиши

 

21Элчилер Дербеде Жакшы Кабарды таратып, көптөгөн адамдарды Ыйсанын шакирттери кылды. Андан соң Листра, Икония жана Антахияга кайтышты.
22Кайда барбасын, ишенгендерди: «Ишенимиңерди сактап жашагыла, Кудай Падышачылыгына далай азаптарды баштан кечирип киребиз», — деп кайраттандырышты.
23Ар бир ишенгендер жыйынына жыйын жетекчилерин дайындашып, орозо кармап сыйынышып, аларды өздөрү ишенип калган Эгебизге тапшырышты.
24Андан кийин эки элчи Писидиядан өтүп, Памфилия аймагына келди.

 

25Пергеде Кудайдын сөзүн жарыялап, Атталия шаарына түшүштү.
26Атталиядан кемеге отуруп, Антахияга бет алышты. Антахияда алар бул иш үчүн ырайымдуу Кудайдын колуна тапшырылган эле. Алар аны да бүтүрүштү.
27Келишкенде, ишенгендерди жыйнап, Кудай алар аркылуу эмнелерди кылганын жана башка элдерге ишенимдин эшигин кандайча ачып бергенин айтып беришти.
28Андан кийин бир топ убакыт ошол жерде алар менен бирге болушту.

 

15

 

Сүннөткө олтургузуу маселеси

 

1Иудеядан түшүп келген кээ бир адамдар Антахиядагы ишенгендерге: «Эгер Муса пайгамбардын мыйзамы боюнча сүннөткө олтурбасаңар, анда куткарыла албайсыңар», — деп окута башташты.
2Пабыл менен Барнап алар менен бир далайга чейин талашып-тартышты. Акыры антахиялыктар Пабыл менен Барнапка бир нече адам кошуп, бул маселени башка элчилер менен жыйын жетекчилеринин алдында тактоо максатында аларды Иерусалимге жиберүүнү чечишти.
3Ишенүүчүлөр жыйынынын тапшырмасы менен сапарга чыгышкан булар Финикия жана Самария аймагы аркылуу жол жүрүп, андагы ишенгендерге башка улуттагы адамдардын кандайча Кудай жолуна түшкөндөрүн айтып, абдан кубантышты.
4Иерусалимге келгенде, ишенгендер жыйыны, элчилер жана жыйын жетекчилери аларды жылуу кабыл алышты. Пабыл жана анын жолдоштору Кудайдын алар аркылуу эмнелерди кылганын айтып беришти.

 

5Бирок алардын арасындагы мурда фарисей тобуна киргендери ордунан туруп: — Башка улуттагыларды сүннөткө олтургузуп, Муса пайгамбардын мыйзамына баш ийүүнү буйруш керек! — дешти.

 

6Ошондо элчилер менен жыйын жетекчилери бул маселени чечүүгө чогулушту.

 

7Көптөгөн суроолордон соң, Петир ордунан туруп, мындай деди: — Агайындар! Мындан бир нече убакыт мурда башка улуттагыларга Жакшы Кабарды жеткирип, ишенимге келтирүүгө Кудай сиздердин араңыздардан мени тандаган эле. Муну сиздер жакшы билесиздер.
8Жүрөктүн түпкүрүндөгү сырларды билген Кудай бизге берген Ыйык Рухту аларга да берүү менен аларды Өзүнө кабыл алганын көрсөттү.
9Ыйсага ишенгендиги үчүн дилин тазалап, биз менен тең кылды.
10Анда эмнеге сиздер Кудайды сынап, биз өзүбүз да, ата-бабаларыбыз да көтөрө албаган оор жүктү Ыйсанын шакирттерине жүктөгөнү жатасыздар?
11Алар деле биз сыяктуу Эгебиз Ыйсанын ырайымы аркылуу ишенимге келип, куткарылышты.

 

12Петирдин сөзүнөн кийин жымжырттык өкүм сүрүп, Кудайдын Барнап менен Пабыл аркылуу башка улуттардын арасында кылган кереметтүү жышаандары менен укмуштары тууралуу алардын айткандарына кулак төшөштү.

 

13Алар сүйлөп бүткөндө, Жакып мындай деди: — Агайын-туугандар!
14Ысман өз сөзүндө Кудайдын башка улуттагылардын арасынан Өз адамдарын тандап, аларга Өзүн таанытып, кылган камкордугу тууралуу айтып өттү.
15Пайгамбарлар китебинде жазылган сөздөр да буга дал келет:

 

 

16«"Андан кийин Мен кайтып,

 

Талкаланган бузулган

 

Падышалыгын Дөөттүн

 

Калыбына келтирем,

 

Алып урандыларын,

 

Тургузамын кайрадан.

 

17-18Калган эл да ошондо,

 

Башка улуттун бардыгы

 

Эгебизди издешет.

 

Анткени Мен аларды

 

‘Элим бол’ деп чакырдым,

 

Өз атыман атадым", —

 

Дейт ушунун бардыгын

 

Ишке ашырар Эгебиз».

 

 

19Менимче, башка улуттан Кудай жолуна түшкөндөргө орунсуз талап коюп, кабатыр кылбашыбыз керек.
20Андан көрө кат жазып, «буркандарга арналып, курмандыкка чалынган арам оокаттан жебегиле, бузуктуктан сактангыла, арам өлгөн малдын этин жана канды жебегиле» деген насаатыбызды айталы.
21Анткени Муса пайгамбардын мыйзамында жазылган бул эрежелер илгертен бери дем алыш сайын ар бир шаардагы синагогаларда окулуп келе жатат.

 

Ыйсанын башка улуттагы шакирттерине кат

 

22Ошентип элчилер, жыйын жетекчилери жана ишенүүчүлөр жыйыны арасынан бир нече адамды тандап, Пабыл менен Барнапка кошуп, Антахияга жиберүүнү туура көрүштү. Алар Барсап деп аталып кеткен Жүйүт менен Силаны тандашты. Булар жыйында кадыр-барктуу адамдар болушкан.
23Алып бара турган каттын мазмуну төмөнкүдөй эле: «Ушул катыбызды андагы Антахия, Сирия жана Киликиядагы бардык иудей эмес боордошторубузга арнайбыз. Катты Иерусалимдеги элчилерден, жыйын жетекчилеринен жана жамы ишенген боордошторуңардан деп билгиле.

 

24Угушубузга караганда, биздин арабыздан чыккан кээ бир адамдардын сөзү тынчыңарды алып, көңүлүңөрдү чөгөрүптүр. Бирок биз алардын барып, андай кылышын тапшырган эмеспиз.
25Ошол себептен биз өз ара акылдашып, бир пикирге келдик да, арабыздан бир нече адамды тандап, аларды азиз боордошторубуз Барнап менен Пабылга кошуп, силерге жиберүүнү оң көрдүк.
26Бул экөө Эгебиз Ыйса Машаяк үчүн жанын да аябаган адамдар.
27Ошондой эле Жүйүт менен Силаны да жиберип жатабыз. Алар да силерге ушул жазылгандарды оозеки айтып беришет.
28Ошондуктан Ыйык Рухка да, бизге да эң зарыл көрүнгөн төмөнкү эки-үч нерседен башканы талап кылбоону туура деп таптык:
29буркандарга чалынган курмандыктан ооз тийбегиле, кан менен арам өлгөн малдын этин жебегиле жана бузукчулуктан денеңерди сактагыла. Ошондо жакшы иш жасаган болосуңар. Саламатта калгыла».

 

30Ошентип, бу кишилер жолго чыгып, Антахияга келишти. Ишенгендердин жыйынын чогултуп, катты беришти.
31Алар катты окуп, андагы насыят сөздөргө ыраазы болуп кубанышты.
32Өздөрү пайгамбар болгон Жүйүт менен Сила сөз сүйлөп, боордошторго көп жакшы насааттарын айтып, көңүлдөрүн көтөрүштү.
33-34Бир нече убакыт алар менен болгон соң, боордоштор аларды жылуу-жумшак келген жагына узатып коюшту.
35Ал эми Пабыл менен Барнап болсо Антахияда калышты. Алар башка дагы көптөгөн ишенүүчүлөр менен бирге Эгебиздин сөзүн сүйлөп, элге жарыялашты.

 

Пабыл менен Барнаптын ортосундагы пикир келишпестик

 

36Бир нече күн өткөндө, Пабыл Барнапка:

 

— Эми кайтып барып, биз мурда Эгебиздин Жакшы Кабарын айткан шаарлардагы боордошторубуздун ал-акыбалы кандай болду экен, ошону көрүп келели, — деди.

 

37Барнап Марк аталган Жаканды да өзүнө кошуп алгысы келди.
38Бирок Пабыл буга каршы болду. Анткени Марк мурда алар менен бирге Кудайдын кызматына баргысы келбей, Памфилиядан таштап кеткен эле. Ошондуктан Пабыл мындай адамды кошкусу келген жок.
39Натыйжада, алардын арасында абдан катуу пикир келишпестик пайда болуп, Пабыл менен Барнап бири биринен бөлүнүштү. Барнап өзү менен бирге Маркты алып, Кипрге сүзүп кетти.
40Пабыл болсо өзү тандаган Силаны жанына алып, боордоштор тарабынан ырайымдуу Эгебиздин колуна тапшырылган соң, жөнөп кетти.
41Ал Сирия жана Киликия аймактарын аралап, андагы ишенгендер жыйындарындагы адамдардын ишенимин бекемдеди.

 

16

 

Пабылдын Сила жана Тиметей менен бирге кайра сапарга чыгышы

 

1Пабыл Дербеден өтүп, Листрага келди. Ал жерде Ыйсанын Тиметей аттуу шакирти бар болчу. Анын энеси Ыйсага ишенген эврей, ал эми атасы болсо грек эле.
2Тиметейди Листра менен Икониядагы боордоштор макташчу.
3Аны Пабыл өзү менен сапарга кошуп алгысы келип, ошол жердеги иудейлерге эврей экенин билгизүү үчүн сүннөткө олтургузду. Анткени алар анын атасынын грек экенин билишчү.

 

4Алар шаардан шаарга кыдырып, Иерусалимдеги элчилер менен жыйын жетекчилеринин чечимдерин сактоону айтышты.
5Ошентип ишенүүчүлөрдүн жыйындары ишенимден кубат алып, күн сайын саны арбып жатты.

 

Пабылдын батышка барууга аян алышы

 

6Ыйык Рух Асияда сөз айтууга тыюу салгандыгынан улам, алар Фригия менен Галатия аймактарын аралап, сапарын улантышты.
7Мусия аймагынын чек арасына жакындашканда, Битинияга барууга ниеттеништи, бирок Ыйсанын Руху уруксат бербеди.
8Ошондуктан Мусияны аралап өтүп, Троаска түшүп келишти.

 

9Ошол жерден түн ичинде Пабыл аян көрдү. Анда бир македониялык киши: «Македонияга өтүп келип, бизге жардам берегөр!» — деп Пабылга жалбарды.

 

Филипиядагы Лидиянын ишенимге келиши

 

10Пабыл көргөн аяндан кийин Кудай бизди Македонияга Жакшы Кабар таратууга чакырып жатат деген жыйынтыкка келип, дароо эле ошол жакка бет алдык.
11Троас шаарынан кемеге түшүп, биз түптүз Сематирек тарапка багыт алдык да, эртеси күнү Неапол шаарына жеттик.
12Андан Филипияга жөнөдүк. Филипия — Македония аймагына киргендеги биринчи шаар жана Рим империясынын колониясы. Бул шаарда биз бир нече күн туруп калдык.

 

13Биз дем алыш күнү шаардын сыртында иудейлер сыйына турган жер бар болуш керек деп ойлоп, дарыянын жээгине бардык. Олтуруп алып, ал жерге келген бир нече аял менен сүйлөшө баштадык.
14Алардын арасында Тиатира шаарынан келген, Кудайга ишенген Лидия аттуу бир аял бар эле. Ал кооз кырмызы кездеме сатчу. Эгебиз анын жүрөгүн жибитип, Пабылдын айткандарына назар салдырды.
15Ал үй ичи менен бирге сууга чөмүлдүрүү расмисинен өткөн соң, бизди конокко чакырды. «Эгер мени Эгебизге ишенди деп эсептесеңер, анда үйүмө кирип мейман болуп кеткиле», — деп өтүнүп атып, бизди калууга көндүрдү.

 

Көзү ачык кыздан жиндин чыгышы

 

16Бир күнү сыйына турган жайга баратканыбызда, алдыбыздан көзү ачык бир кыз тосуп чыкты. Бул малай кыз көзү ачыктыгы менен кожоюндарына көп киреше түшүрчү экен.

 

17Ал биздин аркабыздан калбай: — Булар Кудай Тааланын кызматчылары, силерге күнөөдөн кутулуу жолун көргөзөт! — деп кыйкырып, ээрчип алды.

 

18Ал мунусун көп күндөр бою кайталай берди. Ошондо Пабылдын ачуусу келип, кызды кыйкырткан жинге кайрылып:

 

— Ыйса Машаяктын атынан буйрук кылам: бул кыздан чык! — деди.

 

Жин ошол замат андан чыгып кетти.
19Кыздын кожоюндары пайдасынан кол жууганын көрүшкөндө, Пабыл менен Силаны кармап алып, борбордук аянттагы башкаруучулардын алдына сүйрөп келишти да,

 

20аларга: — Бул эврейлер шаарыбыздын элин дүрбөлөңгө салып жүрүшөт.
21Булар үгүттөп жүргөн нерселер биздин, римдиктердин салтына туура келбейт. Аларды бизге кабыл алууга да, аткарууга да болбойт! — дешти.

 

Пабыл менен Силанын түрмөдөн бошотулушу

 

22Топтолгондор Пабыл менен Силага атырылганда, башчылар алардын кийимдерин тыттырып туруп, сабоого буйрук беришти.
23Абдан катуу сабашкан соң, зынданга таштап салышты да, сакчыга жакшылап кайтарууну буйрушту.
24Сакчы аларды түрмөнүн эң төркү бөлүгүнө алып кирип, буттарын кишендеп койду.

 

25Түн ортосу ченде Пабыл менен Сила сыйынып, Кудайды даңктап ырдай башташты. Түрмөдөгүлөр болсо аларга кулак салышты.
26Бир убакта жер абдан катуу титиреп, түрмөнүн пайдубалы термеле түштү. Ошондо бардык эшиктер ачылып, бүт байлоолору чечилип кетти.

 

27-28Сакчы ойгонуп кетип, эшиктердин ачылып калганын көрдү. Ал түрмөдөгүлөр качып кетишиптир деп ойлоду да, канжарын сууруп алып, өзүн өлтүргөнү жатканда, Пабыл ага: — Эй, токто! Биз мындабыз! — деп кыйкырып жиберди.

 

29Сакчы коркконунан калтырап-титиреп, Пабыл менен Силанын алдына жыгылды. Анан от сурап алып,

 

30аларды сыртка ээрчитип чыкты да, мындай деди: — Мырзалар, эмне кылсам куткарылам?

 

31— Эгебиз Ыйсага ишен, ошондо өзүң жана үйүңдөгүлөрдүн баары куткарыласыңар, — деп жооп беришти алар.

 

32Анан ага жана анын үй-бүлөсүнө Эгебиздин сөзүн айтып беришти.
33Сакчы түн болгонунуна карабай, Пабыл менен Силанын жараларын жууп берди да, дароо бүт үй-бүлөсү менен бирге сууга чөмүлдүрүлдү.
34Анан үйүнө киргизип, дасторкон жайды. Сакчынын үйүндөгүлөрүнүн баары Кудайга ишенип, чоң кубанычка бөлөнүштү.
35Таң атканда, шаар башчылары: «Алиги кишилерди бошоткула!» — деп кароол башчыларынан айттырып жиберишиптир.

 

36Сакчы бул буйрукту Пабылга жеткизди. — Шаар башчылары киши жиберип, силерди боштондукка чыгарышсын дешиптир, — деди ал. — Ошондуктан силер тынч эле кете берсеңер болот.

 

37Бирок Пабыл аларга мындай жооп берди:

 

— Бизди, Рим атуулдарын, сурак-соту жок, эл алдында уруп-сабап туруп, зынданга салышты. Эми акырын гана чыгарып коюшат бекен? Жок, өздөрү биздин алдыбызга келип, бошотушсун.

 

38Кароол башчылары бул сөздөрдү кайрадан шаар башчыларына жеткиришти. Пабыл менен Силанын Рим атуулдары экенин укканда, алар коркуп кетишти да,
39келип кечирим сурашты. Анан сыртка чыгарып, шаардан кетип калгыла деп өтүнүштү.
40Пабыл менен Сила түрмөдөн чыгып, Лидияныкына барышты. Ал жерден боордоштор менен көрүшүп, алардын көңүлүн көтөрүп, анан сапарын улашты.

 

17

 

Тесалоника шаарындагы куугунтук

 

1Пабылдар Амфиполис жана Аполониядан өтүшүп, Тесалоникага келишти. Анда иудейлердин синагогасы бар эле.
2-3Пабыл адатынча үч дем алыш катары менен синагогага келип, аларга Машаяктын курман болуп, анан кайрадан тирилүүгө тийиш экендиги тууралуу Ыйык Жазуулардагы ишенимдүү далилдердин маанисин ачып, түшүндүрүп берди. «Мен ушунда жазылган Ыйсаны силерге айтып берип жатам», — деди ал.
4Бир топ адам ишенимге келип, Пабыл менен Силанын айтканын кабыл алышты. Алардын арасында Кудайга табынган иудей эместер жана шаардын атактуу аялдары бар эле.
5Бирок иудейлер көрө албастык кылып, базардагы бейбаштардын бир нечесин топтоп, шаарды дүрбөтүштү. Алар Жасондун үйүнө жулунган бойдон жетип келип, андан Пабыл менен Силаны топураган элдин алдына чыгарууну талап кылышты.
6Бирок аларды таппай, Жасонду шаар башчыларынын алдына жулкулдатып, сүйрөп келишти. Алар: «Элди бөлүп-жарган булар биз жакка да жетип келишиптир.
7А мына бул Жасон болсо, аларды үйүнө киргизиптир. "Ыйса деген башка дагы бир падыша бар!" дешип, Рим падышасынын бийлигине каршы чыгып жатышат!» — деп бакырышты.
8Муну укканда, жыйылган эл менен шаар башчыларынын тынчы кетти.
9Анан Жасон менен анын жанындагылардан акча алып, үйлөрүнө коё беришти.

 

Берея шаарындагы жылуу мамиле

 

10Ошол эле түнү Пабыл менен Силаны ишенүүчүлөр тезинен Береяга жөнөтүштү. Пабыл менен Сила Береяга жетери менен иудей синагогасына барышты.
11Бул жердиктер Тесалоникадагыларга караганда бир топ акыл-эстүүрөөк экен. Алар Кудайдын кабарын чын ыкласы менен кабыл алып, ырас эле ушундай бекен дешип, Ыйык Жазууларды күндө ынтызарлык менен карап, териштирип окушту.
12Ошондуктан алардын көбү ишенимге келишти. Арасында башка улуттагы аттуу-баштуу аял-эркектер да бир топ болчу.

 

13Пабыл Береяда да Кудай сөзүн жарыялап жүрөт деп уккан Тесалоникадагы иудейлер ал жакка жетип келип, элди дүрбөлөңгө салышты.
14Ошондо ишенгендер Пабылды болушунча деңиз тарапка, алыс кетип калууга көндүрүштү. Сила менен Тиметей болсо, ал жакта калды.
15Пабылды коштогондор аны Афинге чейин узатып барышты. Пабылдан: «Сила менен Тиметей тезирээк мага келип калышсын!» деген тапшырманы алышкан соң, кайра жолго чыгышты.

 

Пабыл философтордун арасында

 

16Пабыл Афинде Сила менен Тиметейди күтүп жүрүп, шаардын жасалма буркандарга толуп кеткенин көрүп, ичинен аябай ачууланып, капа болду.
17Ошондуктан ал синагогада иудейлерге, Кудайга табынган башка улуттун адамдарына, ошондой эле борбордук аянтта аны уккусу келгендерге күн сайын Кудайдын кабарын айтып жүрдү.
18Ошондо эпикурей жана стоик философиясын жактаган мугалимдер аны менен талаша кетишти. Айрымдары: «Мына бу "булбул" эмне деп сайрап жатат?» — дешсе, айрымдары: «Бул биз билбеген кудайга үгүттөп жүрөт окшойт!» — дешти. Анткени Пабыл Ыйса жана Анын кайра тирилүүсү тууралуу айтып жүргөн.

 

19Анан Пабылды Ареопаг аянтына алып келишти да: — Бу сен таратып жүргөн жаңы окуу жөнүндө билсек болобу?
20Мурда такыр кулагыбыз укпаган кызык кепти сенден угуп жатабыз го? Ошонун маанисин түшүндүрүп берчи! — дешти.

 

21Афиндиктер менен ошол шаарда жашаган чет элдиктер жаңы ойлорду айткандан же уккандан башка эч нерсе кылышчу эмес.

 

22Ошондо Пабыл Ареопаг аянтында көпчүлүктүн алдына чыгып, мындай деп сөз сүйлөдү: — Кымбаттуу афиндик агайындар! Сиздердин абдан динчил экениңиздерди байкадым.
23Силер табынган жайларды аралап жүрүп, «Белгисиз Кудайга» деген жазуусу бар курмандык жайды көрдүм. Мына ошол өзүңөр билбей туруп, табынып жүргөн Кудайды мен азыр силерге айтып берейин.

 

24Кудай ааламды жана андагынын баарын жаратып, асман-жердин ээси болуп туруп, адам баласынын колунан жаралган ийбадатканаларда жашабайт.
25Адам баласынын колунан келчү кызматтарга да муктаж эмес. Тескерисинче, баарына өмүр, дем берип, муктаждыктарын канааттандырып турган ошол.
26Бүткүл жер жүзүнө таралсын деп, бир адамдан бардык улуттарды чыгарган. Алардын өмүр сүрүү мөөнөттөрү менен жашай турган жерлеринин чегин алдыртан аныктап койгон.
27Адамдар Аны издешсин, сезишсин деп ушундай кылган. А бирок, чынында, Кудай биздин эч кимибизден алыс эмес.
28Биз Анын кучагында жашап, Анын ичинде кыймылдап, тиричилигибизди кылып, Анын жүрөк толтосунда турабыз. Силердин айрым акыныңар айткандай: «биз да анын тукумубуз».
29Демек, биз Кудайдын тукуму болуп туруп, Кудайдын табиятын алтын-күмүшкө, ташка теңеп, Аны пенденин акылы менен өнөрүнөн жаралган нерсеге окшош деп ойлобошубуз керек.

 

30Кудайды тааныбастыктын, караңгылыктын дооруна көз жумуп, Кудай азыр бардык жерде, бардык адамдарга: «Ниетиңерди өзгөрткүлө!» — деп жарыялап жатат.
31Анткени Ал Өзү дайындаган бир Адамынын колу менен бүт адамзатка адилет сот жүргүзө турган күндү белгилеп койгон. Бүткүл адамзаттын алдында мунун далили катары ошол Адамды өлүмдөн тирилтти.

 

32Өлүмдөн тирилүү тууралуу укканда, кээси мыйыгынан күлсө, кээси «мунуңду кийин дагы угабыз» дешти.
33Ошондо Пабыл алардан кетип калды.
34Бирок бир нече киши анын айтканына кошулуп, ишенимге келишти. Ишенгендердин арасында Ареопагдын мүчөсү — Дионис, Дамар деген аял жана башкалар бар эле.

 

18

 

Корунт шаарында

 

1Ушундан соң, Пабыл Афинден чыгып, Корунтка келди.
2Корунттан Акила деген бир эврейге кезикти. Ал өзү Рим империясына караштуу Понт деген шаарда төрөлгөн киши болчу, бирок падыша Клавдийдин: «эврейлердин баары Римден кетишсин!» деген буйругунан улам жакында эле Италиядан аялы Прискила экөө көчүп келишкен эле.
3Пабыл аларды көргөнү барып, кесиптеш болгондуктан, ал экөө менен бирге чатыр жасап, чогуу туруп калды.
4Анан ар дем алыш сайын синагогага барып, эврейлерди да, башка улуттагыларды да ишендирүүгө аракет кылды.

 

5Македониядан Сила менен Тиметей келгенде, Пабыл бардык убакытын Жакшы Кабар таратууга арнап, иудейлерге Ыйсанын Машаяк экенин далилдеп жүрдү.

 

6Качан гана алар каршы чыгып, тил тийгизгенде, чапанынын чаңын кагып: — Өз убалыңар өзүңөргө, мен силер үчүн жооп бербейм! Эми мен башка улуттагыларга барам! — деди.

 

7Ошентип, алардан кетип, Ыйсанын Титий Жуст деген эврей эмес шакиртинин үйүндө жашап калды. Анын үйү синагоганын жанында эле.
8Синагога башчысы Крисп бүт үй-бүлөсү менен Эгебиз Ыйсанын жолуна түштү. Ошондой эле Корунтта жашаган дагы көптөгөн адамдар Жакшы Кабарды эшитип, ишенимге келишип, сууга чөмүлүштү.

 

9Бир түнү Пабыл аян көрдү. Эгебиз ага: «Коркпо, Пабыл, сүйлөй бер, эч токтобо.
10Мен сени менен бирге болом. Эч ким сага зыян кыла албайт, себеби бул шаарда Менин адамдарым көп», — деди.
11Ошондуктан Пабыл Кудай сөзүн окутуп, бир жарым жылдай ошол жерде жашап калды.

 

12Ахая аймагына Галион губернатор болуп турган кезде, иудейлер чогулуп алып, Пабылды кармап, сот мекемесине сүйрөп алып келишти.

 

13— Бул адам биздин касиеттүү диний мыйзамыбызга туура келбеген жол менен Кудайга табынууну үгүттөп жүрөт, — дешти алар.

 

14Пабыл эми сүйлөйүн дегенде, Галион иудейлерге:

 

— Эгер бул киши бир кылмыш кылды же тартип бузду десеңер, арызыңарга көңүл бурмакмын.
15Бирок биерде кайсы бир мага тааныш эмес сөздөр, ысымдар жана өзүңөрдүн мыйзамыңар жөнүндө кеп болуп жаткан соң, аны өзүңөр талдап чыккыла. Мен мындай маселени карагым келбейт, — деди.

 

16Ушундай деп, аларды мекемеден айдап чыкты.
17Анан баары синагога башчысы Состенди кармап алып, мекеменин так астында ура кетишти. Галион болсо билмексенге салып, аларды карап да койгон жок.

 

Прискила, Акила жана Апол

 

18Пабыл Корунтта бир топ убакыт турган соң, ал жердеги боордоштор менен коштошуп, Прискила менен Акиланын коштоосунда Сирия тарапка кеме менен жөнөп кетти. Кудайга берген назир антын сактап, Кеңхреяда чачын алдырды.
19Эфеске келишкенде, Пабыл Прискила менен Акиладан бөлүндү да, синагогага барып, иудейлер менен чындыкты талашты.
20Алар Пабылдын көбүрөөк убакытка калуусун суранышты, бирок ал:
21«Кудайдын эрки болсо, дагы келермин», — деп көнбөдү. Анан Эфестен кемеге отуруп, жөнөп кетти.

 

22Кесарияга жеткенде, жыйынга барып, боордоштор менен учурашкан соң, Антахияга жөнөдү.
23Антахияда бир нече убакыт туруп, анан Галатия жана Фригия аймактарын аралап, Ыйсанын шакирттеринин ишенимин чыңап жүрдү.

 

Аполдун күбөлүгү

 

24Аңгыча александриялык Апол деген бир иудей Эфеске келип калды. Ал Ыйык Жазууларды мыкты билген, өзү билимдүү киши болор эле.
25Эгебиз жөнүндөгү окуудан сабак алган бул киши Жакыянын чөмүлдүрүүсүн гана билсе да, Ыйса жөнүндө өз көзү менен көргөндөй күйүп-бышып айтып жүрдү.
26Апол синагогада тайманбай ачык сүйлөй баштады. Прискила менен Акила анын сөзүн угушкан соң, конокко чакырышып, Кудайдын жолун тагыраак түшүндүрүп беришти.
27Анан, Ахаяга кетейин дегенде, эфестик боордоштор ага кол кабыш кылып, ахаялык Ыйсага ишенгендерге Аполду кабыл алгыла деген кат жазышты. Аполдун Ахаяга келгени, андагы Кудайдын ырайымы менен ишенгендер үчүн зор жардам болду.
28Анткени ал Ыйык Жазуулардан Ыйсанын Машаяк экенин далилдеп, эл алдындагы айтыштарда иудейлердин жаңылыштыктарынын бетин ачты.

 

19

 

Пабыл Эфес шаарында

 

1Апол Корунтта жүргөн убакта, Пабыл тоолуу аймактарды аралап өтүп, Эфеске келди. Ал жерден Ыйсага ишенгендердин бир нечесине жолугуп,

 

2алардан: — Силер Ыйсанын жолуна түшкөндө, Ыйык Рухту кабыл алдыңар беле? — деп сурады.

 

Алар:

 

— Жок, биз Ыйык Рух бар экенин уккан да эмеспиз, — деп жооп беришти.

 

3— Анда кандай ишеним менен сууга чөмүлдүрүү расмисинен өттүңөр эле? — деди Пабыл.

 

Алар:

 

— Жакыянын айтканы боюнча ишенип, — дешти.

 

4Ошондо Пабыл аларга мындай деди:

 

— Ооба, Жакыя адамдарды ниеттерин өзгөртүүгө чакырып, сууга чөмүлдүргөн. Бирок ал: «менден кийин келе жатканга ишенишиңер керек» деген. Кийин келе жаткан Ыйса болчу.

 

5Алар муну укканда, Эгебиз Ыйсага ишенип, анын атынан сууга чөмүлдүрүлүштү.
6Анан Пабыл сыйынып, колун тийгизгенде, аларга Ыйык Рух түштү. Алар бөтөн бир тилдерде сүйлөп, пайгамбарчылык кыла башташты.
7Алардын жалпы саны он эки кишиге жакын эле.

 

8Пабыл үч ай бою синагогага тынбай барып, анда Кудай Падышачылыгы тууралуу сөз сүйлөп, ишенимдүү далилдерди келтирип, Кудайдын сөзүн тайманбай ачык айтып жүрдү.
9Бирок кээ бир адамдар бой көтөрүп, кабыл алгысы келбеди. Алар көпчүлүк алдында Кудай жолуна каршы чыгып, тил тийгизишти. Ошондуктан Пабыл алардын арасынан Ыйсага ишенгендерди бөлүп алып, аларга күн сайын Туран деген мектепте сабак өттү.
10Эки жылдан ашык убакыт бою Пабыл ушундай кылды. Асияда жашаган иудейлер менен башка улуттагылардын баарына Эгебиздин сөзү жетти.

 

Пабылдын Кудайдын кудуретин көрсөтүшү

 

11Кудай Пабылдын колу менен кудуреттүү, өзгөчө укмуш иштерди кылып жатты.
12Ал тургай жоолугу менен белине байланган алжапкычтарын оорулууларга тийгизгенде, алар айыгып, кара күчтөрдөн арылып жатышты.

 

13Ошол жерде эл аралап, кара күчтөрдү кубалап жүргөн бир нече иудей бар эле. Алар да Эгебиз Ыйсанын атынан кара күчтөрдү кубалаганга аракет кылышып, «Пабыл жарыялап жүргөн Ыйсанын атынан буйрук берем, бул кишиден чыгып кеткиле!» — деп көрүштү.
14Алардын арасында Скеба аттуу бир башкы динкызматчы иудейдин жети уулу да бар эле.
15Бир күнү кара күч аларга: «Ыйсаны билем, Пабылды тааныйм, а силер кимсиңер?» — деди.
16Ичинде кара күчү бар адам ушундай деп, алардын үстүнө секирип минип, сабап кирди. Ошондо алар үйдөн жыпжылаңач, жарадар абалда качып чыгышты.

 

17Бул окуя Эфесте жашаган бардык иудейлерге жана иудей эместерге белгилүү болуп, баарынын жүрөгүнүн үшүн алды. Ал эми Эгебиздин зоболосу болсо дагы көтөрүлдү.
18Ишенимге келгендердин көбү күнөөлөрүн ачык айтып моюндарына алып жатышты.
19Бир топ киши бал китептерин алып келип, элдин көзүнчө отко ыргытышты. Өрттөлгөн китептердин баасын эсептешкенде, элүү миң күмүш теңге болду.

 

20Ошентип, Эгебиздин кудурети менен Анын кабары кеңири тарап, күчүнө кирип жатты.

 

Эфес шаарындагы козголоң

 

21Ушул окуялардан соң, Пабыл көңүлүндө Македония менен Ахая аймактарынан өтүп, Иерусалимге барууну көздөдү. «Ал жакта бир аз болгон соң, Римге да барышым керек», — деп ниет кылды.
22Жанындагы эки шеригин: Тиметей менен Эрастты Македонияга жиберип, өзү Асия аймагында калып калды.

 

23Ошол кезде Эфесте Эгебиз Ыйсанын жолуна каршы бир топ олуттуу козголоң чыгып кетти.
24Аял кудай Артемиданын ийбадатканасынын күмүш айкелдерин жасаган Деметир деген бир уста бар эле. Бул иши менен ал көп жумушчуларга пайда келтирчү.

 

25Ошол жумушчуларды жана башка ушундай иш менен алек болгон адамдарды топтоп алып, ал мындай деди: — Жигиттер, бул соодадан бизге кандай пайда түшүп жатканы силерге маалым.
26Бирок алиги Пабыл деген неменин эмне кылып жатканын айтпаса деле өзүңөр көрүп-билип турасыңар. Ал: «адам колунан чыккан нерселер кудайлар эмес!» деп элдин баарын айнытып жатат. Бул сөзүн Эфеске гана эмес, дээрлик бүткүл Асияга жайып жибериптир.
27Бул биздин ишибизди жаман атка калуу коркунучуна гана дуушар кылбастан, аял кудай Артемиданын ийбадатканасынын беделин түшүрүп, бүткүл Асия, ал тургай бүт дүйнө жүзү табынган улуу аял кудайдын өзүнүн да кадырын кетирет.

 

28Муну укканда, тигилер катуу ачууланып:

 

— Эфестик улуу Артемидага даңк! — деп, кайра-кайра бакырып жатышты.

 

Шаар ичи бир паста астын-үстүн болуп кетти. Алар Пабыл менен бирге жүргөн эки македониялыкты:
29Гай менен Аристархты кармап алып, стадионго сүйрөп жөнөштү.
30Пабыл ээликкен элдин алдына чыгып, сөз сүйлөмөкчү болду эле, бирок ишенгендер жол беришкен жок.
31Ал тургай, Пабылдын достору болгон Асия аймагындагы чоң кызматтагы адамдар да «стадионго барба» деген өтүнүч менен ага киши жиберишти.

 

32Бул арада тополоңдун арасынан бири мындай десе, экинчиси тигиндей деп бакырып, ызы-чуу болуп жатышты. Көпчүлүгү эмнеге чогулганын өздөрү да түшүнүшкөн жок.
33Эл арасынан кимдир бирөөлөр буга Искендер деген киши жооптуу дешкенде, иудейлер аны алга түртүп чыгарышты. Искендер алдыга чыгып, колу менен ишарат кылып, өзүн актап сөз сүйлөмөкчү болду.
34Бирок анын иудей экенин билишкенде, топураган эл бир добуштан: «Жашасын эфестик улуу Артемида!» — деп эки саат бою кыйкырып турду.

 

35Ошондо шаар акимиатынын кызматчысы элди тынчтандырып, мындай деди: — Кымбаттуу эфестиктер! Улуу Артемиданын ийбадатканасы үчүн кам көргөн Эфес шаарын жана андагы көктөн түшкөн касиеттүү айкелди ким билбейт?
36Бул чындыкты эч ким жокко чыгара албайт. Ошондуктан сабыр кылгыла, шашылып эч иш кылбагыла.
37Силер бу кишилерди мында алып келипсиңер. Бирок алар ийбадатканаңардын да эч нерсесин уурдашпаптыр, аял кудайыңарга да тил тийгизишпептир.
38Эгер Деметир менен анын кесиптештеринин кимдир бирөөгө нааразылыгы болсо, сот мекемелеринин эшиги ачык. Арыз-муңун ошондо иштеген чоңдорго айтып, чечишсин.
39Ал эми силердин мындан башка талабыңар бар болсо, ал мыйзамдуу чогулушта чечилет.
40Ансыз деле бүгүнкү окуянын айынан жогору жактагы чоңдор бизди шаарыңарда козголоң болуптур деп бизди айыпка жыгышы мүмкүн. Башыбызда ушундай коркунуч турат. Бүгүнкү тополоң үчүн жооп берип, өзүбүздү актай турган эч шылтообуз да жок.

 

Шаар мекемесинин кызматкери ушундай сөз сүйлөп, чогулгандарды таратып жиберди.

 

20

 

Пабыл Македония менен Грецияда

 

1Тополоң токтогон соң, Пабыл ишенгендерди чогултуп, аларга насаатын айтты да Македония тарапка жөнөп кетти.
2Анан ошол тараптагы аймактарды аралап, ишенгендерге көптөгөн насааттарын айткандан кийин Грецияга келди.
3Грецияда үч айдай болгон соң, кеме менен Сирияга сүзүп кетүүгө ниеттенип турганда, иудейлердин өлтүрөбүз деген оюн билип калды. Ошондуктан кайра артка Македония аркылуу кетүүнү чечти.
4Аны береялык Пирдин уулу Сопатыр, тесалоникалык Аристарх менен Секунт, дербелик Гай менен Тиметей, асиялык Тихик менен Трофим узатып барышты.
5Алар бизден мурда Троас шаарына барып, бизди ошол жерден күтүп турушту.
6Биз Калама майрамы бүткөндө, Филипиядан сүзүп чыктык да, беш күндөн кийин Троаска келип, аларга кошулдук. Троаста жети күн турдук.

 

Пабылдын акыркы жолу Троас шаарында болушу

 

7Жуманын биринчи күнү Эгебизди эскерүү кечесин өткөрүү үчүн чогулдук. Кечеде Пабыл элге таалим берди. Эртеси күнү жөнөп кете тургандыктан түн жарымына чейин сүйлөдү.
8Биз үч кабат үйдүн көптөгөн шамдар менен жарык кылынган үстүнкү кабатындагы залына чогулган элек.
9Эйтик деген бир тестиер бала терезенин текчесине чыгып алып, угуп олтурган. Пабылдын таалими узакка созулгандыктан, анын көзү илинип кетиптир. Бир убакта катуу уйку басып, текчеден кулап түштү. Башын көтөрүшсө, өлүп калыптыр.
10Пабыл төмөн түшүп, баланын үстүнө жатып, бек кучактады да: «Кабатыр болбогула, бала тирүү!» — деди.
11Анан кайра экинчи кабатка чыгып, чогулгандар менен бирге тамактанды. Алар менен көпкө чейин, таң сүргөнчө маектешип отурган соң, жолго чыкты.
12Ошол арада баягы баланы тургузуп, үйүнө аман-эсен жетелеп кетишти. Муну көрүп, алардын көңүлдөрү көтөрүлө түштү.

 

Троастан Милетке

 

13Пабыл Троастан Аска жөө бармакчы болду. Ошол себептен биз алдыга кетип, аны Астан тосуп алалы деп, кемеге отурдук. Муну Пабыл өзү ушундай ойлонуштурган болчу.
14Ошентип, аны менен Астан кезиктик да, чогуу Митилен шаарына сүзүп келдик.
15Кийинки күнү андан кемеге олтуруп, Хиёс аралынын тушуна жеттик. Үчүнчү күнү Самос аралын жандап өтүп, төртүнчү күн дегенде, Милет шаарына келдик.
16Пабыл Асияда убактысын коротпоюн деп, Эфеске тийбей өтүп кетти. Анткени ал Түшүм майрамын мүмкүн болсо, Иерусалимде тосоюн деп, шашып жаткан эле.

 

Эфес шаарындагы жыйын жетекчилери менен коштошуу

 

17Пабыл Милеттен Эфеске киши жиберип, жыйын жетекчилерин чакыртып

 

18алып, аларга мындай деди: — Мен Асия жерине кадам шилтеген биринчи күнүмдөн тартып, ушул убакка чейин силер менен кандай жашаганымды өзүңөр билесиңер.
19Иудейлердин арам ойлуу максаттарынан улам көп азаптарга чыдап, көз жашым төгүп, Эгебизге толук моюн сунуу менен кызмат кылдым.
20Пайдалуу нерселерден эч нерсени айтпай калбайын деп, көпчүлүктүн алдында да, үймө-үй кыдырып да айтып, силерге таалим берип жүрдүм.
21Кудай алдында ниеттерин өзгөртүп, Эгебиз Ыйсага ишенүүнү эврейлерге да, башка улуттагыларга да тартынбай жарыяладым.
22Эми, мына, Ыйык Рухка жетеленип, Иерусалимге баратам. Мени анда эмне күтүп турганын билбейм.
23Билгеним — кайсы шаарга барбайын, кишен менен азап башымда. Муну Ыйык Рух мага аян кылууда.
24Бирок көздөгөн максатыма жетейин, Кудайдын ырайым тууралуу Жакшы Кабарын тартынбай айт деген Эгебиз Ыйсадан алган кызматымдын аягына чыгайын дегенде, жанымды да аябайм.

 

25Дагы бир нерсе мага маалым: силердин араңарда Кудайдын Падышачылыгын жарыялап жүргөн мени мындан ары көрбөйсүңөр.
26Ошондуктан бүгүн силерге эскертип кетейин: мен бир да адамдын түбөлүк өмүрдөн айрылып калганы үчүн жооптуу эмесмин.
27Анткени Кудайдын ой-максаттарынан кымындай да калтырбастан силерге баарын айтып бердим.

 

28Өзүңөрдү карагыла жана Ыйык Рух силерге аманат кылган Кудайдын оторуна көз салгыла. Кудай Өз Уулунун канын төгүп, ошонун баасы менен тапкан жыйын үчүн кам көргүлө.
29Мен кеткенден кийин оторду аябаган канкор карышкырлар араңарга сүңгүп кирерин билем.
30Тескери сүйлөп, Ыйсанын шакирттерин ак жолдон айныткандар өз араңардан да чыгат.
31Ошондуктан сак болгула. Күн-түн дебей, ар бириңер үчүн көз жашымды төгүп, окутканымды эстен чыгарбагыла.

 

32Эми, боордошторум, мен силерди Кудайдын колуна жана Анын ырайымдуу сөзүнө тапшырам. Ал сөз ишенимиңерди бекемдеп, Кудай Өз адамдарынын баарына насип кылган ак баталуу мурастарын силерге да бере алат.

 

33Мен эч кимдин акчасына, кымбат баалуу кийимине суктанып, көз артпадым.
34Тескерисинче, өзүмдүн, ошондой эле жолдошторумдун муктаждыктары үчүн мына бул колдорум менен мээнет кылдым. Муну силер өзүңөр деле жакшы билесиңер.
35Ушундай эмгек кылып, алсыздарга кандай кол кабыш кылышыңар керектигин жана «алгандан көрө, берген бактылуу» деп айткан Эгебиз Ыйсанын сөзүн эстеп жүрүшүңөр үчүн мен силерге баарын көрсөттүм.

 

36Пабыл ушундай деп, тизеледи да ишенүүчүлөр менен бирге сыйынды.
37Баары буркурап ыйлап, мойнуна асылып, бетинен өпкүлөштү.
38Баарынан да Пабылдын «мени мындан ары көрбөйсүңөр» деген сөзү алардын сай-сөөгүн сыздатты. Анан алар Пабылды кемеге чейин узатып барышты.

 

21

 

Пабылдын Иерусалимге сапар тартышы

 

1Биз Эфестеги ишенгендер менен коштошуп, кеме менен түптүз Кос аралына келдик. Эртеси күнү Родос аралына, андан чыгып, Патара шаарына сүзүп бардык.
2Патарадан Финикияга бара турган кемени таап, сүзүп кеттик.
3Кипр аралы көрүнгөндө, аны солго калтырып, Сирияга бет алдык. Тир шаарында кемеден жүк түшүрүлө тургандыктан, жерге түштүк.
4Шаардан Ыйсанын шакирттерин таап, жети күндөй алар менен бирге болдук. Алар Ыйык Рух берген аян менен Пабылды Иерусалимге барба дешти.
5Бирок биз убактыбыз аяктаганда, жолго чыгып, сапарыбызды уланттык. Бардык ишенгендер аялдары, бала-чакасы менен бирге бизди шаардан узатып чыгышты. Деңиз жээгине жеткенде тизе бүгүп, чогуу сыйындык.
6Бири бирибиз менен коштошуп, биз кемеге түштүк, алар болсо үйлөрүнө кайтышты.

 

7Тирден сүзүп чыгып, Пытоломей шаарына келдик. Шаардан боордошторубузга жолугуп, алар менен бир күн болдук.
8Кийинки күнү ал жерден чыгып, Кесария шаарына келдик. Жети кызматчынын бири — Жакшы Кабар жарчысы болгон Филиптин үйүнө барып, аныкында болдук.
9Филиптин турмушка чыга элек төрт кызынын пайгамбарлык касиети бар экен.

 

10Кесарияда бир нече күн турганыбызда, Иудеядан Агап деген бир пайгамбар адам келди.

 

11Ал бизге жолугары менен Пабылдын курун алды да, өзүнүн колу-бутун байлап, мындай деди: — Ыйык Рух айтат: Иерусалимдеги иудейлер бул курдун ээсин ушундай кылып байлап, башка улуттагылардын колуна тапшырышат.

 

12Бул сөздү укканда, биз ошол жердегилер менен бирге Пабылга:

 

— Иерусалимге барбачы! — деп жалбардык.

 

13Бирок ал:

 

— Бул эмнеңер? Эмне үчүн ыйлап, жүрөгүмдү эзесиңер? Мен Эгебиз Ыйса үчүн байланмак тургай, Иерусалимде өлүмгө да даярмын, — деди.

 

14Пабылды көндүрө албаган соң:

 

— Мейли эми, Эгебиздин эркиндей болсун, — деп тим болдук.

 

15Ошол күндөрдөн кийин буюм-тайымдарыбызды жыйнап, Иерусалимге жөнөдүк.
16Кесариялык ишенгендердин бир нечеси биз менен чогуу чыгышкан эле. Алар бизди Ыйсанын алгачкы шакирттеринин бири болгон кипрлик Минасондун үйүнө баштап барышты. Ошентип, биз аныкында жашап калдык.

 

Пабылдын Иерусалимден Жакыпка жолугушу

 

17Иерусалимде бизди боордоштор жылуу кабыл алышты.
18Кийинки күнү Пабыл менен бирге Жакыпка бардык. Жыйын жетекчилеринин баары ошол жерге чогулуп калышыптыр.
19Алар менен учурашып, ал-жайды сурашкандан кийин, Пабыл өзү аркылуу башка улуттагылардын арасында кылган Кудайдын иштерин төкпөй-чачпай айтып берди.

 

20Пабылдын сөзүн уккандан кийин, алар Кудайды даңкташты. Анан Пабылга мындай дешти: — Боордошубуз Пабыл, канча миңдеген иудейлер ишенимге келгенин көргөндүрсүң. Алардын баары Тоорат мыйзамы дегенде эт-бетинен кеткендер.
21Ошолордун айтымында, сен башка жерлерде жашаган бардык иудейлерге барып, аларга: «Тоорат мыйзамынан чыккыла, балдарыңарды сүннөткө олтургузбагыла, иудейлердин салтын кармабагыла!» деп үгүт жүргүзүптүрсүң.
22Эми, албетте, алар келгениңди угушат. Анан чатак чыгат. Анда эмне кылдык?
23Ошондуктан биздин айтканыбызды ук: бизде өздөрүн назирликке арнаган төрт киши бар.
24Сен ошолорго кошул да, алар менен бирге Тоорат мыйзамынын талабы боюнча тазалануу расмисинен өт. Назирлик мөөнөттөрү аяктаганы билинип, чачтарын алууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн алардын бардык чыгымдарын сен көтөр. Ошондо сен тууралуу айтылган сөздөрдүн натуура экени жана Тооратты сактап жүргөнүң баарына билинет.
25Башка улуттагы ишенүүчүлөргө болсо, биз чечимибизди жазып жибердик: алар буркандарга атап чалынган курмандык менен арам өлгөн малдын этин жана канды жебеши керек, ошондой эле бузуктук кылбашы керек.

 

26Эртеси күнү Пабыл ошол адамдарды жанына алып, алар менен бирге тазалануу расмисинен өттү. Андан соң, ийбадатканага барып, тазаланыш убактысы качан аяктарын, ар бири үчүн качан курмандык чалынарын дин кызматкерлерине маалым кылды.

 

Пабылдын кармалышы

 

27-28Арадан бир жума өтпөй, Асиядан келген иудейлер Пабылды ийбадатканадан көрүп, ага кол салышты. Элди ызы-чуу кылып:

 

— Агайындар, жардам бериңиздер! Биздин элибизди, Тоораттагы ыйык мыйзамды жана касиеттүү ийбадатканабызды көрүнгөн жерде жамандап, тил тийгизип жүргөн киши ушул. Ал тургай ийбадаткананын ичине башка улуттагыларды алып кирип, бул ыйык жайды арам кылды, — деп бакырышты.

 

29Анткени алар мурдараакта шаарда Пабыл менен жүргөн башка улуттагы эфестик Трофимди көрүшүп, Пабыл аны ийбадатканага алып кирди деп ойлошкон.

 

30Шаар кыймылга келип, эл дүрбөдү. Пабылды кармап, ийбадаткананын сыртына сүйрөп чыгышты. Ошол замат дарбазалар жабылды.
31Эл Пабылды сабап, өлтүргөнү жатканда, Иерусалимдеги бул тополоң тууралуу кабар римдик миң башыга жетти.
32Ал жоокерлери менен жүз башыларын алып, дароо жетип келди. Тигилер миң башыны көргөндө, Пабылды сабаганын токтото калышты.
33Миң башы жакын басып келип, Пабылды жоокерлерине карматты да, кош чынжыр менен байлоону буйруду. Анан элден Пабылдын ким экенин, кандай кылмыш кылганын сурады.
34Тополоң түшкөн элдин арасынан бири а десе, бири бу деп, ар нерсенин башын айтып, кыйкырып жатышты. Миң башы ызы-чуудан иштин жайын биле албай, Пабылды сепилге алып барууну буюрду.
35Пабыл сепилдин тепкичтерине жетип калганда, ачууланган эл туш-тараптан кыскандыктан жоокерлер Пабылды көтөрүп алышты.

 

36Анткени аны ээрчиген көпчүлүк: — Буга өлүм! — деп кыйкырып жатты.

 

37Сепилге кирип баратышканда, Пабыл миң башыга грекче кайрылып:

 

— Менде сөз бар, сизге айтсам болор бекен? — деди.

 

— Сен грекче билесиңби? — деди миң башы таңыркай.
38— Анда бир нече күн мурда көтөрүлүш чыгарып, төрт миңдей эврей улутчулдарын чөлгө ээрчитип, качып кеткен мисирлик сен болуп жүрбө!?

 

39Пабыл:

 

— Мен Киликиянын абдан белгилүү Тарс деген шаарында төрөлгөн иудеймин. Сизден суранам, элге бир нече сөз айтып калууга уруксат бериңиз, — деди ага жооп берип.

 

40Миң башы уруксат бергенде, Пабыл тепкичте турган жеринен колу менен ишарат кылып, сүйлөөгө камынды. Эл тынчый түштү. Ошондо Пабыл эврей тилинде сүйлөй баштады.

 

22

 

Пабылдын ийбадаткананын сыртында сүйлөгөн сөзү

 

1— Урматтуу агайындар жана аталар! Мен өзүмдү актап айтып турган сөзүмө кулак салгыла! — деди.

 

2Тигилер Пабылдын эврей тилинде кайрылып жатканын укканда, ого бетер тынчый түшүштү. Пабыл сөзүн улады:

 

3— Мен иудеймин, туулган жерим Киликиянын Тарс деген шаары, бирок ушул шаарда чоңоюп, белгилүү дин мугалими — Гамалиелдин кол алдында тарбияландым. Ата-бабабыз туткан мыйзамды кылдаттык менен карманып, ушул турган сиздер сыяктуу эле Кудайга өтө катуу берилген адам элем.
4Ыйсанын жолун жолдоочуларды эркек-аял дебестен байлап келип, түрмөгө каматып, өтө катуу куугунтуктачумун.
5Мына, башкы динкызматчы менен эл башчыларыбыздын баары буга күбө. Мен булардан тил кат жаздырып алып, Ыйсанын шакирттерин Иерусалимге байлап келип, жазалатам деген максатта Дамаскка бараткам.
6Дамаскка жакындаганымда, убакыт түшкө маал болчу. Капыстан көктөн бир нур төгүлүп, айланамды жапжарык кылып жиберди.
7Мен жерге кулап түштүм. Ошондо баягы нурга бөлөнгөн неменин мага: «Шабыл, Шабыл, эмне үчүн Мени куугунтуктап жүрөсүң?» — деген үнүн уктум.
8Мен: «Оо, Кудурет, сиз кимсиз?» — дегенде, Ал: «Мен сен куугунтуктап жүргөн назареттик Ыйсамын», — деди.
9Жанымдагылар жарыкты көрүшүптүр, бирок мага сүйлөгөн үндү угушпаптыр.
10Мен Ага: «Эми мен эмне кылайын, Эгем?» — дедим. Ошондо Эгем мага мындай деди: «Өйдө бол да, Дамаскка кир. Эмне кылыш керек экендигиңдин баарын ошол жерден айтып беришет».
11Ошол нурдан көзүм тунарып, көрө албай калган экем, жанымдагылар колуман жетелеп, Дамаскка алып келишти.
12Дамасктагы иудейлердин арасында кадыр-барктуу, динге абдан катуу берилген Анания аттуу бир киши бар экен.
13Ошол киши жаныма келип: «Иним Шабыл, көзүң ачылсын!» — деди. Ошондо дароо көзүм ачылып, а кишини көрдүм.
14Ал мага мындай деди: «Биздин ата-бабабыз сыйынган Кудай сени Өз эркин билсин, адилеттүү Кызматчысын көрсүн, Анын сөзүн уксун деп тандаптыр.
15Сен эми уккан-көргөнүңдү бардык адамдарга айтып бересиң.
16Кана, эмнени ойлонуп турасың? Ордуңан туруп, Ыйсанын атын оозанып, сууга чөмүлүп, күнөөлөрүңдөн тазар!»

 

Пабылдын башка улуттагы элдерге Жакшы Кабар айтуу үчүн дайындалышы

 

17Мен Иерусалимге кайтып келген соң, ийбадатканада сыйынып жатып, өзүмдү жоготуп коюптурмун.
18Ошондой абалда Эгем Ыйсаны көрдүм. Ал мага: «Шабыл, сен тез арада Иерусалимден чыгып кет. Бул жердегилер Мен жөнүндөгү күбөлөндүрүүңдү кабыл алышпайт!» — деди.
19Мен: «Эгем, Сага ишенгендерди зынданга салып, синагогаларда уруп-сабаганымды алар жакшы билишет да.
20Сенин күбөң Степанды таш бараңга алып жатышканда, мен да бар элем. Ал тургай ошого курсант болуп, өлтүрүп жаткандардын кийимин кайтарып тургам», — дедим.
21Ошондо Ал мага мындай деди: «Кой, сен азыр бул жерден кетип кал. Мен сени алыстагы элдерге жиберем».

 

Пабыл — Рим атуулу

 

22Ушул убакка чейин Пабылга кулак төшөп отурган эл анын акыркы сөзүн угары менен чуулдап кирди.

 

— Жер менен жексен кылыш керек мындайды! Көзүн тазалаш керек! — деп бакырышып,
23чапандарын чечип ыргытышып, ошердин чаңын асманга сапырышты.

 

24Ошондуктан миң башы Пабылды сепилге алып кирди. Элдин Пабылга мынчалык катуу каршы болгонунун себебин билүү үчүн, аны сабоого буйрук берди.

 

25Желдеттер кайыш менен байлап жатканда, Пабыл жанында турган жүз башыга: — Рим атуулун сурак-сотсуз сабаганга кандай укугуңар бар? — деди.

 

26Жүзбашы муну укканда, миң башыга келип:

 

— Сиз эмне кылганы жатасыз, бу киши Рим атуулу турбайбы, — деди.

 

27Миң башы Пабылга басып келип:

 

— Сен, эмне, Рим атуулусуңбу? — деп сурады.

 

— Ооба, — деди Пабыл ага.

 

28Миң башы:

 

— Мен бул атуулдукту көп акчага сатып алган болчумун, — деди.

 

Пабыл:

 

— А мен болсом төрөлгөндөн эле Рим атуулумун, — деп жооп берди.

 

29Ошондо Пабылды суракка алмакчы болгондор дароо кетенчиктей калышты. Миң башы Пабылдын Рим атуулу экенин билгенде, аны байлатып салганынан улам, өзү да сестейе түштү.
30Эртеси миң башы Пабылдын кишендерин чечтирип, иудейлер эмне себептен айыптап жатканын жакшылап билгиси келди. Бул үчүн жогорку динкызматчылар менен жогорку кеңеш мүчөлөрүнө чогулууну буйруду. Андан соң, Пабылды сепилден ылдый алып түшүп, алардын алдына тургузду.

 

23

 

Пабылдын жогорку кеңештин алдында сүйлөгөн сөзү

 

1Пабыл жогорку кеңештин мүчөлөрүнө тике карап:

 

— Агайындар, мен ушул күнгө чейин Кудай алдында таза абийирим менен жашап келатам, — деди.

 

2Муну уккан башкы динкызматчы Анания жанында тургандарга:

 

— Тигинин оозун талкалагыла! — деп буйруду.

 

3Ошондо Пабыл ага:

 

— Эй, акталган дубал, сени Кудай талкалайт! Сен мени Тоорат мыйзамы боюнча соттогону жатып, эмне менин оозумду талкалатып, кайра өзүң ошол мыйзамды бузганы турасың? — деди.

 

4Жанында тургандар:

 

— Эй, сен Кудайдын башкы динкызматчысына да ушундай сүйлөйсүңбү! — дешти.

 

5Пабыл:

 

— Боордоштор, анын башкы динкызматчы экенин билсем, мындай демек эмесмин. Анткени Тооратта: «Өз элиңдин башчысына жаман сөз айтпа!»деп жазылган, — деди.

 

6Пабыл алардын кээси садукей, кээси фарисей тобунан экенин билип, үнүн бийик чыгарып, жогорку кеңешке:

 

— Боордоштор, мен өзүм фарисеймин, атам да фарисей. Мен өлгөндөр кайра тирилет деп ишенип, үмүт кылганым үчүн соттолуп жатам! — деди.

 

7Пабыл ушундай дегенде, фарисейлер менен садукейлердин ортосунда талаш чыгып, жогорку кеңеш экиге бөлүнүп кетти.
8Анткени садукейлер өлгөндөрдүн кайра тирилишине, периштелер менен рухтардын бар экенине ишенишпейт. Фарисейлер болсо булар бар деп ишенишет.

 

9Ушул себептен талаш кызып, өздөрүнчө уу-дуу болуп кетишти. Ошондо фарисей дин мугалимдеринен бир нечеси алдыга чыгып: — Биз бу кишиден эч кандай жамандык таба албадык. Балким, чындап эле ага кайсы бир рух же периште сүйлөгөндүр! — дешти кызууланып.

 

10Жаңжал барган сайын күчөй берди. Эл Пабылды тытмалап салабы деп корккон миң башы жоокерлерине ылдый түшүп, Пабылды алардын арасынан сууруп чыгып, сепилге киргизүүнү буйруду.

 

11Ошол түнү Эгебиз Ыйса Пабылга келип, мындай деди:

 

— Коркпо, Пабыл! Сен Иерусалимде Мага кандай күбө болсоң, Римде да ошондой күбө болууга тийишсиң.

 

Пабылды өлтүрүү жөнүндө бүтүм

 

12Эртеси күнү таң эрте бир топ иудейлер чогулуп, Пабылды өлтүрмөйүн оозубузга наар албайбыз деп антташып, жашырын бүтүмгө келишти.
13Ушундай максат коюп, өз ара антташкандардын саны кырктан ашып кетти.

 

14Алар жогорку динкызматчылар менен эл башчыларына келип: — Биз Пабылды өлтүрмөйүн эч нерсе жебейбиз деп антташтык.
15Эми сиздер жогорку кеңештин мүчөлөрү менен бирге миң башыга барыңыздар да, Пабылдын маселесин жакшыраак карап чыгабыз деген шылтоо менен аны өзүңүздөргө алдырыңыздар. Биз болсо, аны бул жакка жеткиче, жолдон өлтүрүп салууга даярбыз, — дешти.

 

16Алардын бул оюн Пабылдын жээни угуп калып, сепилге жүгүрүп келди да, ичине кирип, Пабылга айтып берди.

 

17Ошондо Пабыл жүз башынын бирин чакырып алып, ага: — Бу баланы миңбашыга алып барууңузду суранам. Ага айтар сөзү бар экен, — деди.

 

18Жүз башы баланы миң башыга ээрчитип барып, ага:

 

— Камактагы Пабыл мени чакырып, бул баланы сизге алып барууну өтүндү. Мунун сизге айта турган сөзү бар экен, — деди.

 

19Миң башы баланы колунан алып, четке чыгарды да:

 

— Эмне сөзүң бар эле? — деди.

 

20Бала:

 

— Иудейлер өз ара макулдашып, Пабылдын маселесин аныгыраак текшеребиз деген шылтоо менен эртең аны жогорку кеңештин алдына чыгарып берүүңүздү суранганы келишти.
21Сиз макул болбоңуз. Себеби кырктан ашык адам Пабылды аңдып, жолдо бекинип жатышат. Алар аны өлтүрмөйүн оозубузга эч нерсе албайбыз деп өз ара антташып алышкан. Ошолор азыр сиздин уруксатыңызды күтүп, даяр турушат, — деди.

 

22Миң башы:

 

— Муну башка эч кимге айтпа! — деп баланы коё берди.

 

Пабылдын Кесариядагы губернатор Феликске жиберилиши

 

23Миң башы эки жүз башысын чакырып алып, мындай буйрук берди:

 

— Кечки саат тогузга Кесарияга барганга эки жүз жоокерди, жетимиш атчан аскерди жана эки жүз жаачыны даярдагыла.
24Пабылды губернатор Феликстин алдына аман-эсен жеткириш үчүн көлүк камдагыла!

 

25Анан төмөндөгүдөй кат жазды:
26«Клавдий Лисийден улуу урматтуу губернатор Феликске салам кат.
27Бул кишини иудейлер кармап алып, өлтүргөнү жаткан жеринен анын Рим жараны экенин билип, жоокерлерим менен жете барып, алардын колунан куткарып калдым.
28Кандай айып табышканын билейин деп, жогорку кеңешке салдым.
29Алар муну өздөрүнүн диний мыйзамына байланыштуу маселе боюнча айыпка жыгып жатышыптыр. Бирок өлтүрүүгө же түрмөгө камоого ылайык эч айып таппадым.
30Эми, иудейлердин бул кишиге каршы уюштурган оюн билип калып, дароо сизге жиберип отурам. Бул кишини айыптагандарга болсо, айтар сөзүңөрдү өзүңүздүн алдыңызда айткыла деп буйрудум. Саламатта болуңуз».

 

31Жоокерлер буйрукту аткарып, ошол түнү Пабылды Антипатырга алып барышты.
32Эртеси Пабыл менен бирге андан ары баруу үчүн атчандарды калтырып, өздөрү сепилге кайтышты.
33Алар Кесарияга келип, Пабылды губернатордун алдына алып барышты да, катты колуна тапшырышты.
34Губернатор катты окуп чыгып, Пабылдын кайсы аймактан экенин сурады. Пабылдын Киликиядан экенин билген соң, ага:

 

35— Сени айыптагандар келсин, ишиңди ошондо карайм, — деди.

 

Анан жоокерлерине:

 

— Бул киши Ироддун акимчилигинде кайтарууда болсун, — деп буюрду.

 

24

 

Пабыл губернатор Феликстин алдында

 

1Арадан беш күн өтүп, башкы динкызматчы Анания менен бир нече эл башчылары Тертул деген бир юристти алып, Кесарияга келишип, Пабылды каралай турган арыздарын губернаторго беришти.

 

2Пабылды сот залына чакырышканда, Тертул айыптоо сөзүн мындайча баштады: — Сиздин башкарууңуздун алдында биз аман-эсен, бейпил жашап келе жатабыз. Элибиздин турмушу жакшырып, көптөгөн өзгөрүүлөр кирүүдө. Буга сиздин көрөгөчтүгүңүз, көсөмдүгүңүз себеп.
3Биз бул кылгандарыңыздын баарын качан болбосун, кайда болбойлу чоң ыраазычылык менен мойнубузга алабыз, улуу урматтуу Феликс.
4Мен сиздин убактыңызды алып, бекер убара кылгым келбейт. Ошондуктан өзүңүзгө мүнөздүү болгон чоң сабырдуулугуңуз менен бизге бир аз көңүл буруп, угуп коюшуңузду өтүнөм.

 

5Биз мына бул кишини эл үчүн жугуштуу оору сыяктуу коркунучтуу деп таптык. Анткени бүткүл дүйнөдөгү эврейлерди көтөрүлүш чыгарууга үндөгөн эл бузар жана «назареттиктер» деген диний сектанын жетекчиси ушул экен.
6-7Ал тургай ийбадаткананы да арамдамакка аракет кылган жеринен биз токтотуп калдык.[5]
8Муну өзүңүз сурап көрсөңүз, биздин айткандырыбыздын аныгын билесиз.

 

9Ошердеги иудейлер да бир ооздон «айткандары ырас» дешип, Тертулду колдоп кетишти.

 

Пабылдын губернатор Феликстин алдында сүйлөгөн сөзү

 

10Губернатор кезек берип, сүйлө деп ишарат кылган соң, Пабыл сөзүн мындайча баштады:

 

— Сиздин көп жылдардан бери бул элди сурап келатканыңызды билем, ошондуктан сиздин алдыңызда мен өзүмдү актап сүйлөөгө мүмкүнчүлүгүмдүн бар экенине кубанычтамын.

 

11Ийбадат кылуу үчүн Иерусалимге келгениме он эки күн болду. Муну өзүңүз да тактап билсеңиз болот.
12Ийбадатканада болгонумда да, синагогаларды кыдырып жүргөнүмдө да бирөө-жарым менен талашып-тартышып жатканымды же шаардын ичинде элди чогултуп алып, көтөрүлүшкө үндөгөнүмдү булар көрүшкөн жок.
13Сиздин алдыңызда мага таккан азыркы айыптарын өздөрү да далилдей алышпайт.
14А менин сиздин алдыңызда моюнга алып, ачык айтарым — булар «диний секта» деп аташкан Кудайдын жолунда ата-бабабыз сыйынган Кудайга кызмат кылып жүргөнүм. Мен Тоорат менен пайгамбарлар жазууларында айтылгандын баарына ишенемин.
15Бул олтурган айыптоочуларым сыяктуу эле, мен да адилдер менен күнөөкөрлөрдүн кайра тирилерине ишенип, Кудайга үмүтүмдү артамын.
16Ошондуктан Кудай алдында да, пенде алдында да ар дайым абийиримди таза сактап жүрүүгө аракеттенем.

 

17Иерусалимге келе элегиме көп жыл болду. Бу сапар эврей боордошторума акча жеткизип, Кудайга арнап курмандык чалайын деген тилек менен келгем.
18Ушундай максат менен ийбадатканада тазалануу расмисинен өтүп жүргөн жеримден булар мени көрүшкөн эле. Жанымда эч кандай эл да, тополоң да жок болчу.
19Ошол жерде мени Асия аймагынан келген иудейлердин бир нечеси көрүшкөн. Алардын мага каршы бир нерсеси болсо, анда азыр ушул жерге келип, сиздин алдыңызда айтышат эле го.
20Же бул жерде тургандар өздөрү айтышсын: жогорку кеңештин алдында турганымда менден кандай күнөө табышты эле?
21А балким, ошондогу: «Мен өлгөндөр кайра тирилет деп ишенип, үмүт кылганым үчүн соттолуп жатам!» — деп катуу кыйкырганым үчүн күнөөлүү чыгармын?

 

Пабылдын эки жылга камалышы

 

22Ошондо Эгебиз Ыйсанын жолунан жакшы кабардар болгон Феликс иудейлерге кайрылып:

 

— Бул чатагыңарды миң башы Лусий келгенде чечем, — деп кийинкиге калтырды.

 

23Пабылды жүз башыга тапшырып:

 

— Муну камап ташта, бирок жеңилдик берилсин, жоро-жолдоштору менен кезигишине тыюу салынбасын! — деп буюрду.

 

24Арадан бир нече күн өткөндө, Феликс Друсила аттуу эврей аялы менен келип, Пабылды алдыртты да, анын Машаяк Ыйсага болгон ишеними тууралуу сурап, сөзүнө кулак салды.

 

25Бирок Пабыл адилеттик жөнүндө, напсини тыюу жөнүндө жана келечекте боло турган Кудайдын сурагы тууралуу сөз кылганда, Феликстин жүрөгү түшүп: — Азырынча бара бер, кийин убакыт таап, чакыртам, — деп аны кетирди.

 

26Ал пара береби деп үмүттөнүп, Пабылды улам-улам чакыртып, аны менен сүйлөшүп турду.

 

27Эки жылдан кийин, Феликстин ордуна Порки Фест губернатор болду. Ал эми Феликс иудейлердин көңүлүн алуу максатында Пабылды камакта калтырып кетти.

 

25

 

Пабылдын губернатор Фесттин алдында суракка алынышы

 

1Фест губернатор болуп дайындалган аймакка келгенине үч күн болгондон кийин, Кесариядан Иерусалимге барды.
2Иерусалимде жогорку динкызматчылар менен эл башчылары ага келишип, Пабылды каралап, жалаа жабышты.
3«Бизге жакшылык кылып, аны Иерусалимге которуп бериңиз», — деп өтүнүштү. Мындай өтүнүшкөнүнүн себеби, Пабылды Иерусалимге алып келе жатышкан жеринен кол салып, өлтүрөбүз деп, өздөрүнчө сүйлөшүп алышкан болчу.
4Бирок Фест Пабылдын азыр Кесарияда камакта экенин, өзүнүн да жакында ошол жакка кайтайын деп турганын айтты.

 

5— Барчу адамдарыңар мени менен бирге барсын да, алиги кишинин кылмышы болсо, ошерден айтсын, — деди ал.

 

6Фест алар менен беш-он күн турган соң, Кесарияга кайтты. Эртеси күнү сот орундугуна олтуруп, Пабылды алдыртты.
7Пабылды алып келишкенде, Иерусалимден келген иудейлер аны тегеректеп алышып, көптөгөн оор айыптарды тагышты, бирок айткандарын өздөрү далилдей алышпады.

 

8-9Пабыл өзүн коргоп: — Мен иудей мыйзамына да, касиеттүү ийбадатканага да, Рим падышасына да каршы эч кандай жаман иш кылган жокмун, — деп сүйлөй баштаганда, иудейлерге жагынгысы келген Фест:

 

— Сени Иерусалимге алып барып, бул айыптар боюнча ошол жерден суракка алышымды каалайсыңбы? — деди.

 

10Пабыл:

 

— Мен азыр Рим падышасынын сотунун алдындамын, ошондуктан ушул жерде соттолушум керек. Менин иудейлерге эч кандай жамандык кылбаганымды сиз жакшы эле билип турасыз.
11Эгер кылган болсом, анда өлүмдөн баш тартпас элем. Бирок эгерде булардын мага койгон айыптары негизсиз болсо, анда мени эч ким алардын колуна салып бере албайт. Мен падышанын сотун талап кылам, — деди.

 

12Фест кеңешчилери менен акылдашкан соң, Пабылга:

 

— Сен падышанын сотун талап кылдың, ошондуктан падышанын алдына барасың, — деди.

 

13Арадан бир нече ай өткөндө, Фестти куттуктап, падыша Агрипа карындашы Бернике менен Кесарияга келди.

 

14Алар бир топ күн турганда, падышага Фест Пабылдын иши тууралуу айтып берди: — Бул жерде Феликс камакта калтырып кеткен бир киши бар.
15Мен Иерусалимде болгонумда, жогорку динкызматчылары менен эл башчылары аны айыпташып, менден өлүмгө өкүм чыгарып берүүмдү суранышкан эле.
16Мен аларга: «Рим салты боюнча айыпталган адамды айыптоочулары менен бетме-бет сүйлөштүрбөй жана коюлган айыптардан актанууга сөз бербей туруп, өлүмгө өкүм чыгарууга болбойт», — деп жооп бердим.
17Ошондуктан алар мени менен бирге бул жерге келишкенде, маалкатпастан, эртеси күнү эле сот орундугуна отуруп, ошол кишини алып келүүнү буюрдум.
18Бирок аны айыптагандар мен күткөндөй айыптардын бирин да мойнуна коё алышпады.
19Тескерисинче, алардын бу киши менен талашканы өздөрүнүн динине байланыштуу маселелер менен кайсы бир Ыйса деген өлгөн киши жөнүндө экен. Пабыл аны тирүү деп жатат.
20Мен бул маселени кантип чечишти биле албадым. Ошондуктан андан: «Бул маселени Иерусалимге барып, ошол жактан чечсек кандай болот?» — деп сурадым.
21Бирок ал өзүнүн маселесин падыша чечсин деп талап кылган соң, падышага жөнөткүчө аскерлерге кайтартып койдум.

 

22Агрипа Фестке:

 

— Ошо кишини мен да уккум келип турат, — дегенде, Фест:

 

— Анда эртең эле угасыз, — деди.

 

Пабыл падыша Агрипанын алдында

 

23Эртеси күнү падыша Агрипа карындашы Бернике экөө чоң үлпөт менен келип, миң башылар менен шаардын атактуу адамдарынын коштоосунда сот залына кирди. Фесттин буйругу менен Пабылды алдыртышты.

 

24Биринчи сөздү Фест алды: — Урматтуу падыша Агрипа жана ушул жерде биз менен бирге отургандар! Иерусалимде да, бул жерде да иудейлердин баары алдыңыздарда турган мына бул кишинин үстүнөн мага арызданышты. Алар бул кишини өлүм жазасына тартыш керек деп менден талап кылып, жанымды койбой чуулдашты.
25Мен болсом андан өлүмгө кескендей айып таппадым. Бирок бул киши өзү Август падышанын сотун талап кылгандыктан, аны ошого жиберүүнү чечтим.
26Ал эми улуу даражалуу өкүмдарга жаза турган, бул кишиге байланыштуу маалымат менде азыр жок. Ошондуктан аны сиздерге, баарынан да, урматтуу Агрипа падыша, өзүңүздүн алдыңызга алдырып олтурам. Тергеп бүткөн соң, жазганга маалымат топтолор.
27Анткени камактагы адамдын айыптарын аныктабай туруп, падышага жиберүү, менимче, жарабаган иш.

 

26

 

Пабылдын падыша Агрипанын алдындагы сөзү

 

1Агрипа Пабылга:

 

— Өзүңдү актап сөз айтууга уруксат, — деди.

 

Ошондо Пабыл колун өйдө көтөрүп, жыйналгандар көңүл бурган соң, өзүн актап сүйлөй баштады:

 

2— Урматтуу падышам, иудейлер койгон айыптардан бүгүн сиздин алдыңызда өзүмдү коргоп, сөз сүйлөп турганыма кубанычтамын.
3Анткени сиз иудейлердин бардык салт-санаасы менен талаш-тартыштарын жакшы билесиз. Ошондуктан мени чыдамдуулук менен угуп коюшуңузду суранам.

 

4Жашымда өз жеримде, кийин Иерусалимде кандай жашаганым жалпы эврей калкына белгилүү.
5Анткени алар мени мурдатан таанышат, атүгүл, эгер чындыкты моюнга алгылары келишсе, мен биздин динибиздин эң күчтүү агымы — фарисейчиликтин мыйзамдары боюнча жашап келгендигимди да айтып бере алышат.
6Азыр болсо мен Кудайдын биздин ата-бабаларыбызга берген убадасына ишенип, үмүт артканым үчүн соттолуп жатам!
7Биздин он эки уруубуз да ошол убада качан аткарылар экен деп, күн-түн дебей, тынбастан Кудайга ийбадат кылышууда. Мен да ошондой үмүт кылганым үчүн иудейлердин айыптоолоруна кириптер болдум, оо, падышам.
8Эмне үчүн сиздер Кудайдын өлгөндөрдү кайра тирилтерине ишенбейсиздер?
9Мурда мен да назареттик Ыйсанын наамына каршы күрөшүүнү өз парызым деп ойлочумун.
10Муну Иерусалимде аткарып да жүрдүм. Жогорку динкызматчылардан уруксат алып, ыйыктардын канчаларын түрмөгө каматып, аларды өлтүрүп жаткандарды кубаттадым.
11Синагогадан синагогага барып, аларды далай кыйнап, Ыйсанын атына тил тийгизип, Аны кордоого мажбурладым. Ушунчалык катуу өчөшкөндүктөн, чет жердеги шаарларга барып алып да, алардын сары изине чөп салып, куугунтукка алгам.
12Бир жолу ушундай максат менен жогорку динкызматчылардан аларды байлап, Иерусалимге алып келүүгө укук бере турган буйрук кат жаздырып алып, Дамаскка бараткам.
13Түш ченде жолдо элем. Оо, падышам, аңгыча күндөн да жарык бир нур көктөн жарк эте түштү. Ошол нур менин да, шериктеримдин да айланасын жарык кылып жиберди.
14Баарыбыз жерге жыгылдык. Анан мага эврей тилинде сүйлөгөн бир үн угулду. «Шабыл, Шабыл, — деди ошол үн, — неге Мени куугунтуктап жүрөсүң? Эгеңдин эркине каршы чыксаң, өзүңө кыйын».
15Мен: «Сиз кимсиз, оо, Кудурет?» — деп сурадым. «Сен куугунтуктап жүргөн Ыйсамын, — деп жооп берди Эгем Ыйса.
16— Өйдө тур, сени Өзүмө кызмат кылууга дайындаш үчүн сага көрүндүм. Мындан ары бүгүнкү көргөнүң тууралуу адамдардын алдында күбөлүк бересиң, аларга Мен сага көрсөтө турган нерселерди жеткизесиң.
17Мен сени өз элиңе жана башка элдерге жиберип, алардын сага кыла турган кыянаттыктарынан куткарам.
18Сен алардын көзүн ачып, караңгыдан жарыкка, шайтандын бийлигинен Кудайдын бийлигине кайтарасың. Алар Мага ишенип, күнөөлөрү кечирилип, Кудайдын тандаган адамдарынын арасынан орун алышсын!»

 

19Ошентип, падышам, асмандан келген аянда айтылган сөзгө баш ийбей коюуга дитим барбады.
20Андыктан адегенде Дамасктагыларды, анан Иерусалим менен бүткүл Иудеядагыларды, кийин иудей эместерди ниетин өзгөртүп, Кудайга кайрылууга чакырып, анысын иш жүзүндө көрсөтүп жашоого үндөдүм.
21Ушундай кылганым үчүн иудейлер мени ийбадатканада жүргөнүмдө кармап алып, өлтүрмөкчү болушту.
22Бирок Кудай ушул күнгө чейин мени сактап, коргоп келди. Ошондуктан азыр да мына бул олтурган улуу-кичүүнүн алдында күбөлүк берип, бул жерде турам. Менин айткандарым Муса жана андан башка пайгамбарлардын алдын ала айткандары менен бирдей.
23Тагыраак айтканда, Машаяк өлтүрүлүп, кийин өлгөндөрдүн ичинен түбөлүк өлбөстүккө биринчи болуп кайра тирилип, анан эврейлер менен башка элдерге куткарылуу нуру тийгенин жарыя кылыш керек болчу.

 

24Пабыл ушул жерге келгенде, Фест үнүн катуу чыгарып, сөзүн бөлүп:

 

— Эй, Пабыл, сен дөөрүп жатасың! Ашыкча көп окуп, айнып калыпсың! — деди.

 

25— Мен дөөрүгөн жокмун, улуу урматтуу Фест, — деди Пабыл жооп кайтарып, — менин айткандарым акыйкат жана жөндүү.
26Падыша мунун баарын билет, ошондуктан анын алдында ачык айтып жатам. Бул окуялардын эч бири андан жашырын болгон эмес деп ойлойм, анткени алар адам көрбөй кала турган булуң-бурчта өткөн эмес.
27Падыша Агрипа, сиз пайгамбарларга ишенесизби? Билем, ишенесиз.

 

28Ошондо Агрипа Пабылга:

 

— Кыска убакыттын ичинде мени Ыйсанын Машаяк экенине ишендирип сала аласыңбы? — деди.

 

29Пабыл: — Азбы, көппү, айтор бир убакта сиз гана эмес, бүгүн мени угуп тургандардын баары, мына бул кишенимден башка, дал мендей болушун Кудайдан тилейм.

 

30Пабыл ушундай дегенде, падыша Агрипа ордунан турду. Аны менен бирге губернатор Фест, падышанын карындашы Бернике жана залда отургандардын баары жапырт ордуларынан турушту.

 

31Залдан чыгып баратканда, бири бирине: — Бул кишинин өлүмгө кескидей же түрмөгө камагыдай айыбы жок экен, — дешти.

 

32Агрипа Фестке:

 

— Эгер өзү падышанын өкүмүн талап кылбаганда, бошотуп жиберсе болор эле, — деди.

 

27

 

Пабылдын Римге сапар тартышы

 

1Биздин Италияга сүзүп кетерибиз аныкталган соң, алар Пабыл менен дагы камактагы бир нече адамды «Император кошууну» деп аталган аскер бөлүгүнүн жүз башысы болгон Жулий деген кишинин колуна тапшырышты.
2Биз Адрамит шаарынан чыгып, Асия аймактарын бойлоп өтө турган кеме менен сүзүп жөнөдүк. Тесалоникадан келген македониялык Аристарх да биз менен кошо чыкты.
3Эртеси күнү Сидон шаарына келдик. Жулий Пабылга ырайым кылып, ага достору менен жолугуп, муктаж болгон нерселерин камдап алууга уруксат берди.
4Ал жактан чыкканда, ачык деңизде бет маңдайыбыздан шамал сокконунан улам, Кипр аралын пааналап сүзүп отурдук.
5Анан Киликия менен Памфилия аймактарын жандап өтүп, Лукия аймагындагы Мира шаарына келдик.
6Жүз башы ал жерден Италияга кете турган александриялык кемени таап, бизди ошого салды.

 

7Бир нече күн бою зор кыйынчылыктар менен араң сүзүп отуруп, акыры Книт деген шаарга жакындадык. Бирок кургакка жеткенге бет маңдайыбыздан соккон шамал мүмкүнчүлүк бербегендиктен, багытыбызды өзгөртүп, Крит аралынын далдаасынан Салмона тумшугун айланып өттүк.
8Жээкти бойлоп сүзүп, Ласая шаарына жакын жайгашкан «Жакшы порт» аттуу жерге араңдан зорго жеттик.

 

9Биз ал жерде көп убакыт туруп калгандыктан, андан ары кеме менен сүзүү коркунучтуу боло баштады. Анткени Орозо күнү деген майрам да өтүп кеткен убак болчу. Ошондуктан Пабыл кемедегилерге:

 

10— Туугандар, менимче мындан ары жолго чыгуу кеме менен жүк үчүн гана эмес, өмүрүбүз үчүн да кооптуу, — деп эскертти.

 

11Бирок жүз башы Пабылга караганда, кеменин кожоюну менен капитанга көбүрөөк ишенчү.
12Анын үстүнө бул жердин шарты кыштаганга ыңгайсыз болгондуктан, жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү да мында кыштагандан көрө сапарды улап, мүмкүн болсо Финик портуна жетүүгө аракет кылууга көңүлдөнүштү. Финик Крит аралынын түштүк-батышы менен түндүк-батышындагы порт-шаар эле.

 

Деңиздеги бороон-чапкын

 

13Түштүктөн сыдырым жел жүрө баштаганда, кемечилер максатыбызды ишке ашыра алат окшойбуз деп ойлоп, кемени кемеказыгынан бошотушту да, жээк бойлой сүзүп жөнөштү.
14Бирок көп өтпөй, арал тараптан «Түндүк-Чыгыш» аталган абдан катуу шамал башталды.
15Шамал күчөп келип, кемеге бир тийди эле, биз кеменин тумшугун бороонго каршы кармай албай, акыры бардык аракетибизди таштап, толкундардын айдоосуна багынып, шалдайып отуруп бердик.
16Кабыда деген бир чакан аралдын шамалдан далдараак жагынан өтүп баратканыбызда, кеменин артына байланган кайыкты зор кыйынчылык менен эптеп атып кеменин үстүнө тартып алганга үлгүрдүк.
17Кайыкты чыгарган соң, кемени аркандар менен чырмап, таңып салышты. Кемечилер Ливиянын бет маңдайындагы тайыз жерлердеги кумга тыгылып калбайлы деп чочулашып, парустарды түшүрүштү да, кемени шамалдын эркине коюшту.
18Бороон болсо токтобостон сого берди. Ошондуктан эртеси күнү кемедеги жүктү сууга ыргыта башташты.
19Үчүнчү күнү болсо, кеменин жабдыктарын ыргыта башташты.
20Көп күн бою күндү да, жылдыздарды да көрө албадык, а бороон болсо басаңдабады. Акырында аман каларыбыздан түңүлдүк.

 

21Кемедегилер көптөн бери наар сызбаган соң, Пабыл алардын ортосуна чыгып, мындай деди:

 

— Туугандар, мени угуп, Криттен кетпегениңерде, мындай кыйынчылыктарга туш болуп, зыян тартмак эмеспиз.
22Эми, кайрат кылгыла, себеби кемеден башка эч кимиңер зыян тартпайсыңар.
23Анткени мен кызмат кылган Кудай Эгемдин периштеси түндө жаныма келип:
24«Пабыл, коркпогун, сен падышанын алдына барышың керек. Ырайымдуу Кудай сен үчүн сапарлаштарыңдын баарынын өмүрүн сактап калат», — деди.
25Ошондуктан, туугандар, ындыныңарды өчүрбөгүлө. Мен Кудайдын убадасына ишенем.
26Менимче, шамал кемени бир аралга сүрүп таштайт болуш керек.

 

Кеменин кыйрашы

 

27Арадан эки жума өтүп, биз дале Адрия деңизинде шамалдын айдоосунда бараттык. Түн жарымына жакын кемечилер бир аралдын тушунан өтүп баратканыбызды сезип,
28суунун тереңдигин өлчөп көрүшсө, кырк метр чыкты. Бир аз убакыт күтүп, дагы өлчөштү эле, отуз метр болду.
29Суунун түбүнөн оркоюп чыгып турган аскаларга урунуп алуудан коркуп, кемечилер кемеказыктан төртөөнү сууга ыргытышты да, батыраак таң атса экен деп, Кудайдан тилешти.
30Анан качууга камданышып, кемеказыкты кеменин тумшугунан таштайбыз демиш болуп, кайыкты сууга түшүрө баштаганда,

 

31Пабыл жүз башыга кайрылып: — Эгер алар кемеде калышпаса, анда сиздер кутула албайсыздар! — деди.

 

32Ошондо жоокерлер аркандарды кыя чабышып, кайыкты сууга бош түшүрүп жиберишти.

 

33Таңдын атышына аз калганда, Пабыл кемедегилерге:

 

— Эки жумадан бери наар сызган жоксуңар.
34Эй, айланайындар, тамактанып алгылачы, аман калышыңар үчүн тамактанышыңар керек. Башыңардан бир да тал чач түшпөйт, коркпогула, — деди.

 

35Пабыл ушундай деген соң, бир нанды колуна алды да, баарынын көзүнчө Кудайга ыраазычылыгын айтып, сындырып, жей баштады.
36Ошондо баары кайрат кылып, тамактанганга киришти.
37Кемеде баарыбыз болуп эки жүз жетимиш алты киши бар элек.
38Алар каалашынча тамактанып бүткөндө, кемедеги буудайды деңизге ыргытышып, кеменин жүгүн жеңилдетишти.

 

39Таң сүргөндө, кемечилер кайсы жерге келгенин ажырата алышпаса да, бир кумдуу булуңду байкашты. Ылаажы болсо кемени булуңга киргизели деп, ошонун аракетинде болушту.
40Кемеказыктарды байлаган аркандарды кыркып, ошону менен бир убакта рулду байлаган аркандарды да чечип жиберишти. Анан кеменин тумшугундагы парустарды шамалга тосушуп, шамалдын күчү менен кемени кургактыкка айдашты.
41Бирок кургактыкка жетпей, кеме тайыз жердеги кумга тыгылып калды. Кеменин тумшугу кумга батып калгандыктан, куйругу толкундардын күчүнөн кычырап, сына баштады.
42Ошондо аскерлер камактагылардын бирөө-жарымы сүзүп качып кетпесин деп, аларды өлтүрмөкчү болушту.
43Бирок жүз башы Пабылды сактап калгысы келип, алардын бул оюн ишке ашыртпады. Ал сүзгөндү билгендер биринчи болуп сууга секирип, жээкке чыксын деген буйрук берди.
44Калгандарынын кээси тактай минип, кээси кеменин сыныктарын кучактап, жээке сүзүп жөнөштү. Ошентип, кемедегилердин баары аман-эсен жээкке чыгышты.

 

28

 

Мелит аралында

 

1Аман калган бизге аралдын Мелит деп аталары белгилүү болду.
2Анда жашаган уруунун адамдары бизди өзгөчө жылуу кабыл алышты. Жамгыр жаап, күн суук болгондуктан, от жагып, баарыбызды чакырышты.
3Пабыл отун чогултуп келип, отко салганы жаткан. Күтүлбөгөн жерден отундун арасынан бир уулуу жылан чыга калып, Пабылдын колуна оролду.
4Аралдыктар Пабылдын колунда асылып турган жыланды көрүшкөндө, өз ара: «Карасаңар, бул адам анык киши өлтүргүч, деңизге чөкпөй аман калса да, Ак аны тирүү калтыргысы келбеди», — дешти.
5Бирок Пабыл эч зыян тартпастан жыланды отко силкип таштады.
6Тигилер болсо Пабыл эми шишип чыгат го же күп этип кулап түшүп өлүп калат болуш керек деп күтүп турушту. Бирок бир топ күтүп, эч кандай деле адаттагыдан сырткары нерсе болбогонун көргөн соң, ойлорун өзгөртүп: «Бул — кудай экен!» — дей башташты.

 

7Ал жерден анча алыс эмес жерде ошол аралдын башчысы Публий деген кишинин талаасы бар эле. Ал бизди жылуу кабыл алып, үч күн бою коноктоду.
8Публийдин атасы ич өткөк менен ооруп, ысытма болуп төшөктө жатыптыр. Пабыл анын бөлмөсүнө кирип, башына колун коюп, сыйынды да, айыктырды.
9Анын айыкканы билингенде, аралдагы башка оорулуулардын баары келе башташты да айыгып кетип жатышты.
10Алар бизге абдан чоң урмат-сый көргөзүшүп, көптөгөн белектерди беришти, кетерибизде жолго керектөөчү нерселерибиздин баарын кемебизге салып коюшту.

 

Мелиттен Римге

 

11Үч айдан кийин Александриядан келип, ошол аралда кыштап калган «Эгиз кудай» деген жазуусу бар кемеге түштүк да сүзүп кеттик.
12Сиракуза деген шаарга барып, анда үч күн турдук.
13Анан сүзүп чыгып, Регия шаарына келдик. Бир күндөн кийин түштүктөн соккон шамалдан пайдаланып, эки күндүн ичинде Путеёл шаарына жетип бардык.

 

14Ал жерден бир нече боордошторубузду таптык. Алар: «Бир жума биз менен болуңуздар», — деп суранып, бизди көндүрүштү. Анан Римге жөнөдүк.
15Римдеги боордошторубуз кабарыбызды угуп, Аппий базары жана Үч мейманкана деген жерлерге чейин келип, алдыбыздан тосуп чыгышыптыр. Пабыл аларды көргөндө, көңүлү көтөрүлүп, Кудайга шүкүрчүлүк келтирди.

 

Пабылдын Римдеги кызматы

 

16Римге киргенибизде, жүз башы Пабылга өзүнчө жашоого уруксат кылып, бир жоокерге кайтартып койду.

 

17Үч күндөн кийин, Пабыл иудейлердин атактууларын бир жерге чакырды. Алар чогулганда, мындай деди:

 

— Боордоштор, мен элибизге жана ата-бабаларыбыздын салтына каршы эч нерсе кылбасам да, Иерусалимде кармалып, римдиктердин колуна тапшырылдым.
18Римдиктер да мени тергеп көрүп, өлүмгө кескидей эч бир күнөө таба алышпагандыктан, бошотмокчу болушту.
19Иудейлер каршы чыгышканда, аргасыздан Рим падышасынын өкүмүн талап кылдым. Бирок мен муну өз элимдин бетине көө жабайын деген ниетте кылган жокмун.
20Ушул себептен мен сиздерди чакырып, орой көз чарай сүйлөшөйүн дедим. Анткени мен элибиз үмүт арткан нерсеге ишенгендигимдин айынан мына бул чынжырга таңылып, камактамын.

 

21Ошондо алар мындай деп жооп беришти:

 

— Сен жөнүндө биз Иудеядан эч кандай кат-кабар алган жокпуз. Ал жактан келген боордошторубуздун да эч кимиси сен жөнүндө жаман кабар билдирбеди.
22Мейли, ошондой болсо да сенин пикириңди угалы, анткени жанагы сектаңа бардык жерде эл каршы болуп жатканы бизге маалым.

 

23Алар Пабыл менен сүйлөшүү үчүн бир күндү белгилешти. Ошол күнү Пабыл жашаган жайга көптөгөн адамдар келишти. Пабыл аларга эртеден кечке чейин Кудай Падышачылыгы тууралуу айтып, Муса пайгамбар менен башка пайгамбарлардын китептеринин негизинде Ыйсанын ким экенин түшүндүрүүгө аракет кылды.
24Анын сөзүнө ишенгендер да, ишенбегендер да болду.

 

25Ошондуктан келгендер өз ара бир пикирге келе алышпай, экиге бөлүнүштү. Алар кете баштаганда, Пабыл дагы мындай деди: — Силердин аталарыңарга Ыйык Рух Ышая пайгамбардын оозу менен туура айтыптыр:

 

 

26«Мынабу элге барып айткын эми:

 

"Уксаңар да эч нерсе туйбайсыңар,

 

Карап туруп эч нерсе көрбөйсүңөр".

 

27Анткени

 

Бул элдин дилин дат басып,

 

Оорлошуп кулагы,

 

Көзү калган тунарып.

 

Антпесе көрмөк көздөрү,

 

Кулактары ачылмак,

 

Жүрөгү туймак алардын.

 

Мага кайтып келишип,

 

Сакайтмакмын аларды».

 

 

28Ошондуктан бир нерсени билип алгыла: Кудай эми куткаруучу сөзүн башка улуттарга жиберет. Алар кулак салышат.[6]

 

30Пабыл эки жыл бою ижарага алган үйүндө жашап, аны көргөнү келгендердин баарына эшиги ачык болду.
31Ал Кудай Падышачылыгын жарыялап, Эгебиз Ыйса Машаяк тууралуу тайманбастан айтып, элге эркин таалим берип жүрдү.

 

 

 

Римдиктер

1

 

Саламдашуу

 

1Машаяк Ыйсанын кызматчысы болгон жана Кудай Өз элчилигине чакырып, Жакшы Кабарын жарыялоого дайындаган Пабылдан салам кат.

 

2Дал ушул Жакшы Кабарын жиберем деп Кудай байыртадан Ыйык Жазууда Өз пайгамбарлары аркылуу убада кылган.
3-4Бул кабар — Анын Уулу, Эгебиз Ыйса Машаяк тууралуу. Адамдык ата-тегин алсак, Ал Дөөттүн урпагы болгон. Бирок өлгөндөн тирилгени менен Ал Ыйык Рух аркылуу Өзүнүн Кудайдын кудуреттүү Уулу экенин айгинеледи.
5Анын урматына бардык элдерди ишенимге моюн сундуруу үчүн, Кудай бизге Ал аркылуу ырайымын жаадырып, Өз элчилери кылды.
6Кудайдын тандалгандары катары Ыйса Машаякка таандык болгон силер да ошол элдердин бирисиңер.

 

7Кудайдын мээри түшкөн, Анын ыйык эли болууга чакырылган бардык римдик боордошторум:

 

Кудай Атабыз жана Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым кылып, тынччылыгын берсин!

 

Ыраазычылык келтирүү

 

8Силердеги зор ишеним тууралуу кабар бүтүндөй жер жүзүнө тарап жаткандыктан, эң алды мен баарыңар үчүн Ыйса Машаяк аркылуу Кудайга ыраазычылык келтирем.
9Уулу жөнүндөгү Жакшы Кабарды жар салып, бардык дитимди коюп кызмат кылып жүргөн Кудайым Өзү күбө: силерди эч эсимден чыгарбай,
10Кудайым буюруп, жакын арада силерге барып калгай элем деп сыйынган сайын жалынып жүрөм.
11Анткен себебим, силерди көрүүгө зармын: барып калсам, рухий касиеттеримди бөлүшкөнүм силерди бекемдемек.
12Менин айтайын дегеним, бири-бирибизди колдоп, менин ишенимим силерге, силердин ишенимиңер мага дем бермек.

 

13Боордоштор, билип алгыла, башка элдердин арасындагы кызматым кандай үзүрлүү болсо, силерден да анын ошондой эле үзүрүн көрүүгө ынтызар болуп, канча ирет барууга ниеттендим эле, бирок азыркыга дейре бир нерсе жолумду бөгөп, ошондон улам гана бара албай жатам.
14Бардык элдерге: маданияттууларына да, маданиятсыздарына да, билимдүүлөрүнө да, билимсиздерине да Жакшы Кабар таратуу менин парызым.
15Андыктан Рим шаарында жашаган силерге да барып, Жакшы Кабар таратууга даярмын.

 

Жакшы Кабар кудурети

 

16Мен Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды жар салганыма сыймыктанам. Иудейлерден баштап, башка улуттагыларга чейин, ишеним туткандардын бардыгын куткаруучу Кудайдын кудурети — ошол кабарда.
17Адам баласын кантип актай тургандыгын жана ал актык толугу менен ишенимге гана байланыштуу болгонун Кудай Жакшы Кабар аркылуу белгилүү кылган. Ыйык Жазууда айтылгандай, «ишенип акталган адам өмүр табат».

 

Адамзаттын күнөөсү

 

18Кудай асмандан адамдардын бардык азгындыгы менен адилетсиздигине канчалык каарданганын көрсөттү, анткени алар өз адилетсиздиги менен чындыктын жолун тороп жатышат.
19Кудай Өзүн аларга белгилүү кылып, Ал тууралуу эмнелерди билүү мүмкүн болсо, ошонун баары айдан ачык көрүнүп турат.
20Себеби дүйнө жаралгандан бери Кудайдын көзгө көрүнбөс түбөлүк кудурети менен кудайлык табиятын Ал жараткан нерселерди карап туруп эле билсе болот. Андыктан адам баласынын актангыдай эч жөнү жок.
21Бирок Кудайды билишсе да, алар Аны Кудай катары даңазалашпады, Ага алкыш айтышпады. Анын ордуна курулай ой жүгүртүүлөргө берилишип, эч нерсени туйбаган акыл-эсин караңгылык басты.
22Акылдуусунушуп, чындыгында акылынан айрылып калышты.
23Өтүп кетпес Кудайга ийбадат кылуунун ордуна, алар өтүп кетер адамдын, куштардын, төрт аяктуу же сойлоочу жандыктардын сөлөкөттөрүнө табына башташты.

 

24Андыктан Кудай аларды арамдыкка баткан бойдон калтырып, өздөрүнүн ышкы-кумарларына берилген алар өз денелерин өздөрү булгашты.
25Кудайдын чындыгын жалганга айырбаштап, Жаратуучуга эмес, жаратылган нерсеге табынып кызмат кылышты. Бардык алкышка болсо бир гана Кудай татыктуу. Оомийин.

 

26Кылган иштерин көрүп, Кудай алардын уятсыз кумарга батуусуна жол берип койду. Ошентип аялдар табигый жыныстык катнаштарды таштап, табиятка каршы катнаштарга берилишти.
27Ошондой эле эркектер да табиятын бузуп, аял денесинин ордуна, бири-бирине кумарлана башташты да, бири-бири менен жыныстык катнашка киришип, өздөрү кылган уятсыз иштерден улам Кудай алардын сазайын колуна берди.

 

28Бул адамдар Кудайды таанып билүүдөн баш тарткандыктан, Кудай аларды пейили бузулган бойдон калтырып, уятсыз нерселерди кылууларын тыйбады.
29Алар ар түрдүү адилетсиздикке, кыянаттыкка, дүнүйөкорлукка, зулумдукка, көрө албастыкка, киши өлтүрүүчүлүккө, доолашууга, алдамчылыкка жана кара ниеттикке берилишти. Алар бири-бирин ушакташып,
30жалаа жаап, Кудайга акарат келтиришип, башкаларды басынтышып, мактанышып, кекирейип, жамандыкты ойлоп тапкыч, эне-атасына моюн сунбаган,
31акылсыз, ишенимсиз, таш боор, ырайымсыз болушту.
32Кудайдын мындай иш кылгандар өлүмгө татыктуу деген өкүмүн билишсе да, алар өздөрү гана ошентпестен, ошондой кылган башкаларды да колдошот.

 

2

 

Кудайдын адилеттүү соту

 

1Башканы айыптап жаткан адамга айтарым бул: сен ким болсоң да, минткениң үчүн актала албайсың, себеби башканы айыптаганың менен сен өзүңдү гана айыпка жыгасың, анткени башканы айыптап жатып, ал кылганды өзүң деле кылып жатпайсыңбы.
2Ырас, жогорудагыдай кыянаттыктарды кылгандарга Кудай калыстык менен өкүм чыгарарын биз билебиз.
3Бирок сен, жамандык кылгандарды айыптап, өзүң болсо ошондой эле иштерди жасап жаткан адам, ошенткениң менен Кудайдын жазасынан качып кутулам деп ойлойсуңбу?
4Же, балким, ниетин өзгөртөр бекен деп Кудай өзүңө да ырайым кылып жатканын билбей, Анын улуу ырайымын, чыдамдуулугу менен сабырдуулугун барк албай жаткандырсың?
5Бирок сен мойнуң жар бербей, ниетиңди өзгөрткүң жок. Кудайдын адилеттик менен соттоочу күнү келгенде, шишиң толгон сен Анын каарына калып жүрбөгүн.
6Анткени Кудай ар бирибизге кылган ишибизге жараша өз тиешебизди берет.
7Талыкпай жакшылык кылып, ошол аркылуу атак-даңкка, урмат-сыйга жана өлбөстүккө жетүүнү эңсегендерге Кудай түбөлүк өмүр берет.
8Ал эми менменсинип, акыйкатка баш ийбей, анын ордуна кыянаттыкка берилгендер болсо Кудайдын каарына калып, жазасын тартышат.
9Кыянаттык кылган ар бир адамдын, эң алды иудейдин, анан иудей эместин, башына каран түн түшөт.
10Жакшылык кылгандардын баары болсо, эң алды иудейлер, анан иудей эместер, урмат-сый менен кадыр-баркка татып, тынччылыкта болушат.
11Анткени Кудайда эч кандай өң карамалык жок.

 

12Тоорат мыйзамын билбей күнөө кылышкандар мыйзамы жок эле курут болушат. Тоорат мыйзамын билип туруп күнөө кетиришкендер ошол мыйзам боюнча айыпталышат.
13Анткени мыйзам айткандарына кулак салып койгондор эле эмес, анын талаптарын аткаргандар гана Кудай алдында акталышат.
14Тоорат мыйзамы жок башка улуттагылар ички туюмунан эле мыйзамга ылайык иш кылышса, анда колунда мыйзамы жок болуп турса да, мыйзамы бардай болушат.
15-16Кудайдын мыйзамы талап кылган нерселер жан-дилине жазылгандыгы алардын өздөрүнөн эле көрүнүп турат, анткени, мен тараткан Жакшы Кабарга ылайык, Кудай адамдардын жашырын ойлорун Машаяк Ыйса аркылуу соттогон күнү акталарын же айыпталарын аларга өз абийири айта алат.

 

Иудейлер жана Тоорат мыйзамы

 

17Мына сен иудей аталып, мыйзамга таянып жашап, Кудайың менен мактанып жатасың.
18Кудай сенин эмне кылышыңды каалаганы сага маалым болуп, кандай кылганың туура болорун сен Тоорат мыйзамынан үйрөнгөнсүң.
19Өзүңдү сокурларга жол көрсөтө алам, караңгыда жүргөндөргө жарык бере алам деп,
20«акылы жокторго» насаатчы, «жетиле электерге» устат боло алам деп ойлойсуң, анткени өз ичине бардык билим менен чындыкты камтыган мыйзамды билесиң.
21Айтчы, башкаларды окутуп жатып, эмне үчүн өзүңдү да окутпайсың? «Уурдаба» деп наасат айтып, эмне үчүн өзүң уурулук кыласың?
22Эмне үчүн «никени бузба» дейсиң да, өзүң нике бузасың? Буркандарды жек көрүп, өзүң бутпарастардын ийбадатканаларын тоногонуң кандай?
23Колуңда Кудайдын мыйзамы бар болгону менен мактанасың да, ошол мыйзамды бузганың менен Кудайды мазактап жатасың.
24Жазууда айтылгандай, «силердин айыңардан башка улуттагылар Кудайдын атына тил тийгизип жатышат».

 

25Сүннөткө олтуруу мыйзамды аткарганда гана пайдалуу. Ал эми мыйзамды бузуп жатсаң, андан сүннөткө олтурганың олтурбай калганыңа эле тете.
26Эгерде сүннөткө олтурбаган башка улуттагы адам мыйзам талаптарын аткарса, анда Кудай аны сүннөткө олтурган адамдай көрбөйбү?
27Андай болсо, сени — колунда жазылган мыйзамы бар, сүннөтү да кесилгенине карабай, мыйзамды бузуп жаткан иудейди сүннөткө олтурбаса да, мыйзамды аткарган башка улуттагы адам соттойт.
28Чыныгы иудей — бул сыртынан эле иудей көрүнгөн же болбосо денесинде сүннөттүн сырткы белгиси бар адам эмес.
29Дилинен иудей болгон адамды гана чыныгы иудей, жүрөгүнүн сүннөтү кесилген адамды гана сүннөттөлгөн десе болот. Бул болсо жөн гана мыйзамда жазылган жободон эмес, Рухтан келе турган нерсе. Мындайлар эң алды адамдын эмес, Кудайдын да мактоосуна татыйт.

 

3

 

Иудейлердин артыкчылыгы

 

1Деги иудей болуунун артыкчылыгы эмнеде? Сүннөткө олтуруунун кандай пайдасы бар?
2Иудейлердин көп жагынан артыкчылыгы бар! Бул артыкчылык эң алды Кудай сөзү иудейлерге берилгенинде.
3Ал эми алардын кээ бири ишенимсиз болгон болсочу? Бул Кудай ишенимдүүлүгүн жокко чыгарабы?

 

 

4Албетте, чыгарбайт! Адамдардын ар бири жалганчы болгон күнү да Кудай ишенимдүү бойдон кала берет. Ыйык Жазууда айтылгандай, «Андыктан эмне айтсаң, сөзүң — чындык,

 

Соттошсоң, доого жыгып, жеңиш — Сенде».

 

 

5Бирок биздин адилетсиздигибиз аркылуу Кудайдын адилеттиги ачык-айкын көрүнсө, анда эмне дешибиз керек? Кудай Өз каарын төккөндө адилетсиз болуп чыгабы? (муну мен адамдык акылга салып айтып жатам).
6Албетте, андай эмес! Андай болгондо Кудай дүйнөнү кантип соттомок эле?

 

7Ал эми мен жалган айтканым аркылуу Кудайдын чындыгы гана артып, улуулугу мурдагыдан көбүрөөк көрүнсөчү? Андай болсо, менин дале күнөөкөр катары айыпталганымдын жөнү эмнеде?
8Анда жакшылык болуш үчүн жамандык кылбайлыбы? Кээ бири мени дал ушуга үйрөтүп жатат деп, мага жалаа жаап жүрүшөт. Бирок Кудай калыс. Ал алардын өздөрүн айыпка жыгат.

 

Бир дагы адилеттүү адам жок

 

9Демек, биз, иудейлер, башкалардан артык экенбиз да? Жок, андай эмес. Анткени мен буга чейин эле көрсөткөндөй, иудейлер да, иудей эместер да — баары күнөөнүн бийлиги астында турушат.

 

 

10Ыйык Жазууда айтылгандай: «Адил болгон эч ким жок,

 

Бирин дагы таппайсың,

 

11Акыл-эстүү бири жок,

 

Кудайды эч ким издебейт.

 

12Кудайдан баары баш тартып;

 

Жарамсыз болду бардыгы;

 

Жакшылык кылган эч ким жок,

 

Таба албайсың бирин да».

 

13«Сөздөрү оозу ачылган көрдөй сасык;

 

Тилдери жалган гана айтып турат,

 

Жыландын заарын чачат эриндери».

 

14«Ооздоруна ачуу сөз, каргыш толгон».

 

15«Буттары кан төккөнгө шашылууда;

 

16Кайда барса, кыйроо, кайгы алпкелүүдө.

 

17Ынтымак эмне экенин билбейт алар».

 

18«Кудайдан коркуу деген дээринде жок».

 

 

19Биз билгендей, мыйзамда жазылгандын баары мыйзам алдында жашагандарга тийиштүү. Ал өзүн актайм дегендерди ооз ачырбай, бүтүндөй дүйнөнү Кудай сотунда жооп бергендей кылат.
20Себеби мыйзам талаптарын аткаруу менен Кудай алдында эч ким актала албайт. Мыйзам аркылуу биз өзүбүздүн күнөөкөр экенибизди гана түшүнө алабыз.

 

Кантип Кудай алдында акталса болот

 

21Бирок эми Кудай адам баласына акталуунун жолун белгилүү кылды. Тоорат менен пайгамбарлардын жазгандарында акталуунун жолдору жөнүндө кеп болгону менен, акталуунун өзү мыйзамды аткаруудан келбейт.
22Кудай адамдарды алардын Ыйса Машаякка арткан ишеними аркылуу актайт. Ыйса Машаякка ишенип акталуу ишенгендердин бардыгы үчүн берилген: эч бир адамдын башкалардан айырмачылыгы жок,
23себеби баары күнөө кетиришип, Кудайдын улуулугунан куру алакан калышты.
24Эми болсо Кудайдын ырайымы менен бардыгы бекер акталууга ээ болушту. Бул акталуу күнөөбүздүн кунун төлөп, бизге эркиндик берген Машаяк Ыйса аркылуу келет.
25-26Адамдардын мурда кылган күнөөлөрүн Кудай чыдамдуулук менен жазалабай келди. Эми, Өзүнүн адилеттүү экенин көрсөтүү үчүн, Ал Машаякты биз үчүн курмандыкка берди. Машаяктын каны Ага ишенгендердин баарын күнөөдөн арылтты. Муну менен Кудай адилеттүү экенин жана Ыйсага ишенген ар кимди актап койгонун көрсөттү.

 

27Андай болсо, биздин сыймыктангыдай эмнебиз бар? Эч нерсебиз! Актанганыбыз эмненин негизинде? Мыйзам талаптарын аткарганыбыздынбы? Жок, ишенгенибиздин.
28Анткени биз адам баласы Кудай алдында мыйзам талаптарын аткаруу менен эмес, тек гана ишеним менен акталат дебедикпи.
29Ал эми Кудайчы? Ал иудейлердин гана Кудайыбы? Же иудей эместердин да Кудайыбы? Албетте, алардыкы да.
30Кудай — бирөө. Ал сүннөттөлгөндү да, сүннөттөлбөгөндү да ишенгени үчүн актайт.
31Демек, ишенимибиз менен биз мыйзамды жокко чыгарат турбайбызбы? Жок, андай эмес. Ишенимибиз аркылуу мыйзам бекемделет.

 

4

 

Ыбрайым ишеним аркылуу акталган

 

1Андай болсо, бабабыз Ыбрайым туурасында биз эмне деп айтмакчыбыз? Ал эмне болду эле?
2Эгерде ал кылган иши менен акталса, бул мактоого татырлык, бирок Кудай алдында эмес.
3Жазууда айтылгандай, «Ыбрайым Кудайга ишенип, ошону менен Анын алдында ак деп табылды».
4Иш кылган адамдын алган акысы белек болуп эсептелбейт, бул анын ишине жараша алган тиешеси.
5Ал эми ким кылган ишине таянбастан, адилетсиз адамды кечирип актай алар Кудайды эш тутса, ишенгенин көрүп, Кудай аны Өзү актап алат.
6Дөөт да ушуну эске алып, кылган ишине карабай Кудай Өзү актап алган адам ырыстуу деп айткан.

 

 

7«Адилетсиз иштери кечирилип,

 

Күнөөлөрү жабылгандар ырыстуу!

 

8Мойнуна күнөөлөрүн Жараткан Ээ

 

Койбогон ар бир адам ырыстуу!»

 

 

9Дөөт айткан ырыстуулук сүннөткө олтурган иудейлерге гана тийиштүүбү, же сүннөткө олтургузулбаган башка улуттагыларга дагыбы? Биз азыр эле «Ыбрайым Кудайга ишенип, ошону менен Анын алдында ак деп табылды» деп айтпадыкпы.
10А бул качан болгон? Ыбрайым сүннөткө олтургандан кийинби же ошого чейинби? Сүннөттөлгөндөн кийин эмес, ага чейин.
11Анын сүннөтү кийин кесилип, сүннөттүн өзү Кудай аны сүннөткө отура электе эле ишенгендиги үчүн актап алгандыгынын белгиси болгон. Ошентип, сүннөткө олтурбаганына карабай, Кудайга ишенгени үчүн актала тургандардын баарынын түпкү атасы Ыбрайым болуп калды.
12Ошондой эле ал сүннөткө олтургандардын, бирок, сүннөттөн тышкары, анын сүннөттөлгөнгө чейинки ишениминдей ишенимге ээ болгондордун да атасы.

 

Кудайдын убадасына ишеним аркылуу ээ болсо болот

 

13Кудай Ыбрайымдын жана анын урпактарынын энчисине бүткүл дүйнө тиерин убада кылганда, Ал муну Ыбрайым мыйзам талаптарын аткарган үчүн эмес, ишенип, ишеним аркылуу ак деп табылган үчүн кылган.
14Эгерде мыйзам талаптарын аткаргандар мураскор болушса, анда ишеним куру бекер болуп, убада өз күчүн жоготмок.
15Мыйзам Кудайдын каарын гана алып келе алат, бирок мыйзам жок жерде аны бузуу да жок.

 

16Ошентип, Кудайдын убадасы ишенимге негизделип, Анын ырайымы катары Ыбрайымдын бардык урпактарына: мыйзамды аткаргандарына да, Ыбрайымга окшоп ишенгендерине да бекер берилери кепилдикке алынды. Ал — биздин баарыбызга ата.
17Ыйык Жазууда айтылгандай, «Мен сени көптөгөн элдердин атасы кылдым».Өлгөндөргө кайрадан өмүр берип, жок нерсени бар кылуучу Кудайга ишенген үчүн ал ушундай убадага ээ болгон.
18Үмүтүнөн кол үзгүдөй болгон кезде да Ыбрайым үмүтүнөн жазбай, Ыйык Жазууда «укум-тукумуң сан жылдыздай көп болот»деп жазылгандай, убадага ылайык «көптөгөн элдердин атасы» болоруна ишене берди.
19Жашы жүзгө барып, денесинин өлүк болгону калганын жана аялы Саранын бала төрөр мезгили эбак өтүп кеткенин туйганда да ал ишенимин жоготподу.
20Ишеними өчпөгөн Ыбрайым Кудай Өз убадасын аткарарынан эч күмөн санабады. Ишениминен кубат алып, ал Кудайды мактап турду.
21Кудай эмнени убада кылса, ошону аткарууга кудуреттүү экенине ал толук ишенди.
22Мына ошондуктан ишенгени үчүн Ыбрайым «Кудай алдында ак деп табылды».
23-24Ыйык Жазуудагы бул сөз жалгыз ага гана тийиштүү болбостон, Эгебиз Ыйсаны өлгөндөн тирилткен Кудайга ишенип, ошол ишенимибиз аркылуу актала турган биз үчүн да жазылган.
25Күнөөбүздүн кунун төлөш үчүн Ыйса курмандыкка берилип, бизди Кудай алдында акташ үчүн өлгөндөн кайра тирилген.

 

5

 

Кудай алдында акталуу

 

1Ошентип, ишенгенибиз үчүн Кудай алдында ак болгон биз эми Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу Кудай менен элдешип алдык.
2Ишенгенибизден улам биз Машаяктын аркасы менен Кудайдын ырайымына жетип отурабыз. Азыр ошол ырайымда жашап, келечекте Кудай менен кошо атак-даңкка бөлөнөбүз деген үмүт бизди сыймыкка ээ кылат.
3-4Ал гана эмес, тарткан азаптарыбыз менен да сыймыктанабыз, себеби азаптар бизди чыдамдуу кылып, чыдамдуулугубуз Кудайга жагып, бул бизди үмүткө ээ кыларын билебиз.
5Ошол үмүт болсо уятка калтырбайт, себеби Кудай ичибизге Ыйык Рухун салып, ошол аркылуу бизге Өз мээримин төктү.

 

6Акталууга эч чарабыз жок болуп турганда, Кудайдын белгилеп койгон мезгили жетип, Машаяк келип, кудайсыз болгон биз үчүн жанын берди.
7Адил адам үчүн да өз жанын берүү оңойго турбайт. Эми, балким, эң жакшы адам үчүн кимдир бирөө өлсө өлөр.
8Бирок Машаяк биз үчүн Өз жанын биз али күнөөкөр кезде эле берип койгону менен Кудай бизге Өз сүйүүсүн көрсөттү!
9Андай болсо, Ыйсанын курмандык каны менен акталган бизди Ал эми Кудайдын каарынан да куткарары канчалык анык!
10Анткени Кудайга душман болуп туруп, Уулунун курмандыгы аркылуу Аны менен элдешкен болсок, анда эми, элдешкенден кийин, Машаяктын өмүрү аркылуу кантип эле куткарылбайлы!
11Бул гана эмес, бизди Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу Өзү менен элдештирип койгон Кудайдын жакшылыгына да кубанып жатабыз.

 

Адам ата менен Машаяк

 

12Бир кишинин кетирген жазыгы аркылуу бул дүйнөгө күнөө, күнөө аркылуу — өлүм келген сыяктуу, баары күнөөгө батышып, өлүм бүткүл адамзатына тарап кетти.
13Мыйзам жок кезде деле дүйнөдө күнөө бар болгон, бирок мыйзам жок жерде күнөөнүн эсеби жүргүзүлбөйт.

 

14Кантсе да, Адам атанын мезгилинен тартып Мусанын мезгилине чейин Адам атаныкындай күнөө кетирбегендердин үстүнөн да өлүм өкүм жүргүзүп келди. Адам ата болсо келечекте келе турган Бирөөнүн элеси эле.
15Бирок Кудайдын ыроологон ырайымын Адам кылган кылмышка салыштырууга болбойт. Бир киши — Адам атанын кылмышынан улам көптөгөн адамдар өлүм жазасына кесилсе, Кудайдын бир киши — Ыйса Машаяк аркылуу көптөгөн кишилерге тартуулаган ырайымы андан алда канча зор.
16Кудайдын тартуусун ошол бир кишинин күнөөсүнө салыштырууга болбойт: бир эле күнөө кылынгандан кийин жазалоо өкүмү чыгарылган болсо, биз көп күнөө кылсак да, Кудайдын тартуусу бизге акталуу алып келди.
17Эгерде бир киши кетирген жалгыз күнөөнүн айынан дүйнөдө өлүм өкүм жүргүзө баштаганы анык болсо, анда айкөл Кудайыбыз тарабынан акталып, Анын ыроологон ырайымын алгандардын бир эле Киши — Ыйса Машаяктын кылганы аркылуу Кудай менен жашап, Аны менен бирге өкүм жүргүзөрү канчалык анык!

 

18Ошентип, бир кишинин кылмышы аркылуу бүтүндөй адамзатка жазалоо өкүмү чыгарылган сыяктуу, бир кишинин адилеттүү иши аркылуу бүтүндөй адамзатка акталуу менен түбөлүк өмүр берилди.
19Бир кишинин Кудайга моюн сунбагандыгы аркылуу көп киши күнөөкөр болуп калгандай, бир кишинин Кудайга моюн сунгандыгы аркылуу көп киши акталат.

 

20Мыйзам адамдар өздөрүнүн канчалык күнөөлүү экенин көрсүн деп берилген. Ал эми күнөөлөрү көбүрөөк көрүнгөн сайын, Кудайдын ырайымы андан бетер көбөйдү.
21Ошентип, бир кезде өкүм жүргүзө баштаган күнөө өлүмгө алып келген сыяктуу, Кудайдын өкүм жүргүзө баштаган ырайымы бизди актап, Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу түбөлүк өмүргө ээ кылат.

 

6

 

Күнөө үчүн өлүп, Машаяк менен бирге тирилүү

 

1Эми биз эмне дешибиз керек? Ырайым көбөйсүн үчүн күнөөдө кала берели деппи?
2Албетте, жок! Күнөө бизди эми эч нерсе кыла албайт. Андай болсо, мындан ары кантип күнөө кылып жашамак элек?
3Же чөмүлүү расмисинен өтүп, Машаяк Ыйсанын денесине мүчө болгонубузда, ошону менен биз Анын өлүмүнө ортоктош болуп калганыбызды билген жок белеңер?
4Ошентип, чөмүлүү аркылуу Аны менен кошо өлүп, кошо көргө коюлдук. Эми болсо Атабыздын улуу кудурети менен өлүктөрдөн тирилген Машаякка окшоп биз да жаңы өмүргө ээ боло алабыз.

 

5Эгерде Аныкындай өлүм аркылуу Ага кошулсак, анда Ага окшоп тирилүүгө да тийишпиз.
6Биз билгендей, мурдагы күнөөлүү табиятыбыз күчүн жоготуп, биз мындан ары күнөөгө кул болбош үчүн эски табиятыбыз Машаяк менен кошо айкаш жыгачка керилген,
7себеби өлгөн адамга күнөөнүн бийлиги жок.
8Ал эми Машаяк менен бирге өлгөн болсок, анда Аны менен бирге өмүр да сүрөрүбүзгө ишенебиз.
9Анткени биз билгендей, өлгөндөн тирилген Машаяк кайрадан өлбөйт: өлүмдүн Анын үстүнөн эч бийлиги жок.
10Ал өлгөндө, күнөөнү биротоло жеңген. Эми болсо Ал Кудай үчүн жашап жатат.
11Ошонун сыңарындай, силер да өзүңөрдү күнөө үчүн өлүк эсептеп, Машаяк Ыйса менен Кудай үчүн жашагыла.

 

12Ошентип, өлө турган денеңерде күнөө мындан ары өкүм жүргүзбөгөндөй жана силерди өз кумарларына баш ийдирбегендей болсун.
13Денеңердин бир да мүчөсүн күнөөгө жумшабагыла да жамандыктын куралы кылбагыла. Андан көрө, өлүмдөн өмүргө өткөн өзүңөрдү Кудайга тапшырып, денеңердин мүчөлөрүн жакшылыктын куралы кылгыла.
14Өзүңөрдү күнөөгө багындырбагыла, себеби силер Тоорат мыйзамы боюнча эмес, Кудайдын ырайымы менен жашайсыңар.

 

Адилдиктин кулдары

 

15Анан? Мыйзам боюнча эмес, ырайым боюнча жашап жатканыбызды билип туруп, күнөө кыла беребизби? Албетте, жок!
16Же өзүңөрдү кимдир бирөөгө кул кылып багындырсаңар, анда кимге баш ийсеңер, ошонун кулу болоруңарды билген жок белеңер? Демек, силер же күнөөгө кул болуп, ал силерди өлүмгө алып келет, же Кудайга кул болуп, тил алчаактыгыңар силерди адил кылат.
17Бирок Кудайга шүкүр, бир кезде күнөөнүн кулу болгон силер эми алган таалимиңерге бүт жан-дилиңер менен баш ийдиңер.
18Ошентип, күнөөнүн кулчулугунан бошонуп, силер эми адилдиктин кулдары болдуңар.
19Алсыз табиятыңарды эске алып, силерге түшүнүктүү болсун үчүн мындай сөз менен айтып жатам. Мурда өз денеңерди ыпластык менен барган сайын күчөгөн кыянаттыкка канчалык жумшасаңар, эми да ыйыкталыш үчүн өз денеңерди адил иштерге ошончолук жумшагыла.

 

20Күнөөнүн кулу болгон кезде, силер адил жашоого милдеттүү эмес элеңер.
21Бир кезде эми өзүңөр уялган нерселерди кылып жүрүп, ошондон кандай пайда таптыңар эле? Андай жашоонун акыры — өлүм.
22Бирок эми, күнөөдөн бошонуп, Кудайга кул болуп калганыңарда, жашооңордун үзүрү — ыйыктык, натыйжасы — түбөлүк өмүр.
23Анткени күнөөнүн куну — өлүм, Кудайдын тартуусу болсо — Эгебиз Машаяк Ыйса менен биримдикте боло турган түбөлүк өмүр.

 

7

 

Нике мыйзамы жана биздин Машаяк менен болгон мамилебиз

 

1Эми, боордоштор, мыйзам менен тааныштыгы бар силерге айтарым бул. Өзүңөр билгендей, адам көзү тирүү кезде гана мыйзамдын ага карата күчү бар.
2Мисалга алсак, мыйзам боюнча, турмушка чыккан аял күйөөсү тирүү кезде башы ага байланган болот. Ал эми күйөөсүнүн көзү өтүп кетсе, анда ал аял нике мыйзамына ылайык башы бош болуп эсептелет.
3Андай болсо, эри тирүү кезде эле башка бирөөгө турмушка чыккан аял никесин бузган болуп эсептелет. Ал эми күйөөсү өтүп кеткен аял нике мыйзамынан бош болуп, башка күйөөгө чыкканы менен нике бузбайт.
4Ошонун сыңарындай, силер да, боордошторум, Машаяк өлгөндө, Аны менен кошо өлүп, ошол аркылуу Тоорат мыйзамынан бошондуңар. Эми силер Кудайга кызмат кылууга жарактуу болуш үчүн башка Бирөөнүн карамагына өттүңөр, Ал Бирөө — өлгөндөрдөн тирилген Машаяк.
5Пенделик табиятыбызга жетеленип жашаганыбызда, денебизде мыйзам аркылуу жүзү ачылган күнөөлүү кумарларыбыз аракеттенип, мунун акыры өлүм болгон.
6Эми болсо, бизди байлап турган мыйзам үчүн өлүк болуп, анын бийлигинен бошондук. Эми биз Кудайга эскиче, Тоорат мыйзамында жазылганына ылайык эмес, жаңыча, Рухка ылайык кызмат кылабыз.

 

Мыйзам жана күнөө

 

7Андай болсо, эмне дейли? Күнөө Тоорат мыйзамынан келип чыгат деппи? Албетте, жок! Бирок мыйзам болбосо, мен күнөө эмне экенин билмек эмесмин. Мыйзам «башканын мүлкүнө көз артпа»деп айтпаса, мен көз артуу эмне экенин билмек да эмесмин.
8Парызга шылтап, күнөө ичимдеги миң түркүн кумарларды козгоду. Мыйзам болмоюн күнөө өлүк бойдон кала берет.
9Бир кезде мен колумда мыйзам жок жашадым эле. Бирок парыз берилгенде, күнөөгө жан кирди.
10Мен болсо өлүк болуп калдым. Ошентип, өмүр алып келүүгө тийиш болгон парыз мага өлүм алып келди.
11Амалын таап, күнөө парыздан пайдалып, мени алдады да өлтүрүп салды.

 

12Бирок мыйзам өзү ыйык. Анын парыздары да ыйык, адилеттүү жана жакшы.
13Андай болсо, эмне, жакшы нерсе мага өлүм алып келдиби? Албетте, андай эмес. Жакшы нерсени курал кылып, мага өлүм алып келген — күнөө. Ошону менен ал өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөттү. Ошентип, парыз күнөөнүн канчалык күнөөлүү экенин мурдагыдан ачык көрсөттү.

 

Ичибиздеги карама-каршылык

 

14Биз баарыбыз мыйзамдын рухий экенин билебиз. Мен болсо күнөөнүн кулчулугуна сатылган пендемин.
15Өзүм эмне кылып жатканымды өзүм билбейм, анткени кылгым келген нерсени кылбайм да жек көргөн нерсемди кылам.
16Кылып жатканым өзүм каалабаган нерсе болгон соң, бул менин мыйзамдын тууралыгын мойнума алганымды көрсөтүп турат.
17Андай болсо, чындыгында кыянаттык кылып жаткан мен эмес, ичимдеги күнөө.
18Өзүмдө, адамдык табиятымда жакшылык жок экенин билем. Жакшылык кылууга ниетим бар, бирок бул колумдан келбейт.
19Кылам деген жакшылыкты кылбайм да, анын ордуна кылбайм деген жамандыкты кылам.
20Эгерде жасагым келбеген нерсени жасап жатсам, анда муну кылган мен эмес, ичимдеги күнөө.

 

21Ошентип, мен мындай мыйзам ченемдүүлүктү байкадым: жакшылык кылайын десем да, колумдан жамандык гана келет.
22Жан-дилимден Кудайдын мыйзамына кубанам.
23Бирок өз денемден мен дагы башка мыйзамдын аракетин көрөм. Ал акыл-оюмдагы мыйзамга каршы туруп, денемди ичимдеги күнөө мыйзамына багындырып салат.
24Курган башым ай! Өлүмгө түрткөн ушул денеден мени ким куткарар экен?

 

25Кудайга алкыш! Ал муну Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу кылып койду! Ошентип, акыл-оюм менен мен Кудай мыйзамына моюн сунсам, адамдык табиятым менен күнөө мыйзамына моюн сунам.

 

8

 

Ыйык Рух берген өмүр

 

1Ошентип, эми Машаяк Ыйса менен биримдикте жашагандарга жазалоо өкүмү чыгарылбайт.[1]
2Анткени Машаяк Ыйса аркылуу өмүр берүүчү Рухтун мыйзамы силерди күнөө менен өлүмдүн мыйзамынан эркин кылды.
3Адам табиятынын алсыздыгынан улам мыйзам кыла албаган нерсени Кудай кылды. Бул үчүн Ал адам баласынын күнөөлүү денесине окшогон денеге бөлөнгөн Уулун жиберип, күнөөнүн жазасын Ага тарттырды.
4Муну Ал мыйзамдын адилеттүү талаптары күнөөлүү табияты боюнча эмес, Рух боюнча жашаган биз аркылуу аткарылсын үчүн кылды.
5Адамдык табиятынын жетегинде жашагандар ошол табиятынын эңсегенин, ал эми Рухтун жетегинде жашагандар Рух каалаганын ойлошот.
6Адамдык табиятын ойлоонун кесепети — өлүм; Рух каалаганын ойлоонун шарапаты — өмүр менен тынчтык.
7Ошентип, адамдык табиятын ойлогон адам Кудайга кас болот: ал Кудай мыйзамына багынбайт жана багына да албайт.
8Өз адамдык табиятынын жетегинде жашагандар Кудайга жага алышпайт.

 

9Силер болсо, эгерде ичиңерде чынында эле Кудайдын Руху жашаса, адамдык табиятыңардын эмес, Рухтун жетегиндесиңер. Кимде Машаяктын Руху жок болсо, ал Машаякка таандык эмес.
10Бирок ичиңерде Машаяк жашап жатса, анда күнөөнүн айынан денеңер өлүк болсо да, Кудай алдында акталган үчүн рухуңар — тирүү.
11Ичиңерде Ыйсаны өлгөндөн тирилтип алган Кудайдын Руху жашап жаткан болсо, анда Машаякты тирилтип алган Кудай ичиңерде жашап жаткан Руху менен силердин өлө турган денеңерге да жаңы өмүр берет.

 

12Ошентип, боордоштор, биз адамдык табиятыбыздын эңсегени менен жашоого милдеттүү эмеспиз.
13Себеп дегенде, адамдык табиятыңардын жетегинде жашасаңар, анда өлөсүңөр, ал эми Рух аркылуу денеңердин күнөөлүү иштерин тыйсаңар, анда өмүргө ээ болосуңар.
14Кудай Рухунун жетегинде жашагандардын баары — Кудайдын балдары.
15Анткени Кудайдын ыроологон Руху силерди кайрадан коркунучка батырып, кул кылбайт. Кудайдын Руху силерди Анын балдары кылды. Ошол Рухтун кудурети менен биз Кудайды: «Абба![2]Ата!» — деп чакырып жатабыз.
16Биздин рухубузга кошулуп, Кудайдын балдары болгонубузду күбөлөндүрүп жаткан — ошол Рух.
17Ал эми Кудайдын балдары болсок, анда Кудайдын мураскорлору да болдук. Биздин Машаяк менен энчибиз бир. Эгерде Анын атак-даңкын бөлүшкүбүз келсе, анда Анын тарткан азаптарына да ортоктош болушубуз керек.

 

Келечектеги атак-даңк

 

18Келечекте бизге көрүнө турган Кудайдын улуулугуна салыштырганда, азыркы убактылуу азаптарыбыз эч нерсеге турбасына көзүм жетип турат.
19Бүтүндөй жаратылыш Кудай Өз балдарына анык көрсөтө турган убакты чыдамсыздык менен күтүп жатат.
20-21Себеби жаратылыш өз максатына өзү эле жетпей калган эмес. Кудайдын өкүмүнөн улам ошондой болгон. Кудай болсо муну жаратылыш бир күнү өткүнчүлүктүн кулчулугунан бошотулуп, Өзүнүн балдары менен кошо даңктуу эркиндикке жетишет деген үмүт менен жасаган.
22Себеби, биз билгендей, бүтүндөй жаратылыш азыркыга дейре толготуп жаткансып, кыйналып онтоп жатат.
23Жаратылыш гана эмес, Кудайдын алгачкы тартуусу катары Ыйык Рухту алган биз да Ал бизди Өз балдары катары кабыл алып, денебизди куткарып аларын самап, ичибизден онтоп жатабыз.
24Анткени азыркы куткарылганыбыз — үмүт аркылуу гана. Эгерде үмүтүбүз эбак эле орундалган болсо, анда үмүттөнүүнүн кажети жок болмок. Өз көзү менен көрүп турган нерсеге үмүттөнмөк беле?
25Бирок көрбөгөн нерсеге үмүттөнүп жатсак, анда чыдамдуулук менен күтүшүбүз керек.

 

26Ошону менен бирге алсыраган бизди Рух да бекемдейт. Эмне жөнүндө сыйынарыбызды билбей, онтоп жатканыбызда, бул аркылуу Ал Өзү сөз менен айтуу мүмкүн болбогон эңсөөлөрүбүздү Кудайга жеткирип турат.
27Ал эми ички дүйнөбүздү көрүп турган Кудай Рухтун жеткирип жаткан ой-санаасын анык билет, себеби Рухтун ыйыктар үчүн өтүнгөнү Анын эркине дал келет.

 

28Биз болсо ким Кудайды сүйүп, Анын максатына ылайык чакырылган болсо, Кудай ал үчүн бардыгын жакшылыкка айландырарын билебиз.
29Кудай кимди эбак эле Өзүнө тандап алган болсо, Кудай Уулу көптөгөн бир туугандарынын арасында туңгуч болсун үчүн, ал адамдын Өз Уулуна окшош болуусун да алдын ала белгилеп койгон.
30Кудай Өз балдары болууга белгилеп койгондорду чакырып алды, чакырып алгандарын актап алды, актап алгандарын атак-даңкка бөлөдү.

 

Кудайдын Машаяк аркылуу төккөн мээрими

 

31Мунун баарын көрүп туруп, эмне дейбиз? Кудай биз тарапта болсо, анда ким бизге каршы чыкмак эле?
32Өз жалгыз Уулун аябастан, Аны баарыбыз үчүн курмандыкка берген Кудай калганын бизге бекер бербей коёбу?!
33Кудай тандап алгандарды ким айыптамак эле? Бизди Кудай Өзү актабадыбы.
34Бизге жаза өкүмүн ким чыгармак эле? Машаяк Ыйса биз үчүн өлүп, бул гана эмес — өлгөндөн кайра тирилип, азыр Кудайдын сыйлуу оң жагында отуруп, биз үчүн өтүнүп жатпайбы.
35Андай болсо, бизди Машаяктын сүйүүсүнөн ким ажырата алмак эле? Кыйынчылыкпы, азаппы, куугунтукпу, ачарчылыкпы, жардылыкпы, коркунучпу, кылычпы?

 

 

36Ыйык Жазууда айтылгандай: «Касапчынын колуна түшө турган кой делип,

 

Сен үчүн биз күн сайын тартылабыз өлүмгө».

 

 

37Бирок ошого карабастан, бизди сүйгөн Машаяктын аркасы менен биз мунун баарын жеңип чыгабыз!
38Себеби менин ынанганым: өлүмдүн же өмүрдүн, периштелердин же жиндердин, бул замандын же келечек замандын,
39кудурет-күчтөрдүн, жер үстүндөгүлөрдүн же жер астындагылардын, деги эле жаратылган нерселердин биринин дагы бизди Кудайдын Эгебиз Машаяк Ыйса аркылуу төгүлгөн сүйүүсүнөн ажыратууга кудурети жетпейт.

 

9

 

Кудай жана Анын эли

 

1Машаякка таандык адам катары чындыгын айтып жатам (сөзүм жалган эмес экендигине Ыйык Рухка багынган абийирим күбө):
2зор кайгыга батып, жаным тынбай сыздап,
3каныбыз бир боордошторумдун куткарылышы үчүн өзүм каргышка калып, Машаяктан айрылышым керек болсо, ошого да даяр элем.
4Алар — ысрайылдыктар, Кудайдын асырап алган, даңкына бөлөгөн, келишим түзүп, Тоорат мыйзамын калтырган, чыныгы ийбадат кылып, Анын убадаларын энчилеген эли.
5Алар атактуу ата-бабалардан тарап, адам кейпин кийип келген Машаяк да ушул элден чыккан. Ал бардыгынан жогору туруп, бардыгын бийлеген Кудай. Ага түбөлүк алкыш болсун! Оомийин.

 

6Бирок ысрайылдыктардын көпчүлүгү Машаякты кабыл албаса да, Кудай аларга берген убадасын аткарбай койду дегенге болбойт, анткени ысрайылдык болуп туулгандын баары эле чыныгы ысрайылдык эмес.
7Ыбрайымдын урпактары да толугу менен анын балдары эмес. Кудай ага: «Ыскактын урпактары сенин тукумуң аталат»— деген.
8Башкача айтканда, Ыбрайымдан тарагандардын баары эле Кудайдын балдары боло бербейт. Убада боюнча туулгандары гана чыныгы урпак болуп эсептелет.
9Кудайдын убадасы болсо бул: «Эмки жылы, дал ушул убакта Мен кайра келем да, аялың Саранын уулу болот».

 

10Бул гана эмес. Бабабыз Ыскактан боюна эгиз уул бүткөн Рабига да ушундай болгон.
11-12Балдары али туула электе эле, эч жамандык же жакшылык кыла электе эле, Кудай алардын бирин тандап алып, Рабигага: «улуусу кичүүсүнө кызмат кылат», — деген. Ошону менен Ал адамды кылган ишине жараша эмес, тек гана Өзүнүн максатына ылайык тандаарын көрсөткөн.

 

 

13Ыйык Жазууда айтылгандай, «Жакыпты жакшы көрүп,

 

Эйсапты жаратпадым».

 

 

14Буга биз эмне дей алабыз? Кудай адилетсиз деп айта алабызбы? Албетте, анте албайбыз.

 

 

15Анткени Мусага Ал мындай деген болчу: «Кимге ырайым этсем, ошого ырайымдуу болом,

 

Кимге боорум ачыса, ошону аяйм».

 

 

16Ошентип, бардыгы адамдын каалоосунан же кылган аракетинен эмес, кайрым көрсөтчү Кудайдын эркинен болот.
17Ыйык Жазууда Кудайдын фараонго мындай дегени бар: «Кудуретимди сен аркылуу көрсөтүп, ысмымды жер жүзүнө жар салыш үчүн гана Мен сенин зоболоңду бийик көтөрдүм».
18Демек, кимге кайрымдуу болорун, кимди катаал кыларын Кудай Өзү билет.

 

Кудайдын каары жана кайрымы

 

19Бирөөңөр мага айтарсыңар: «Андай болсо, эмне үчүн Ал бизди айыпка жыгат? Анын эркине каршы турар бирөө барбы?»
20Эй, пенде, деги Кудай менен акыйлашкандай сен ким элең? Жасалган буюм өзүн жасаганга: «Эмне үчүн сен мени ушундай кылып койдуң», — демек беле?
21Бир эле топурактан кымбат баалуу кумура да, жөнөкөй идиш да жасаш карапачынын өз эрки эмеспи?

 

22Анын сыңарындай, Кудай да адамзатка Өз каарын көрсөткүсү, Өзүнүн улуу кудуретин билдиргиси келет. Бирок, ошого карабай, каарына калып, курут боло тургандарды көпкө чейин кыйратпай чыдап келди.
23Минткени Анын ырайымына татып, даңкына бөлөнүүгө даярдалгандарга Өзүнүн чексиз улуулугун көрсөтүш үчүн болсочу?
24Ал бизди иудейлердин арасынан гана эмес, башка элдердин ичинен да чакырып алды.

 

 

25Ошуя китебинде бул тууралуу Кудай мындай дейт: «Менин элим болбогон элди алып,

 

Аларды Мен Өз элим атап коём.

 

Мурда Өзүм сүйбөгөн элди алып,

 

Аларды сүйгөн элим атап коём».

 

26«Эми алар: силер Менин элим эмес, —

 

Деп мурда айткан жердин дал өзүндө

 

Аталат тирүү Кудай балдары деп».

 

 

27Ышая да Ысрайыл элине мындай деп жар салат:

 

 

«Ысрайылдын уулдары

 

Көк деңиздин жээгинде

 

Жаткан сансыз кумга окшоп

 

Көп болсо да, алардын

 

Сакталганы аз болот.

 

28Анткени жер үстүндө

 

Өз өкүмүн Эгедер

 

Чечкиндүү да тезден-тез

 

Аткарганы калыптыр».

 

 

29Ышая алдын ала айткандай:

 

 

«Кудуреттүү Кудайым

 

Тукумунан элимдин

 

Калтырбаса бир азын,

 

Кыйрайт элек анда биз

 

Гомор менен Содомдой».

 

Ысрайыл жана Жакшы Кабар

 

30Эми, эмне дейли? Акталууну издебеген башка элдер Кудай алдында ак деп табылды. Алардын акталганы — ишенимден.
31Тоорат мыйзамы аркылуу акталууну издеген Ысрайылдын болсо аны аткарууга кудурети жетпеди.
32Бул эмне үчүн ушундай болду? Анткени алар ишенимге эмес, кылган иштерине таянып алышкан эле. Ошентип, Ысрайылдын буту кедерги ташка чалынган экен.

 

 

33Ыйык Жазууда айтылгандай, «Мына эми Сион аттуу шаарыма

 

Адамдарды чалынткан да кулаткан

 

Мен таш коём. Ошол ташка таянган

 

Адамдардын уят болбойт бири да».

 

10

 

1Боордоштор, Ысрайыл элинин куткарылышын ушунчалык эңсеп, бул жөнүндө Кудайга жалынып сыйынып жатам.
2Алардын Кудайга жагууга бүт дитин койгондоруна мен күбөмүн. Бирок буга кантип жетишүүнү алар билишкен жок.
3Адамдардын акталышына Кудай кандай жол сызып койгонун билишпеген алар буга өз жолу менен жетүүгө далалаттанып, Анын белгилеген акталуу жол-жобосуна баш ийбей келүүдө.
4Өзүнө ишенген ар кимди Кудай алдында ак кылыш үчүн Машаяк Тоорат мыйзамын аткаруу талабын жоюп таштады.

 

Куткарылуу — баары үчүн

 

5Тоорат мыйзамын аткарып акталуу жөнүндө Муса мындай жазган: «Мыйзамдын жол-жоболорун аткарган адам алар аркылуу өмүргө ээ болот».
6Ал эми ишеним аркылуу акталуу жөнүндө төмөнкүлөр жазылган: «Өзүңдөн: "Көккө ким чыкмак эле?"— башкача айтканда, "Машаякты жерге ким алып келмек эле?" — деп сурабай эле кой.
7"Жердин түпкүрүнө ким түшмөк эле?"— башкача айтканда, "Машаякты өлгөндөрдөн ким алып келмек эле?" — деп суроонун да кажети жок».

 

 

8Бул тууралуу Ыйык Жазууда мындай делген: «Кудайдын Сөзү жаныңда —

 

Оозуңда жана дилиңде».

 

 

Бул сөз — биз жар салып жүргөн ишеним жөнүндөгү кабар.
9Башкача айтканда, Ыйсанын Эге экенин мойнуңа алып, дилиңден Кудай Аны өлгөндөн тирилткенине ишенсең, куткарыласың.
10Анткени дилинен ишенген адам — акталат; оозу менен ачык айтып моюндаган адам — куткарылат.
11Ыйык Жазуу айткандай, «Ага таянган адамдардын бири да уят болбойт».
12Бул иудейлерге да, иудей эместерге да тийиштүү. Бардыгынын Эгеси бир, Өзүнө кайрылгандардын баарына Ал ак батасын мол берет.
13Анткени, жазылгандай, «Эгебиздин ысмын чакыргандын ар бири куткарылат».

 

14Бирок Ага ишенбегендер Анын ысмын кантип чакырышат? Ал жөнүндө укпагандар Ага кантип ишенишет? Кабар алып келген бирөө болбосо, кантип угушат?

 

 

15Жиберген эч ким жок болсо, кантип кабар жеткиришет? Ыйык Жазууда мындай деп жазылган: «Жакшы Кабар таратылып жатканын

 

Көрүп турсаң, кандай сонун бул өзү!»

 

 

16Бирок Жакшы Кабарды баары эле кабыл албады. Бул тууралуу Ышая пайгамбар:

 

 

«Бизден уккан кабарга,

 

Эгем, кимдер ишенди?»—

 

 

деген экен.
17Ошентип, ишеним — кабар угуудан, кабар угуунун өзү болсо Машаяктын Жакшы Кабарын жар салуудан келет.

 

18Анда мындай собол таштайын: эврейлер, эмне, кабарды укпай калышты беле? Албетте, угушкан! Анткени, жазылып тургандай:

 

 

«Үндөрү жер жүзүнө жаңырганда,

 

Сөздөрү жетти дүйнө четтерине».

 

 

19Дагы да сурайын: эмне айтылганын Ысрайыл түшүнбөй калды беле? Муса буга биринчи болуп жооп берген:

 

 

«Эл болбогон калк менен

 

Кызгантамын силерди;

 

Акылы жок эл менен

 

Кыжырлантам силерди».

 

 

20Ышая болсо тайманбай, андан да ачык айтат:

 

 

«Мени издеп көрбөгөн

 

Элдер Мени табышты;

 

Мени сурап көрбөгөн

 

Элдерге Мен көрүндүм».

 

 

21Ысрайыл туурасында болсо ал мындай дейт:

 

 

«Бир күн кечке күттүм, созуп колумду,

 

Тилим албай, каршы чыккан элимди».

 

11

 

Кудайдын Ысрайылга ырайым кылышы

 

1Ошентип, мындай собол таштайм: Кудай Өз элинен баш тарттыбы? Албетте, жок. Анткени мен да Ыбрайымдын тукумунан, Бенжамин уруусунан чыккан ысрайылдыкмын.
2Кудай тээ башынан эле Өзү тандап алган элинен баш тарткан жок. Же силер Ыйык Жазууда Илияс пайгамбар жөнүндө эмне деп айтылганын билген жок белеңер? Илияс Ысрайыл элине нааразычылык билдирип, Кудайга мындай деген эле:
3«Эгем, алар Сенин пайгамбарларыңды өлтүрүштү, курмандык жайларыңды талкалашты. Эми жападан жалгыз калган менин да көзүмдү тазалаганы жатышат».
4Кудай болсо ага кандай жооп кайтарды? «Мен Өзүмө жалган кудай Баалдын алдында тизе бүкпөгөн жети миң жанды калтырдым».
5Бул азыр да ушундай: Кудай ырайым этип тандап алып, Аныкы бойдон калган бир аз жандар али да бар.
6Кудай аларды кылган ишине жараша эмес, Өз ырайымы менен тандап алган; антпесе Анын ырайымы ырайым болбой калмак.[3]

 

7Натыйжада эмне болду? Ысрайыл элинин ичинен Кудай тандап алган бир азы гана эңсегенине жетип, калгандары болсо андан куру жалак калышып, катаалданышты.

 

 

8Ыйык Жазууда айтылгандай, «Кудай Өзү тоотпос кылып аларды,

 

Али да, көзү туруп, көрө алышпайт,

 

Кулагы бар болсо да, уга алышпайт».

 

 

9Дөөт да мындай деген экен:

 

«Өздөрү жайып койгон дасторкону

 

Өздөрү түшчү тузак, тордой болсун;

 

Чалынып, сазайларын алсын алар!»

 

10«Көздөрү караңгылап, көрбөй калсын;

 

Түйшүктөн түбөлүккө бүкүрөйсүн».

 

 

11Андай болсо, собол таштайын: бир мүдүрүлүп, ысрайылдыктар эми турбас болдубу? Албетте, андай эмес. Ысрайыл кулаганда, андан кызганыч туудуруу үчүн Кудай куткарылууну башка элдерге берди.
12Ысрайылдын кулаганы мүлдө дүйнөгө мынчалык көп бата алып келсе, алардын жоготконунан улам башка элдерге ушунча көп бата тийип отурса, анда Ысрайылдын толугу менен мурдагы калыбына келиши канчалык көп бата алып келмекчи!

 

Башка элдердин куткарылышы

 

13Азыркы айтар сөзүм башка элден чыккандарга. Мен башка элдерге жиберилген элчи болуп, өз кызматым менен сыймыктанам.
14Силерге кылган кызматым кандаштарымдын кызганычын туудуруп, бул аркылуу алардын кээ бири куткарылып калгысы бардыр.
15Анткени алардын четке кагылышы мүлдө дүйнөнү Кудай менен жараштырып койсо, алардын кабыл алынышынын натыйжасы кандай болмокчу? Бул өлүк болгондорго өмүр алып келет!

 

16Эгерде биринчи жабылган нан Кудайга багышталып, адал болсо, анда андан калган камыр да адал болот. Эгерде дарактын тамыры Кудайга багышталып, адал болсо, анда анын бутактары да адал болот.

 

17Бакта өскөн зайтун дарагынын кээ бир бутактары сындырылып, алардын ордуна жапайы зайтун кыйыштырылды. Бактагы зайтунга тамырлаш болуп, анын ширеси менен сугарылган жапайы зайтун — бул силерсиңер.
18Андай болсо, жанакы сындырылган бутактарды карап, мактанбагыла. Ал эми мактанган болсоңор, эсиңерге келгиле. Бутак болуп турган силер тамырды көтөрбөйсүңөр, тескерисинче, ал силерди көтөрүп турат.

 

19«Жанакы бутактардын сындырылып калганы бизди кыйыштыруу үчүн болгон», — дейсиңерби?
20Ырас, алар ишенбеген үчүн сындырылып ташталган. Бирок силер да ишенгениңер үчүн эле кыйыштырылып турасыңар: ушуну билип, бой көтөргөндөн көрө, сак болгула.
21Кудай дарактын өз табигый бутактарын аябаса, кыйыштырылган силерди аяйт дейсиңерби?
22Ошентип, Кудайдын мээримдүү да, катаал да болорун байкагыла. Ал күнөөгө баткандарга катаалданып, силерге болсо, эгерде Анын мээримдүү экенине дайыма ишенсеңер, Өз мээримин төгөт. Антпесе силер да сындырылып ташталасыңар.
23Ал эми ысрайылдыктар ишенбестигин калтырышса, кайрадан өз ордуна кыйыштырылат, анткени Кудай аларды кайра кыйыштырып коюуга кудуреттүү.
24Эгерде Кудай силерди жапайы зайтун дарагынан кесип алып, дегеле мурда болуп көрбөгөндөй кылып, бакта өскөн зайтун дарагына кыйыштырып койсо, анда жанакы сындырылган бутактарды өздөрү бир кезде өскөн даракка кайтаруу Ал үчүн алда канча оңоюраак.

 

Кудайдын ырайымы бардыгына тийиштүү

 

25Бой көтөрүп акылдуусунбасыңар үчүн, боордоштор, мен силердин бир купуя чындыкты билип алууңарды каалайм: кээ бир ысрайылдыктар биротоло эмес, башка элдердин баары Кудайга келгенге чейин эле тоотпос болуп калган.

 

 

26Ыйык Жазууда айтылгандай, бүт Ысрайылдын куткарылып калышы мындай болот: «Иерусалимден Куткаруучу келет дагы

 

Кайтарат Ысрайылды терс жолунан».

 

27«Күнөөсүн алып таштап,алар менен

 

Мына ушу келишимди түзөмүн Мен».

 

 

28Силер Жакшы Кабар угуп, куткарылып калышыңар үчүн ысрайылдыктар Кудайга душман болуп калышкан. Бирок ата-бабаларын сүйгөн Кудай аларды да сүйүп, алар али да Анын тандалган эли.
29Анткени Кудай кимге тартуусун ыроолоп, кимди тандап алары тууралуу оюн өзгөртпөйт.
30Бир кезде Кудайга моюн сунбаган силер алардын тил албастыгынан улам Кудайдын кайрымына ээ болуп турасыңар.
31Анын сыңары, азыр Кудайга моюн сунбай жатышкан алар да, силерге окшоп, бир күнү Кудайдын кайрымына ээ болушат.
32Себеби бардыгына кайрымдуулугун көрсөтүш үчүн Кудай бардыгын тил албастыкка туткундап койгон.

 

Кудайды мактоо

 

33«Кудайдын байлыктары эбегейсиз!

 

Акылмандык, билгичтиги не бир чексиз!

 

Чыгарган бүтүмдөрү аңдап бүткүс!

 

Кудайдын ойлоруна акыл жеткис!»

 

34«Кудайдын акыл-оюн барбы билген?

 

Кимиси Эгебизге кеңеш берген?»

 

35«Бирөөңөр карыз берип Кудайына,

 

Эгебиз бересеси барбы кимге?»

 

36Анткени бүт бардыгы бир Кудайдан,

 

Ал аркылуу, Ал үчүн жаратылган!

 

Даңкталсын түбөлүккө Кудайыбыз!

 

Оомийин.

 

12

 

Кудайга кызмат кылып жашоо

 

1Боордоштор, Кудай силерге не деген кайрымдуулугун көрсөттү. Андыктан силерден суранам: жан-тениңерди Кудайга багыштап, Ага жагымдуу, ыйык, тирүү курмандык катары бергиле. Ага чыныгы кызмат кылганыңар мына ушу.
2Бул дүйнөнү туурап жашабагыла. Андан көрө акыл-оюңарды жаңыртып өзгөргүлө. Ошондо Кудайдын силерге болгон эркин: эмнелер жакшы, жагымдуу жана жеткилең экендигин түшүнүп билүүгө жөндөмдүү болосуңар.

 

3Кудай ырайым этип дайындаган адам катары силерге айтам: өзүңөр жөнүндө тийиштүүдөн артык ойлобогула. Анын ордуна, акыл-эстүү болуп, өзүңөрдү Кудай ар бириңерге берген ишенимге жараша баамдагыла.
4Бир дене көп мүчөдөн туруп, бардык мүчөлөрдүн аткарган милдети бирдей болбойт.
5Ошол сыяктуу, биз да көп болуп туруп, Машаяктын денесин түзөбүз да бири-бирибизге карата өз ара байланышкан мүчөлөрбүз.
6Кудай ырайым менен ыроологон касиеттерибиз ар кандай болуп, ар кандай милдет аткарабыз. Кимибизге пайгамбарчылык айтуу касиети берилсе, аны өз ишенимибизге жараша колдонолу.
7Кызматчылык касиети барыбыз, кызмат кылалы, окута турганыбыз, окуталы.
8Башкаларга кайрат бере алганыбыз, кайрат берели. Колунда барын бөлүшкөнүбүз, жоомарт бололу. Жетекчилик кылганыбыз, талыкпай иштейли. Кайрымдуулук кылганыбыз, аныбызды кубаныч менен аткаралы.

 

Сүйүү

 

9Сүйсөк, чын дилибизден сүйөлү. Жамандыктан четтеп, жакшылыктан калбагыла.
10Бири-бириңерге бир тууганча мээримдүү болуп, бири-бириңерден аша сый көрсөткүлө.
11Эринчээк болбогула. Рухуңар менен жалындап, Эгебизге талыкпай кызмат кылгыла.
12Үмүттөн кол үзбөй, ар дайым кубанычта болгула. Кыйынчылыктарда чыдамдуу, сыйынууда туруктуу болгула.
13Муктаждыгы бар ыйыктарга жардам көрсөтүп, чоочун бирөө келсе, меймандостук менен тосуп жүргүлө.

 

14Өзүңөрдү куугунтуктап жаткандарга бата тилеп, каргабай, кайра алкап тургула.
15Кубангандар менен чогуу кубанып, ыйлагандардын кайгысын бөлүшкүлө.
16Өз ара ынтымактуу болгула. Көөдөнүңөрдү көтөрбөй, андан көрө токтоо кишилер менен катташып тургула. Өзүңөрдү акылдуу санабагыла.

 

17Жамандыкка жамандык менен жооп кайтарбагыла да урмат-сыйга татырлык иштерди кылууну ойлогула.
18Бардыгы менен тынччылыкта жашаш үчүн колуңардан келишинче аракет кылгыла.

 

 

19Сүйүктүүлөрүм, эч кимден өч албагыла, ар кимдин жазасын Кудай Өзү берсин. Анткени Ыйык Жазууда Эгебиз мындай дейт: «Өч алуу — Менин ишим,

 

Мен берем тиешесин».

 

20Тескерисинче,

 

«Касташканың ач болсо, азык бергин,

 

Касташканың чаңкаса, суусун бергин,

 

Таш урганга кимде-ким ашын сунса,

 

Жакшылыгы душманын уяткарат».

 

 

21Бирөөнүн жамандыгына алдырбай, андан көрө жамандыкты жакшылык менен жеңип чыккыла.

 

13

 

Бийликтегилерге баш ийүү

 

1Ар бир адам колунда бийлиги барларга баш ийүүгө тийиш, себеби бардык бийлик Кудайдан келип, бар болгон бийликтерди Ал орноткон.
2Адамдын бийликке каршылык көрсөткөнү — Кудай орноткон тартипке каршы чыкканы. Каршы чыккандын баары өздөрү жазаланышат.
3Бийлиги барлар жакшы иш кылгандарга эмес, жаман иш кылгандарга коркунуч туудурушат. Бийликтен коркпоону каалайсыңбы? Анда жакшылык кыл. Ошондо бийлик ээсинин мактоосуна татыйсың.
4Анткени ал сага пайда келтириш үчүн Кудайдын кызматын кылат. Жамандык кылсаң, анда бийлиги бар адамдан корк, себеби анын сени жазалагыдай кудурети бар. Кудайдын кызматчысы катары ал Кудайдын жамандык жасагандарга карата чыгарган өкүмүн иш жүзүнө ашырат.
5Мына ошон үчүн сен да жазадан коркконуңдан эмес, абийириң бар болгонунан бийликтегилерге баш ийишиң керек.

 

6Салык төлөгөнүңдүн себеби да ушул: өз милдетин аткарып, бийликтеги адамдар ошону менен дайыма Кудайга кызмат кылышат.
7Ошентип, аларга эмнени берүүгө тийиштүү болсоң, ошону берип жүр: бирине — салык, башкасына — төлөм, бирине — урмат, башкасына — сый.

 

Бири бириңерге мээримдүү болгула

 

8Эч кимге бересеңер болбой, өз ара сүйүүнү өмүр бою төлөп өтөр карызыңар катары туткула. Бири-бирин сүйгөндөр мыйзам талаптарын аткарган болушат.
9Анткени «ойноштук кылба», «киши өлтүрбө», «уурдаба», «башканын мүлкүнө көз артпа»жана ушул сыяктуу башка парыздардын баары мындай сөздө камтылган: «башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй».
10Сүйгөн адам башкаларга жамандык кылбайт. Андай болсо, сүйүү — мыйзамдын бардык жол-жоболорун аткарууга тете.

 

11Азыр кандай мезгил экенин, уйкубуздан ойгонор убакыт-саат келип калганын билип, ушундай кылгыла, себеби куткарылар күнүбүз жаңы ишенген убагыбызга караганда бизге азыр жакындап келди.
12Түн бүтөйүн деп, таң атарга аз калды. Караңгынын иштерин таштап, жарыктын курал-жарагын алалы.
13Той-тамаша менен масчылыкка, бузуктук менен адепсиздикке, чатакташуу менен көр албастыкка берилбей, күндүзгү жарыкта кандай жашаш керек болсо, ошондой жашайлы.
14Эгебиз Ыйса Машаяктын жетегинде болгула да, күнөөкөр табиятыңардын камын көрүп, ышкыларын кандырууну токтоткула.

 

14

 

Боордошторуңарды айыптабагыла

 

1Ишенимде алсыз болгондорду кабыл алгыла да, алар менен талашпагыла.
2Кээ бир адамдардын ишеними аларга бардыгын жегенге жол берет, бирок ишеними алсыз адам жашылча менен гана азыктанат.
3Кимиңер бардыгын жей алсаңар, тамакты ылгап жегендерди кемсинтпегиле. Ошондой эле кимиңер тамакты ылгап жесеңер, бардыгын жегендерди айыптабагыла. Анткени баарыңарды Кудай Өзү кабыл алган.
4Бирөөнүн кызматчыларын айыптагандай сен ким элең? Алардын айыпталар-айыпталбасын өз ээси билет. Аларды колдоп, айыпталбагандай кылууга Эгебиздин кудурети жетет.

 

5Кээ бирөөлөр үчүн кайсыдыр бир күн калгандарынан артык, башкалары үчүн болсо күндөрдүн баары бирдей болот. Ар ким кайсынысын туура деп ойлосо, ошого жараша иш кылсын.
6Ким белгилүү бир күндү артыкча көрсө, ал муну Эгебиздин урматына кылат. Тамактын баарын жей берген адам да муну, Кудайга шүкүрчүлүк келтирип, Эгебиздин урматына кылат. Ошондой эле тамакты ылгап жеген адам да муну Эгебиздин урматына кылып, Кудайга шүкүрчүлүк келтирет.
7Жашаганыбыз да, өлгөнүбүз да өзүбүз үчүн гана эмес.
8Жашасак да, Эгебиз үчүн жашайбыз, жаныбызды берсек да, Эгебиз үчүн беребиз. Ошентип, жашасак да, өлсөк да, Эгебиз менен болобуз.
9Анткени Машаяк тирүүлөрдүн да, өлгөндөрдүн да Эгеси болуш үчүн өлүп кайра тирилген.
10Андай болсо, өз боордошуңду айыптаганың кандай? Же аны эмне үчүн кемсинтесиң? Баарыбыз тең Соттоочу Кудайдын алдына барат эмеспизби?

 

 

11Анткени Ыйык Жазууда айтылгандай, «Жараткан Эге айтат: ант беремин

 

Өзүмдүн атым менен, бардык элдер

 

Алдымда тизе бүгөт, ар бир пенде

 

Оозу менен Кудайым деп тааныйт Мени».

 

 

12Ошентип, ар бирибиз кылган ишибиз үчүн Кудай алдында жооп беребиз.

 

Башкалардын кулап калышына себепкер болбо

 

13Демек, бири бирибизди айыптаганыбызды токтотпосок болбойт. Андан көрө, боордошторубузга кедерги болгон же азгырган иштерди жасабайлы деген чечимге келели.
14Эгебиз Ыйса менен тыгыз байланышта болуп, мен эч бир тамак өзүнөн өзү арам болбосун жана аны арам эсептегендер үчүн гана арам болорун билем.
15Эгерде жеген тамагың боордошуңду иренжитсе, анда мындай кылганың сүйүүгө жатпайт. Машаяктын курмандыгы менен куткарылган адам сенин кандай тамак жегениңди көрүп, ошонун айынан кыйрап калбасын!
16Жакшы деп жүргөн нерсеңдин жаман делишине жол бербе.
17Анткени Кудайдын Падышачылыгы эмне жеп, эмне ичкенибизде эмес. Ал — Ыйык Рух ыроологон адилдик, бейпилдик жана кубаныч менен жашаганыбызда.
18Машаякка мына ушинтип кызмат кылганыңар Кудайдын көңүлүнө да толот, башкалардын колдоосуна да татыйт.

 

19Ошентип, арабызга тынччылык алып келип, бири-бирибизди бекемдеп турган нерселерди жасоону көздөйлү.
20Тамак үчүн Кудайдын кылган ишине доо кетирбе. Арийне, бардык тамак адал. Бирок жеген тамагыңдын кимдир бирөөгө кедерги болгону жакшылыкка жатпайт.
21Андан көрө эт жебей, шарап ичпей же боордошуңа кедерги болгон башка нерселерди кылбай койгонуң оң.
22Кайсынысын туура деп ишенсең, бул Кудай экөөңөрдүн ортоңордо болсун. Эмнени тандаганы үчүн өзүн айыптабаган адам ырыстуу.
23Бирок шек санап жегендериң үчүн айыпталасың, себеби муну ишеним менен кылган жоксуң. Ал эми туура деп ишенбей туруп кылынган ар бир иш күнөө болуп эсептелет.[4]

 

Алкыш айтуу жана соңку сөз

 

24-25Кудайды даңктайлы! Ыйса Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды жарыялаганым жана Ал Өзү мурда, кылымдар бою адамдардан жашырын сактап, эми ачып берген чындыгын жар салганым аркылуу силердин ишенимиңерди бекемдөөгө Анын кудурети жетет. Түбөлүктүү Кудайдын буйругу менен пайгамбарлар жазып кеткен бул чындыкты жар салганыбыздын максаты — башка элдердин бардыгын ишенимге багындыруу болчу.

 

26Бирден бир акылман Кудайыбызга Ыйса Машаяк аркылуу кылымдардан кылымдарга даңк болсун! Оомийин.[5]

 

15

 

Өзүңдүн эмес, өзгөлөрдүн камын ойло

 

1Биз, бек ишенимде болгондор, ишеними аздардын алсыздыгын көтөрө билүүгө тийишпиз. Өзүбүздү гана ойлоп иш кылбайлы.
2Башкалардын пайдасы үчүн, алардын ишенимин бекемдегидей, ар бирибиз алар үчүн кам көрүшүбүз керек.

 

 

3Анткени Машаяк да Өзүнүкүн көздөгөн жок. Ыйык Жазууда жазылгандай, «Сага тилин тийгизген

 

Адамдардын кордугу

 

Түштү менин башыма».

 

 

4Мурда жазылгандардын бардыгы болсо, бекемдик аркылуу жана Ыйык Жазуунун кайрат берүүчү сөздөрү аркылуу үмүтүбүздөн кол үзбөшүбүз үчүн, бизге сабак катары берилген болчу.
5Бекемдик менен кайраттуулуктун булагы болгон Кудай Машаяк Ыйсанын эркине ылайык силерге өз ара ынтымак берсин.
6Ошондо силер бир ниет менен, бир ооздон Кудайыбызды — Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасын даңазалап тура аласыңар.

 

Башка элдерге жар салынган Жакшы Кабар

 

7Кудайдын атагын чыгарыш үчүн, Машаяк өзүңөрдү кандай кабыл алса, силер да бири бириңерди ошондой кабыл алгыла.
8Анткени, силерге айтам, ата-бабаларына берилген убаданы орундатып, ысрайылдыктарга Кудайдын ишенимдүү экенин көрсөтүү үчүн Машаяк аларга кызматчы болуп берди.

 

 

9Анын кылганы аркылуу эми башка элдер да Кудайдын ырайымын көрүп, Аны даңазалай алышат. Ыйык Жазууда жазылгандай, «Башка элдердин арасында Сени даңктайм,

 

Ысмыңды даңазалап, Сага ырдайм».

 

10Дагы мындай деп айтылган:

 

«Кудайымдын тандалган эли менен

 

Кубангыла кошулуп башка элдер!»

 

11Жана дагы:

 

«Башка элдер, баарыңар, мактагыла Эгемди!

 

Бүт дүнүйө калктары, даңктагыла Эгемди!»

 

12Ышая да мындай дейт:

 

«Жесей баба Урпагы келип калат,

 

Башка элдердин үстүнөн бийлик кылат.

 

Алар болсо үмүтүн Ага артат».[6]

 

 

13Үмүт берчү Кудайыбыз Өзүнө арткан ишенимиңер аркылуу силерди кубаныч менен бейпилдикке бөлөсүн. Ошондо Ыйык Рух Өз кудурети менен үмүтүңөрдү көбөйткөндөн көбөйтөт.

 

Пабыл ачык кат жазганынын себебин түшүндүрөт

 

14Боордошторум, мен өзүм силердин бардык жакшылык менен керектүү билимге ээ болуп, бири-бириңерге акыл-насаат айтып тура аларыңарга ынандым.
15Бирок, ошентсе да, айрым нерселерди эсиңерге салайын деп, бул катымда баарын ачык жаздым. Минткен себебим, Кудай мага ырайым этип,
16башка элдерге Машаяктын кызматчысы кылып жиберген. Ошондогу милдетим — аларга Жакшы Кабарды жар салганым аркылуу динкызматчылык парзымды аткарып, Ыйык Рух ыйыктаган аларды Кудайга жагымдуу «курмандык» катары тартуу кылууда болчу.
17Мына эми Машаяк Ыйса менен бирге Кудайга кылган кызматым менен сыймыктансам да болгудай,
18себеби Машаяктын мен аркылуу, айткан сөзүм менен кылган ишим аркылуу башка улуттагыларды кантип Кудайга баш ийдиргенинен башка нерселерди айтууга батынгыдай эмесмин.
19Ал болсо муну Өзү көрсөткөн кереметтүү жышаандар, Ыйык Рухтун кудурети менен кылды. Ошондон улам гана мен Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды Иерусалимден баштап, Илирикке чейин жайылта алдым.
20Башка бирөө салган негиздин үстүнө курбаш үчүн, мен дайыма Машаяк жөнүндө эч кабарсыз болгондорго барып Жакшы Кабар таратууну артык көргөм.

 

 

21Ыйык Жазууда жазылгандай, «Ал жөнүндө эч кабар албагандар көрүшөт,

 

Ал жөнүндө эч качан укпагандар билишет».

 

Пабылдын Римге барайын деген максаты

 

22Мына ошон үчүн канча жолу силерге барайын дегенимде, жолум бөгөлүп калчу.
23Бирок эми, ошол аймактарда кызмат кылгыдай жерим калбаган соң, көп жылдан бери эңсегенимдей, силерге келип кетейин дейм.
24Муну мен Испанияга баратканымда жолдон кылармын. Ошондо силер менен көрүшүп-баарлашып, бир аз болсо да, араңарда жүрүп кеткенден кийин мени узатып коёсуңар деген үмүттөмүн.
25Бирок азыр Иерусалимге барып, ал жактагы ыйыктарга кызмат кылмакчымын,
26анткени Македония менен Ахая аймактарындагылар өз ыктыяры менен Иерусалимдеги муктаж болгон ыйыктарга акчалай жардам берүүнү чечишти.
27Бул алардын өз чечими болду. Бирок, чынында, мындай жардам берүү алар үчүн парыз дагы, себеби ысрайылдыктар башка элдер менен өз рухий казынасынан бөлүшүп жатса, башка элдер да алар менен өз дүйнөлүк казынасынан беришүүгө тийиш.
28Иерусалимдегилерге алар үчүн чогултулган акчаны жеткирип, бул ишимди бүткөргөндө, Испанияга сапар тартып, жолдон силерге кире кетем.
29Мен силерге келгенимде, Машаяктын мол батасы менен келеримди билем.

 

30Боордоштор, баарыбыз тең Эгебиз Ыйса Машаякка ишенип, Ыйык Рух бизге өз ара сүйүү бергенин эске алып, силерден өтүнөм: мага кошулуп, мен үчүн Кудайга аябай сыйынып тургула.
31Иудеяга барганымда, Кудайыбыз мени Машаякка ишенбегендерден сактап, Иерусалимдегилерге көрсөткөн кызматым ал жактагы ыйыктар тарабынан кабыл алынсын деп сыйынып тургула.
32Ошондо, Кудай кааласа, силерге кубаныч менен келем да, араңарда болгонум мага дагы кубат берер.
33Бейпилдик берүүчү Кудай баарыңарга жар болсун. Оомийин.

 

16

 

Жеке саламдар

 

1Силерге Кенхрея жыйынында кызмат өтөгөн карындашыбыз Фойбаны тааныштырып, ал тууралуу жылуу сөз айтып кетким келет.
2Эгебиздин урматына аны ыйыктар бири бирин кандай кабыл алууга тийиш болсо, ошондой тосуп алгыла да, ага бардык керектүү жардамыңарды берип койгула, анткени ал өзү канчаларыбызга, алардын ичинде мага да, көп жардам берди.

 

3Машаяк Ыйсага мени менен бирге кызмат кылган Приска менен Акилага салам жолдойм.
4Алар мен үчүн канча ирет өз жандарын тобокелге салышкан. Аларга мен гана эмес, башка элдердеги жыйындардын баары ыраазы.

 

5Экөөнүн үйүндө чогулган жыйынга да саламымды айтып койгула. Асия аймагынан биринчи болуп Машаякка ишенген сүйүктүү боордошум Эпейнетке да менден дубай салам.
6Силер үчүн көп мээнеттенген Мариямга да саламымды айткыла.
7Ошондой эле мени менен бирге туткунда болгон, элчилердин арасында атагы чыгып, Машаякка менден мурда ишенишкен мекендештерим Андроник менен Жунияга да салам айткыла.

 

8Эгебизге ишенген сүйүктүү боордошум Ампилийге,
9ошондой эле Машаякка биз менен бирге кызмат кылган Урбанга жана сүйүктүү досум Стахка,
10Машаякка берилгендигин иш жүзүндө көрсөткөн Апелге жана Аристабылдын үйүндөгүлөргө саламымды жолдойм.

 

11Мекендешим Иродионго, Наркистин үй-бүлөсүндөгү ишенгендерге,
12Эгебизге кызмат кылып жүргөн Трифайна менен Трипозага, Эгебизге көп эмгегин жумшаган сүйүктүү боордошум Персиске менден салам айтып койгула.

 

13Эгебиздин тандамал кызматчысы Рупка жана анын мени да өз баласындай көргөн энесине,
14Асинкиритке, Филегонго, Эрмеске, Патропко, Эрмаска жана алар менен болгон башка боордошторго салам айтам.
15Филолог менен Жулияга, Нерей менен анын карындашына, Олимпге жана анын жанындагы Кудай адамдарына менден салам айткыла.
16Бири-бириңер менен боордошчо беттен сүйүп учурашып жүргүлө. Силерге Машаяктын мындагы бардык жыйындары салам жолдошот.

 

Акыркы көрсөтмөлөр

 

17Боордошторум, көптөн көп өтүнөрүм: араңарды бөлүп, элдин ишенимине доо кетирип, өзүңөр кабыл алган таалимге каршы чыккандарды байкап, алардан оолак болгула.
18Анткени мындайлар Эгебиз Машаякка эмес, өз кулкунуна кызмат кылып, жылуу-жумшак сөздөрү жана чечендиги менен түркөйлөрдү алдашат.
19Эгебизге канчалык баш ийип жүргөнүңөр баарына белгилүү болду. Эми силерди ойлоп кубанып жатам. Бирок мен эмне жакшы экенин баамдаганыңарда акыл токтотуп, жамандыктан алыс болууңарды каалайм.

 

20Тынчтыктын булагы болгон Кудайыбыз жакын арада шайтанды бут алдыңарга жыгып берет. Эгебиз Ыйса силерге ырайымдуу болсун.

 

21Кызматташым Тиметей, ошондой эле кандаш бир туугандарым Лукий, Жасон жана Сосипатр силерге өз саламдарын жолдошту.

 

22Мен да, Пабылдын сөздөрүн кагаз бетине түшүргөн Тертий, ишенимдеш катары силерге боордоштук саламымды айтам.

 

23Өзүм андан конуш таап, жыйын да үйүндө чогулган Гай силерге салам айтып жатат. Шаар казынасын сактаган Эраст жана боордошубуз Кварт силерге салам айттырышты.[7]

 

 

 

1 Корунттуктар

1

 

Саламдашуу

 

1Кудайдын амири менен Машаяк Ыйсанын элчиси болууга дайындалган Пабылдан жана боордошубуз Состенден
2Кудайдын Корунт шаарындагы жыйынына, Ал ыйык эли болууга чакырып, Машаяк Ыйса менен тыгыз байланышы аркылуу Өзүнө тандап алган корунттуктарга, ошондой эле кайда болбосун биздин да, алардын да Эгебиз болгон Ыйса Машаяктын атын оозанып табынгандардын баарына дубай салам.

 

3Ылайым Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк баарыңарга ырайым кылып, тынччылыгын берсин.

 

Ыраазычылык келтирүү

 

4Силер үчүн жана Машаяк Ыйса аркылуу силерге көрсөткөн ырайымы үчүн мен Кудайыма дайыма ырахматымды айтып турам.
5Анткени Ал Машаяк менен тыгыз алакада болгон силерди ар тараптан: бардык сөзүңөр менен билимиңерде байытып отурат.
6Машаяк тууралуу кабардын чындык экенин жашооңор ырастап,
7Эгебиз Ыйсанын кайтып келишин чыдамсыздык менен күтүп жаткан силерге Кудай канча деген рухий касиеттерди ыроолоду.
8Эми Эгебиз Ыйса Машаяк Өзү кайткан күнү силердин кынтыксыз болууңар үчүн ишенимиңерди аягына чейин бек сактоого кубат берет.
9Силерди Өз Уулу, Эгебиз Ыйса Машаяк менен мамилелеш болууга чакырган Кудай ишенимдүү.

 

Жыйындагы ич ара бөлүнүүлөр

 

10Бир боорлорум, Эгебиз Ыйса Машаяк берген бийлик менен силерди өз ара ынтымакка чакырам! Ич ара бөлүнүп-жарылбай, андан көрө, бир ойго, бир пикирге келип, биримдикте болгула.
11Себеби, боордошторум, Кылайдын үй-бүлөсүнөн мен араңардагы жаңжалдар тууралуу угуп калдым.
12Айтайын дегеним, бириңер «Пабылдыкымын» десеңер, башкаңар «мен Аполдукумун» дейт экенсиңер, дагы бириңер «Мен Петирдикимин» десеңер, башкаңар «мен болсо Машаяктыкымын» деп жүрүпсүңөр.
13Андай болсо, эмне, Машаяк бөлүнүп кеткенби? Же силер үчүн айкаш жыгачка керилген Пабыл беле? Же сууга силер Пабылдын үмөтү болдук деп чөмүлгөнсүңөрбү?

 

14Крисп менен Гайдан башка эч кимиңерди чөмүлдүрбөй калганым үчүн Кудайга тобо.
15Эми силерди менин урматыма чөмүлүштү деп эч ким айта албайт.
16(Ырас, Степан менен анын үй-бүлөсүн да чөмүлдүрүүдөн өткөргөнүм бар. Андан башка дагы кимдир бирөөнү чөмүлдүргөнүм эсимде жок.)
17Машаяк мени чөмүлдүрүүгө эмес, Жакшы Кабар таратууга, болгондо да адамдык акылмандыктан чыккан сөздөр менен эмес, Машаяктын айкаш жыгачтагы өлүмүнүн кудурети менен таратууга жиберген.

 

Машаяк — Кудайдын кудурети менен акылмандыгынын өзү

 

18Машаяктын айкаш жыгачка кадалып өлгөнү жөнүндөгү кабарды апат болуп бараткандар акылсыздык деп эсептешсе, куткарылып жаткан биз үчүн бул кабарда Кудайдын кудурети катылган.

 

 

19Ыйык Жазууда мындай деп айтылган: «Мен даанышмандардын даанышмандыгын,

 

Акылдуулардын акылдуулугун жокко чыгарам».

 

 

20Андай болсо, жанакы даанышмандар менен дин устаттары, ушул замандын айтышка чыгар чечендери кайда калды? Кудай бул дүйнөнүн акылмандыгы чындыгында жеткен акылсыздык экенин ачыктан ачык көрсөттү.

 

21Өз даанышмандыгы менен Кудай бул дүйнөнүн эң бир жеткен акылмандары да Аны өз акылы менен тааный албасын билген. Андыктан Ал Өзүнө ишенгендерди биз таратып жүргөн жана башкалар тарабынан «акылсыз» делинген Жакшы Кабары аркылуу куткарууну туура тапты.
22Себеби иудейлерди керемет-жышаандар, башка улуттагыларды акылмандуулук гана чындыкка ынандыра алат.
23Биз болсо Машаяктын айкаш жыгачка керилип өлгөнүн жар салып жатабыз. Бир жагынан, иудейлер буга ишене алышпаса, экинчи жагынан, башка улуттагыларга бул келесоолуктай көрүнөт.
24Бирок Кудай Өзүнө чакырып алган иудейлер үчүн да, башка улуттагылар үчүн да Машаяк — Кудайдын бизге көрсөткөн кудурети менен акылмандыгы.
25Анткени Кудай акылсыз көрүнгөн күндө да адамдардан акылдуу, алсыз көрүнгөн күндө да адамдардан кудуреттүү.

 

26Боордошторум, эстесеңер, Кудай чакырып алганга чейин силер ким элеңер? Араңарда адамдык көз караш менен алганда, акылдуу же кудуреттүү же кадыр-барктуу болгондор көп беле?
27Бирок Кудай адамдар акылсыз дегендерди тандап алып, акылмандарды уятка калтырды, алсыз делингендерди тандап алып, беделдүүлөрдү уятка калтырды.
28Кудай бул дүйнөдөгүлөр барктагандарды жокко чыгаруу үчүн алар теңине албай, кордоп, түккө турбайт деп эсептегендерди тандап алды.
29Ошондуктан эч кимдин Кудай алдында мактангыдай жөнү жок.
30Ал эми бизди Кудай Машаяк Ыйса менен биримдикке алып келип, Ал биз үчүн Кудай акылмандыгынын башаты болуп калды. Бизди Кудай алдында актап, Анын ыйык эли кылып, күнөөдөн куткарган — Машаяк.

 

 

31Ошентип, Ыйык Жазууда айтылгандай, «Кимде-ким мактангысы келип турса,

 

Мактансын Эгебиздин иши менен».

 

2

 

Айкаш жыгачка керилген Машаяк жөнүндөгү кабар

 

1Боордоштор, силерге келгенимде, Кудайдын акыйкаттыгы тууралуу купуя кабарды чечендикке же акылмандуулукка салып жар салууга далалаттанганым жок.
2Анткени араңарда жүргөнүмдө, Ыйса Машаяктан, өзгөчө Анын айкаш жыгачка керилип өлгөнүнөн башка эч нерсени билбегендей болууну чечкем.
3Ошентип, силерге келгенимде, алдыңарда эч дарманым жок, коркконуман калтырап-титиреп турган элем.
4Сүйлөгөн сөзүм менен айткан насаатымда адам акылмандыгынан келип чыккан сөздөрдү колдонгонум жок. Силерди ынандырган менин кебим эмес, Кудайдын кудуреттүү Руху.
5Демек, ишенимиңер адам акылына эмес, Кудайдын кудуретине негизделген.

 

Кудайдын акылмандыгы

 

6Албетте, рухий жетилгендерге сөз айтканда, биз деле акылмандыкка таянып сүйлөйбүз. Бирок ал — бул дүйнөнүн же болбосо бул дүйнөнү башкарып турган өкүмдарлардын акылмандыгы эмес: алардын заманы өтүүдө.
7Жар салганыбыз — Кудайдын жашырын, адам көзүнө көрүнбөгөн акылмандыгы. Бизди Өз улуулугуна бөлөш үчүн Кудай аны тээ алмустактан мурда эле дайындап койгон.
8Бул акылмандыкты дүйнөнүн өкүмдарлары түшүнө алышпайт. Түшүнүшсө, Улуулуктун Эгесин айкаш жыгачка кадашмак эмес.

 

 

9Кантсе да, Ыйык Жазуунун мындай деп айтылган жери бар: «Кудайды жан-дилинен сүйгөндөргө

 

Ал Өзү даярдаган укмуштарды

 

Адамдар көргөн да эмес, уккан да эмес,

 

Эч кимдин оюна да келген эмес».

 

 

10Бирок Кудай бизге Өз акылмандыгын Ыйык Рух аркылуу ачык-айкын билдирди. Рухка бардыгы, ал тургай Кудайдын жашыруун ой-максаттары да маалым.
11Адамдын ой-санааларын ичиндеги руху гана билген өңдүү, Кудай тууралуу бардыгын Анын Руху гана биле алат.
12Биз кабыл алган рух ушул дүйнөнүн руху эмес. Кудайдын бизге эмнелерди ыроологонун түшүнүп-билиш үчүн бизге Кудай Өзүнүн Ыйык Рухун жиберди.

 

13Кудайдын Рухуна ээ болгондорго рухий чындыктарды чечмелегенибизде, биз адамдык акылмандыктан эмес, Рухтан үйрөнгөн сөздөрдү колдонобуз.
14Кимде Кудайдын Руху жок болсо, ал Рух ыроологон касиеттерге да ээ боло албайт. Алар анын түшүнүгүнөн сырткары туруп, ага эч маңызы жоктой көрүнөт, себеби рухий нерселерди баамдаш үчүн адам Рухка ээ болууга тийиш.
15Ыйык Рухка ээ болгондор болсо бардыгын баамдай алышат, бирок алардын өздөрүн баамдоого эч кимдин кудурети жетпейт.

 

 

16«Кудайдын акыл-оюн барбы билген?

 

Кимиси Эгебизге кеңеш берген?»

 

3

 

Кудайдын кызматчылары

 

1Чынын айтканда, боордошторум, мен силерге Кудайдын Рухуна ээ болгондорго сүйлөгөндөй сүйлөй албадым. Анын ордуна, Машаякка арткан ишенимиңер али жетиле элек экенин билип, бул дүйнөгө таандык болгондорго сүйлөгөндөй сүйлөдүм.
2«Кою тамак» жей албасыңарды көрүп, сүт менен азыктанттым. Силер алигиче да «кою тамак» жешке даяр эмессиңер,
3себеби жашооңор али да бул дүйнөдөгү адамдардыкынан эч айырмасы жок. Мындай дегенимдин себеби: бири бириңерди көрө албай, бири бириңер менен урушуп-талашып жатсаңар, анда силер бул дүйнөгө таандык болуп, бул дүйнөнү туурап жашап жаткан жоксуңарбы? Же жүргөн-турганыңар бул дүйнөдөгүлөрдүкүнөн айырмаланып турабы?
4Бириңер «мен Пабылдын шакиртимин», башкаңар болсо «мен Аполдукумун» деп жатсаңар, анда силер дүйнөлүк эмей кимсиңер?

 

5Деги Апол ким? Пабыл ким? Алар силерди ишенимге алып келген Кудайдын кызматчылары гана. Эгебиз бизди кайсы кызматка дайындаса, ар бирибиз ошону гана аткарып жүрөбүз.
6Мен отургузсам, Апол аны сугарды. Бирок ошону өстүрүп чыгарган — Кудай.
7Ким отургузуп, ким сугарганынын мааниси деле жок. Маанилүүсү — аны өстүргөн Кудай.
8Отургузганы менен сугарганынын чындыгында максаты бир. Ар бири кылган ишине жараша Кудайдан сыйлык алат.
9Анткени Апол экөөбүз Кудай үчүн чогуу иштешкен кызматташпыз. Силер болсо Кудайдын талаасы, Кудайдын имаратысыңар.
10Кудайдан алган жөндөмүмө ылайык, мен дасыккан куруучу катары имараттын жерпайын куйдум. Андан кийин дагы бирөө келип, куюлган пайдубалдын үстүнө там көтөрө баштады. Бирок үй салып жаткан ар ким кандай куруп жатканын байкап, сак болууга тийиш.
11Себеби Кудай Өзү салган бирден бир пайдубалдан башкасын салууга эч кимдин акысы жок. Ошол пайдубал — Ыйса Машаяк.
12Кимдир бирөө бул негиздин үстүнө курулган имаратты алтындан, күмүштөн же асыл таштардан тургузса, башкасы аны жыгачтан, куурайдан же самандан салат.
13Бирок ар бир иштин сапаты сыналар күн келет. Кыямат күнү бардыгы от менен сыналат. Ошондо ар кимдин эмне иш кылганы ачыкка чыгат.
14Кимдин курганы күйбөй, аман калса, ал Кудайдан сыйлык алат.
15Ал эми кимдики күйүп кетсе, ал чыгымга учурайт. Бирок өзү, оттон суурулуп алынган адамдай болуп, куткарылат.

 

16Же өзүңөр Кудайдын касиеттүү ийбадатканасы болуп, ичиңерде Анын Руху жашап жатканын силер билген жок белеңер?
17Кимде-ким Кудайдын ийбадатканасын кыйратса, аны Кудай кыйратат. Себеби Кудайдын ийбадатканасы ыйык. Ошол ийбадаткана силерсиңер.
18Өзүңөрдү өзүңөр алдабагыла. Кимиңер бул дүйнөдө өзүн акылдуумун десе, андан көрө, чыныгы акылмандыкка ээ болуш үчүн, «акмак» болсун.
19Анткени бул дүйнөнүн акылмандыгы Кудай үчүн акылсыздык. Ыйык Жазууда айтылат эмеспи: «Ал акылмандарды кайра өздөрүнүн эле амалы менен кармайт»
20жана дагы: «Эгем акылмандардын ойлору куру бекер убайым экенин билет».

 

21Ошентип, эч ким кайсы бир адамдын кылган иштери менен сыймыктанбасын. Чындыгында, бардыгы силерге таандык.
22Пабыл да, Апол менен Петир да, бул дүйнө да, өмүр менен өлүм да, бүгүнкү күн менен келечек да — баары силердики.
23Силер болсо Машаяктыкысыңар, ал эми Машаяк — Кудайдыкы.

 

4

 

Машаяктын элчилери

 

1Бизди Машаяктын кызматчылары, Кудайдын купуя сырларын жарыялоо ишин башкарууга гана дайындалгандар катары көрүшүңөр керек.
2Ал эми ар бир башкаруучууга коюлган талап — ишенимдүү болуу.
3Мен ишенимдүүлүгүм силер тараптан же кандайдыр башка адамдар тарабынан текшерилип бааланат деп убайым жебейм. Ал турсун мен өзүм да өзүмө баа бере албайм.
4Өзүмдөн өзүм айып таппасам да, муну эч жазыксыз экенимдин далили катары көрбөйм. Мени текшерип баалай турган — Эгебиз Өзү.
5Андыктан убагы келгиче, силер да эч кимге баа берүүгө ашыкпай, Эгебиздин кайтар күнүн күткүлө. Ал келгенде, мурда караңгыдан улам көрүнбөгөн нерселерди көрүнөө кылып, адамдардын жашырын ой-санааларын ачыкка чыгарат. Андан соң, ар ким Кудайдан алкышын алат.

 

6Боордоштор, жогорудагынын баарын Апол экөөбүздү мисалга алып айтканда, мен муну силердин эле пайдаңар үчүн кылдым. Эми силер бизден үлгү алып, «жазылгандан артык эч нерсе кылбагыла» деген сөздүн маанисин түшүнүп, бирибиз менен сыймыктанып, башкабызга өйдөсүнүп карабашыңар керек.
7Же кимдир бирөө силерди башкалардан жогору коюп койду беле? Же эмнеге ээ болсоңор, ошонун баары Кудайдан эмеспи? Кудайдан болсо, анда эмне себептен бардыгына өзүңөр жетип алгансып мактанып жатасыңар?

 

8Бардык кем-карчыңар эбак эле толуп калгансып, азыртан эле байлыгыңар ашып-ташып кеткенсип, биз жок өзүңөрчө эле падыша болуп алганыңарды кара! Силер чындыгында эле падыша болсоңор кана! Анда биз да силерге кошулуп, бирге падышалык кылбайт белек.
9Сыягы, Кудай бизди, Өз элчилерин, бүтүндөй ааламга — периштелер менен адамзатка оюн-тамаша кылып, ажалын көпчүлүктүн алдында табууга өкүм чыгарылган туткундар сыяктуу салтанаттуу жүрүштүн эң артына койгон өңдөнөт.
10Карасаңар, биз Машаяк үчүн акылынан ажыраган немелердей болсок, силер Анын аркасы менен «акылман» болупсуңар! Биздин шайыбыз кетип жатса, силер алга-күчкө толуп турасыңар! Биз кордук көрсөк, силер кадыр-баркка жетип отурасыңар!
11Күнү бүгүнкүгө дейре курсагыбыз тойбой, суусап, киймибиздин тамтыгы кетип, келтек жеп, баш пааналар үйүбүз жок,
12күнүмдүк наныбызды өз маңдай терибиз менен таап жүрөбүз. Ким бизди жамандаса, ага кайра бата тилеп, куугунтуктаса, чыдап,
13тил тийгизгендерге кайра жылуу сөз менен жооп кайтарабыз. Азыркыга дейре бардыгына тепсенди, бул дүйнөнүн сапырындысы сыяктуу болуп келебиз.

 

Аталык эскертүү

 

14Муну силерди уяткарыш үчүн эмес, өзүмдүн боор этим менен тең балдарымдай көрүп, эскертип коюш үчүн жазып жатам.
15Себеби Машаяктын жолунда насаат айтчу миңдеген устаттарыңар болсо да, алардын бири да атаңар эмес. Силерге Жакшы Кабар айтып келген мен болсо Машаяк Ыйса менен болгон жашооңордо атаңар болуп калгам.
16Андыктан менден үлгү алгыла деп жалынам.
17Ушул максат менен силерге Машаяк аркылуу сүйүктүү, ишенимдүү уулум болуп калган Тиметейди жибердим. Ал келгенде, мен Машаяк Ыйса менен эриш-аркак жашаганымда өзүм да карманып, бардык жерлердеги жыйындарда окутуп да жүргөн жол-жоболорду эсиңерге салат.

 

18Кээ бириңер мени келбейт экен деп, бой көтөрүп кетипсиңер.
19Бирок, Кудай буюрса, жакын арада силерге барып калгым бардыр. Ошондо жанакы көөдөнү жоктордун эмне сөз айтканын эле эмес, кандай кудуретке ээ экенин да көрөм.
20Анткени Кудайдын Падышачылыгы сөздөн эмес, күч-кудуреттен көрүнөт.
21Ошентип, силер менин кантип келишимди каалар элеңер: колума таяк кармаппы же болбосо сүйүү көрсөтүп, аяр мамиле кылыппы?

 

5

 

Жыйындагы бузукулук

 

1Сөздүн ачыгын айтайын: мага араңардан бирөө атасынын төшөгүн тепсеп, өгөй энеси менен жатып жүрөт деген анык кабар жетти. Бул Кудайды тааныбагандарда да болуп көрбөгөн, жеткен бузукулук эмеспи!
2Ушуну билип туруп, эмнеңерге мынчалык көөдөнүңөрдү көтөрүп жатасыңар?! Андан көрө, кайгырып, ушундай кылгылыкты кылган немени араңардан чыгарып таштаганыңар оң болот эле го!
3-4Өзүм жаныңарда болбосом да, оюмда силер мененмин. Андыктан, араңарда турган сыяктуу, мындай бузукулук кылган адамга карата Эгебиз Ыйсанын атынан өкүм чыгарып койдум: баарыңар чогулганыңарда, оюмда мен өзүм да, Эгебиз Ыйсанын кудурети да силер менен экенин эске алып,
5жанакы адамды шайтандын колуна тапшырып салгыла. Ошондо күнөөлүү денеси кыйраса да, Эгебиз Ыйса Машаяк кайтып келген күнү руху куткарылып калат.

 

6Обу жоктонуп, көөдөнүңөрдү көтөрүп жатканыңар дурус эмес. Же бир аз эле камыр туруш бүтүндөй камырды ачытарын билген жок белеңер?
7Күнөөнүн эски ачыткысын алып таштап, ачыткысыз жуурулган жаңы камырдай таза болгула. Силер чынында эле ошондойсуңар, себеби күнөөдөн куткарчу козубуз, Машаяк, биз үчүн курмандыкка чалынган.
8Ошондуктан Куткарылуу майрамыбызды мурдагы, зулумдук менен кыянаттыкка толгон эски табиятыбыздын ачыткысы кошулуп жасалган нан менен эмес, анын ордуна, тазалык менен ак ниеттүүлүктүн ачыткысыз наны менен тосолу.

 

9Мурдагы катымда мен силерге бузуку адамдар менен алакада болбогула деп жазгам.
10Ошондо кеп кылганым бул дүйнөдөгү бузуку же ач көз адамдар, уурулар же бутпарастар эмес болчу, анткени алардан оолак болуш үчүн силер бул дүйнөнүн өзүнөн алынып кетишиңер керек болмок.
11Айтайын дегеним, өздөрүн боордошуңар дегени менен, чындыгында мурдагыдай эле бузукулук кылып, же арам пайда табууну көздөп, же буркандарга табынып, же ушак таратып, же масчылыкка берилип, же болбосо уурдап-тоноп жүргөндөр менен баарлашпагыла, ал турсун бир дасторкондон даам татпагыла.

 

12Жыйындан тышкаркыларды соттоп мен эмне кылмак элем? Силердин соттоп жаткандарыңар болсо жыйын ичиндегилер эмеспи?
13Жыйындан тышкаркыларды Кудай Өзү жоопко тартат. Ошентип, «бузулган немени араңардан чыгарып салгыла».

 

6

 

Боордоштору менен соттошуу

 

1Кимдир бирөөңөр ишенимдеши менен доолашып кетсе, бул маселени ыйыктардын эмес, дүйнөнүн кудайсыз сотунун алдына коюуга кантип батынасыңар?
2Ыйыктар дүйнөнү соттой турганын силер билген жок белеңер? Эгерде келечекте дүйнөнү соттоого тийиш болсоңор, анда эмне, жанакы болбогон маселени өзүңөр чече албай калдыңарбы?
3Ал гана эмес, периштелерди да соттой турганыбыз силерге маалым эмес беле? Демек, кадыресе турмуштук көйгөйдү чечип коюш биз үчүн кыйынга турбас!
4Андыктан, ушул сыяктуу иш келип чыкканда, жыйынга эч тиешеси жок немелерди өзүңөргө сот кылып алганыңар кандай?
5Кайран гана бир боорлорум-ай! Боордошторунун ортосуна түшүп, доосун чечип бергидей араңардан бир дагы акылман адам табылбаптыр да.
6Анын ордуна, боордоштор бири бирин сотко, болгондо да ишенбегендердин сотуна сүйрөп барат экен.

 

7Бир-бириң менен араздашканыңардын өзү эле жеңилгендик эмеспи? Андан көрө, ак жерден айыпталганыңар, колуңардагыны тарттырып жибергениңер оң болбойт беле?
8Силер болсо өзүңөрдүн эле карачечекей боордошторуңарды айыптап, бири бириңерди тоноп жатасыңар!
9Же адилетсиздердин Кудай Падышачылыгында энчиси жок экенин билбей калдыңар беле? Алданбагыла, бузукулук кылгандар да, буркандарга табынгандар да, жубайынын көзүнө чөп салгандар да, бачабаздар да, кызтекелер да,
10уурулар да, ач көздөр да, аракечтер да, ушакчылар да, тоноочулар да — бири дагы Кудай Падышачылыгына мураскор болушпайт.
11Араңардагы кээ бирөөлөр да бир кезде ушундай болгон. Бирок силер Эгебиз Ыйса Машаяктын урматына жана Кудайдын Руху аркылуу күнөөдөн арылып, ыйыкталып, Кудай алдында ак болдуңар.

 

Өз денеңер менен да Кудайдын атак-даңкын чыгаргыла

 

12«Менин бардыгын кылууга акым бар» дейсиңер. Ырас, бирок бардык эле нерсе пайдалуу боло бербейт. «Менин бардыгын кылууга акым бар» дейсиңер, бирок эч нерсе бизди башкарбоого тийиш.
13«Тамак — ашказан үчүн, ашказан да тамак үчүн жаратылган» дейсиңер, бирок Кудай бир күнү экөөнү тең жок кылат. Денебиз да бузукулук кылыш үчүн эмес, Эгебизге кызмат кылыш үчүн берилип, Эгебиз денебиздин камын көрөт.
14Эгебизди өлгөндөн тирилткен Кудай бизди да Өз кудурет-күчү менен тирилтип алат.

 

15Денеңер Машаяк денесинин бир бөлүгү экенин силер билбейт белеңер? Ушуну билип туруп, өз денемди Машаяктын денесинен бөлүп алып, аны эми кайсы бир сойкунун денесине кошомбу? Кудай анын бетин ары кылсын!
16Же сойку менен төшөк бөлүшкөн эркек аны менен бир дене болуп калары силерге белгилүү эмес беле? «Экөө бир дене болушат»,— деп жазылып турбайбы.
17Ал эми ким Эгебизге кошулса, Аны менен рухий бир болуп калат.

 

18Бузукулуктан оолак болгула. Адам кетирген мындан башка күнөөлөр денеге зыян келтирбейт, ал эми бузукулук кылган адам өз денесин күнөөгө батырып, зыянга учуратат.
19Денеңер Ыйык Рух жашаган ийбадаткана экенин билбейсиңерби? Рухту силерге Кудай берип, Ал денеңердин ичинде өкүм сүрөт. Андыктан силер эми өзүңөргө эмес, Кудайга таандыксыңар.
20Ал силерди кымбат баага сатып алган. Муну билип, денеңер менен да Кудайдын атак-даңкын чыгаргыла.

 

7

 

Нике маселеси

 

1Эми өзүңөр жазгандарга токтолоюн.

 

Жиберген катыңарда «эркек кишинин эч бир аялга жолобой эле койгону жакшы» депсиңер.
2Бирок бузукулук ушунчалык көбөйүп кеткендиктен, ар бир эркектин өз аялы, ар бир аялдын өз күйөөсү болгону абзел.
3Эркек киши өз аялына карата күйөөлүк парызын, аял болсо өз күйөөсүнө карата аялдык парызын аткарууга тийиш.
4Аялдын денесине ал өзү эмес, күйөөсү ээлик кылат. Ошол эле сыяктуу, күйөөсүнүн денесине да ал өзү эмес, аялы ээлик кылат.
5Бири бириңер менен катнашта болуудан баш тартпагыла. Сыйыналы деп алдын ала макулдашып алган учурларда гана аны кыска убакка токтото турсаңар болот. Андан соң, кайрадан бирге болгула. Антпесе, өзүңөрдү өзүңөр кармай албай, шайтандын азгырыгына кирип кетишиңер мүмкүн.

 

6Бул айтканым буйрук эмес, уруксат гана.
7Чындыгында, баарыңардын менчилеп жалгыз бой болушуңарды каалар элем. Бирок Кудай бирибизге мындай, башкабызга тигиндей жөндөм ыроологон.

 

8Бойдоктор менен жесирлерге айтар элем: мындан ары да менчилеп жалгыз бой калганыңар оң.
9Бирок өз ышкыңарга өзүңөр ээ боло албасаңар, кумар отуна өрттөнүп күл болгуча, үйлөнүп алганыңар эле дурус.

 

10Үй-бүлөлүүлөргө мен эмес, Эгебиздин буюрганы бул: аял күйөөсүнөн кетпөөгө тийиш.
11Ал эми кетсе, анда мындан ары турмушка чыкпашы же күйөөсү менен жарашып алышы керек. Дал ошондой эле эркек киши дагы аялын таштап кетпөөгө тийиш.

 

12Калгандарына болсо Эгебиз эмес, мен өзүм мындай дейм: эгерде кайсы бир боордоштун Машаякка ишенбеген аялы күйөөсү менен бирге жашоого макул болсо, анда күйөөсү аны таштабашы керек.
13Ошондой эле кайсы бир ишенген аялдын күйөөсү Кудайга ишенбей туруп, аялы менен жашоого макул болсо, аялы андан кетпөөгө тийиш.
14Анткени ишенбеген күйөө ишенген аялы аркылуу, ишенбеген аял ишенген күйөөсү аркылуу ыйыкталат. Андай болбогондо, балдарыңар ыйык болмок эмес. Эми болсо алар ыйык.
15Бирок ишенбеген аял күйөөсүнөн кетүүнү же ишенбеген күйөө аялын таштап кетүүнү кааласа, кете берсин. Мындай учурда анын ишенген жубайы ага байланбаган болуп эсептелет. Кудай бизди тынччылыкта жашоого чакырган.
16Машаякчы аял, сен өз күйөөңдү куткарууга алып келбесиңди кайдан билесиң? Же сен, машаякчы күйөө, өз аялыңды куткарууга алып келбесиңди кайдан билесиң?

 

Кудай силерди кандай жашоого чакырса, ошого ылайык жашагыла

 

17Бардык жыйындарда мен мындай талап коём: Эгебиз силерге эмнени буюрса жана Кудай силерди чакырып алганда кандай абалда болсоңор, ошого ылайык жашагыла.
18Чакырылгандардын кимиси мурда сүннөткө олтургузулган болсо, Кудайга келгенден кийин сүннөттөлгөнүн жашырууга аракеттенбесин. Кимди Кудай сүннөттөлбөгөн бойдон чакырган болсо, ишенимге келгенден кийин сүннөткө олтурууга аракет кылбасын.
19Анткени эркектин сүннөткө олтурган-олтурбаганынын эч мааниси жок. Маанилүүсү — Кудайдын берген парыздарын аткаруу.
20Кудай чакырып алганда кимиңер кандай абалда болсоңор, ошол бойдон калгыла.
21Кудай чакырып алганда кул белеңер? Бул тууралуу кабатыр болбогула. Бирок эркин болууга жол ачылса, андан пайдалангыла.
22Анткени кимди кул кезинде Эгебиз чакырып алса, ал Эгебиздин кол алдындагы эркин адам болуп калган. Ошол сыяктуу эле Эгебиз чакырып алган эркин адам баары бир Машаяктын кулу.
23Кудай силерди кымбат баага сатып алганын билип, адам баласына кул болбогула.
24Ошентип, боордоштор, кандай абалда чакырылган болсоңор, Кудай менен болгон алакаңарда да ошол эле абалда кала бергиле.

 

Үй-бүлөсү жоктор жана жесирлер тууралуу

 

25Үйлөнө электер менен турмушка чыга электер тууралуу менде Эгебизден алган эч буйрук жок. Андыктан Эгебиз Өзү ырайым этип, ишенимдүү деп тапкан кызматчысы катары өз пикиримди айта кетейин.

 

26Үстүбүздөгү кыйынчылыктарды эске алсак, менин оюмча, ар кимдин азыркы абалында эле кала бергени оң.
27Аялың барбы? Анда аны менен ажырашууну ойлобо. Аялың жокпу? Анда өзүңө аял издебей эле кой.
28Эми, үйлөнүп алган күнөө болбойт дечи. Кыздын деле турмушка чыкканы күнөө эмес. Бирок үй-бүлө күтүп алгандар өз жашоосунда көп азаптарга учурайт. Силер андай болбогой элеңер дейм.

 

29Боордоштор, менин айтайын дегеним бул: Эгебиздин кайтып келерине аз калды. Ошондуктан азыртан эле аялы барлар үйлөнбөгөнсүп,
30кайгырып ыйлагандар эч кайгы-муңу жок болгонсуп, кубанып күлгөндөр кубанбагансып, бир нерсе сатып алгандар колуна эч нерсе тийбегенсип,
31ушул дүйнөнүн көр оокатынан пайдалангандар андан пайдаланбагансып жашашсын, анткени бул дүйнөнүн азыркы абалы акырына жакындап калды.

 

32Мен силердин бардык түйшүктөн бошонууңарды каалар элем. Үйлөнбөгөн эркек Эгебиздин иши менен алек болуп, Эгебизге жагуунун камын көрөт.
33Үйлөнгөн эркек болсо көр тирлик иштерине алпурушуп, аялынын көңүлүн алууну ойлойт.
34Ошентип, ал эки анжы болот. Ошондой эле күйөөсү жок аял же турмушка чыга элек кыз да денеси менен жан-рухун Кудайга багыштап, Эгебизге кызмат кылуу менен алек болот. Ал эми күйөөсү бар аял күйөөсүнүн көңүлүн алууну ойлоп, көр тирилик иштери менен алек.

 

35Мындай дегенимдин себеби силерге кандайдыр бир чек коюу эмес. Тескерисинче, силердин эле пайдаңарды ойлоп, өздөрүн туура алып жүрсүн жана бардык дитин Эгебизге кызмат кылууга койсун деп айтып жатам.

 

36Кимде-ким убадалашып койгон кызына үйлөнбөй коюу туура эмес деп ойлосо жана өз кумарына өзү ээ боло албаса, анда каалаганындай үйлөнүп алсын: бул күнөө эмес. Алар үйлөнүп алышсын.
37Бирок үйлөнүүгө эч зарылчылык болбосо, ал бойдок калам деген оюна бек туруп, өзүн өзү кармай билип, эмне кыларын оюнда эбак чечип койгон болсо, анда анын кызга үйлөнбөй койгону күнөө болбойт.
38Ошентип, жигиттин жаш кызга үйлөнгөнү жакшы иш болсо, үйлөнбөй койгону андан да жакшы иш болот.

 

39Күйөөсүнүн көзү тирүүсүндө аялы ага башы байланган болот. Ал эми күйөөсү каза болуп калса, анда ал кимге тием десе, өз эрки, тек гана ал киши да Эгебизге ишенген адам болууга тийиш.
40Бирок аял андан ары турмушка чыкпай эле койсо, Кудайдын көбүрөөк батасын алат. Мен болсо менде да Кудайдын Руху бар деп ойлойм.

 

8

 

Буркандарга чалынган курмандыктын эти

 

1Эми буркандарга чалынган курмандыктарга токтололу.

 

«Бардыгыбызда билим бар» дейт экенсиңер. Ырас, мунуңар чын. Бирок билимдүүлүк адамды текебер кылат, ал эми сүйүү болсо рухий жактан жетилтет.
2Кимде-ким өзүн билимдүүмүн десе, ал чындыгында керектүү билимге али ээ боло элек.
3Бирок кимде-ким Кудайды сүйсө, аны Кудай Өзү тааныйт.

 

4Ошентип, буркандарга багышталган тамактан даам сызуу тууралуу. Биз бул дүйнөдөгү буркандар дегеле тирүү жан эмес экенин жана бир Кудайдан башка кудай жок экенин билебиз.
5Албетте, көктө болобу же жерде болобу, адамдардын «кудай» туткан немелери жок эмес: «кудай» делгендер да, «эге» делгендер да чындыгында эле көп.
6Бирок биздин бир гана Кудай Атабыз бар. Бардыгын Ал жараткан жана биз Ал үчүн өмүр сүрөбүз. Ошондой эле биздин Эгебиз да бирөө. Ал — Ыйса Машаяк. Бардыгы Ал аркылуу жаратылып, өмүр бизге Ал аркылуу берилген.

 

7Бирок муну баары тең бирдей биле бербейт. Кээ биринин аң-сезимине бутпарастык ушунчалык сиңип калгандыктан, мындай тамакты жегенде, алар алигиче аны буркандарга чалынган курмандык катары кабыл алышат да, ошол арам тамактан жедик деп аларды абийири кыйнайт.
8Бирок жеген тамагыбыз бизди Кудайга жакындатпайт, себеби жебей калганыбыз да эч жерибизди кемитпейт, жегенибиз да бизге эч артыкчылык алып келбейт.

 

9Кантсе да абайлагыла, бул өңдүү эркиндигиңер ишеними аздарга азгырык болбосун.
10Абийири кыйнаган бирөө «билимдүү» сенин бутпарастардын табынуучу жайынан даам сызып жатканыңды көрүп калды дейли. Мындай кылганың аны буркандарга чалынган курмандыктан жесе болот экен деген ойго салып жибербейби?
11Натыйжада сенин «билимдүүлүгүң» өзүңдүн эле ишеними аз боордошуңдун ойрон болушуна себеп болот. Бирок Машаяк ал үчүн да өлгөн.
12Ошентип, боордошуңдун аны кыйнаган абийирине доо кетирип, ага жамандык кылган сен ошону менен Машаякка да жамандык кылган болосуң.
13Андыктан, эгерде менин жеген тамагым боордошума азгырык болсо, анда аны азгырбоо үчүн өмүрү эт жебейм.

 

9

 

Машаяктын элчилеринин укуктары жана милдеттери

 

1Мен эркин адам эмесминби? Же Машаяктын элчиси эмесминби? Мен Эгебиз Ыйсаны көргөн жок белем? Силер болсо Эгеме өтөгөн кызматымдын үзүрү эмей, кимсиңер?
2Башкалар мени элчи катары кабыл албаган күндө да, силер үчүн мен — элчимин! Анткени Эгебиз мени элчиликке дайындаганынын ачык-айкын далили — силерсиңер.

 

3Мага сын таккандардын алдында кайтарар жообум бул:
4биздин, башкаларга окшоп, азыгыбызды эмгегибизден тапкыдай акыбыз жок бекен?
5Же башка элчилерге жана Эгебиздин бир туугандары менен Петирге окшоп, сапарга чыкканда, жаныбызга ишенимдеш карындашыбыз — өмүрлүк жарыбызды алып жүргүдөй укугубуз жокпу?
6Же болбосо өз нанын маңдай тери менен тапканга милдеттүү болгон Барнап экөөбүз элеби?
7Аскердик кызматын өтөп жүргөндө, өз камын өзү көргөн жоокер барбы? Жүзүм тигип, анын жемишинен ооз тийбеген багбан болобу? Же мал багып жүрүп, саап алган сүтүнөн өзү да ичпеген бар бекен?

 

8Муну адамдык өңүттөн гана карап айтып жатат дейсиңерби? Тоорат мыйзамы да дал ушуну айтып жатпайбы?
9Муса пайгамбар калтырып кеткен Тоораттан: «Эгин басып жаткан өгүздүн оозун калкалаба»,— деп жазылганын окусак деле болот. Кудайдын кам көргөнү чын эле өгүзбү?
10Ал муну биз тууралуу айтып жатканы бышык эмеспи? Албетте, бул биз тууралуу, себеби жер айдаган киши да, эгин бастырган киши да өз үлүшүмдү алам деген илгери үмүт менен иштеши керек го.
11Биз араңарга рухий үрөн сээп кеттик эле. Эми оргонубуз күнүмдүк оокат болсо, бул, эмне, көптүк кылабы?

 

12Эгерде башкалар силерден жардам алып турууга акылуу болушса, биздин буга алардыкынан көбүрөөк акыбыз бар эмеспи? Бирок ушундай акыбыз бар болсо да, биз андан пайдаланбадык. Анын ордуна, Машаяктын Жакшы Кабары жолтоосуз жайылтыш үчүн, бардыгына чыдап келатабыз.
13Ийбадатканада кызмат кылып жүргөндөр өз тамагын ийбадатканадан, курмандык жайды тейлегендер курмандыктардан аларын билген жок белеңер?
14Дал ошентип, Эгебиз Жакшы Кабарды насыяттап жүргөндөргө да өз ишинин үзүрүнөн күн көрүүнү буюрган.

 

15Бирок мен ал укуктарымдын биринен да пайдаланган жокмун. Азыр да антейин деп жазып жаткан жерим жок. Эми да ушул сыймыгымды эч кимге жокко чыгартпайм. Анткенден көрө өлгөнүм эле артык!
16Жакшы Кабарды жар салып жүргөнүм мен үчүн мактаныч эмес, парыз. Мен аны аткарууга милдеттүүмүн. Антпесем, башыма каран түн түшкөнү!
17Эгерде мен муну өз ыктыярым менен кылсам, анда ал үчүн эмгек акы алмакмын. Бирок мен кызматымды ыктыярдуу эмес, Кудай тапшырган үчүн аткарып жүрөм.
18Андай болсо, алар сыйлыгым кайсы? Жакшы Кабарды өзүмө тийиштүү укуктардан пайдаланбай, акысыз жар салганымдын өзү эле мен үчүн артыкчылык.

 

19Анткени эч кимдин кулу эмес, эркин адам болсом да, Машаяктын жолуна көбүрөөк адамдарды түшүрүш үчүн өзүмдү бардыгынын кулу кылдым.
20Иудейлерди Машаякка алып келем деп, алардын арасында иудейдей болдум да, өзүм Тоорат мыйзамына багынбаганым менен, ага багынгандарды Машаяк жолуна салыш үчүн андайлардын арасында мен да ага багынган адамдай болуп жүрдүм.
21Тоорат мыйзамын тааныбагандарды Машаяк жолуна салыш үчүн, өзүм Кудай мыйзамына моюн сунуп, Машаяктын мыйзамы алдында болсом да, башка улуттагылардын арасында мыйзамды билбеген кишидей жүрдүм.
22Ишеними аздарды Машаяк жолуна салыш үчүн, алардын арасында өзүм да ишеними аз немедей жүрдүм. Ошентип, колумдан келишинче аздыр-көптүр адамдарды куткарылууга алып келүүнү көздөп, бардыгына өз болуп бердим.

 

23Мунун баарын Жакшы Кабардын ийгилиги үчүн, өзүмө да анын батасы тийсин деп кылып жатам.
24Жарышка көп киши катышканы менен, бирөө гана байгени аларын билет эмессиңерби. Андыктан жүгүргөнүңөрдө, байгеге жеткидей болгула.
25Таймашка чыккан ар адам жеңишке ээ болууну эңсеп, өзүн өзү тизгиндеп турат. Ал бардык аракетин соолуп кетер гүлтаажыны алууга жумшайт. Биздин аларыбыз болсо эч качан соолубас түбөлүктүү таажы.
26Дал ошон үчүн мен чуркасам, максаты жок немедей чуркабайм, мушташсам, бекер эле тиер-тийбес муштагылай бербейм.
27Башкаларга Жакшы Кабар тараткан өзүм акырында байгеден куру калбас үчүн, денемди тизгиндеп, өзүмө баш ийдирип келем.

 

10

 

Буркандар тууралуу эскертүү

 

1Боордоштор, ата-бабаларыбыз башынан өткөргөндөрдү эсиңерге салып кетейин дедим. Алардын бардыгы булуттун далдаасында болуп, деңизден өтүшкөн.[1]
2Ошондо Мусанын артынан ээрчиген алар баары тең булут менен деңизден чөмүлүү расмисинен өтүшкөндөй болушту.

 

3Бардыгы тең бирдей рухий даамдан сызышып,
4өздөрүн жандап бараткан аскадан бирдей рухий суудан ичишкен. Ал аска Машаяктын Өзү эле.
5Бирок ошентсе да, көбү Кудайга жакпаган иш кылышып, чөлдөн ажал табышты.

 

6Аларга окшоп ниетибиз бузулбасын үчүн, болуп өткөндүн баары бизге эскертүү катары калган.
7Алардын кээ бирөөлөрүндөй буркандарга табына көрбөгүлө. Андайлар тууралуу мындай деп жазылганы бар: «Эл жайлашып отуруп, ичип-жеп, анан оюн-тамашага киришти».
8Алардын кээ бирөөлөрүндөй бузукулукка кирип кетпейли. Ошол убакта бузукулуктун кесепетинен бир күндө жыйырма үч миң киши кырылган эле.
9Алардын кээ бирлерине окшоп Машаякты сынап да көрбөйлү. Ошенткен аларды жыландар чагып өлтүргөн.
10Алардын кээ бирлерине окшоп догурунгандай да болбойлу. Догурунган алар Кудайдын буйругу менен өлтүрүлгөн.

 

11Алар баштарынан өткөндөрдүн баары башкаларга үлгү катары калып, акыр заман алдында жашаган бизге эскертүү болсун үчүн жазылып да калган.
12Өзүн Кудай жолунда бек турам деп ойлогондор, кулап кетпеш үчүн абайлагыла.
13Силер өткөн сыноолордун бардыгы ар бир эле адам өтүүчү кадыресе сыноолор. Кудайыбыз болсо ишенимдүү. Ал силерди алыңар жетпеген сыноого дуушар кылбайт. Анын ордуна, сыноодон өтүп жатканыңарда, андан кутулуп чыгууга жол ачып, кыйынчылыктарды көтөрүүгө күч-кубат берет.

 

14Ошентип, сүйүктүүлөрүм, буркандарга багышталган таат-ийбадаттан оолак болгула.
15Муну мен силерге акыл-эсиңер бар деп айтып жатам. Айткандарымды өзүңөр акыл калчап ойлонуп көргүлө.
16Кудайга шүкүрчүлүк келтирип ичкен чөйчөк бизди Машаяктын канына тиешелүү кылбайбы? Же ошондо сындырып жеген нан бизди Машаяктын денесине тиешелүү кылбайбы?
17Көп болгонубуз менен, бизди баш коштуруп, бир дене кылган нан бирөө гана, анткени баарыбыз бир нандан даам татабыз.

 

18Ысрайыл элин карагылачы: Кудайга багышталган курмандыктан ооз тийгендер Кудай менен бирге даам сызышпайбы?
19Муну менен мен эмнени айткым келет? Буркан-балбалдар менен аларга багышталган курмандык бир нерсеге татыйт дегендиби?
20Арийне, жок. Айтайын дегеним, бутпарастар тартуу кылган курмандыктар Кудайга эмес, жиндерге багышталат. Мен болсо силердин жиндер менен бирге даам сызышыңарды каалабайм.
21Силер бир эле мезгилде Эгебиздин чөйчөгүнөн да, жиндердин чөйчөгүнөн да ооз тийип, Эгебиздин дасторконунан да, жиндердин дасторконунан да даам тата албайсыңар.
22Же Эгебиздин кыжырына тийгибиз барбы? Биз, эмне, Андан кудуреттүү белек?

 

Башкаларды ойлоп иш кылуу

 

23«Бардыгын жасоого акыбыз бар», — дейсиңер. Ырас, мунуңар туура. Бирок бардык эле нерсе жакшылыкка алып келбейт. «Бардыгын жасоого акыбыз бар» болгону менен бардык эле нерсе рухий жактан жетилтпейт.
24Баарың тең жеке кызыкчылыгыңарды ойлобой, андан көрө, башкалардын кызыкчылыгын ойлогула.

 

25Базарда сатылган эттин баарын кысталбай эле алып жей бергиле. Эттин кайдан келгенин сурабаганыңар үчүн абийириңер силерди кыйнабасын,
26анткени «жердин өзү да, андагы бардык нерселер да Жараткан Эгебиздики».

 

27Кудайга ишенбеген адам конокко чакырып калса, көңүлүңөр келип турса, баргыла. Бирок ал жерден силерди абийириңер кыйнабасын, сураштырып олтурбай, тартылган тамактын баарынан эле алып жей бергиле.
28Бирок кимдир бирөө: «бул буркандарга багышталган тамак эле», — деп калса, анда муну айткан киши үчүн жана абийирдин таза сакталышын ойлоп, ошол тамактан жебей койгонуңар оң.
29Абийир дегеним силердин эмес, жанакы айткан кишинин абийири. Эмне үчүн менин эркиндигим башка бирөөнүн аны кыйнаган абийири үчүн чектелип калышы керек?
30Ыраазычылык айтуу менен тамак алып жесем, анда эмне үчүн ыраазычылык айтып жеген тамагым үчүн кимдир бирөө мени айыпташы керек?

 

31Ошентип, ичесиңерби, жейсиңерби — эмне кылсаңар да, ошонун баарын Кудайдын атагы чыккандай кылгыла.
32Иудейлерди да, башка улуттагыларды да, Кудайдын жыйынындагыларды да — эч кимди нааразы кылбагыла.
33Мени карасаңар: мен өз пайдамды эмес, көпчүлүктүн пайдасын көздөп, алар куткарылып калгай эле деп, эмне жасасам да, бардыгына жаккандай жасоого аракеттенип жатам.

 

11

 

1Мен Машаяктан үлгү алгандай, силер да менден үлгү алгыла.

 

Табынганда баш кийим кийүү же кийбөө туурасында

 

2Силердин бардык учурда мени эстеп, берген таалимдеримди бузбай сактап келе жатканыңар мактоого татыйт.
3Эми болсо силерди түшүнсүн дегеним, ар бир эркектин башчысы — Машаяк, аялдын башчысы — анын күйөөсү, ал эми Машаяктын башчысы — Кудай.
4Ошондуктан эркек киши сыйынганда же пайгамбарчылык кылганда, баш кийимчен болсо, өз башчысын сыйлабаганы.
5Анын сыңары, аял киши сыйынганда же пайгамбарчылык кылганда, башына эч нерсе салынбаса, бул да анын өз башчысын сыйлабаганы, анткени баш кийимсиз аялдын чачы кырылган аялдан эч айырмасы жок.
6Аял башын жапкысы келбесе, анда биротоло чачын деле кырдырып салбайбы. Ал эми аял үчүн чачын кыркып же кырдырып жүргөн уят болсо, анда башын жаап да жүрсүн.
7Эркек үчүн башын жабуунун эч кажети жок, себеби ал өзүндө Кудайдын бейнеси менен атак-даңкын алып жүрөт. Аял болсо күйөөсүнүн атагын чыгарат.
8Анткени эркек аялдан алынып жаратылбастан, тексерисинче, аял эркектен алынып жаратылган.
9Ошондой эле эркек киши аял үчүн эмес, аял киши эркек үчүн жаратылган болчу.
10Андыктан периштелер бар экенин эске алып, аялдын башында өз күйөөсүнүн бийлиги алдында экенин билдирген белгиси болушу керек.
11Бирок кантсе да, Эгебиз менен болгон жашообузда эркектер да аялдарга, аялдар да эркектерге көз каранды болот.
12Анткени аял эркектен алынып жаратылган сыяктуу, эркек да жарык дүйнөгө аялдан төрөлүп келет. Бардыгы болсо — Кудайдан.

 

13Өзүңөр эле акылга салып көрсөңөр: аялдын Кудайга жылаңбаш сыйынганы сыпайкерчиликке жатабы?
14Жаратылыштын өзүнөн эле көрүнүп тургандай, эркек кишинин чач өстүргөнү уят,
15ал эми аялдын узун чачы анын көркүн ачат, себеби узун чач аялга жабуу катары берилген.
16Кимде-ким бул тууралуу талашкысы келсе, ага айтарым бул: биздин да, Кудай жыйындарынын да мындан башкача салты жок.

 

Эгебиз осуят кылган кечки тамак

 

17Эми, төмөнкү көрсөтмөлөрдү берип жатып, силерди мактамак турсун, чогулуштарыңардын пайдадан көрө зыяны көбүрөөк болуп жатканын айтпай коё албайм.
18Барыдан мурда, мен силердин жыйын катары бир жерге чогулганда, ич ара бөлүнмөй адатыңар бар экенин угуп, буга бир аз болсо да ишенем.
19Ырас, кимиңер туура жол менен баратканыңар ачык көрүнсүн үчүн араңарда анча-мынча пикир келишпестиктер да болууга тийиш.
20Бирок силер чогулушуңарга Эгебиздин кечки тамагына катышканы эмес, кандайдыр бир башка максатыңар бар болгонсуп келет экенсиңер.
21Анткени ар бириңер өзүңөр алып келген тамакты жегенге ашыгып, натыйжада бириңер ачка калсаңар, бириңер шарапка мас болосуңар.
22Жөн эле ичип-жейли десеңер, ал үчүн өз үй-жайыңар жокпу? Же чогулган максатыңар Кудай жыйынын тебелеп-тепсеп, колунда жокторду кемсинтүү беле? Эми силерге эмне дейин?! Же силерди макташым керекпи? Албетте, жок!

 

23Эгебиздин Өз оозунан угуп, силерге жеткиргеним бул: Ага чыккынчылык кылынар түнү Эгебиз Ыйса колуна нан алып,
24Кудайга алкыш айтты да, нанды сындырып, мындай деди: «Бул — силер үчүн берилип жаткан Менин денем. Мени ушундай кылып эскерип жүргүлө».
25Ошондой эле кечки тамактан кийин колуна чөйчөктү алып, мындай деди: «Бул чөйчөк — Менин каным төгүлүп түзүлгөн Жаңы келишим. Андан ичкен сайын, муну Мени эскерип кылгыла».

 

26Муну мындай түшүнсө болот: Эгебиз кайтып келгичекти, бул нандан жеп, бул чөйчөктөн ичкен сайын, силер ошону менен Эгебиздин өлгөнүн жар салып турасыңар.
27Андыктан кимде-ким татыксыз жол менен ушул нандан жеп, ушул чөйчөктөн ичсе, ал Эгебиздин денеси менен канына каршы күнөө кетирген болуп эсептелет.
28Ошентип, ушул нандан жеп, ушул чөйчөктөн ичерден мурун ар бириңер эң алды өзүңөрдү сынап көргүлө.
29Себеби Эгебиз Өзү арабызда экенин түшүнбөй туруп, бул нандан жеп, бул чөйчөктөн ичкен киши ошентип ичкен-жегени менен өзүн айыптуу кылат.
30Мына ошон үчүн көбүңөр алдан тайып, дартка чалдыгып жатасыңар. Кээ бириңер кайтыш да болуп кеттиңер.
31Өзүбүздү өзүбүз сынап жүрсөк, анда Кудайдан минтип жазаланмак эмеспиз.
32Ушул дүйнө менен бирге соттолбошубуз үчүн Кудай бизди азыртан айыптап, жазалап турат.

 

33Ошондуктан, боордошторум, кечки тамакка чогулганыңарда, бири бириңерди күтүп жүргүлө.
34Ал эми кимдир бирөөңөрдүн курсагы ачып турса, үйүнөн тамак ичип алсын. Ошондо бирге чогулганыңарда, Кудайдан айыпталгандай иш кылбайсыңар. Калган нерселерди өзүм келгенде тартипке салып берем.

 

12

 

Ыйык Рух тартуулаган касиеттер

 

1Азыр болсо, боордоштор, Ыйык Рух тартуулоочу касиеттерге токтололу. Мен силерди алар тууралуу кабарсыз калтыргым келбеди.
2Машаякка ишене элек кезиңерде, туура жолдон адашып, үн катпаган буркандарга табынганыңар өзүңөргө белгилүү эмеспи.
3Андыктан сөзүмө кулак төшөп, билип алгыла: Кудай Рухунун жетегинде болгон адамдын оозунан «Ыйсаны каргыш урсун» деген сөз чыкпайт. Ошондой эле Ыйык Рухтун жетегисиз эч ким «Ыйса Эгем» деп да айта албайт.

 

4Ар түрлүү рухий касиеттер бар болгону менен, аларды ыроологон Рух бирөө эле.
5Өтөгөн кызматтарыбыз ар кандай болсо да, кызмат кылар Эгебиз бирөө эле.
6Кылган иш-аракеттерибиз да ар түрдүү, бирок бардыгын аракетке келтирип жаткан Кудай бирөө эле.
7Ар бир адамга бардыгынын пайдасы үчүн Рухтун кандайдыр өзгөчө белгиси берилет.
8Бирине Рухтан даанышмандык сөз берилсе, башкасына ошол эле Рухтан билермандык сөз берилет.
9Дагы бирин ошол эле Рух өзгөчө ишеним даарыса, башкасын ошол эле Рух дарт айыктыруу касиетине ээ кылат.
10Бири керемет көрсөтсө, бири пайгамбарчылык кылат. Бири рухтарды ажырата билсе, башкасы бөтөн тилдерде сүйлөп, дагы бири ошол тилдерде айтылгандарды чечмелеп бере алат.
11Бирок аталган касиеттердин баарын бир эле Рух ыроолоп, Өз эркине жараша ар кимге өз касиетин бөлүштүрүп берет.

 

Көп мүчөдөн турган бир Дене

 

12Машаякты көп мүчөдөн турган денеге окшотсо болот: көп мүчөдөн куралганы менен, дене бир эле. Анын курамындагы мүчөлөр да көп болгону менен, алардын баары бир эле дененин бөлүктөрү.
13Ошо сымал, биз да: иудей же башка улуттагы, кул же эркин адам болобузбу, — баарыбыз бир эле Рух аркылуу чөмүлүү расмисинен өтүп, бир денеге — Машаяктын денесине мүчө болдук. Баарыбыздын ичибизге Кудай бирдей Ыйык Рухун салып берген.

 

14Ошентип, дене бир мүчөдөн эмес, көп мүчөдөн турат!
15Эгер бут: «Мен кол эмесмин, демек денеге эч тиешем жок», — десе, ошон үчүн эле ал денеге тиешелүү болбой калабы?
16Же кулак: «Менин денеге эч тиешем жок, себеби мен көз эмесмин», — десе эле, денеге тиешелүү болбой калабы?
17Эгерде бүтүндөй дене көздөн эле турса, анда анын угуу сезими кайда? Же ал кулактан эле турса, анда жыт билчү сезими кайда калат?
18Кандай десе да, дене мүчөлөрүн Кудай Өзү каалагандай, ар бирин тулку бойдогу өз ордуларына жайгаштырган.
19Эгерде бир эле мүчө бар болсо, анын эмнеси дене?
20Демек, мүчө көп болгону менен, дене бирөө эле.

 

21Ошентип, көз колго: «Сенин мага керегиң жок» же баш буттарга: «Мен силерге муктаж эмесмин» деп айта албайт.
22Тескерисинче, дененин эң талуу мүчөлөрү керектүү болуп чыгат.
23Анча деле баркы жок өңдөнгөндөрүнө көбүрөөк кам көрүп, өзгөчө аяр мамиле кылсак,
24көбүрөөк баркталгандары буга муктаж деле эмес. Бирок Кудай мүчөлөрдүн баарын дене кылып кураштырганда, муну баркы азыраагы көбүрөөк баркка ээ болгондой кылып койгон.
25Ошентип, дене ич ара бөлүнбөй, мүчөлөрдүн баары тең бири бирине кам көрөт.
26Дененин бир эле мүчөсү кыйналып калса, бардыгы чогуу жабыр тартат. Бир эле мүчө сыйга татыса, аны менен кошо бардыгы кубанат.

 

27Силер ар бириңер өз алдынча мүчө болуп, бардыгыңар биригип Машаяктын денесин түзөсүңөр.
28Жыйын ичинде Кудай бардыгын өз-өз ордуна коюп, биринчисин — элчи, экинчисин — пайгамбар, үчүнчүсүн — таалимчи кылып, дагы башкаларына керемет көрсөтүү, дарттан айыктыруу, жардам берүү, жыйын жетектөө, бөтөн тилдерде сүйлөө касиеттерин берди.
29Баары эле элчиби? Же баары эле пайгамбарбы? Баары эле таалим береби? Же баары эле керемет көрсөтөбү?
30Дарттан айыктыруу касиети баарында барбы? Баары эле бөтөн тилдерде сүйлөп, баары эле ошол тилдерди чечмелеп бере алабы?

 

31Касиеттердин эң баалууларына ээ болууга тырышкыла. Мен болсо силерге эң мыкты жолду көрсөтүп берейин.

 

13

 

Сүйүү

 

1Адамдык тилде сүйлөп, ал гана эмес,

 

Периштелер тилинде сүйлөп жатып,

 

Ал эми башкаларды сүйө албасам,

 

Каңгыраган жездин же даңгыраган

 

Темирдин доошунан эмнем артык?

 

2Пайгамбар касиетин Кудай берип,

 

Түшүнүп турсам дагы бүт сырларды,

 

Билимдин чокусуна жетип барып,

 

Тоолорду козгой алган ишенимге

 

Ээ болуп, ошондо да сүйө албасам,

 

Анда мен эч нерсеге татыбаймын.

 

3Таратып колумдагы мал-мүлкүмдү

 

Жардыларга, денемди азаптарга,

 

Бүтүндөй өрттөлүүгө берип салып

 

Дагеле башкаларды сүйө албасам,

 

Анымдан түк пайда да болбойт мага.

 

4Сүйүүнүн чыдамы мол, кайрымы зор,

 

Кызганбайт, мактанбайт ал, бой көтөрбөйт.

 

5Адепсиздик кылбайт сүйүү, керт башынын

 

Пайдасын көздөбөйт да ачуусуна

 

Алдырбайт, башкаларга кек сактабайт.

 

6Сүйүүнү кубандырбайт адилетсиздик,

 

Акыйкат өкүм сүрсө сүйүнөт ал.

 

7Баарына болот сүйүү көтөрүмдүү,

 

Эч жазбайт ишенимден, колун үзбөйт

 

Үмүттөн, бардыгына чыдап келет.

 

8Пайгамбарлык сөз айтуу токтойт бир күн,

 

Сүйлөнбөй кала берет бөтөн тилдер,

 

Жоюлат билим дагы. Бирок сүйүү

 

Жок болбой, түбөлүккө өмүр сүрөт.

 

9Азыртан биле албайбыз бардыгын биз,

 

Чектелген пайгамбарлык касиет да.

 

10Ал эми жеткилеңдик келген кезде

 

Чектелүү бүт нерселер артта калат.

 

11Кичинемде балача сүйлөп мен да,

 

Балача баамдап баарын, ой жүгүрткөм.

 

Ал эми эр жеткенде таштап салдым

 

Мурдагы жаш балалык адатымды.

 

12Азыртан көргөнүбүз — элес-булас,

 

Күзгүнүн күңүрт тарткан айнегине

 

Чагылышкан. Ал эми келечекте

 

Бардыгын биз бетме-бет көрө алабыз.

 

Чектелген ушул чакта билгендерим,

 

Ал эми келечекте билип калам,

 

Кудай мени дайыма тааныгандай,

 

Мен дагы бүт бардыгын толугунан.

 

13Ошентип, үч нерсе бар ушул тапта:

 

Ишеним, үмүт, сүйүү. Бул үчөөнөн

 

Баарынан улуусу бар. Ошол — сүйүү.

 

14

 

Бөтөн тилдерде сүйлөө жана пайгамбарчылык кылуу касиеттери

 

1Сүйүүгө умтулгула! Рухий касиеттерге, асыресе, пайгамбарчылык кылуу касиетине ээ болууга дитиңерди койгула!
2Бөтөн тилдерде сүйлөгөн кишини эч ким түшүнбөй, ал адамдарга эмес, Кудайга сүйлөйт. Рухтун кудурети менен ал жашырын сырларды айтат.
3Ал эми пайгамбарчылык кылган киши болсо адамдарга сүйлөп, айткандары аларды бекемдеп, кайраттандырып, сооротот.
4Бөтөн тилдерде сүйлөгөн адам өзүн бекемдесе, пайгамбарчылык кылганы жыйынды бекемдейт.

 

5Мен баарыңардын эле бөтөн тилдерде сүйлөшүңөрдү каалар элем, бирок пайгамбарчылык кылганыңар андан да жакшы болмок. Себеби бөтөн тилдерде айтылган сөздү кимдир бирөө чечмелеп, ошол аркылуу жыйын бекемделбесе, анда бөтөн тилдерде сүйлөгөндөн көрө, пайгамбарчылык кылуунун пайдасы алда канча зор.

 

6Эми, боордоштор, силерге келгенимде, бөтөн тилдерде сүйлөп туруп, андан башка эч бир аян бөлүшпөсөм же түшүнүк бербесем, пайгамбарчылык кылбасам же эч нерсе окутпасам, анда силерге кандай пайда келтирмек элем?
7Чоор же комуз сыяктуу жансыз аспаптарды мисалга алып көрөлү. Эгерде алардан чыккан добуштарды ажыратыш мүмкүн болбосо, ойнолуп жаткан кайсы күү экенин ким биле алат?
8Же сурнай кандайдыр бир белгисиз үн чыгарса, аны уккан адам согушка аттанмак беле?
9Ошондой эле, оозуңардан түшүнүксүз сөздөр чыгып жатса, эмне деп жатканыңарды кантип билсе болот? Айтканыңар шамалдын «шуу» эткениндей эле болот.
10Ырас, дүйнөдө түркүн-түркүн добуштар бар, бирок алардын бири да маанисиз эмес.

 

11Ал эми тигил же бул доош мага түшүнүксүз болсо, анда ошол добушту чыгарган адам мен үчүн, мен болсо ал үчүн жат элдикпиз.
12Муну билип, силер да рухий касиеттерге ээ болууну эңсегениңерде, баарыдан мурда аларга ээ болуу аркылуу жыйынды бекемдөөгө умтулгула.

 

13Ким бөтөн тилдерде сүйлөсө, сыйынып, Кудайдан аны чечмелөөгө кудурет берүүсүн да сурансын.
14Анткени бөтөн тилдерде сыйынып жатканда, рухум сыйынганы менен, өзүмдүн эле акыл-эсим буга катышпай калат.
15Андай болсо, мен эмне кылмакмын? Рухум менен да, акыл-эсим менен да сыйынам, рухум менен да, акыл-эсим менен да ырдайм.
16Рухуң Кудайды алкыштап жатканда, чогулушка келип, бирок аныңды түшүнбөгөн кадыресе киши сенин эмне деп жатканыңды билбей туруп, кантип аныңа кошулуп «оомийин» дей алат?
17Алкыш айтып канчалык жакшы сыйынсаң да, аның жаныңдагыларга эч пайда келтирбейт.
18Бөтөн тилдерде баарыңардан көбүрөөк сүйлөгөнүм үчүн мен Кудайга ыраазы болсом дагы,
19жыйында турганымда, бөтөн тилдерде миңдеген сөз айткандан көрө, акыл-эсим менен башкаларга таалим берер беш сөз айтууну оң көрөм.

 

20Боордошторум! Акылы жетиле элек баланын ишин кылбасаңар! Жамандык дегенде наристе баладай, ал эми ой жүгүрткөндө, эр жеткен кишидей болгула.

 

 

21Ыйык Жазууда айтылгандай: «Өз элиме башка тилде кайрылам,

 

Өзгө элдердин оозу менен сүйлөймүн, —

 

Дейт Жараткан Эге, — бирок сөзүмө

 

Ошондо да алар кулак салышпайт».

 

 

22Ошентип, бөтөн тилдерде сүйлөө — бул ишенгендер үчүн эмес, ишенбегендер үчүн, ал эми пайгамбарчылык кылуу болсо ишенбегендер үчүн эмес, ишенгендер үчүн берилген жышаан-белги.

 

23Эгерде бүтүндөй жыйын чогулганда, баары бөтөн тилдерде сүйлөй башташса, анан аны түшүнбөгөн кадыресе же ишенбеген кишилер кирип калып, «булар акылынан адашкан го» дешпейби?
24Ал эми ишенбеген же түшүнбөгөн бирөө бардыгы пайгамбарчылык кылып жатканда келип калса, бардыгынын сөзү анын күнөөлөрүн ашкерелеп, айыпка жыгат.
25Ошондо анын көмүскөдөгү сырлары ачыкка чыгып, ал үстөмөнүнөн жыгылат да, Кудайга таазим кылып: «чынында Кудай силердин араңарда экен» дейт.

 

Жыйындагы тартип

 

26Менин айтайын дегеним бул, боордоштор. Чогулганыңарда, бириңерде Кудайды даңазалоо ыры, башкаңарда таалим, дагы бириңерде Кудайдан алган аян сөз, дагы бириңерде бөтөн тилдер, ал эми дагы бириңерде алардын чечмелениши бар болот. Мунун баары жыйынды бекемдеп турууга тийиш.
27Бөтөн тилдерде сүйлөйм дегендер болсо, анда эки же, ашып кетсе, үч киши өзүнчө-өзүнчө сүйлөп, айтканын бирөө чечмелеп берсин.
28Ал эми чечмелеп бере турган киши жок болсо, анда мындай адам жыйындан үн чыгарбай, ичинен өзүнө жана Кудайга гана сүйлөсүн.
29Пайгамбарчылык кылгандардан да экөө же үчөө сүйлөп, калгандар алардын айткандарын ойлонушуп баамдашсын.
30Ал эми отургандардын дагы бири Кудайдан аян алса, анда биринчиси сөзүн токтотушу керек.
31Анткени баарыңар тең кезектешип пайгамбарчылык кылсаңар болот. Ошондо бардыгыңар үйрөнүп, бардыгыңар андан кайрат ала аласыңар.
32Пайгамбар киши өз касиетин кандайча колдонорун өзү чече алат,

 

33себеби Кудай арабызда баш аламандыктын эмес, ынтымак-ырашкерликтин орун алышын каалайт. Ыйыктар чогулган бардык жыйындарга окшоп,
34силерде да аял кишилер унчукпашы керек, аларга сүйлөөгө уруксат берилбейт. Аялдын милдети баш ийүү экендиги Ыйык Жазууда да айтылган.
35Ал эми бир нерсе үйрөнгүсү келип турса, анда үйдөн күйөөлөрүнөн сурап алышсын, себеби аялдын жыйында сүйлөгөнү уят.

 

36Же айткандарым силерге кызык угулабы? Деги айткылачы, Кудайдын Сөзү адегенде Корунттан жар салына баштады беле? Же аны силерден башка эч ким уккан жок дейсиңерби?
37Ким өзүн пайгамбармын же рухий касиети бар адаммын десе, анда ал жазып жаткандарым Эгебиздин буйругу экенинен эч шектенбеши керек.
38Ким муну этибарына албаса, андайдын өзүн да этибарга албагыла. Мындан шектенгендердин өздөрүнө да ишенбегиле.

 

39Ошентип, боордошторум, пайгамбарчылык кылуу касиетине ээ болууга тырышкыла, бирок бөтөн тилдерде сүйлөгөндөргө да тыюу салбагыла.
40Болгону, эмне кылсаңар да, адеп менен тартипти сактап жүргүлө.

 

15

 

Машаяктын өлгөндөн тирилиши

 

1Эми, боордоштор, эсиңерге өзүм жарыялаган Жакшы Кабарды салгым келет. Силер аны кабыл алып, ага ылайык жашап келатасыңар.
2Эгер мен жарыя кылган Жакшы Кабарга ылайык жашасаңар, ошол аркылуу куткарыласыңар. Антпесе ага ишенгениңер куру бекер.

 

3Адегенде өзүм кабыл алып, анан силерге жеткирген ошол кабардын ток этер жери мындай. Ыйык Жазууда убада кылынгандай, Машаяк биздин күнөөлөрүбүз үчүн курман болгон.
4Анын көргө коюлуп, үчүнчү күнү кайра тирилери да Ыйык Жазууда алдын ала айтылган.
5Андан кийин Ал Петирге, анан он эки элчисине көрүнгөн.
6Андан соң, Аны бир эле убакта беш жүздөн ашык боордошторубуз өз көзү менен көрүшкөн; алардын айрымдары көз жумганы менен, көбү али да тирүү.
7Андан соң, Ал Жакыпка жана элчилердин баарына көрүндү.

 

8Эң акырында болсо, Аны маалынан өтүп туулган балага окшогон мен көрдүм.
9Өзүмдү мындай дегеним, мен элчилердин катарында эң акыркы болуп турам, атүгүл элчи болуп аталууга да татыксызмын, себеби Кудай жыйынын куугунтуктагам.
10Бирок Кудай мага ырайым этип, азыркы даражага жеткирди. Кудайдын мага кылган ырайымы текке кетпестен, мен кайра алардын баарына караганда көбүрөөк мээнеттенип иштедим. Арийне, эмгектенген мен өзүм эмес, мени колдогон Кудайдын ырайымы.
11Ошентип, мен боломбу, же аларбы, биз жарыялап, силер ишенген кабар ушул.

 

Биздин кайра тирилишибиз

 

12Эгерде биздин жарыялаганыбыз Машаяктын өлүмдөн тирилиши болсо, анда араңардагы кээ бирөөлөрдүн өлгөндөр тирилбейт деп жүргөнү кандай?
13Эгерде өлгөндөр тирилбесе, анда Машаяк тирилген эмес экен да?
14Эгерде Машаяк тирилген эмес болсо, анда биздин жарыялаганыбыз да, силердин ишенгениңер да куру-бекер болмок.
15Бул гана эмес, биз Кудай тууралуу жалган айтып калмакпыз, себеби өлгөндөргө тирилүү мүмкүн болбосо, анда Кудай Өзү тирилтпеген Машаякты биз кайра тирилткен деп күбөлөндүргөн болуп калабыз.
16Анткени өлгөндөр тирилбесе, анда Машаяк да тирилген эмес.
17Ал эми Машаяк тирилбеген болсо, анда ишенгениңер эч пайдасыз болуп, өзүңөр күнөөнүн алкагында кала бересиңер.
18Андай болсо Машаякка ишенип өлгөндөр да түбөлүк өмүр албай калышат.
19Машаякка арткан үмүтүбүз ушул жашообуз үчүн гана жараса, анда бизден өткөн шордуу киши жок.

 

20Бирок чындыгында Машаяк өлгөндөрдөн биринчи болуп тирилип, бул кийин калгандар да тирилеринин анык белгиси.
21Ажал бул дүйнөгө адам аркылуу келгендей, өлгөндөн тирилүү да адам аркылуу келди.
22Адам ата аркылуу баары өлүмгө дуушар болгондой, Машаяк аркылуу баары түбөлүк өмүр алышат.
23Бирок ар кимдин өз тирилиш кезеги бар: алгач башкалардын тирилеринин белгиси катары Машаяк, анан Машаяк кайтып келгенде, Ага таандык болгондор.
24Андан соң, дүйнөнүн акыры келет да, өкүмдарлыктын, бийликтин жана күч-кудуреттин бардыгын жеңген Машаяк падышалыкты Кудай Атанын колуна тапшырат.
25Бүт душмандары жеңилип, бут алдына жыгылгыча Машаяк падышачылык кылат.
26Жеңилип жок болчу душмандардын акыркысы болсо — өлүм.
27«Кудай бардыгын Анын бут алдына жыгып берди».«Анын бут алдына жыгып берди» делгендердин ичинде Кудайдын Өзү жок экени анык, себеби баарын Машаякка багындырган Ал эмеспи.
28Бардык нерсе Машаяктын бийлиги алдына багындырылганда, Уулдун Өзү да бардыгын Ага багындырган Кудайга моюн сунуп, толугу менен бардыгында болот.

 

29Эгерде өлгөндөн тирилүү жок болсо, анда кайтыш болгондордун ордуна чөмүлүү расмисинен өткөндөр муну кандай үмүт менен кылышат? Эгерде өлгөндөр чын эле тирилбесе, анда эмне үчүн алардын ордуна чөмүлүү расмисинен өтүү орун алууда?
30Андай болсо, эмне үчүн биз да ар саат сайын жаныбызды тобокелге салып жүрөбүз?
31Боордоштор, мен күн сайын өлүмдүн жүзүн көрүп жүрөм. Эгебиз Машаяк Ыйсанын алдында силер менен сыймыктанганым канчалык анык болсо, бул сөзүм да ошончолук анык.

 

 

32Эгерде Эфес шаарында жапайы жырткычтар менен алышканым өзүмдүн эле пенделик ниетимден келип чыкса, анын мага кандай пайдасы тиймек эле? Эгерде өлгөндөр тирилбесе, анда, айтылып жүргөндөй, «Эртеңки ажал келгиче,

 

Бүгүн жеп-ичип алалы».

 

 

33Алданбагыла,

 

 

«Арамдарга кошулган

 

Өз ыйманын жоготот».

 

 

34Акылыңарды жыйгыла да күнөөгө батпагыла! Силерди уяткарып айтарым бул: кээ бириңер алигиче Кудайды тааный элексиңер.

 

Дененин тирилиши

 

35«Өлгөндөр кантип тирилмек эле? Тирилсе, денеси кандай болот?» — деп араңардан бирөө собол таштар.
36Алда, акылсыз неме-ай! Өзүң эккен үрөн «өлмөйүн» кайрадан өсүп чыкмак беле?
37Сепкенде да даяр эгинди эмес, буудайдын же дагы башка өсүмдүктүн тоголок уругун гана себесиң.
38Ал эми ар бир уруктун кандай келбетте өсүп чыгарын Кудай чечет.

 

39Жандуу нерселердин эт-денеси да бирдей эмес: адамдыкы мындай болсо, айбандардыкы тигиндей, балык менен куштуку да эки башка.

 

40Ошондой эле асмандык денелер менен жердик денелер болот. Асмандагысы менен жердегисинин шаң-салтанаты бирдей эмес.
41Күндүн өзүнүн шаң-салтанаты, айдын өз шаң-салтанаты, жылдыздын да өз адеми бар. Ал турсун ар башка жылдыздын да көркү ар башка болот.

 

42Өлгөндөрдүн тирилгени да ошонун сыңарындай: жерге көмүлгөн дене чирип, тирилгени чирибес болот;
43эч баркы жок көмүлүп, тирилгенде кадырлуу болот; көмүлгөндө алсыз болуп, тирилгенде кубатка толот.
44Көмүлгөнү — табигый дене, тирилгени — рухий дене. Табигый дене болгон сыяктуу, рухтан бүткөн дене да болот.
45Ыйык Жазууда айтылгандай, биринчи Адам «тирүү жан болду»,акыркы Адам болсо — бул өмүр берүүчү Рух.
46Биринчи келгени рухий эмес, табигый болчу. Рухтан бүткөнү андан кийин келди.
47Биринчи адам жерден алынып, топурактан жасалды. Экинчиси болсо — көктөн келди.
48Топурактан жасалган адамдын денеси кандай болсо, жердеги адамдардыкы да ошондой болот. Ал эми көктөгүлөрдүн денеси көктөн келген адамдыкындай.
49Азыр жердеги адамдын келбетин кийген сыяктуу, келечекте биз көктөгү адамдын келбетине да бөлөнөбүз.

 

50Силерге айтарым бул, боордоштор: эт менен кандан бүткөнү Кудай Падышачылыгына кире албайт да өлө турганы түбөлүк өмүр сүрө албайт.
51Кулак төшөп уккула, силерге купуя сырды ачып берем: биз баарыбыз эле өлбөйбүз, бирок баарыбыз толук өзгөрөбүз.
52Бул акыркы сурнайдын үнү угулары менен бир заматта, көз ачып жумгуча ишке ашат. Сурнайдын үнү жаңырганда, өлгөндөр тирилип өлбөс болот да, биз өзгөрөбүз.
53Анткени мынабу чирип кетер денебиз чирибес, өлө турган денебиз өлбөс болуп калууга тийиш.

 

 

54Ошентип, мунун баары иш жүзүнө ашып, өлүү нерсе өлбөстүккө бөлөнгөндө, Ыйык Жазуудагы мындай сөз орундалат: «Жеңиш бизде! Өлүм толук жоюлду!»

 

55«Кана, ажал, кайда кеткен жеңишиң?

 

Кана, ажал, чакчу ийнең кайда эле?»

 

 

56Ажалдын чагып өлтүрчү ийнеси күнөө болсо, күнөө өз күчүн мыйзамдан алат.
57Бирок Кудайга шүкүр, Ал бизди Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу жеңишке ээ кылды!

 

58Ошентип, сүйүктүү боордошторум, олку-солку болбой, ишенимге бек тургула! Эгебизге күчүңөрдү аябай кызмат кылгыла: Ал үчүн жумшаган мээнетиңер текке кетпейт.

 

16

 

Муктаж болгон боордоштор үчүн акча-каражат чогултуу

 

1Эми ыйыктар үчүн акчалай жардам чогултуу тууралуу: Галатиядагы жыйындарга эмнени буюрсам, силер да ошону аткаргыла.
2Мен келгенде гана акча чогултмай башталбас үчүн, дайыма жуманын биринчи күнү ар бириңер өз иштеп тапканыңарга жараша, колуңардан келген акчаны бөлүп, ошону сактап койгула.
3Мен болсо силерге барып калганымда, өзүңөр тандаган кишилерге ишеним кат жазып берип, акчаңарды жеткириш үчүн Иерусалимге жөнөтөм.
4Ал эми өзүм да ал жакка барышым керек болсо, анда алар мени менен чогуу барышат.

 

Пабылдын ой-максаттары

 

5Менин Македония аймагын кыдырып чыгайын деген ниетим бар. Андыктан Македонияны басып өткөндөн кийин силерге келип кетмекчимин.
6Силердикине бир аз токтоп, балким, кыштап да кетермин. Андан соң, силер мени барар жериме узатып коёрсуңар.
7Жөн эле тийип кетким келбей, Эгем буюрса, аздыр-көптүр силер менен болуп кетем деген үмүттөмүн.
8Түшүм майрамына чейин болсо Эфесте турам,
9анткени бул жерде каршылаштык көп болгону менен, чоң, үзүрлүү эмгекке жакшы мүмкүнчүлүк бар.

 

10Силерге Тиметей келип калса, аны эч ким оңтойсуз абалда калтырбашына көз салып койгула, анткени ал да менчилеп Эгебиз үчүн иштеп жүрөт.
11Эч кимиңер ага өйдөсүнүп карабагыла. Андан көрө, мага аман-эсен кайтып келсин деп, тынчтык менен узатып койгула. Мен анын жана аны менен кошо боордоштордун келишин күтүп жатам.

 

12Эми боордошубуз Апол тууралуу. Мен аны башка боордоштор менен кошо силерге барсын деп абдан өтүнгөн элем. Бирок дароо барууга анын эч көңүлү жок болчу. Кантсе да, ыгы келгенде, ал силерге барып калар.

 

Соңку сөз жана бата тилөө

 

13Сергек болуп, ишенимге бек тургула. Эр жүрөк жана күчтүү болгула.
14Эмне кылсаңар да, сүйүү менен кылгыла.

 

15Өзүңөр билгендей, Степандын үй-бүлөсү Ахая аймагында биринчи болуп ишенип, өздөрүн ыйыктарга кызмат кылууга арнашкан.
16Боордоштор, өтүнөм, мындай адамдарга жана алар менен кошо катуу иштегендерге кызмат кылгыла.
17Степандын, Фортунаттын жана Ахайиктин келгенине жетине албай отурам: алар келгенден бери өзүңөр жанымда болгондой эле болуп калдым.
18Алар менин да, силердин да көңүлүңөрдү көтөрүштү. Мындайларды кадырлап жүргүлө.

 

19Асия аймагындагы жыйындар силерге салам жолдошту. Акила менен Приска жана алардын үйүндө чогулуп жүргөн жыйын да силерге Эгебиздин атынан жылуу салам айтышты.

 

20Боордоштордун бардыгы силерге өз саламын жолдошту. Бири бириңерге жолукканда, чын пейлиңер менен беттен сүйүп учурашып жүргүлө.

 

21Ушул саламымды мен, Пабыл, силерге өз колум менен жазып жатам.

 

22Эгебизди сүйбөгөн ар ким каргышка калат!

 

Эгебиз, келегөр![2]

 

23Эгебиз Ыйса силерге ырайым этсин.

 

24Баарыңарды Ыйса Машаяк сүйгөндөй сүйөм.

 

 

 

2 Корунттуктар

1

 

Саламдашуу

 

1Кудайдын амири менен Машаяк Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан жана боордошубуз Тиметейден Кудайдын Корунт шаарындагы жыйынына жана бүтүндөй Ахая аймагындагы ыйыктарга дубай салам!

 

2Ылайым Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым кылып, тынччылыгын берсин.

 

Ыраазычылык келтирүү

 

3Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасы — Кудайга алкыш болсун! Ал биздин да боорукер Атабыз жана жаныбызды жубатып турган Кудайыбыз.
4Кандай гана кыйынчылыкка учурабайлы, Ал дайыма жаныбызды жубатып, башынан ар кандай кыйынчылыктарды өткөрүп жаткан башкалардын да жанын жубатууга жөндөмдүү кылат. Ошондо Андан биз кандай сооронуч алсак, башкаларды да дал ошондой соорото алабыз.
5Анткени Машаяк үчүн канчалык көп азап тартсак, Кудай да Машаяк аркылуу бизди ошончолук көп сооротот.
6Кыйналсак, силердин жаныңарды жубатып, силерди куткарылсын деп кыйналабыз. Кудайдан сооронуч алсак, бул да биз тарткан азаптарды кайраттуулук менен аркалап келе жаткан силердин сооронушуңар үчүн.
7Биз болсо тарткан азаптарыбызда гана эмес, Кудайдан алган сооронучубузда да силер менен бир экенибизди билип, силерден эч күмөн санабайбыз.

 

8Ошон үчүн, боордоштор, силерди билсин деп, Асия аймагында дуушар болгон кыйынчылыктарыбызды эсиңерге салып кетели дедик. Ал жактан ушунчалык чоң, ушунчалык оор азап тарткандыктан, аман каларыбыздан да үмүт үзгөн элек.
9Бизге карата өлүм өкүмү да чыгарылып калган. Андыктан өз күчүбүзгө ишенбей, бир гана Кудайга бел байладык: Анын өлгөндөрдү да тирилткидей кудурети бар эмеспи.
10Ошол жолку жүрөк үшүн алган өлүм чеңгелинен куткарып алган Ал бизди эми да куткарат. Келечектеги коркунучтун баарынан да Кудайыбыз куткарарынан биздин эч шегибиз жок.
11Бул үчүн силер да бизди өз сыйынууларыңар менен колдоп турушуңар керек. Ошондо көпчүлүктүн биз үчүн болгон сыйынууларына жооп берип, бизге ырайымын тартуулаганы үчүн көптөрдүн оозунан Кудайга алкыш айтылат.

 

Пабылдын ой-максаттарынын өзгөрүшү

 

12Биздин сыймыктанганыбыз бул: ушул дүйнөдөгү жашообузда, айрыкча силер менен болгон мамилебизде, биз эмне кылсак да, ошону Кудай Өзү берген ак ниеттүүлүк жана астейдилдик менен, адамдык акылмандыкка эмес, Кудайдын ырайымына таянып жасадык. Муну өз абийирибиз да айгинелеп турат.
13-14Силерге да өзүңөр окуп түшүнө турган нерселерден башка эч нерсе жазганыбыз жок. Азыр бизди толук түшүнбөсөңөр да, келечекте толук түшүнөрсүңөр деген илгери үмүтүм бар. Ошондо Эгебиз Ыйса кайткан күнү биз силер менен кандай сыймыктансак, силер да биз менен ошондой эле сыймыктана аласыңар.

 

15Ушуга ынанган соң, мен алгач силерге барып келүүнү чечтим. Ошондо экинчи сапар келгенимден силер дагы бир ирет Кудайдын батасын алмаксыңар.
16Мен Македонияга баратканымда, силерге бир жолугуп, Македониядан келатканымда дагы бир ирет кайрылып, анан силер мени кайра Иудеяга жөнөтүп коёрсуңар деп ойлогом.
17Же бул ойлорум мени туруксуз кылып көрсөтүп жатабы? Же алдыга ушундай максат койгонумдан улам мен өз керт башымды гана ойлоп, бир туруп «ооба», бир туруп «жок» деген адамга окшоп турамбы?
18Кудай дайыма ишенимдүү болгондой, биз да силерге бир туруп «ооба», бир туруп «жок» дебедик.
19Анткени Сила жана Тиметей үчөөбүз силерге үгүттөгөн Кудай Уулу — Ыйса Машаякта эч кандай эки анжылык жок: Ал бир туруп «ооба», бир туруп «жок» деген жок. Ал Өз сөзүнө дайым бек турат!
20Анткени Ал аркылуу Кудайдын бардык убадалары аткарылган. Дал ушул себептүү биз дагы Кудайды даңктап: «Оомийин, ылайым ошондой болсун», — деп турабыз.
21Силер менен кошо бизди да Машаяк менен болгон биримдигибизде бекемдеп, Өз кызматына дайындаган — Кудай.
22Ал бизге Өз тамгасын басып, Ага тийиштүү экендигибиздин кепилдиги катары ичибизге Өз Рухун салып берген.

 

23Мен Кудайды күбөгө чакырып, өз өмүрүмдү сайып ант берем: дагы бир ирет Корунтка барбаганымдын себеби — силерди аяганымда.
24Биз мында силердин ишенимиңерди башкарып алалы деген жерибиз жок. Болгону өзүңөрдүн эле кубанчыңар үчүн силер менен бирге иштешип келе жатабыз. Силер болсо ишенимиңерде бек турасыңар.

 

2

 

1Ошентип, мен мындан ары силерди таарынтканы келбейм деп ичимен чечим кабыл алган болчумун.
2Себеби силерди таарынтсам, анда ким мени кубантмак эле? Жанакы эле өзүм таарынтып алган силер эмессиңерби?
3Мына ушу себептүү чынында мени кубантууга тийиш болгон адамдардын кылганын көрүп, капаланбайын деп, өзүм баргандан көрө, жанакы катты жазууну оң көрдүм. Ал эми мен кубансам, бул силердин баарыңар үчүн да кубаныч болорунан менин эч шегим жок эле.
4Ошол катты мен жаным кейип, жүрөгүм сыздап, көз жашымды төгүп жазгам. Анткенимдин себеби силерди капаланткым эмес, жанымдан артык көргөнүмдү билгизгим келген болчу!

 

Өзүңдү таарынткан адамды кечирүү

 

5Ал эми араңардан кимдир бирөө башка бирөөнүн көңүлүн ооруткан болсо, ал менден көрө, силердин баарыңардын көңүлүңөрдү аздыр-көптүр оорутканын айтсам, мунум аша чапкандык болбос.
6Ал кишиге көпчүлүгүңөр аны жазалаганыңар жетиштүү болор.
7Эми болсо, тескерисинче, аны кечирип, жубатып койгонуңар оң, антпесе кайгыдан көңүлү таптакыр эле чөгүп кетет.
8Андыктан, суранам, ага силер аны сүйгөнүңөрдү билгизип койсоңор.
9Жанакы катты мен силерди сынап, айткандарыма моюн сунар-сунбасыңарды көрөйүн деп эле жазгам.
10Ал эми силер кимди кечирсеңер, аны мен да кечирем. Анын эмнесин кечирсем да, муну Машаяктын бет алдында силер үчүн,
11шайтан силерди алдап кетпесин үчүн кылам. Шайтандын амалкөйлүгүн биз жакшы билебиз го.

 

Пабылдын Троас шаарына баргандагы тынчы кеткени

 

12Троас шаарына Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратканы келгенимде, Эгебиздин мен үчүн бардык жолдорду ачып койгонун көрсөм да,
13бир нерсе тынчымды алып жатты: Троастан мен боордошубуз Титти таба албадым. Андыктан ал жердегилер менен коштошуп, Македонияга жөнөп кеттим.

 

Машаяк бизди жеңишке ээ кылат

 

14Бирок кантсе да, Кудайга шүкүр! Ал дайыма бизди Машаяктын жетеги менен жеңишке жеткирип, биз аркылуу Машаяк тууралуу кабарды аңкыган жыпар жыт сымал туш тарапка жайылтат.
15Ооба, биз — Машаяк Кудайга багыштап түтөткөн жыпар жыттуу заттын өзүбүз. Анын жыты куткарылуу жолундагыларга да, курут болуу жолундагыларга да тарап жатат.
16Бирөөлөргө ал өлүмдүн уулуктурган жыты болуп келсе, башкаларга — өмүрдүн аңкыган жыты. Андай болсо, Кудайдын бул кызматына ким жарактуу болуп эсептелет?!
17Көпчүлүккө окшоп биз Кудай кабарын соодага айландырып, андан пайда табалы деген жерибиз жок го. Кудайдын жибергендери, Машаяктын кызматчылары катары Ал бизди көрүп турганын билип, кайра Анын кабарын чын дилибизден таратып жүрөбүз.

 

3

 

Жаңы келишим кызматчылары

 

1Биз кайрадан эле өзүбүздү өзүбүз мактап жаткандай өңдөнүп турабызбы? Кээ бирөөлөргө окшоп, биз да силерге көрсөткүдөй же силерден алып, башкаларга көрсөткүдөй ишеним катка муктаж белек?
2Силер өзүңөр — биз үчүн ишеним каттай элесиңер го. Биздин жүрөктөрүбүзгө жазылган бул кат баарына маалым, аны ким болсо да окуй алат.
3Силер кызматыбыздын үзүрү — Машаяк жазган каттын өзү экениңерди баары көрүп турушат. Ал сыя менен эмес, тирүү Кудайдын Руху менен, таш лоокторго эмес, адамдардын жүрөктөрүнө жазылган.

 

4Бардыгы дал ушундай экени биз үчүн калетсиз. Буга бизди Кудай алдында Машаяк ишендирди.
5Колубуздан бир нерсе келип, муну же тигини өзүбүз кылдык дегендей эч акыбыз жок, себеби бизди ошого жөндөмдүү кылган — Кудай.
6Ал бизге Жаңы келишим кызматчылары болууга жөндөм берди. Жаңы келишим болсо, кагаз бетине түшкөн мыйзам эмес, Рух: жазылган мыйзам өлүмгө алып келет, ал эми Рух болсо өмүр берет.
7Тоорат мыйзамынын ар бир тамгасы таш лоокторго чегилип, ал аркылуу Кудайдын улуулугу көрүндү. Бул көрүнүш убактылуу гана болсо да, ал Мусанын жүзүнөн ушунчалык жаркырап турганынан, Ысрайыл эли анын бетин карай албады. Эгерде өлүм алып келчү Тоорат мыйзамы берилгенде, Кудайдын ал аркылуу көрүнгөн улуулугу ушунчалык жаркыраса,
8Анын Рухтун кылган кызматы аркылуу жаркыраганы канчалык зор болушу керек?!
9Айыпталуу алып келчү кызмат ушунчалык улуу болсо, акталуу алып келчү кызмат андан канчалык улуу болууга тийиш?!
10Бир кезде ушунчалык жаркырап турган мыйзам улуулугу эми, Жаңы келишимдин андан да зор улуулугу жаркырап келгенде, өчкөнсүп калды.
11Өтүп кетчү нерсенин улуулугу мынчалык жаркыраса, түбөлүк боло турган нерсе канчалык жаркырайт!

 

12Ушундай үмүтүбүз бар болгон үчүн биз коркпостон, ачык сүйлөп жатабыз.
13Биз Мусага окшоп жүзүбүзгө парда тартып албайбыз. Ал муну анын жүзүнөн Ысрайыл эли өз күчүн жогото турган мыйзамдын жаркыраганын көрбөсүн деп кылган.

 

14Ал кезде алардын акыл-эси көр эле. Күнү бүгүнкүгө чейин Байыркы Келишим китебин окуганда алиги парда дале тартылып турат. Ал парданы алып салууга Машаяк гана кудуреттүү.
15Азыркы убакта да Мусанын мыйзамын окуп жатышканда, бул парда алардын жүрөктөрүн жаап турат.
16Бирок кимдир бирөө Жараткан Эгеге жүз бурганда, алиги парда алынып ташталат.
17Бул жерде Эге деп аталганы — Ыйык Рух, ал эми Эгебиздин Руху бар жерде эркиндик өкүм сүрөт.
18Андыктан баарыбыздын пардасы алынып ташталган жүздөрүбүз Эгебиздин улуулугун чагылдырып, Эгебизден бизге келген улуулук бизди өзгөртүп, уламдан улам Ага окшош кылат. Ошого жараша бизден мурдагыдан да зор улуулук жаркырап чыгат. Бул болсо Эгебизден — Ыйык Рухтан келет.

 

4

 

Бардык кыйынчылыкты көтөргөн ишеним

 

1Ушул кызматка Кудайдын ырайымы боюнча чакырылганыбызды билген биз көңүлүбүздү чөгөрбөйбүз.
2Анын ордуна, демейде жаап-жашырылчу уят иштерден баш тартабыз да, амалкөйлөнүп Кудайдын Кабарын жасалмалабайбыз. Чындыкты ачык жарыялап, Кудай алдында өзүбүздү бардыгынын абийиринин сотуна коёбуз.
3Ал эми биз жар салып жүргөн Жакшы Кабар кимдир бирөөлөргө жабык болсо, ал курут болуу жолун жолдоп бараткандар үчүн жабык.
4Кудайдын бейнеси болгон Машаяктын улуулугу тууралуу Жакшы Кабардын жаркыраган нурун көрбөсүн үчүн ушул кыянат замандын жалган кудайы ишенбегендердин акыл-эсин көр кылып койгон.
5Анткени биз өзүбүздү эмес, баарынын Эгеси — Ыйса Машаякты үгүттөп жатабыз. Өзүбүз болсо Ыйса үчүн силерге кул болдук.
6«Караңгылыкка жарык жансын!» — деп буюрган Кудай Ыйса Машаяктын жүзүнөн жаркырап көрүнгөн Өз улуулугун билдириш үчүн Өзү жан-дилибизге нур болуп жанды.

 

7Биз болсо асыл кенч сакталган чопо идиштер элебиз. Андыктан ушул чексиз кудурет бизден эмес, Кудайдан келип жатканы ачык-айкын көрүнүп турат.
8Биз туш-туштан кысымга алынып жатсак да, талкаланган жокпуз; айласыз абалда болсок да, үмүттөн кол үзбөйбүз;
9куугунтук жеп жүрсөк да, ташталган жокпуз; кулатылсак да, жок кылынбадык.
10Өз денебизде дайыма Ыйсага окшоп азап тартып, өлүмгө дуушар болобуз. Ошол аркылуу Ыйсанын өмүрү да бизден көрүнөт.
11Анткени тирүү жүргөн биз Ыйсага окшоп кайра-кайра өлүм жазасына тартылганыбызда, бул аркылуу өлө турган денебизден Ыйсанын өмүрү да көрүнөт.
12Ошентип биздин өлүм менен беттешип жүргөнүбүздүн натыйжасында силер түбөлүк өмүргө ээ болуп жатасыңар.

 

13Ыйык Жазууда: «Сага ишенип, ошондуктан сүйлөдүм»,— деп жазылган. Биз да ошол эле ишеним берчү Рухка ээ болуп, ишенген үчүн сүйлөп жатабыз.
14Эгебиз Ыйсаны өлгөндөрдөн тирилткен Кудай бизди да Ыйса менен кошо тирилтип, силер менен бирге Өз алдына алып келерин билебиз.
15Башыбыздан өткөндөрдүн баары силердин эле пайдаңар үчүн. Анткени Кудайдын ырайымы улам көбүрөөк адамдарга жеткен сайын Кудайга көбүрөөк алкыштар айтылып, Кудайдын улуулугун арттырат.

 

Ишеним менен жашоо

 

16Көңүлүбүз чөкпөгөнүнүн себеби мына ушунда. Сырткы табиятыбыз эскирип баратканы менен, ички табиятыбыз күндөн күнгө жаңыланууда.
17Анткени биз тартып жаткан анча-мынча убактылуу азабыбыз бизди түбөлүктүү даңкка алып барат. Анын канчалык зор экенин биз элестете да албайбыз.
18Биздин назарыбыз көзгө көрүнгөн нерселерге эмес, көзгө көрүнбөгөн нерселерге бурулушу керек, себеби көзгө көрүнгөнү убактылуу, көрүнбөгөнү болсо түбөлүктүү.

 

5

 

1Убактылуу алачыкка окшогон ушул жердик турагыбыз — биздин денелерибиз жок болгондо, Кудай асмандан жаныбыз үчүн Өзү даярдап койгон, адам колу менен салынбаган, түбөлүктүү турак берерин билебиз.
2Ошол асмандык турагыбызга бөлөнүүнү ушунчалык эңсегенибизден улам азыркы денебизде жашаганыбызда, биз үшкүрүнүп келебиз.
3Жаныбыз асмандык турагына бөлөнүп, рухубуз тураксыз калбайт.
4Азыркы денебизде жашап турган чакта биз кыйналганыбыздан оор үшкүрүнүп жатабыз. Үшкүрүнгөнүбүз болсо ушул жердик турагыбыздан бошонгубуз келгендиктен эмес, тезирээк асмандык турагыбызга да бөлөнүүнү эңсегенибизден. Ошондо өлүк нерсе өлбөс болуп өзгөрөт.
5Бизди ошого даярдап, ошентеринин кепилдиги катары бизге Өз Рухун ыроологон — Кудай.

 

6Ошентип, азыр жашап жаткан турагыбыз — жердик денебиз — бизди асмандык турагыбыздан алыстатып турганын билсек да, кайратыбыздан жазбай келебиз.
7Ошондуктан биз көзүбүз көргөн нерселер менен эмес, ишеним менен жашайбыз.
8Мына ушинтип кайраттан жазбай, өз денебизден ажырап, асмандагы үйүбүзгө, Эгебиздин алдына барууну эңсеп турабыз.
9Андыктан, асмандагы үйүбүздө болобу же ал жакта эмеспи, Кудайга жагууну каалайбыз.
10Анткени Соттоочубуз — Машаяктын алдына барып, ар бирибиз денебизде жашаган кезде жасаган жакшы да, жаман да иштерибиздин тиешесин алууга тийишпиз.

 

Машаяк аркылуу Кудай менен элдешүү

 

11Ошентип, Эгебиздин кадырын билип, биз башкаларды Анын жолуна түшүрүүгө аракеттенип жүрөбүз. Ал эми биздин кандай экенибиз Кудайга белгилүү. Муну силер да жакшы билесиңер деген үмүттөбүз.
12Бул сөзүбүз менен биз кайрадан эле өзүбүздү мактайлы деген жокпуз. Кайра силерди биз менен сыймыктансын дедик. Ошондо ички дүйнөсүнө эмес, сырткы салабатына карап мактангандарга айтар сөзүңөр болот.
13Силерге акылыбыз адашкандай өңдөндүбү? Андай болсо, бул Кудай үчүн. Ал эми акыл-эсибиз ордунда болсо, бул силердин пайдаңар үчүн.
14Бизди Машаяктын сүйүүсү алдыга сүрөп турат. Анткени биз мындай тыянакка келдик: Бирөө баары үчүн өлсө, демек баары Аны менен кошо өлүштү.
15Ал баарыбыз үчүн өлгөн. Ошон үчүн эми ким жаңы өмүргө ээ болсо, ал өзү үчүн эмес, ага өмүр бериш үчүн өлүп кайра тирилген Машаяк үчүн жашоого тийиш.

 

16Мындан ары биз эч кимди адамдык көз караштан алып баамдай албайбыз. Мурда Машаякты да биз адамдык акыл менен түшүнгөн элек. Бирок эми андай кылбайбыз.
17Машаяк менен биримдикте болгон ар кимди Кудай жаңыдан жараткан: эскинин баары кетип, эми баары жаңы болуп калды!
18Мунун баарын кылган — Кудай. Ал Машаяк аркылуу бизди Өзү менен элдештирип, бизге да башкаларды Аны менен элдештирүү кызматын берди.
19Айтайын дегеним, Машаяк аркылуу Кудай бүтүндөй дүйнөнүн кылган кыянаттыктарын эсептебестен, Өзү менен элдештирип койду. Бизге болсо ошол элдешүү тууралуу кабарды жеткирүү тапшырылган.

 

20Ошондуктан биз Машаяктын атынан келген кабарчыларбыз. Биз аркылуу адамдарга Кудайдын Өзү кайрылып жатат. Машаяктын атынан өтүнөбүз: Кудай менен тынчтыкка келгиле!
21Кудай биздин ордубузга эч жазыксыз Машаякты жоопкер кылды. Ал аркылуу биз эми Кудай алдында акталдык.

 

6

 

1Кудайдын кызматташтары катары өтүнөбүз: Кудайдын силерге кылган ырайымы куру бекер кетпесин.

 

 

2Анткени Анын айтканы бул: «Ыңгайлуу мезгил келип, уктум сени;

 

Куткарчу күнүм келип, жардам бердим».

 

 

Мына, эми Кудайдын ыңгайлуу мезгили да жетип, силерди куткарчу күнү да келип калды!

 

3Кылган кызматыбызга тил тийбесин үчүн биз эч кимге жолтоо болгубуз келбейт.
4Анын ордуна, Кудайдын чын дилден берилген кызматчылары катары, эмне кылсак да, башкаларга өрнөк болууга аракеттенип жатабыз. Азап тартсак да, муктаж болсок да, башыбызга мүшкүл түшсө да,
5бизди уруп-сабашса да, зынданга салышса да, бизге каршы козголоң чыгарышса да, кара терге түшүп эмгектенсек да, түндөрү кирпик какпай чыксак да, ачка калып жатсак да — бардыгын бой бербей көтөрүп келатабыз.
6Көрсөткөн тазалыгыбыз менен чындыкты билгенибиз, сабырдуулугубуз менен кичи пейилдигибиз, Ыйык Рухтун катышуусу менен чын дилибизден чыккан сүйүүбүз,
7акыйкат сөзүбүз менен Кудайдын кудурети — буга айкын далил. Биздин чабуул салар да, коргонор да куралыбыз — адилдик.
8Биз барктуу да, барксыз да, жакшы аттуу да, жаман аттуу да болууга даярбыз. Бизди жалганчылардай кабыл алышса да, чындыкты гана сүйлөп жатабыз.
9Бизди белгисиз дешсе да, биз баарына белгилүүбүз. Бизди ажалы жетти дешсе да, карагылачы, биз али тирүүбүз. Бизди жазалашканы менен, өлтүрүшкөн жок.
10Бизди капалантышса да, биз кубанып жүрөбүз. Өзүбүз жарды болгонубуз менен, көптөрдү бай кылабыз. Колубузда эч нерсе жок болсо да, баарына ээбиз.

 

11Корунттук боордоштор! Биз силерге ачык сүйлөп, дилибизди силерге кенен ачып койгонбуз.
12Биз эмес, өзүңөр эле жан-дүйнөңөрдү биз үчүн жаап салып жатпайсыңарбы.
13Силерге өз балдарыма айткандай айтам: биздей болуп, дилиңерди кенен ачкылачы.

 

Бутпарастык таасирлер тууралуу эскертүү

 

14Ишенбегендер менен моюнтуругуңар эч качан бир болбосун. Адилеттик менен адилетсиздикти кошсо болобу? Жарык менен караңгынычы?
15Машаяк менен Белиар келишимге келе алышабы? Же ишенген адам ишенбеген адам менен биримдикте боло алабы?

 

 

16Кудайдын ийбадатканасында буркандарга орун барбы? Силер тирүү Кудайдын ийбадатканасысыңар. Анткени Кудай мындай деген: «Ичинен алардын Мен турак табам,

 

Жашаймын Мен алардын арасында.

 

Кудайы болуп алам аларга Мен,

 

Өз элим болуп калат алар Мага».

 

 

17Эгебиз дагы мындай дейт:

 

«Алардын арасынан чыгып кетип,

 

Алардан бөлүнгүлө өзүңөрчө.

 

Тийбесин колуңар да арам затка.

 

Ошондо кабыл алам силерди Мен.

 

18Атаңар болуп калам баарыңардын,

 

Уул-кыздарым болосуңар силер Мага, —

 

Дейт бизге кудуреттүү Кудай Таала».

 

7

 

1Ошентип, сүйүктүүлөрүм, ушундай убадаларга ээ болуп, денебиз менен рухубузду булгаган ыплас нерселердин бардыгынан тазаланып, Кудайды кадырлап, толугу менен адал өмүр сүрөлү.

 

Пабылдын кубанычы

 

2Бизге өз дилиңерди кенен ачып койгула. Биз эч кимге жамандык кылган жокпуз, эч кимге зыян тарттырбадык, эч кимдин эсебинен пайда таппадык.
3Мен муну силерди кекетип айтып жаткан жокмун. Мурда деле айтканымдай, силер биздин жан-дилибиздесиңер, биз өлүмдө да, өмүрдө да биргебиз.
4Силерге бек ишенип, силер менен аябагандай сыймыктанам. Кайрат-жигерим артып, тарткан бардык азаптарыма карабай, кубанычым койнума батпайт.

 

5Македонияга барганыбызда да эс ала алган жокпуз. Сырт жактан башкалар менен алышсак, ичибизден коркунуч кыйнап, бардык жагынан азап тарттык.
6Бирок көңүлү чөгүп тургандарга сооронуч берүүчү Кудай бизге Титти жиберип, ошону менен жаныбызды жубатты.
7Анын келиши гана эмес, силерден сооронуч алганын укканыбыз да жаныбызга тынчтык берди. Ал эми силердин мени канчалык сагынып, мурда капалантып алганыңарга канчалык кайгырып, эми колдоого даяр экениңерди укканда, төбөм көккө жетти.

 

8Жазган катым силерди кайгыга салды деп аны жибергениме башында өкүндүм эле, убактылуу гана кайгыртканына көзүм жетип, кайрадан өкүнбөй калдым.
9Эми мен кубанып жатам. Кубанганым болсо силерди кайгыртканыма эмес, кайгырганыңардан улам ниетиңер өзгөргөнүнө. Кайгырганыңар Кудайдан болуп, биз силерге эч зыян келтирген жокпуз.
10Анткени Кудайдан келген кайгы адамдын ниетин гана өзгөртпөстөн, аны куткарылууга алып келет да, эч өкүнүч калтырбайт. Ал эми бул дүйнөдөн келген кайгынын түбү — өлүм.

 

11Кудай салган кайгыңар не деген жемиш бергенин карасаңар: болгон ишке ушунчалык олуттуу мамиле кылып, канчалык тазалангыңар келип турганын, күнөөгө кыжырданып, ушунчалык коркконуңарды, өзүмдүн жаныңарда болушумду эңсеп, туура иш кылууга далалаттанып, айыптуу адамды жазалоого даяр болгонуңарды. Мунун баары — силердин актыгыңардын ачык-айкын далили.

 

12Ошентип, жанакы катты жазсам да, мен муну күнөө кетирген адам үчүн же күнөөдөн запкы жеген адам үчүн кылганым жок. Кайра Кудай алдында силердин канчалык биз үчүн кам көргөнүңөрдү көрсөтөйүн деп жазгам.

 

13Жаныбызды жубаткан мына ушу. Сооронуп эле тим болбостон, баарыңардын колдооңор Титти көңүлүн ушунчалык көтөргөнүн угуп, кубанычка толдук!
14Мен ага силерди ушундай мактадым эле, силер да мени уятка калтырбадыңар. Биз силерге дайыма чындыкты гана айтып жүргөн сыяктуу, силер тууралуу Титке айтылгандын баары да чындык болуп чыкты.
15Силер анын тилин алууга канчалык даяр болуп, аны канчалык кадырлап, кандай урмат-сый менен тосуп алганыңарды эстеген сайын, анын силерге болгон сүйүүсү күчөгөндөн күчөп баратат.
16Мен да силерге толук ишене аларыма аябагандай кубанып турам!

 

8

 

Македониялыктардын жоомарттыгы

 

1Боордоштор, биз силерди билсин дегенибиз — бул Кудайдын Македония аймагындагы жыйындарга көрсөткөн ырайымы.
2Не деген кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жатканына карабай, алар кубанычка толуп турушат, өздөрү не деген жакырчылыкта жашап жатышканына карабай, эч аянбастан, ушунчалык берешен болушууда.
3Алар өз ынтасы менен колунан келгенин гана эмес, андан да көп беришкенине мен күбөмүн.
4Иерусалимдеги ыйыктарга жардам берүүгө катыштыруубузду көптөн көп суранышып, ошону өздөрүнө артыкчылык көрүштү.
5Мындай болорун биз күткөн да эмес элек. Бирок алар өздөрүн эң алды Эгебизге багыштап, анан Кудайдын эрки менен бизге да жардамдашышты.

 

Корунттуктарды жоомарттыкка чакыруу

 

6Ошондон улам биз ушул соопчулук ишин баштаган Титтен аны улантып, биротоло аягына чыгарууга силерге жардам берип коюшун өтүндүк.
7Силердин ишенимге, чечен сөзгө, билимге бай болуп, жардам берүүгө далалаттанып, бизди ушунчалык сүйгөнүңөрдү билип, бул жакшы иште айкөлдүгүн көрсөтүшөт деген үмүттөбүз.

 

8Бул сөзүм буйрук эмес. Болгону, башкалардын кылган аракеттерин көрүп, эми силердин да чын дилиңерден сүйгөнүңөр канчалык анык экенин сынап көрөйүн дедим.
9Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымдуулугун силер өзүңөр билесиңер: бардыгына ээ болуп турса да, Ал силерди ойлоп, Өзүн силер үчүн жакыр кылды. Мунун максаты Өзү жакыр болгону менен силерди байытууда эле.

 

10Силерге берер кеңешим бул. Былтыр биринчи болуп көмөк гана бербестен, ошого биринчи болуп ниеттенген да силерсиңер.
11Андай болсо, баштагы ниетиңерден жазбай, бул ишти ошого жараша бүткөрүп, колуңардан келгенин кылгыла.
12Эгерде берүүгө чындап ниетиңер бар болсо, анда берген жардамыңар колуңарда жогун эмес, колуңарда барын эске алуу менен кабыл алынат.

 

13Мен милдеттин баарын силерге жүктөп, башкалардын абалын жакшыртайын деп жаткан жерим жок. Кеп теңчиликке жетүүдө.
14Азыр силер өзүңөрдөн артканын берип, алардын кем-карчын толуктай алсаңар, кийин, силерде жетишсиз болгондо, алар өздөрүнөн артканы менен силердин кем-карчыңарды толукташат. Ошентип арабызда теңчилик болот.

 

 

15Ыйык Жазууда айтылгандай, «Көп чогулткан адамдын эч нерсеси артпады,

 

Аз чогулткан адамдын муктаждыгы болбоду».

 

Пабыл жиберген өкүлдөр

 

16Титти да биздей кылып силерге ушунчалык кам көрүүгө ниеттендирип койгон Кудайга шүкүрчүлүк айтабыз!
17Барып кел деп өтүнгөнүбүзгө гана макул болбостон, жардам берүүгө ушунчалык далалаттанып, ал силерге өз ыктыяры менен бара жатат.
18Аны менен кошо силерге дагы бир боордошубузду жөнөтүп жатабыз. Ал Жакшы Кабар таратууда кылган кызматы менен бардык жыйындарда урмат-сыйга ээ.
19Анын үстүнө, жыйындар аны биз Эгебиздин атак-даңкын чыгарган жана өзүбүздүн жардам берүүгө ниеттенгенибизди көрсөткөн ушул кайрымдуулук ишибизди аткарып жүргөнчө бизге жолдош кылып дайындашкан.

 

20Бизге табышталган мол тартууларыңарды чогултуп бөлүштүрүүдө эч ким тарабынан айыпталбаш үчүн этият болууга аракеттенип жатабыз.
21Анткени биз Эгебиздин алдында гана эмес, элдин алдында да туура иш кылууга умтулабыз.

 

22Аларга кошуп өз арабыздан да дагы бир боордошубузду жибердик. Аны көп ирет ар кандай жагдайларда сынап көрүп, жардам берүүгө ынта койгонуна ынанганбыз. Эми болсо силерге ушунчалык ишенгенинен ал жардам берүүгө мурдагыдан да көп ниеттенүүдө.
23Тит тууралуу айта кетсек, ал — силерге жардам берүүдө мени менен дайыма иштешип жүргөн өнөгүм. Эки башка боордошубуз болсо — Машаяктын атак-даңкын чыгара турган жыйындардын өкүлдөрү.
24Андыктан аларга сүймөнчүлүгүңөрдү көрсөтүп, ошол аркылуу жыйындарды силер менен сыймыктанганыбыз бекер эмес экенине ынандыргыла.

 

9

 

Муктаж болгон боордошторго жардам берүү

 

1Чынын айтканда, силерге ыйыктарга жардам берүү жөнүндө жазуунун эч кажети деле жок,
2себеби канчалык ынта койгонуңарды билип, ахаялыктар[1]былтыртан эле даяр болгон деп, македониялыктардын алдында силерди айтып мактанып да жүрөм. Силердин бул ишке ынта койгонуңар көптөрүнө түрткү берди.
3Мына эми, ошол мактанычым куру сөз болбосун деп жана, мурда айтканымдай, даяр болушуңар үчүн силерге боордошторуңарды жиберип жатам.
4Антпесе, элестетип көрсөңөр, мени менен кошо македониялыктар келип калып, даярдыгыңар жок болгонун көрүшсө, силерге ушунчалык ишенген биз шерменде гана болбойбузбу. Ал эми силердин кандай абалда каларыңарды айтпай деле койсо болот.
5Андыктан жанакы боордошторду, убада кылган жардамыңар даяр болсун үчүн, силерге өзүмдөн мурун жиберүүнү оң көрдүм. Ошондо мен келгенде аныңар даяр болуп, аргасыздыктан эмес, өз ыктыярыңар менен бергениңерди баары көрүшөт.

 

 

6«Аянып сепсең — аз түшүм,

 

Аянбай сепсең — мол түшүм», —

 

 

деген сөздү унутпайлы.

 

7Ошентип ар бириңер өкүнбөй же муну милдет көрбөй, өзү канча кааласа, ошончо берсин. Анткени кубаныч менен бергендер Кудайга жагышат.
8Кудай болсо дайыма силерге керек болгонунан алда канча көп берүүгө кудуреттүү. Ошондо керектүүнүн баары дайыма колуңарда болуп, жакшылык кылууга артыкчылыгы менен жетет.

 

 

9Ыйык Жазууда айтылгандай, «Жардыга марттык менен берген колдун

 

Түбөлүк унутулбайт жакшылыгы».

 

 

10Ошентип, дыйканга себилер үрөнүн, жей турган нанын берген Кудай колуңарда барын көбөйтүп, адилдигиңердин үзүрүн арттырат.
11Ошондо бардык нерсеге бардар болуп, силер дайыма берешен боло аласыңар, ал эми биз аркылуу көрсөткөн берешендигиңерден улам көптөгөн адамдар Кудайга алкыш айтышат.
12Анткени кылган жакшылыгыңар ыйыктардын кем-карчын гана толтурбастан, адамдардын Кудайга алкыш айтууларын да арбытат.
13Ошентип, кылган жакшылыгыңарды көрүп, алар Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды берилгендик менен таратып жатканыңар үчүн, жоомарттык менен колуңарда барын алар жана башкалар менен бөлүшүп жатканыңар үчүн Кудайды даңазалашат.
14Алар силер үчүн сыйынып, силерди көрүүгө ынтызар болууда, анткени Кудай аларга силер аркылуу Өзүнүн зор ырайымын көрсөттү.
15Сыпаттап бүткүс тартуусу — Уулу Машаяк үчүн Кудайыбызга алкышыбызды айталы!

 

10

 

Пабылдын элчилик беделин коргошу

 

1Кээ бирөөлөр мени алдыңарда турганда жалтанчаак болуп, ал эми алыс жүргөндө болсо батыл болот дешет экен. Кантсе да, мен өзүм, Пабыл, силерге кайрылып, Машаяктын момундугу менен жооштугу үчүн силерден өтүнөм:
2келгенимде мени ошентип батылдык менен сүйлөөгө аргасыз кылбасаңар. Албетте, бизди ушул дүйнөдөгүлөргө окшоп иш кылышат деп ойлогондорго карата мен батыл болсом болормун.
3Бул дүйнөдө жашап жатканыбыз менен, биз дүйнөдөгүлөргө окшоп согушпайбыз.
4Согушкан куралыбыз бул дүйнөнүн куралы эмес, чептердин таш-талканын чыгарган Кудайдын кудуреттүү куралы. Аны менен биз жалган ой-пикирлерди талкалайбыз;
5Кудайды таанып билүүнүн жолун бөгөгөн текебердиктин баарын ойрон кылып, ар бир адамдын ойлорун туткундап, Машаякка баш ийдиребиз.
6Ал эми силер Ага толугу менен баш ийгениңерде, биз баш ийбестиктин баарын жазалоого даяр болобуз.

 

7Силер көзгө көрүнгөн нерселерге карап жатасыңар. Эгер ким өзүн Машаяктыкымын деп билсе, ал биз деле ага окшоп Машаяктыкы экенибизди да ойлонсун.
8Бизге берилген бийлик менен өтө эле мактанып кетсем да, анын эмнесинен уялам? Бул бийликти мага ишенимиңерди талкалаш үчүн эмес, бекемдеш үчүн Эгебиз Өзү берген.
9Бирок мен силерди каттарым менен коркуткум келбейт, андай ойлобогула.
10Кээ бирөөлөр: «Пабылдын каттарын окусаң, ары сүрдүү, ары катаал угулат. Ал эми келгенде, өзү да алсыз, сөзү да супсак», — дешет экен.
11Андайларга эскертерим бул: жаныңарда жокто катыбыздан кандай көрүнсөк, келгенде да дал ошондой болобуз.

 

12Арийне, биз өзүбүздү мактанчаак немелерге салыштырууга да батына албайбыз. Өздөрүн бири бирине ченеп, өздөрүн бири бирине салыштырган алардын кылыгы акылсыздык эмей эмне?!
13Биздин мактануубуз болсо белгилүү чектен чыкпайт. Ал чек — Кудайдын бизге бөлүп берген иши. Силерге кылган кызматыбыз да ошол чектин ичинде.
14Силерге барганыбызда да, биз ошол чегибизден чыккан жокпуз, анткени биринчи болуп силерге Машаяк тууралуу Жакшы Кабарды алып келген биз элек го?!
15Биз башкалардын кылган иши менен мактанып жаткан жерибиз жок. Анын ордуна, силердин ишенимиңер өсүп, ошого жараша биз да силердин араңарда мурдагыдан да зор иш кыла алабыз деген үмүттөбүз.
16Ошондо силерден башка жерлерге да барып, Жакшы Кабар тарата алабыз да, кимдир бирөөнүн өз ордунда кылган иши менен мактанган болбойбуз.

 

 

17«Кимде-ким мактангысы келип турса,

 

Мактансын Эгебиздин иши менен»

 

 

18Өзүн-өзү мактаган адам эмес, Эгебиз мактаган адам кадыр-баркка татыйт.

 

11

 

Пабыл жана жалган элчилер

 

1Атаганат, менин бир аз «акылсыздыгыма» сабырдуураак болсоңор гана. Суранам, ошондой болсоңор.
2Анткени өзүм силерди пакиза кыз сымал бир гана эрге, Машаякка, убада кылып коюп, силерге Кудайдын Өзүнө окшоп кам көрүп жатам.
3Бир коркконум, жыландын жалган сөзүнө алданган Обого окшоп, силер да акылыңардан адашып, өзүңөрдү чын дил, ак ниет менен Машаякка арнаганыңарды унутуп калбагай элеңер.
4Анткени кимде-ким силерге биз жар салбаган, башка Ыйсаны жар салып, же болбосо силер кабыл алган Ыйык Рухтан башка рухту же бизден уккан Жакшы Кабардан башка кабарды жеткирип келсе, андайларга оңой эле чыдап жатпайсыңарбы.

 

5Мен өзүмдү жанакы, силер «улуу элчи» атагандарыңардан бир жерим кем деп ойлобойм.
6Сүйлөгөндө, балким, алардай чечен эместирмин, бирок билим жагын алганда, камчы салдырбайм. Муну бардык жагынан бир далай жолу далилдегенибизге өзүңөр деле күбөсүңөр.

 

7Кызматыма эч акы сурабай, силерге Кудайдын Жакшы Кабарын жар салып, аброюңарды көтөрүш үчүн өзүмдү кемсинткен элем. Ушундай кылганым күнөөбү?
8Силерге кызмат кылганымда, акчалай жардамды башка жыйындардан алып, силер үчүн аларды чыгымга учураттым.
9Араңарда жүрүп каражатка муктаж болгонумда да эч бириңерди кабатыр кылбастан, керектүү жардамды Македониядагы боордошторумдан алып турдум. Буга чейин силерге эч жагынан жүк болбогон сыяктуу, мындан ары да жүк болбойм.
10Машаяк тууралуу айткан ар бир сөзүм канчалык чындык болсо, ушул мактанычымды да Ахая аймагында эч ким жокко чыгара албасы ошончолук анык.
11Же муну силерди жаман көргөнүмдөн айтып жатам дейсиңерби? Силерди жакшы көргөнүмө Кудай Өзү күбө.

 

12Мен болсо буга чейин кандай иштеп келсем, мындан ары да ошондой иштеп, жанакы «элчи» сөрөйлөрдүн өздөрүн бизге окшотуп мактанышына жол бербейм.
13Анткени алар — Машаяк элчилеринин кейпин кийип, өз кытмыр иштерин кылган жалган элчилер.
14Алардын минткени таң калыштуу эмес. Шайтан өзү деле нур периштесинин кейпин кийип жүрбөйбү.
15Андай болсо шайтандын нөкөрлөрү да адилет нөкөрлөрүнүн кейпин кийип келгенин көрүп, эмнесине таң калмак элек? Акыры алар өз иштерине жараша тиешесин алышат.

 

Пабылдын башынан өткөргөн азаптары

 

16Дагы да кайталап айтам: эч кимиңер мени акылсыз деп ойлобогула. Ал эми акылсыз десеңер, анда дагы бир аз акылсызданып, мактанып алууга мүмкүнчүлүк берсеңер.
17Албетте, азыр айтып жаткандарым Эгебизден келген сөз эмес, өзү менен мактанып жаткан акылсыздын сөздөрү.
18Бирок өз пендечилигинен улам мактангандар көп болгон соң, мен деле аларга окшоп мактана берейин.
19Анткени өзүңөрдү акылдуу деп, акылсыздарга оңой эле чыдап келатпайсыңарбы.
20Бирөө келип, силерди өзүнө багындырып жатса да, талап-тоноп жатса да, өктөмдүк кылып жатса да, алдыңарда бой көтөрүп жатса да, бетке согуп жатса да — ошонун баарына чыдап келатпайсыңарбы.

 

21Эми, эмне, биздин силерге ушундай кылууга дарманыбыз жетпей калды деп уялышым керекпи? Кантсе да, башкалар эмнеси менен мактанышса, бул сөзүм келжиректей угулса да, мен дагы ошону менен мактанып көрөйүнчү.
22Алар эврей бекен? Мен да эвреймин. Ысрайылдык бекен? Мен дагы. Ыбрайым урпактарыбы? Мен да.
23Машаяктын кызматчыларыбы? Акылынан айныган немедей көрүнсөм көрүнөйүн, бирок мен өзүмдү аларга караганда жакшыраак кызматчы деп эсептейм. Алардан көрө көбүрөөк мээнеттенип, зынданга да көп жолу камалдым. Канча ирет камчыланып, көп жолу өлүмдүн жүзүн көрдүм.
24Беш ирет иудейлерден отуз тогуз шапалактан жеп,
25үч ирет мени таяк менен сабашкан, ал турсун бир жолу таш бараңга да алындым. Үч жолу мен түшкөн кеме кыйроого учурап, бир күн, бир түн ачык деңизде калгам.
26Көп жолу жер кезип, ташкындаган суулардан, кол салган каракчылардан, өз улутташтарымдан да, баш улуттагылардан да, эл толгон шаар-кыштактардан, ээн жерлерден, суу-деңиздерден, боордош сөрөйлөрдөн көптөгөн коркунучтарга туш болгом.
27Жыгылганча иштеп, канча жолу түнү уйку көрбөй, ачка да калып, чаңкап да көрдүм. Канча ирет бир сындырым наным жок, киерге киймим жок, суукта да калдым.
28Башкасын айтпаганда да, бардык жыйындардын камын ойлоп күнүгө тынчым кеткени.
29Бирөөнүн алсыздыгын көрсөм, өзүм да алсыз болгон жок белем? Бирөөнүн күнөөгө азгырылганын көрсөм, жаным кайгыга баткан жок беле?

 

30Мактанышым керек болсо, алсыз жактарым менен мактанайын.
31Айткандарымда калет жок экендигин Кудайыбыз — Эгебиз Ыйсанын Атасы Өзү билет. Ага түбөлүктөн түбөлүккө алкыш!
32Дамаск шаарында болгонумда, Арет падышанын аймак акими мени кармамакчы болуп, бүт дарбазаларына сакчы коюп чыккан эле. Бирок мени ага карматпай, сепил тешигинен себетке салып түшүрүштү.

 

12

 

Пабыл алган көрүнүш-аяндар

 

1Мактануудан эч пайда болбосо да, мен мактанууга аргасызмын. Бирок эми Эгебиз берген көрүнүш-аяндарга өтөйүн.
2Мен билгендей, бир машаякчы адам он төрт жыл мурун үчүнчү асманга көтөрүлгөн экен. Ошол жакка ал денеде барганбы же руху эле алынганбы, мунусун билбейм, бул Кудайга эле маалым.
3-4Ырас, көккө жанакы адамдын руху эле көтөрүлгөнбү же денеси дагыбы, билбейм, муну Кудай Өзү эле билет. Бирок бир билгеним анык: ал адам жаннатка барып, ошол жерден адам тили менен айтууга мүмкүн болбогон, атүгүл айтууга тыюу салынган нерселерди уккан экен.
5Мына ушуну менен мактансам мактанармын. Ал эми өзүм менен мактана албайм, мактансам да, алсыздыгым менен гана мактанам.
6Мактанам деген күндө да, аным акылсыздык болбойт, себеби чындыкты гана айтам. Бирок менден көргөн-укканыңарга жараша гана баалап, эч кимиңер мени өтө көкөлөтүп ийбешиңер үчүн, мактануудан баш тарттым.

 

7Ушундай укмуш аяндарды алганымдан көөдөнүмдү көтөрбөсүм үчүн мага денеме тикенектей сайылып, жанымды кыйнаган азап берилди. Бул — шайтандын кызматчысы. Ал мени кекирейбесин деп, жан этимди сыздатып жатат.
8Үч жолу Эгеме жалынып, аны менден алып салуусун сурандым эле.
9Бирок Ал мага мындай жооп кайтарды: «Менин ырайымым сага жетишет, себеби сен канчалык алсыз болсоң, сенден көрүнгөн кудуретим ошончолук зор болот». Андыктан менден Машаяктын кудурети көрүнсүн үчүн, мактансам да, алсыздыгым менен мактанам.
10Ошентип, алсыз калганыма, кордук көргөнүмө, азап чеккениме, куугунтук жегениме, кыйынчылык тартканыма курсантмын, себеби мунун баары Машаяк үчүн болгон соң, алсыз болгонум күчтүү болгонума тете.

 

Пабылдын Корунттуктар үчүн тынчсызданганы

 

11Мына, мактанам деп, келесоодой көрүндүм. Бирок мени буга түрткөн силерсиңер. Мени силер макташыңар керек эле, себеби өзүм эч нерсеге татыбаганым менен, жанакы «улуу элчи» дегениңерден эч нерсем кем эмес.
12Араңарда жүргөнүмдө, сабыр этип, Кудайдын чыныгы элчиси болгонум көптөгөн кереметтүү жышаандар жана кудуреттүү иштер менен далилденген.
13Деги башка жыйындарга салыштырганда, мен силерге кылбай койгонум эмне? Өзүм силерге жүк болбогонум элеби? Анда бул жаңылыштыгымды кечирип койгула.
14Мына эми силерге үчүнчү жолу барууга даяр болуп турам. Барганымда, силерге жүк болбойм: мага колуңарда бар болгону эмес, өзүңөр керексиңер. Энчини балдары ата-энесине эмес, ата-энеси балдарына чогултууга тийиш го.
15Андыктан колумда болгондун баарын силерге жумшоого, ал турсун өзүмдү берип салууга ынтызармын. Же силерди ушунчалык сүйгөнүмдөн мага деген сүйүүңөр азайып калабы?

 

16Өзүмдү силерге жүк кылбадым дейли. Бирок айрымыңар мени амалкөйлөнүп, өз тиешесин бизге билгизбей алып жатат дейт чыгар.
17Андай болсо, айткылачы, мен жиберген кишилерим аркылуу силерден өзүмө пайда көрдүм беле?
18Титтин силерге барышын өтүнүп, ага кошуп дагы бир боордошубузду жибергенимде, ал силерден пайдаландыбы? Же ал экөөбүздүн ниетибиз менен кылган ишибиз бирдей болгон жокпу?

 

19Бизди дагы эле силердин алдыңарда актанып жатат дейсиңерби? Бирок биз Машаякка ишенгендер катары Кудай алдында сүйлөп жатканыбызды билебиз. Эмне кылсак да, бардыгын өзүңөрдү бекемдеш үчүн кылдык, сүйүктүүлөрүм.
20Менин коркконум бул: силерге келгенимде, силер мен каалабагандай, мен болсо силер каалабагандай болбогой элек. Араңарда уруш-кериш, көрө албастык, кыжырлануу, өзүмчүлдүк, жамандашуу, ушакчылык, кекирейгендик, тартипсиздик болбосо экен.
21Кайра келгенимде, силердин айыңардан Кудайдын алдында уят болбогой элем, бир кезде күнөө кетирген көбүңөрдүн алигиче өздөрүнүн кылган ыплас, бузуку, уятсыз иштерине өкүнбөй, ниетин өзгөртпөй жүргөнүн көрүп, аларды жоктоп зар какшап калбагай элем.

 

13

 

Эскертүү жана соңку сөз

 

1Мына, мен силерге эми үчүнчү жолу бара жатам. «Ар бир айыптоо эки же үч күбөнүн сөзү менен ырасталышы керек».
2Силерге экинчи сапар барганымда, мурда күнөө кылгандарды, дегеле баарыңарды эмки жолу келгенимде ар күнөөкөрдүн сазайын колуна карматам деп эскерткем болчумун. Мына эми, силерден алыс жүргөнүмдө, ошону дагы бир ирет эскертем.
3Анткени силер мен аркылуу чындыгында эле Машаяк сүйлөп жаткандыгынын далилин талап кылып жатасыңар. Далили мына: араңарда иштегенде, Машаяк алсыз эмес, кудуреттүү.
4Ал айкаш жыгачка керилип өлтүрүлгөндө алсыз болсо да, эми Кудайдын кудурети аркылуу жашап жатат. Анын бир кездеги алсыздыгына окшоп, биз да алсызбыз. Бирок Машаяк менен бирге Кудайдын кудуретине таянып жашаганыбызды силер көрөсүңөр.

 

5Өзүңөрдүн ишеним менен жашаган-жашабаганыңарды сынап көргүлө. Ичиңерде чындыгында Ыйса Машаяк жашап жатканын текшерип көргүлө. Эгерде Ал ичиңерде жок болсо, анда силер ишеним жолунда эмессиңер.
6Биз ишеним жолунда жүргөнүбүзгө көзүңөр жетет деген үмүттөмүн.
7Кудайга сыйынып, силерге жамандык кылууга жол бербөөсүн өтүнүп турабыз. Мындагы максатыбыз, өзүбүздү жакшы көрсөтүү эмес, кайра өзүбүз ишеним жолунда турбагандай көрүнсөк да, силердин туура иш кылышыңар.
8Биз чындыкка каршы иш кыла албайбыз. Чындыкты айгинелеп иш кылууга гана кудуреттүбүз.
9Өзүбүз алсыз болсок да, силер күчтүү болсоңор, ошого кубанабыз. Ал турсун силердин жеткилең болушуңар үчүн сыйынабыз.
10Андыктан барып калганымда силерге катуу сүйлөп, Эгебиз берген бийликтен пайдаланбайын деп, ушуларды алдын ала, силерден алыс болгонумда айтып жатам. Эгебиздин бийлиги мага силерди кыйратыш үчүн эмес, бекемдеш үчүн берилген!

 

11Акырында айтарым, боордоштор, кубангыла. Жүрүм-турумуңарды өзгөртүп, бири бириңерге жигер берип жүргүлө, бир ойдо болуп, ынтымакта жашагыла. Кудайдын сүйүүсү менен тынччылыгы силер менен болсун.

 

12Бири бириңер менен боордошчо беттен сүйүп учурашкыла. Мындагы ыйыктардын баары силерге салам жолдошту.

 

13Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымы, Кудайдын мээрими жана Ыйык Рухтун катышы баарыңар менен болсун.

 

 

 

Галатиялыктар

1

 

Саламдашуу

 

1Мен, адамдын эмес, Эгебиз Ыйса Машаяктын жана Аны өлгөндөрдөн кайра тирилткен Кудай Атабыздын тандаган элчиси Пабыл,
2жана жанымдагы башка боордоштор Галатия жериндеги жыйындарга саламыбызды айтабыз.
3Силерге Кудай Атабыздын жана Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымы менен тынчтыгын тилейбиз.
4Машаяк бизди ушул кыянаттык өкүм сүргөн замандын бийлигинен бошотуш үчүн, Кудай Атабыздын эркине моюн сунуп, Өзүн биздин күнөөлөрүбүз үчүн курмандыкка чалган.

 

5Кудай Атабызга түбөлүк даңк болсун! Оомийин.

 

Бир эле Жакшы Кабар бар

 

6Силерди Машаяктын ырайымы аркылуу Өзүнө чакырып алган Кудайдан четтеп, башкалардын «Жакшы Кабар» сөрөйүнө ооп баратканыңарды билип, айран таң калып отурам.

 

7Алардын айтканы Жакшы Кабар деле эмес. Алар Машаяктын Жакшы Кабарын бурмаламакчы болуп, силерди адаштырып жатышат.
8Бирок ким болсо да, биз өзүбүзбү же атүгүл асмандан түшүп келген периштеби, биз тараткан Жакшы Кабардан бөлөк кабар таратса, аны каргыш урсун!
9Мурда айткандарды дагы бир жолу кайталап айтам: кимде-ким силер мурда уккан Жакшы Кабардан бөлөк кабар таратса, аны каргыш урсун!

 

Пабыл тараткан Жакшы Кабар адамдыкы эмес

 

10Эми силер мени кимдин колдоосун издеп жатат дейсиңер, адамдынбы же Кудайдынбы?! Же мен чындап эле адамга жагынайын деп жатамбы?! Эгерде дагы да ошентип жаткан болсом, анда мен Машаяктын кулу болмок эмесмин.

 

11Боордошторум, билип алгыла, мен тараткан Жакшы Кабар адамдыкы эмес.
12Мен аны бир дагы адамдан укканым жок, аны мага эч ким окуткан да жок. Бул кабарды мага Ыйса Машаяк Өзү аян кылган.

 

13Силер менин иудей дининде жүргөн кезимде кылгандарымды, Кудай жыйынын жер менен жексен кылам деп, артынан сая түшүп куугунтуктаганым тууралуу уккан чыгарсыңар.
14Ата-бабаларыбыздын адат-салттары дегенде, эт-бетимен кетип, динчилдигим менен өз элимде көптөгөн курбу-курдаштарымдан алдыда тургам.

 

15-16Бирок мени энемдин курсагынан эле тандап алып, ырайым этип, Өз кызматына чакырган Кудай Ыйса жөнүндө Жакшы Кабарды башка элдерге таратышым үчүн Өз каалоосу менен мага Уулунун ким экенин аян кылганда, мен эч ким менен кеңешкен жокмун.
17Иерусалимге барып, менден мурда элчи болгондорго да жолукканым жок. Анын ордуна Арабия жерине барып, андан кийин кайра Дамаск шаарына кайттым.

 

18Үч жыл өткөн соң, кийин, Петир менен таанышайын деп, Иерусалимге келдим да, аныкында он беш күнчө эле жүрдүм.
19Ошондо мен Эгебиздин иниси Жакыптан башка бир дагы элчиге кезикпедим.
20Ушул жазгандарым чындык экенине Кудай Өзү күбө.

 

21Кийин мен Сирия менен Киликия аймактарына бардым.

 

22Ал кезде мен Иудеядагы машаякчылардын жыйындарына али тааныла элек болчумун.
23Алар башкалардын: «Мурда бизди куугунтуктап жүргөн адам эми өзү бир кезде жок кылмакчы болгон ишенимди таратып жүрөт», — деп айтканын гана угушкан.

 

24Муну укканда, алар мени ишенимге алып келген Кудайды даңкташты.

 

2

 

Пабыл тараткан Жакшы Кабардын ырасталышы

 

1Кийин, он төрт жыл өткөн соң, мен Барнап менен кайрадан Иерусалимге барып, аякка өзүм менен кошо Титти да ээрчитип алган элем.

 

2Ал жакка барышым керек экенин Кудай мага аян кылган болчу. Барганымда, аттуу-баштуу катары эсептелгендерине өзүнчө жолугуп, жарышка түшүп иштеп жатканым бекер эмес бекен деп, башка элдерге жарыялап жүргөн Жакшы Кабарымдын мазмунун аларга айтып бердим.

 

3Алар болсо Титти да грек экенине карабай, сүннөткө олтурууга мажбурлашпады.
4Бул маселе арабызга айрым жалган боордоштордун тыңчы сымал кирип кеткенинен улам келип чыккан эле. Алардын максаты биздин Ыйса Машаяк аркылуу алган эркиндигибизди астыртан билип, бизди кайрадан Тоорат мыйзамынын кулчулугуна кайтаруу болчу.

 

5Бирок Жакшы Кабар силерге өзүнүн чыныгы маанисин жоготпос үчүн биз алардын кысымына бой бербедик.

 

6Ал эми аттуу-баштуу деп эсептелгендер (мындай айтканымдын себеби, алардын ким болгону мен үчүн эч маанисиз: Кудай адам өңүнө карабайт эмеспи) тараткан Кабарыма эч нерсе кошумчалашкан жок.
7Тескерисинче, Петирге иудейлердин арасында Жакшы Кабар таратуу тапшырылган сыяктуу, мага да башка элдерге Жакшы Кабар таратуу иши тапшырылганына ынанышты.
8Анткени иудейлерге элчилик кызмат кылууга Петирге дем берген Кудай, мага да дал ошондой башка элдердин арасында кызмат кылууга дем берген.

 

9Мен дагы Кудайдын ырайымы боюнча элчи болгонумду таанышып, ишенгендердин тиреги болуп эсептелген Жакып, Петир жана Жакандар, биздин кызматташ экенибиздин белгиси катары, Барнап экөөбүз менен кол алышты. Ошентип, Барнап экөөбүз башка элдерге, алар болсо эврейлерге баралы деп бир келишимге келдик.
10Болгону алар Иерусалим жыйынындагы бей-бечараларды унутпай жүрүүбүздү өтүнүштү. Мен муну өзүм да дилгирлик менен орундатчу элем.

 

Пабылдын Жакшы Кабардын чыныгы маанисин коргошу

 

11Бирок Петир Антахияга келгенде, анын айыптай турган иш кылганынан улам мен ага ачыктан-ачык каршы чыктым.
12Ал жакка Жакыптын жиберген кишилери келе электе, ал башка улуттагылар менен бир дасторкондо даам татышкан экен. Тигилер келгенден кийин эврей жердештеринен чочулаганынан улам, башка улуттагылардан бөлүнүп, алардан оолактай баштады.
13Аны туурап, калган эврей боордошторубуз да ошентишти. Петирдин эки жүздүүлүгү ал тургай Барнапты да адаштырып салды.

 

14Алардын түз жолдон адашып, Жакшы Кабар акыйкатына жараша иш кылбаганын көрүп, мен бардыгынын көзүнчө Петирге мындай дедим: — Сен эврей болуп туруп эврейлердей эмес, башка улуттагылардай жашасаң, анда башка улуттагыларга эврейлердин жашоосун таңуулаганың кандай?

 

Кудай бизди Тоорат мыйзамы аркылуу эмес, ишеним аркылуу актайт

 

15Биз күнөөкөр бутпарас эмес, иудей болуп туулганыбыз менен,
16адам баласы Кудай алдында эч качан Тоорат мыйзамын аткаруу менен акталбастан, Ыйса Машаякка ишенгени менен гана акталарын билебиз. Биз дагы Тоорат мыйзамын аткаруу аркылуу эмес, Ыйсага арткан ишенимибиз аркылуу Кудай алдында акталыш үчүн Ыйсага ишенгенбиз. Себеби Тоорат мыйзамын аткаруудан «адамдардын бири дагы актала албайт».
17Ал эми биз Ыйсага биригүү менен Кудай алдында акталууну издеп жатып, өзүбүз башкалардан эч айырмабыз жок күнөөкөр болуп чыксак, анда эмне, Машаяк бизди күнөөгө түртүп жатабы? Андай болушу дегеле мүмкүн эмес!
18Эгерде мен мурда өзүм жокко чыгарган мыйзамды калыбына келтире баштасам, бул менин кылмыш кылганымды айгинелеп турат.
19Анткени Кудай үчүн жашагандай болушум үчүн Тоорат мыйзамы мени өлүм жазасына кести. Анын алдында мен өлгөн кишимин. Мен Машаяк менен кошо айкаш жыгачта керилгем.
20Мындан ары мен өзүм жашабастан, менин ичимдеги Ыйса жашайт. Азыркы жашаганым — Кудай Уулуна ишенип гана жашаганым. Ал мени сүйүп, мен үчүн Өз жанынан кечкен.
21Муну билип туруп, мен Кудайдын ыроологон ырайымын кантип четке кагып салайын? Анткени адам баласы Тоорат мыйзамы аркылуу Кудай алдында актала алса, анда Машаяктын Өз жанын курмандыкка бергени бекер болбойбу?!

 

3

 

Кудайдын батасы ишенгендерге гана тиет

 

1Алда акылсыз галаттар-ай! Силерди бирөө арбап салды беле? Айткандарымды укканда, айкаш жыгачка керилген Ыйсаны өз көзүңөр менен көргөндөй болдуңар эле го?
2Деги мага бир нерсени айткылачы: Кудайдын Рухун силер Тоорат мыйзамын аткарганыңардан улам алдыңар беле же Жакшы Кабар угуп, ишенгениңерден улам алдыңар беле?
3Ушунчалык да акылсыз болосуңарбы?! Кудай Руху менен баштап, эми акыркы максатыңарга өз күчүңөргө таянып жеткиңер барбы?
4Башыңардан канчалаган кыйынчылыктарды өткөргөнүңөр кур бекер беле? Кантип эле ошондой болсун!
5Кудайдын силерге Өз Рухун берип, араңарда Өзүнүн улуу, керемет иштерин кылганы Тоорат мыйзамын аткарганыңар үчүнбү же Жакшы Кабар угуп, ишенгениңер үчүнбү?

 

6Карасаңар, Ыбрайым «Кудайга ишенип, ошону менен Кудай алдында ак деп табылды».
7Билип алгыла: Ыбрайымдын урпактары — бул ишеними барлар.
8Кудай башка элдерди ишенгендиги үчүн актаарын мурдатан эле билип, Ыйык Жазууда Ыбрайымга: «Сен аркылуу бардык элдер Менин батамды алышат»,— деген. Ошентип, Жакшы Кабар алдын ала жарыяланган болчу.
9Бул — ишенимин Кудайга арткан Ыбрайым менен чогуу ишенимге таянып жашагандардын баарына ак бата тийгени да.
10Ал эми Тоорат мыйзамын аткарууга аракеттенип жашагандар болсо каргыш алдында жүрүшөт, себеби Жазууда айтылгандай, «Тоорат мыйзамында жазылгандардын бирин да калтырбай, такай аткарып жүрбөгөн ар ким каргышка калат».
11Ал эми Кудай Тоорат мыйзамы аркылуу эч кимди актабасы Жазуунун төмөнкүдөй айтканынан эле көрүнүп турат: «ишенип акталган адам өмүр табат».
12Тоорат мыйзамынын ишенимге эч тиешеси жок. Тескерисинче, Жазууда айтылгандай, андагы «бардык талаптарды аткарган адам алар аркылуу өмүргө ээ болот».

 

13-14Бирок Машаяк бизге тийиштүү каргышты Өзүнө алды, себеби Жазууда: «Жыгачка асылып өлтүрүлгөн ар кимди каргыш урат»,— деп айтылган. Ошону менен Ыбрайымга берилген ак бата Ыйса Машаяк аркылуу башка элдерге да тарап, биз болсо убада кылынган Ыйык Рухту ишеним аркылуу кабыл алышыбыз үчүн Машаяк бизди Тоорат мыйзамында айтылган каргыштан бошотуп алды.

 

Тоорат мыйзамынын Кудай убадасына эч тиешеси жок

 

15Боордошторум, адамдык эле көз караш менен карап көрөлү: экөө келишим түзүп, аны аткарууга сөз беришсе, аны башка бирөө буза да албайт, ага эч нерсе кошо да албайт.
16Бул жолу да ушундай: Кудай Өз убадаларын Ыбрайымга жана анын урпагына берди.Жазууда «урпактары» дебестен (бул көп адамды билдирмек), жекелик эле түрдө «урпагы» деп, бирөө жөнүндө гана кеп кылат. Ошол Бирөө — Машаяк.
17Менин айтайын дегеним, Кудай Ыбрайым менен келишим түзүп, аны аткарууга сөз берген. Төрт жүз отуз жыл кийин келген Тоорат мыйзамы ошол келишимди жокко чыгарып, Кудайдын убадасын буза албайт.
18Анткени Кудайдын тартуулаган мурасын ала турганыбыз Тоорат мыйзамына негизделип калса, анда бул мындан ары Анын убадасына негизделбейт. Бирок Кудай Ыбрайымга ырайым этип, мурасты убада аркылуу берген.

 

Тоорат мыйзамынын максаты эмнеде эле?

 

19Андай болсо, Тоорат мыйзамынын максаты эмнеде эле? Ал күнөөнүн кылмыштуулугун аныктап, ашкерелеш үчүн кошулуп берилген. Ал убадаланган «урпак» келгичекти гана өкүм жүргүздү. Тоорат мыйзамын периштелер жеткирип, буга бир адам ортомчу болгон.
20Бирок ортомчу эки тарап келишим түзүшкөндө гана керек. Ал эми Кудай — бирөө!

 

21Анда, эмне, Тоорат мыйзамы Кудай убадаларына каршы келеби? Бул дегеле мүмкүн эмес! Адам баласына берилген Тоорат мыйзамынын түбөлүк өмүр алып келгидей кудурети болгондо, анда ар ким Тоорат мыйзамын аткаруу аркылуу эле Кудай алдында актала алмак.
22Бирок Ыйык Жазууда бүтүндөй адамзат күнөөнүн туткунуна камалганы айтылган. Мунун максаты — Кудайдын убадасын Ыйса Машаякка болгон ишеним аркылуу жана ишенгендерге гана берүү болчу.

 

23Ал эми ошол ишеним ачылып берилер мезгил келгичекти, Тоорат мыйзамы бардыгыбызды сакчы сымал туткунда кармап турду.
24Ошентип, биздин ишеним аркылуу акталышыбыз үчүн Машаяк келгенге чейин биз Тоорат мыйзамынын карамагында болдук.
25Эми, ишеним мезгили келгенде, биз мындан ары Тоорат мыйзамынын кол алдында эмеспиз.
26Машаякка ишенгендигибиз үчүн баарыбыз Кудайдын балдары болдук.

 

27Машаяк менен тыгыз байланышта болуу үчүн чөмүлүү расмисинен өткөндөрдүн баары Анын рухий касиетине бөлөнүштү.
28Демек, мындан ары биз эврей же башка улуттагы адам, кул же эркин, эркек же аял деп бөлүнбөстөн, Ыйса Машаяк менен болгон биримдигибиз аркылуу Кудай алдында бардыгыбыз бирдейбиз.
29Машаякка таандык болсоңор, анда силер Ыбрайымдын урпагысыңар, демек, Кудай эмнени убада кылса, ошого мураскорсуңар.

 

4

 

Мурда кул элек, эми мураскор болдук

 

1Силерге айтайын дегеним бул: мураскор али бала кезинде баарына ээ болгону менен, кулдан эч айырмасы жок.
2Атасы белгилеген мезгил келмейинче, тарбиячылар менен үй башкаруучуларынын кароосунда жүрөт.
3Анын сыңары, биз да бала чагыбызда бул дүйнөнүн пайдасыз эрежелерине баш ийип келген элек.
4-5Бирок убагы келгенде, Кудай Өз Уулун жиберди. Тоорат мыйзамынын алдында жашагандарга боштондук алып бериш үчүн Ал кадимки эле аялдан төрөлүп, Кудай Аны Тоорат мыйзамынын алдына койду. Ошол аркылуу бизге Кудайдын балдары болууга жол ачылды.
6Силер Анын балдары болгондуктан, Кудай жан дүйнөңөргө Өз Уулунун Рухун салып, Ал ичиңерден: «Абба! Ата!»[1]— деп чакырып жатат.
7Ошентип, силер мындан ары кул эмес, Кудайдын балдары болдуңар. Андай болсо, Кудай силерди мураскор да кылды.

 

8Бир кезде силер чыныгы Кудайды тааныбай, дегеле кудай болбогондорго кул болуп келгенсиңер.
9Бирок эми Кудайды таанып билгенде, же тагыраак айтканда, Кудай силерди өзүнүкү деп тааныганда, силер жанакы алсыз, эч пайдасы жок эрежелерге кайтып, кайрадан аларга кул болгуңар барбы?
10Силер диний салттарга ылайык атайын күндөрдү, айларды, мезгилдерди жана жылдарды сактоого аракеттенип жатасыңар.
11Мунуңарды көрүп, силерге жумшаган эмгегимдин баары бекер беле деп тынчым кетет.

 

Пабыл галаттарды өзүндөй болууга чакырат

 

12Боордошторум, өтө суранам, мендей болгулачы! Мен деле силердей болгон элем го. Силер мага эч бир жамандык кылган жоксуңар.
13Өзүңөр билгендей, силерге биринчи жолу келгенимде, ооруп жүргөнүмдөн улам гана араңарда калып, Жакшы Кабар тараткан элем.
14Бирок оорума чыдаш кыйын болсо да, силер менден жийиркенген да, жүз буруп кеткен да жоксуңар. Тескерисинче, Кудайдын периштесиндей, ал тургай Машаяк Ыйсанын Өзүндөй кабыл алган элеңер.
15Ошондогу кубанчыңар кайда кеткен? Ал кезде, керек болсо, мага өз көзүңөрдү оюп алып, берүүгө даяр экениңерди көрүп турбадым беле!
16Же чындыкты айтканым үчүн эми силердин душманыңар болуп калдымбы?

 

17Жанакы силердин көңүлүңөрдү алууга жанталашып жаткандардын ниети жакшы эмес. Алар силерди менден ажыратып, кайрадан өздөрүнө жагындыргысы бар.
18Бирөөнүн көңүлүн алуу, эгерде ал ак ниеттен келип чыкса чындыгында жакшы нерсе. Бул мен силердин араңарда болгонума гана эмес, бардык учурларга тиешелүү.

 

19Алда балдарым-ай! Силерден Машаяктын мүнөзү толук көрүнмөйүн, силер үчүн убайым жеп, мен кайра эле толгоосу келип, кыйналып жаткан энедей болуп отурам.
20Ушул кезде силердин жаныңарда болсом, жаным кашайбай, силер менен кантип сүйлөшүп, эмне дээримди билет элем го!

 

Биз рухий эркиндик үчүн туулганбыз

 

21Тоорат мыйзамынын алдында жашайм дегендерге бир собол таштайын: силер Тоорат мыйзамында эмне айтылганын уккан жок белеңер?
22Анда Ыбрайымдын эки уулу болгон деп жазылган. Алардын бири — күңдөн, бири — эркин аялдан туулган.
23Бирок күңдүн баласы адамдын эрки менен, эркин аялдын баласы Кудайдын убадасы менен туулган.
24Эми бул окуяны каймана түрдө алып көрсөк, эки аял эки келишимди билдирет. Алардын бири — балдары кулчулукта туулган Ажар — бул Синай тоосунда түзүлгөн келишим.
25Арабиядагы Синай тоосун элестеткен Ажар азыркы Иерусалим шаарын билдирет. Анын бүткүл калкы кулчулукта күн көрүүдө.
26Бирок асмандагы Иерусалим эркин. Ал биздин энебиз.

 

 

27Ыйык Жазууда мындай деп айтылган: «Бир да жүктүү болбогон,

 

Бала төрөп көрбөгөн

 

Аялзаты, сүйүнгүн!

 

Толготпогон кыйналып

 

Аялзаты, кубанып,

 

Бийик чыгар үнүңдү!

 

Себеп десе, күйөөсү

 

Таштап кеткен аялдын

 

Күйөөсү бар аялдан

 

Көбүрөөк болот баласы».

 

 

28Эми, боордошторум, силер да, Ыскакка окшоп, Кудайдын убадасы аркылуу Анын балдары болдуңар.
29Ал кезде адам эрки менен туулган уул Кудай Рухунун убадасы менен туулган уулду кодулагандай, биз да азыр куугунтукталып жүрөбүз.
30Бирок Ыйык Жазуу эмне дейт? «Күңдү баласы менен кошо кууп жибер, анткени күңдүн баласы эркин аялдын баласындай мураскор болбойт».
31Ошентип, боордошторум, биз күңдүн балдары эмес, эркин аялдын балдарыбыз.

 

5

 

Эркиндигиңерди сактагыла

 

1Машаяк бизге эркиндик берип, биз эми эркинбиз! Эркиндигиңерди колдон чыгарбай, өзүңөрдү кайрадан кул болуудан сактагыла.

 

2Уккула, мен, Пабыл, силерге мындай дейм: эгерде силер сүннөткө олтургузууга макул болсоңор, анда Машаяктын кылганы силер үчүн бардык маани-маңызын жоготот.
3Дагы эскертем: ким сүннөткө олтургузулса, ал Тоорат мыйзамын да толугу менен аткарууга милдеттүү болуп калат.
4Тоорат мыйзамы аркылуу акталам дегендер, силер өзүңөрдү Машаяктан ажыратып, Кудайдын ырайымынан кур жалак калдыңар.
5Биз болсо ишенимге ээ болуп, Рухтун колдоосу менен Кудайдан келе турган акталууну чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.
6Ыйса менен бирге болсок, анда сүннөткө олтурган-олтурбаганыбыздын эч мааниси жок. Маанилүүсү — сүйүү аркылуу көрүнгөн ишенимибиз гана.

 

7Силер жакшы бараттыңар эле, чындыкка шек келтирип, жолуңарды бөгөгөн ким?
8Албетте, силерди Өзүнө чакырып алган Кудай эмес.
9«Бир кумалак бир карын майды чиритет» деген сөздү унутпагыла.
10Кантсе да, Эгебиз менен бирге болгонубуздан улам, мен силердин башка ойго өтүп кетпесиңерге ишенем. Ал эми силерди адаштырып жаткан ким болбосун, ал өзүнүн тийиштүү жазасын алат.

 

11Боордошторум, эгерде мен дагеле сүннөткө олтургузуунун керек экенин жарыялап жаткан болсом, анда неге дагеле куугунтукта жүрөм? Ошондой болсо, Машаяктын айкаш жыгачын жар салганым эч кыйынчылык туудурбайт эле го.
12Башыңарды айландырып жаткандар өздөрүн биротоло бычып салышса болмок!

 

Рухтун жетегинде жашагыла

 

13Боордошторум, Кудай силерди эркин болууга чакырган. Бирок эркиндигиңерге шылтап, өзүңөрдү күнөөлүү табиятыңардын кумарын кандырууга жумшабагыла! Андан көрө, бири бириңерге сүйүү менен кызмат кылгыла.
14Анткени бүтүндөй Тоорат мыйзамы «Башкаларды өзүңдү сүйгөндөй сүй»деген сөзгө камтылган.
15Ал эми бири бириңди жутуп ийчүдөй болуп, кемирип-кесе берсеңер, абайлагыла, акыры бириңди бириң жок кылып тынасыңар.

 

16-17Ошондуктан силерге айтарым: күнөөлүү табиятыңардан чыккан кумарларга берилип кетпес үчүн, Рухтун жетегине баш ийип жашагыла, себеп дегенде күнөөлүү табиятыбыздын каалаганы — Рухка, Рухтун каалаганы — күнөөлүү табиятыбызга каршы. Алардын каршылашканынан улам силер өз каалаганыңарды кыла албайсыңар.
18Рухтун жетегинде болсоңор, анда силер Тоорат мыйзамынын алдында эмессиңер.

 

19Күнөөлүү табиятыбыздын кылыктары белгилүү. Бул — бузукулук, ыпластык, уятсыздык,
20бутпарастык, көз боёмочулук, касташуу, уруш-талаш, кызгануучулук, кыжырлануу, кекирейгендик, жик салгандык, бөлүнүүчүлүк;
21көрө албастык, масчылык, айбанчылык жана башка ушул өңдүүлөр. Мурда эскерткенимдей, дагы эскертем: мындай кылгандар Кудай Падышачылыгына мураскор боло албайт.

 

22-23Рухтун жемиштери болсо сүйүү, кубаныч, тынчтык, сабырдуулук, кайрымдуулук, кең пейилдик, ишенимдүүлүк, мээрбандык, өзүн өзү кармай билүү. Буларга каршы мыйзам жок.
24Ким Ыйса Машаякка таандык болсо, ал өзүнүн күнөөлүү табиятын бардык кумар-ышкылары менен кошо айкаш жыгачка керип салган.
25Биз Рух аркылуу өмүргө ээ болгон соң, өзүбүздү толугу менен Рухтун жетегине тапшырып жашайлы!
26Ошентип, кекирейбейли, бири бирибизди ызалантпайлы жана бири бирибизге көрө албастык менен мамиле кылбайлы.

 

6

 

Бири бириңерге кызмат кылгыла

 

1Боордошторум, эгерде араңардан бирөөнүн Кудайга жакпаган иш кылганын билип калсаңар, анда Рухта жетилгениңер аны мээримдүүлүк менен туура жолго салып койгонуңар абзел. Бирок абайлагыла, өзүңөр да кошо күнөөгө азгырылып кетпегиле.
2Кыйынчылыкта бири бириңерге жөлөк-таяк болгула. Ошондо гана Машаяктын мыйзамын аткарасыңар.
3Анткени кимде-ким эч нерсеге татыбай туруп, кыйынсынып бой көтөрсө, бул анын өзүн өзү алдаганы.
4Андан көрө, ар бириңер өзүңөрдүн кылганыңарды байкап, сынап жүргүлө. Ошондо сыймыктансаңар да, өз ишиңер менен сыймыктанып, башкаларды кароонун кажети жок болот.
5Ар кимдин өз түйшүгү бар.

 

6Кимде ким башка бирөөдөн Кудай Сөзү боюнча таалим алса, колунда барын устаты менен бөлүшсүн.

 

7Алданбагыла: Кудай эч качан уят болбойт. Ким эмнени эксе, ошону орот.
8Күнөөлүү табиятына азгырылып, өз керт башын гана ойлогон адамдын эккени өлүмгө алып келет. Ал эми Рухтун жетеги менен эккени Рухтан түбөлүк өмүр энчисин табат.
9Жакшылык кылсак, талыкпай мээнеттенели. Ошондо акырына чейин чыдай алсак, өз убагында эмгегибиздин үзүрүн көрөбүз.
10Ошондуктан, мүмкүнчүлүк барда бардыгына, эң алды бизге ишеним аркылуу боордош болгондорго жакшылык кылалы.

 

Соңкусөз: акырына чейин ишенимдүү болгула

 

11Эми мынабу чоң тамгалар менен жазылганына көңүл бурсаңар. Бул — менин өз колум менен жазганым.
12Адамдарга жагыныш үчүн силерди сүннөткө олтурууга мажбурлагандар муну Машаяк керилген айкаш жыгач үчүн куугунтук жегиси келбегендиктен гана жасап жатышат.
13Алар сүннөткө олтурганы менен, өздөрү деле Тоорат мыйзамын аткарышпайт. Ал эми силерге сүннөткө олтурууну таңуулап жатканы башкалардын мактоосуна татыш үчүн гана.
14Мен болсо Эгебиз Ыйса Машаяктын айкаш жыгачынан башка эч нерсе менен мактангым келбейт. Ал аркылуу бул дүйнө — мен үчүн, мен— бул дүйнө үчүн жокмун.
15Сүннөткө олтурган-олтурбаганыбыздын эч мааниси жок. Маанилүүсү — Кудай Рухунан кайрадан жаралганыңар.
16Дал ушул негизге таянып жашагандардын, Кудай элинин — чыныгы Ысрайыл болгондордун баарын Анын тынчтыгы менен кайрымы коштосун!

 

17Мындан ары эч ким мага ушуга окшогон кыйынчылык туудурбасын. Себеби этимдеги жараттар Ыйсанын басылган тамгасы сыяктуу. Бул мен Анын кызматчысы экенимди айгинелейт.

 

18Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымы рухуңарга тирек болсун, боордошторум! Оомийин.

 

 

 

Эфестиктер

1

 

Саламдашуу

 

1Кудайдын амири менен Машаяк Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан Эфес шаарында жашаган ыйыктарга — Машаяк Ыйсанын үмөттөрүнө дубай салам.
2Ылайым силерге биздин Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк ырайым кылып, тынччылыгын берсин.

 

Машаяк алып келген рухий ырыскы-берекелер

 

3Машаяк бизге көктөн алып келген бардык рухий ырыскы-берекелери үчүн Эгебиз Ыйса Машаяктын Кудайына жана Атасына алкыш!
4Кудай бизди Өз алдында ыйык жана кынтыксыз болсун деп, бул дүйнө жарала электе эле Машаяк аркылуу тандап алып,
5бизге деген ак тилеги менен Ыйса Машаяк аркылуу Өз балдары кылып алууну тээ мурунтан эле белгилеп койгон.
6Өзүнүн улуу ырайымы менен бизге сүйүктүү Уулу аркылуу тартуулаган ушул бекер белеги үчүн Кудайга даңк!
7-9Машаяк курман болуп, каны менен күнөөлөрүбүздүн кунун төлөгөндө, биз кечирим алып, жазадан куткарылдык. Ошентип Кудай бизге чексиз ырайымын көрсөттү! Бардыгын акылына батырып, бардыгын күн мурунтан билген Кудай ак тилегинде тээ илгертен эле Машаяк аркылуу орундатам деген максаты боюнча Өз каалоосунун купуя сырын бизге ушундайча айкын кылды.
10Убакыт белгилүү бир толук мерчемине жеткенде, бүтүндөй аалам, асман-жердегинин бардыгы түгөл Машаяктын бийлиги алдына келет. Ошондо Кудайдын максаты толугу менен ишке ашат. Белгиленген убакыт-сааты жеткенде, Кудай бүтүндөй ааламды, асман-жердегинин бардыгын түгөл Машаяктын кол алдына алып келет. Ошондо Кудайдын каалаганы толугу менен ишке ашат.

 

11Машаяктын аркасы менен биз Кудайдын мураскорлору да болдук, анткени бардыгын Өз эрки боюнча кылган Ал көздөгөн максатына ылайык бизди башынан эле тандап алган.
12Ал муну биз — Машаякка биринчи болуп үмүт арткандар — өз жашообузда Анын атак-даңкын чыгарсын деп кылды.
13Силер да Машаяктын чындык сөзүн — куткарылуу алып келүүчү Жакшы Кабарды угуп, ага ишенгениңерде, Кудай элине кошулдуңар. Убада кылынган Ыйык Рухун берүү менен Ал силерге Өзүнүн мөөрүн басып койду.
14Муну Ал биз аркылуу Өз атак-даңкын чыгарыш үчүн кылды. Ошол Рух — Кудай Өз элин түгөл куткарганда аларга даярдап койгон мурасты биз да аларыбыздын анык кепилдиги.

 

Пабылдын сыйынуусу

 

15Ошол себептүү Эгебиз Ыйсага канчалык ишенгениңерди жана ыйыктардын баарын канчалык сүйгөнүңөрдү уккандан бери
16сыйынган сайын силерди эстеп, силер үчүн Кудайга рахматымды тынбай айтып келатам.
17Эгебиз Ыйса Машаяктын Кудайы, теңдешсиз улуу Атадан силерге Өз Рухун берүүсүн да суранып келем. Ал Рух силерди акылмандыкка үйрөтүп, аяны менен Кудайдын ким экенин таанытат.
18Дагы суранганым — Кудай көкүрөгүңөрдү ачсын. Ошондо Кудай силерди чакырып алганда кандай үмүткө ээ кылганын, Анын ыйыктарга бере турган улуу мурасы канчалык бай экенин жана
19Ага ишенген бизди колдогон Анын кудурети канчалык эбегейсиз зор экенин көрөсүңөр. Дал ушул эбегейсиз зор кудурети менен Кудай
20Машаякты өлүмдөн тирилтип, көккө чыгарып, Өзүнүн оң жагындагы сыйлуу орунга отургузуп,
21зоболосун көктөгү бардык башкаруучулардан, бийликтерден, күчтөрдөн, өкүмдарлардан өйдө көтөрүп, бул эле заманда эмес, келерки замандардагы бардык даража-наамдардан жогору наамды ыйгарды.
22Кудай бардыгын Машаяктын бийлиги алдына келтирди да, Аны бардыгынын үстүнө коюп, жыйындын башчысы кылды.
23Жыйын болсо Машаяктын денеси, кудурети бүтүндөй ааламга толгон Машаяктын нак Өзү.

 

2

 

Кудай ыроологон жаңы өмүр

 

1Мурда кылмыштарыңар менен күнөөлөрүңөрдүн айынан силер өлүк элеңер.
2Ошол кезде бул дүйнөнүн кыянат жолун жолдогон силер бизди жогортон курчап турган кара күчтөрдүн башчысына көз каранды болгонсуңар. Ал бүгүн Кудайга моюн сунбагандарды башкаруу аракетинде.
3Дегеле бардыгыбыз бир кезде ошондой адамдардын арасында жашап, адамдык табиятыбызга жетеленип, анын ой-кумарларын аткарып, жаратылышыбыздан эле башкалар сыяктуу Кудайдын каарына калган элек.
4-5Бирок кайрымга бай Кудай Өзүнүн бизге төккөн улуу мээрими менен кылмыштарыбыздын айынан өлүк болгон бизди да Машаяк менен бирге кайрадан жандандырды. Ошентип, силер Кудайдын ырайымы менен куткарылдыңар.
6Машаяк Ыйса менен кайра тирилткен соң, Кудай силерди көктө Анын жанына олтургузуп койду.
7Ал муну Машаяк Ыйса аркылуу бизге төккөн мээрими менен келечек кылымдарга Өзүнүн эбегейсиз зор ырайымын көрсөтүү үчүн кылды.
8Силердин ишенип куткарылганыңар өзүңөрдүн жетишкендигиңер эмес. Өзүнүн ырайымы менен Кудай аны силерге белек кылды.
9Ал жакшы иштердин сообу да эмес. Демек, эч кимдин мактангыдай жөнү жок.
10Кудай бизди Машаяк Ыйса менен тыгыз алакада болгонубуздан улам Өзү биз үчүн алдын ала белгилеп койгон жакшылык иштерин жасоого жараткан.

 

Машаяк берген биримдик

 

11Силер башка улуттан болуп туулганыңарды, денелик сүннөтү кесилген эврейлер тарабынан «сүннөттөлбөгөндөр» деп аталганыңарды эсиңерден чыгарбагыла.
12Бир кезде Машаякты тааныбай, Ысрайыл элинен тышкары, Кудайдын убада берип калтырган келишимдерине эч тиешеңер жок болуп, бул дүйнөдө үмүтсүз жана Кудайсыз жашап келгенсиңер.
13Эми болсо бир кезде Кудайдан алыс жүргөн силерди Машаяк Ыйса курмандык канын төккөнү менен Жаратканга жакындатып койду.
14-15Анткени Машаяк Өзү биздеги ынтымак-ырашкердиктин башаты! Ал жектешкен эки тараптын ортосун бөлүп турган кастыктын дубалын талкалап, аларды бириктирди. Өз денесин курмандыкка берүү менен Тоорат мыйзамынын эреже-парыздарынын күчүн жокко чыгарды да, эврейлер менен башка улуттагыларды Өзү менен тыгыз байланышта болгон бир жаңы эл кылып, ынтымакка келтирди.
16Айкаш жыгачтагы курмандыгы менен ортодогу кастыкты жоюп, Өзү бир бүтүн дене кылган аларды Кудай менен элдештирди.
17Кудайдан алыс жүргөн силерге да, Кудайды жакындан тааныган бизге да Ал келип тынччылыгын сүйүнчүлөдү.
18Ошентип Машаяктын аркасы менен силерге да, бизге да бир Рухта Кудай Атабыздын атын чакырып сыйынууга жол ачылды.

 

19Андыктан силер мындан ары чоочун да, келгин да эмессиңер. Тескерисинче, ыйыктардын мекендештери, Кудай үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү,
20элчилер менен пайгамбарлар салган негиздин үстүнө тургузулган имарат болдуңар. Ыйса Машаяк болсо — ошол имараттын пайдубал ташы.
21Бүтүндөй курулушту бириктире кармап, Эгебизге багышталган ыйык ийбадаткана кылып тургузуп жаткан Ал Өзү.
22Анын аркасы менен силер да бири бириңерге кыналып, ичинде Кудайдын Ыйык Руху жашай турган жайга айланасыңар.

 

3

 

Пабылдын башка улуттагыларга өтөгөн кызматы

 

1Мен, Пабыл, башка улуттан чыккан силерге кызмат кылууга Машаяк Ыйса тарабынан жиберилип, дал ошол себептүү эми түрмөгө камалып олтурам.
2Бул милдетти өзүңөр үчүн аткарууга мени Кудай ырайым этип дайындаганын силер, албетте, уккансыңар.
3Кудай мага аян берип, анда Өзүнүн купуя ой-максатын белгилүү кылганын мен силерге жогоруда кыскача жазып кеттим.
4Машаяк орундатар ошол купуя ой-максат тууралуу менин түшүнүгүмдү силер жанакы жазгандарымды окуп биле аласыңар.
5Адамзаттын өткөн муундарына жашырын болгон бул ой-максатын Кудайдын Руху эми Анын ыйык элчилери менен пайгамбарларына билдирди.
6Анын мааниси мындай: Жакшы Кабар аркылуу башка улуттагылар да ысрайылдыктарга мурасташ, бир денеде мүчөлөш жана Кудайдын Машаяк Ыйса аркылуу берилген убадаларына энчилеш болушат.

 

7Кудай мага ырайым этип, Өз кудурети менен өмүрүмдү өзгөртүп, Жакшы Кабарын жар салуучу кызматчысы кылып койду.
8-9Ыйыктардын ичинен эң арзыбаганы болсом да, Ал мага ырайым кылды да, Машаяк ээ кылчу эбегейсиз зор рухий байлыктар тууралуу кабарды башка улуттагыларга жар салууну жана бардыгын жараткан Кудайдын тээ атам замандан бери жашырын сактап келген ой-максаты эмне экенин элдин баарына жеткирүүнү тапшырды,
10анткени эми түзгөн жыйыны аркылуу Кудай көктөгү башкаруучулар менен бийликтерге Өзүнүн бардык кылган иштеринде канчалык акылман экенин көрсөткүсү келди.
11Ал муну тээ башынан көздөгөн, эми болсо Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу орундаткан түбөлүктүү ой-максатына ылайык кылды.
12Демек, Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта болуп, Ага ишенсек, анда биз Кудайга тартынбай, жакындап барууга батына алабыз.
13Андыктан силер үчүн азап тартып жатканымды көрүп, кайратыңардан кайтпагыла. Мен тарткан азаптар силерге сыймык алып келет.

 

Машаяктын сүйүүсү

 

14Мына ушуларды ойлоп, көктөгү Атабыздын алдында чөк түшүп сыйынам:
15асман-жердегинин баарын бар кылган — Ал.
16Сыйынуудагы тилегим: ылайым улуулугу чексиз Кудайыбыз Өз Руху менен силерди кайраттандырып, күч-кубатын берсин,
17ишенимиңер аркылуу Машаяк жүрөгүңөрдөн орун алып, Анын сүйүүсү өзүңөрдү бекемдеп, жашооңордун негизи болсун.
18-19Бардык ыйыктар менен бирге силерге да Ал Машаяктын сүйүүсү канчалык кенен жана узун, канчалык бийик жана терең экендигин түшүнүүгө кудурет берсин. Адам акылынан алда канча жогору турган ошол сүйүүнү билип калсаңар экен. Ошондо силер Кудайдын кулк-мүнөзү менен бардык касиеттерин боюңарга сиңире баштайсыңар.
20Биздин ичибизде күч-кудурети менен аракеттенип, биз сурагандан же ал турсун ойлогондон ченемсиз артык кыла алган Кудайга
21Анын жыйыны аркылуу жана Машаяк Ыйса аркылуу укумдан тукумга, түбөлүктөн түбөлүккө атак-даңк болсун! Оомийин.

 

4

 

Жыйын — бардыгын бириктирген Машаяктын денеси

 

1Эгебизге кызмат кылганым үчүн камакта олтурган мен силерден көптөн-көп өтүнөм: Кудай силерди Өз элинин катарына кошконун эске алып, ошого ылайык жашагыла;
2дайыма токтоо, баарына кичи пейил жана көтөрүмдүү болгула; бири бириңердин көңүлүңөрдү карап, сүймөнчүлүгүңөрдү көрсөткүлө;
3колуңардан келишинче ынтымак-ырашкерлигиңерден жазбай, Рух ыроологон биримдикти сактагыла!

 

4Кудай силерди Өзүнүкү кылып алганда баарыңарга бирдей үмүт берген сыяктуу, өзүңөрдөн куралган Дене да, башыңарды кошкон Рух да бир.
5Эгебиз да бир, туткан ишенимибиз да бир, биз өткөн чөмүлүү расмиси да бирдей.
6Баарыбыздын Атабыз болгон Кудай да бирөө эле — Ал бардыгынан жогору туруп, бардыгы аркылуу иштеп, бардыгынын ичинде жашайт.

 

7Ар бирибизге болсо Машаяк Өзүнүн чексиз жоомарттыгы менен Өз жөндөмүн берди.

 

 

8Ыйык Жазууда айтылгандай: «Жетелеп көп сандагы туткундарын,

 

Ал чыкты эң жогорку бийиктикке,

 

Ыроолоп адамдарга тартууларын».

 

 

9Бул жердеги «жогору чыкты» деген сөз Анын мурда жердин түпкүрүнө да түшүп келгенинен башка эч нерсени билдирбейт.
10«Жердин түбүнө түшүп келгени» жанакы эле «жогору, асман бийиктигине чыккан» Машаяктын Өзү. Муну менен Ал бүтүндөй ааламды Өз кудуретине толтурмак.

 

11Ошентип Ал бирибизге элчи, башкабызга пайгамбар, дагы бирибизге жакшы кабарчы, башкабызга жыйын багуучу жана таалимчи болууга жөндөм берди.
12Машаяк муну ыйыктарды кызмат кылууга машыктырып, Өз Денеси болгон Жыйынды өстүрүү үчүн кылды.
13Баарыбыз Кудай Уулуна ишенүүдө жана Аны таанып-билүүдө биримдикке келгиче, рухий жактан өсүп-жетилип, Машаяктын нак Өзүндөй жеткилең болгуча ушундай болот.

 

14Ошондуктан биз мындан ары бала сымал деңдароо же оома болбойлу, ак жолдон адаштырган амалкөй, кытмыр адамдарга алданып, кез келген окутууну ээрчибейли.
15Анын ордуна, чындыкты сүйүү менен айтып, бардык жактан өсүп-жетилип, Жыйын Башы — Машаякка мурдагыдан да көбүрөөк окшошо берели.
16Ал Өзү ар бир мүчөсүн аткарган милдетине ылайык иштетип, алардын баарын ар түрдүү өз ара байланыштар аркылуу бири бирине туташтырып, бүтүндөй Денени бириктире кармап, өстүрүп, сүйүү менен бекемдеп турат.

 

Эски жашоо менен жаңы жашоо

 

17Эгебиздин атынан силерге катуу эскертем: мындан ары Кудайды тааныбаган, куру убайым жеп жашаган башка улуттагылардай болбогула.
18Алар наадандык менен тоңмоюндуктун айынан аң-сезими тунарып, Кудай каалагандай жашашпайт.
19Уят-сыйыт дегенди толугу менен жыйыштырып, алар баш оту менен ыпластыкка берилип алышты да, бузукулуктун бардык түрлөрүн жасоодон эч жадашпайт.

 

20Бирок силердин Машаяк тууралуу үйрөнүп-билгениңер таптакыр башка.
21Силер Ыйса жөнүндө угуп, Анын үмөттөрү болгонуңарда, Ал насааттап кеткен чындыктардан таалим алганыңар анык эмеспи.
22Андай болсо, мурдагы жашооңордон, азгырык кумарларга батып, апат болуп бараткан эски табиятыңардан баш тарткыла.
23Жаңыча ой жүгүртүп, толугу менен өзгөрүп,
24Кудайдын бейнеси боюнча, чыныгы адилеттик менен ыйыктыкка толо жаратылган жаңы адам болуп өмүр сүргүлө.

 

Жаңы адамдын кулк-мүнөзү

 

25Андыктан калп айтууну таштап, баарыбыз бир денеде мүчө экенибизди эске алып, ар бириң башкаларга чындыкты гана айтып тургула!
26Ачууга алдырып күнөөгө кириптер болбогула,күн батырбай ачууңарды баскыла да
27ибилистин эч бир амалына жол бербегиле!
28Ким буга чейин уурулук кылса, эми анысын токтотсун. Андан көрө, өз жанын да багып, башкалардын кем-карчына да кол кабыш кылгыдай, адал эмгек кылсын.
29Оозуңардан эч кандай жаман сөз чыкпасын. Андан көрө жылуу сөзүңөр уккандардын купулуна толуп, алардын көңүлүн көтөрүп турсун.

 

30Ошондой эле Кудайдын Ыйык Рухун капа кылбагыла: Кудай элине кошулганыңардын мөөр белгиси, бир күнү бардык күнөөлөрүңөрдөн түгөл куткарыларыңардын кепилдиги — Ал.
31Ар кандай кектешүү менен каардануудан, ачуулануу менен бакырып-өкүрүүдөн, кордоо менен бардык жамандыктан арылгыла.
32Бири бириңерге кичи пейил, боорукер болуп, Кудай силерди Машаяк аркылуу кечирген сыяктуу силер да бири бириңерди кечирип жүргүлө.

 

5

 

Машаяктын жарыгында жашоо

 

1Сүйүктүү балдары катары Кудай Атаңардан үлгү алгыла.
2Машаяк бизди сүйүп, биз үчүн Өзүн Кудайга жыпар жыттуу тартуу, Аны ыраазы кылган курмандык кылып бергендей, силер да бири бириңерди сүйүп жашагыла.

 

3Араңарда ойноштуктун, ар кандай ыпластыктын жана ач көздүктүн өзү турсун, жыты да болбосун: мунун баары ыйыктарга жарашпайт.
4Ошондой эле адепсиз, келжирек сөздөр менен уятсыз азилдерден да оолак болгула. Андан көрө, Кудайга алкыш айтып турганыңар дурус.
5Билип алгыла, ойноштук кылган, бузуку жана ач көз адамдардын бутпарастардан эч айырмасы жок, алардын бири да Машаяк жана Кудай Падышачылыгынын босогосун аттап, андан энчисин албайт.
6Дал ушундай кылгандары үчүн Кудайга моюн сунбагандардын башына Анын каары түшөрүн билип, эч кимдин куру сөзүнө кирип, алданып калбагыла.
7Андайлар менен эч ымалаңар болбосун.

 

8Бир кезде силер караңгылыкта жашап келгенсиңер, эми Эгебизди таанып, Анын жарык нуруна толдуңар. Андай болсо, нурдун балдарындай жашагыла.
9Анткени Кудайдын жарык нуруна толуп жашаганыңар жакшылыгыңар менен адилеттигиңерден, чындыкка шайкеш иштериңерден көрүнөт.
10Андыктан эмнелер Кудайдын көңүлүнө төп келгенин билип алгыла.
11Караңгылыктын жакшылык алып келбес иштерине аралашпастан, андан көрө, аларды ачыкка чыгаргыла.
12Тымызын кылынган ошол иштерди кеп кылыштын өзү эле уят.
13Караңгы жерге жарык түшкөндө, андагынын баары ачык көрүнөт,

 

 

14анткени жарык бардыгын жарык кылат. Дал ушул себептүү мындай деп айтылганы бар: «Уктаган, ойгон, өлгөндөн тирил,

 

Машаяк сага жарыгын төгөт».

 

 

15Ошондуктан өзүңөрдү байкап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла,
16азыркы замандын кыянатчыл экенин билип, ыңгайы келген сайын жакшылык кылып тургула.
17Алды-артын ойлобогон немелерге окшобой, андан көрө, Эгебиздин силерге болгон эркин билип алгыла.
18Шарапка тоюп алып мас болгондун ордуна, Ыйык Рухка толгула, анткени масчылык адепсиздикке алып келет.
19Бирге чогулганыңарда, Эгебизди жан-дилиңерден мактап, даңазалап, рухий ырларды ырдагыла.
20Эгебиз Ыйса Машаяктын атынан бардыгы үчүн дайыма Кудай Атабызга шүкүрчүлүк келтирип тургула.

 

21Машаякты кастарлап, башкаларды өзүңөрдөн өйдө көргүлө.

 

Жубайларга насаат сөз

 

22Аялдар, Эгебизге кандай баш ийсеңер, күйөөлөрүңөргө да ошондой баш ийүүгө даяр болгула,
23себеби Жыйын Башы Машаяк болгон сыяктуу, аялдын башчысы — анын эри. Машаяк Өзү куткарып алган жыйын — Анын Денеси.
24Жыйын Машаякка баш ийген сыяктуу аялы да күйөөсүнө бардык жактан баш ийүүгө тийиш.

 

25Күйөөлөр, Машаяк Өз жыйынын сүйүп, Ал үчүн жанын берген сыяктуу силер да өз аялыңарды сүйгүлө!
26Машаяк жыйынды суу менен тазартып, сөзүнүн кудурети менен Кудай эли кылды.
27Машаяк жыйынды Өзүнө шаң-салтанатка бөлөнгөн, эч бырыш-тагы, эч кемчилиги жок, аруу жана кынтыксыз колукту кылып алуу үчүн ушуларды кылган.
28Күйөөлөр аялдарын өз жан-тениндей сүйүүгө тийиш. Аялын сүйгөнү өзүн сүйгөнүнө тете.
29Анткени эч ким өз денесин жек көрбөйт, тескерисинче аны азыктантып, кам көрөт. Машаяк да дал ошентип жыйынга кам көрөт.
30Биз болсо бул дененин мүчөлөрүбүз.
31«Ошол себептүү эркек ата-энесинен бөлүнүп, аялы менен кошулат да, экөө бир дене болушат».
32Бул сөздө терең сыр катылган, мен анын төркүнү Машаяк менен жыйындын мамилесинде деп түшүнөм.
33Анын силерге да түздөн-түз тиешеси бар. Ошентип ар бириңер өзүңөрдү кандай сүйсөңөр, аялыңарды да ошондой сүйгүлө. Аялдар болсо өз күйөөлөрүнө урмат-сый көрсөтүшсүн.

 

6

 

Ата-эне менен балдарга насаат сөз

 

1Балдар, силерге айтарым: Эгебизге ишенгендер катары ата-энеңердин тилин алгыла. Ушинткениңер эң жакшы болот.
2Он осуяттын ичинде Кудай убадасы кошулуп берилгендеринин биринчисинде: «Ата-энеңди сыйла», — деп айтылган.
3Андагы убада болсо мындай: «ошондо жакшылык көрүп, жер бетинде узак өмүр сүрөсүң».

 

4Аталар, силер да балдарыңарды ызалантпагыла. Андан көрө, Эгебиздин калтырган таалимине ылайык аларга акыл-насаат айтып, туура тарбия бергиле.

 

Кожоюндар менен кулдарга насаат сөз

 

5Кулдар, силерге айтарым: Машаякка баш ийгендей, өз кожоюндарыңарды да кадырлап, аларга ак дилиңерден баш ийгиле.
6Калп эле алар барда гана жалпылдабастан, ар дайым Машаяктын кулдары катары чын жүрөктөн Кудайдын эркине ылайык иш кылгыла.
7Адамга эмес, Кудайга кызмат кылып жаткандай, айткандарын ынта коюп аткаргыла.
8Кул болобу, эркин адам болобу, ар ким Эгебизден өз сыйлыгын кылган жакшылыгына жараша алары эсиңерде болсун.

 

9Кожоюндар, силер дагы кулдарыңарды жогоруда айтылгандай сыйлай билип, алардын да, өзүңөрдүн да төбөңөрдө эч кимди өңүнө карап соттобогон, бирден-бир Ээбиз бар экенин билип, аларды коркутуп-үркүткөнүңөрдү койгула.

 

Кудайдын рухий курал-жарагы

 

10Акырында айтарым бул: Эгебизден күч-кубат алып, Анын кудуретине таянгыла.
11Ибилистин ар кандай амалдарына туруштук бериш үчүн Кудайдан алган бардык курал-жарактар менен куралдангыла.
12Анткени биздин айыгышкан душманыбыз адам баласы эмес. Биз көзгө көрүнбөгөн бийликтер менен күчтөргө, бул дүйнөнү башкарган караңгылык акимдерине, асман алдында өкүмүн жүргүзгөн жиндерге каршы согушабыз.
13Андыктан Кудайдын бардык курал-жарагын азыр алгыла! Ошондо, башыңарга кыйын күн түшкөндө, душмандын соккусуна туруштук берип, бардыгына чыдап, жеңилбейсиңер.

 

14Кармашка даяр тургула! Белиңерди акыйкат кемери менен курчап, көкүрөгүңөрдү адилдик сооту менен жаап алгыла.
15Бутуңарды кийип, дүйнөгө тынчтык алып келчү Жакшы Кабарды таратууга даяр болгула.
16Ошону менен бирге бардык учурда азгыруучунун «оттуу жебелерин» өчүрүү үчүн ишеним калканын көтөрүп,
17куткарылганыңар башыңарга туулга болуп, колуңарга рухий кылычыңарды — Кудай Сөзүн алгыла.
18Сыйынып, Кудайдын колдоосун суранган сайын Рухтун кудуретине толгула. Дайыма сак болуп, бардык ыйыктар үчүн тынбай сыйынып тургула.

 

19Сыйынууларыңарга мени да кошо кеткиле: оозумду ачканымда эле Кудай Өз сөзүн сала берсин да Кудайдын Жакшы Кабарынын купуя сырын коркпостон жарыя кылайын.
20Аны таратууга жиберилген кабарчы катары азыр камалып да олтурам. Эми Кудайдын кабарын айтканымда, аны жазганбай айтууга Анын мага кайрат берүүсүн суранып сыйынсаңар.

 

Соңку сөз жана бата тилөө

 

21Кымбаттуу боордошубуз жана Эгебиздин ишиндеги ишенимдүү кызматташыбыз Тихик эмне болуп, эмне кылып жатканымдын баарын силерге айтып берет.
22Аны жиберип жаткандагы максатым, силерге ал-акыбалыбызды билдирип, көңүлүңөрдү тынч алдыруу.

 

23Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк бардык боордошторубузга тынччылыгын, өз ара сүйүү менен ишенимин берсин.
24Эгебиз Ыйса Машаякты жан-дилинен берилип сүйгөндөрдүн баарына Кудай ырайым кылсын.

 

 

Филипиялыктар

1

 

Саламдашуу

 

1Филипия шаарындагы Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта болгон бардык ыйыктарга жана жыйындагы жетекчилер менен жардамчыларга Ыйса Машаяктын кызматчылары Пабыл менен Тиметейден дубай салам:

 

2Ылайым эле Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым этип, тынччылыгын берсин!

 

Пабылдын филипиялыктар үчүн сыйынуусу

 

3Силерди эстеген сайын Кудайга ырахматымды айтам,
4дайыма бардыгыңар үчүн кубануу менен сыйынып турам.
5Анткен себебим, ишенимге келген эң биринчи күнүңөрдөн баштап, азыркыга дейре силер мени менен бирге Жакшы Кабар таратышып келатасыңар.
6Араңардан ушул жакшы ишин баштаган Кудай аны Ыйса Машаяктын кайтып келер күнүнө чейин бүткөрөрүнөн эч шегим жок.
7Бардыгыңарды ойлогонумда жаным кубанып турса, анан кантип эле силер жөнүндө башка ойдо болоюн? Себеби Кудай силерге да меникиндей артыкчылык берип, качан болбосун — азыр, камакка алынганымдабы, же эркин жүрүп, Жакшы Кабар чындыгын коргоп, аны эл арасында орнотуп жатканымдабы, силер менин кызматташтарым болуп келдиңер.
8Машаяк Ыйсанын Өзүндөй болуп, ар бириңерди жанымдан артык көргөнүмө Кудай күбө.

 

9Менин сыйынганым — сүйүүңөр барган сайын артып, чындык эмне экенин билип, баарын туура баамдаган кыраакы болсоңор экен.
10Ошондо өзүңөр үчүн изгиликтүүсүн тандап, Машаяк келген күнү бардык ыплас нерседен оолак, кынтыксыз болосуңар да,
11Ыйса Машаяктын колдоосу менен жашооңордо адилет иштер көп болуп, ал аркылуу Кудайдын улуулугу көрүнүп, ысмы даңазаланат.

 

Жашаганым Машаяк үчүн

 

12Силерди билсин дегеним, боордоштор, мен кабылган окуя чындыгында Жакшы Кабардын ийгилигине гана өбөлгө түздү.
13Ошондон улам бүтүндөй кансарай сакчыларына да, башкаларга да менин Машаяк үчүн камалганым белгилүү болуп калды.
14Ошентип, камакка алынганым боордошторумдун көпчүлүгүнүн Эгебизге арткан ишенимин бекемдеп, Кудай сөзүн коркпостон, ачык айтууга кайрат берди.

 

15Ырас, алардын кээ бири Машаяк тууралуу кабарды көрө албастыктан же атаандаштыктан улам жарыялап жатышат. Бирок башкалары аны ак ниетинен айтып жүрүшөт.
16Булар Жакшы Кабарды колдогонум үчүн камакка алынганымды билишип, муну сүйүү менен жасап жатышса,
17тигилер Машаякты ак ниетинен эмес, өз пайдасын гана ойлоп жарыялоодо. Алардын көздөгөнү — камакта отурган мага гана көбүрөөк кыйынчылык алып келүү.

 

18Андай болсо эмне экен?! Машаяк тууралуу кабардын — ак ниеттен болобу же арам ой менен болобу, айтор жар салынып жатканы мени кубандырат.
19Мен буга мындан ары да кубана бермекчимин. Себеби сыйынууларыңар менен Ыйса Машаяк жиберген Рухтун колдоосу менин бошотулушума жол ачарын билем.
20Менин эңсеп, үмүттөнгөнүм — бардык мезгилде, айрыкча азыр кайратка толуп, тирүү калсам дагы, өлсөм дагы, ошону менен Кудай алдындагы парзымды аткарып, Машаяктын атак-даңкын чыгаруу.
21Анткени жашаганым Машаяк үчүн. Андай болсо, өлгөнүм менен ого бетер көп пайда алып келчүдөймүн.
22Бирок аман калсам, дагы да үзүрлүү эмгектенмекмин. Андыктан кайсынысын тандаарымды өзүм билбейм.
23Эки анжы болуп, бушайманмын. Жалган дүйнөдөн бөлүнүп, Машаяк менен болууну каалар элем.
24Бирок тирүү калганым силер үчүн көбүрөөк пайдалуу.
25Мына ушуга көзүм жетип, аман калып, мындан ары да баарыңар менен бирге болорумду билем. Ошондо ишенимиңер артып, силерге дагы да көбүрөөк кубаныч алып келет.
26Кайрадан силерге кайтканымда, Ыйса Машаякка ишенип жашаган силер Анын мага көрсөткөн ырайымы үчүн сыймыктануу менен алкыш айта аласыңар.

 

27Бирок кандай болбосун, Машаяктын Жакшы Кабарына шайкеш жашагыла. Ошондо силер менен көрүшсөм да, көрүшпөй калсам да, ой-тилегиңер бир болуп, Жакшы Кабарга таянган ишенимиңер үчүн бир кишидей болуп күрөшкөнүңөрдү угам.
28Каршылаштарыңардан коркпогула, кайраттуу болгула. Бул алардын кыйрашынын, силердин болсо куткарыларыңардын ачык-айкын белгиси. Силерге жеңиш бере турган Кудай Өзү.
29Анткени Машаякка ишенгенибиз гана эмес, Анын урматына азап тартканыбыз да Кудайдан алган артыкчылыгыбыз.
30Ошентип, менин мурда эле катышып жүргөнүмдү көрүп, азыр да катышып жатканымды уккан рухий кармашууга эми силер да кошулдуңар.

 

2

 

Машаякты туурап, момун болгула

 

1Машаяк менен болгон биримдигиңер кайрат берип, Анын сүйүүсү жаныңарды жубатабы? Ыйык Рух башыңарды кошуп, бири бириңерге жароокер жана кайрымдуусуңарбы?
2Андай болсо, бир ойдо, бир сүйүүдө, бир рухта жана бир максатта болгонуңар менен менин кубанчыма кубаныч кошкула.
3Эч нерсени өз керт башыңардын пайдасын гана ойлоп же болбосо менменсинип кылбагыла. Андан көрө, кичи пейил болуп, башкаларды өзүңөрдөн жогору койгула.
4Ар кимиңер өз таламыңарды гана талашпай, башкалардын мүдөөсүн да ойлогула.
5Машаяктын кулк-мүнөзү силерде болсун.

 

 

6Кудайлык табияты болсо да, Ал

 

Кудайга тең болууга жармашпады,

 

7Баш тартып бүт нерседен эрки менен,

 

Кул кейпин кийип, адам болуп келди.

 

Төрөлүп алсыз пенде келбетинде,

 

8Машаяк Өзүн Өзү төмөн койду.

 

Кудайдын өкүмүнө моюн сунуп,

 

Өлгөнчө тилин алды, болгондо да

 

Айкаш жыгач үстүнөн өлгөнчөктү.

 

9Андыктан Кудай Анын зоболосун

 

Көтөрүп, эң жогорку ысым берди,

 

Ысымдардын баарынан бийик турган.

 

10Ошентип, көктөгүлөр, жердегилер,

 

Түпкүрүндө бул жердин болгондор да

 

Чөгөлөп, Ыйса алдына келет баары.

 

11Ыйсанын Эге экенин жар салышып,

 

Кудайдын атак-даңкын арттырышат.

 

Силер дүйнөгө жанган нурсуңар

 

12Ошентип, сүйүктүүлөрүм, мен жаныңарда болгонумда силер дайыма тилимди алып келген сыяктуу, эми, жаныңарда жок болгонумда андан бетер тил алчаак болгула: Кудайдан коркуп, Аны кастарлап, өз куткарылууңар иш жүзүнө толук ашсын үчүн бардык аракетти көргүлө.
13Анткени силерди Өз эркине моюн сунууга ниеттендирген да, Өзүнө жаккандай иш кылууга даремет берген да Кудай.

 

14Эмне иш кылсаңар да, арызданбагыла да талашып-тартышпагыла.
15Ошондо ушул бузулган, күнөөгө белчесинен баткан адамзаттын арасында Кудайдын жеткилең балдары катары эч күнөөсү жок, кынтыксыз болосуңар. Бул дүйнөгө нур сымал жаркырап,
16адамдарга түбөлүк өмүр алып келчү сөздү тараткыла. Мындай кылсаңар, Машаяк кайткан күнү мен бардык кылган аракетим менен жасаган ишим текке кетпегенин билип, сыймыктана алам.

 

17Кудайга ишеним артып, кылган кызматыңарды Анын урматына чалынган курмандык катары тартуулаганыңарда, курмандыктын үстүнө куюлган шарап сыяктуу менин каным төгүлүшү керек болсо, ошого да кубанып, кубанчымды баарыңар менен бөлүшөр элем.
18Анын сыңары, силер да кубанып, кубанчыңарды мени менен бөлүшүүгө тийишсиңер.

 

Тиметей менен Эпафродит

 

19Эгебиз Машаяк буюрса, жакын арада Тиметейди жиберип, ал келгенде, силер тууралуу укканым мага кайрат берет деген үмүттөмүн.
20Менчилеп, чын дилинен силердин камыңарды көргөн жалгыз ал гана.
21Калгандарынын баары Ыйса Машаякка кызмат кылууну эмес, өз пайдасын гана көздөп жатышат.
22Силер билгендей, Тиметей мени менен Жакшы Кабар таратышууда ата-бала сыяктуу иштешип, өзүн мыкты кызматкер катары көрсөтө алды.
23Андыктан мага эмне болгону жатканын билер замат аны силерге жибере алам деген илгери үмүтүм бар.
24Андан соң, Эгебиз өзүмдү да силер менен жүз көрүштүрөрүнө ишенем.
25Ошондой эле боордошубуз Эпафродитти силерге кайра жиберейин деп жатам. Аны мага кам көрсүн деп өзүңөр жиберген элеңер. Бул жерден ал мени менен иштешип да, Жакшы Кабар чындыгын коргоп бирге күрөшүп да жүрдү.
26Кайра жиберейин дегеним, ал баарыңар менен көрүшүүгө зар. Анын үстүнө өзүнүн ооруганын укканыңардан да тынчы кетип жатат.
27Ал чындыгында эле ооруп, өлгөнү аз калган. Аман калганы — бул Кудайдын ага гана эмес, мага да көрсөткөн ырайымы. Себеби андан айрылсам, кайгым ого бетер көбөймөк.
28Ушундан улам мен аны силерге жиберүүгө мурдагыдан да көбүрөөк ниеттенип турам. Ошондо силер да анын аман-соо экенин көрүп кубанасыңар, менин да санаам тынчып калат.
29Ошентип, Эгебиздеги боордошуңарды чоң кубаныч менен тосуп алгыла. Мындай адамдар зор урмат-сыйга татыйт.
30Себеп дегенде ал Машаяктын иши үчүн жанын аябай, өзүңөр алыс болуп бере албай жаткан жардамды бериш үчүн жанын тобокелге салып, өлүп кала да жаздады.

 

3

 

Адамдык аракет адил кыла албайт

 

1Акырында кааларым, боордоштор, Эгебиз менен биримдикте болуп кубангыла! Мен мурда жазгандарымды кайталай берүүдөн эч тажабайм. Силерди болсо минткеним көп балакеттен сактап калат.
2Жанакы кыянаттык кылып силерге сүннөткө олтурууну таңуулап жаткан «иттерден» сак болгула.
3Анткени чыныгы сүннөттөлгөн алар эмес, бизбиз. Кудайга Ыйык Рухтун жетегинде табынып, Машаяк Ыйса менен биримдикте болгонубузга кубанып, адамдык ырым-жырымга ишенбейбиз.
4Ырас, мен деле өзүмдүн ким болуп, эмне кылганыма таяна алмакмын. Эгер кимдир бирөө ошого таянгыдай жөнүм бар деп ойлосо, анда менин антүүгө алда канча көбүрөөк жөнүм бар:
5сүннөт десе, сегизинчи күнү сүннөткө олтургузулгам, ата-тегимди алсак, Ысрайыл элиненмин, Бенжамин уруусунан чыккан эврейдин эврейимин; Тоорат мыйзамын сактоо жагынан алсак, фарисеймин,
6Кудай жыйынын артынан сая түшүп куугунтуктагам. Ошентип, Тоорат мыйзамына ылайык, кынтыксыз такыбаа болгом.
7Бирок эми, оюмдун баары Машаякта болгондо, мурда «артыкчылык» көргөнүмдүн баарын эч нерсеге арзыбайт деп эсептейм.
8-9Ал гана эмес, мен үчүн эми бардыгы эч нерсеге арзыбайт, себеби Эгем Машаяк Ыйсаны жакындан билүүдөн артык нерсе жок. Ал үчүн мен бардыгын керексиз ыпыр-сыпырдай көрүп, баарынан баш тарттым. Минткендеги максатым — Машаяктын кол алдына келип, Аны менен ажырагыс биримдикте болуу. Мен эми өз күчүмө таянып, Тоорат мыйзамын аткаруу менен акталбастан, Кудай мени Машаякка ишенгеним үчүн актарын билем.
10Машаяктын Өзүн билип, Анын тирилгендеги кудуретине кабылгым, азаптарына ортоктош болуп, өлүмүн өз башыман кечиргим келет.
11Себеби ошондо мен да бир күнү өлгөндөн тирилермин деген илгери үмүтүм бар.

 

Максатты көздөй умтулуу

 

12Мен ошого жетип калдым, же азыртан эле жеткилең болуп калдым деп эсептебейм. Кайра байгеме жетүүнү эңсеп, алдыга талпынам, себеби Машаяк Ыйса да мени Өзүнө утуп алган.
13Боордоштор, мен байгеге жетип калдым деп ойлобойм. Бирок аныгы бул: артымда эмне калганын унутуп, алдымдагы максатты көздөй умтулам.
14Ошондуктан байгени алыш үчүн түздөн-түз максатты көздөй арыштап барам. Байгем болсо — Кудай бизди Ыйса Машаяк аркылуу чакырып алган түбөлүк өмүр.

 

15Арабыздагы рухий жактан жетилип калгандардын ой-пикири мына ушундай болууга тийиш. Ал эми кээ бириңердин ойлоруңар башкача болсо, муну да Кудай силерге Өзү ачык билдирип коёт.
16Кандай болсо да, буга чейин эмнелерди карманып келсек, ошого жараша аракеттенип, алдыга карай умтулалы.

 

17Боордошторум, бириңер да калбай, мени туурап жашагыла. Биз үлгү калтыргандай жашап жаткандар силерге өрнөк болсун.
18Анткени мурда да көп жолу айтып, азыр да көз жашымды төгүп айтам: көптөрү Машаяктын айкаш жыгачтагы курмандыгына кас болуп жүрүшөт.
19Алардын барар жери — тозок. Өз кулкумун кудайдай көрүп, уяла турган нерселер менен мактанышып, акыл-ойлору бул дүйнөнүн көр оокатына байланып калган.
20Биз болсо асман атуулдарыбыз. Куткаруучубуз, Эгебиз Ыйса Машаяктын көктөн келишин чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.
21Ал келгенде, бүтүндөй дүйнөнү багындырган кудурети менен биздин алсыз, өлүк денебизди өзгөртүп, Өзүнүн даңктуу денесиндей кылып коёт.

 

4

 

Насаат айтуу

 

1Жанымдай көрүп, көзүмдөн учкан бир боорлорум, сүйүнүчүм менин, сыймыгым менин! Жогорудагы сөзүмдү улап, айтарым бул: Эгебиз менен болгон биримдигиңерди бекемдеп жашагыла, садагаларым!

 

2Удия менен Синтихиядан өтүнөрүм — Эгебиз бир тууган кылган эже-сиңди катары ынтымакка келишсин.
3Сенден да суранам, чыныгы үзөнгүлөшүм, бул аялдарга кол кабыш кылып койсоң. Анткени алар дагы Клименттен жана ысмы Кудайдын өмүр китебине жазылган башка кызматташтарымдан калышпай, мени менен чогуу Жакшы Кабар майданында бир далай мээнет кылышкан эле.

 

4Дайыма Эгебиз менен бирдикте болуп кубангыла! Дагы да айтам: кубангыла!

 

5Баары силердин момундугуңарды көрүшсүн. Эгебиздин кайтар күнүнө аз калды.
6Эч убайым тартпагыла. Андан көрө, бардыгын Кудайга тапшырып, Ага жалынып сыйынганыңарда, муктаждыгыңарды ыраазычылык билдирүү менен ачып тургула.
7Ошондо Кудайдын адам акылына сыйбаган тынчтыгы Ыйса Машаяк менен биримдикте жашаган силердин жан-дилиңерди жана акыл-эсиңерди түйшүктөрдөн сактайт.

 

8Боордошторум, акырында айтарым бул: жакшылык деп эсептелген, мактоого татыган нерселерди, тагыраак айтканда, эмне чындыкка туура келсе, сыйлоого татыктуу, адил, таза, көңүлгө жагарлык, сыймыктуу болсо, ошолорду гана ойлогула.
9Менден үйрөнүп, кабыл алганыңарды, менден уккан-көргөнүңөрдү кармангыла, ошондо тынччылык берүүчү Кудай силер менен болот.

 

Жардам үчүн ыраазычылык билдирүү

 

10Ушунча убакыт өткөндөн кийин силер кайрадан менин камымды ойлогонуңарды көрүп, Эгебизге шүкүрчүлүк келтирип, аябагандай кубанып жатам. Силердин мага бир убакта жардам бербей калганыңарды эмес, анткенге убактылуу мүмкүнчүлүгүңөр болбогонун айтып жатам.
11Муну кыйналып кеткенимен айткан жокмун: мен көргөн күнүмө, колумда барына ыраазы болууга үйрөнгөм.
12Жокчулукту да, молчулукту да башымдан өткөрүп, кайда болбосун, качан болбосун, ачарчылык менен токчулукта, барчылык менен жокчулукта кандайча ыраазы болуунун сырын үйрөнүп алганмын.
13Колдоочум Машаяк менен бирге болгонумда, колумдан баары келет.

 

14Бирок ошентсе да, кыйынчылыктарымды аркалашканыңар жакшы болду.
15Филипиялык боордошторум! Өзүңөр билгендей, Македониядан чыгып, башка жерлерге Жакшы Кабар тарата баштаганымдан бери, силерден башка бир дагы жыйын мага кол кабыш кылып, акча жагынан жардам берген жок.
16Тесалоникада жүрүп, муктаж болгонумда да силер мага бир нече ирет жардам жибердиңер эле.
17Кеп силерден белек күткөнүмдө эмес. Кеп кылган жакшылыгыңардын сообу өзүңөргө эле тиеринде.
18Менин алганым бардык керектөөлөрүмдү толтурмак тургай, андан ашат. Эпафродиттен жиберген белектериңерди алып, эми эч нерсеге муктаж эмесмин. Силердин тартууңар Кудай үчүн түтөтүлгөн жыпар жыттуу зат, Ага жагып, кабыл боло турган курмандык.
19Андыктан айкөл Кудайым да Өз молчулугунан Ыйса Машаяк аркылуу силердин ар бир муктаждыгыңарды толтуруп берет.
20Кудай Атабызга түбөлүк даңк болсун! Оомийин.

 

Соңку сөз жана бата тилөө

 

21Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта болгон бардык ыйыктарга салам айткыла. Менин жанымдагы боордоштор да силерге салам айтып жатышат.
22Мындагы ыйыктардын баары, өзгөчө Рим падышасынын кан сарайында кызмат кылгандар силерге салам жолдошту.

 

23Эгебиз Ыйса Машаяк баарыңа ырайым кылып, кайрат берсин!

 

 

Колостуктар

1

 

Саламдашуу

 

1Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машаяктын элчиси болгон Пабыл жана боордошубуз Тиметей

 

2Колостогу ыйыктарга — Машаяк менен тыгыз алакада жүргөн ишенимдүү боордошторго салам айтат. Силерге Кудай Атабыз ырайым кылып, тынччылыгын берсин.

 

Ыраазычылык келтирүү

 

3Биз силер үчүн сыйынган сайын Кудайга — Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасына дайыма ыраазычылык айтабыз,
4себеби Ыйса Машаякка ишенип, ыйыктардын баарын сүйгөнүңөр жөнүндө уктук.
5Ал эми ушул ишенимиңер менен сүйүүңөр асманда өзүңөргө даярдалгандан үмүт кылган үчүн жаралды. Бул тууралуу силер алгач Кудайдын нукура кабары — Жакшы Кабар келгенде уккансыңар.
6Ушул кабар бүт дүйнө жүзүнө жеткендей, силерге да жетти. Ал бардык жерде, Кудайдын ырайымы жөнүндө угуп, чыныгы түшүнүккө келген күндөн бери силерде да жемишин берип, өсүп келатат.
7Мындай таалимди силер бизге окшогон сүйүктүү кул Эпафрастан уктуңар. Ал — Машаяктын силер үчүн эмгектенип жүргөн ишенимдүү кызматчысы.
8Ыйык Рухтун силерге сүйө турган касиет бергенин бизге ошол айтып берди.

 

9Андыктан муну уккан күндөн бери биз силер үчүн үзбөй сыйынып келебиз. Кудайдын каалоосун толук билип, өтө акылдуу жана рухий көрөгөч болууңарды дайыма тилеп келатабыз.
10Ошондой эле Эгебизге жаккандай, Аны ар убак ыраазы кылгыдай жашап, адал иштин баарында эмгегиңердин үзүрү кайтып, Кудайды улам тереңирээк биле берсин деп да тилеп келебиз.
11Ар дайым көтөрүмдүү жана чыдамдуу болуу үчүн, Анын улуу кудуретинен түгөнгүс кубат алып, кубанып,
12Атабызга шүкүрчүлүк келтирсин деп сыйынабыз. Анткени Ал бизди ыйыктары мураска ала турган жарыктан үлүш алууга татыктуу кылды.
13Ал бизди караңгылыктын бийлигинен бошотуп, Өзүнүн сүйүктүү Уулунун Падышалыгына киргизди.
14Ал аркылуу биз азаттыкка жана кечиримге ээбиз.

 

Машаяктын теңдешсиз улуулугу

 

15Ал — көрүнбөс Кудайдын туңгуч уулу жана бейнеси. Ал жаратылыш аталгандын баарынан жогору турат.
16Анткени Ал аркылуу баары: асмандагы да, жердеги да, көзгө көрүнгөнү да, көрүнбөгөнү да: Тактыдагылар, Өкүмдарлар, Жетекчилер жана Бийликтегилер да жаратылган. Бардыгы Ал аркылуу жана Ал үчүн жаратылган.
17Ал баарынан жогору, бардыгы Ал аркылуу кармалып турат.
18Ал дененин башы, башкача айтканда, жыйындын башчысы. Ал башталыш, бардыгында эң жогорку болуу үчүн өлгөндөрдөн кайра тирилген туңгуч уул,
19себеби Кудай бүт табияты менен Машаякта жашаган.
20Кудай Машаяк аркылуу асман, жердегинин баарын Өзү менен элдештирди. Анын айкаш жыгачта аккан каны аркылуу баары менен тынчтык келишимин түздү.

 

21Ошентип, бир кезде ниети бузуктуктан, ыплас иштердин айынан Кудайдан алыстап, Ага душман болгон силерди
22эми Машаяктын жердик денеси, өлүмү аркылуу Өзү менен жараштырды. Силерди Өз алдына ыйык, кемтиксиз жана айыпсыз кылып алып келүү үчүн муну жасады.
23Эгер мындан ары да ишенимдин бузулгус да, урагыс да пайдубалында туруп, Жакшы Кабар жандырган үмүттөн тайбасаңар гана ушундай кылмакчы. Силер ал Жакшы Кабарды уктуңар — ал асман алдындагы жаралгандын баарына айтылган жана мен, Пабыл, анын кызматчысы болдум.

 

Пабылдын жыйын үчүн кылган кызматы

 

24Азыр силер үчүн кыйынчылык тартып жатканыма кубанып, Машаяктын Өз денеси — жыйын үчүн тарткан азабынын жетпей калган өлчөмүн денем менен толуктап жатам.
25-26Мен Кудайдын тапшырганын аткаруу үчүн жыйын кызматчысы болдум: Ал мага Кудай Сөзүн — кылым карытып бүт муундардан жашырылып келген сырды силерге кабарлоону буюрду. Азыр ал сыр Анын ыйыктарына айтылып олтурат.
27Кудай ыйыктарына бул улуу сырдын атак-даңкы эврей эместер үчүн кандай чоң экенин көрсөткүсү келди. Ал сыр өзү мындай: Машаяк силердин ичиңерде жашайт, андыктан асмандагы атак-даңкка чулганган Кудайды көрөбүз деген үмүтүңөр бар.

 

28Ар бир жанды Машаяк менен тыгыз байланышта, рухий жактан зирек кылып Кудай алдына алып келүү үчүн аларга Машаяк жөнүндө айтабыз. Ар бир адамга болгон акылмандык менен насаатты айтып, таалимди беребиз.
29Менин өзүмө зор кубат берген Машаяктын күчү менен мына ушул максат үчүн катуу эмгек кылып да, күрөшүп да келемин.

 

2

 

1Силер менен лаодикиялыктар үчүн жана дегеле мени көрбөгөндөр үчүн кандай айыгышкан кармашта жүргөнүмдү билсеңер дейм.
2Бири бириңерди сүйүп, биримдикке келсеңер жана билимден келген, бүткүл байлыкка тете толук ынанымыңар болсо, анда кайрат-жигерге жана Кудайдын купуя сыры — Машаяк жөнүндө түшүнүккө ээ болосуңар. Мен ушул үчүн күрөшүп келем.
3Ал эми Машаякта акылмандык менен билимдин бардык кенчи катылган.

 

4Муну айткан себебим, силерди эч ким бал тилге салып алдап кетпесин дегеним.
5Мен жаныңарда болбосом дагы оюмда силер мененмин. Силердин бир тартип менен жашап, Машаякка бекем ишенип жүргөнүңөрдү көрүп кубанып жатам.

 

Машаяк берчү эркиндик

 

6Ошондуктан Эгебиз Ыйса Машаякты кандай кабыл алсаңар, Аны менен ошондой эле биримдикте жашагыла.
7Аны менен байланышыңар бекемделсин, жашооңорду Анда кургула. Силерге Машаякка ишенүү жөнүндө таалим берилген, ошол аркылуу өзүңөрдү бекемдегиле. Кудайга чексиз ыраазычылык билдиргиле!

 

8Бирөө-жарым Машаяктан эмес, адамдык үрп-адаттар менен бул дүйнөдөгү жиндерден келген, эч нерсеге жарабаган жалган акылмандыгы менен силерди өз торуна түшүрүп албашы үчүн этият болгула.
9Анткени Кудай Машаякта бүт табияты менен адам кейпинде жашайт.
10Силер Ал аркылуу ырыстуу жашоого ээ болдуңар. Ал жетекчилер менен бийликтегилердин баарысынын башчысы.

 

11Силер Анда сүннөткө отургузулгансыңар, бирок силердики адамдардын колу менен жасалган сүннөт эмес. Күнөөлүү табиятыңар силерден кийим сыяктуу чечилген. Рухий сүннөткө олтургузуу деген ушул, аны Машаяк кылган!
12Чөмүлүп, Аны менен чогуу көргө коюлгансыңар, чөмүлүп, тирилгенсиңер. Бул Аны өлгөндөн кайра тирилткен Кудайдын кудуретине ишенген үчүн болду.
13Эми бир кезде кылган кылмышыңардын жана сүннөткө отурбаганыңардын айынан өлүк болгон дал өзүңөрдү Кудай Машаяк менен чогуу кайра тирилтти. Ал бардык кылмышыбызды кечирди,
14бизге айып таккан карызды кечти. Бул карыз эрежелерге баш ийбегенибиз эле. Кудай ошол карызды бизден алды да айкаш жыгачка кадады.
15Ал жетекчилерди жана бийликтегилерди куралсыздандырды, аларды эл көзүнө шылдың кылып, Өзүнүн жеңиш салтанатында туткундар сыяктуу өткөрдү.

 

16Ошондуктан эмне жеп, эмне ичип жатканыңар үчүн же кайсы бир диний майрамдарды же жаңы ай майрамын, же дем алыш күндү сактабай жатканыңар үчүн силерди эч ким айыптабасын.
17Булар эми келе турган нерсенин көлөкөсү гана, ал эми келе тургандын Өзү Машаяк.
18Момундукту аябай жактырган, периштелерге табынган жана жеке өздөрүнүн көрүнүш-аяндары жөнүндө көп айткан адамдар силердин сыйлыгыңарды жок кылышына жол бербегиле. Андайлар адамдык акылына таянып, курулай эле манчыркашат,
19алардын баш менен, башкача айтканда, Машаяк менен байланышы жок. Баш байламта, муундар аркылуу бүт денени азыктандырып, бириктирет да, анан Кудай ойлогондой өсүп-өнүгөт.

 

20Эгер Машаяк менен бирге өлүп, бул дүйнөдөгү жиндердин бийлигинен кутулган болсоңор, эмнеге дале бул дүйнөдө жашагансып,
21«Кармаба!», «Жебе!», «Тийбе!» деген эрежелерди аткарып жатасыңар?
22Мына ушул тыюу салынгандардын баары, керектелген соң, жок болот. Мунун баарысы тең адамдык осуяттар менен окутуулар.
23Адамдар ойлоп тапкан такыбаалык, момунсунуу жана денени кыйноо менен жасалган бул нерселер кандайдыр бир акылмандык өңдөнгөнү менен, арам каалоолорду башкарганга дегеле күчү жок.

 

3

 

Ыйык жашоо тууралуу

 

1Демек, Машаяк менен тирилген болсоңор, анда асманда турганга умтулгула. Ал жерде, Кудайдын оң жагындагы ардактуу орунда Машаяк олтурат.
2Жердеги эмес, асмандагы жөнүндө ойлонгула.
3Себеби силер өлдүңөр, өмүрүңөр Машаяк менен чогуу Кудайда катылган.
4Өмүрүңөр — Машаяк келгенде, силер да Аны менен чогуу улуу салтанат менен кайра келесиңер.

 

5Ошондуктан жердик табиятка тийиштүү болгондун баарын: жыныстык бузукулукту, адепсиздикти, айбандык кумарды, арам каалоолорду жана бутка табынуучулукка барабар болгон ач көздүктү жок кылгыла.
6Кудайга баш ийбеген адамдар мындай иштери үчүн Анын каарына калат.
7Силер да бир кезде ушундай жашап, ушундай эле кылгансыңар.
8Эми болсо баарын: ачууланууну, туталанууну, каарданууну, кара ниеттикти, ушакты жана адепсиз сөздөрдү таштагыла.
9Бир бириңерге калп айтпагыла, анткени эски ишиңерди таштап, жаңы адам болдуңар,
10жаңы адамды «кийдиңер». Жаңы адам өз Жаратуучусун толук түшүнүп, Анын бейнесине окшошуу үчүн улам жаңыланып турат.
11Биерде иудей менен иудей эместер да, сүннөткө отургузулган менен отургузулбаган да, варвар менен скиф да, кул менен эркин адам да маанилүү эмес. Маанилүүсү бир гана Машаяк, Ал баарыбыздын дилибизде жашайт.

 

12Ошондуктан Кудайдын тандап алгандары, ыйык, сүйүктүү эли болгон соң, боорукер, мээримдүү, момун, кичи пейил жана чыдамдуу болгула да,
13бири бириңе чыдап мамиле кылгыла жана бир бириңе нааразычылыгыңар болсо, аны кечиргиле. Эгебиз силерди кечиргендей кечиргиле!
14Ал эми бул касиеттердин баарынан сүйүү маанилүү.
15Силерди Машаяктын тынчтыгы жетектесин. Себеби бир дененин мүчөсү катары тынчтыкка чакырылгансыңар. Ошону менен бирге ыраазычылык келтиргиле.
16Машаяктын сөзү толугу менен силердин оюңарда болсун: бир бириңе болгон акылмандык менен таалим берип, акыл-насаат айтып, жүрөктөгү ыраазычылык менен Кудайды мактап, даңазалап, рухий ырларды ырдагыла.
17Эмне айтып, эмне иш кылсаңар да, баарын Эгебиз Ыйсага ишенүүчү катары жасап, Ал үчүн Кудай Атабызга шүкүрчүлүк келтиргиле.

 

Үй-бүлө жөнүндө

 

18Аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле, бул Эгебизди жолдогон аялдын милдети.

 

19Эркектер, аялыңарды сүйгүлө, аларга каныңар кайнабасын.

 

20Балдар, дайым ата-энеңердин тилин алгыла, анткени бул Эгебизге жагат.

 

21Аталар, балдарыңарды туталантып, көңүлүн оорутпагыла.

 

22Кулдар, жердеги кожоюндарыңарга дайыма баш ийгиле, муну кошоматчылардай силерди карап турганда гана эмес, чын дилден, Эгебизден ыйбаа кылуу менен жасагыла.
23Эмне иш кылсаңар дагы, адамдар үчүн эмес, Эгебиз үчүн кылгандай, чын жүрөктөн аткаргыла.
24Себеби Эгеңерден сыйлык — мурас аларыңарды билесиңер. Силер Кожоюнуңар Машаякка кызмат кыласыңар.
25Кудай болсо адамдардын жүзүнө карап, бирине мындай, бирине тигиндей мамиле жасабайт.

 

4

 

1Кожоюндар, силер да асманда Кожоюнуңар бар экенин билип, кулуңарга туура жана адилет мамиле кылгыла.

 

Пабылдын акыл-насааты жана соңку сөзү

 

2Өжөрлүк менен сыйынгыла, бул убакта сергек болуп, Кудайга ыраазычылык келтиргиле.
3Кудай Өз сөзүн — Машаяк жөнүндөгү сырын айтууга жол ачсын деп биз үчүн да сыйынып тургула. Мен ушул үчүн туткундамын.
4Бул кабарды кандай түшүндүрүш керек болсо, ошондой түшүндүрө алсын деп мен үчүн да сыйынгыла.

 

5Убакытты утуп, ишенбегендер арасында акылмандуулук менен жашагыла.
6Дайыма жылуу мамиле кылып, жагымдуу сүйлөгүлө, ошондо ар бир адамга кандай жооп узатышты билесиңер.

 

7Сүйүктүү боордош, Эгебизге биз менен бирге кызмат өтөгөн ишенимдүү кул Тихик силерге мен тууралуу баарын айтып берет.
8Аны атайы биздин абалыбыз жөнүндө билдирип, кайрат дем берсин үчүн силерге жиберип жатамын.
9Аны менен кошо силер тараптык ишенимдүү жана сүйүктүү боордош Онисимди да жиберемин. Алар бул жерде болуп жаткандардын баарын силерге айтып берет.

 

10Силерге абактагы жолдошум Аристарх жана Барнаптын тууганы Марк да саламын айтат. Силер Марк тууралуу буйрук алгансыңар: эгер келип калса, аны жакшы тосуп алгыла.
11Ошондой эле Жуст дешкен Ыйса да силерге салам айтат. Булар Кудай Падышалыгы үчүн эмгек кылган кызматташтарымдын арасындагы бирден-бир эврейлер. Ушул адамдар мага арка-бел болуп жүрүшөт.

 

12Машаяк Ыйсанын кулу, силерден келген Эпафрас да салам айтат; силер рухий зирек болуп, Кудайдын бардык каалоосун так билишиңер үчүн ал дайыма сыйынат.
13Мен анын силер үчүн жана Лаодикия менен Жераполдогулар үчүн катуу убайым менен кызмат кылып жатканына күбөмүн.
14Силерге сүйүктүү дарыгер Лука жана Димас салам жолдошот.
15Лаодикиядагы боордошторго, Нимфага жана анын үйүндө чогулуп жаткан жыйынга салам айткыла.

 

16Бул кат силерде окулган соң, Лаодикиядагы жыйында да окулгандай болсун. А Лаодикиядан келген катты силер окугула.

 

17Анан Архипке «Эгебизден алган кызматты сөзсүз аткар!» деген сөзүмдү жеткиргиле.

 

18Өз колум менен жазып жатам: Пабылдан дубай салам. Менин туткунда экеним эсиңерден чыкпасын. Кудай баарыңа ырайым кылсын.

 

 

1 Тесалоникалыктар

1

 

Саламдашуу

 

1Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяктын Тесалоника шаарындагы жыйынына Пабыл, Сила жана Тиметейден дубай салам!

 

Кудайбыз силерге ырайым этип, тынччылык берсин!

 

Тесалоникалыктардын жашоосу менен ишеними

 

2-3Ишенимиңерге таянып иштегениңерди, сүйүүңөрдү көрсөтүп эмгектенгениңерди жана Эгебиз Ыйса Машаякты медер тутуп, бардыгына чыдап келатканыңарды эсибизден чыгарбай, Кудай Атабызга сыйынганыбызда, дайыма силерди эстеп, Ага бардыгыңар үчүн тынбай ыраазычылыгыбызды билдирип турабыз.
4Кудайдын мээри түшкөн боордошторубуз, биз силерди Кудай Өзүнө тандап алганын билебиз,
5анткени силерге Жакшы Кабарды сөз менен гана эмес, зор ишеним жана Ыйык Рухтун кудурети менен жеткиргенбиз. Араңарда жүргөнүбүздө өзүбүз эмне кылып, кандай жашаганыбыз да силерге маалым.
6Силер бизден жана Эгебизден үлгү алып, ушунча кыйналып-кысталганыңарга карабастан, айткандарыбызды Ыйык Рух берген кубаныч менен кабыл алдыңар.
7Ошондуктан өзүңөр да Македония жана Ахая[1]аймактарындагы бардык ишенгендер үчүн өрнөк болдуңар.
8Силер аркылуу Эгебиз жөнүндөгү кабар бүтүндөй Македония менен Ахаяга жар салынып, ал гана эмес, Кудайга болгон ишенимиңер да бардык жерлерде белгилүү болду. Андыктан эми бир нерсе деп кошумчалоонун да кажети жок.
9-10Силерге барганыбызда, бизди кантип тосуп алганыңар, буркандарыңарды таштап, бирден бир чын жана тирүү Кудайга кайрылганыңар, Ага кулдук уруп, кызмат кылганыңар жана Анын өлгөндөрдөн тирилтип алган Уулу Ыйсанын кайтып келишин күтүп жатканыңар эл арасында ооздон оозго айтылып жүрөт. Ал эми Кудайдын Уулу Ыйса бизди Анын келечектеги каарынан куткарат.

 

2

 

Пабылдын тесалоникалыктарга кылган кызматы

 

1Боордоштор, силерге келип кеткенибиз натыйжасыз болбогонун өзүңөр жакшы билесиңер.
2Ошонун алдында эле, өзүңөр билгендей, биз Филипия шаарынан жапа чегип, кордук көргөн элек. Бирок Кудай колдоп, бардык каршылыктарга карабастан, силерге Анын Жакшы Кабарын таратууга батындык.
3Силерге чындыктан адашканыбыздан же кандайдыр бир арам ой менен, же болбосо кытмырлыктан акыл-насаат айтып жаткан жокпуз.
4Тескерисинче, Кудай Өзү ишенимдүү деп таап жиберген жакшы кабарчылар катары, качан болбосун, Кудайдын эркине ылайык сүйлөп келатабыз. Биздин каалаганыбыз — адамдын көңүлүн алуу эмес, бардык ниетибизди сынап билген Кудайга жагуу.
5Өзүңөр билгендей, биз көшөкөрлөнүп, же болбосо керт башыбыздын пайдасын издегенибизди жашырып-жаап амалкөйлөнгөн жокпуз. Буга Кудай Өзү күбө.
6Силерден да, башкалардан да, дегеле адам аттуу эч кимден атак издеген жокпуз.
7Машаяктын элчилери катары кадырыбызды салып, кам көрүүңөрдү талап кылууга акыбыз болсо да, кайра анын ордуна, араңарда жүргөнүбүздө, баласын бапестеген эне сымал мээримдүү болдук.
8Жүрөгүбүз элжиреп, жаныбыздан артык көргөн силерге Кудайдын Жакшы Кабарын гана эмес, силер үчүн өмүрүбүздү берүүгө даяр элек!
9Боордоштор, араңарда экенибизде болгон күчүбүздү аябай иштеп жүргөнүбүз дале эсиңердедир; Жакшы Кабар таратып жатып эч бириңерге жүк болбойлу деп, күн-түн дебей эмгектенген элек.

 

10Айткандарыбызды ишенип кабыл алган силердин алдыңарда өзүбүздү канчалык кынтыксыз, таза жана адил алып жүргөнүбүзгө силер да, Кудай да күбө.
11Анткени өзүңөр билгендей, атасы баласына кандай мамиле кылса, биз да ар бириңерге ошондой мамиле кылып,
12Өз Падышачылыгы менен улуулугуна чакырган Кудайдын алдында татыктуу жашоого үгүттөп, шыктандырып, ошондой кылууңарды силерден жалынып суранган элек.
13Кудайга тынбай алкыш айтып турганыбыздын дагы бир себеби, Анын Жакшы Кабарын айтып келгенибизде, силер аны адамдын сөзү катары эмес, Кудай сөзү катары кабыл алдыңар. Бул чынында ошондой. Ишенип калган силерде ал сөз эми өз ишин кылып жатат.
14Анткени, боордошторубуз, Иудеядагы Ыйса Машаяктын жолун жолдогон Кудай жыйындары иудейлерден жапаа чеккен сыяктуу, силер дагы өз жердештериңерден жапаа чектиңер.
15-16Ал жактагы иудейлер Ыйса Машаякты жана Кудай пайгамбарларын өлтүрүшүп, эми бизди да куугунттукка алышты. Башка улуттагыларга Кудайдын кыямат кайымдагы жазасынан куткара турган сөздү айтканыбызга тоскоол болуп, ошону менен Кудайга жакпаган иш жасап, бардык адамдарга каршы чыгып жатышат. Кылган күнөөлөрү баштарынан ашып, акыры алар Кудайдын каарына калышты!

 

Пабылдын Тесалоникадагы боордошторун сагынышы

 

17Биз болсо, боордоштор, кеткенибизден бери аз эле убакыт өтсө дагы (албетте, өзүбүз жаныңарда болбосок да, көңүлүбүз ар дайым силер менен), сагынганыбыздан куса болуп, силерди кайрадан көрүүгө ынтызарландык.
18Кайткыбыз келип, мен өзүм буга канча ирет аракет кылып көрдүм. Айла канча, шайтан жолумду бөгөдү да калды.
19Анткени биздин үмүтүбүз, кубанчыбыз жана Эгебиз Ыйса келгендеги сыймыгыбыз силер эмей, ким?
20Ырасында биздин көзгө басар сыймыгыбыз, кубанчыбыз силерсиңер.

 

3

 

1-3Акыры айлабыз кеткенде, өзүбүз Афин шаарында калып, биз менен кошо Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратышып, бизге окшоп Кудайдын кызматчысы болгон боордошубуз Тиметейди силерге жиберүүнү чечтик. Минткенибиздин максаты, эч бириңер кыйналганынан улам артка чегинбесин деп, жигериңерге жигер кошуп, ишенимиңерди бекемдөө эле. Кыйынчылык көргөнүбүз да жазуу-буйрук экенин силер өзүңөр билесиңер.
4Баарыбыз башыбыздан кыйынчылык өткөрөрүбүздү мурунтан эле айтып жүргөнбүз. Өзүңөр билгендей, бардыгы так биз айткандай болуп чыкты.
5Мына ушул себептүү, силерден эч дайын болбогондуктан айлам кетип, азгыруучу силерди ак жолдон адаштырып, жумшаган мээнетибиз текке кетпегей эле деп, ишенимиңер жөнүндө билип келүүгө Тиметейди жөнөткөн болчумун.
6Мына эми Тиметей да кайтып, ишенимиңер менен сүйүүңөр жөнүндө сүйүнүчтүү кабар алып келди. Ал силердин биз жөнүндө дайыма жакшы ойдо болгонуңарды жана, бизге окшоп, көрүшүүгө ынтызар экениңерди айтты.
7Ошентип, боордоштор, канча деген азап-тозокторду тартып жатканда силер тууралуу укканыбыз жаныбызды жубатып, ишенимиңер бизге кайрат берди.
8Эгебиз менен биримдикте бекем турганыңар алдыбызга өбөк, аркабызга жөлөк болду.
9Эми Кудайга сыйынганыбызда, Ага силер үчүн, бизди ушунчалык кубандырып жатканыңар үчүн алкышыбызды айта алабыз.
10Ишенимиңерге эмне жетпей турса, ошону толукташ үчүн силер менен кайрадан жолуктурсун деп, Кудайдан күнү-түнү жалынып, тилеп жатабыз.
11Эми Кудай Атабыз Өзү жана Эгебиз Ыйса силерге барууга жол бергей эле!
12Силерге болгон сүйүүбүз уламдан улам күч алган сыяктуу, Эгебиз силердин да бири бириңерге жана бардык адамдарга болгон сүйүүңөрдү өстүрүп, арттыра берсин.
13Ошондо Ал силерди кубаттап, Эгебиз Ыйса Өз ыйыктары менен келгенде, силер Кудай Атабыздын алдында эч кынтыгы жок, ыйык болосуңар. Оомийин.

 

4

 

Кудайга жаккандай жашоо

 

1Акырында, боордоштурубуз, Эгебиз Ыйсанын атынан өтүнүп суранарыбыз бул. Канткенде Кудайга жаккандай өмүр сүрөрүңөрдү силер бизден үйрөнүп, дал ошондой жашап келатасыңар. Мындан ары да арышыңардан жазбай, ушул жолдо алгалай бергиле.
2Эгебиз Ыйсанын эрки менен айткан акыл-насаатыбызды силер жакшы билесиңер.
3Кудай силерге Анын алдында адал өмүр сүрүп, жыныстык бузукулуктан оолак болууну буюрган.
4-5Кудайды тааныбаган элдерге окшоп жанкумарга берилбестен, ар бириңер аял алгыла да, аны менен болгон карым-катнашыңарды таза сактап, бири бириңерди урматтап жашагыла.
6Ошондуктан туура эмес жолго түшпөгүлө да боордошторуңарга кыянаттык кылбагыла. Мурда эле силерге катуу эскертип айтканыбыздай, Кудай минткендердин сазайын колдоруна берет.
7Кудай бизди адепсиздикке эмес, ыйык өмүр сүрүүгө чакырган.
8Андыктан кимде-ким ушунун баарын этибарга албаса, ошону менен адамды эмес, силерге Ыйык Рухун ыроологон Кудайды этибарга албаган болот.
9Боордоштордун ортосундагы мээримдүү мамиле жөнүндө болсо силерге жазуунун эч кажети жок, себеби бири бириңерге мээримдүү болууну силерге Кудай Өзү үйрөткөн.
10-11Македония аймагындагы бардык боордошторуңарга мээримдүү болгонуңар да калетсиз. Бирок биздин өтүнгөнүбүз бул, боордоштор, сүйүүңөрдү арттырып, тынч жашоого умтулгула. Биз насыят кылгандай, өз ишиңерди кылып, өз жаныңарды өзүңөр баккыла.
12Ошондо башкалардын урмат сыйына да татып, эч кимге көз каранды да болбойсуңар.

 

Ыйса Машаяктын кайтып келиши

 

13Боордоштор, үмүтү үзүлгөн немелердей кайгыртпаш үчүн, силерди көзү өтүп кеткендер келечекте эмне болорунан кабарсыз калтыргыбыз келбейт.
14Биз Ыйсанын өлүп, кайра тирилгенине ишенебиз. Андай болсо, Ыйсага ишенип бул дүйнөдөн өтүп кеткендерди да Кудай Ыйса менен кошо алып кетери биз үчүн анык.
15Эгебиздин Өз сөзүнө таянып айтарыбыз бул: Эгебиз кайтып келген кезде, көзү тирүүлөрүбүздүн бул дүйнөдөн мурда өтүп кеткендерден эч артыкчылыгыбыз болбойт.
16Анткени Эгебиз Өзү буйрук берип, башкы периштенин чакырган үнү угулат да, Кудай сурнайынын добушу жаңырып, Эгебиз көктөн түшүп келет. Ошондо Машаякка ишенип бул дүйнөдөн өтүп кеткендер биринчи болуп тирилишет.
17Андан кийин биз, ошол мезгилде али көзү тирүүлөр, Эгебизди тосуп алыш үчүн алар менен чогуу булуттарга алынып, асманга көтөрүлөбүз. Ошентип түбөлүккө Эгебиз менен бирге болобуз.
18Бири бириңерге мына ушу сөздөрдү айтып, кайрат берип тургула.

 

5

 

Эгебиздин кайтар күнүнө даяр болгула

 

1Бирок, боордоштор, мунун баары качан, кайсы мезгилде болорун силерге жазуунун кажети жок.
2Түн жамынып келген ууруга окшоп, Эгебиздин кайтар күнү да күтүлбөгөн жерден келерин силер өзүңөр да жакшы билесиңер.
3Аялдын толгоосу капысынан башталгандай эле, бул апат да «бардыгы тынч, эч коркунуч жок» деп бейкапар отурган элдин башына күтүүсүздөн түшөт да, андан эч ким качып кутула албайт.
4Бирок боордоштор, караңгылыкта жүрбөгөн силерди Эгебиздин кайтар күнү капысынан келген уурудай аң-таң калтырбашы керек.
5Силер баарыңар күндүзгү жарыкта жүрөсүңөр. Биздин түн караңгылыгына эч тиешебиз жок.
6Андай болсо, биз башкаларга окшоп уктап калбай, сергек жана эстүү болушубуз керек.
7Анткени уктар киши түн ичинде уктайт. Мас болор киши түн ичинде мас болот.
8Бирок биз күндүзгү жарыкта жүргөн соң, эстүү бололу. Үстүбүзгө ишеним менен сүйүүнүн соот кийимин киели да куткарылабыз деген үмүт башыбызга туулга болсун.
9Кудай бизди Өз каарына калтырыш үчүн эмес, Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу куткарып алыш үчүн тандап алган.
10Ал кайтып келгенге чейин тирүү болобузбу же бул дүйнөдөн өтүп кетебизби, түбөлүккө Аны менен бирге болушубуз үчүн Машаяк Өз жанынан кечкен.
11Ошондуктан мындан ары да бири бириңерге жигер берип, ишенимде бири бириңерге өбөк болгула.

 

Соңку сөз жана бата тилөө

 

12Дагы да суранарыбыз бул, боордошторубуз, араңарда эмгектенип, силерди Эгебиздин жолуна баштап, акыл-насаатын айтып тургандарга урмат-сый көрсөткүлө.
13Кылган ишине ылайык өзгөчө кадырлап, аларга мээримдүү болгула. Өз ара ынтымакта жашагыла.

 

14Боордоштор, өтүнөбүз, жатып ичер жан бактыларды эскерткиле, батымы жокторго кайрат бергиле, алсыздарды колдогула, бардыгына сабырдуу болгула.
15Байкагыла, бириңер да жамандык кылгандарга кайта жамандык кылбагыла. Андан көрө, бири бириңерге да, өзгөлөргө да дайыма жакшылык кылууга умтулгула.

 

16Дайым кубангыла.
17Тынбай сыйынып тургула.
18Бардык жагдайда Кудайга ыраазычылык гана билдирип тургула. Кудайдын Ыйса Машаякка ишенген силерге буюрганы ушул.

 

19Ыйык Рухту өчүрбөгүлө.
20Пайгамбарчылыктарды барктай билгиле.
21Бардыгын сынап көрүп, жакшысын гана колдонгула.
22Ар кандай жамандыктан оолак болгула.

 

23Тынччылык булагы болгон Кудай силерди бардык жагынан Өзүнө окшоштуруп, рухуңар менен жан-тениңерди Эгебиз Ыйса Машаяктын келер күнүнө дейре толугу менен кынтыксыз сактасын.
24Силерди Өзүнө чакырган Кудай ишенимдүү. Ошондуктан Ал мунун баарын орундатат.

 

25Боордоштор, биз үчүн да сыйынып тургула.

 

26Боордошторуңар менен көрүшкөндө, мээримдүүлүк менен бетинен сүйүп учурашкыла.

 

27Эгебиздин атынан көптөн көп өтүнөм, колуңардагы катты боордошторуңардын баарына окуп берсеңер.

 

28Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым кылсын.

 

 

 

2 Тесалоникалыктар

1

 

Саламдашуу

 

1Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяктын Тесалоника шаарындагы жыйынына Пабыл, Сила жана Тиметейден дубай салам!

 

2Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым этип, тынччылык берсин!

 

Машаяк кайтканда, ар ким өз тиешесин алат

 

3Боордоштор, ишенимиңер ушунча өсүп, бири бириңерге болгон сүйүүңөр барган сайын артып баратканын көрүп, силер үчүн ар дайым Кудайга ыраазычылык билдирип турбасак калыстык болбос.
4Ошондуктан биз өзүбүз Кудай жыйындарында силер жөнүндө, куугунтуктар менен башыңардан өткөргөн кыйынчылыктардын баарын чыдамкайлык менен көтөрүп, ишенимден жазбай келатканыңар жөнүндө сыймыктануу менен айтып жүрөбүз.
5Мунун баары Кудай сотунун калыстыгын айгинелеп турат: Кудай Падышалыгында болууну тандап алганыңар үчүн азап чегип жаткан силер ага кирүүгө татыктуу болосуңар.
6Өзүнүн адилеттүү өкүмүн чыгарып, Ал силерге азап жедиргендердин өздөрүн азап жедирет.
7-8Ал эми кыйналып жаткан силерге биз менен бирге тынччылык берип, жай алдырат. Бул Эгебиз Ыйса жалындаган от менен Өзүнүн кудуреттүү периштелеринин коштоосунда көктөн түшүп келгенде болот. Ал Кудайды таануудан баш тарткандардын жана Эгебиз Ыйса жөнүндөгү Жакшы Кабарды этибар албагандардын сазайын колдоруна берет.
9Алардын жазасы — Эгебизден биротоло ажырап, Анын улуулугунан алыстатылып, түбөлүк апат болуу.
10Эгебиз кайткан ошол күнү Анын ыйыктары, Ага ишенгендердин баары чогулуп, эбегейсиз сулуулугуна суктанып даңазалашат. Өзүбүз күбөгө өтүп, айтып берген Жакшы Кабарды ишенип кабыл алган силер да алардын арасында болосуңар.
11Кудай силерди Өзү чакырган жашоого татыктуу кылып, кудурети менен колдоп, жасайын деген ар бир жакшылыгыңарды иш жүзүнө ашырып, ишенимге таянып кылган ар бир ишиңерди аягына чыгарып берсин деп тилеп, тынбай сыйынып турганыбыздын себеби мына ушунда.
12Ошентип Кудайыбыз жана Эгебиз Ыйса Машаяктын ырайымы менен Эгебиз Ыйсанын ысмы силер аркылуу, силер болсо Ал аркылуу даңкталасыңар.

 

2

 

Кудайдын душманы — тажаалдын келиши

 

1Эми, боордоштор, Эгебиз Ыйса Машаяктын келерине жана биздин чогулуп, Аны тосуп чыгарыбызга байланыштуу өтүнөрүбүз бул:
2бизди пайгамбарчылык кылып, же жыйындан сөз айтып жатып, же болбосо кат жиберип, Эгебиздин кайтар күнү келип калганын айтты деген каңшаар уксаңар, дал болуп, алдастап, дүрбөлөңгө түшпөгүлө.
3Эч ким бир амалын таап, силерди алдап кетпегидей болсун. Анткени Эгебиз кайтардан мурун, эң алды Кудайга каршы козголоң башталып, Кудай мыйзамынын каршылашы, ойрон боло турган адамдын жүзү ачылууга тийиш.
4Ал кудай делинген же адам баласы табынган нерселердин бардыгына каршы туруп, өзүн алардан жогору коюп, ал турсун Кудайдын ийбадатканасында отуруп алып, өзүн Кудай деп жарыялайт.
5Мунун баарын араңарда болгонумда эле эскертип айтып жүргөнүм эсиңердеби?
6Кудай мыйзамына каршы чыгар адамды азырынча, жогорудан коюлган убакыт-саат келгичекти, кандай кудурет-күч ачыкка чыгарбай, кармап турганын силер билесиңер.
7Бирок адамдарды Кудай мыйзамына каршы тургузар күч өз жашырын ишин күн мурунтан эле жүргүзө баштаган. Убагы келгенде, аны кармап турган күч арадан алынып ташталат.
8Ошондо Кудай мыйзамына каршы турчу адамдын жүзү ачылат. Бирок Өзүнүн кайтар күнүндө Эгебиз Ыйса аны оозунан чыккан бир илеп деми, жаркыраган улуулугу менен кыйратып жок кылат.
9Мыйзам каршылашын шайтан алып келет. Ал шайтандын кудурет-күчүнө бөлөнүп, бардык жалган жышаандар менен шумдуктарды көрсөтөт.
10Ар кандай адилетсиз иштерди жасап, ошонусу менен апат боло тургандарды азгырыкка салат. Алардын апат болорунун себеби өздөрүн куткарчу чындыкты жактырбай, андан баш тарткандыгында.
11-12Дал ошон үчүн, чындыкка ишенбестен, адилетсиздикти жактыргандардын баары жазага тартылсын үчүн, Кудай аларды жалган нерсеге ишенгендей кылып коёт.

 

Куткарылуу үчүн тандалганыңарды билип, ишенимге бекем тургула

 

13Ал эми биз, Эгебиздин мээри түшкөн боордоштор, силер үчүн Кудайга дайыма алкыш айтып турушубуз керек. Анткени Кудай башынан эле силерди Өзүнө тандап алып, Рух менен ыйыктап, чындыкка ишендирип, куткарылууга жол сызып койгон.
14Дал ушул себептен Ал силерди Эгебиз Ыйса Машаяк менен кошо даңкталсын үчүн биз жеткирген Жакшы Кабар аркылуу Өзүнө чакырып алды.

 

15Ошондуктан, боордошторубуз, туруктуу болуп, биз силерге сөз аркылуу же кат аркылуу окуткандарыбызды бекем кармангыла.
16-17Эми болсо Эгебиз Ыйса Машаяктын Өзү жана бизге мээримин төгүп, Өз ырайымы боюнча бизге түгөнгүс жигер менен үзүлбөс үмүт берген Кудай Атабыз силерди жигерлентип, качан болсо да жакшылык кылгыдай, жакшы сөз айткыдай кайрат берип турсун.

 

3

 

Биз үчүн сыйынып тургула

 

1Акырында, боордоштор, Эгебиздин сүйүнүчтүү кабары тез жайылып, бардык жерлерде силердегидей зор урмат-сый менен кабыл алынсын деп, бизге Кудайдын батасын тилеп сыйынууңарды өтүнөбүз.
2Кудайыбыз бизди ниети бузук, карасанатай адамдардан сактасын деп да сыйынып тургула, себеби ишеним баарында эмес.
3Бирок Эгебиз — ишенимдүү. Ал силерге кайрат берип, азгыруучудан сактайт.
4Силер ишенимдүү болуп буйругандарыбызды мурда кандай аткарып келсеңер, мындан ары да так аткарып жүрөрүңөргө Эгебиз бизди толук ынандырды.
5Эгебиз Өзү ой-сезимиңерди Кудайдын мээримине мурдагыдан да көбүрөөк буруп, Машаяктыкындай чыдамкайлык берсин.

 

Иштебеген тиштебейт

 

6Эми, боордоштор, силерге Эгебиз Ыйса Машаяктын атынан берер буйругубуз бул: боордошторуңардын бекерчиликте күн өткөрүп, берген таалимибизди жашоосунда колдонбогондордун ар биринен оолак болгула.
7Бизден үлгү алып турушуңар керек экенин өзүңөр жакшы билесиңер го. Анткени араңарда болгондо, биз да бош жүрбөдүк,
8эч бириңердин наныңарды да бекер жеген жокпуз. Анын ордуна, эч кимге жүк болбойлу деп, кара терге түшүп, күн-түн дебей мээнет кылдык.
9Биз силерден жардам алууга акыбыз жоктугунан эмес, тек гана бизди туурасын деп, силерге үлгү көрсөтүш үчүн ушинткен элек.
10Жаныңарда жүргөнүбүздө эле силерге: иштебеген тиштебесин деп буйрук бергенбиз.
11Муну айтып жатканыбыздын себеби, кээ бириңердин башкалардын ишине кийлигишкенден башка эч пайда-батасы жок, бекер эле басып жүргөндөрүн уктук.
12Эми болсо ошенткендерге Эгебиз Ыйса Машаяктын атынан буйруганыбыз да, алардан өтүнөрүбүз да бул: эч кимдин тынчын албай иштегиле да, наныңарды өз маңдай териңер менен таап жегиле.
13Силер болсо, бооордошторубуз, талбай жакшылык кылгыла.
14Эгерде кимде-ким ушул катта жазгандарыбызды укпай койсо, андай адамды ичтен белгилеп коюп, уяткарыш үчүн, аны менен мамиледе болбогула.
15Бирок кантсе да, аны душман көрбөй, боордошчо эскертип койгула.

 

Соңку сөз жана бата тилөө

 

16Тынчтыктын булагы болгон Эгебиз силерге бардык учурда, ар кыл жол менен Өз тынччылыгын берсин. Баарыңарга Эгебиз жар болсун!
17Мен, Пабыл, бардык каттарымдагыдай эле, ушул саламымды да менден экенин көрсөтүш үчүн өз колум менен жаздым. Мен дайыма ушинтем.
18Эгебиз Ыйса Машаяк баарыңа ырайым кылсын!

 

 

1 Тиметей

1

 

Саламдашуу

 

1Куткаруучу Кудайыбыздын жана үмүтүбүз Машаяк Ыйсанын амири боюнча Машаяк Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан

 

2өз колум менен ишенимге алпкелип, өз уулумдай көргөн Тиметейге дубай салам! Ылайым эле Кудай Атабыз менен Эгебиз Машаяк Ыйса сага ырайымдуу жана кайрымдуу болуп, тынччылык берсин!

 

Жалган окутууларга каршы эскертүү

 

3Македония аймагына баратканымда суранганымдай, эми да сенин Эфес шаарында калып, жанакы, жалган окутууларды таратып жаткан немелерге тыюу салууңду көптөн-көп өтүнөм.
4Алардын болмуштарды айтып, эзели түгөнбөс санжыраларды териштиргени талаш-тартыш гана туудуруп, Кудайдын ишеним аркылуу билинчү ишине жолтоо болууда.
5Муну мен ишенгендер бири бирин сүйө билишсин деп айтып жатам. Мындай сүйүү болсо чын жүрөктөн, таза абийирден жана астейдил ишенимден келип чыгат.
6Айрымдар булардан баш тартышып, куру бекер талаш-тартыштарга кирип кетишти.
7Алар Тоорат окутуучулары болгусу бар, бирок эмнени кеп кылып, эмнени ырастап жатышканын өздөрү да билишпейт.

 

8Ал эми биз Тоорат мыйзамынын, эгерде аны туура колдонсо, жакшы экенин билебиз.
9Тоорат мыйзамы адил адамдар үчүн берилген эмес. Ал мыйзамды бузган, тоңмоюн адамдар үчүн, Кудайдан коркпогон, күнөөгө белчесинен баткандар үчүн, эч нерсени ыйык тутпаган жана Кудайга акарат келтирген, ата-энесин же башка бирөөнү өлтүргөндөр үчүн,
10бузукулар жана бачабаздар, киши уурдагычтар, алдамчылар, жалган күбөлөр, дегеле туура окутуунун бардык каршылаштары үчүн берилген.
11Бул окутуу бардык мактоого татыктуу болгон даңазалуу Кудайыбыздын мага ишенип тапшырган Жакшы Кабарында камтылган.

 

Кудайдын көрсөткөн ырайымы үчүн ыраазычылык билдирүү

 

12Ишимди аткарууга мага күч-кубат берип турган Эгебиз, Машаяк Ыйсага ыраазымын, анткени Ал мени ишенимдүү деп таап, Өзүнө кызмат кылууга дайындады.
13Бир кезде Ага тил тийгизип, үмөттөрүн куугунтуктап, Өзүн кордогонума карабастан, муну билбестик жана ишенбестиктен кылганымды билип, Ал мага кайрымдуу болду.
14Не деген ырайымын көрсөтүп, Жараткан Эгебиз мени Өзүнө ишендирип, башкаларга мээримдүү кылды. Мындай ишеним менен мээримге биз Машаяк Ыйса менен тыгыз байланышыбыз аркылуу ээ болобуз.
15Мына бул сөз анык жана толук ишеним менен кабыл алынууга тийиш: Машаяк Ыйса бул дүйнөгө күнөөкөрлөрдү куткарыш үчүн келген. Алардын ичинен болсо жеткен күнөөкөрү менмин.
16Кудай мага ырайым кылганда, Машаяк Ыйса дал ушул, жеткен күнөөкөр болгон мен аркылуу Өзүнүн чексиз сабырдуулугун көрсөттү. Ал муну келечекте түбөлүк өмүргө ээ болобуз деп, Ыйсага ишеним арткандарга үлгү болсун деген.

 

17Түбөлүктүн Падышасына, өлбөс, көзгө көрүнбөс, бирден-бир Кудайга кылымдардан кылымдарга урмат жана даңк болсун! Оомийин.

 

18Тиметей, балам, сага ушул насааттарымды мурда сен жөнүндө айтылган пайгамбарчылыктарды эске алып айтып жатам. Рухий салгылашууда жеңишке жетиш үчүн алар сага курал болуп,
19ишеним менен таза абийирди сактоого жардам болсун. Кээ бирөөлөр абийирин жеп, ишенимин курутушту.
20Алардын экөө — Именей менен Искендер. Кудайга тил тийгизгенин токтотсун деп, мен аларды шайтандын колуна тапшырган элем.

 

2

 

Жыйындын Кудайга табынышы

 

1Ошентип, эң алды көптөн-көп суранарым, бардыгыңар бир бириңер үчүн Кудайга жакшы тилектерди, сыйынууларды, өтүнүчтөрдү жана алкыштоолорду багыштап тургула.
2Сыйынууларыңарда падышалар менен колунда бийлиги бар кишилердин бардыгын да эскерип турганыңар ылаазым. Ошондо Кудай алдында такыбаа, эл алдында адил болуп, тынч жана бейпил өмүр сүрмөкпүз.
3Минткениңер дурус иш да болот, бизди Куткаруучу Кудайга да жагат.
4Ал ар бир адамдын куткарылышын жана чындыкты билип калышын каалайт.
5Анткени Кудай бирөө. Кудай менен адамдын ортосундагы арачы да бирөө. Ал — адам кейпин кийген Ыйса Машаяк.
6Жогортодон белгиленген мезгил-сааты келгенде, Ал бүтүндөй адамзат үчүн Өз өмүрүн берди. Мунун өзү Кудай бардык адамдарды куткаргысы келгенин билдирген жышаан болду.

 

7Кудай мени Өз кабарчысы, элчиси жана башка элдерге ишеним менен чындыктын устазы кылып жибергенинин себеби мына ушунда. Бул сөзүм чындык, мен калп айтып жаткан жерим жок.

 

8Ошентип, бирге ийбадат кылыш үчүн чогулганыңарда, эркектердин бардык ачуулануу менен талашып-тартышууларын таштап, Кудайга адал колдорун жайып сыйынып турушун каалар элем.

 

Аялдардын Кудайга табынуудагы орду

 

9Аялдарга да кааларым ушул. Кийингендери жөнөкөй, уят-сыйыттуу болуп, алар адеми жасалгаланган чачтары, же болбосо алтын же бермет менен кооздолгон буюмдары, же болбосо кымбат баалуу кийими эмес,
10кылган жакшылыгы менен көрүнсүн. Бул Кудайдан ыйбаа кылган аялдарга ылайык.

 

11Таалим алып жатышканда, үн катпастан, баш ийгенге үйрөнүшсүн.
12Аялдардын окутуучу болушуна же эркек кишини башкарышына жол берилбесин; алар чогулушта өзүн тынч алып жүрүүгө тийиш.
13Анткени Кудай биринчи Обону эмес, Адамды жараткан.
14Шайтанга алданган да Адам эмес эле. Шайтандын сөзүнө кирип, Кудайдын мыйзамын бузган аял болчу.

 

15Кантсе да, ишенимди бек туткан, мээрбан жана таза, өзүн сый-сыпаттуу алып жүргөн аялзаты бала төрөп жатканда, ажалдан аман калат.

 

3

 

Жыйын жетекчилери

 

1Ким жыйында жетекчи болууну эңсесе, эң жакшы иш каалаганы деген калыс сөз бар.
2Жыйын жетекчиси жүрүм-турумунда эч айыбы жок, бир эле аялы бар, эстүү, өзүн өзү кармай билген, адептүү, меймандос, таалим берүүгө ийкемдүү болушу керек.
3Ал ичкиликке берилбеген, ачууга алдырбаган, кичи пейил, урушуп-керишпеген, акчага суктук кылбаган,
4ошондой эле өз үй-бүлөсүн жакшы башкарган жана балдарынын урмат-сыйына татып, аларды тил алчаак кылып тарбиялоого жетише алган адам болууга тийиш.
5Себеп дегенде өз үй-бүлөсүн башкара албаган неме Кудай жыйынынын камын көрө алмак беле?
6Жыйын жетекчиси Кудайга жаңы эле ишенген адам да болбошу керек. Антпесе ал көөдөнүн көтөрүп, ибилис калган жазага кабылышы мүмкүн.
7Ошону менен бирге ал жыйындан тышкаркы элдин ичинде да кадыр-барктуу болууга тийиш. Антпесе сөзгө калып, шайтандын тузагына түшүшү мүмкүн.

 

Жыйындагы жардамчылар

 

8Ошондой эле жыйындагы жардамчылар да олуттуу, эки жүздүүлөнбөгөн, масчылыкка берилбеген, өз пайдасын көздөбөгөн;
9чыныгы ишенимдин аларга ачылып берилген купуя сырын бек карманып, абийирин таза сактаган адамдар болууга тийиш.
10Алар эң алды сыналып, сыноодон өткөндөн кийин гана биротоло жардамчылык ишке алынышы керек.
11Ошол сыяктуу аял жардамчылардын[1]да өзүн туура алып жүргөн, ушакчылык менен масчылыктан алыс, бардык ишинде ишенимдүү болгону ылаазым.
12Жыйын жардамчылары болуп бир гана аялы бар, балдарына туура тарбия берип, үй-жайын жакшы башкара билген адамдар дайындалсын.
13Себеби жардамчылык кызматын жакшы өтөгөндөр эл ичинде да кадыр-баркка жетишип, Ыйса Машаякка болгон ишеними туурасында да тайманбай сүйлөй алышат.

 

Кудай берген ишенимдин улуу купуя сыры — Машаяк

 

14Жакын арада өзүм силерге барып калам деген үмүттөмүн. Бирок ошентсе да, сага ушул көрсөтмөлөрдү жазып коюуну оң көрдүм.
15Эми кармалып калсам да, Кудай үй-бүлөсүнө кошулгандар катары ишенгендер өздөрүн кандай алып жүрүш керек экенин билгендей болосуң. Кудайдын үй-бүлөсү — бул тирүү Кудайдын жыйыны, ишенимдин тиреги жана пайдубалы.

 

 

16Кудай берген ишенимибизде улуу купуя сыр катылып жатканы айныгыс чындык: Ал жерге адам кейпин кийип келген,

 

Адилдигин Ыйык Рух далилдеген,

 

Асмандан периштелер көрүп Аны,

 

Кабары башка элдерге жеткирилген,

 

Дүйнөгө ишенимдин нуру жанган,

 

Даңкталып, Ал асманга кабылданган.

 

4

 

Жалган окутуулар тууралуу эскертүү

 

1Акыркы убакта кээ бирөөлөр жалганчы рухтарга кулак салып, жиндерден келген окутууларды карманып, чыныгы ишенимден четтеп кетишерин Ыйык Рух ачык-айкын айтып жатат.
2Мындай окутууларды абийирин жеген эки жүздүү калпычылар таратышат.
3Бул митаамдар үйлөнүүгө жана тамактын белгилүү түрлөрүн жешке болбойт деп үйрөтүшөт. Бирок ал тамактарды да Кудай жараткан. Ким Кудайга ишенип, чындыкты таанып билген болсо, ыраазычылык айтып сыйынуу менен алардан даам татса болот.
4Анткени Кудай жараткандын баары адал. Ошондуктан алардын эч биринен баш тартпай, бардыгын ыраазычылык билдирүү менен кабыл алган абзел,
5себеп дегенде Кудай Сөзүн окуп, сыйынып таткан даам арам болбойт.

 

Ыйса Машаяктын жакшы кызматчысы болуу

 

6Айткан акыл-насаатымды калган боордошторуңа айтып, бекем ишеним берүүчү жана өзүң жолдоп жүргөн чындыкты окутуучу сөз сенин рухий азыгың болсун. Ошондо Машаяк Ыйсанын жакшы кызматчысы болосуң.
7Маңыз сөздөр менен кемпирлер айтчу болмуштардан оолак бол. Андан көрө, өзүңдү Кудайга жаккандай жашоого машыктыр.
8Дене машыктыруунун да пайдасы жок эмес. Бирок ага караганда Кудайга жаккандай жашоого машыгуу бардык жагынан пайдалуу, себеби ал сени азыр да, келечекте да Кудай убада кылган өмүргө ээ кылат.
9Бул — калыс сөз. Аны толук ишенүү менен кабыл алсаң болот.
10Азыркыга дейре бой бербей күрөшүп да, эмгектенип да келгенибиздин себеби — бүтүндөй адамзаттын, айрыкча Жакшы Кабарга ишенгендердин Куткаруучусу болгон тирүү Кудайга бел байлаганыбызда.

 

11Аларга ушундай насаат айтып, ушундай үйрөт.
12Сага жаш деп эч ким өйдөсүнүп карабасын. Өзүң болсо башкаларга сүйлөгөн сөзүң жана жүрүм-турумуң менен, сүйүүң, ишенимиң, кынтыксыз жашооң менен үлгү бол.
13Мен келгичекти эл алдында Ыйык Жазууну окуп, насыят айтып, окутуп жүр.
14Пайгамбарчылык сөз айтылып, жыйын жетекчилери үстүңө колдорун койгондогу алган рухий касиетиңди барктай бил.
15Жогоруда айтылгандарды иш жүзүндө колдонуп, өзүңдү аларга арна. Ошондо бардыгы сен жетишкен ийгиликтерге күбө болушат.
16Өзүңө көз салып, эмнени үйрөтүп жатканыңды байка. Дайыма ушундай кылып жүр. Ошондо өзүң да куткарылып, сага кулак салгандарды да куткарасың.

 

5

 

Жыйындагыларга туура мамиле кылуу

 

1Сакалдуу кишиге насаат айтканыңда, сылык-сыпаа сүйлөп, өз атаңдай урматта. Жашыраак эркекти ага-иниңдей,
2улгайган аялды энеңдей көрүп, жашыраак кыз-келинге эже-карындашыңдай ызаттап таза мамиле кыл.
3Таянар кишиси жок калган жесирлерге сый көрсөтүп, алардын муктаждыктарын ойло.
4Ал эми жесирдин балдары же неберелери бар болсо, анда алар эң алды ишенгендер катары жакындарына кам көрүүнү үйрөнүшсүн да, ошону менен энесинин алдындагы милдетин аткарышсын, себеби бул Кудайга жаккан иш.
5Багар кишиси жок, жалгыз калган жесирлер болсо бар үмүтүн Кудайга артып, Андан жардам сурап, күнү-түнү сыйынып турушу керек.
6Бул жашоонун жыргалчылыгын гана ойлогон жесир көзү тирүү турганы менен, өзү өлүк.
7Жесирлер эл алдында кынтыксыз болсун үчүн аларга менин ушул насаатымды айт.
8Ал эми ким жакындарынын, өзгөчө өз үй-бүлөсүнүн камын көрбөсө, ал динбезер жана Кудайга ишенбеген адамдан да жаман.

 

9Жесирлердин тизмесине жашы алтымыштан ашкан, күйөөсүнүн алдында өзүн таза сактаган[2]жесирлерди киргиз.
10Алар ошондой эле өздөрүнүн жакшы иштери, балдарын жакшы тарбиялап өстүргөнү, конок тосо билген меймандостугу, момундук менен ыйыктарга кызмат кылганы, бей-бечараларга жардам бергени жана өздөрүн ар кандай жакшылык иштерди кылууга арнагандыгы менен таанымал болушу керек.

 

11Ал эми жашыраак жесирлерди тизмеге кошпой эле кой, себеби дене кумарына жетеленип, турмушка чыккысы келгенде, алар өздөрүн Машаякка арнагандыгынан баш тартып да коюшат.
12Натыйжада Машаякка берген убадасынан кечип, айыпталышат.
13Бул гана эмес, убактысын жумуш кылбай, бекерчиликте өткөрүп, үйдөн-үйдү кыдырууну адатка айландырып алышат. Мунусу аз келгенсип, ушак таратып, башкалардын иштерине кийлигишишет да айтылбай турган нерселерди айтышат.
14Андыктан, душмандарыбыз бизге тил тийгизбесин үчүн, жаш жесирлердин кайрадан турмушка чыгып, балалуу-чакалуу болуп, үй-жайын караганы оң деп эсептейм.
15Ансыз деле кээ бири эбак эле туура жолдон тайып, шайтанды ээрчип кетишти.
16Ишенген аялдардын кимисинин жесир калган тууган-туушкандары болсо, аларды жыйынга жүк кылбай, өздөрү жардам беришсин. Багар кишиси жок жесирлер гана жыйындын кароосунда болууга тийиш.

 

17Үзүрлүү эмгек өтөп, жыйынды жакшы башкарган жетекчилер, айрыкча насыят айтуу менен окутуу жаатында талыкпай иштегендер, өзгөчө урмат-сыйга жана кылган кызматына ылайык акы алууга татыктуу.
18Себеби Ыйык Жазууда «Эгин басып жаткан өгүздүн оозун калкалаба» жана «Жумушчу өз маянасын алууга акылуу»деп айтылган.
19Эки же үч күбө болмоюн, жыйын жетекчилерине карата айтылган айыптоолорго кулак салба.
20Күнөө кылууну адат кылып алгандарга элдин көзүнчө сөгүш бер. Мындай кылсаң, калгандары да күнөө кылуудан коркуп калышат.

 

21Кудайдын Өзүн, Эгебиз Ыйса Машаякты жана касиеттүү периштелерди күбө салып, сага катуу эскертем: айткандарымдын бирин да калтырбай сактап, эч кимди башкалардан артык көрбө да, эч нерседе бир жактуу болбо.
22Кол коюп сыйынуу менен тигил же бул адамды Эгебизге кызматчы кылып дайындаганыңда ашыкпа. Антпесе анын кылган күнөөсүнө сен да жооптуу болосуң. Эч кимдин күнөөлүү иштерине катышпа. Өзүңдү пакиза сактап жүр.

 

23Оорулуу ашказаның менен тез-тез кармап калчу сыркоолоруң үчүн суу гана эмес, бир аз шарап да ичип жүр.

 

24Бирөөлөрдүн күнөөсү азыртан, кыямат кайым боло электе эле көзгө көрүнүп турса, башкаларыныкы кийин гана ачыкка чыгат.
25Анын сыңары, кылынган жакшылык да же дароо эле ачык көрүнөт, же азыр ачык көрүнбөгөнү менен баары бир белгисиз калбайт.

 

6

 

Кул өз ээсин сыйлай билүүгө тийиш

 

1Кимдир бирөөнүн кулу болгондордун баары, эгерде Кудайдын атына жана биз тараткан окутууга тил тийгизбейли десе, өз төрөлөрүнө бардык жагынан урмат-сый көрсөтүшсүн.

 

Жалган окутуу жана чыныгы дөөлөт

 

2Кимдин төрөсү Машаякка ишенген киши болсо, андайлар ээсинин ишенимдеш болгонуна шылтап беделин түшүрүшпөсүн. Андан көрө, ээсинин сүйүктүү боордош экенин билип, ага кайра көбүрөөк дитин коюп кызмат кылышсын. Боордошторуңа мына буларды насаатта.

 

3Кимде-ким Эгебиз Ыйса Машаяктын калтырган акыйкат сөздөрүнө жана Кудайга жаккандай жашообузга негиз болчу таалимге макул болбостон, мен насааттап жаткандарымдан бөлөк нерселерди окутса,
4анда ал көөдөнүн көтөрүп, чындыктын жытын да билбегени. Андайлар үчүн сөзгө асылып талашып-тартышуу менен чатакташуу өзүнчө эле кумар болуп калган. Анткендери болсо кызганыч, жаңжал, жамандашуу, шектенүү гана туудуруп,
5акылынан айнып, чындыкты унуткан адамдардын түгөнгүс айтышууларынан башка эч нерсеге алып келбейт. Алардын ойлогону Кудайга жармашып, байлыкка жетүү.

 

6Албетте, колубузда барына ыраазы болгонго үйрөнсөк, Кудайга ишенгенибиз бизди чыныгы байлыкка ээ кылат.
7Адам баласы жарык дүйнөгө жылаңач келип, жылаңач кетет эмеспи.
8Андыктан жээр тамагыбыз, киер кийимибиз бар болсо, ошого каниет кылалы.
9Жанакы ач кулкумун ойлогондор болсо азгырыкка кирип, өз кумарынын тузагына түшүштү да, акылынан ажырап, өздөрүнө зыян келтирүүдө. Кылган күнөөлөрү аларды апат болор жерге сүйрөп, акыры биротоло ойрон кылат.
10Анткени бардык күнөөнүн түбү — дүнүйөкорлукта. Кээ бирөөлөр байлыктын артынан сая түшүштү да, ишеним жолунан адашып, баштарына канчалаган кайгыларды үйүштү.

 

Чыныгы ишеним майданы

 

11Сен болсо, Тиметей, Кудайдын өкүлү экениңди унутпай, булардын баарынан оолак бол. Андан көрө, жан-дилиң менен Кудайга берилүүгө, Ага жаккандай өмүр сүрүүгө, Машаякка болгон ишенимиңди арттырууга, мээримдүү болууга, кыйынчылыктарга алдырбоого жана башкалардын алдында кичи пейил болууга умтул.
12Туткан ишенимиң үчүн күчүңдүн барынча күрөшүп, түбөлүк өмүр байгесин ут. Кудай сени дал ушундай өмүргө ээ болсун деп чакырган. Канча деген адамдар өз ишенимиңди жалтанбастан ачык жарыялаганыңа күбө болушту.
13Бардыгына өмүр берген Кудайдын алдында жана Понтий Пилатка алынып келингенде кайраттуулук менен ишенимин ачык жарыялаган Ыйса Машаяктын алдында сага буюрам:
14берген көрсөтмөлөрүмдү Эгебиз Ыйса Машаяктын келер күнүнө чейин бек карманып, эч ким айыптай албагандай так аткарып жүр.

 

 

15Жеткенде белгиленген мезгил-сааты,

 

Көрсөтөт бардыгына Машаякты

 

Бирден-бир даңазалуу Башкаруучу,

 

Бүтүндөй падышалар Падышасы,

 

Бүтүндөй эгелердин Эгедери,

 

16Бирден-бир түбөлүккө Бар болуучу;

 

Ал турат эч ким жеткис жарык-нурда,

 

Эч качан адам Аны көргөн эмес,

 

Ал турсун, көрүүгө да дареметсиз.

 

Урмат-даңк, түбөлүккө күч-кудурет,

 

Бардыгы — жалгыз Ага! Оомийин.

 

 

17Колунда ушул дүйнөнүн байлыгы барларга эскертип кой: менменсинбесин да, өтүп кетер байлыгына ишенбей, андан көрө, жыргалчылыгыбызды ойлогон, бизге ырыс-кешигин үзбөй берип турган айкөл Кудайыбызды медер тутушсун.
18Жакшылык кылып, жакшы иштерге байышсын деп буюр. Жоомарт болуп, колунда барын башкаларга берүүгө даяр болушсун.
19Ошондо алар келечегинин бекем пайдубалы болор чыныгы дөөлөттү топтоп, түбөлүк өмүрдү энчилешет.

 

Жекече насаат айтып, бата тилөө

 

20Тиметей, өзүңө ишенип тапшырылгандын баарын сактап жүр. Келжирек, кесир сөздөрдөн жана жалган «билимпоздуктан» келип чыккан талаш-тартыштардан оолак бол.

 

21Кээ адамдар ошол өңдүү «билимге» берилип кетип, акыры өздөрү ишеним жолунан адашып калышты. Кудайым баарыңа ырайым кылсын!

 

 

 

2 Тиметей

1

 

Саламдашуу

 

1Машаяк Ыйса менен биримдикте жашагандарга Кудай түбөлүк өмүр тартуу кылгандыгын жар салыш үчүн жиберилип, Анын амири боюнча Эгебиздин элчиси болгон Пабылдан

 

2сүйүктүү уулум Тиметейге дубай салам! Ылайым эле Кудай Атабыз менен Эгебиз Ыйса Машаяк сага ырайымдуу жана кайрымдуу болуп, тынччылык берсин!

 

Ыраазычылык келтирип, Тиметейге кайрат берүү

 

3Сени ойлоп, күнү-түнү сыйынганымда, ата-бабаларыма окшоп ак дилимден кызмат кылып келген Кудайыма дайыма ыраазычылык билдирип турам.
4Коштошкондогу көз жашыңды эстегенде, кайрадан сени менен көрүшүп кубанычка толгум келет.
5Кудайга чын жүрөгүңдөн берилип ишенгениң да эсимде. Бул ишеним башында таенең Лой менен энең Уникенин жүрөгүнөн орун алган. Эми ал сенин жүрөгүңө да уялаганына көзүм жетип турат.
6Андыктан эскертем: үстүңө колумду коюп, Кудайдын батасын тилеп сыйынганымда алган рухий касиеттериңди колдонуп, улам өркүндөтүп тур.
7Анткени Кудайдын Руху бизди коркок кылбайт. Тескерисинче, кудурет-күчүнө бөлөп, мээримдүү болгонго жана өзүбүздү кармай билгенге үйрөтөт.

 

Жакшы Кабар айтуудан уялба

 

8Ошондуктан элге Эгебиз тууралуу айтуудан жана Ага ишенгендигим үчүн абакта отурганымдан уялба. Андан көрө, Кудайдын кудуретине таянып, Жакшы Кабарды жеткирүүдө тарткан азаптарымды тең бөлүш.

 

 

9Кудайым бизди Өзүнө тандап алды,

 

Куткарып, ыйык эли кылып алды.

 

Татырлык жакшы иштерди кылбасак да,

 

Ал бизге боору ачып, ырай этип,

 

Машаяк Ыйса аркылуу баарыбызга

 

Өзүнүн ырайымын көрсөтөм деп,

 

Бул аалам башталардан мурун эле

 

Алдына муну максат кылып алды.

 

10Мына эми, акырында Машаяктын,

 

Куткаруучу Ыйсанын келгенинде,

 

Шум ажалдын бийлигин жойгонунда,

 

Түбөлүктүү өмүрүн бизге сунуп,

 

Жакшы Кабар чындыгын айтканында

 

Жараткандын ырайымы бизге ачылды.

 

 

11Кудай мени дал ушул Жакшы Кабардын жарчысы, элчиси жана устаты кылып дайындаган.
12Азап чегип, ушундай кыйынчылыктарды башымдан кечирип жатканымдын себеби — мына ушул. Бирок менин уятка калгыдай жөнүм жок, себеби Кимге бел байлап, Кимге ишенгенимди билем. Өмүрүмдү Анын колуна тапшырган мени Өзүнүн кайтар күнүнө дейре аман сактаганга Анын кудурети жетет.

 

13Менден уккан-көргөнүңдү чыныгы таалимдин үлгүсү катары жетекчиликке алгын да, Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышыңды сактап, ишенимге таянып, башкаларга мээримдүү болуп жаша.
14Ичибизде жашаган Ыйык Рухтун кудуретине сүйөнүп, өзүңө табышталган жакшы нерселерди сактап жүр.

 

15Сага белгилүү болгондой, Асия аймагындагылардын баары, алардын ичинде Фигел менен Эрмоген да мага аркасын салып кетишти.
16Онисифордун үй-бүлөсүнө Эгебиз ырайым кылсын. Канча ирет ал мени жубатып, абакта отурганымдан уялбады.
17Тескерисинче, Римге келгенде, мени тынбай издеп жүрүп, акыры тапкан эле.
18Эгебиз кайра кайтар күнүндө ага ырайымдуу болсун! Эфесте болгонумда да анын мага канча жардам бергенин сен өзүң жакшы билесиң.

 

2

 

Машаяк Ыйсанын мыкты жоокери бол

 

1Ошентип, уулум, Кудайдын Ыйса Машаяк аркылуу көрсөткөн ырайымына таянып, андан күч-кубат ал.
2Көптөгөн күбөлөрдүн алдында жар салганымда уккан таалимди аны башкаларга да бере алган, ишенимдүү кишилерге аманатта.

 

3Бардыгыбыз тарткан азаптарды Машаяк Ыйсанын мыкты жоокери катары биз менен кошо тартыш.
4Аскердик милдетин өтөп жаткан жоокер аскер башчысына жагууну гана көздөп, күндөлүк тиричилик көйгөйлөрүнө алагды болбойт.
5Анын сыңары, жарышка чыккан киши да жеңишке бардык эрежени аткарып жетмейин байгеге ээ болбойт.
6Жыйналган түшүмдөн биринчи болуп өз үлүшүн кара терге түшүп эмгектенген дыйкан алууга тийиш.
7Айткандарымды жакшылап ойлон. Бардыгын түшүнүүгө Эгебиз Өзү жардам берет.

 

8Ыйса Машаякты эстесең! Өзүм тараткан Жакшы Кабарда айтканымдай, Дөөт падышанын урпагы болгон Аны Кудай өлгөндөн тирилткен.
9Мына эми ушул Жакшы Кабарды таратканым үчүн мен азап тартып, атүгүл кылмышкер сыяктуу кишенделип да олтурам. Бирок Кудайдын Сөзүн кишендеш мүмкүн эмес!
10Андыктан Кудайдын тандалган эли үчүн, алар дагы Машаяк Ыйса аркылуу куткарылып, Анын түбөлүктүү улуулугуна бөлөнсүн үчүн, бардыгына чыдап келатам.

 

 

11Мындай акыйкат сөз бар: Ыйса менен биз кошо өлгөн болсок,

 

Түбөлүк өмүрүн да бөлүшөбүз;

 

12Кыйындык-азаптарды көтөрө алсак,

 

Аны менен бийлик да жүргүзөбүз;

 

Баш тартсак, Машаякты тааныбастан,

 

Тааныбай коёт бизди Машаяк да;

 

13Биз Ага ишенимсиз болсок дагы,

 

Машаяк ишенимдүү кала берет,

 

Себеби Ал Өзүнөн баш тарта албайт.

 

Мактоого татыган кызматкер бол

 

14Айткандарымды боордошторуңдун эстерине сал да, сөзгө асылып талашып-тартышпасын деп, Кудайды күбөгө чакырып катуу эскерт. Куру айтышуулар жакшылыкка алып келбейт, тек гана уккандарга кесепети тиет.

 

15Ишинде уятка калбаган, чындыкты элге туура жеткире билген кызматчы катары Кудайга жаккандай болуш үчүн колуңдан келгендин баарын кыл.
16Кудайды карабай, ыгы жок айтышуудан оолак бол. Анткендер Кудайдан ого бетер четтеп калышат.
17Алардын окуткандары ырбап, бүтүндөй денени куураткан жугуштуу жарага окшош. Булардын арасында Именей менен Филит да бар.
18Чындыктан адашкан бул экөө Кудай бизди эбак эле кайра тирилтип алган дешип, кээ бирөөлөрдүн ишенимине доо кетиришүүдө.
19Бирок Кудайдын салган негизи козголгус. Ошонун бооруна «Эгебиз Өзүнө таандык болгондорду билет»жана «Ким өзүн Эгебиздин үмөтүмүн десе, мурдагы кыянат иштеринен баш тартсын» деген сөздөр мөөр сымал басылган.

 

20Үй чарбасы чоң болсо, андагы идиш-аяктар да ар түрлүү болот: алардын бир даары алтын менен күмүштөн жасалса, бир даары кадыресе жыгач менен чоподон жасалган, бири кымбат баалуу кумура болсо, башкасы жөнөкөй чөйчөк.
21Анын сыңары, ким айтылып кеткен жамандыктын баарынан оолак болуп, өзүн таза сактаса, Кудай да аны баалуу идиш сыяктуу өзгөчө максат үчүн колдонот. Себеби мындай адам өзүн Кудайга арнайт да, Ээсине пайда алып келгидей, бардык жакшы ишке колдонулуш үчүн даяр болот.
22Андыктан жаштыктын азгырык-кумарларынан баш тартып, андан көрө, чын ниети менен Эгебизге кайрылып, жардамды Андан гана күткөндөр менен бирге адилдикке, ишенимге, сүйүүгө жана тынччылыкка умтул.
23Акылсыз, маңызы жок айтышуулардан оолак бол; алар уруш-жаңжал гана алып келерин сен өзүң жакшы билесиң.
24Ал эми Эгебиздин кызматчысы болсо эч ким менен урушуп-керишпей, тескерисинче, бардыгына кичи пейил, акыл-насаат айта билген, сабырдуу,
25каршылаштарынын катачылыктарын мээримдүүлүк менен түзөтө алган киши болууга тийиш. Ким билсин, балким, ниетин өзгөртүп, чындыкты билип калууга Кудай аларга мүмкүнчүлүк берип калгысы бардыр.
26Ошондо акыл-эсине келишет да, аларды туткундап, өз эркине баш ийдирип алган ибилистин тузагынан бошоно алышат.

 

3

 

Адамдардын акыркы күндөрдө Кудайдан безиши

 

1Эсиңе түйүп ал, Тиметей: акыркы күндөр апаттуу болот.
2Себеби адамдар өзүнүн гана керт башын ойлоп, акчага сугалак, мактанчаак, текебер, кесир болуп, ата-энесинин тилин албай, алкышты билбей, эч нерсени ыйык тутпай калышат.
3Алар адамгерчилик менен кайрымдуулукту билишпей, башкаларга жалаа жаап, өздөрүн өздөрү кармай алышпай, мерез болуп, жакшылыкты жек көрүшөт.
4Бири бирине чыккынчылык кылып, алдын-кийинин ойлобой, көпкөнүнөн көөдөнүн көтөргөн алар Кудайдан көрө, өз жыргалчылыгын артык көрүшөт.
5Сыртынан кудайчыл көрүнгөнү менен, чын-чынына келгенде, кудайчылдыктын нагыз кудурет-күчүнөн баш тартып кеткен болушат. Мындайлардан кач!
6Алардын кээ бири өзүнүн ким экенин жашырып, элдердин үйлөрүнө кирип алышат да, күнөөгө белчесинен баткан, ар түркүн кумарларга жетеленген шалаакы аялдарды ээликтирип, өздөрүнө баш ийдирип алышат.
7Бул аялдар ар дайым таалим алууга умтулганы менен, чындыкты билбеген бойдон кала беришет.
8Акылы адашкан, ишеними сокур тыйынга да арзыбаган мындай жалган окутуучулар азирети Мусага каршы чыккан Жанес менен Жамбиреске окшоп, чындыкка каршы чыгышат.
9Бирок алардын билбестиги менен акылсыздыгы бардыгына айкын болуп, тез эле иши бүтүп калат. Өз убагында Жанес менен Жамбирес да ушундай болгон.

 

Пабылдын Тиметейге өрнөк болушу

 

10-11Сен болсо, Тиметей, берген таалимиме көңүл коюп, жүрүм-турумуңда менден үлгү алып, алдыңа меникиндей максат койдуң. Ыйсага канчалык ишенгениме, кантип бардык кыйынчылыктарды көтөрүп, бардыгына мээримдүү, чыдамдуу болгонума, канча куугунтукту башыман өткөрүп, канча запкы жегениме күбө болдуң. Антахияда, Иконияда жана Листрада эмне болгонум, не деген катуу куугунтукка кабылганым да сага белгилүү. Бирок Эгебиз мени ошонун баарынан аман алып калды!
12Машаяк Ыйса менен биримдикте Кудайга жаккандай жашагысы келген ар бир адам куугунтукка кабылары бышык.

 

13Кара ниеттер менен көз боёмочулар андан бетер жамандык кылып, башкаларды алдап, өздөрү да алданышат.
14Ал эми сен үйрөнүп, чындык экенине көзүң жеткендерди бек карман, себеби кимден таалим алганыңды билесиң.
15Жаштайыңдан билип калган Ыйык Жазуулар акылман кылып, Машаяк Ыйсага арткан ишенимиң аркылуу сени куткарылууга жолдойт.
16Ыйык Жазуулардын бардыгы Кудай деминин аркасы менен жазылган. Андыктан алар чындыкты окутуп-үйрөтүүдө, күнөө кетиргендерди ашкерелөөдө, жаңылышкандарды туура жолго салууда жана ишенгендерди адилдикке тарбиялоодо өтө пайдалуу.
17Аларды колдонуп, Кудайга кызмат кылган адам бардык жакшы ишке камданып, даяр болот.

 

4

 

Бардык иште ишенимдүү болууга чакыруу

 

1Кудайыбыздын жана тирүүлөр менен өлгөндөрдүн Соттоочусу, Өз өкүмүн жүргүзүүгө келе жаткан Падышабыз Ыйса Машаяктын алдында сага катуу эскертерим бул.
2Кудай Сөзүн ал-акыбалыңдын жаман-жакшысына карабай, ар дайым бардык дитиңди коюп насыятта! Бирөөлөрдү туура жолго салганыңда, ашкерелегениңде, кайрат бергениңде, насаат айтып окутканыңда аябагандай сабырдуу бол.
3Анткени адамдар туура окутууларга кулак салбай, анын ордуна, өз каалоолоруна жетеленип, устаттан устатка барып, көңүлүнө жакканын гана угушар мезгил да келет.
4Алар чындыкты этибарына албай, бардык назарын курулай уламыш-болмуштарга салышат.
5Ал эми сен бардык учурда акыл-эстүү, кыйынчылыктарга көтөрүмдүү болуп, Жакшы Кабар таратканыңды токтотпой, өзүңө тапшырылган кызматты толук аткар.

 

6Менин болсо каным төгүлүп, курман болуп, жарык дүйнө менен кош айтышар убагым келди.
7Рухий майданда күчүмдүн барынча күрөшүп, жарышымдын марасына жетип, ушуга дейре ишенимден тайбай келдим.
8Эми жеңүүчүнүн байгесин — такыбаалык таажысын алганы калдым. Адилеттүү Соттоочубуз, Эгебиз Ыйса кайтып келген күнүндө аны мага Өз колу менен ыйгарат. Бул байгеге жалгыз эле мен эмес, Эгебиздин келишин чыдамсыздык менен күткөндөрдүн баары ээ болушат.

 

Жеке көрсөтмөлөр

 

9Тиметей, колуңдан келишинче аракет кылып, мага тез арада келип калгыдай бол.
10Анткени Димастын көңүлү ушул дүйнөгө ооп, мени таштап, Тесалоникага кетип калды. Кирискент менен Тит болсо, бири Галатияга, экинчиси Далматияга жөнөп кетишти.
11Жанымда Лукадан башка эч ким калган жок. Маркты таап, өзүң менен кошо ээрчите кел, себеби менин ишиме анын жардамы тийгидей.
12Тихикти мен Эфеске жөнөтүп жибергем.
13Келгениңде, Троасдагы Карыптыкында калтырган чапанымды, ошондой эле кол жазмаларымды, өзгөчө булгаарыга жазылгандарын ала кел.

 

14Темирчи Искендер мага көп жамандык жасады; анын тиешесин эми Эгебиз Өзү берер.
15Сен дагы андан абайлап жүр, себеби ал биз тараткан Жакшы Кабарга катуу каршылык көрсөтүүдө.

 

16Сот алдында алгач жооп бергенимде, мени эч ким жактабады. Тескерисинче, бардыгы менден баш тартып кетишти. Эми Кудайым алардын кылганын өздөрүнө каршы бурбагай эле.
17Кантсе да, Эгем Өзү мени колдоп, Анын Кабары мен аркылуу толугу менен жар салынып, башка улуттагылардын баары андан кулагдар болушу үчүн мага күч-кубат берип, «ажыдаардын оозунан» аман алып калды.
18Мындан ары да Эгебиз мага келген бардык жамандыктын мизин кайтарып, Өзүнүн асмандагы Падышачылыгына жеткирери анык. Бардык алкыш-даңк Ага гана болсун! Оомийин.

 

Соңку сөз жана бата тилөө

 

19Приска менен Акилага жана Онисифордун үй-бүлөсүнө менден салам айтып кой.
20Эраст Корунт шаарында калып, Трофимди болсо ооруп калганынан өзүм Милет шаарында калтырууга аргасыз болдум.

 

21Кышка дейре келип калганга болушунча аракет кыла көр. Убул, Пудей, Лин жана Клавдия сага салам жолдоп, калган боордошторуң да алардын саламына кошулушту.

 

22Эгем силерге кубат берсин!

 

Кудайым баарыңа ырайым кылсын!

 

 

Тит

1

 

Саламдашуу

 

1Кудайдын кулу, Ыйса Машаяктын элчиси Пабылдан Титке дубай салам.

 

Мен Кудай тарабынан дайындалып, Анын Өзү үчүн тандап алган адамдарынын ишенимин бекемдеп, аларды Кудайга жаккандай жашоого жолдогон чындыкты үйрөтүш үчүн жиберилген болчумун.
2Бул чындык Кудай бизге тээ башынан эле убада кылган түбөлүк өмүргө ээ болобуз деген үмүткө негизделген. Ал эми Кудай эч качан жалган айтпайт.
3Андыктан убагы келгенде, Ал муну Өз Сөзүн жар салдырып белгилүү кылды. Куткаруучубуз Кудайдын буйругу менен бул милдет мага да ыйгарылган болчу.

 

4Бардыгыбызга берилген ишеним башыбызды бириктирип, өз уулумдай болуп калган Тит,

 

Кудай Атабыз менен Куткаруучубуз Машаяк Ыйса сага ырайымын төгүп, тынччылыгын берсин.

 

Титтин Крит жыйынындагы кызматы

 

5Сени Крит аралына калтырганымдын себеби, ал жактагы бүткөрүлбөй калган иштерди иретке келтирип, ар бир шаар-кыштакта өзүм берген көрсөтмөлөргө ылайык жыйын жетекчилерин дайындасын дегем.
6Жыйын жетекчилери кынтыксыз, бир эле аялы бар, балдары Кудайдан ыйбаа кылган, эл арасында адепсиз же тоң моюн атка конбогон болууга тийиш.
7Кудай кызматына дайындалган киши катары жыйын жетекчиси эл алдында кынтыксыз, менменсибеген, ачууга оңой алдырбаган, ичкиликке берилбеген, урушуп-керишпеген, пайдакор эмес,
8тескерисинче, меймандос, колунан жакшылык гана келген, өзүн өзү кармай билген, адил, такыбаа, адептүү адам болууга тийиш.
9Ошондой эле туура окутуунун негизинде насааттап, каршы чыккандарды ашкерелеш үчүн ал өзү биздин үйрөткөндөрүбүзгө ылайык, чындыкка шайкеш кабарды бек карманып жүрүшү керек.
10Анткени баш ийбей кеткендер, куру сөз сүйлөгөндөр жана элди алдагандар көбөйгөндөн көбөйүп, айрыкча, азыркыга дейре иудей салтын карманып жүргөндөрдүн арасында көп кездешүүдө.
11Алардын тилин тыйдырбаса болбой калды, себеби алар арам пайданы көздөп, окутканга укугу жок нерселерди окутмакчы болуп, бүтүндөй үй-бүлөлөрдү туура жолдон адаштырып жатышат.

 

 

12Өздөрүнүн эле арасынан чыккан даанышман мындай деген экен: «Криттиктердин оозунан

 

Чыкпайт чындык сөздөрү,

 

Коркунучтуу, эринчээк,

 

Айбандардай өздөрү».

 

 

13Бул сөз — калетсиз чындык.

 

Андыктан аларды ашкерелеп, туура ишенимди тутушсун үчүн катуу эскертип кой.
14Иудей болмуштарына жана чындыктан безген немелердин өз билгенин таңуулап айткандарына кулак төшөбөсүн.
15Алар: «Ким өзү адал болсо, ал үчүн бардык нерсе адал. Ал эми бузулган, ишеними жок адам үчүн бардыгы арам болот», — дешет экен. Бирок чындыгында алардын өз акылдары адашып, өз абийирлери бузулган.
16Мындайлар оозу менен Кудайды тааныйбыз дегени менен, кылган иштери эле бул сөзүн жокко чыгарып таштайт. Алар элге жек көрүндү болуп, Кудайга моюн сунушпайт да колдорунан эч жакшылык келбейт.

 

2

 

Жыйындагы ар кандай топторго карата берилген көрсөтмөлөр

 

1Ал эми сен, Тит, туура окутууга төп келген нерселерди гана айтып жүр.
2Улуураак эркектер кыраакы, кадыр-барктуу, салабаттуу, ишеними бек, башкаларга мээримдүү, кыйынчылыктарга көтөрүмдүү болушсун.
3Ошондой эле улуураак аялдар да өздөрүн Кудайга арнаганын унутпай, жүргөн-турганы ошого ылайык болууга тийиш. Эч кимге жалаа жаппай, ичкиликке берилбей, андан көрө, башкаларга жакшы акыл-насааттарын айтып,
4жаш келиндерди күйөөлөрү менен балдарын сүйүүгө,
5жана эч ким Кудай Сөзүнө тил тийгизбеш үчүн, өздөрүн токтоо жана таза сактап, үй-жайын жакшы карап, мээримдүү болуп, күйөөлөрүнө баш ийүүгө үйрөтүшсүн.

 

6Ошондой эле жаш жигиттерге өздөрүн кармай билишсин деп насаатта.
7Аларга ар иштеги адептүү жүрүм-турумуң менен өрнөк бол. Таалим бергениңде ак ниет жана олуттуу болуп, элдин урмат-сыйына таты.
8Сүйлөгөн сөздөрүң айыпталбагыдай, дайыма жөндүү болсун. Ошондо каршылаштарың биз тууралуу жаман сөз айта албай, өздөрү эле уятка калышат.

 

9Кулдарды өз кожоюндарына моюн сунуп, аларга жаккандай иш кылууга чакыр. Ээсине каршы сөз сүйлөбөй жана
10уурулук кылбай, анын ордуна толук ишенимдүүлүгүн көрсөтүшсүн. Ошондо алардын жүрүм-турумун көргөндөрдүн баары Куткаруучу Кудайыбыз тууралуу таалимди зор урмат-сый менен кабыл алышат.

 

Кудайдын бүтүндөй адамзатты куткаруучу ырайымы

 

11Кудай Өз ырайымын төгүп, аны менен бүтүндөй адамзатты куткаргысы келгенин ачык-айкын билдирди.
12Ал бизди Өзүнө жакпаган эски жашообуз менен бул дүйнөнүн кумарларынан баш тартып, азыркы заманда өзүбүздү тизгиндеп, адил жана Кудайга жагарлык өмүр сүрүүгө жолдоп турат.
13Биз илгери үмүт менен улуу Кудайыбыз жана Куткаруучубуз Ыйса Машаяк зор салтанат менен көрүнүп келе турган даңазалуу күндү күтүп жатабыз.
14Бизди ар кыянаттыктан бошотуп, ыпластыктан тазартып, Өзүнүн өзгөчө, жакшылык кылууга ынта койгон эли кылып алыш үчүн Машаяк бизге арнап Өз жанын курмандыкка берген.

 

15Элге мына ушуларды айтып, колуңдагы бийликти колдонуп, насааттап да, ашкерелеп да тур. Алардын эч кимиси сага бой көтөрүп карабасын.

 

3

 

Ишенгендер өздөрүн кандай алып жүрүшү керек

 

1Өз адамдарыңа алар бардык башчылар менен колунда бийлиги барларга баш ийип, айткандарына моюн сунуп, бардык жакшылыкка даяр болушу керектигин эскерт.
2Эч кимди каралабай, урушуп-керишпей, андан көрө, бардыгына ачык маанай менен мамиле кылышып, кичи пейил болушсун.
3Анткени бир кезде биз да акылсыз, тоң моюн болуп, алданып-адашып, ар кыл кумарлар менен жыргалчылыктын кулу элек. Караниеттик жана көрө албастык менен күн өткөрүп, башкалардын итиркейин келтирип, бири бирибизди жек көрчүбүз.
4Бирок Куткаруучубуз Кудай Өз кайрымы менен мээримин көрсөтүп,
5бизди куткарып алды, болгондо да кылган жакшылыктарыбыздан улам эмес, тек гана Өзүнүн ырайымы менен. Ал бизди Ыйык Рух аркылуу аруулап, кайрадан жаратып, жаңылап алды.
6Кудай Ыйык Рухун үстүбүзгө Куткаруучубуз Ыйса Машаяк аркылуу молунан төктү.
7Ошентип Ал бизди Өз ырайымы менен актап, убада кылган түбөлүк өмүр энчисин алабыз деген илгери үмүт берди.

 

8Бул сөз — айныгыс чындык. Андыктан мен дагы, Тит, Кудайды медер туткандар жакшы иштерди кылууга ынтасын койсун үчүн элдин көңүлүн айрыкча ушул нерселерге бурууңду каалар элем. Алар адам баласы үчүн жакшы да, пайдалуу да.
9Ал эми ыгы жок тирешүүлөрдөн жана санжыра териштирүүлөрдөн, Тоорат мыйзамынын тегерегиндеги талаш-тартыш менен жаңжалдан оолак бол. Алардын маңызы да, эч пайда-батасы да жок.
10Элди бөлүп-жаргандардын баарына бир-эки жолу эскертүү бергин да, укпаса, андан ары эч катышпа.
11Өзүң билесиң, мындайлар бузулган адамдар: муну кылган күнөөлөрү эле ашкерелеп турат.

 

Соңку сөз жана бата тилөө

 

12Мен сага Артем менен Тихикти жибергенимде, Никопол шаарына келип, мени менен көрүшүп кетүүгө аракет кылсаң. Мен ошол жерде кыштоону чечтим.
13Мыйзамчы Зен менен Аполго колуңдан келген жардамыңды берип, өзүң жөнөтүш. Алар эч нерседен кем-карч болбосун, ошого кам көрүп кой.
14Криттеги боордошторубуз да муктаждыгы барларга кам көрүп, үзүрлүү жашоого көнүгүш үчүн жакшылык кылууга аралашышы керек.

 

15Жанымдагылардын баары сага салам жолдоп жатышат. Сен дагы ал жактагы бизди сүйгөн ишенимдештерибизге салам айтып кой.

 

Кудайыбыз баарыңа ырайым кылсын!

 

 

Филемон

 

Саламдашуу

 

1Машаяк Ыйса үчүн түрмөдө отурган Пабылдан жана боордошубуз Тиметейден сүйүктүү кызматташыбыз Филимонго,
2сүйүктүү карындашыбыз Апияга жана биз менен бирге жоокердей кызмат өтөп жүргөн Архипке, ошондой эле сенин үйүңдө чогулуп жаткан жыйынга салам айтабыз!

 

3Кудай Атабыз жана Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым кылып, тынччылыгын берсин!

 

Ыраазычылык келтирүү

 

4Мен сыйынган сайын сени эстеп, дайыма Кудайга ыраазычылык айтам.
5Анткени Эгебиз Ыйсага ишенип, бардык ыйыктарды сүйгөнүң жөнүндө кулагдармын.
6Сенин ишенгендер катары биз менен болгон алакаң Машаяк менен тыгыз жашаганда ээ болчу жакшылыктарды тереңирээк түшүндүрсүн деп сыйынам.
7Боордош, сенин боорукерлигиң мени катуу кубантып, чоң дем берди, анткени башкаларга жакшылык кылып, ыйыктардын көңүлүн көтөрдүң.

 

Онисим үчүн сураныч

 

8Ошондуктан Машаякка ишенген боордош катары «мындай кыл!» деп буйрук бере алсам дагы,
9сени жакшы көргөнүмдөн, өзүңө бир өтүнүч менен кайрылууну туура көрдүм. Мен, Пабыл карыя, эми болсо Машаяк Ыйса үчүн туткун,
10түрмөдө жатканда мага уул болуп калган Онисим үчүн бир суранайын дегем.
11Бир кезде анын сага кереги болбогон экен, эми ал сен экөөбүзгө тең аябай керек.[1]

 

12Менин боор этим менен тең аны сага кайра жиберип жатам.
13Жакшы Кабар үчүн түрмөдө отурганымда, сенин ордуңа мага жардам кылсын үчүн аны жанымда эле калса дегем.
14Бирок сенин макулдугуңсуз эч нерсе кылгым келген жок. Кыла турган жакшылыгың бирөөнүн кысымынан эмес, өз каалооң менен болсун дедим.
15Балким анын бир аз убакыт кетип калганы, биротоло кабыл алышың үчүн болгондур.
16Эми ал кул эмес, кулдан жогору турган сүйүктүү боордошуң. Аны мен өтө жакшы көрөмүн. Бирок адам катары да, Эгебизге ишенген боордош катары да ал сага өтө кымбат!

 

17Ошондуктан мени жакын шеригим десең, мени кабыл алгандай, аны да кабыл ал.
18Ал сага бир жамандык кылса же бересеси болсо, аны менин мойнумда деп эсепте.
19Мен, Пабыл, муну өз колум менен жаздым: мен төлөп берем. (Сен мага куткарылган өмүрүң үчүн карыздар экениңди айтпай ак коёюн.)
20Ошондуктан, боордош, эми сен Эгебиз үчүн мага жакшылык кыл. Машаякка ишенген боордош катары санаамды тынчыт!

 

21Муну мени угат деген үмүт менен жаздым. Сен мен сурангандан да көптү кыларыңды билем.
22Ошону менен бирге мен үчүн бир бөлмө даярдап койчу. Себеби Кудай сыйынууңарды угуп, мени силерге жеткирет деп ойлойм.

 

Соңку сөз жана бата тилөө

 

23Сага мени менен бирге Машаяк Ыйса үчүн түрмөдө отурган Эпафрас,
24шериктерим Марк, Аристарх, Димас жана Лука салам жолдошот.

 

25Ылайым Эгебиз Ыйса Машаяк Өзү жар болуп, ырайым кылсын! Оомийин.

 

 

 

Эврейлер

1

 

Кудай адамзатка Өз Уулу аркылуу сүйлөдү

 

1Өткөн замандарда Кудай биздин ата-бабаларыбызга көп ирет жана ар кандай жолдор менен Өзүнүн пайгамбарлары аркылуу сүйлөгөн.
2Эми ушул акыркы күндөрдө болсо бизге Өз кабарын Уулун жиберип айттырды. Ааламды ошол Уулу аркылуу жаратып, Аны бардыгына мураскор кылып дайындады.
3Кудайдын улуулугу Уулунан жаркырап көрүнүп, Анын табияты дал Кудайдын Өзүнүкүндөй. Ал Өзүнүн кудуреттүү сөзү менен бүт ааламды кармап турат. Күнөөдөн арылууга жол ачкан соң, Ал көктөгү, баарынан кудуреттүү Кудай Тааланын оң жагындагы сыйлуу жерге олтурду.

 

4Кудайдын Уулу периштелерден канчалык жогору турса, Атасынан берилген наамы да алардыкынан ошончолук улуу.

 

 

5Анткени Кудай Өзүнүн кайсы бир периштеси тууралуу: «Сен Уулумсуң, анткени Мен

 

Бүгүн Сага Ата болдум»

 

 

же:

 

«Мен Ага Ата болом,

 

Ал болсо Уулум болот»,—

 

 

деген беле?

 

6Бул гана эмес, Кудай тун Уулун ушул дүйнөгө жөнөтүп жатып:

 

«Периштелеримдин баары Ага таазим кылышсын!»— деген.

 

7Периштелери тууралуу Кудай мындай деген:

 

 

«Периштелеримди Мен

 

Айлантамын шамалга,

 

Жалындаган от кылам

 

Кызматчыларымды Мен».

 

 

8Ал эми Уулу тууралуу айтканы бул:

 

«Тактың турат, о, Кудай, түбөлүк.

 

Башкарасың адилеттикке сүйөнүп.

 

9Жакшы көрдүң адилеттүү иштерди,

 

Адилетсиздик кылыктарын жек көрүп.

 

Мен да, Сенин Кудайың,

 

Сени ошон үчүн тандадым,

 

Шериктериңден көбүрөөк

 

Сый көрсөтүп кубанттым».

 

 

10Кудай дагы мындай деген:

 

«Сен, Эге, — а деп жерди негиздеген

 

Өзүңсүң асманга да болгун деген.

 

11Каласың түбөлүккө, жок болсо да

 

Бардыгы кийимге окшоп бүт эскирген.

 

12Аларды чапан сымал жыйыштырып,

 

Эскирген кийим сымал алмаштырып,

 

Каласың Өзүң болсо өзгөрбөстөн,

 

Эч качан өмүр жашың түгөнбөстөн»

 

 

13Кайсы бир периштесине Кудай:

 

«Кастарыңды бут алдыңа жыкканымча,

 

Олтура тур, сыйлуу жер — оң жагымда»—

 

 

деди беле?

 

14Периштелер кызмат кылчу рухтар гана эмеспи? Кудай аларды куткарылууга ээ боло турган адамдарга кызмат кылууга жиберген.

 

2

 

Кудайдын куткаруусу

 

1Мына ушул себептен биз уккандарыбызга өзгөчө көңүл бөлүшүбүз керек. Ошондо алардан четтеп кетпейбиз.
2Периштелер аркылуу жарыяланган кабар анык болуп чыгып, ага кулак какпай же баш ийбей койгондор тиешелүү жазасын алышты.
3Андай болсо Кудай куткарылууга не деген сонун жол ачып койгондугун кулагыбызга илбей койсок, биз кантип жазадан качып кутулмакпыз? Бул кабарды алгач Эгебиз жарыя кылып, кийин Андан уккандар бизге бул кабардын анык экенин ырасташты.
4Ал турсун Кудай Өзү да жышаан-белги берип, ажайып-кереметтерин көрсөткөнү жана Өз эркине ылайык Ыйык Рух касиеттерин бөлүштүргөнү аркылуу мунун чындык экенин далилдеди.

 

Бизге куткарылуу жолун көрсөтүүчү Инсан

 

5Биз сөз кылып жаткан келечектеги жаңы дүйнө Кудай периштелеринин колуна тапшырылган жок.

 

 

6Кайра, Ыйык Жазуулардын кайсы бир жеринде мындай делген: «Сен мынчалык ойлогудай

 

Деги адам ким эле?

 

Кам көргүдөй ушунчалык

 

Адамзаада ким эле?

 

7Периштеден төмөн коюп

 

Бир аз гана убакка,

 

Анан даңктын, урмат-сыйдын

 

Бердиң ага таажысын.

 

8Баш ийдирип, жыгып бердиң

 

Бардыгын бут алдына».

 

 

Кудай аны бардык нерсеге башкаруучу кылып дайындап, ага баш ийбеген эч нерсе болбошу керек. Бирок азыр, биз көрүп тургандай, адам баласы бардык нерселерди башкарган жери жок.
9Анын ордуна, биз Ыйсанын бир аз убакытка периштелерден төмөн болуп, биз үчүн азап чегип, өлүмгө дуушар болгону үчүн эми атак-даңк менен урмат-сыйга бөлөнүп отурганын көрүп отурабыз. Кудай бизге ырайымдуу болгондуктан, Ыйса бүтүндөй адамзат үчүн Өз жанын берди.

 

10Бардыгын Өзү үчүн жаратып, бардыгын бар кылып турган Кудай көптөгөн балдарын Өз атак-даңкына бөлөш үчүн аларды куткарылууга алып баруучу Ыйсаны азап тартканы аркылуу кемелдикке жеткириши керек эле.
11Ыйыктагандын да, ыйыкталгандардын да Атасы бир. Ошондуктан Ыйса аларды боордошторум деп атагандан уялбайт:

 

 

12«Боордошторум алдында

 

Жарыялайм атыңды,

 

Жыйналышында туруп,

 

Мен Өзүңдү мактаймын».

 

 

13Дагы мындай дейт:

 

«Бел байлаймын мен Ага».

 

 

Дагы мындай дейт:

 

«Кудайдын мага берген балдарынын

 

Турамын мына Мен да арасында».

 

 

14Ал эми Кудайдын балдары кан менен эттен бүткөндүктөн, Ыйса Өзү да аларга окшоп, адам кейпин кийген. Адамдарды ажал колуна салып берер бийлиги бар ибилисти күчүнөн ажыратуу үчүн Ал өлүмгө барышы керек болду.
15Өмүр бою өлүмдөн коркуп, кул сыяктуу жашап келгендерди ушундайча боштондукка чыгарды.
16Ыйса периштелерге эмес, Ыбрайымдын урпактарына жардам берүү үчүн келгендиги айдан ачык көрүнүп турат.
17Ошондуктан элдин күнөөлөрү кечирилсин деп, Кудай алдында кызмат кылган ырайымдуу жана ишенимдүү Башкы динкызматчы болуу үчүн Ал бардык жагынан боордошторуна окшош болушу керек эле.
18Эми Ал сыноолорду баштан кечирип жаткандарга жардам бере алат, анткени Өзү да сыноолордон өтүп, азаптарды баштан кечирген.

 

3

 

Ыйса Машаяк Мусадан алда канча жогору

 

1Ошондуктан силер, биз менен бирге Кудайдын эли болууга чакырылгандар, биздин ишенимибиздин Элчиси жана Башкы динкызматчысы болгон Ыйса тууралуу ойлонсоңор.
2Муса Кудайдын бүтүндөй үйүндө ишенимдүү болгондой, Ыйса да Өзүн дайындаган Кудайга ишенимдүү болду.
3Үйгө караганда үй куруучу алда канча көп кадыр-баркка ээ болгон сыяктуу, Ыйса татыган урмат-сый да Мусаныкынан алда канча зор.
4Ар бир үй кимдир бирөө тарабынан курулган, ал эми бардыгын куруучу — Кудай.
5Муса Кудайдын бүтүндөй үйүндө ишенимдүү кул катары кызмат өтөп, Кудай келечекте жарыялай турган нерселер тууралуу айткан.
6Ал эми Машаяк Кудайдын Уулу катары Анын үйүндө башкаруучулук милдетти аткарат. Эгерде кайратыбыздан жазбай, сыймыктануу менен тутуп келген ишенимибизди бек кармансак, анда ошол үй бизбиз.

 

Ишенбестик тууралуу эскертүү

 

7Ошондуктан, Ыйык Рух айткандай:

 

 

«Эгер бүгүн уксаңар Кудай үнүн,

 

8Болбогула тоңмоюн бабалардай,

 

Чөлдө жүрүп сыноодон өткөн кезде,

 

Бой көтөрүп Кудайга каршы чыккан.

 

9Кырк жыл бою Мен кылган зор иштерди

 

Көрүп туруп, сынашты Мени алар.

 

10Ошондуктан аларга каарым кайнап,

 

Мындай дегем Мен анда ошол муунга:

 

"Ниеттериң дайыма Менден бөлөк,

 

Түшкүңөр жок көрсөткөн жолдорума".

 

11Каардандым да, ант бердим: "Кирбейт алар

 

Эс алдырчу жериме эч качан", деп».

 

 

12Боордошторум, өзүңөргө сак болгула! Бириң да ниетиң бузулуп, ишенимден тайып, тирүү Кудайдан четтеп кетпегиле!
13Күнөөгө азгырылып, тоңмоюн болуп калбоо үчүн, «бүгүн» делген мезгил али бүтө электе күн сайын бири-бириңерге дем берип тургула.
14Анткени алгачкы ишенимибизге аягына чейин бек болсок, баарыбыз тең Машаяктын шериктештерибиз.

 

 

15Ыйык Жазууда айтылгандай: «Эгер бүгүн уксаңар Кудай үнүн,

 

Болбогула тоңмоюн бабалардай,

 

Чөлдө жүрүп сыноодон өткөн кезде,

 

Бой көтөрүп Кудайга каршы чыккан».

 

 

16Кудайдын үнүн угуп, анан ага каршы чыккан кимдер эле? Мусанын жетекчилиги астында Мисирден чыккандардын баары эмеспи?
17Кырк жыл бою Кудай кимге каарданды эле? Чөлдө күнөө кылып, сөөгү ошол жерде сөпөт болгондор эмеспи?
18Кудай: «Кирбейт алар эс алдырчу жериме эч качан!» — деп ант бергенде, кимдер тууралуу айткан эле? Ага баш ийбей койгондор тууралуу эмеспи?

 

19Ошентип, азыр биз көрүп тургандай, ал жерге алар ишенбестиктен улам кире алышкан жок.

 

4

 

1Ошондой болсо да, Кудайдын эс алдырчу жерине киргизем деген убадасы али да күчүндө болуп турган соң, бирибиз да калбай, баарыбыз ошол жерге жеткендей бололу.
2Анткени биз да алар уккан Жакшы Кабарды уктук. Бирок алар уккандарына ишенбей коюшкандыктан улам Жакшы Кабардын үзүрүн көрүшпөдү.

 

 

3Ал эми ошол кабарды ишеним менен кабыл алган биз Кудайдын эс алдырчу жерине киребиз. Анткени Ал мындай деген: «Каардандым да, ант бердим: "Кирбейт алар

 

Эс алдырчу жериме эч качан" деп».

 

 

Бирок ошол жерди Кудай дүйнө жаралгандан баштап эле даярдап койгон.
4Ыйык Жазуунун бир жеринде жетинчи күн тууралуу мындай деп айтылган: «Кудай жетинчи күнү бардык иштерин бүтүрүп, эс алды».

 

 

5Анан кайра эле: «Кирбейт алар

 

Эс алдырчу жериме эч качан»—

 

 

деп Ыйык Жазууда айтылып жатат.
6Жакшы Кабарды бизден мурун уккандар Кудайдын эс алдырчу жерине Ага баш ийбегендиктен улам кирбей калышкан. Бирок ал жакка кирүүгө жол дагы эле ачык.

 

7Ошондуктан Кудай «бүгүн» деп, кайрадан атайын убакытты белгилеп койду. Жогоруда айтылгандай, көп жыл өткөн соң, Кудай Дөөт аркылуу: «Эгер бүгүн уксаңар Кудай үнүн,

 

Болбогула тоңмоюн!»—

 

 

деген.
8Анткени ошол эс алууну элге Нун уулу Жашыя берген болсо, анда Кудай кийин башка күн тууралуу кайра сөз кылмак эмес.
9Демек, Кудай адамдары үчүн атайын эс алар күн да келет.
10Анткени Кудай Өзүнүн бардык иштерин бүтүп, эс алгандай, убада кылынган ошол эс алууну кабыл алгандар да өз иштеринен эс алышат.

 

11Ошондуктан баш ийбегендиктен улам ойрон болгон байыркылардай болбостон, ошол эс алууга жетүүгө умтулалы.
12Анткени Кудайдын сөзү тирүү жана кудуреттүү. Ал эки миздүү кылычтан да курч. Ичибизге сүңгүп кирип, ал рух менен жанды, муундар менен чучуктарды ажырата бөлөт да, адамдын жашырын ойлору менен ниеттеринин жакшы же жаман экенин даана көрсөтөт.
13Жаратылгандын эч бири Кудайдан жашырына албайт. Бардыгы Анын көз алдында алаканга салгандай ачык. Биз баарыбыз Ага чындыкты айтышыбыз керек болот.

 

Ыйса — башкы динкызматчы

 

14Биздин көккө көтөрүлүп кеткен улуу Башкы динкызматчыбыз — Кудай Уулу Ыйса бар экенин билип, тутунган ишенимибизде бек туралы.
15Ал алсыз жагыбызды түшүнүп, бизге боор ачыган Башкы динкызматчы. Бизге окшоп Ал бардык сыноолордон өткөн. Бирок эч качан күнөө кетирген эмес.
16Ошондуктан ырайымдуу Кудайдын тагынын алдына тайманбастан баралы. Ал бизге боор ачып, муктаж болуп турганыбызда кайрымдуулук менен жардам берет.

 

5

 

1Кандай гана башкы динкызматчы болбосун, ал адамдардын арасынан тандалат да, алардын өкүлү катары Кудайга кызмат кылууга дайындалып, күнөөлөрү үчүн курмандык чалып, тартууларды алып келет.
2Өзүнүн да кемчиликтери бар болгондуктан, Ал билбестиктен улам жаңылыштык кетиргендерди түшүнөт.
3Ошол себептен ал элдин күнөөлөрү үчүн гана эмес, жеке өзүнүн күнөөлөрү үчүн да курмандык чалышы керек.
4Башкы динкызматчы болуу урматына эч ким өз күчү менен жете албайт. Арунду дайындаган сыяктуу, аны Кудай Өзү тандап алышы керек.

 

 

5Машаяк да Өз эрки менен эле башкы динкызматчы болуп алган жок. Тескерисинче: «Сен Уулумсуң, анткени Мен

 

Бүгүн Сага Ата болдум»,—

 

 

деп, Аны Кудай дайындаган.

 

6Башка жерде Кудай дагы мындай деген: «Сен алдың Маликсадык даражасын,

 

Сен болдуң түбөлүккө динкызматчы».

 

 

7Ыйса жер бетиндеги жашоосунда Өзүн өлүмдөн сактап кала турган Кудайга боздоп, көз жашын төгүп, жалынып сыйынган. Кудайга ыйбаа кылуу менен моюн сунгандыктан Ал Өз тилегине жеткен эле.
8Кудайдын Уулу болсо да, тарткан азаптары аркылуу баш ийүүгө үйрөнгөн.
9Эми Ал кемелдикке жетип, Өзүнө баш ийгендердин бардыгы үчүн түбөлүк куткарылуунун булагы болуп калды.
10Кудай Аны Маликсадыктын даражасындагы башкы динкызматчы деп жарыялады.

 

Ишенимден баш тарткандар жөнүндө эскертүү

 

11Булар туурасында дагы көп кеп кылса болмок, бирок аны силерге түшүндүрүп бериш кыйын, анткени кулагыңар катуулап, дароо уккудай эмессиңер.
12Силер эбак окутуучу болуп калышыңар керек болчу. Бирок дагы эле кимдир бирөөдөн Кудайдын кабарынан башталгыч таалим алганга муктажсыңар. Коюу тамак жегендин ордуна, кайра эле сүт ичишиңер керек.
13Сүт менен азыктанган ар ким дагы эле ымыркай баладай болуп, эмне жакшы, эмне жаман экенин биле албайт.
14Коюу тамак болсо эрезеге жетип, жакшы менен жаманды ажырата билгендер үчүн.

 

6

 

1-2Машаяк тууралуу башталгыч таалимди калтыралы да жетилиш үчүн алдыга кадам таштайлы. Ниетти өзгөртүү, Кудайга ишенүү, чөмүлдүрүү расмилери тууралуу окутуу, үстүнө кол коюу расмиси, өлүктөрдүн кайра тирилүүсү жана кыяматтагы сот тууралуу айта берип, кайрадан негиз салгандай болбойлу.
3Кудай буюрса, ушундай болгусу бардыр.
4-6Ишенимден баш тартып кеткендердин ниетин кантип кайрадан өзгөртүүгө болсун? Бир кезде Кудайдын жарыгына келишип, Анын көктөн жиберген сыйынын даамын татышып, башкалар менен бирге Ыйык Рухтан үлүшүн алышса да, Кудай Сөзүнүн жакшылыгын, келечек замандын кудуретин көрүшсө да, алар ишенимден баш тартып кетишти! Эми алардын ниетин кайрадан өзгөртүү мүмкүн эмес, анткени алар Кудай Уулун кайрадан айкаш жыгачка керип, уятка калтырып жатышат.

 

7Улам-улам жааган жамгырга сугарылып, анан өзүн иштеткен дыйканга жакшы түшүм өндүрүп берген жерге Кудай берекесин берет.
8Ал эми өсүп чыкканы тикенек менен чалкан болсо, анда ал жер жараксыз болот да, каргышка калып, акырында өрттөлөт.

 

9Биз ушундай деп жатканыбыз менен, сүйүктүү боордоштор, чындыгында силердин жакшы иштерди кылып, акыры куткарыларыңарга көзүбүз жетип турат.
10Кудай адилетсиз эмес. Ыйыктарга буга чейин жардам берип келип, азыр да жардам берип жатканыңарды, ошол аркылуу Ага кылган кызматыңар менен көрсөткөн сүйүүңөрдү Ал унутпайт.
11Эмнеге үмүттөнсөңөр, ошонун ишке ашышы үчүн ар бириңер акырына чейин тырышчаактык көрсөтүшүңөрдү каалайбыз.
12Тилегенибиз, эринчээк болбой, тескерисинче, Кудайдын убада кылган батасын алганча ишеним менен чыдамдуулук көрсөткөн адамдарды туурап, ошолордой болсоңор экен.

 

Кудайдын убадасы

 

13Кудай Ыбрайымга убада бергенде, Өзүнүн аты менен ант берген, анткени Андан жогору турган эч ким жок.
14Ошондо Ал мындай деген: «Мен сага батамды берип, укум-тукумуңду көбөйтөрүм анык».
15Ыбрайым чыдамкайлык көрсөтүп, акыры убадаланган нерсени алган.
16Адам баласы ант бергенде, өзүнөн даражасы бийигирээк бирөөнүн атын колдонот. Ошентип, кепилдик катары берилген ант бардык талашты токтотот.
17Анын сыңары, берилген убадасын энчилей тургандарды Өз оюнун өзгөрүп кетпестигине ынандырыш үчүн Кудай да аны ант менен бекиткен.
18Кудай үчүн калп айтыш мүмкүн болбогондуктан, ушул эки нерсе: Анын убадасы менен анты эч качан өзгөрбөйт. Муну билип, Андан баш паана тапкан биз зор жигер алып, алдыбыздагы үмүткө шектенбестен таяна алабыз.
19Бул үмүт биздин жашообуздун ишенимдүү жана бекем кеме казыгы. Ал бизди ийбадаткана көшөгөсүнүн артындагы эң ыйык жайга жеткирет.
20Ыйса Маликсадыктын даражасындагы түбөлүктүү башкы динкызматчы болуп, биздин өкүлүбүз катары ошол жакка биринчи кирди.

 

7

 

Дин кызматчы Маликсадык

 

1Сөз болуп жаткан Маликсадык Шалем шаарынын падышасы жана Кудай Тааланын динкызматчысы болгон. Падышаларды жеңип, согуштан кайтып келаткан Ыбрайымды алдынан тосо чыгып, ага батасын берген.
2Ошондо Ыбрайым бардык олжосунун ондон бирин ага тартуу кылган.Маликсадыктын атынын биринчи мааниси — «адилдиктин падышасы». Ошондой эле ал Шалемдин падышасы, демек, «тынчтыктын падышасы» да болгон.
3Маликсадыктын ата-энеси да, ата-тегинин санжырасы да жок. Анын төрөлгөнү, өлгөнү тууралуу да эч кандай кат-кабар жок. Ал Кудай Уулу сыяктуу түбөлүк динкызматчы бойдон кала берет.

 

4Көрдүңөрбү, Маликсадык кандай улуу болгон! Биздин түпкү атабыз Ыбрайым согуштан түшкөн бардык олжосунун ондон бир бөлүгүн ага берген.
5Калган ысрайылдыктар да аларга окшоп Ыбрайымдан тарагандыгына карабастан, диний кызматты аткарган Лебинин тукумдары, Тоорат мыйзамы буюргандай, элден, демек өз боордошторунан, ондуктарды чогултуп турушкан.
6Ал эми Маликсадык Лебинин тукумунан болгон эмес. Бирок Кудайдын убадаларына ээ болгон Ыбрайымдын ондугун алып, ага батасын берген.
7Ал эми батаны даражасы жогору болгону берери талашсыз кеп эмеспи.

 

8Ысрайылдыктардан ондук алган динкызматчыларды алсак, алардын баары өтүп кетчү пенделер. Ал эми Ыбрайымдан ондук алган Маликсадыктын али да тирүү экендигин Ыйык Жазуу айгинелеп турат.
9Ыбрайым Маликсадыкка ондугун бергенде, ошону менен урпактары элден ондук алып турган Лебинин өзү да Маликсадыкка ондук берген десе болот.
10Анткени Леби ал убакта төрөлө элек болсо да, ал Маликсадыкты жолуктурган Ыбрайымдан келип чыккан.

 

11Ысрайыл элине берилген Тоорат мыйзамы динкызматчылар Лебинин тукумунан чыгышы керек деп буюрган. Бирок алардын кызматы жетиштүү болсо, анда Арундун эмес, Маликсадыктын даражасындагы дагы башка динкызматчынын келип чыгышы кажет болот беле?
12Анткени динкызматчылык өзгөргөндө, Тоорат мыйзамы да өзгөрүүгө тийиш.
13Жогорудагы айтылган сөздөрдүн төркүнү биздин Эгебизге байланыштуу. Бирок Эгебиздин уруусунан эч ким эч качан курмандык жайда кызмат кылган эмес.
14Анткени биздин Эгебиз Жүйүт уруусунан экени белгилүү. Ал эми Муса динкызматчылар бул уруудан чыгат деп айткан эмес.

 

Маликсадыктай болгон Динкызматчы

 

15Эми болсо, Маликсадыкка окшош башка динкызматчы чыкканда, жогоруда айтылгандар мурдагыдан да түшүнүктүү болуп калды.
16Ал, Тоорат мыйзамында жазылгандай, динкызматчылар тукумунан чыккандыгынан улам эмес, өчпөс өмүрдүн кудурети менен динкызматчы болду.

 

 

17Анткени Ыйык Жазууда: «Сен алдың Маликсадык даражасын,

 

Сен болдуң түбөлүккө динкызматчы»,—

 

 

деген сөз бар.
18Бир жагынан алсак, мурдагы эреже өзүнүн күчүн жоготуп, жараксыз болуп калгандыктан жокко чыгарылды,
19анткени Тоорат мыйзамы эч нерсени жеткилең кыла алган жок. Бирок башка жагынан алсак, азыр Кудай бизди андан да жакшы үмүткө ээ кылды. Ошол үмүт аркылуу биз Ага жакындай алабыз.
20Бул гана эмес, бизде Кудайдын берген анты да бар. Башкалар динкызматчы болуп шайланганда, эч ант берилбесе,

 

21Кудай Ыйсаны динкызматчылыкка дайындаганда, мындай ант берген: «Өз антын салтанаттуу берди Кудай,

 

Бир айтып, кайтпайт эми сөзүнөн Ал:

 

"Сен болдуң түбөлүккө динкызматчы"».

 

 

22Мына ушул аркылуу Ыйса мурдагыдан жакшы келишимдин кепили экендиги көрүнүп турат.
23Мурдагы динкызматчыларды алсак, биринин көзү өткөндө анын милдетин башкасы улантышы керек эле. Ошондуктан алардын саны көп болгон.
24Ал эми Ыйса түбөлүккө тирүү, Анын динкызматчылыгы эч качан башка бирөөнүн колуна өтпөйт.
25Ошондуктан Ыйса Өзү аркылуу Кудайга келгендерди качан болсо да куткара алат, себеби Ал түбөлүк өмүр сүрүп, Кудай алдында алар үчүн өтүнүп турат.

 

26Ыйса биздин муктаждыктарыбызга жардам бере турган башкы динкызматчы. Ал — ыйык, кынтыксыз жана жазыксыз. Ал күнөөкөрлөрдөн ажыратылып, көктөн да жогору орунга коюлган.
27Ал калган жогорку динкызматчылардай эмес. Күн сайын алгач Өзүнүн, анан элдин күнөөлөрү үчүн курмандык чалууга муктаж эмес. Ал бардык адамдар үчүн бир гана жолу курмандык чалды. Бул курмандык — Анын Өзү эле.
28Адамдардын алсыз жактары болсо да, Тоорат мыйзамы боюнча алар башкы динкызматчылыкка шайланат. Ал эми ошол мыйзам кабыл алынгандан кийин, Кудай ант менен берген убадасы аркылуу башкы динкызматчылыкка Өз Уулун дайындады. Ошол Уул түбөлүк, жеткилең башкы динкызматчы.

 

8

 

Биздин башкы динкызматчыбыз — Ыйса

 

1Айткандарыбыздын эң негизгиси бул: биздин башкы динкызматчыбыз асмандагы Улуу Кудайдын тактысынын оң жагындагы сыйлуу жерде олтурат.
2Ал адамдын колу менен эмес, Кудай Эгебиздин Өз колу менен тигилген чыныгы ыйык чатырдын ичиндеги эң ыйык жайда кызмат өтөйт.
3Ар бир башкы динкызматчы тартуулар менен курмандыктарды Кудай алдына алып келүү үчүн дайындалат. Ошондуктан биздин башкы динкызматчыбыз да бир нерсени тартуу кылышы керек эле.
4Эгерде Ал жерде болсо, анда динкызматчы болмок да эмес, анткени Тоорат мыйзамы талап кылган тартууларды алып келген атайын динкызматчылар бар.
5Алардын кылган кызматы асмандагысына окшогону менен, чындыгында, анын көлөкөсү гана. Анткени Муса да ыйык чатыр тургузганы жатканда, Кудай ага: «Байкагын, баарын тоо башында сага көрсөтүлгөн үлгү боюнча жасагандай бол!»— деп эскерткен эле.
6Бирок Ыйсага тапшырылган кызмат башка динкызматчылардыкынан алда канча жогору турат. Ал мурдагыдан жакшы келишимдин ортомчусу болуп, ошол келишим мурдагыдан жакшы убадаларга негизделген.
7Биринчи келишимдин эч кемчилиги жок болгондо, кайрадан келишим түзүүнүн кажети болмок эмес.

 

 

8Бирок Кудай Өз элинен кынтык таап, мындай деген: «Мезгил келет, — дейт Жараткан, —

 

Мен Ысрайыл эли менен,

 

Жана Иуда эли менен

 

Жаңыртамын келишимди.

 

9Бирок айтам, Мен Мисирден

 

Аталарын колдон алып

 

Чыгарганда түзгөнүмө

 

Бул келишим эч окшобойт.

 

Анткени алар келишимге

 

Бек турбады. Ошондуктан

 

Мен да аларды таштап кеттим.

 

10Эми болсо Ысрайылдын

 

Эли менен жаңы түзгөн

 

Келишимим мындай болот:

 

Мыйзамымды салып коём

 

Мен алардын көңүлүнө,

 

Жазып коём жүрөгүнө.

 

Мен Кудайы болуп калам,

 

Алар болсо элим болот.

 

11"Эгебизди таанып бил", — деп

 

Эч кимиси бири-бирине

 

Таалим берип айтпай калат.

 

Анткени алар ал убакта —

 

Чоңу дагы кичинеси —

 

Билип калат Мени баары.

 

12Мен аларга ырайым кылып,

 

Жамандыгын бүт кечирем,

 

Мурда кылган күнөөлөрүн

 

Андан ары эч эстебейм, —

 

Дейт элине Жараткан Ээ».

 

 

13Кудай Жаңы келишим тууралуу айтканда, ошону менен мурдагы келишимдин эскиргенин билдирген. Ал эми эскирип, мөөнөтү бүткөн ар бир нерсе жок болот.

 

9

 

Жердеги жана асмандагы кызмат

 

1Мурдагы келишимде Кудайга табынуу тууралуу жол-жоболор жана жер бетинде таат-ийбадат кылчу жай бар болгон.
2Ыйык чатыр тигилип, анын «ыйык жай»деп аталган алдыңкы бөлүгүндө шамдал жана Кудайга тартуу кылынган нандар коюлган үстөл турчу.
3Төркү көшөгөнүн артында болсо «эң ыйык жай» деп аталган бөлмө болгон.
4Мына ошол бөлмөнүн ичинде алтындан жасалып, үстүнө жыпар жыттуу заттар өрттөлүүчү курмандык жай турган. Сырты алтын менен каптатылган Келишим Сандыгы да ал жерге коюлуп, анын ичинде манна салынган алтын кумура, Арундун көктөгөн таягы жана келишим жазылган таш лооктор сакталчу.
5Сандыктын үстүндө болсо Кудайдын улуулугун чагылдырып, жайылган канаттарынын көлөкөсү күнөө кечирилчү жерге түшүп турган эки херубим орнотулган болчу. Бирок азыр мунун баарын ийне-жибине чейин чечмелеп берүүнүн кажети жок.

 

6Ушундайча курулган ыйык чатырдын алдыңкы жайына динкызматчылар дайыма кирип, өз кызматын аткарышчу.
7Ал эми төркү бөлмөгө болсо жылына бир жолу башкы динкызматчы гана киргенге акылуу эле. Ал өзү үчүн жана элдин билбей кетирген күнөөлөрү үчүн чалынган курмандыктын канын ала кирчү.

 

8Ошол аркылуу Ыйык Рух ыйык чатырдын алдыңкы бөлмөсү бар болуп турганча, эң ыйык жайга жол али ачыла элек экендигин билдирген.
9Бул каймана түрдө азыркы убакты көрсөтүп турат: Кудайга алынып келинген тартуулар менен курмандыктар табынган кишинин абийирин толугу менен күнөөдөн арылта албайт.
10Эреже-парыздар тамак-аш менен ичимдиктер, ар кандай тазалануу ырым-жырымдары менен гана чектелген. Денеге байланыштуу бул эрежелерди аткаруу жаңылануу дооруна чейин гана милдеттүү болуп келген.

 

Ыйсанын жеткилең курмандыгы

 

11Мына эми Машаяк учурдагы жакшы нерселердин башкы динкызматчысы катары келди. Анын кызмат өтөгөн чатыры да мурдагысынан алда канча улуу жана жеткилең. Адам колу менен жасалбаган ал чатырдын ушул жаратылган дүйнөгө эч тиешеси жок.
12Машаяк бир жолу жана баары үчүн эң ыйык бөлмөгө киргенде, ал жерге текелер менен букалардын канын эмес, Өзүнүн канын алып кирди. Ошону менен Ал бизге түбөлүк куткарылууга жол ачты.
13Тоорат мыйзамына ылайык, курмандыкка чалынган текелер менен букалардын каны же союлуп өрттөлгөн кунажындын күлү арам деп табылган адамдын үстүнө чачылып, аны адалдачу.
14Андай болсо, түбөлүк Ыйык Рухка бөлөнгөн, Өзүн Кудайга кынтыксыз курмандык катары тартуулаган Машаяктын каны бизди өлүм алып келчү иштерибизден арылтып, абийирибизди андан бетер адалдай алары бышык! Ошондо биз тирүү Кудайга таат-ийбадат кыла алабыз.

 

15Андыктан Машаяк жаңы келишимдин ортомчусу болду. Эми Кудай чакыргандар Ал убада кылган түбөлүктүү мураска ээ боло алышат, себеби Машаяктын өлүмү аркылуу эски келишим доорунда жасалган күнөөлөрдүн куну төлөндү.

 

16Муну керээз катка окшотсо болот. Керээз кат аны калтырган киши өлгөндөн кийин гана колдонулат.
17Анткени адам тирүү болгон кезде эмес, көзү өткөндө гана анын калтырган керээзи өз күчүнө кирет.
18Ошондуктан мурунку келишим да төгүлгөн кан менен бекитилген.
19Анткени Муса бүткүл Ысрайыл элинин алдында Тоорат мыйзамындагы бардык осуяттарды жарыя кылгандан кийин кунажындар менен текелердин канын сууга аралаштырган да, кызыл жүн менен иссоп чөбүн алып, жанакы канды келишим жазылган түрмөккө да, элге да чачкан.
20Ошондо ал: «Бул — Кудайдын силер менен түзгөн келишимин бекиткен кан»,— деген.
21Дал ошондой эле ыйык чатырга жана ийбадат кылууда колдонула турган бардык идиштерге канды чачып чыккан.
22Ырасында, Тоорат мыйзамына ылайык, дээрлик бардык нерселер кан менен тазаланат да, кан төгүлмөйүн күнөө кечирилбейт.

 

Машаяктын курмандыгы күнөөлөрдү жок кылат

 

23Ошентип, асмандагы нерселерге окшоп турган жердеги нерселер мына ушинтип тазартылышы керек болчу. Ал эми асмандагы нерселердин өздөрүн тазартыш үчүн мындан алда канча жакшы курмандыктар талап кылынат.
24Анткени Машаяк асмандагыга окшош болгон жана адам колу менен тургузулган эң ыйык жайга эмес, асмандын өзүнө кирди. Азыр Ал ошол жерде, Кудайдын алдында туруп, биздин таламыбызды талашууда.
25Машаяк эң ыйык жайга жыл сайын малдын канын алып кирген башкы динкызматчы сыяктуу эмес. Ал үчүн Өзүн кайра-кайра курмандык кылуунун эч кажети жок.
26Антпесе Ага дүйнө жаратылгандан бери көп жолу азап чегүүгө туура келмек. Анын ордуна Ал эми гана, акыр заман жакындап калганда, келип, күнөөнү жок кылыш үчүн Өзүн курмандыкка берди.
27Жазуу-буйрукка ылайык, адам баласы бир гана жолу өлүшү керек. Андан соң, баары кыямат сотуна тартылышат.
28Ошентип, Машаяк да көп адамдардын күнөөлөрүн моюндап, бир жолу курмандыкка чалынды. Кайтып келгенде болсо күнөөлөр менен алек болуу үчүн эмес, Өзүн эңсеп күтүп жүргөндөрдү куткаруу үчүн келет.

 

10

 

1Тоорат мыйзамы чыныгы нерселердин так өзү эмес, ал боло турган жакшы нерселердин элеси гана. Жыл сайын чалынган бирдей курмандыктар аркылуу ал Кудайга табынганы барган адамдарды толугу менен тазартып, кынтыксыз кыла албайт.
2Эгерде курмандык чалуу адамдарды күнөөлөрүнөн биротоло арылтып, абийирин тазалай алса, анда алар курмандык чалганды эбак токтотмок эмес беле?
3Бирок, чындыгында, жыл сайын чалынган курмандыктар алардын эстерине күнөөлөрүн салып турат.
4Анткени букачарлар менен текелердин каны аркылуу күнөөлөрдөн биротоло арылуу эч мүмкүн эмес.

 

 

5Ушул себептүү Машаяк бул дүйнөгө келерде Кудайга мындай деген: «Курмандык, тартууларды каалабадың,

 

Сен Мага жердик дене дайындадың.

 

6Өрттөлчү курмандыкты, күнөө үчүн

 

Берилчү курмандыкты жактырбадың.

 

7Ошондо айттым Мен да: "Оо, Кудайым,

 

Жазууда Мен тууралуу жазылгандай,

 

Эркиңди аткарганы келип калдым"».

 

 

8Адегенде Машаяк: «Курмандык, тартууларды, өрттөлчү курмандыкты, күнөө үчүн берилчү курмандыкты каалабадың, жактырбадың», — деди. Ошол курмандыктардын баары Тоорат мыйзамы боюнча чалынса да, Ал ушундай деди.
9Андан кийин Ал: «Оо, Кудай, эркиңди аткарганы келип калдым», — деди. Ошентип, Ал жаңы келишимди түзүү үчүн мурункусун жокко чыгарды.
10Кудайдын бизге деген эрки мына ушундай эле: биз Машаяк Өзүн бир жолу жана бардыгыбыз үчүн курмандыкка бергени менен ыйыкталдык.

 

11Ар бир динкызматчы күн сайын милдетин өтөп, күнөөлөрдү жок кыла албаган бирдей курмандыктарды уламдан улам чалып турат.
12Ал эми Машаяк бардык мезгилдер үчүн бир гана курмандык алып келип, Кудайдын оң жагындагы сыйлуу жерге олтурду.
13Кудай бардык душмандарын Анын бут алдына алып келгенчекти Ал ошол жерде олтурмакчы.
14Ал бир жолку курмандыгы менен ыйыкталгандарды эч кынтыксыз кылып койду.
15Ыйык Рух да бизге бул тууралуу күбөлөндүрүп турат. Ал биринчи мындай дейт:

 

 

16«Эми болсо Ысрайылдын

 

Эли менен жаңы түзгөн

 

Келишимим мындай болот:

 

Мыйзамымды салып коём

 

Мен алардын көңүлүнө,

 

Жазып коём жүрөгүнө».

 

 

17Анан дагы мындай дейт:

 

«Мурда кылган күнөөлөрүн,

 

Жамандыгын эч эстебейм».

 

 

18Ал эми күнөөлөр кечирилген соң, алар үчүн курмандык чалуунун эч кереги жок болуп калат.

 

Кудайга жакын келели

 

19Боордошторум, Ыйсанын төккөн каны аркылуу биз эми эч кысылбастан эң ыйык жайга кире алабыз.
20Өз денесин курмандыкка бергени менен Ал бизди Кудайдан бөлүп турган көшөгөнү айрып, түбөлүк өмүргө алып барчу жаңы жол ачты.
21Бизде Кудай үйүн башкарган улуу Дин кызматчы бар болгондуктан,
22бизди тазартуу үчүн кыянаттыкка толгон абийирибизге Ыйсанын каны чачылып, денелерибиз таза сууга жуулганын билип, Кудайдын алдына таза жүрөк жана бекем ишеним менен баралы.
23Ачык айтып жүргөн үмүтүбүздөн тайбай, аны бекем карманалы. Анткени бизге убадасын берген Кудай ишенимдүү.
24Бири-бирибизди башкаларды сүйгөнгө жана жакшылык кылганга шыктандырууну ойлойлу.
25Кээ бирөөлөр чогулуштарыбызга барбай коюуну адат кылып алышкан өңдүү. Бирок биз алардай болбой, андан көрө, бири-бирибизге жигер берип туралы. Эгебиздин кайтар күнү жакын калганын билебиз го.

 

26Эгерде акыйкатты билип алып, анан кайра эле атайлап күнөө кылганыбызды уланта берсек, анда күнөөлөрүбүздөн эч кандай курмандык арылта албайт.
27Ошондо жүрөк үшүн алган кыямат сотун жана Кудайга каршы чыккандарды жалмай турган оттун келишин күтүүдөн башка аргабыз калбайт.
28Эгер Мусанын мыйзамын бузган адам эки же үч күбөнүн алдында эч аёосуз өлүм жазасына тартылган болсо,
29анда Кудай Уулун тебелеп-тепсегендер, өздөрүн күнөөлөрдөн тазалаган Келишим канын ыйык тутпагандар жана ырайым Рухун кордогондор канчалык оор жазага татыктуу деп ойлойсуңар!?

 

 

30Анткени биз: «Өч алуу — Менин ишим,

 

Мен берем тиешесин», —

 

 

дегендин ким экенин билебиз. «Эгебиз Өз элин соттойт»,— дегенди да укканбыз.

 

31Тирүү Кудайдын колуна түшүп, жазасын алуу кандай коркунучтуу!

 

32Мурдагы жашооңорду эстегиле: Кудайдын жарыгы дилиңерди агарткандан кийин силер канча кыйналсаңар да, кыйынчылыктарга бой берген жоксуңар.
33Бирде өзүңөр эл алдында кордолуп, куугунтук жесеңер, бирде ошого дуушар болгондор мене чогуу болуп, алардын оорчулугун бөлүштүңөр.
34Түрмөдө олтургандарга боорукерлик көрсөтүп, колуңарда бар болгонду тартып алып жатышканда, андан жакшы, түбөлүктүү байлыкка ээ болоруңарды билип, муну кубаныч менен кабыл алдыңар.

 

35Кайратыңардан кайтпагыла. Ошондо келечекте улуу сыйлык аласыңар.
36Кудайдын эркин аткарып, Ал убада кылган нерселерди алуу үчүн чыдамдуу болушуңар керек.

 

 

37Анткени: «Келүүгө тийиш болгон келе жатат,

 

Жакында келип калат, кечикпестен.

 

38Ишенип акталганым өмүр табат,

 

Чегинген адам жакпайт көңүлүмө».

 

 

39Бирок биз артка кайтып, апат боло турган адамдардан эмеспиз. Биз куткарылуу алып келчү ишенимге ээбиз.

 

11

 

Кудай адамдарынын улуу ишеними

 

1Ишеним — бул үмүттөнгөнүңдүн орундала тургандыгынан шектенбөө жана али көзгө көрүнө элек нерселердин анык экендигине ынануу.
2Өз ишеними аркылуу ата-бабаларыбыз Кудайдын ыраазычылыгына ээ болушкан.
3Ишеним аркылуу биз аалам Кудайдын Сөзү менен жаратылып, көрүнбөгөн нерседен көрүнгөн нерселер пайда болгонун түшүнөбүз.

 

4Ишеним аркылуу Абыл Кудайга Кабылдыкынан жакшы курмандык алып келген. Муну көргөн Кудай Абылдын курмандыгына ыраазы болуп, аны ак деп тапкан. Көзү өтсө да, Кудайга ишеним арткан Абыл бизге али да үлгү болуп келет.

 

5Ишеним аркылуу Анак бул дүйнөдөн асманга тирүү алынып, өлүм жүзүн көргөн жок. «Ал кайып болду, анткени аны Кудай Өзүнө алып кетти».Анак асманга алынарга чейин өз жашоосу менен Кудайдын көңүлүнө толгон.
6Ишеним болмоюн, Кудайга жагуу мүмкүн эмес. Ага табынганы келген адам Кудайдын бар экенине жана Өзүн издеп, тааныгысы келгендерге Ал ак батасын берерине ишениши керек.
7Ишеним аркылуу Нух, боло турган топон сууну али көрө элек болсо да, Кудай ал тууралуу эскерткенде, ошого кулак салган. Буюргандай кеме куруп, ошонун ичинде үй-бүлөсү менен кошо аман калган. Бул аркылуу ал дүйнөнү ашкерелеп, өзү болсо ишенгени үчүн ак деп табылды.

 

8Ишеним аркылуу Ыбрайым Кудайдын чакырыгына баш ийип, кайда сапар тартып бара жатканын билбесе да, эл-жерин таштап, кийин өзү мураска ала турган өлкөгө аттанган.
9Ишенимге таянып, убада кылган жерде келгин катары чатырда жашаган. Ыбрайымдын убадасына мурасташ болгон Ыскак менен Жакып да ошондой жашашты.
10Мунун себеби, Ыбрайым Кудай Өзү пландаштырып, Өзү куруп, негизи эч качан бузулбас шаардын пайда болушун күткөн эле.
11Ишеним аркылуу Ыбрайым өзүнүн карылыгы жетип, байбичеси Саранын төрөбөс аял болгонуна карабастан балалуу болууга Кудайдан кудурет алды. Анткени ал Кудайдын Өзү берген убадасына бек экенине ишенген.
12Ошентип, карылыгы жетип, өлүктөн айырмасы деле жок болуп калган ушул адамдан асмандагы жылдызга, деңиз жээгиндеги кумга тете, сан жеткис тукум калган.

 

13Ушул жогоруда аталгандардын баары ишенип жүрүп дүйнөдөн өтүштү. Алар Кудайдын берем деп убада кылган нерселерин бул дүйнөдө алышкан жок, бирок аларды алыстан көрүп, кубанышты. Өздөрүнүн бул дүйнөдө чоочун, конок экенин айтып жүрүштү.
14Ушундай дегендеринен алар чыныгы мекенин самап, издеп жүргөндүгүн билсе болот.
15Эгерде алар таштап кеткен жерин ойлорунан чыгарышпаса, анда кайра кайтып барууга мүмкүнчүлүктөрү болмок.
16Бирок алар калтырган жеринен жакшысына — асмандагы мекенине умтулушту. Андыктан Кудай да Өзүн алардын Кудайымын деп атоодон уялбайт, анткени алар үчүн Өзү атайын шаар даярдап койгон.
17-18Ишеним аркылуу Ыбрайым Кудай аны сынаганда, өз уулу Ыскакты курмандыкка багыштады. Кудай ага: «Ыскактын урпактары сенин тукумуң аталат», — деген болчу. Кудайдан ушундай убада алса да, ал жалгыз уулун курмандыкка чалууга даяр болду.
19Ыбрайым Кудай Ыскакты кайра тирилте алат деп ойлогон, ошондуктан ал уулун өлүмдөн кайтарып алды десе болот.

 

20Ишеним аркылуу Ыскак өз балдары Жакып менен Эйсапка алардын келечегине карата батасын берген.
21Ишеним аркылуу Жакып өлөр алдында Жусуптун уулдарынын ар бирине батасын берип, таягына жөлөнүп, Кудайга табынган.

 

22Ишеним аркылуу Жусуп өлөр алдында ысрайылдыктардын Мисирден чыга тургандыгын айтып, өзүнүн сөөгүн да ала кетүүнү керээз кылган.

 

23Ишеним аркылуу Мусанын ата-энеси аны төрөлгөндөн кийин үч ай бою жашырып бакты. Алар Мусанын сүйкүмдүү наристе экенин көрүп, падышанын буйругун аткарбай коюудан коркушкан жок.[1]

 

24Ишеним аркылуу Муса эр жеткенде фараондун кызынын баласы деп аталуудан баш тартты.
25Күнөө кылып, бир аз убакыт жыргалга баткандан көрө, Кудайдын эли менен бирге азап тартканды артык көрдү.
26Машаяк үчүн кордук көрүүнү Мисирдин бардык байлыгынан алда канча өйдө деп эсептеди, анткени анын көздөгөнү келечекте ала турган сыйлык эле.

 

27Ишеним аркылуу Муса падышанын каарынан коркпостон, Мисирди таштап, чыгып кетти. Анткени ал көзгө көрүнбөгөн Кудайды эш тутуп, көздөгөн максатынан баш тартпады.
28Ишеним аркылуу ал Куткарылуу майрамын белгилеп, жаналгыч периште ысрайылдыктардын тун балдарына тийбей өтсүн үчүн эшиктердин кашегине кан чачкан болчу.
29Ишеним аркылуу ысрайылдыктар Кызыл Деңизден кургак менен өткөндөй өтүшкөн. Аркасынан кууп келип, аларды туурап деңизден өтөбүз деген мисирликтер болсо сууга чөгүп өлүштү.

 

30Ишеним аркылуу Иерихон шаарынын дубалдары ысрайылдыктар жети күн бою айланып баскан соң урап түштү.
31Ишеним аркылуу Рахап аттуу сойку аял Кудайга ишенбегендер менен чогуу өлтүрүлбөй, аман калды. Анткени ал ысрайылдык чалгынчыларды жылуу тосуп алган эле.

 

32Дагы кайсы бирин айтайын? Гедеон, Барак, Шымшон, Эптах, Дөөт, Шамил жана башка пайгамбарлар тууралуу баян кылып олтурсам убакытым жетпей калат.
33Ишеним аркылуу алар падышалыктарды жеңип алышкан. Адил иштерди кылышып, Кудайдын убадасына жетишкен. Арстандардын оозун жабышкан.
34Жалындап күйгөн отту өчүрүшкөн. Кылычтын мизинен аман калышкан. Өздөрү алсыз болушса да, күч-кубатка толушкан. Согушта кудуреттүү болуп, чет элдик аскерлерди качырышкан.
35Кээ бир аялдардын жакындарын Кудай өлгөндөн тирилтип берген. Дагы башкалары кайра тирилип, мурдагыдан жакшы өмүргө ээ болуш үчүн эркиндикке чыгуунун ордуна азап чегип, курман болууну тандашкан.
36Кээ бирөөлөрүн кордоп, сабашкан. Кээ бирөөлөрүн чынжырлар менен байлап, түрмөгө камашкан.
37Дагы башкаларын ташбараңга алышкан, араа менен кесишкен, кылычтап өлтүрүшкөн. Кой-эчкилердин терисин кийип, жакырчылыкта жашап, куугунтук жеп, жек көрүндү болуп жүрүшкөн.
38Ушул дүйнө алардын кадыр-баркына арзыган эмес. Бирок алар чөлдөр менен тоолордо тентип, үңкүрлөр менен чуңкурларды башпаана кылышкан.

 

39Жогорудагылардын баары өз ишеними менен Кудайдын ыраазычылыгына ээ болушкан. Бирок алардын бири да убада кылынганга жеткен эмес.
40Анткени биз үчүн жакшыраак нерсени сактап койгон Кудай алардын ишеним менен көздөгөн максатына бизсиз эле жетишин каалаган жок.

 

12

 

Кудай — биздин Атабыз

 

1Ошентип, бизди көптөгөн күбөлөр курчап турат. Андыктан ар кандай тоскоолдуктарды жана жылдырбай кармап турган күнөөнү өзүбүздөн алыс ыргытып, чыдамкайлык менен алдыбыздагы жарыштын соңуна чыгалы.
2Жалтактабайлы да Ыйсадан көзүбүздү албайлы. Адегенде бизге ишеним берип, анан аны кемелдикке жеткирген — Ал Өзү. Айкаш жыгачка керилип, кордук көрөрүн билсе да, келечекте күтүп турган зор кубаныч үчүн Ал ошого даяр болду. Эми болсо Кудай тактысынын оң жагындагы сыйлуу орунда олтурат.

 

3Кайратыңардан кайтпай, кыйынчылыктарга бой бербеш үчүн Ыйсанын күнөөкөрлөргө ушунчалык жек көрүндү болуп, ошонун баарына чыдаганын эстегиле.
4Күнөөгө каршы согушканыңарда силер али каныңарды төгүп, өлсөм да мейли деп, тобокелге бара элексиңер.

 

 

5Же Өз балдары катары Кудай силерге кайрат берүү үчүн мындай деп айтканын унуттуңарбы: «Тартипке келтиргенде Эгең сени,

 

Барк албай муну, балам, сен калбагын.

 

Көрсөтүп айыбыңды, жазаласа,

 

Чөгөрүп көңүлүңдү кайгырбагын.

 

6Анткени кимди сүйсө Кудай Таала,

 

Ошону тартипке да салып турат.

 

Кимди Ал Өз балам деп кабыл алса,

 

Ал адам айыбы үчүн жазаланат».

 

 

7Жаза тартып кыйналганыңарда, буга чыдагыла. Анткени менен Кудай силерге Өз балдары катары мамиле кылып жатат. Же атасы жазалабаган бала болобу?
8Эгерде башка балдарга окшоп тарбияга чакырылбасаңар, анда Анын балдары экениңер анык эмес.
9Өз аталарыбыз бизди жазалап турушса да, биз аларды урматтайбыз. Андай болсо, түбөлүк өмүр сүрөбүз десек, рухий Атабызга андан бетер баш ийишибиз керек эмеспи?
10Аталарыбыз бизди кыска убакыттын ичинде өздөрү туура көргөндөй тарбиялашты. Кудай болсо биздин эле пайдабызды ойлоп, Өзүндөй ыйык болсун деп тарбиялайт.
11Тартипке салынып жаткан убакта бул бизди кубандырбайт, тескерисинче жаныбызды кейитет. Бирок ушундай тарбия көргөн адам кийин такыбаа, бейпил жашоонун үзүрүн көрөт.

 

Насааттар жана эскертүүлөр

 

12Ошентип, шалдайган колуңарды кайра көтөрүп, калчылдаган тизеңерди бекемдегиле.
13Аксаган бут чалынып жыгылбастан, кайра айыксын үчүн түз жолдо жүргүлө.

 

14Бардык адамдар менен ынтымакта болгонго аракет кылгыла. Адал жашоого умтулгула, анткени адал болбогон бир дагы адам Эгебизди көрө албайт.
15Абайлагыла, Кудайдын ырайымынан эч кимиң куру калып жүрбөгүлө. Араңардан кимдир бирөөнүн уу өсүмдүк сымал өсүп чыгып, көбүнө залакасын тийгизип, арам кылышына жол бербегиле.
16Араңардан эч ким Эйсапка окшоп, бузукулукка кирип, Кудайга жакпагандай өмүр сүрбөсүн. Бир аяк аш үчүн ал туңгуч уулга тиешелүү укугун сатып жиберген.
17Өзүңөр билгендей, Эйсап кийин атасынын туңгуч уулга бериле турган батасын алгысы келгенде, четке кагылган. Көз жашын көлдөтүп жалбарса да, жасаган ишин өзгөртө алган эмес.

 

18Силер көзүңөр көрүп, колуңарды тийгизе алган Синай тоосунун, алоолонуп жанган оттун жанына барган жоксуңар. Туш-туштан каптаган караңгылыкка, алай-дүлөй түшкөн бороонго кабылган жоксуңар.
19Кулак жарган сурнайдын үнүн, жанга баткан, мындан ары укпасак экен дегидей сөздөрдү эшиткен жоксуңар.
20Анткени алар Эгебиздин: «Тоого айбан тийсе да ташбараңга алынып, өлтүрүлсүн!» — деген буйругун көтөрө алышкан жок.
21Бул көрүнүш үрөй учурарлык болгондуктан Муса: «Жаным чыгып, муунум калчылдап турат»,— деген.

 

22-24Ал эми силер болсо Сион тоосуна, тирүү Кудайдын шаары — асмандагы Иерусалимге келдиңер. Бул жерге түмөндөгөн периштелер менен ысымдары көккө жазылган Кудайдын тун уулдары өздөрүнүн шаңдуу жыйналышына чогулушкан. Бардык адамдардын Соттоочусу болгон Кудай да, жеткилеңдикке жетишкен адилдердин рухтары да, жаңы келишимдин арачысы Ыйса да — ушул жерде. Анын чачылган каны Абылдыкына караганда алда канча жакшыраак нерселер жөнүндө кабар берет.

 

25Байкагыла, силерге сүйлөгөн Кудайды укпай койбогула. Байыркылар жерден сүйлөгөн сөзүнө кулак салбаганы үчүн жазадан качып кутула алышпаса, анда көктөн сүйлөгөнүн укпай койгон биз тарта турган жазабыздан андан бетер кутула албайбыз.
26Ошол убакта Кудайдын үнү жер титиреткен, эми болсо Ал: «Мен дагы бир жолу жерди гана эмес, асманды да титиретем»,— деп убада кылды.
27«Дагы бир жолу» дегени жаратылган нерселер козголуп, ордунан алынып ташталарын билдирет. Ошондо козголбос нерселер гана калат.

 

28Андыктан Кудайга рахмат айталы, анткени биз түндүгү эч качан түшпөгөн ордодон орун алабыз. Кудайды кастарлап, Андан ыйбаа кылуу менен табынганыбыз Аны ыраазы кылсын.
29Анткени биздин Кудай — бул чындап эле бардыгын жалмаган от.

 

13

 

Кудайга кантип жагууга болот?

 

1Боордоштор катары мындан ары да бири-бириңерди сүйүп жүргүлө.
2Чоочун адамдарга меймандостук көрсөтүүнү унутпагыла, анткени ушундай кылганы менен кээ бирөөлөр, өздөрү билбей, периштелерди коноктошкон.
3Ишеними үчүн камакка алынган боордошторуңар менен кошо өзүңөр да камакка алынгандай, азап тартып жаткандар менен бирге өзүңөр да азап тарткандай болуп, аларды эсиңерден чыгарбагыла.
4Никени баарыңар сыйлап, бири-бириңердин төшөгүңөрдү булгабагыла, анткени Кудай бузукулар менен нике бузгандарды соттойт.
5Акчаны сүйүүдөн оолак болуп, колуңарда барына каниет кылгыла, анткени Кудай: «Мен силерди эч качан таштабайм да калтырып кетпейм», — деген.

 

 

6Ошондуктан биз тайманбастан: «Эгем — менин колдоочум.

 

Эч нерседен коркпоймун.

 

Мага адам баласы

 

Эми эмне кыла алат?»—

 

 

деп келебиз.
7Силерге Кудайдын сөзүн сүйлөгөн жол башчыларыңарды унутпагыла. Алардын кандай өмүр сүргөнүн эстеп, силер да алардыкындай ишенимге ээ болууга дитиңерди койгула.
8Ыйса Машаяк эч качан өзгөрбөйт: Ал кечээ да, бүгүн да, түбөлүккө да ошол эле бойдон.
9Ар кандай бейтааныш окуулардын эпкинине айдалып, алдастабагыла. Кудайдын ырайымынан кайрат алгыла. Ал эми тамакка байланыштуу ырым-жырымдардын аларды карманган адамдарга эч пайда-батасы жок.
10Биздин курмандык жайыбыздан мурдагы ыйык чатырда ийбадат кылган динкызматчылардын жегенге эч акысы жок.
11Башкы динкызматчы күнөөлөр үчүн курмандык катарында малдын канын эң ыйык жайга алып кирчү да, малдын эти болсо эл конушунан сырткары алып чыгарылып, ошол жактан өрттөлчү.
12Ушул себептүү Ыйса да Өз каны менен элди адалдоо үчүн шаардын сыртында азап тартып, курман болгон.
13Андыктан биз да эски конушубуздан чыгып, Анын көргөн кордук-азабын тең бөлүшөлү.
14Анткени жер жүзүндө биздин түбөлүк өкүм сүрөр шаарыбыз жок. Биз Кудай Өзү орното турган шаарды күтүп жүрөбүз.
15Андыктан Ыйсаны Эге деп тааныганыбызды оозубуз менен айтып, Ал аркылуу ар дайым Кудайга мактообузду курмандык катары алып келип туралы.
16Ошондой эле бири-бириңерге жакшылык кылууну унутпай, колуңарда бар болгонун башкалар менен бөлүшүп тургула, анткени булар Кудайга жаккан курмандыктар.

 

17Жетекчилериңерге баш ийип, айткандарын аткаргыла. Алар силердин жаныңар үчүн тынбай кам көрүшөт, анткени өз кызматы үчүн Кудай алдында жооп беришет. Алар өз ишин кубаныч менен аткарышсын десеңер, баш ийгиле. Антпесе кылган кызматы аларга да түйшүк болуп, силерге да пайда-бата алып келбейт.

 

18Биз үчүн сыйынгыла. Биз ар дайым туура иш кылганга тырышып жүргөндүктөн абийирибиздин таза экенин билебиз.
19Айрыкча суранарым: мен силерге жакын арада кайра барып калышым үчүн аябай сыйынсаңар.

 

Соңку сөз жана бата тилөө

 

20-21Түбөлүктүү келишимдин каны аркылуу улуу Койчубуз болгон Эгебиз Ыйсаны өлүмдөн тирилткен тынчтыктын Кудайы силерди Өзүнүн эркин аткарууда керек болгон бардык жакшы нерселер менен камсыз кылсын. Ошондой эле Ыйса Машаяк бизге Кудайга жаккандай иш кылууга жардам берсин. Ошол Машаякка түбөлүктөн түбөлүккө даңк болсун. Оомийин.

 

22Боордошторум, сабыр этип, ушул кайрат берейин деп айткан сөздөрүмдү жакшылап угуп алсаңар деп өтүнөм. Катым деле узун эмес го.
23Боордошубуз Тиметейдин түрмөдөн бошотулганын билишиңерди каалайм. Эгер ал жакында мага келсе, анда силерге барганымда, аны өзүм менен кошо ала барам.

 

24Бардык башчыларыңарга, ошондой эле бардык ыйыктарга да бизден салам айтып койгула. Италиялык боордошторубуз да силерге салам жолдошту.

 

25Кудай баарыңа ырайым кылсын!

 

 

 

Жакып

1

 

Саламдашуу

 

1Кудайдын жана Эгебиз Ыйса Машаяктын кулу Жакыптан чар тарапта чачылып жүргөн он эки урууга[1]дубай салам!

 

Чыдамдуулук, акылмандык жана ишеним жөнүндө

 

2Боордошторум, жашоодо түркүн кыйынчылыкка туш келгенде аны зор кубаныч менен кабыл алгыла.
3Себеби ишенимиңердин сыналганы силерди чыдамдуулукка үйрөтөрүн билесиңер.
4Чыдамдуулук деген дайыма өсүп турушу керек, мына ошондо кемчиликсиз жеткилең болосуңар.
5Ал эми кимиңерге акылмандык жетпей турса, сурагандын баарына аянбастан, жемесиз эле бере турган Кудайдан сурасын — анан алат.
6Бирок эч шек кылбай, ишеним менен сурасын, себеби шектенген адам шамал айдаган деңиз толкунуна окшош.
7Мындай киши Эгебизден бирдеме алам деп ойлобосун:
8Ал эки ойлуу, бардык ишинде туруксуз адам.

 

Жакырчылык жана байлык

 

9Жакыр боордош Кудай көтөргөн кезде,
10ал эми бай боордош Кудай төмөндөткөнүнө кубансын, анткени чөп гүлүндөй ал да өтүп кетет.
11Күн чыгып, ысыйт да табы менен чөптү кууратат, анан гүлү түшүп, көркү жоголот. Анын сыңары, бай боордош да түйшүгү менен кошо бул дүйнөдөн өтүп кетет.

 

Сыноо жана азгырык

 

12Бардык сыноолорду чыдап көтөргөн адам бактылуу, анткени ал сыноодон өткөн соң, Кудай Өзүн сүйгөндөргө убада кылган түбөлүктүү өмүрдү сыйлык кылып берет.
13Азгырыкка туш келгениңерде, «Кудай мени азгырып атат» деп эч ким айтпасын. Себеби Кудай жамандыкка азгырылбайт жана эч кимди азгырбайт.
14Тескерисинче, ар ким өзүнүн арам кумарына кызыгып, торго түшөт.
15Арам кумар болсо өөрчүп, күнөөнү жаратат, ал эми күнөө өөрчүп, өлүмдү жаратат.
16Айланайын боордошторум, алданып калбагыла.
17Бардык жакшы, жеткилең тартууну жогорудан, асман жарыгын жараткан Атабыз берет. Ал туруктуу жана өзгөрүлгүс.
18Бүт жараткандарынын эң маанилүүсү болсун деп, Ал бизди чындык сөзү аркылуу жаратты.

 

Угуу жана аткаруу

 

19Демек, сүйүктүү боордошторум, ар бир адам укканга тез, сүйлөгөнгө жай жана ачууга сабырдуу болсун.
20Себеби адам ачуусу менен Кудайга жагарлык иш кыла албайт.
21Ошондуктан, жаман адат, адам оозу баргыс ишиңерди таштап, дилиңерге себилген, силерди куткара ала турган Кудайдын сөзүн моюн сунуу менен кабыл алгыла.

 

22Кудай сөзүн угуучу гана эмес, аткаруучу да болгула, антпесе өзүңөрдү алдаган болосуңар.
23Себеби Кудай Сөзүн угуп, бирок аны аткарбаган күзгүгө каранып, өз келбетин көргөн адамдай:
24ал өзүн карайт да мындай болору менен кандай экенин дароо унутат.
25Бирок ким эркиндик берчү жеткилең мыйзамды кунт коюп окуп, анда жазылгандарды эсине түйүп алса же сөздү угуп гана тим болбостон, аны аткарса, андай кишиге Кудайдын батасы тиет.

 

26Эгер араңардан бирөө такыбаамын деп ойлоп, бирок тилине алы жетпесе, андай адам өзүн өзү алдаганы жана анын такыбаалыгы эч нерсеге татыбайт.
27Кудай Атабыз таза деп эсептеген чыныгы такыбаалык — бул жетим-жесирлерге каралашып, өзүңдү бул дүйнөнүн жамандыгынан сактоо.

 

2

 

Бай менен кедейге бирдей мамиле кылгыла

 

1Боордошторум, силер даңктуу Эгебиз Ыйса Машаякка ишенгендиктен адамдардын сыртына карап мамиле кылбагыла.
2Эгер чогулушуңарга кымбат баалуу кийим кийип, колуна алтын шакек тагынган бир адам жана жаман кийинген, жарды бир адам кирсе,
3силер кымбат баалуу кийим кийген адамды карап, ага: «Сиз төргө өтүңүз» деп, а жардыга: «Сен тигил жакка тур» же: «Биерге, улагага отур», — десеңер,
4анда өз билгениңерче бирөөнөн бирөөнү айырмалап, бейкалыс ойго алдырып, ким жакшы экенин чечип жатканыңар.

 

5Уксаңар, сүйүктүү боордошторум, ишенимге байышсын жана Өзүн сүйгөндөргө убада кылган Падышачылыктын мурасчысы болушсун деп, Кудай дүйнөнүн жакырларын тандап алган жок беле?
6А силер жакырды төмөн көрдүңөр. Силерди кыйнагандар, казыга сүйрөп алып баргандар байлар эмеспи?
7Силер атын алып жүргөн Машаякка тил тийгизген алар эмеспи?

 

8Эгер Ыйык Жазуудагы «Башкаларды өзүңдөй сүйгөндөй сүй»деген улуу мыйзамды чын эле аткарып жүрсөңөр, туура иш кыласыңар.
9Ал эми сыртына карап мамиле кылсаңар, анда күнөө кетирип, мыйзам алдында айыптуу болосуңар.

 

10Мыйзамды толук аткарып, бирок бирөөнү эле бузган киши бүт мыйзамды бузуучу катары күнөөлүү болот.
11Себеби «нике бузба» дегенди айткан Кудай «киши өлтүрбө»деп да айткан. Эгер нике бузбасаң, бирок киши өлтүрсөң, баары бир мыйзамды бузган болосуң.

 

12Эркиндик берчү мыйзамдын негизинде соттолуучу адам кандай кылса, силер да ошондой сүйлөп, ошондой иш кылгыла.
13Себеби ырайым кылбаган кишини Кудай да ырайымсыз жазалайт. Бирок ырайым жазадан да жогору!

 

Ишеним жана иш

 

14Боордошторум, эгер бирөө ишенем десе, бирок кылган жакшы иши болбосо, анысынан эмне пайда? Ушул ишеними аны куткара алабы?
15Эгер боордошуң же карындашың ач-жылаңач болсо,
16анан эчтеме бербей туруп эле, «жакшы баргыла, жылуу кийинип, курсагыңарды тойгузгула» дегендин эмне кереги бар?
17Ишеним да ошондой. Кылган жакшы ишиң болбосо, ишеним да өлүк.

 

18Мүмкүн бирөө «сенин ишенимиң бар, а менин жакшы ишим бар» дээр. Сага айтарым: мага жакшы ишиң жок ишенимиңди көрсөт, мен сага жакшы ишимден көрүнгөн ишенимимди көрсөтөм.
19Сен бир Кудайга ишенесиң, мунуң жакшы. Бирок жиндер да буга ишенип, титирешет.

 

20Бирок сен, акылсыз, ишсиз ишеним өлүк экенин билгиң келеби?
21Бабабыз Ыбрайым уулу Ыскакты курмандык жайга жаткырып, иши менен акталган жок беле?
22Көрдүңбү, анын иши менен ишеними бир болгон жана ишеними иши аркылуу кынтыксыз болгон.
23Ошентип, Ыйык Жазуунун сөздөрү аткарылган: «Ыбрайым Кудайга ишенип, ошону менен Анын алдында ак деп табылды»,анан ал Кудайдын досу аталган.
24Адам ишеними менен гана эмес, кылган иши менен да акталарын өзүңөр көрүп турасыңар.

 

25Ошондой эле чалгынчыларды кабыл алып, анан башка жол аркылуу чыгарып ийген сойку аял Рахап да иши менен акталган эмеспи?
26Андыктан жансыз дене өлүк сымал, ишсиз ишеним дагы өлүк.

 

3

 

Сөздүн күчү

 

1Боордошторум, бир азыңар эле окутуучу болгула. Себеби бизге, окутуучуларга, сурак катуураак болорун билесиңер.
2Баарыбыз тең көп күнөө кетиребиз. Ким сүйлөгөн сөзүнөн күнөө кетирбесе, ал бүтүндөй денесин башкара алган жеткилең адам.

 

3Мына, атка ооздук катып, анын бүт денесин башкарабыз.
4Же кемелерди алалык: алар кандай чоң болбосун, кандай катуу шамал айдабасын, аны башкарган киши каалаган жагына кичине бургуч менен бура алат.
5Ошондой эле тил дагы денебиздин кичине мүчөсү, бирок чоң нерсени кылат. Байка, кичинекей эле от чоң токойду жок кылат!
6Тил — от, ал денебиздеги жамандыкка толгон дүйнө. Биздин бүт жашообуз аркылуу жамандыкты таратат. Тозоктун оту менен бүт жашообузду өрттөп жок кылат.

 

7Адам бардык айбандарды, канаттууларды, сойлоп жүрүүчүлөр менен деңиз жаныбарларын башкарып келди жана башкарууда,
8ал эми тилди эч ким башкара албайт. Бул — ээ бербеген жамандык. Ал өлтүрө турган ууга толгон.

 

9Тилибиз менен Эге Атабызды алкайбыз, ошол эле тилибиз менен Кудайга окшош жаралган адамдарды каргайбыз.
10Бир эле ооздон алкыш да, каргыш да чыгат! Боордошторум, мындай кылган жарабайт.
11Бир эле булактын көзүнөн шор да, шор эмес да суу чыгабы?
12Боордошторум, анжирден зайтун же жүзүмдөн анжир өсүп чыкпайт. Ошол сымал бир эле булактан шор да, шор эмес да суу агып чыкпайт.

 

Акылмандыктын эки түрү

 

13Араңарда акыл-эстүү, түшүнүгү кенен адам барбы? Болсо, анысын пакиза жүрүм-туруму, акылгөй момундугу менен далилдесин.
14Эгер ичиңерде ачуу көрө албастык менен өзүмчүлдүк жашаса, анда акылмандыгыңарга мактанып, чындыкты бурмалабагыла.
15Мындай «акылмандуулук» көктөн келген эмес, ал жерден, күнөөкөр адамдан жана ибилистен келген акылмандуулук.
16Каерде көрө албастык менен өзүмчүлдүк болсо, тартипсиздик менен түрдүү жаманчылык да ошол жерде.

 

17Ал эми көктөн келген акылмандыгы бар ишенгендер эң алды күнөөдөн бошонгон таза жүрөктүү, тынчтыкты сүйүүчү, момун, тил алчаак, башкаларга кайрымы менен жакшылыгы көп, ниети ак жана астейдил болушат.
18Тынчтыкты сүйгөн адамдар тынчтык үрөнүн сээп, адилеттик жемишин алышат.

 

4

 

Дүйнө менен достошуу

 

1Силердеги талаш-тартыш менен пикир келишпестик кайдан чыгып атат? Алар дайыма күрөшүн токтотпогон денелик жыргалчылыкка умтулуудан эмеспи?
2Силер бир нерсени каалайсыңар, бирок алган жоксуңар, ошондуктан өлтүрүп, башкаларды көрө албай жатасыңар. Баары бир каалаганыңарга жеткен жоксуңар, ошондуктан пикириңер келишпей, талашып жатасыңар. Силер каалаганыңарды ала албай жатасыңар, анткени сурабай жатасыңар.
3Сурасаңар дагы албай жатасыңар, анткени алганыңарды өз жыргалыңарга колдонуу үчүн арам ой менен сурайсыңар.
4Эй, опаасыздар! Бул дүйнө менен дос болуу — Кудайга душман болуу экенин билбейсиңерби? Жалган дүйнө менен дос болгон адам Кудайга душман болот.
5Же Кудай ичибизге салган адамдык рух кумарларга толгон деп Ыйык Жазууда курулай эле жазылган дейсиңерби?

 

 

6Кудай кылган ырайым мындан да чоң. Ошол үчүн Жазууда минтип айтылат: «Менменсинген адамга

 

Каршы болот Кудайым,

 

Моюн сунган адамга

 

Ырайымын төгөт Ал».

 

 

7Андыктан Кудайга моюн сунуп, ибилиске каршы тургула, ошондо ал силерден качат.
8Кудайга жакындагыла, Ал да силерге жакындайт. Күнөөкөрлөр, арам ишиңерди таштагыла, эки ойлуулар, ниетиңерди оңдогула.
9Кайгыргыла, ыйлагыла, боздогула. Күлкүңөр ыйга, кубанчыңар кайгыга айлансын.
10Эгебизге моюн сунгула, ошондо Ал силерди жогору көтөрөт.

 

Боордошуңду жамандаба

 

11Боордоштор, бир бириң жөнүндө жаман айтпагыла. Боордошуна жаман айткан же аны айыптаган адам Тоорат мыйзамын жамандап, айыптаганы. Эгер мыйзамды айыптасаң, анда аны аткаруучу эмес, айыптоочу болосуң.
12Мыйзам чыгаруучу да, Айыпка тартуучу да Бирөө. Ал куткара да, өлтүрө да алат. Ал эми башканы айыптай тургандай сен кимсиң?

 

Эртең эмне болот, ким билет?

 

13Эми «бүгүн-эртең баландай бир шаарга барып, ал жерде бир жыл жашап, соода-сатык кылып, олжо табалы», — дегендер, угуп тургула:
14силер эртең эмне болорун билбейсиңер. Өмүр деген эмне? Ал бир аз көрүнүп, анан жок болгон буу сымал.
15«Кудай каалап, аманчылык болсо, же аны, же муну кыларбыз», — дегендин ордуна,
16менменсинип, кекирейесиңер, минтип менменсинген такыр туура эмес.
17Ошондуктан туура ишти кандай кылууну билип туруп кылбай койсоңор, күнөөлүү болосуңар.

 

5

 

Байлар, байкагыла

 

1Байлар, силер эми ыйлагыла да боздогула, анткени башыңар азапка малына турган болду.
2Байлыгыңар чирип, кийимиңерди күбө жеди.
3Алтын, күмүшүңөрдү дат басты. Ал даттар силерди айыптоодо күбө болот да, денеңерди от сымал жок кылат. Силер байлыгыңарды ушул күнгө чейин чогултуп келдиңер!
4Талааңарда иштеген орокчулардын эмгек акысын төлөгөн жоксуңар. Алданган алар боздоп жатышат. Алардын боздогон үнү кудуреттүү Кудайдын кулагына жетти.
5Силер жер үстүндө дүнүйөгө марып, жыргап-куунап жашадыңар, сойгонго даяр семиз малдай болдуңар.
6Силер өзүңөргө каршылык кылбаган адилет адамдарды каралап, өлтүрдүңөр!

 

Чыдамдуу болуу жана сыйынуу

 

7Боордоштор, Эгебиз келгенге чейин чыдамдуу болгула. Мына, дыйкан деле жакшы түшүм бере турган күзгү, жазгы жамгырларды чыдамдуулук менен күтөт.
8Силер дагы чыдамдуу болуп, бекем тургула, анткени Эгебиздин келер убагына аз калды.
9Айып тартпаш үчүн бири бириңерди жамандабагыла. Мына, Айыптоочу босогодо турат.

 

10Кыйынчылык менен көпкө чыдоонун үлгүсүн Эгебиздин атынан сүйлөгөн пайгамбарлардан алгыла.
11Биз чыдагандарды бактылуу адамдар дейбиз. Силер Аюптун чыдамы жөнүндө уккансыңар жана аягында Эгебиз ага кандай кам көргөнүн көргөнсүңөр. Эгебиз кайрымдуу жана боорукер.

 

12Баарынан мурун, боордошторум, асман менен да, жер менен да, башка эч бир нерсе менен дагы ант бербегиле. «Ооба» дей турган кезде, «ооба» дегиле, «жок» дей турган кезде, «жок» дегиле, ошондо айыпкер болбойсуңар.

 

13Араңарда кыйналгандар барбы? Сыйынсын. Кубангандар барбы? Ырдасын.
14Оорулуулар барбы? Жыйын жетекчилерин чакырсын. Алар болсо Эгебиздин атынан майлап, ал үчүн сыйынышсын.
15Ишеним менен сыйынсаңар оорулуу сакаят: Эгебиз аны айыктырат. Эгер күнөө кетирген болсо, кечирилет.

 

16Ошондуктан бири бириңерге күнөөңөрдү айткыла жана айыгуу үчүн бир бириң үчүн сыйынгыла. Адилеттүү адамдын сыйынуусу чоң күчкө ээ.
17Илияс биздей эле адам болгон. Ал жамгыр болбосун деп катуу сыйынганда, жерге үч жарым жыл жамгыр жааган эмес.
18Анан жамгыр жаасын деп дагы сыйынганда, асмандан жамгыр жаап, жер түшүмүн берген.
19Боордошторум, араңардан бирөө акыйкаттан четтеп кетсе жана башка бирөө аны кайра кайтарса,
20анда билгиле: күнөөкөрдү жалган жолдон кайтарган адам анын жанын өлүмдөн алып калат да, далай күнөөлөрүнүн кечирилишине аралжы болот.

 

 

 

1 Петир

1

 

Саламдашуу

 

1-2Ыйса Машаяктын элчиси Петирден Понт, Галатия, Кападокия, Асия менен Битинияга чейин тараган качкындарга — Кудайдын тандап алган элине дубай салам!

 

Ыйса Машаякка баш ийип, Анын каны менен тазалануу үчүн силерди алдын ала тандап алып, Ыйык Руху аркылуу ыйык эл кылган Кудай ырайымын төгүп, дайыма тынччылыгын берсин!

 

Ыраазычылык келтирүү

 

3Эгебиз Ыйса Машаяктын Атасы — Кудай макталсын! Ал чоң ырайым кылып, Ыйса Машаякты өлүмдөн тирилтүү менен бизге жаңы өмүр берди, ошол аркылуу биз өчпөс үмүткө ээ болдук.
4Ошондуктан Кудайдын Өз элине сактаган баалуу мурасына ээ болобуз. Эч качан чирип бузулбас, эскирбес ал мурастар силер үчүн асманда даяр турат.
5Кудай Өзүнө ишенген силерди кудуреттүү күчү менен коргоп, заман акырында ушул күнөөкөр дүйнөдөн куткарат, ошол убак келгенде, бул айкын көрүнөт.
6Андыктан азыр бир аз убакыт ар кандай кыйынчылыкка туш келсеңер да ушуларды ойлоп кубангыла.

 

7Кыйынчылык тартканыңардын максаты — чын ишенгениңерди далилдөө. Жок боло турган алтын да от менен сыналат, ошол сыяктуу андан да аябай кымбат ишенимиңер сыналууга тийиш. Анан Ыйса Машаяк келген күнү мактоого, даңктоого жана урмат менен сыйга ээ болосуңар.

 

8Силер али көрбөсөңөр дагы Аны сүйөсүңөр. Азыр көрбөй турсаңар дагы ишенесиңер жана сөз жеткис улуу кубанычка баттыңар,
9себеби ишенимиңер аркылуу жаныңардын куткарылуусуна жеттиңер.

 

10Кудайдын силерге кыла турган ырайымы тууралуу пайгамбарлар алдын ала айтышкан, алардын аябай кылдат изилдөөлөрү ушул куткарылуу жөнүндө болгон.
11Ошол пайгамбарларды даарыган Машаяктын Руху Анын маңдайына жазылган азаптар менен андан кийин келе турган атак-даңк тууралуу алдын ала айтканда, алар Машаяк ким болуп, качан келерин жана бул окуялар кандай болорун билүүгө аябай аракет кылышкан.
12Бирок алардын изилдегендери өздөрүнө эмес, силерге тиешелүү болгонун Кудай аларга дайын кылган. А Машаяк жөнүндөгү Жакшы Кабар эми силерге жетти. Аны көктөн келген Ыйык Рухтун жетегиндеги адамдар айтышты. Аны аңдап билүүнү периштелер да аябай каалашат.

 

Такыбаа болгула

 

13Ошондуктан аткара турган ишиңерди жакшылап ойлонгула: сергек болуп, Ыйса Машаяк келген күнү Кудай силерге бере турган батаны чын дилиңерден тилегиле.
14Тил алчаак балдардай болуп Кудайга баш ийгиле. Мурун Кудай Эгеңерди тааныбаган кезде жашооңор арам кумарлардын жетегинде болуп келди. Буга эми жол бербегиле!
15Кайра, силерди тандап алган Кудай Өзү ыйык болгондой, дайыма Анын элиндей ыйык жашагыла.
16Себеби минтип жазылган: «Ыйык болгула, анткени Мен ыйыкмын».

 

17Бардыгын жүзүнө карабай, ишине карап жоопко тарткан Кудайга сыйынганда Аны Ата деп атасаңар, анда бул жердеги конок сымал жашооңор Андан коркуу менен өтсүн.
18Силер ата-бабаңардан калган маанисиз жашоодон кутулдуңар. Бул алтын-күмүшкө окшоп чирип кетчү байлык аркылуу эмес,
19кемтиксиз да кемчиликсиз Козу — Машаяктын кымбат каны аркылуу келгенин билесиңер.
20Ал дүйнө жаралгандан мурда эле тандалып, ушул акыркы убакта силер үчүн келген.
21Силер Машаяк аркылуу Кудайга ишендиңер. Кудай Аны өлүмдөн кайра тирилтип, атак-даңкка бөлөдү. Эми силердин ишеним менен үмүтүңөр Кудайда гана.

 

22Машаяк жөнүндөгү акыйкатка моюн сунуп, күнөөдөн тазарган силер эми боордошума деген нукура сүйүүгө ээ болдуңар. Демек, эми бири бириңерди чын жүрөктөн сүйгүлө!
23Кудай өмүр ыйгарчу түбөлүктүү сөзү аркылуу силерге жаңы өмүрдү берген.

 

 

24-25Себеби, «Адамдардын бүт бардыгы чөп сымал,

 

Көркү алардын талаадагы гүлдөрдөй.

 

Чөп куурайт да гүлү түшөт, а бирок

 

Эгебиздин сөзү калат түбөлүк».

 

 

Силерге айтылган Кудайдын сөзү ушул.

 

2

 

1Ошондуктан ар кандай жамандыктан: жалганчылыктан, эки жүздүүлүктөн, көрө албастыктан жана бирөөлөрдү каралоодон арылышыңар керек.
2Жаңы төрөлгөн наристе сүт издегендей таза, рухий сүткө умтулгула. Андан тамактанып, өсүп, анан куткарылууга жетесиңер,
3себеби «Эгебиздин кайрымдуу экенин өзүңөр деле билип калдыңар».
4Адамдар четке какса да, Кудай тандап алып, өтө урмат көрсөткөн «тирүү таш» Машаякка келгиле.
5Силер рухий үйгө коюлган тирүү таш сыяктуусуңар жана ал жерде Ыйса Машаяк аркылуу Кудайга жагымдуу рухий курмандык чалган динкызматчысыңар.

 

 

6Анткени Ыйык Жазууда минтип айтылат эмеспи: «Мына эми Сион аттуу шаарыма

 

Пайдубалдуу, кымбат баалуу, тандалган

 

Мен таш коём. Ошол ташка таянган

 

Адамдардын уят болбойт бири да».

 

 

7Андыктан Ага таянган силер үчүн бул таш асыл-кымбат, ал эми таянбагандар үчүн андай эмес.

 

 

«Куруучулар жаратпай,

 

Таштап салган таш эле,

 

Пайдубалдын негизи

 

Болуп калды ал эми»

 

 

8жана

 

«Адамдарды чалынткан, кулаткан таш»—

 

 

деп да жазылган. Алардын чалынып жаткан себеби — Кудай сөзүн угушпагандыгы. Алардын жазмышы ошондой.

 

9Ал эми силер — Кудай тандаган тукум,Падышанын динкызматчылары, ыйык эл жана Анын даражасын жар салууга чакырылган адамдарсыңар.Ал силерди караңгылыктан Өзүнүн укмуштуу жарыгына чакырып алган.

 

 

10Бир кездерде Кудай эли болбогон,

 

Силер эми Анын эли болдуңар.

 

Буга чейин Кудай мээрин көрбөгөн,

 

Эми Анын кайрымын да көрдүңөр.

 

Кудайдын кулундай жашагыла

 

11Сүйүктүүлөрүм, бу дүйнөдө коноктор менен качкындар сымал жашаган силерден жалынып суранарым: жан дүйнөңөр менен күрөшкөн пас каалооңордун жетегинде жүрбөгүлө.
12Ыйсага ишенбегендер арасында ак жашагыла. Анан силерди жамандык кылуучулар деп айыптаган алар жакшы ишиңерди көрүп, кыямат күнү Кудайды даңктай турган болушат.

 

13Эгебиз адамдар койгон бардык бийликке баш ийүүңөрдү каалайт. Силер баарын башкара турган падышага,
14анан эл бийлөөчүлөргө да баш ийишиңер керек, себеби падыша аларды жамандык кылгандарын жазалап, жакшылык кылгандарын мактоо үчүн жиберет.
15Кудай адал иш кылуу менен акылы жоктордун наадан сөздөрүн токтотконуңарды каалайт.
16Силер эркинсиңер, эми ушул эркиндикти жамандык кылганга шылтоо катары пайдаланбастан, кайра Кудайдын кулундай жашагыла.
17Баарына сый көрсөткүлө, ишенимдеш боордошторду сүйгүлө, Кудайдан корккула, а падышаны урматтагыла.

 

Машаяктан үлгү алгыла

 

18Кулдар, кожоюнуңарга баш ийгиле, кайрымдуу, кичипейилдерине гана эмес, катаалдарына да толук урмат көрсөткүлө.
19Эгер кимдир бирөөң адилетсиз кыйынчылык тартып, аны Кудайдын эрки катары көтөрсөңөр, анда Ал силерге батасын берет.
20Ал эми жамандык кылганыңар үчүн таяк жеп, ага чыдап жатсаңар, анда кандай мактоо болот? Тескерисинче, кылган жакшылыгыңар үчүн азап тартып, ага чыдап атсаңар, мунуңар Кудайга жага турган иш.
21Силер ушуга чакырылгансыңар, себеби Машаяк дагы силер үчүн азап чегип, үлгү калтырган. Андыктан Анын артынан ээрчигиле.
22Анткени «Ал бир да күнөө кылган эмес, оозунан эч кандай калп чыккан эмес».

 

23Аны кемсинтишкенде, аларга кемсинтүү менен жооп кайтарган эмес, азап тартып жатканда коркутпастан, кайра адилеттүү Соттоочуга Өзүн толук тапшырган.

 

24Ал айкаш жыгачта күнөөлөрүбүздүн айыбын Өз мойну менен тартты. Муну күнөөлөрдөн бошонуп, адилеттүү жашашыбыз үчүн жасады. Анын жаракаттары менен силер айыктыңар.
25Мурда адашкан койлордой элеңер, эми болсо Койчуңарга, Сактоочуңарга кайрылып келдиңер.

 

3

 

Үй-бүлөдөгү мамиле

 

1-2Ошондой эле силер да, аялдар, күйөөңөргө баш ийгиле. Ошондо күйөөлөрүңөрдүн Кудай Сөзүнө моюн сунбагандары да силердин таза, такыбаа жашооңорду көрүп, айткан сөзүңөр эмес, жүрүм-турумуңар аркылуу Жаратканга кайрылат.

 

3Силердин сулуулугуңар сыртыңарда: чачыңардын өрүлүшүндө, алтын буюмдарды тагынууңарда же көз жоосун алган кооз кийимдерди кийүүңөрдө эмес,
4ичиңерде, дилиңерде: момундук менен токтоолукта болсун. Бул эч көөнөрбөс сулуулук. Кудай муну абдан баалайт.
5Эзелки заманда эрлерине баш ийип, Кудайга үмүт менен караган такыбаа аялдар да ушундай жасанышкан.
6Алардын бири Сара болгон. Ал Ыбрайымга баш ийип, аны «кожоюнум» деп атаган. Эч бир коркунучка карабай, адал иш кылсаңар, Саранын урпагы болосуңар.

 

7Андыктан силер, күйөөлөр, аялыңардын назиктигин эске алып, аларга түшүнүү менен мамиле кылгыла. Аларды сыйлагыла, себеби Кудай берген ырыскылуу өмүргө аялдар да ээ болгон, ошондо сыйынууңарга эч нерсе тоскоол болбойт.

 

Ак иш үчүн азап чегүү

 

8Жыйынтыктап айтканда, баарыңар өз ара тилектеш, кайгы менен кубанычка ортоктош, бири бирин бир туугандай сүйгөн, боорукер да кичи пейил болгула.
9Жамандык кылганга жамандык кылып, кордогонго кордук көрсөтпөстөн, кайра алкагыла. Себеби Кудайдын батасын алыш үчүн силер ушуга чакырылгансыңар.

 

 

10Ошол үчүн минтип жазылган эмеспи: «Бактылуу күнгө жетем деп,

 

Көп жашайм десе кимде-ким,

 

Сүйлөбөсүн жаман сөз,

 

Чыкпасын калп сөз оозунан.

 

11Жамандыктан оолактап,

 

Тынччылыкка умтулуп,

 

Ынтымакты эңсеп, ал

 

Жакшылык гана жасасын.

 

12Себеби адилеттүүлөргө

 

Салып турат назарын,

 

Сыйынуусун алардын

 

Угуп турат Эгебиз.

 

Ал эми жаман иштерди

 

Кылгандардан Эгебиз,

 

Бурат жүзүн тескери».

 

 

13Эгерде дайыма жакшылык кылалы деген аракетиңер болсо, ким силерге жамандык кылат?
14Ал эми жакшы ишиңер үчүн азап тартсаңар — бактылуусуңар.Эч бир адамдан коркпогула, силерди эч нерсе коркутпасын.

 

15Дилиңерде Машаякты Эгебиз катары ыйык туткула. Силердин үмүт менен күтүп жатканыңар эмне экенин сурагандарга жооп берүүгө ар убак даяр болгула.
16Аларга жумшак, сый-урмат менен жооп кайтаргыла. Машаяк жолундагы силердин жакшы жүрүм-турумуңар тууралуу жаман айтып каралагандар, өз айтканынан өзү уялгандай болсун үчүн абийириңер таза болсун.
17Эгер жакшылык кылып, азап чеккениңер Кудайдын эрки болсо, бул жамандык кылып, азап чеккенден алда канча жакшы.
18Себеби Машаяк да күнөөлөрүбүз үчүн бир жолу өлгөн. Адилетсиздер үчүн бир адилеттүү жанын кыйган. Ал муну силерди Кудай менен элдештирүү үчүн жасаган. Анын денеси өлсө да, руху менен кайра тирилген.
19Ошол руху менен өлгөндөрдүн жандары камалган зынданга барып ибарат айткан.
20Мындан көп убакыт илгери Нух кеме куруп бүткүчө Кудай аларды чыдап күткөн. Бирок алар Анын сөзүнө кулак салган эмес. Кемеге болсо, сегиз гана адам кирип, топон суудан аман калган.
21Бул азыркы замандагы сууга чөмүлдүрүү расмисинин алдын ала берилген белгиси. Ушул чөмүлүү денени жууп тазартууну эмес, таза абийир менен Кудайга өзүмдү арнайм деп берген убаданы билдирет. Ушундайча Кудай силерди Ыйса Машаяктын өлүп кайра тирилиши менен күнөөдөн куткарат.
22Ыйса көккө көтөрүлүп, Кудайдын оң жагындагы сыйлуу орунга отурду. Периштелер, рухий бийликтер менен күчтөр Ага баш ийишти.

 

4

 

Кудай үчүн жашоо

 

1Ошентип, Машаяк денеси менен азап тартса, силер да ошого даяр болгула. Себеби денеси менен азап чеккен адам күнөө кылууну токтотот.
2Эми мындан ары бул жер үстүндөгү калган өмүрдү адамдык арам кумардын эмес, Кудай каалоосунун жетегинде жашап өтүш керек.
3Силер кудайсыздар сыяктуу бузукулукка, арам кумарга, араккечтикке, ашыкча той-тамаша өткөрүүгө, масчылыкка жана Кудай жек көргөн бутка табынуучулукка баш-отуңар менен кирип көпкө жашадыңар.
4Эми ошол кудайсыздар алардын бузуку жашоосуна аралашпай калганыңарга таң калып, силерди жамандап атышат.
5Бирок алар өлгөндөр менен тирүүлөрдү суракка тарта турган Кудайдын алдында бүт кылгандары үчүн жооп беришет.
6Ошондуктан Кудай менен рухий өмүрдө жашасын үчүн, Жакшы Кабар бул дүйнөдө жашап, кийин өлүм өкүмүнө тартылгандарга да айтылган.

 

7Жакында баарынын күнү бүтөт. Андыктан акыл-эстүүлүктү сактап, дайыма сыйына тургандай сергек тургула.
8Эң биринчи, бири бириңерди чын дилден сүйгүлө, ошондо башкалардын көп күнөөлөрүн кечире аласыңар.
9Наалыбастан, бири бириңерге эшигиңер ачык болсун.
10Кудай ырайым кылып тартуулаган көп түрлүү жөндөмүңөрдү жакшылап колдонуп, ар кимиң ошол боюнча бири бириңе ак кызмат кылгыла.
11Сүйлөөчүлөр Кудай сөзүн сүйлөшсүн, кызмат кылгандар Ал берген күч менен кызмат кылышсын. Мына ушинтип Кудайды даңктаганга Ыйса Машаяк бизге жол ачкан. Кудуреттүү Кудайга кылымдан кылымга даңк болсун! Оомийин!

 

Ишеним үчүн кыйынчылык тартуу

 

12Сүйүктүүлөрүм менин, оор азап чектирген сыноолорго туш келип, «от кечип» жатканыңарды капыстан келген нерсе катары көрүп таң калбагыла.
13Кайра, Машаяк сыяктуу азап чегип жатканыңарга кубангыла. Ал шаң-салтанат менен кайра келгенде шаттанып сүйүнөсүңөр.

 

14Машаякка ишенген үчүн кордук көрсөңөр, бактылуубуз дегиле, себеби улуулукка бөлөй турган Кудайдын Руху силер менен.
15Бирок араңардан эч ким киши өлтүрүүчү же ууру, кылмышкер же башка бирөөнүн ишине ыксыз кийлигишкен адам катары азап тартуучу болбосун.
16Эгер бирөө жарым Ыйсага ишенгени үчүн жабыр тартып жатса, буга уялбастан, кайра Машаякка ишенген үчүн Кудайды даңктасын.
17Соттун болор күнү келип калды жана ал Кудай үйүнөн башталат. Ойлоп көрсөңөр, сот эгер бизден башталса, анда Кудайдын Жакшы Кабарына баш ийбегендердин тагдыры кандай болот?

 

 

18«Эгерде адилеттүү адамдар да

 

Куткарылса араң эле, анда, айтчы,

 

Кудайсыз, күнөөкөрлөр эмне болот?»

 

 

19Ошондуктан Кудайдын буйругу менен азап тартып жүргөндөр өздөрүн ар дайым убадасын аткарган Жараткандын колуна ишенип тапшырып, жакшылык кылганын токтотпосун.

 

5

 

Жыйындагы жетекчилер менен жаштарга

 

1Жыйын жетекчилеринен суранарым: мен да силер менен кызматташ жыйын жетекчисимин, Машаяктын тарткан азаптарынын күбөсүмүн, Ал кайра келгенде көрүнө турган атак-даңкты бөлүшө тургандарданмын,
2Кудайдын баккыла деп калтырган «коюн» айласыздан эмес, Ал каалагандай көңүлдөнүп кайтаргыла. Өз пайдаңарды көздөбөстөн, чын дилиңерден баккыла.
3Силерге тапшырылгандарга үстөмдүк кылбай, кайра үлгү көрсөткүлө.
4Ушундай кылсаңар, «Башкы Койчу» — Машаяк кайра келгенде, эч качан чирибес «атак-даңктын таажысын» кийесиңер.

 

5Жаштар, жетекчилерге баш ийгиле. Бир бириңе кекирейбегиле, себеби

 

 

«Менменсинген адамга

 

Каршы болот Кудайым,

 

Моюн сунган адамга

 

Ырайымын төгөт Ал».

 

 

6Андыктан кудуреттүү Кудайга моюн сунгула. Ал убагы келгенде силерди жогору көкөлөтөт.
7Түйшүгүңөрдү түгөл Ага тапшыргыла, анткени Ал силер үчүн кам көрөт.

 

8Сергек жана сак болгула. Душманыңар ибилис аркыраган арстандай кимди жеп жиберсем деп издеп жүрөт.
9Ага бек ишенимиңер менен каршы тургула, себеби бүт дүйнөдөгү боордошторуңар ушундай эле кыйынчылык тартып жүргөнүн билесиңер.
10Ал эми бардык ырайымдын булагы болгон Кудай бир аз убакыт азап чеккениңерден кийин силерди кайрадан жеткилең, күчтүү, бекем жана олку-солку болбос кылат. Себеби Ал силерди Машаяк Ыйса аркылуу Өзүнүн түбөлүк даңкын бөлүшүүгө чакырган.
11Ал түбөлүккө бийлик кыла берсин! Оомийин.

 

Соңку сөз жана бата тилөө

 

12Бул кыска катымды ишенимдүү боордошум деп санаган Сила аркылуу жолдодум. Силерге кайрат-дем, күч берип, Кудайдын анык ырайымы өйдөдө айтылгандай экенине кепилдикке өткүм келет. Бул катта айтылгандарды бек кармангыла.
13Силердин өзүңөрдөй эле Кудай тандап алган Бабылдагы жыйын менен уулум Марк салам айтат.
14Бири бириңерди астейдил сүйүп, бек кучактап учурашкыла. Ыйса Машаяк менен тыгыз алакада жүргөн баарыңарды ылайым бейпилчилик жылоолосун.

 

 

2 Петир

1

 

Саламдашуу

 

1Биз сыяктуу эле Кудайыбыз менен Куткаруучу Ыйса Машаяктын адилдиги аркылуу кымбат баалуу ишенимге ээ болгондорго Ыйса Машаяктын кулу жана элчиси Ысман Петирден дубай салам.

 

2Кудайды жана Эгебиз Ыйсаны таанып-билгениңер аркылуу ырайым төгүлүп, дайыма тынччылык болсун.

 

Кудай адамдарына ылайык өмүр сүрүү

 

3Кудуреттүү Кудай биздин такыбаа жашоого зарыл болгон муктаждыктарыбыздын баарын Өзүнүн улуулугу жана жакшылыгы менен бөлүшүүгө чакырган Машаякты таанышыбыз аркылуу камсыз кылды.
4Кудай Өзү убада кылган абдан чоң жана асыл белектерин ушундайча берип, ошол белектерди колдонуу менен Кудайдын табиятын бөлүшүп, бул дүйнөдөгү ойрондоочу кумарлардан качып кутулууңарды мүмкүн кылды.
5Ушул себептен улам силер бул мүмкүнчүлүккө бүт күч-аракетиңерди жумшап, ишенимиңерге жакшы иштер, жакшы иштерге Кудайдын эркин билүү,
6Кудайдын эркин билүүгө токтоолук, токтоолукка чыдамкайлык, чыдамкайлыкка такыбаалык,
7такыбаалыкка боордоштук мээрим, боордоштук мээримге сүйүү кошулсун.
8Эгерде ушул касиеттер силерде бар болсо жана өсүп жатса, анда Эгебиз Ыйса Машаякты таанып-билүү жашооңорду пайдалуу жана маңыздуу кылат.
9Ал эми кимде мындай касиеттер жок болсо, анда ал көзү көрбөгөн сокур сыяктуу мурдагы күнөөлөрүнүн кечирилгенин көңүлүнөн чыгарып жиберген.
10Андыктан, боордошторум, силерди Кудай тандап алып, Өз эли болууга чакырганына болгон ынанымыңар тереңдей берсин. Ошондо ак жолдон такыр тайбайсыңар.
11Анткени силерге Эгебиз жана Куткаруучубуз — Ыйса Машаяктын түбөлүк Падышачылыгына ушундайча жол ачылат.

 

12Мына ошол себептүү силер чындыкты билип, анда бекем турсаңар да, мен ушул нерселерди силерге ар дайым эскертип турууну токтотпойм.
13Көзүм тирүүсүндө силердин эсиңерге ушуларды улам-улам салып турууну туура деп ойлойм.
14Жакында мен көзүм өтөрүн билем. Муну мага Эгебиз Ыйса Машаяк да айкын кылды.
15Андыктан көзүм өтүп кеткенде да ушуларды ар дайым эскерип турууңар үчүн колуман келишинче аракет кылам.

 

Машаяктын улуулугу туурасында

 

16Биз силерге Эгебиз Ыйса Машаяктын күч-кудурет менен келүүсүн адамдар ойлоп чыгарган жомокторго таянып эмес, Анын улуулугун өз көзүбүз менен көрүп айтып бергенбиз.
17Баарынан улуу Кудай Ата: «Бул Менин сүйүктүү Уулум, Мен Ага ыраазымын!»деп үн катканда, Ал Кудай Атанын салтанаттуу даңкына бөлөнгөн.
18Биз мына ушул көктөн чыккан үндү Аны менен бирге касиеттүү тоодо турганыбызда өз кулагыбыз менен укканбыз.

 

19Анын үстүнө биз Ыйык Жазуулардагы пайгамбарлык сөзгө терең ишенебиз. Күндүн нуру төгүлүп, дилиңерде Таң Жылдызы чыккыча караңгыда жаркырап нурун чачкан чыракка кайрылгандай ошол сөзгө кайрылып жатканыңар жакшы.
20Баарынан да биздин эч кимибиз Ыйык Жазуулардагы пайгамбарчылыктарды өзүбүзчө түшүндүрүп бере албай тургандыгыбызды эстен чыгарбашыбыз керек.
21Себеп дегенде, пайгамбарчылыктар эч качан пенденин каалоосу менен айтылган эмес, тескерисинче, аларды Кудайдын адамдары Ыйык Рухтун жетегинде айтышкан.

 

2

 

Жалган окутуучулар жөнүндө

 

1Мурда Ысрайыл элинин ичинен да жалган пайгамбарлар чыгышкандай, силердин ичиңерден да жалган окутуучулар чыгып, туура эмес окутуп, ак жолдон адаштырышат жана күнөөдөн куткарган Ээсин танышып, ошонусу менен башына түшө турган кырсыкты тездетишет.
2Көп адамдар алардын бузуку жолдоруна түшүп кетишет да, ошондойлордун айынан акыйкаттын жолуна сөз тиет.
3Акчага тойбогон алар керт башынын пайдасы үчүн бал тилин салып силерди алдашат. Соттоочусу эчак эле аларды жазалаганга даяр, Ойрондоочусу сак турат!

 

4Эгерде Кудай күнөө кылган периштелерди аябастан, аларды жазалоо үчүн караңгы тозоктун капастарына чынжырлап салган болсо,
5эгерде байыркы дүйнөнү аябастан, ошол бузукулардын дүйнөсүн топон сууга бастырганда, адилеттиктин жарчысы болгон Нухту сегиз адамдан турган үй-бүлөсү менен кошо аман сактап калган болсо,
6эгерде келечектеги кудайсыздарга эмне болорун көрсөтүү үчүн, Содом менен Гоморшаарларын күлгө айлантып жок кылууга өкүм чыгарып,
7ал эми ашынган бузуку адамдардын арасында жашоодон чаалыккан такыбаа Лутту куткарган болсо
8(анткени бул такыбаа адам алардын арасында жашап, күндө мыйзамсыз иштерди угуп-көргөндө өтө катуу кыйналган),
9анда, демек, такыбааларды кыйынчылыктан кантип куткарууну, ал эми мыйзамсыздарды жазалоо үчүн кыяматтагы сот күнүнө кантип кармап турууну Эгебиз билет.

 

10Өзгөчө алиги ыплас кумарларга берилип, Кудайдын бийлигин жек көрүшкөндөрдүн тагдыры ушундай болот. Бул жалган окутуучулар — тоңмоюндар, көпкөндөр, рухий күчтөрдү сөккөндөн коркпогондор.
11Алар эмес, алардан бардык жагынан күчтүү периштелер да Эгебиздин алдында рухий күчтөрдү жектеп, соттошпойт.
12А булар болсо кармап алып сойгонго туулган, табигый туюмдун жетегинде жашаган акыл-эси жок жаныбарлардай. Булар түшүнбөгөн нерселеринин баарына тил тийгизишет. Алар кылган иштеринин жазасын алышат.
13Алардын кылган адилетсиздиктери өз башына тиет. Анткени алар өздөрүнүн ыплас кумарларын чак түштө кандырганды рахат деп эсептешет. Алар бузулган жашоосунан рахат алып, алдамчылыктарына маашырланган уятсыз бетпактар.
14Алардын көздөрү бузуктукка толуп, күнөөгө эч тойбойт. Алар ишеними алсыздарды торлоруна түшүрүшөт. Ниеттеринде болсо дайыма ачкөздүк. Алар Кудайдын каргышына калгандар.
15Алар ак жолду калтырып, парага кызыгып кеткен Босордун баласы Балаамданүлгү алып, адашып калгандар.
16Бирок Балаамдын эшеги анын күнөөсүн ашкерелеп, адамча сүйлөп жиберген. Ошентип тилсиз эшек пайгамбардын акылсыздыгын токтоткон.

 

17А булар болсо какшып калган кудуктардай, бороон айдаган булуттардай. Ошондуктан Кудай аларга көзгө сайса көрүнгүс караңгылыктын төрүнөн орун даярдап койгон.
18Алар текебер, бош сөздөрдү айтышып, туура эмес жолдо жашагандардан жаңы эле бөлүнүп чыккандарды ыплас кумарлар менен бузуку жүрүш-туруштун тузагына кайра түшүрүшөт.
19Аларга азаттыкты убадалашат, ал эми өздөрү арам адаттардын кулдугунан чыга албай жатышат. Адам кимге баш ийип берсе, ал ошонун кулу.
20Эгерде адамдар Эгебиз жана Куткаруучубуз болгон Ыйса Машаякты билгендери аркылуу бул дүйнөнүн бузуку күчтөрүнөн арылып, анан кайра ошол күчтөргө чалынышып, аларга жеңилип беришсе, анда алардын акыбалы мурдагыдан да жаман болот.
21Адилеттиктин жолун билип алып, анан кайра тескери кетип, берилген ыйык буйруктан чегингенден көрө, ал жолду билбей калганы аларга жакшы болмок.
22Алардын кылганы төмөнкү макалдардагы чындыктай: «ит кайра эле кусундусуна барат»жана «жуулган чочко кайра эле чылага оонайт».

 

3

 

Эгебиздин кайра келиши жөнүндө

 

1Кымбаттуу боордошторум, мен силерге ушуну менен экинчи катымды жазып олтурам. Эки катымда тең айтып өткөндөрүмдү кайрадан эсиңерге салып, акыл-эсиңердеги адал ойлорду жаңыртууга далалат кылдым.
2Көп жылдар мурда ыйык пайгамбарлар айткан сөздөр менен элчилер аркылуу силерге берилген Эгебиздин жана Куткаруучубуздун осуятын унутпасаңар экен дейм.
3-4Баарынан мурда муну көңүлүңөргө түйүп алышыңар керек: акыркы күндөрдө өздөрүнүн күнөөлүү каалоолорунун жетегинде жашап: «Эгеңер келем деп убада бербеди беле? Кана келгени? Аталарыбыз о дүйнө кетти, бирок аалам жаратылгандан бери эч нерсе өзгөрбөй эле турбайбы!» — деп шылдыңдаган акаратчылар чыгат.
5Ушундай ойлогондор ошол убактагы асман менен жер Кудайдын сөзү аркылуу пайда болуп, жер болсо суудан чыгып, суудан жаратылганын,
6ошол себептен ал убактагы дүйнө топон сууга калып, ойрон болгонун,
7ал эми азыркы асман менен жер болсо Кудайдын ошол эле Сөзү аркылуу кудайсыздар ойрон боло турган сот күнүндөгү отко сакталып турганын эстегиси келбейт.

 

8Кымбаттуу боордошторум, бир нерсени эч качан эстен чыгарбагыла: Эгебиздин көз карашы боюнча бир күн менен миң жылдын айырмасы жок; Ага бул экөө бирдей.
9Кээ бир адамдар «берген убадасын аткарууну Эгебиз кечиктирип жатат» деп ойлошот. Бирок андай эмес! Эгебиз эч кимдин ойрон болушун каалабай, баарыбызды тең ниеттерин өзгөртсө экен деп чыдамкайлык менен күтүүдө.
10Эгебиздин кайра кайтар күнү болсо ууру сымал күтүлбөгөн жерден келет. Ошондо асман катуу шуулдап жок болот, асмандагы заттар отко оронуп, ойрондолот, жердегилердин баары жер менен кошо жексен болот.
11-12Демек, баары ушундайча ойрондоло турган болсо, анда алоолонгон асман астын-үстүн болуп, андагы нерселер ысыктан ээрип жок боло турган Кудайдын күнүнүн тезирээк келишин самап күткөн силер канчалык ыйык, такыбаа жашашыңар керек?
13Биз Кудайдын берген убадасы боюнча, адилеттик өкүм сүрө турган жаңы асман менен жаңы жерди күтүп жатабыз.
14Ошондуктан, боордоштор, ошол күндү күтүп жаткан соң, Кудайдын алдына тынч жашап, булганбастан, таптаза болуп барууга аракеттенгиле.
15Эгебиздин көпкө чыдап күткөнүн куткарылуу жолу катары эсептегиле. Бул тууралуу кымбаттуу боордошубуз Пабыл да Кудай ага берген акылмандык менен өзүнүн силерге жазган каттарында келтире кеткен.
16Ал бул тууралуу башка каттарынын баарында тең айтат. Анын каттарында кээ бир акылга сыйбаган оор түшүнүктөр кездешет. Кээ бир караңгы, туруксуз адамдар башка Ыйык Жазууларды бурмалап жүргөн адаттары боюнча анын да каттарын бурмалашып, өз баштарына балээ үйүп жатышат.

 

Соңку сөз жана алкыш айтуу

 

17А силер болсо, кымбаттуу боордоштор, бул тууралуу билип калгандар катары мыйзамсыздардын каталарына жетеленип, туура абалыңардан оодарылып кетпей,
18Эгебиз жана Куткаруучубуз Ыйса Машаяктын ырайымына таянып, Аны таанып-билүүдө өсүп жетиле бергиле. Ал бүгүн да, түбөлүк да даңкталсын. Оомийин.

 

 

1 Жакан

1

 

Ыйса — өмүр сөзү

 

1Тээ башынан эле болгон, биз өз кулагыбыз менен угуп, өз көзүбүз менен көрүп, өз колубуз менен кармаган өмүр сөзү жөнүндө.
2Бул өмүр көзгө көрүнгөндө биз аны көрдүк, ошондуктан ал тууралуу сүйлөп, түбөлүк өмүр тууралуу силерге айтып жатабыз. Ал Атабыз менен бирге болгон жана бизге көрүнгөн.
3Силер да биз менен жакын мамиледе болушуңар үчүн өзүбүз уккан-көргөнүбүздү айтып жатабыз. А биз болсо Кудай Атабыз жана анын Уулу Ыйса Машаяк менен жакшы мамиледебиз.
4Анан да кубанычыбыз толук болсун деп, бул кабарды силерге жазып олтурабыз.

 

Кудай — жарык

 

5Кудай — жарык, анда эч кандай караңгылык жок. Бул сөздү биз Ыйсанын Өз оозунан укканбыз, эми силерге жеткирели деп отурабыз.
6Эгер Аны менен мамилебиз бар деп, бирок караңгылыкта жүрсөк, анда калп айтып, чындык боюнча жашаган жокпуз.
7Эгерде Ал Өзү жарыкта болгондой биз да жарыкта жүрсөк, анда бири бирибиз менен жакшы мамиледе болобуз жана Анын Уулу Ыйсанын каны бизди бардык күнөөлөрдөн жууп турат.
8Эгер күнөөбүз жок десек, өзүбүздү өзүбүз алдаганыбыз жана акыйкаттын бизде жоктугу.
9Эгер күнөөлөрүбүздү моюнга алсак, анда Ал биздин күнөөлөрүбүздү кечирет да бардык адилетсиздиктен арылтат. Анткени Ал Өзү ишенимдүү жана адил.
10Эгер күнөө кылган эмеспиз десек, анда Кудайды калпычы кылганыбыз, демек Анын Сөзү биздин көкүрөгүбүздө жок.

 

2

 

Ыйса Машаяк биздин коргоочубуз

 

1Балдарым, мен муну силерди күнөө кылбасын деп жазып олтурам. А эгер ким бирөөңөр күнөө кылып койсоңор, анда Кудай Атабыздын алдында коргоочубуз бар. Ал — адил Ыйса Машаяк.
2Ал биздин күнөөлөрүбүздүн кечирилиши үчүн Өзүн курмандыкка чалды. Биздин гана эмес, бүткүл дүйнөнүн күнөөлөрүнүн кунун төлөдү.

 

Кудайдын осуяттарын сактап жашайлы

 

3Ыйсаны тааныганыбызды Анын осуяттарын сактаганыбыздан билебиз.
4Ыйсаны тааныйм деп, бирок осуяттарын сактабаган адам жалганчы жана анын жан дүйнөсүндө акыйкат жок.
5Эгер кимде-ким Ыйсанын сөзүн сактап жашаса, анда акыйкатта Кудайдын сүйүүсү анын жан дүйнөсүндө баралына жеткен. Өзүбүздүн Ыйса менен экенибизди биз ушундан билебиз.
6Ыйса менен тыгыз мамиледемин деген ар адам ошондой өмүр сүрүшү керек.
7Сүйүктүүлөрүм, мен силерге жаңы эмес, тээ башынан эле өзүңөр билген эски осуятты жазып жатам. Бул эски осуят силер мурда эле уккан сөз.
8Ошондой болсо да мен силерге кайрадан жаңы осуятты жазып отурам. Ошол жаңы осуяттын акыйкаттуулугу Ыйсада да, бизде да көрүнүүдө, себеби азыр караңгылык тарап, чыныгы жарык нурун төгө баштады.
9«Мен жарыкта жашап жатам» деп, бирок өз боордошун жек көргөн адам дале караңгылыкта.
10Өз боордошун сүйгөн адам жарыкта жана андай адамдын ичинде азгырык жашабайт.
11Ал эми өз боордошун жек көргөн адам караңгылыкта жашап, караңгылыктын ичинде жүрөт. Ал өзүнүн кайда баратканын билбейт, анткени караңгылык анын көзүн сокур кылып салган.

 

 

12Балдарым, жазам силерге,

 

Анткени бүт күнөөңөр

 

Ыйсанын урматына

 

Кечирилди бир жолу.

 

13Аталар, жазам силерге,

 

Анткени тээ башынан

 

Болуп турган Бирөөнү

 

Эми таанып калдыңар.

 

Жаштар, жазам силерге,

 

Анткени силер мына эми

 

Азгыруучуну жеңдиңер.

 

14Балдар, жаздым силерге,

 

Анткени Кудай Атаны

 

Силер билип калдыңар.

 

Аталар, жаздым силерге,

 

Анткени тээ башынан

 

Болуп турган Бирөөнү

 

Силер таанып калдыңар.

 

Жаштар, жаздым силерге,

 

Анткени күчкө толдуңар,

 

Эми сөзү Кудайдын

 

Жашап жан дүйнөңөрдө,

 

Азгыруучуну жеңдиңер.

 

Бул күнөөкөр дүйнөнү сүйбөйлү

 

15Бул дүйнөнү жана андагы эч нерсени сүйбөгүлө. Ким бул дүйнөнү сүйсө, анда анын ичинде Кудай Атабыздын сүйүүсү жашабайт.
16Себеп дегенде бул дүйнөдөгүнүн баары — адам баласынын дене кумары, көзүнүн кызыкканы жана оокат-ашы, иши менен мактанып, көпкөндүгү Кудай Атабыздан эмес, ушул дүйнөдөн.
17Бул дүйнө да, анын лаззаттары да өтүп кетет. Ал эми Кудайдын каалоосун аткарып жашаган адам түбөлүккө өмүр сүрөт.

 

Машаяктын душманы

 

18Балдар, акыр заман келип калды. Машаяктын душманы келет деп укканыңардай, азыр ошолор көбөйүп кетти. Акыр замандын келгенин ушундан билебиз.
19Алар биздин эле арабыздан чыгышты, бирок эч качан биз тарапта болушкан эмес. Анткени биз тарапта болушкан болсо, анда биз менен калышмак. Алардын бизден чыгып кеткенинен улам баары эле биздикилерден эмес экендиги белгилүү болуп калды.

 

20Силер Ыйык Рух менен майлангансыңар, андыктан акыйкатты баарыңар билесиңер.
21Силер акыйкатты билбейсиңер деп бул катты жазып жаткан жерим жок, анткени силер акыйкатты да, ар кандай жалгандын ал тарабынан келбесин да билесиңер.
22Ыйсанын Куткаруучу Машаяк экенин четке каккан адам жалганчы эмей ким болмок эле? Кудай Атабызды да, Анын Уулун да танган ал Машаякка душман болгондун дал өзү.
23Кимде ким Кудайдын Уулун четке какса, Кудай Атаны да четке кагат. Кимде ким Кудайдын Уулун кабыл алса, Кудай Атаны да кабыл алат.

 

24Силер эң башында уккан сөздү сактап жашагыла. Эгер ошол сөз көкүрөгүңөрдө бар болсо, анда Кудай Уулу менен Кудай Атанын кучагында болосуңар.
25Ал эми бизге түбөлүк өмүрдү берем деп Машаяк Өзү убада кылган.
26Мен муну силерди ак жолдон адаштыргандардан сак болушуңар үчүн жаздым.
27Кудай силерди Ыйык Руху менен майлаган, ошол майлануу жан дүйнөңөрдө жашап жатат жана башка бирөөнүн окутканына муктаж эмессиңер. Кудайдын Ыйык Рух менен майлоосу силерге баарын үйрөтөт, Анын окутуусу жалган эмес, чындык. Ошондуктан Ыйса силерди мурда окуткандай, Аны менен тыгыз байланышта жашагыла.
28Эми, балдар, Ыйса кайра көрүнгөндө, Анын алдында уят болбой, жүзүбүз жарык болсун. Ал үчүн дайыма Ыйса менен тыгыз байланышта жашагыла.
29Машаяктын адил экенин билсеңер, анда адил жашаган ар адамдын атасы Кудай болот.

 

3

 

Биз Кудайданбыз

 

1Карагылачы, бизди балдарым деп, Кудай Атабыз кандай чоң сүйүүсүн көрсөткөн. Биз чынында эле Анын балдарыбыз. Бул дүйнөнүн бизди кабыл албаган себеби — Ыйсаны таанып-билген эмес.
2Сүйүктүүлөрүм, азыр биз Кудайдын балдарыбыз жана келечекте ким болорубуз али так анык эмес. Ошондой болсо да, Ыйса кайра көрүнгөндө Ага окшоп каларыбызды билебиз, анткени Анын кандай экенин көрүп калабыз.
3Ушундай үмүт менен жашаган ар бир адам Ыйсадай таза болуш үчүн, өзүн да тазалап турат.

 

4Күнөө кылган ар адам Кудайдын мыйзамын бузат, анткени күнөө — бул Кудайдын мыйзамын бузгандык.
5Ыйсанын күнөөлөрдү Өз мойнуна алуу үчүн бул дүйнөгө көрүнгөнүн жана Анын Өзүндө эч кандай күнөө жок экенин силер билесиңер.
6Ким Ыйса менен тыгыз мамиледе жашаса, ал күнөө кылбайт. Күнөө кылуучу ар адам Ыйсаны такыр таанып-билген эмес.

 

7Балдар, эч ким силерди ак жолдон адаштырбасын. Адил жашаган ар ким Ыйсанын Өзү сыяктуу адил.
8Ким күнөө кыла берсе, анда ал ибилистин жетеги менен жашайт, анткени ибилис башынан бери эле күнөө кылып келатат. Кудай болсо Өз Уулун ибилистин иштерин талкалоо үчүн ушул дүйнөгө көрсөттү.
9Кимдин атасы Кудай болсо, ал күнөө жасай бербейт, анткени анын жан-тенинде Кудай жашайт. Ал күнөө жасай да албайт, анткени Кудайдын баласы.
10Кудайдын балдарын ибилистин балдарынан мындайча ажыратып билсек болот: адил өмүр сүрбөгөн, андан да, өз боордошун сүйбөгөн адам Кудайдын баласы эмес.

 

Бири бирибизди сүйөлү

 

11Силер эң башында уккан кабар бул: биз бири бирибизди сүйүшүбүз керек.
12Азгыруучунун ишин кылып өз инисин өлтүргөн Кабыл өңдүү болбойлу! Ал өз инисин эмне үчүн өлтүрдү? Анткени жасаган иши жаман болчу, ал эми инисиники Кудай алдында жакшы эле.
13Боордоштор, эгер бул дүйнө силерди жек көрүп жатса, таң калбагыла!
14Биз өлүмдөн өмүргө өтүп кеткенибизди билебиз, анткени боордошторубузду сүйөбүз. Ал эми боордошторун сүйбөгөн адам али өлүм кучагында.
15Өз боордошун жек көргөн ар бир адам — киши өлтүргүч. Ал эми силер билесиңер: киши өлтүрүүчүнүн бири да Кудай берчү түбөлүк өмүргө ээ эмес.
16Сүйүүнүн кандай экенин мындан билебиз: Ыйса биз үчүн Өз жанын кыйды. Биз да өз боордошторубуз үчүн жаныбызды кыйышыбыз керек.
17Эгер оокаттуу бир адам боордошунун муктаждыгын көрүп туруп, кайрым кылбаса, анда кантип анын ичинде Кудайдын сүйүүсү жашасын?

 

18Балдар, сөз жана тил менен эмес, иш жүзүндө чындап сүйөлү.
19Өзүбүздүн акыйкаттын жетегинде экенибизди ушундан билебиз жана жүрөгүбүздү Кудай алдында тынчтандырабыз.
20Бизди жүрөгүбүз айыптап жатса да, баарын билген Кудай биздин жүрөгүбүздөн да бийик Айыптоочу.
21Сүйүктүүлөрүм, эгерде бизди жүрөгүбүз айыптабаса, анда Кудай алдында жүзүбүз жарык болот
22жана Андан эмне сурасак да алабыз, анткени Анын осуяттарын сактап, каалоолорун аткарып жүрөбүз.
23Кудайдын осуяты — бул Анын Уулу Ыйса Машаяктын атына ишенип, Ал калтырган осуяттагыдай бири бирибизди сүйүшүбүз.
24Кудайдын осуяттарын сактап өмүр сүргөн адам Кудай менен бирге, ал эми Кудай болсо аны менен бирге жашайт. Кудайдын биз менен бирге жашап жаткандыгын Анын бизге берген Рухунан билебиз.

 

4

 

Рухтарды ажырата билгиле

 

1Сүйүктүүлөрүм, ар кандай эле рухка ишене бербегиле. Кудайданбы же башкаданбы, текшерип көргүлө, анткени көптөгөн жалган пайгамбарлар дүйнөгө толуп кетишти.
2Кудайдын Рухун мындан билсеңер болот: Ыйса Машаяк адам болуп келген деп билген рух Кудайдан,
3ал эми Ыйсаны танган рух Кудайдан эмес, Машаяктын душманынан. Силер мурда Машаяктын душманы келет деп укканыңардай, ал азыр дүйнөдө.
4Балдар, силер Кудайдын жетегиндесиңер жана аларды жеңип чыктыңар, анткени силердин ичиңердеги Рух бул дүйнөдөгү рухтан күчтүү.
5Алар бул дүйнөдөн, ошондуктан дүйнөнүкүн сүйлөшөт жана бул дүйнөнүн адамдары аларды угат.
6Биз болсо Кудайдын жетеги мененбиз. Кудайды тааныгандар бизди угушат. Кудайдын жетегинде эместер бизди укпайт. Акыйкаттын Руху менен алдамчылыктын рухун ушундан ажыратып тааный алабыз.

 

Кудай — сүйүү

 

7Сүйүктүүлөрүм, бири бирибизди сүйөлү, анткени сүйүү — Кудайдан. Сүйө билген адамдын атасы Кудай жана ал Кудайды билет.
8Сүйө билбеген адам Кудайды билбейт, анткени Кудай — сүйүү.
9Ал бул дүйнөгө жалгыз Уулун жиберип, бизди Ал аркылуу чыныгы өмүргө ээ болсун деди. Кудайдын бизге болгон сүйүүсү ушундан белгилүү болду.
10Биз Кудайды эмес, Кудай бизди сүйүп, күнөөлөрүбүздүн куну төлөнүшү үчүн Уулун жиберди. Сүйүүнүн чыныгы мааниси мына ушунда.
11Сүйүктүүлөрүм, Кудай бизди ушундай сүйүп жаткан соң, биз да бири бирибизди сүйүшүбүз керек.
12Кудайды эч ким, эч качан көргөн эмес. Эгерде бири бирибизди сүйсөк, анда Кудай жүрөгүбүздө жашап, Анын сүйүүсү биз аркылуу толук көрүнгөнү.

 

13Өзүбүздүн Кудай менен жана Кудайдын биз менен чогуу жашап жатканын Анын берген Руху аркылуу билебиз.
14Кудай Атабыз Өз Уулун бул дүйнөнүн Куткаруучусу катары жибергенин көрүп, муну башкаларга айтып жатабыз.
15Кимде ким Ыйсаны Кудай Уулу деп ачык айтса, анда Кудай аны менен жана ал Кудай менен тыгыз байланышта жашайт.
16Кудай бизди сүйгөндүгүн жакшы түшүнүп, Ага терең ишендик. Кудай — сүйүү. Сүйүп жашаган ар ким Кудай менен, а Кудай болсо аны менен жашайт.
17Кудайдын сүйүүсү биз аркылуу толук көрүнөт да кыямат кайымда жүзүбүз жарык болот, анткени биздин бул дүйнөдөгү жашообуз Машаяктын жашоосундай.
18Сүйүүдө коркунуч болбойт, анткени коркунуч жаза менен байланыштуу, ошондуктан чыныгы сүйүү коркунучту сүрүп чыгарат. Ал эми корккон адамда болсо сүйүү жетилген эмес.

 

19Биз болсок сүйөбүз, анткени Кудай бизди биринчи сүйдү.
20Эгер кимдир бирөө «мен Кудайды сүйөм» деп, бирок өз боордошун жек көрүп турса, анда ал алдамчы, анткени көзү көрүп турган боордошун сүйбөгөн, эч көрбөгөн Кудайды кантип сүйө алат?
21Ал бизге мындай осуят калтырган: «Кудайды сүйгөн киши боордошун да сүйсүн».

 

5

 

Ишеним менен сүйүү

 

1Ким Ыйсанын Машаяк экенине ишенсе, ал Кудайдын баласы. Атасын сүйгөндөр баласын да сүйөт.
2Кудайдын балдарын сүйөрүбүздү Анын Өзүн сүйгөндүгүбүздөн жана осуяттарын сактаганыбыздан билебиз.
3Кудайдын осуяттарын сактаганыбыз — Аны сүйгөндүгүбүз. Кудайдын осуяттарын сактоо болсо оор эмес.
4Ким Кудайдын баласы болсо, бу дүйнөнү жеңет. Бул дүйнөнү биз ишенимибиз менен жеңебиз.
5Бу дүйнөнү Ыйсанын Кудай Уулу экенине ишенүүчү адамдан башка ким жеңе алат? Эч ким!

 

Ыйса Машаяк ким?

 

6Ыйса Машаяк бизге келгенде сууга чөмүлүү расмисинен өткөн да канын төккөн. Суу эле эмес, суу жана кан аркылуу келген. Ыйык Рух буга күбө. Анткени Ыйык Рух — акыйкаттын өзү.
7Демек, үч күбө бар:
8Рух, суу жана кан. Үчөөнүн айтканы бирдей.[1]
9Биз пенделердин күбө сөздөрүн кабыл алып жүрөбүз, ал эми Кудайдыкы болсо алардыкынан салмактуураак, анткени Ал бизге Өз Уулу тууралуу айткан.
10Кудай Уулуна ишенген адамдын дилинде Кудайдын ушул сөзү жашайт. Кудайга ишенбеген адам Аны калпычы кылып көрсөтөт, анткени Кудайдын Өз Уулу тууралуу айткан сөзүнө ишенбейт.
11Мына, бул Кудайдын сөзү: Кудай бизге түбөлүк өмүр берди жана бул өмүр Анын Уулунда.
12Дилинде Кудай Уулу жашаган адамда өмүр бар, ал эми дилинде Кудай Уулу жашабаган адамда өмүр жок.

 

Кудайдын Уулу бизди күнөөдөн сактап, түбөлүк өмүр берет

 

13Мен бул сөздөрдү Кудай Уулуна ишенген силер түбөлүк өмүргө ээ болгонуңарды билип алсын деп жаздым.
14Кудайдын эркине жаккан бир нерсе сурасак, Ал бизди угат деп терең ишенебиз.
15Эмне сурасак да бизди уккандыгын билсек, демек, сураганыбызды бергендигин да билебиз.

 

16Боордошунун өлүмгө алып барбай турган күнөө кылып жатканын көргөн адам ошол үчүн сурансын, ошондо Кудай анын өмүрүн сактап калат. Сурансын дегенде өлүмгө алып барчу күнөө жөнүндө айткан жокмун.
17Адилсиздиктин баары күнөө, бирок өлүмгө алып барбай турган да күнөө бар.
18Биз кимдин атасы Кудай болсо, ал күнөө жасай бербесин билебиз. Кудай Уулу аны сактагандыктан азгыруучу ага зыян кыла албайт.
19Биз өзүбүздүн Кудайдын жетегинде экенибизди жана бүткүл дүйнө азгыруучунун бийлиги алдында жатканын билебиз.
20Кудай Уулу келип, чыныгы Бирөөнү таанып-билгенге бизге акыл-эс бергенин билебиз. Ошондой эле, биз өзүбүздүн чыныгы Бирөө менен, башкача айтканда, Кудайдын Уулу Ыйса Машаяк менен тыгыз байланышта экенибизди билебиз. Чыныгы Кудай жана түбөлүк өмүр — Ошол.

 

21Балдар, буркандардан сак болгула.

 

 

 

2 Жакан

 

Саламдашуу

 

1Жыйын жетекчисинен Кудай тандаган айымга жана анын балдарына.[1]Силерди мен гана эмес, акыйкатты таанып калгандардын баары чын жүрөктөрүнөн жакшы көрүшөт.
2Анткени жүрөгүбүздөгү акыйкат түбөлүккө биз менен болот.
3Ылайым Кудай Атабыз жана Анын Уулу Ыйса Машаяк баарыбызга акыйкаты менен сүйүүсүн, ырайымын, мээримин жана тынчтыгын ыроолосун.

 

Сүйүү деген эмне?

 

4Балдарыңдын ичинен Атабыз осуят кылган акыйкат менен жашап жүргөндөрү жөнүндө укканымда абдан сүйүндүм.
5Эми да, сенден өтүнөөрүм, урматтуу айым, баарыбыз бири бирибизди сүйөлү. Мен сага жаңы осуят жазып жаткан жокмун, мындай осуят бизде тээ башынан эле бар.
6Сүйүү дегеним — бул Кудайдын осуяттары боюнча жашаганыбыз. Ал эми осуят дегеним, башынан эле өзүңөр уккандай, өз ара сүйүүдө жашооңор.

 

Жалган окутуудан сак болгула

 

7Анткени Ыйса Машаяктын адам кейпинде келгенине ишенбеген алдамчылар дүйнөгө толуп кетти. Мындай адамдар алдамчы жана Машаяктын душманы.
8Ошондуктан мээнетиңер текке кетпей, сыйлыгыңарды толук алууңар үчүн өзүңөргө сак болгула!
9Машаяктын окутуусунан четтеп, ал боюнча жашабаган ар кимдин Кудай менен мамилеси жок. Ал эми Машаяктын окутуусу боюнча жашаган адамдын Кудай Атабыз жана Анын Уулу менен мамилеси бар.
10Ким силерге ушул окутууну үйрөтпөсө, андайды үйүңөргө да киргизбегиле, салам да бербегиле.
11Анткени ага салам берген ар ким анын жаман иштерине тилектеш, ортоктош.

 

Соңку сөз

 

12Силерге айтар сөзүм көп, ошондуктан, андан көрө силерге барып, орой көз чарай сүйлөшүп, бир черимди жазсам деген ниетим бар.
13Сага Кудай тандап алган эжеңдин[2]балдарынан ысык салам.

 

 

 

3 Жакан

 

Саламдашуу

 

1Чын жүрөгүмдөн сүйгөн сүйүктүү Гайга жыйын жетекчиси — менден салам кат.

 

2Сүйүктүү Гай, рухий акыбалың жакшы болуп жаткандай, бардык жактан телегейиң тегиз болуп, ден-соолукта болушуңду тилейм.
3Силерге барып келген боордоштор Кудайдын акыйкатына жан дилиңден берилип, ошол акыйкат боюнча жашап жатканыңды айтышканда чексиз сүйүндүм.
4Балдарымдын чындык жолунда жашап жатканын уккандан артык менде кубаныч жок.

 

Гай кылган иш туура

 

5Сүйүктүү Гай, жер кезип жүргөн боордошторубузга кызмат кылып жатканың эң жакшы.
6Алар сенин көрсөткөн адамгерчилигиң жөнүндө жыйын алдында айтып беришти. Боордошторду ушундайча узатсаң, анда Кудай адамына жарашкан ишти жасайсың.
7Алар Ыйсанын урматы үчүн үйлөрүнөн чыгышканда, Ага ишенбегендерден эч кандай жардам алышкан эмес.
8Биз ушундай боордошторубузду колдоо жоопкерчилигин мойнубузга алышыбыз керек. Ушундайча биз алар менен акыйкат үчүн кызматташ боло алабыз.

 

Жыйын жетекчилери Диотреф менен Деметир

 

9Мен жыйынга мурда да кат жаздым эле, бирок андагы биринчи болгонго тырышкан мансапкор Диотреф мени теңине албай жатат.
10Барсам, бизди сөккөнүн эсине салам. Мунусу аз келгенсип боордошторубузду же өзү кабыл албай, же кабыл алгысы келгендерге жол бербей, тоскоолдук кылып, жыйындан кубалоодо.

 

11Сүйүктүү Гай, жамандыкты эмес, жакшылыкты туура. Жакшылык жасаган адам Кудайдын жетеги менен жашайт. Жамандык жасаган киши болсо Кудайды таанып-билген эмес.
12Деметир жөнүндө ишенгендердин баары жана чындыкты сүйлөгөн Рух дагы жакшы пикирлерин айтып жүрүшөт. Биз да ал жөнүндө жакшы пикирдебиз. Биздин пикирибиздин чын экенин сен билесиң.

 

Соңку сөз

 

13Сага айта турган сөзүм көп, бирок калемсап менен сыя челекти чукулап олтургум келбейт.
14Андан көрө, жакын арада сени көрөм го деген тилегим бар. Ошондо орой көз чарай отуруп алып, жакшылап сүйлөшөрбүз.

 

15Сени Кудайдын тынчтыгы жылоолосун. Досторуң сага дубай салам жолдошот. Ал жактагы досторубуздун ар бирине бизден жекече салам айтып кой.

 

 

Жүйүт

 

Саламдашуу

 

1Ыйса Машаяктын кулу жана Жакыптын бир тууганы Жүйүттөн Кудай Атабыз тарабынан чакырылып, Анын сүйүүсү менен Ыйса Машаяктын сактоосунда жашап жаткандардын баарына.

 

2Ылайым араңарда мээрим, тынчтык жана сүйүү мол болсун!

 

Жалган окутуучулардан оолак болгула

 

3Кымбаттуу боордошторум, баарыбызга тиешелүү куткарылуу жаатында жазууну абдан самасам да, насаат айтуу муктаждыгы бар экенин сезип, бул катымда ыйыктарга бир кезде берилген ишенимди коргоо керектигин жазып отурам.
4Себеп дегенде, кээ бир кудайсыз адамдар арабызга акырын гана жылып кирип алышыптыр. Алар өздөрүнүн бузуку кылыктарын жымсалдаш үчүн Кудайыбыздын ырайымы тууралуу кабарды бурмалашкандар, бирден-бир Өкүмдарыбыз жана Эгебиз Ыйса Машаякты четке каккандар. Алардын жазалана турганы Ыйык Жазууларда илгери эле айтылган.

 

5Эгебиз бир кезде Ысрайыл элин Мисирдеги кулчулуктан куткарган, бирок ошондон кийин ишенимсиздерди жок кылган. Силер муну айтпасам деле билесиңер, ошондой болсо да, дагы бир сыйра эсиңерге салып койгум келди.
6Кудай уруксат кылган чектен аша чаап, жашаган жайын таштап кеткен периштелерге эмне болгонун эстегиле. Кудай аларды жазалаш үчүн келечектеги улуу сот күнүнө даярдап, түбөлүктүү чынжырларга чырмап, туңгуюктагы капкараңгы жайга байлап койгон.
7Содом менен Гомор шаарлары жана алардын айланасынан орун алган айылдар эмне болгонун эстегиле. Алардын жашоочулары да жогоруда айтылган периштелер сыяктуу бузулуп, күнөөлүү кумарларына чыланып калганда, Кудай бардыгына сабак болсун деп алардын шорун катырып, түбөлүк отко орогон.

 

8Так ушулар сыяктуу, силердин араңардагы алиги кыялкечтер өздөрүн күнөөгө түрткөн аяндарды көрүп, денесин күнөөлөргө малып, көктөгү Жараткан орноткон бийликке да, Анын периштелерине да акарат айтышканын коюшпады.
9Ал тургай периште башчыларынын бири болгон Михаэл да ибилис менен Мусанын сөөгүн талашып жатканда, аны сөгүп, айыптоого барбастан: «сени Эгебизге койдум!» — деген сөз менен гана чектелген.
10А булар болсо өздөрү түшүнбөгөн күчтөрдүн баарына тил тийгизишет. Ал эми жырткычтар сыяктуу табигый сезими менен туйган нерселери аларды ойрон кылат.
11Кабыл түшкөн жолду тандап алган алардын шору кайнайт. Байлык деп Балаамдын каталыгын кайталап, Корак сыяктуу Кудайга каршы чыгып жүрүп, акыры жок болушат.

 

12Алар силердин кечелериңерге катышып, башкаларга жолтоо болуп, өздөрүнүн гана кара курсагынын камын ойлогондон уялбаган койчу сөрөйлөр. Шамал кубалаган жаан бербес, пайдасыз булуттар. Эч качан, атүгүл күзүндө да мөмө байлабаган, тамыры менен коңторулуп, кагайып калган дарактар.
13Уятсыз жосундарын деңиз толкундары сымал көбүктөнтүп, көккө чачыраткандар. Түбөлүк турагы көзгө сайса көрүнгүс караңгыда болуучу адашкан жылдыздар.[1]

 

14Адам атанын жетинчи тукуму болгон Анак мындан көп убакыт илгери алар тууралуу мындай деп пайгамбардык сөз айткан: «Мына, Жараткан Эге Өзүнүн түмөндөгөн ыйык периштелери менен чогуу келе жатат.
15Ал баарынын үстүнөн сот жүргүзүп, бардык кудайсыздардын бардык жамандыктарын ашкере кылат». Ага каршы айтышкан ар бир акарат сөзү үчүн аларды Эгебиз сөзсүз жазалайт.

 

16Алар эч качан ыраазы болушпайт, ар качандан бир качан бирөөлөрдү жамандаганы жамандаган. Керт башынын гана кызыкчылыгын көздөшөт. Өздөрүн жерге-сууга тийгизбей мактап, бир нерсе өндүрүп калыш үчүн көрүнгөндүн этегине намаз окушат.

 

17А силер болсо, кымбаттуу боордошторум, Эгебиз Ыйса Машаяктын элчилеринин эскерткендерин унутпагыла.
18Алар акыр заман келгенде, бузуку каалоолорунун жетегинен чыкпаган мазакчылар чыгат дешкен.
19Араңарды бөлүп жарган, табигый каалоолорунун кулчулугунан чыга албаган, жан дүйнөсүндө Кудайдын Руху жок адамдар ошолор.

 

20А силер болсо, кымбаттуу боордошторум, эң ыйык ишенимиңерди негиз кылып өсө бергиле. Ыйык Рух менен сыйынып,
21Кудайдын сүйүүсүнө бөлөнүп, түбөлүк өмүрдү бере турган Эгебиз Ыйса Машаяктын мээримин күтүп жашагыла.
22Эки ойдо тургандарга боорукердик көрсөткүлө.
23Куткарылууга муктаждарды оттон сууругандай куткарып калгыла. Кайрымга муктаждарга коркуу сезими менен абайлап кайрым кылгыла, бирок алардын күнөөгө булганган кийимдери да жийиркеничтүү экенин эстен чыгарбагыла.

 

Соңку сөз жана бата тилөө

 

24Силерди мүдүрүлүүдөн сактап, Өз улуулугунун алдына кынтыксыз жана кубанычта жеткире алган
25жападан жалгыз Куткаруучу Кудайыбызга Эгебиз Ыйса Машаяк аркылуу урмат жана даңк болсун! Бийлик жана күч-кудурет илгерки замандардан тартып ушул убакка чейин, ал тургай түбөлүктөн түбөлүккө ошонуку! Оомийин.

 

 

 

Аян

1

 

Кириш сөз

 

1Бул Ыйса Машаяктын аяны. Муну Ага Кудай берген. Машаяк жакында боло турган окуяларды Өз кулдарына ачып көрсөтүү үчүн периштесин жөнөтүп, кулу Жаканга аян көрсөттү.
2Жакан көргөнүнүн баары үчүн күбөлүккө өтүп, муну баяндады. Анын баяны болсо Кудайдын сөзү жана Ыйса Машаяктын күбөлүк сөзү тууралуу.
3Бул китептеги пайгамбарчылык сөздөрдү окугандар, уккандар жана андагы жазылгандарды аткаргандар бактылуу. Себеби булардын аткарылышына аз калды.

 

Саламдашуу жана Кудайды даңктоо

 

4-5Асия аймагындагы жети жыйынга Жакандан салам кат. Азыр да бар, мурда да болгон жана келечекте да боло турган Кудайдын, анын тактысынын алдындагы жети Рухтун жана Ыйса Машаяктын ырайымы менен тынчтыгы араңарда болсун. Ал ишенимдүү Күбө — өлүктөн тирилгендердин туңгучу жана жер жүзүндөгү падышалардын башкаруучусу.

 

Ал бизди абдан жакшы көрөт. Андыктан канын төгүп, күнөөлөрүбүздөн арылтты.
6Кудай Атасына диний кызмат кылышыбыз үчүн бизден жаңы падышачылык кураган Ыйса Машаяктын кудурет-күчү менен салтанаттуу улуулугу түбөлүктөн түбөлүккө улана берсин! Оомийин.

 

7Карагыла, Ал булуттардын арасында келатат. Аны баары, алтурсун айкаш жыгачка кадагандар да көрүшөт. Жер жүзүндөгү бардык элдер Аны көрүп боздоп ыйлашат. Ооба, ушундай болсун! Оомийин.

 

8«Мен Альфа жана Омегамын,[1]— дейт Кудай Эгебиз, — азыр да бар, мурда да болгон жана келечекте да боло турган кудуреттүү Кудаймын».

 

Ыйса Машаяктын көрүнүшү

 

9Силердин боордошуңар жана Ыйсага ишенүүнүн азап-муңун, шаң-салтанатын, кыйынчылыктарын чыдамдуулук менен көтөрүүдө шеригиңер болгон мен, Жакан, Кудайдын сөзүн сүйлөп, Ыйсанын күбөсү болгондугум үчүн Патмос[2]аралында жүргөн болчумун.
10Эгебиздин күнүндө[3]мен Ыйык Рухтун таасири астында элем, аңгыча, арт жагымдан сурнайдыкындай катуу үндү уктум.

 

11Ошол үн мага: — Көргөнүңдү түрмөккө жаз да жети жыйынга: Эфеске, Смирнага, Пергамга, Тиатирага, Сардиске, Филаделфияга жана Лаодикияга жибер, — деди.

 

12Мага угулган үн кимдики экенин көрөйүн деп артыма бурулдум. Бурулуп, жети алтын шамдалды көрдүм.
13Шамдалдардын ортосунда Адам Уулуна окшогон, узун чапан кийген, бооруна алтын тасма тагынган Бирөө туруптур.
14Башы менен чачы кардай аппак жүн сымал, көздөрү алоолонгон оттой,
15буттары жалтыраган, көөрүккө салынып тазаланган жездей, үнү деңиздин күүлдөгөнүндөй эле.
16Оң колуна жети жылдызды кармап, оозунан эки миздүү курч кылыч чыгып, жүзү болсо күчүнүн барынча жаркыраган күндөй нурданып турду.

 

17Аны көргөнүмдө, өлгөн кишидей аягына сулк жыгылдым. Ал менин үстүмө оң колун койду да, мындай деди:

 

— Коркпо! Мен Биринчимин, Акыркымын жана
18Тирүүмүн. Мен өлгөн элем, бирок мына, эми түбөлүккө өмүр сүрөм. Өлүм менен о дүйнөнүн ачкычтары менин колумда.
19Ошондуктан эмнелерди көрдүң, эмнелер болуп жатат, мындан кийин эмнелер болот, баарын жазгын.
20Жети алтын шамдалдын жана оң колумдагы сен көргөн жети жылдыздын жашырын сыры мындай: жети жылдыз жети жыйындын периштелерин, ал эми жети шамдал болсо жети жыйынды билдирет.

 

2

 

Эфестеги жыйынга

 

1Эфестеги жыйындын периштесине жаз:

 

«Оң колуна жети жылдызды кармап, жети алтын шамдалдын ортосунда басып жүргөн мындай дейт:

 

2Мен иштериңди билем: сен мээнет кылдың, көтөрүмдүү болдуң, жаман адамдар менен келише албадың, элчи болбой туруп, өздөрүн элчи аташкандарды сынап көрүп, калпын чыгардың.
3Мен үчүн көп кыйынчылыктарды башыңан кечирип, чыдадың, чаалыкпадың.
4Бирок сага бир жерден каршымын: сен алгачкы сүйүүңдү таштадың.
5Ошондуктан каерден жыгылганыңды эсте! Ниетиңди өзгөрткүн да, баштагы иштериңди жаса. Эгер ниетиңди өзгөртпөсөң, анда келем да шамдалыңды ордунан жылдырып таштайм.
6Канткен менен сенин дагы бир жакшы жагың бар — ал николаиттердин[4]иштерин жек көргөнүң. Алардын иштерин мен да жек көрөм.
7Кимдин кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын! Жеңип чыкканга Кудайдын бейишиндеги дарактын түбөлүк өмүр берүүчү жемишинен жегенге уруксат берем».

 

Смирнадагы жыйынга

 

8Смирнадагы жыйындын периштесине жаз:

 

«Биринчи жана Акыркы, Өлгөн жана кайра Тирилген мындай дейт:

 

9Мен сенин тарткан азап-кайгыңды, жакырлыгыңды (анткен менен сен чыныгы байлыкка ээсиң) жана өздөрүн "биз Кудай тандап алган элбиз" деп атагандардын жаман сөздөрүн угуп кордук тартканыңды билем. Бирок алар андай эмей эле, шайтанга караштуу топтун мүчөлөрү.
10Жакында башыңа келе турган азаптан эч коркпо. Айтып коёюн: силерди сынап көрүү үчүн араңардан бир нечеңерди ибилис түрмөгө отургузуп, он күндөй кайгы тарттырат. Өлүм алдында турсаң да ишенимиңди бекем тут, ошондо мен сага түбөлүктүү өмүрдү сыйлык кылып берем.
11Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын! Жеңип чыккан экинчи өлүмдөн[5]залал тартпайт».

 

Пергамдагы жыйынга

 

12Пергамдагы жыйындын периштесине жаз:

 

«Эки миздүү курч кылычы бар мындай дейт:

 

13Мен сенин каерде жашап жатканыңды билем. Сен жашап жаткан жайда шайтандын тактысы[6]бар. Ошондой болсо да, сен мага бекем ишенесиң. Мага деген ишенимиңден баш тартпадың, атүгүл силердин араңарда, шайтан жүргөн жерде, менин ишенимдүү кабарчым Антипа өлтүрүлгөн күндөрдө да ишенимдүү бойдон кала бердиң.
14Бирок ошентсе да мен сага бир аз каршымын, анткени сенде Балаамдынокуусун карманган адамдар бар. Балаам Балакты Ысрайыл элин күнөөгө азгырууга: аларды буркандарга чалынган курмандыкты жеп, бузукулук кылууга үйрөткөн.
15Ошондой эле сенде николаиттердин[7]окуусун кармангандар да бар.
16Андыктан ниетиңерди өзгөрткүлө, эмесе жакында барып, ошол күнөөкөрлөргө каршы оозумдагы кылычым менен салгылашам.
17Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын! Жеңүүчүгө катылган маннадан берем. Ошондой эле Мен ага бетине жаңы ысым жазылган бир ак таш берем. Андагы жазылган ысымды алган адамдан башка эч ким билбейт».

 

Тиатирадагы жыйынга

 

18Тиатирадагы жыйындын периштесине жаз:

 

«Көздөрү алоолонгон оттой, буттары жалтыраган жездей болгон Кудайдын Уулу мындай дейт:

 

19Сенин иштериң, сүйүүң, ишенимиң, кызматың жана чыдамкайлыгың Мага белгилүү. Алгачкы кездегиге караганда, азыр көбүрөөк иш кылып жатканыңды да билем.
20Бирок Менин сага бир нааразы болгон жерим бар: өзүн пайгамбар атаган Изебел деген аялдын башкаларга таалим беришине жол берип жатасың. Ал кулдарымды бузукулук кылганга жана буркандарга курмандыкка чалынган тамакты жегенге азгырууда.
21Ага бузукулук ниетин өзгөртүүгө убакыт берген элем, бирок ал антүүнү каалабады.
22Эми мына, Мен аны оору менен жазалап, төшөккө жаткырам. Кылган иштерине өкүнүп, ниеттерин өзгөртмөйүн, Мен аны менен бирге бузукулукка баткандарды чоң азапка салам.
23Балдарына ажал жиберем. Ошондо жыйындардын баары адамдардын ичиндеги ойлору менен жүрөк түпкүрүндөгү сырлары Мага белгилүү экенин билишет. Ошондой эле ар бириңер кылган ишиңерге жараша тиешелүү жазаңарды аласыңар.
24-25Бирок силер, Тиатирадагы башка ишенүүчүлөр, Изебелдин тескери окуусун кабыл алган жоксуңар. Анын жолун жолдоочулары "шайтан ачып берген терең чындыктар" деп атаган окууга аралашпадыңар. Мен кайра келгиче, Мага болгон бекем ишенимиңерден кайтпагыла дегенден башка силерге оор милдет жүктөбөйм.
26-28Жеңип чыкканга жана Менин тилегимди аягына чейин аткарганга бардык элдерди башкаруу үчүн Атам Мага бергендей кудурет берем. Ал алардын үстүнөн карападай быркыратчу, темирдей катуу бийлик орнотот. Ошондой эле жеңүүчүгө таңкы жылдызды берем.
29Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»

 

3

 

Сардистеги жыйынга

 

1Сардистеги жыйындын периштесине жаз:

 

«Кудайдын жети руху менен жети жылдызына Эгедер мындай дейт:

 

Мен сенин жасап жаткан иштериңди билем. Сени тирүү деп ойлошот, бирок чындыгында сен тирүүлөй өлүксүң.
2Көзүңдү ач! Ажал эмнени алганы калса, ошонуңду бекемде! Себеби Мен сенин иштериңдин Кудайымдын алдында түгөл эмес экенин аныктадым.
3Андыктан мурда угуп, кабыл алган сөздү эсиңе сал. Ошого моюн сун да, ниетиңди өзгөрт. Эгер көзүңдү ачпасаң, сага ууру сымал келем. Мен сага кайсы саатта келеримди билбейсиң.
4Бирок Сардисте күнөөдөн алыс жүргөн бир нече таза адамдарың бар. Алар күнөөгө булганбаган ак кийим кийип, Мени менен бирге жүрүшөт. Анткени алар ошого татыктуу.
5Ким жеңүүчү болсо алар сыяктуу ак кийим кийет. Мен анын ысымын өмүр китебинен өчүрбөйм, тескерисинче Атамдын жана анын периштелеринин алдында анын ысмын жарыя кылам.
6Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»

 

Филаделфиядагы жыйынга

 

7Филаделфиядагы жыйындын периштесине жаз:

 

«Ыйык, акыйкат жана Дөөттүн ачкычын[8]кармаган, ачкан нерсесин эч ким жаба албаган, жапканын эч ким ача албаган Бирөө мындай дейт:

 

8Мен сенин иштериңди билем. Карачы, Мен алдыңдагы эшикти ачтым, аны эч ким жаба албайт. Анткени күчүң аз болсо да, сөзүмдү аткарып, Мени ээрчигенден баш тарткан жоксуң.
9Мына, Мен жанагы өздөрүн: "биз Кудай тандап алган элбиз" деп атаган шайтан тобундагыларды, (чындыгында өздөрүн өздөрү атагандай эмес, алар калп айтып жатышат) мына, Мен аларды мындай кылам: алар келип, сенин бутуңа жыгылышат жана Мен сени кандай жакшы көрөрүмдү көрүшөт.
10Себеби сен "сабыр кылып чыда" деген сөзүмдү сактадың. Ошондуктан Мен да сени жер бетинде жашагандардын баарын сыноо үчүн жибериле турган кыйын-кезең убакыттан сактайм.
11Мен жакында келем. Бирөө-жарым сенин жеңиштен алган сыйлыгыңды алып албасын үчүн колуңдагыны бекем карма.
12Жеңүүчүнү Кудайымдын ийбадатканасына тирөөч кылам жана ал андан эч качан чыкпайт. Мен анын бетине Кудайымдын атын, анын шаарынын атын — асмандан, Кудайымдан түшө турган жаңы Иерусалимдин атын жазам. Ошондой эле Мен ага Өзүмдүн жаңы атымды да жазып коём.
13Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»

 

Лаодикиядагы жыйынга

 

14Лаодикиядагы жыйындын периштесине жаз:

 

«Оомийин аталган, ишенимге бек акыйкаттуу күбө жана Кудай жараткан нерселердин башаты мындай дейт:

 

15Мен сенин иштериңди билем: сен же муздак эмессиң, же ысык эмессиң. Аттиң, же муздак, же ысык болсоң гана.
16Ошондуктан муздак же ысык болбой, жылымык болгонуң үчүн Мен сени оозуман бүркүп салганы турам.
17Сен: "Мен баймын, байлыкка тундум, эч нерседен муктаждыгым жок", — дейсиң. Бирок өзүңдүн байкуш, бечара, жакыр, сокур, жылаңач экениңди билбейсиң.
18Сага берер кеңешим бул: байышың үчүн Менден отко тазаланган алтынды, кийинип, абийириңди жабыш үчүн ак кийимди, көзүңө сыйпап, көрө алышың үчүн көз майды сатып ал.
19Мен кимди сүйсөм, анын айбын ачып, адебин колуна берем. Андыктан дитиңди кой да, ниетиңди өзгөрт.
20Эй, кулак салгыла! Мен эшик алдына келип, тыкылдатып жатам. Эгерде кимде-ким үнүмдү угуп, эшикти ачса, Мен кирем. Аны менен бирге тамактанам, ал да Мени менен бирге тамактанат.
21Мен жеңип, азыр Атамдын тактысынын жанында Атам менен бирге отурганымдай, жеңүүчүгө да тактымдын жанында Мени менен бирге олтурууга укук берем.
22Кимдин уга турган кулагы болсо, Рухтун жыйындарга айткан сөзүн угуп алсын!»

 

4

 

Көктөгү такты

 

1Ушул окуялардан кийин көктө бир эшик ачылып турганын көрдүм. Анан сурнайдын үнү сыяктуу мен алгач уккан үнмага:

 

— Бери чык, бул окуялардан кийин эмнелер болушу керек экенин Мен сага көрсөтөм, — деди.

 

2Ошол замат менин бүт дүйнөмдү Рух бийлеп алды. Анан асманда турган бир тактыны жана анда олтурган бирөөнү көрдүм.
3Тактыда отурган яспис менен карнелийдей жаркырап, үстүнөн зумуруттай болгон бир асан-үсөн жылтылдап, курчап турду.
4Тактынын айланасында жыйырма төрт такты бар экен. Аларда аппак кийим, баштарына алтын таажы кийип алышкан жыйырма төрт аксакал отурушуптур.
5Тактыдан чагылгандар чартылдап, күндүн күркүрөгөнү угулуп турду. Тактынын алдында жети шамана жаркырап күйүп турду. (Булар Кудайга кызмат кылган жети рух.)
6Ошондой эле тактынын алдынан мөлтүр таштай таза, айнектей тунук көлдү көрдүм. Ортодо, тактынын айланасында, аркасы да, алды да жыбыраган көздөргө толгон төрт жаныбар турду.
7Биринчи жаныбар арстанга, экинчиси өгүзгө окшош, үчүнчүсүнүн бети адамдыкындай, төртүнчүсү болсо учуп бараткан бүркүт сыяктуу экен.

 

 

8Төртөөнүн тең алтыдан канаты болуп, дене бойлору толгон көздөр эле. Алар күнү-түнү тынбастан: — Мурда дагы бар болгон,

 

Азыр дагы бар болуп,

 

Боло турган түбөлүк

 

Кудуреттүү Кудай Эге,

 

Ыйык, ыйык, ыйык Ал, —

 

 

деп жатышты.

 

9Жаныбарлар такта Олтурганга жана түбөлүктөн түбөлүккө Жашоочуга алкыш-даңк айтып, урмат көрсөткөн сайын,
10жыйырма төрт аксакал ошол такта Олтургандын алдына чөк түшүп, түбөлүктөн түбөлүккө Жашоочуга таазим этип жатышты. Алар таажыларын тактынын алдына коюп:

 

 

11— Кудайыбыз, Эгебиз,

 

Бийлик-күчтү алганга,

 

Атак-даңк жана урмат-сый

 

Көргөнгө Сен татыйсың!

 

Анткени бүт бардыгын

 

Сен жараттың, бардыгы

 

Каалооң менен жашайт да

 

Эркиң менен жаралган, —

 

 

деп жатышты.

 

5

 

Түрмөк жана Козу

 

1Анан такта Олтургандын оң колунан ичине да, сыртынан да жазылган жана жети мөөр басылган бир түрмөктү көрдүм.

 

2Анан: — Мөөрлөрүн сындырып, түрмөктү ачууга ким татыктуу? — деп катуу үн менен жар салып жаткан кубаттуу бир периштени көрдүм.

 

3Бирок асмандан да, жерден да, жердин алдынан да эч ким аны ачып, ичин карай албады.
4Мен боздоп ыйладым, анткени түрмөктү ачканга же анын ичин караганга татыктуу эч ким табылбады.

 

5Ошондо аксакалдардын бири мага: — Ыйлаба! Тигине, Жүйүт уруусунан чыккан арстан, Дөөттүн тукуму жеңип чыкты. Ошондуктан Ал түрмөктү жана анын жети мөөрүн ача алат, — деди.

 

6Анан мен тактынын жанынан, төрт жаныбар менен аксакалдар тегеректеп курчаган, адамдар союп салгандай көрүнгөн бир Козуну көрдүм. Анын жети мүйүзү, жети көзү бар эле. (Анын жети көзү — бүт жер жүзүнө жиберилген Кудайдын жети руху.)
7Ал келди да тактыда Олтургандын оң колундагы түрмөктү алды.
8Алганда төрт жаныбар менен жыйырма төрт аксакал Козунун алдына жүзтөмөндөп жыгылышты. Баарынын колунда арфа менен жыпар жыттуу заттарга толтурулган алтын идиш бар эле. (Алтын идиштерге толтурулган жыпар жыттуу заттар — бул ыйыктардын сыйынуулары.)

 

 

9Төрт жаныбар менен жыйырма төрт аксакал: — Алып ушул түрмөктү,

 

Сен андагы мөөрлөрдү

 

Сындырганга татыйсың.

 

Анткени Сен союлуп,

 

Ар уруудан, ар тилден,

 

Ар бир элден, улуттан

 

Адамдарды Кудайга

 

Сатып бердиң кан менен.

 

10Ыйык кызмат кылсын деп

 

Кудайыбызга алар,

 

Сен алардан курадың

 

Жаңы падышачылык.

 

Жер бетинде ошолор

 

Эми бийлик жүргүзөт, —

 

 

деп жаңы ыр ырдап жатышты.

 

11Мен дагы карадым да, саны жүз миңден ашкан көп периштелердин үнүн уктум. Алар тактыны, жаныбарларды жана аксакалдарды тегеректеп:

 

 

12— Жараткандын Козусу,

 

Курмандыкка чалынган,

 

Кудурет менен байлыкты,

 

Акылмандык, кубатты,

 

Алкыш-даңкты, урматты

 

Алганга Ал татыктуу! —

 

 

деп катуу кыйкырып жатышты.

 

13Анан асмандагы, жердин үстүндөгү жана астындагы, деңиз үстүндөгү — бүтүн дүйнөдөгү жаныбарлардын баары:

 

 

— Хан тактыда олтурган

 

Кудайга жана Козуга

 

Түбөлүк болсун алкыш-даңк,

 

Урмат жана кудурет! —

 

 

деп кыйкырып жатышканын уктум.

 

14Төрт жаныбар «Оомийин» дегенде, аксакалдар жүзтөмөндөп жыгылып, табынышты.

 

6

 

Мөөрлөр

 

1Мен Козунун жети мөөрдүн бирин ачканын көрдүм. Анан төрт жаныбардын бирөөсү күн күркүрөгөндөй добуш менен:

 

— Бери кел! — дегенин уктум.

 

2Аңгыча ак боз ат минген, колунда жаасы бар бир чабандести көрдүм. Чабандеске таажы берилди. Ошондо ал жеңүүчү катары душмандарын дагы жеңиш үчүн асмандан чаап чыкты.

 

3Козу экинчи мөөрдү ачканда, экинчи жаныбардын: — Бери кел! — дегенин уктум.

 

4Анан жээрде ат минген дагы башка чабандес чыкты. Ага жер бетиндеги тынчтыкты бузуп, элдерди бири бири менен кырылыштыра тургандай кудурет берилди. Колуна чоң кылыч карматылды.

 

5Козу үчүнчү мөөрдү ачканда, үчүнчү жаныбардын: — Бери кел! — дегенин уктум.

 

Аңгыча тору атчан, колуна тараза кармаган бир чабандес көрүндү.

 

6Анан төрт жаныбардын арасынан: — Бир өлчөм арпаны бир күмүш теңге кыл, үч өлчөм таруу да бир күмүш теңге болсун, ал эми май менен шарапты кемитпе! — деп сүйлөгөн үндү уктум.

 

7Козу төртүнчү мөөрдү ачканда, төртүнчү жаныбардын:

 

— Бери кел! — дегенин уктум.

 

8Аңгыча күңүрт жашыл түстөгү бир атты көрдүм. Аны мингендин аты Ажал экен, о дүйнө артынан калбай такымдап ээрчип алыптыр. Аларга жер жүзүндөгүлөрдүн төрттөн бирин кылыч менен кырып, ачарчылыктан өлтүрүп, жугуштуу ооруга чалдыктырып, жырткычтарга жем кылып жок кыла ала тургандай кудурет берилди.
9Козу бешинчи мөөрдү ачканда, курмандык жайдын астынан Кудай Сөзүн күбөлөндүрүшкөнү үчүн өлтүрүлгөндөрдүн жандарын көрдүм.

 

10Алар: — О ыйык жана акыйкаттуу Эгебиз, жер бетиндегилерди качан соттойсуң? Каныбызды төккөндөрдөн качан өч аласың? — деп, катуу үн менен кыйкырып жатышты.

 

11Алардын ар бирине ак кийим берилип, алар сыяктуу өлтүрүлө турган башка кызматташ боордошторунун саны жеткенче дагы бир аз тынчтанып туруш керектиги айтылды.
12Анан мен Козунун алтынчы мөөрдү ачканын көрдүм. Ошол маалда жер катуу силкинди. Күндүн бети аза күткөн аялдын жоолугундай карарып, жарык бербей калды. Ай толугу менен кочкул кандай кызарып чыкты.
13Катуу шамал силкилдетип, анжир дарагынын бышпаган жемиштери ыргыган сыяктуу, асмандагы жылдыздар да жерге кулап түштү.
14Асман түрмөктөй оролуп, жок болду. Тоолор менен аралдардын баары ордунан жылып кетти.
15Анан жер бетиндеги падышалар, эл бийлегендер, аскербашылар, байлар менен кудуреттүүлөр, кулдар менен кул эместердин баары үңкүрлөргө жана тоолордогу аска таштардын арасына жашынышты.

 

16Алар тоолор менен аскаларга: — Үстүбүзгө кулап, тактыда Олтургандын жүзүнөн жана Козунун каарынан жашырып калгыла!
17Анткени Алар каарын төгүп, жазалай турган улуу күн келди. Ким ага туруштук бере алат? — дешти.

 

7

 

Мөөр басылган жүз кырк төрт миң киши

 

1Ушундан соң, төгөрөктүн төрт бурчунда турган төрт периштени көрдүм. Алар жерге да, деңизге да, эч бир даракка да тийбесин үчүн төгөрөктүн төрт шамалын соктурбай кармап турушту.

 

2-3Анан мен тирүү Кудайдын мөөрүн алып күн чыгыш тараптан келе жаткан башка бир периштени көрдүм. Ал жер менен деңизге зыян келтирчү кудурет берилген төрт периштеге: — Биз Кудайыбыздын кулдарынын чекелерине мөөр баскыча жерге, деңизге жана эч кандай даракка зыян кылбагыла, — деп катуу үн менен кыйкырды.

 

4Анан мен мөөр басылгандардын санын уктум: Ысрайылдын урууларынан бардыгы болуп, жүз кырк төрт миң адам экен.

 

 

5Жүйүт уруусунан он эки миң кишиге,

 

Рубейин уруусунан он эки миң кишиге,

 

Гат уруусунан он эки миң кишиге,

 

6Ашыр уруусунан он эки миң кишиге,

 

Напталы уруусунан он эки миң кишиге,

 

Манаш уруусунан он эки миң кишиге,

 

7Шемон уруусунан он эки миң кишиге,

 

Леби уруусунан он эки миң кишиге,

 

Ысахар уруусунан он эки миң кишиге,

 

8Забулун уруусунан он эки миң кишиге,

 

Жусуп уруусунан он эки миң кишиге,

 

Бенжамин уруусунан он эки миң кишиге мөөр басылыптыр.

 

Ак кийим кийген сан жеткис эл

 

9Ушундан соң, такты менен Козунун алдынан эч ким санай алгыс, санаса сан жеткис улуттардын, уруулардын, элдердин жана ар тилде сүйлөгөндөрдүн ар биринен чыккан, аппак кийим кийинишкен, колдоруна пальма бутактарын кармаган[9]көпчүлүктү көрдүм.

 

10Алар катуу үн менен: — Бизди тактыда олтурган Кудайыбыз менен Козу гана куткарып алды! — деп кыйкырып жатышты.

 

11-12Бардык периштелер тактынын, аксакалдардын жана жаныбарлардын айланасында турушту. Алар:

 

— Так ошондой! Алкыш-даңк, акылмандык, ыраазычылык, урмат, кудурет жана күч-кубат түбөлүктөн түбөлүккө Кудайыбызга таандык! Оомийин! — деп тактынын алдына жүзтөмөндөп жыгылышып, Кудайга табынышты.

 

13Анан аксакалдардын бирөөсү менден:

 

— Мына бул ак кийимчендер кимдер? Алар кайдан келишти? — деп сурады.

 

14Мен:

 

— Таксыр, аны сиз билесиз да, — дедим.

 

Ошондо ал мындай деди:

 

— Булар башынан азаптуу убакытты кечирип, андан чыгып келишкендер. Кийимдери Козунун каны менен жуулуп агаргандар.

 

 

15Ошондуктан турушат

 

Кудай тагы алдында,

 

Күнү-түнү табынып

 

Ийбадатканасында.

 

Ошондуктан чатырын

 

Жаят алар үстүнө

 

Өз тагында Олтурган.

 

16Эми алар эч качан

 

Ач болушпайт, чаңкашпайт,

 

Баштарынан күн өтпөйт,

 

Жабыркашпайт ысыктан.

 

17Анткени

 

Тактынын ортосундагы

 

Козу Өзү аларды

 

Багат эми, өмүр суунун

 

Булагына алпарып.

 

Кудай аарчыйт ар бир жашты

 

Көздөрүнөн алардын.

 

8

 

Жетинчи мөөр

 

1Козу жетинчи мөөрдү ачканда, асманда жарым сааттай жымжырттык боло түштү
2да, мен Кудайдын алдында турган жети периштени көрдүм. Аларга жети сурнай берилди.

 

3Анан колуна алтын чөйчөк кармаган дагы бир периште келди да курмандык жайдын жанына турду. Чөйчөккө толтуруу үчүн ага абдан көп жыпар жыттуу заттар берилди. Ал муну бардык ыйыктардын сыйынуулары менен кошо тактынын алдындагы алтындан жасалган курмандык жайдын жанына тартуу кылмак.
4Ыйыктардын сыйынуулары менен бирге жыпар жыттуу заттардын түтүнү периштенин колунан Кудайга көтөрүлдү.
5Анан периште чөйчөктү алды да, курмандык жайдагы күйүп жаткан чоктон толтура салып туруп, жерге ыргытып жиберди. Ошондо күн күркүрөп, чагылгандар чартылдап, жер титиреди.

 

Төрт сурнайдын тартылышы

 

6Анан сурнай кармаган жети периште сурнай тартканга камынышты.
7Биринчиси сурнайын тартты эле, мөндүр менен от канга жуурулуп жерге жаады. Жердин, дарактардын үчтөн бир бөлүгү күйүп, өсүмдүктөрдүн баары өрттөнүп жок болду.

 

8Экинчи периште сурнайын тартканда, күйүп жаткан чоң тоого окшогон нерсе деңизге ыргыды. Ошондо деңиздин үчтөн бири канга айланып,
9деңиздеги жаныбарлардын үчтөн бири кырылды, кемелердин үчтөн бири талкаланды.

 

10Үчүнчү периште сурнайын тартты эле, шаманадай жанган чоң жылдыз асмандан кулады. Ал дарыялардын үчтөн бирин жана булактардын башатын басып калды.
11Жылдыздын аты «эрмен». Суулардын үчтөн бири ачуу даамданып калды. Көп эл ошол ачуу суудан өлүштү.

 

12Төртүнчү периште сурнайын тартканда, үчтөн бир бөлүгү жарык бербей калсын үчүн күндүн, айдын, жылдыздардын үчтөн бир бөлүгүнө сокку урулду. Ошондо күндүзгү убакыттын үчтөн бир бөлүгү жана түнкү убакыттын үчтөн бири жарыксыз калды.

 

13Анан асмандын кап ортосун жара учуп бараткан бир бүркүттү көрдүм жана анын добушун уктум. Ал катуу үн менен:

 

— Жакында дагы үч периште башка сурнайларды тартат. Алардын үнүнөн жердегилердин шору, шору, шору куруйт! — деп үн салып баратты.

 

9

 

Бешинчи сурнайдын тартылышы

 

1Бешинчи периште сурнайын тартты эле, асмандан жерге кулап түшкөн бир жылдызды көрдүм жана ага түпсүз туңгуюктун ачкычы берилди.
2Туңгуюк ачылганда, эбегейсиз чоң мештен чыккандай түтүн булап чыкты. Күн менен асман туңгуюктагы түтүндөн караңгылады.
3Түтүндүн ичинен жер бетине чегирткелер жаады жана аларга жерде жашаган чаяндардыкындай бир күч берилди.
4Чегирткелерге чекесинде Кудайдын мөөрү жок адамдардан бөлөк эч нерсеге: жер бетиндеги чөп-чарларга, эч кандай өсүмдүк-дарактарга зыян кылбагыла деп айтылды.
5Алар мөөр басылбагандарды өлтүрүүгө эмес, беш айдай кыйнаганга укук алышты. Бул чегирткелердин чакканынан адамдар чаяндын чакканындай кыйналышат.
6Ошол күндөрдө адамдар өздөрүнө өлүм издешет, бирок аны эч таба алышпайт. Өлгүлөрү келет, бирок өлүм алардан качат.

 

7Чегирткелердин көрүнүшү согушка тапталган аттарга окшош эле. Алар алтын таажыга окшогон бирдемени башына кийип алышыптыр. Беттери адамдардыкына окшош,
8чачтары аялдардыкындай, тиштери арстандыкындай,
9төштөрүнө тагынгандары темирден жасалган сооттой экен. Канаттарын какканда, көптөгөн аттар менен майдан арабалар согушка кирип бараткандай добуш чыгып турат экен.
10Куйруктары, чага турган ийнелери чаяндардыкындай эле. Алар куйруктары менен адамдарды беш айча оорута алышат экен.
11Туңгуюкка бийлик кылган периште аларды падыша сыяктуу башкарып турду. Анын аты эврейче Абадон, грекче Аполион.[10]

 

12Биринчи кайгы өтүп кетти. Мына, анын артынан келе турган дагы эки кайгы бар.

 

Алтынчы сурнайдын тартылышы

 

13Алтынчы периште сурнайын тартканда, Кудайдын алдында турган алтындан жасалган курмандык жайдын төрт бурчунун төрт мүйүзүнөн чыккан үндү уктум.

 

14Ал үн колунда сурнайы бар алты периштеге: — Улуу Эфрат дарыясынын боюнда байланган төрт периштени бошот, — деди.

 

15Анан так ушул саат, так ушул күн, так ушул жыл үчүн камдалып даяр турган төрт периште адамзаттын үчтөн бир бөлүгүн кыруу үчүн коё берилди.
16Атчан кошуундун саны эки жүз миллион эле. Мен алардын саны канча экенин уктум.
17Аянымда көргөн аттар менен чабандестердин көрүнүшү мындай эле. Чабандестердин сооту оттой кызыл, сапфирдей көк жана күкүрттөй сары экен. Аттардын баштары арстандыкына окшош, ооздорунан от, түтүн, күкүрт чыгып турду.
18Алардын ооздорунан чыккан ушул үч балээден: от, түтүн жана күкүрттөн адамзаттын үчтөн бири набыт болду.
19Анткени алардын күчү оозу менен куйругунда болчу. Себеби алардын куйруктары жылан сыяктуу болуп, баштары да бар эле. Ошонусу менен алар адамдарга зыян келтирип жатышты.

 

20Ушул балээден өлбөй аман калган адамдар кылган жаман иштери үчүн өкүнүп, ниеттерин өзгөртүшкөн жок. Жиндерге кызмат кылганын, алтындан, күмүштөн, жезден, таштан, жыгачтан жасалган, көрө да, уга да, баса да албаган жалган кудайларга табынганын токтотушпады.
21Ошондой эле киши өлтүргөнүнө, сыйкырчылык, ойноштук жана уурулук кылганына өкүнүп, ниеттерин өзгөрткөн жок.

 

10

 

Периште жана кичинекей түрмөкчө

 

1Анан мен асмандан түшүп келе жаткан дагы бир күчтүү периштени көрдүм. Периште булуттарга оронуп, башынын үстүндө асан-үсөн тартылып турду. Жүзү күндөй жаркырап, буттары оттуу тирөөчтөрдөй эле.
2Колуна жайылган бир түрмөкчөнү кармап турду. Оң бутун деңизге, сол бутун жерге коюп,
3арстандай катуу күркүрөдү. Күркүрөгөндө, жети күн күркүрөө өз үндөрү менен сүйлөп жиберишти.

 

4Жети күн күркүрөө сүйлөгөндө, мен жазганга камындым. Бирок асмандан: — Жети күн күркүрөөнүн айткандарын жашыр, аларды жазба! — деген үндү уктум.

 

5Анан деңиз менен жерде турган, баягы мен көргөн периште оң колун асманга көтөрүп:

 

6-7Бүттү, күтүүгө убакыт жок! Жетинчи периште сурнайын тарта турган убак жакындаган күндөрдө Кудай Өз кулдарына, башкача айтканда, пайгамбарларына айтып кеткен Өзүнүн жашырын сырын аткарып, аягына чыгарат, — деп асманды жана асмандагыларды, жерди жана жердегилерди, деңизди жана деңиздегилерди жараткан, түбөлүктөн түбөлүккө жашай берүүчү Кудайдын атын оозанып ант берди.

 

8Анан баягы, мага асмандан угулган үн:

 

— Баргын да жер менен деңизде турган периштенин колундагы жайылган түрмөкчөнү алгын! — деп, кайрадан сүйлөдү.

 

9Мен барып, периштеден түрмөкчөнү берүүсүн сурадым. Периште:

 

— Ал да жегин, ичиңе киргенде ачуу, бирок оозуңа салганда балдай таттуу болот, — деди.

 

10Мен алдым да жедим. Оозума салганымда, ал балдай таттуу, жутканымда ичимде абдан ачуу болду.

 

11Анан мага: — Сен көптөгөн элдер, улуттар, падышалар жана ар кандай тилде сүйлөгөндөр жөнүндөгү пайгамбарчылык сөздү кайрадан жарыялоого тийишсиң, — деген сөз айтылды.

 

11

 

Эки күбө

 

1Мага таяк сыяктуу өлчөгүч берилди да:

 

— Тур да, Кудайдын ийбадатканасы менен курмандык жайды өлчөп, анда ийбадат кылып жаткандардын эсебин алып кел.
2Бирок ийбадаткананын сырткы короосун эсептен чыгарып сал, аны өлчөбө. Анткени ал башка улуттагыларга берилген, алар ыйык шаарды үч жарым жылдай тебелеп-тепсешет.
3Анан мен эки күбөмдү дайындайм, алар азалуу кара кийим кийип, бир миң эки жүз алтымыш күн пайгамбарчылык кылышат, — деген сөз айтылды.

 

4Жер жүзүнүн Эгесинин алдында турган эки зайтун дарагы менен эки шамдал — ушулар.
5Кимде ким күбөлөрүнө зыян кылам десе, алардын оозунан от чыгып, касташкандарын жалмап таштайт. Күбөлөрүнө зыян келтирем деген ар бир адам ушундайча өлтүрүлөт.
6Пайгамбарчылык кылып жаткан мезгилде тып эткен тамчы тамбагандай кылып, асманды жаап сала алышат. Сууну канга айландырууга, каалаган кезде жер бетине ар кандай ооруларды каптатууга кудуреттери жетет.

 

7Кудайдын кабарын айтып бүтүшкөндө, түпсүз туңгуюктан чыгуучу жырткыч келип, аларга сокку уруп, жеңип, өлтүрөт.
8Алардын өлүгү өтмө маанисинде «Содом» же «Мисир» деп аталган улуу шаардын ортосунда жатат. Алардын Эгеси да ошол шаарда айкаш жыгачка кадалган.
9Ар кандай элдердин, уруулардын, улуттардын жана ар тилдерде сүйлөгөндөрдүн баарынан чыккан адамдар үч жарым күн бою алардын сөөгүн карап, көргө койдурбай коюшат.
10Жер бетинде жашагандар алардын өлгөнүнө кубанып, шаттанышат, бири бирине белек жөнөтүшөт, анткени бул эки пайгамбар аларды абдан кыйнап жиберген.
11Бирок үч жарым күндөн кийин аларга Кудайдын деми кирип, бутуна турушат. Көргөндөрдүн жүрөгү түшөт.
12Анан алар асмандан: «Бери чыгып келгиле!» — деген катуу үндү угушат да, душмандарынын көз алдында булуттун кучагында асманга чыгып кетишет.
13Ошол замат катуу жер титирөө болуп, шаардын ондон бири кыйрап калат. Жети миңдей адам өлүп, аман калгандарын коркунуч каптап, көктүн Кудайын даңкташат.

 

14Ошентип, экинчи кайгы өтүп кетти, эми жакынкы аралыкта үчүнчүсү келиш керек.

 

Жетинчи сурнай

 

15Жетинчи периште сурнайын тартып жибергенде, асмандан:

 

 

— Бул дүйнөнүн бийлиги

 

Өттү эми колуна

 

Эгебиздин жана да

 

Анын Машаягынын.

 

Эми Ал түбөлүккө

 

Өз өкүмүн жүргүзөт! —

 

 

деген катуу үндөр чыкты.

 

16Анан Кудайдын маңдайындагы тактыларда олтурушкан жыйырма төрт аксакал жүзтөмөндөп жыгылышып, Кудайга табынышты.

 

 

17Алар: — Бар болгон азыр дагы, мурда дагы,

 

Кудуреттүү Кудай Эге! Рахмат Сага!

 

Сен улуу кудуретиңди колго алып,

 

Баштадың падышалык бийлигиңди.

 

18Башка элдер кыжырланып, Сен каардандың.

 

Өлгөндөрдү соттой турган мезгил жетти.

 

Пайгамбар, кулдарың да, ыйык эли?,

 

Атыңды кастарлаган ар бир адам,

 

Атактуу, карапайым — бүт бардыгы

 

Тиешесин ала турган мезгил келди.

 

Жериңди куруткандар эми өздөрү

 

Колуңдан апат болор убак келди, —

 

 

дешти.

 

19Анан асмандагы Кудайдын ийбадатканасы ачылды да, ичинен Кудайдын келишим сандыгы көрүндү. Ошондо чагылгандар чартылдап, күн күркүрөп, жер титиреп, катуу добул жүрдү.

 

12

 

Аял жана ажыдаар

 

1Асманда укмуштуудай бир нерсе пайда болду: өзү күнгө оронуп, бутун айдын үстүнө коюп, он эки жылдызды таажы катары кийип алган бир аял көрүндү.
2Анын төрөй турган маалы келип, толгоо тарткандыктан катуу кыйналып кыйкырып жатты.
3Анан асманда дагы башка нерсе пайда болду: жети баштуу, он мүйүздүү, баштарына жети кичине таажы кийген зор кызыл ажыдаар көрүндү.
4Анын куйругу асмандагы жылдыздардын үчтөн бирин жерге шыпырып түшүрдү. Төрөөр замат баласын жалмап салууга даяр болуп, ал баягы толгоо тартып жаткан аялдын маңдайында турду.
5Аял бүт улуттардын үстүнөн темирдей катуу бийлик орното турган эркек бала төрөдү. Ошол замат ал Кудайга жана Анын тактысына жеткирилди.
6Бул аял бир миң эки жүз алтымыш күн бою кароодо болсун деп Кудай ал үчүн атайын даярдап койгон ээн талаадагы жайга качып кетти.

 

7Анан асманда согуш болду. Михаэл менен анын периштелери ажыдаарга каршы, ажыдаар менен анын периштелери Михаэлге каршы согушту.
8Бирок ажыдаар менен анын периштелери жеңилип, асмандагы ээлеген ордунан ажырап калышты.
9Ошентип, баягы зор ажыдаар жерге кулатылды. Бүт адамзатты оң жолдон адаштырган ибилис же шайтан аталган эзелки жылан ушул. Ал өзү да, аны менен кошо жанындагы периштелери да жерге ыргытылды.

 

 

10Анан мен асмандан бир кыйкырган үндү уктум: — Кудайыбыз кудуреттүү! Кудайыбыз — жеңүүчү!

 

Эми Өзү башкарат бардыгын Ал, тургузуп

 

Машайактын бийлигин. Ыргытылды анткени

 

Биздин боордошторду айыптаган жалганчы,

 

Күнү-түнү ушактап, барып Кудай алдына.

 

11Алар аны жеңишти каны менен Козунун,

 

Кудайымдын кабарын күбө болуп айтышып,

 

Тике карап өлүмгө, аябастан жандарын.

 

12Эми, асман, кубангын!

 

Сүйүнгүлө, асмандын жашагандар алдында!

 

Куруйт эми шоруңар,

 

Жер үстүндө болгондор, жашагандар деңизде!

 

Түшүп кетти силерге убактысы аз калган,

 

Муну билип жинденген, ызырынган ибилис.

 

 

13Ажыдаар жер бетине ыргытылганын көргөн соң, эркек бала төрөгөн баягы аялды куугунтукка ала баштады.
14Аял ээн талаага учуп кете алсын үчүн, ага чоң бүркүттүн эки канаты берилди. Ошол жерде ага үч жарым жыл жыландын көзүнөн далдаада камкордук көрүлмөк.
15Ошондо жылан чөктүрүп ийиш үчүн дарыядай сууну аялдын артынан бүркүп жиберди.
16Бирок жер койнун ачып, ажыдаардын оозунан бүркүлгөн дарыяны соруп алып, аялга жардам кылды.
17Ажыдаар аялга жинденип, анын баласынан башка тукумдарына согуш ачуу үчүн кайтып кетти. Аялдын тукумдары болсо — бул Кудайдын осуяттарына баш ийип, Ыйса жар салган акыйкаттан тайбагандар. Ошентип, ажыдаар деңиздин жээгиндеги кумда турду.

 

13

 

Деңизден чыккан жырткыч

 

1Анан мен деңизден чыгып келе жаткан он мүйүздүү, жети баштуу бир жырткычты көрдүм. Он мүйүзүнө кичинекей таажы кийген, жети башынын ар биринде Кудайды сөккөн аттар бар эле.
2Мен көргөн жырткыч көрүнүшү илбирстей, бирок буттары аюунукундай, оозу арстандыкындай эле. Баягы ажыдаар бул жырткычка өзүнүн күчүн, тактысын жана зор бийлигин өткөрүп берди.
3Жырткычтын бир башы өлөрчө жарадар болгондой көрүндү, бирок жарааты кайра айыгып кетти. Дүйнө жүзүнүн баары таңгалып, жырткычтын артынан ээрчип жөнөдү.
4Жырткычка бийлик бергендиги үчүн адамдар ажыдаарга табынып киришти. «Ким бул жырткычка теңеле алат? Ким аны менен согуша алат?» дешип, жырткычка да табына башташты.

 

5Анан жырткычка Кудайга акарат келтирип, чоң сүйлөгөнгө сөз берилди. Үч жарым жыл бою башкара турган бийлик берилди.
6Жырткыч Кудайга акарат айтуу үчүн, Анын атына, Анын турган жайына жана асманда жашагандарга тил тийгизүү үчүн оозун ачты.
7Ыйыктарга каршы согуш ачып, аларды жеңгенге кудурет берилди. Ар кандай уруулардын, элдердин, улуттардын жана ар тилде сүйлөгөндөрдүн баарын башкарууга бийлик берилди.
8Жер жүзүнүн бардык жашоочулары — дүйнө түгөл жаратылгандан тартып өлтүрүлгөндөр жана Козуга таандык болгон өмүр китебинде аттары жазылбагандар ага кызмат кылышат.

 

9Кимдин кулагы болсо, уксун.

 

 

10«Кимге туткун буюрса,

 

Ал туткунга алынат.

 

Кимге кылыч буюрса,

 

Ажал табат кылычтан».

 

 

Бул Кудайдын ыйыктары чыдамдуу жана ишенимдүү болушу керек дегенди билдирет.

 

Жерден чыккан жырткыч

 

11Анан мен жерден чыгып келе жаткан дагы башка бир жырткычты көрдүм. Анын козунукундай эки мүйүзү бар экен, бирок ал ажыдаардай сүйлөдү.
12Ал биринчи жырткыч үчүн анын бардык бийлигин колдонуп, бүт жер жүзүн жана анда жашагандарды өлөрчө жарадар болуп, бирок айыгып калган баягы биринчи жырткычка табындырды.
13Ал улуу жана кереметтүү жышаандарды көрсөтүп, ал тургай бардык адамдардын алдында асмандан от чыгарып, жерге түшүрдү.
14Биринчи жырткычтын алдында көрсөтүүгө уруксат кылынган жышаандар менен жер бетинде жашагандардын баарын алдады. Кылычтан жараат алып, бирок аман калган баягы жырткычтын урматына эстелик тургузулсун деп элдерге буйрук берди.
15Экинчи жырткычка бийлик берилип, ал эстеликке жан салды да аны сүйлөй турган кылды. Анан эстеликке табынбагандарды өлтүрттү.
16Ошондой эле ал атактуу-карапайым, бай-кедей, кул-эркин дебей, баарын, оң колуна же чекесине белги койдуртууга мажбур кылды.
17Бул белги болмоюн эч ким соода-сатык жүргүзө албай калды. Ал белги болсо баягы жырткычтын аты же анын атын билдирген сан эле.
18Муну түшүнүү үчүн кыраакылык керек. Ким акылдуу болсо, жырткычтын санын түшүнүп алсын, анткени бул адамдык сан. Анын саны алты жүз алтымыш алты.

 

14

 

Козу жана жүз кырк төрт миң киши

 

1Мындан кийин Сион тоосунда турган баягы Козуну көрдүм. Жанында чекелерине Козунун жана Анын Атасынын аты жазылган жүз кырк төрт миң киши туруптур.

 

2Ошондо асмандан деңиздин күүлдөгөнүндөй, күндүн күркүрөгөнүндөй үн угулду. Бул үн көптөгөн арфачылар арфада ойноп жаткандай эле.
3Алар тактынын, төрт жаныбардын жана аксакалдардын алдында жаңы ыр ырдашты. Ал ырды куну төлөнүп, дүйнөдөгүлөрдүн арасынан куткарылып алынган жүз кырк төрт миң кишиден башка эч ким үйрөнө албады.
4Булар өзүлөрүн аялдар менен булгабай, пакиза бойдон калган адамдар. Козу кайда барса, артынан баргандар. Булар адамдардын арасынан куткарылып, алгачкы түшүм катарында Кудайга жана Козуга тартуулангандар.
5Булардын сөзүнөн калп табылбады, себеп дегенде булар эч кынтыксыз адамдар.

 

Үч периште

 

6Анан мен асмандын кап ортосун жара бөлүп учуп бара жаткан бир периштени көрдүм. Ал жер бетинде жашаган ар кандай улуттардын, уруулардын, элдердин жана ар тилде сүйлөгөндөрдүн баарына жарыялай турган түбөлүктүү Жакшы Кабарды алып учуп баратты.

 

7Ал катуу үн менен: — Кудайдан корккула жана Аны даңктагыла! Анын сурак сааты келди. Асман-жерди, деңизди жана суу башаттарын жараткан Кудайга табынгыла! — деп кыйкырып баратты.

 

8Анын артынан бараткан экинчи периште:

 

— Кыйрады! Улуу Бабыл кыйрады! Ал чектен ашкан бузукулугун шарап сыяктуу бардык калктарга ичирди! — деди.

 

9Анын артынан бараткан үчүнчү периште болсо:

 

— Кимде ким жырткыч менен анын эстелигине табынса, чекесине же колуна анын белгисин кабыл алса,
10анда ал Кудайдын каар чөйчөгүндө даярдалган, Анын жаалынын ачуу шарабын ичет. Алоолонгон күкүрттүн ичине салынып, ыйык периштелер менен Козунун алдында азап тартат.
11Алардын тарткан азабынан чыккан түтүн түбөлүктөн түбөлүккө өчпөйт. Жырткыч менен анын эстелигине табынгандарга жана анын атынын белгисин кабыл алгандарга күнү-түнү тыным болбойт! — деп кыйкырып баратты.

 

12Бул Кудайдын осуяттарын аткарып, Ыйсага ишенимдүү бойдон калган ыйыктар үчүн чоң чыдамкайлык керек дегенди билдирет.

 

13Анан мен асмандан бирөөнүн: — Жаз! Мындан ары Эгебиз менен тыгыз мамиледе жүрүп көз жумгандар бактылуу! — дегенин уктум.

 

— Ооба, — дейт Ыйык Рух, — алар тарткан мээнеттеринен эс алышат, анткени алардын жакшы иштери аркасынан барат.

 

Жер бетиндеги оруп-жыюу

 

14Анан аппак булутту көрдүм. Булуттун үстүндө алтын таажы кийип, колуна курч орок кармап, Адам Уулуна[11]окшогон бирөө олтуруптур.

 

15Анан асмандагы ийбадатканадан башка бир периште чыга келди да, булутта Олтурганга катуу үн менен кайрылып: — Орогуңду ал да ор, анткени оруу-жыюу маалы келип, жер бетиндеги түшүм бышып жетилди, — деди.

 

16Анан булуттун үстүндө Олтурган оруш үчүн барды эле, жердеги түшүм орулуп калды.

 

17Асмандагы ийбадатканадан дагы бир периште чыкты. Анын да колунда курч орогу бар экен.

 

18Оттун үстүнөн бийлиги бар дагы бир башка периште курмандык жайдан чыга келди да, курч орогу барга: — Курч орогуңду жер жүзүнө шилтеп, жүзүм шиңгилдерин оруп чогулткун, анткени алар бышып калды, — деди үнүн катуу чыгарып.

 

19Периште орогун шилтеп, жердеги жүзүм шиңгилдерин чогултту да, аларды Кудайдын каарынын зор жүзүм сыккычына ыргытты.
20Жүзүм шиңгилдери шаардын сыртында тепсендиде калышты, жүзүм сыккычтан кан агып чыгып, тереңдиги аттын жүгөнүнө чейин жетип, үч жүз чакырым жерди каптады.

 

15

 

Жети кырсыкты чакырган жети периште

 

1Анан асмандан дагы бир улуу жана укмуш нерсени көрдүм: акыркы жети кырсыкты кармап жети периште туруптур. (Акыркы дегенимдин себеби, ушуну менен Кудайдын каары аягына чыкмакчы.)

 

2Андан кийин от аралашкандай болуп көрүнгөн айнек деңизди көрдүм. Ошол айнек деңиздин жээгинде Кудайдан алган арфаларын кармап, жырткычты, анын эстелигин жана атынын санын жеңгендер

 

 

3Кудайдын кулу Мусанын жана Козунун ырын ырдап турушту: — О, кудуреттүү биздин Кудай Эгебиз,

 

Кандай улуу, кандай укмуш иштериң!

 

О, элдердин Падышасы! Чынында

 

Адилеттүү, акыйкаттуу жолдоруң!

 

4О, Эгебиз, барбы Сенден коркпогон?

 

Барбы Сенин даңктабаган ысмыңды?

 

Анткени Сен жалгыз Өзүң ыйыксың!

 

Айкын болду Сенин адил иштериң.

 

Эми бардык элдер келип алдыңа,

 

Жүзтөмөндөп, табынышат бардыгы.

 

 

5Ушундан соң, мен асмандагы касиеттүү чатырдын эң ыйык жери ачылганын көрдүм.
6Таптаза, жалтылдаган зыгыр кездемеден кийим кийинип, алтын кемер курчанган жети периште жети кырсыкты көтөрүп, ошол эң ыйык жерден чыкты.
7Ошондо төрт жаныбардын бирөөсү аларга түбөлүктөн түбөлүккө жашаган Кудайдын каары толгон жети алтын идиш берди.
8Эң ыйык жердин ичи Кудайдын улуулугу менен кудуретинен чыккан түтүнгө толуп чыкты. Жети периштенин жети кырсыгы бүткөнчө, эң ыйык жерге эч ким кире албады.

 

16

 

Кудайдын жети идиштеги каары

 

1Анан мен эң ыйык жерден жети периштеге карата айтылган катуу үндү уктум.

 

— Бар! Кудайдын жети идиштеги каарын жер үстүнө төгүп жибер! — деди ошол үн.

 

2Биринчи периште барды да, идиштегини жердин үстүнө төгүп жиберди. Жердегилердин жырткычтын белгисин алып, анын эстелигине табынгандарынын денелерине жийиркеничтүү, ооруткан жаралар чыкты.

 

3Экинчи периште идишиндегини деңизге төктү эле, деңиз өлгөн адамдын канындай болуп, анда жашагандын баары өлдү.
4Үчүнчү периште идишиндегини дарыялар менен суу башаттарына төктү. Суунун баары канга айланып кетти.

 

 

5-6Анан мен суулардын периштесинин: — Бар болгон азыр дагы, мурда дагы,

 

О, ыйык Кудайым, Сен акыйкатсың!

 

Ыйыктар, пайгамбарлар канын төккөн

 

Адамдарга адилеттүү өкүмүңдү

 

Чыгарып, аларга Сен кан ичирдиң,

 

Анткени алар буга татыктуу эле, —

 

 

дегенин уктум.

 

7Ошондо курмандык жайдан: — Ооба, Кудуреттүү Кудай Эге,

 

Өкүмүң акыйкат да, адилет да! —

 

 

деп кыйкырган үндү уктум.

 

8Төртүнчү периште идишиндегини күндүн бетине төгүп жиберди эле, күнгө адамдарды жалыны менен күйгүзүп жибере ала турган күч берилди.
9Мээ кайнаткан күндүн табы адамдарды куйкалаганда, алар ушул кырсыктардын үстүнөн бийлиги бар Кудайдын атына тил тийгизишти. Кудайга мактоо айтуу үчүн ниеттерин өзгөртүшпөдү.

 

10Бешинчи периште идишиндегини жырткычтын тактысына төгүп жиберди эле, анын падышалыгы караңгылыкка чулганды. Адамдар жаны кыйналгандан тилдерин чайнашып,
11оорудан, жараларынан улам көктүн Кудайына тил тийгизип, Ага акарат айтышты. Кылган иштерине өкүнүп, ниеттерин өзгөртүшпөдү.

 

12Алтынчы периште идишиндегини улуу Эфрат дарыясына төктү. Күн чыгыш падышаларынын басар жолун ачуу үчүн Эфраттын суусу кургап калды.
13Анан ажыдаардын, жырткычтын жана жалган пайгамбардын[12]ооздорунан чыккан, бакага окшош үч кара күчтү көрдүм.
14Алар кереметтүү белгилерди көрсөтүүчү жиндер эле. Булар дүйнө жүзүндөгү падышалардын баарына барып, аларды кудуреттүү Кудайдын улуу күнүндөгү согушка чогултушту.

 

Машаяк эскертет

 

15«Сак болгула, мен ууру сымал барам! Жылаңач калып, уяты көрүнүп калбоо үчүн уктабай, сергек болуп, кийимдерин даяр алып жүргөндөр бактылуу».

 

Улуу шаар Бабылдын кулашы

 

16Анан эврейче Армагедон аталган жерге алар падышаларды чогултушту.

 

17Жетинчи периште идишиндегини абага төгүп жиберди эле, эң ыйык жердеги тактыдан:

 

— Аткарылды! — деген катуу үн чыкты.

 

18Чагылгандар чартылдап, күн күркүрөп, жер катуу титиреди. Мындай жер титирөө жер бетине адам жашай баштагандан бери болуп көрбөгөн. Жер ушунчалык катуу титиреди.
19Улуу шаар үчкө бөлүнүп, мамлекеттердин шаарлары кыйрады. Кудай улуу Бабылды эсине түшүрүп, ачуусу менен каарынын шарабына толгон чөйчөктү ага ичирди.
20Аралдар менен тоолор жок болду.
21Асмандан адамдарга ар бири жүз кадактай чоң мөндүр жаады. Мөндүрдөн алган жарааттары үчүн алар Кудайды сөгүштү. Анткени алардын жарааттары абдан оор эле.

 

17

 

Жырткыч минген аял

 

1Жети идиши бар жети периштенин бири мага келип:

 

— Бери кел, көп суулардын үстүндө олтурган уятсыз сойкунун жазасын көрсөтөйүн.
2Жер бетиндеги падышалар бу сойку менен бузукулукка барышты. Жер үстүндө жашагандар да анын шарабын ичишип, мас болушуп, аны менен бузукулук кылышты.

 

3Анан бүт дүйнөмдү Кудайдын Руху бийлеп алды да периште мени ээн талаага алып барды. Талаадан бүткөн боюн Кудайды сөккөн сөздөр баскан, жети баштуу, он мүйүздүү кыпкызыл жырткычты минип олтурган бир аялды көрдүм.
4Аял кочкул кызыл жана ачык кызыл кийим кийинип, алтын, кымбат баалуу асыл таш, берметтер менен жасалгаланып, жалтылдап турду. Ал бузукулугу менен арамдыгы толгон алтын чөйчөктү колуна кармап алыптыр.
5Чекесинде болсо: «Улуу Бабыл — жер бетиндеги сойкулар менен арамдыктардын энеси», — деп анын аты жашырын белги менен жазылуу экен.
6Мен аялдын Ыйса үчүн жанын кыйган ыйыктардын канын ичип алып, мас болуп турганын көрдүм. Көргөнүмдө, абдан таң калдым.

 

7Анан периште мага: — Эмнеге таңгалдың? Аял менен ал минген жети баш, он мүйүздүү жырткычтын сырын мен сага ачып берем.
8Сен көргөн жырткыч бир убакта жашаган, азыр болсо жок. Ал жакында туңгуюктан чыгып келет да, түбөлүк ойрон болор жагына кетет. Дүйнө жаратылгандан бери өмүр китебине аттары жазылбаган жердиктер жырткычты көргөндө, абдан таң калышат, анткени ал бир кезде жашаган, азыр болсо жок, бирок кайра келет.
9Буларды түшүнүү үчүн акылмандык керек. Жети баш — бул аял олтурган жети дөбө менен жети падыша.
10Алардын бешөөсү кулады, бирөөсү азыр бар, жетинчиси али келе элек. Бирок келгенде көпкө болбойт.
11Бир кезде жашаган, азыр жок жырткыч — сегизинчи падыша. Ал жанагы жетөөнүн дагы бири. Ал түбөлүк куурай турган жагына кетет.
12Сен көргөн он мүйүз он падышаны билдирет, бирок алар али такка отуруша элек. Алар жырткыч менен бирге такка олтурушканда, бир аз эле бийлик кылганга үлгүрүшөт.
13Алардын мүдөөсү бир болот жана күч-кудурети менен бийлигин жырткычка өткөрүп беришет.
14Алар Козуга каршы согуш ачышат. Бирок Козу аларды жеңет, анткени Ал эгедерлердин Эгедери, падышалардын Падышасы. Козу менен чогуу Анын тандап, Өзүнө чакырып алган ишенимдүү адамдары да согушат, — деди.

 

15Анан периште мага дагы мындай деди:

 

— Сойку олтурган суулар — бул элдер, калктар, улуттар жана ар тилде сүйлөгөндөр.
16Сен көргөн жырткыч он мүйүзү менен чогуу сойкуну жектешет. Колундагынын баарын тартып алышып, өзүн жылаңач калтырышат. Этин жеп, өзүн отко ыргытышат.
17Анткени Кудай Өз максатын аткартуу үчүн алардын ниетине бир мүдөөнү салып койгон болчу. Ошондуктан алар бийликтерин жырткычка өткөрүп беришти. Кудайдын сөзү толук аткарылып бүткүчө алар жырткычтын жетегинде болушат.
18Сен көргөн аял болсо жердеги падышалардын үстүнөн бийлик кылып турган улуу шаар.

 

18

 

Улуу шаар Бабылдын кыйрашы

 

1Ушундан соң, көктөн түшүп келе жаткан, улуу бийлиги бар дагы башка периштени көрдүм. Анын шаң-салтанатынан жер жүзү жаркырап кетти.

 

 

2Ал катуу үн менен: — Кыйрады ал, улуу Бабыл кыйрады!

 

Ал жиндердин турагына айланды,

 

Арам рухтар конушуна,

 

Жексур жырткыч ийинине,

 

Жийиркеничтүү канаттуулар

 

Уясына айланды.

 

3Анткени ал ачуу шарап сыяктуу

 

Азгындыгын сунуп жатты, мас кылып

 

Бүт элдерди. Бузуктукка батышты

 

Аны менен падышалары дүйнөнүн.

 

Ашып-ташкан молдугунан көпөстөр,

 

Шаң-салтанат турмушунан байышты, —

 

 

деди.

 

4Анан асмандан мындай деген башка бир үндү уктум: — Чыгып кеткин андан, элим, чыгып кет,

 

Болбой эле кой күнөөсүнө ортоктош,

 

Кабылбагын ал туш болор балээге!

 

5Көккө жетти анын толгон күнөөсү,

 

Кылмыштары түштү Кудай эсине.

 

6Андан көргөн жамандыгын кайтарып,

 

Эми өзүнө кыянаттык кылгыла,

 

Жоругуна, жосунуна жараша

 

Тиешесин эки эселеп бергиле.

 

Эки эсе ачуусунан шараптын

 

Даяр кылып, чөйчөгүнө куйгула.

 

7Мурда канча сыймыктанып, мактанса,

 

Байлыгына маашыркаса канчалык,

 

Эми ошонун бардыгына жараша,

 

Азаптарга, кайгыларга салгыла.

 

Ал ичинен али дагы мындай дейт:

 

«Мен — ханышамын, тактысында олтурган,

 

Боздогондой жесир аял эмесмин».

 

8Ошондуктан бир заматта балээлер

 

Басып калып, илдеттерден кырылат

 

Көп адамдар. Ачарчылык, кайгыга

 

Кабылат ал, отко өрттөлөт, анткени

 

Соттоп жаткан Кудай Эге кудуреттүү.

 

 

9Сойкуга кошулуп алып бузукулук кылган, анын байлыгы менен жыргаган жер үстүндөгү падышалар тигинин өртүнөн чыккан түтүндү көргөндө, аны жоктоп боздоп ыйлашат.

 

 

10Кыйналып жатканын көрүп, жандары чыгып, алыста туруп: «О, кокуй күн, каран күн! Эмне болду,

 

Улуу шаар, бекем калаа Бабыл, сага?!

 

Бир паста жазаланып калдыңбы сен?!» —

 

 

деп үн салышат.

 

11-13Жердеги соодагерлер да аны карап алып, боздоп ыйлашат, анткени алардын алтын-күмүш буюмдарын, асыл таштары менен берметтерин, кымбат баалуу кездемелери менен маталарын, жибектен жасалган кыпкызыл кийимдерин, жыпар жыттуу жыгачтарын, пилдин сөөгүнөн, кымбат баалуу жыгачтан, жезден, темирден, мармардан жасалган буюмдарын, атырлары менен эндик-упаларын, мүр жана ладан аталган жыпар жыттуу заттарын, шараптары менен майларын, ундары менен буудайларын, малдары менен койлорун, аттары менен арабаларын, адамдардын денелери менен жандарын мындан ары эч ким сатып албай калат.

 

 

14Жаның эңсеп, каалаган

 

Буюмдардан куру калдың,

 

Дөөлөттөрүң, байлыгың

 

Түбү менен жок болду,

 

Издесең да, аларды

 

Таба албайсың эми сен.

 

 

15Ушунун баары менен соода жүргүзүп, байып алышкандар анын тартып жаткан азабынан коркушуп, алыста туруп алып:

 

 

16«О кокуй күн, каран күн!

 

Кымбат баалуу кийимчен,

 

Кызыл шайы көйнөкчөн,

 

Алтын, жакут, берметиң

 

Жаркылдаган улуу шаар!

 

17Ушунча көп байлыгың

 

Заматта ойрон болдубу?!» —

 

 

деп боздошот.

 

Кеме башчылары, кемечилер, кемедегилер жана деңиздин аркасы менен акча тапкандардын баары алыстан карап турушат.
18Алар шаардын күйүп, түтөп жатканын көрүшкөндө: «Ушул улуу шаардай шаар бар беле?» — дешип боздошот.

 

 

19Баштарына күл чачып, боздоп ыйлап: «О кокуй күн, каран күн! О, улуу шаар!

 

Кемелүүнүн бардыгы көргөн эле

 

Байлыгыңдын үзүрүн. Кайда алар?

 

Аңырайып, бош калдың бир заматта.

 

20О, асман, муну көрүп, сен кубангын!

 

Ыйыктар, элчилер, пайгамбарлар —

 

Баарыңар кубангыла! Силер үчүн

 

Сазайын ушул шаардын Кудай берди», —

 

 

дешет.

 

21Анан бир күчтүү периште тегирмен ташындай болгон чоң ташты алып, деңизге ыргытты да:

 

 

— Мына ушундай күч менен

 

Ыргытылат, ташталат

 

Улуу калаа Бабыл да,

 

Тура албайт ал экинчи

 

22Арфа менен ырчынын,

 

Чоор менен сурнайдын

 

Сенден чыкпайт үндөрү.

 

Өнөрпоз да, уста да

 

Болбой калат сенде эми.

 

Тегирмендин үнү да

 

Калат эми угулбай.

 

23Жанган чырак жарыгы

 

Мындан ары көрүнбөйт.

 

Күйөө менен колукту

 

Үндөрү да угулбайт.

 

Көпөстөрүң анткени

 

Эң мыкты эле дүйнөдө,

 

Анткени сыйкырчылыгың

 

Бардык элди алдады.

 

24Пайгамбарлар, ыйыктар,

 

Бүтүндөй жер жүзүндө

 

Өлтүрүлгөн адамдар

 

Канына забын ушул шаар, —

 

 

деди.

 

19

 

Кудайга даңк

 

1Ушундан соң, асмандан көптөгөн адамдар айгайлагандай бир үндүн:

 

 

— Эгебизди мактагыла![13]

 

Бизди Кудай куткарды!

 

Ага таандык урмат-сый,

 

Шаң-салтанат, кудурет!

 

2Анткени Анын соттору

 

Чындык жана адилет!

 

Анткени Ал соттоду

 

Бүт жер жүзүн булгаган,

 

Бузуктугу ашынган

 

Уяты жок сойкуну,

 

Кулдарынын каны үчүн

 

Кудай андан өч алды, —

 

 

дегенин уктум.

 

3Дагы мындай деп кайталап кыйкырышты:

 

— Эгебиздин мактагыла!

 

Ошол шаардын түтүнү

 

Эми эч качан басылбайт.

 

4Жыйырма төрт аксакал менен төрт жаныбар тизе бүгүшүп, тактыда олтурган Кудайга таазим кылышты. Анан кыйкырышты:

 

— Так ошондой!

 

Эгебизди мактагыла!

 

 

5Анан тактыдан:

 

 

— Карапайым, атактуу,

 

Кудайымдан корккондор,

 

Жараткандын кулдары,

 

Баарың Аны даңктагын! —

 

 

деген үн чыкты.

 

6Анан көпчүлүктүн айгайындай, көптөгөн шаркыратмалардын шарындай, күн катуу күркүрөгөндөй үндү уктум:

 

 

— Эгебизди мактагыла!

 

Анткени кудуреттүү

 

Биздин Кудай-Эгебиз,

 

Өкүмдарлык бийлигин

 

Өз колуна алды эми.

 

7Кубаналы, шаттаналы,

 

Мактайлы Аны, анткени

 

Үйлөнүү тою Козунун

 

Башталайын деп калды.

 

Колуктусу камданды.

 

8Кийгизилди үстүнө

 

Жаркыраган, таптаза

 

Ак шайыдан көйнөгү.

 

 

(Ак шайы ыйыктардын адил иштерин билдирет.)

 

9Анан периште мага:

 

— Жаз, Козунун үйлөнүү тоюна чакырылгандар бактылуу! — деди да, дагы мындай деп кошумчалады:

 

— Бул сөздөр Кудайдын чыныгы сөздөрү.

 

10Ушул жерден мен ага табынып, бутуна жыгылдым. Бирок ал мага:

 

— Мындай кылба! Мен деле Ыйса айткан чындыкты ырастап жүргөн өзүң менен, боордошторуң менен кызмат кылып жүрөм. Кудайга табын! Анткени Ыйса айткан чындыкка пайгамбардык дем менен айтылган сөз туура келет, — деди.

 

Ак боз атчан Бирөө

 

11Мен көк ачылып, алдымда турган ак боз атты көрдүм. Ишенимдүү жана Чындык деп аталган Бирөө аны минип алыптыр. Ал калыстык менен сот жүргүзүп, адилеттик үчүн согушат экен.
12Көздөрү оттой жалтылдап, башына көптөгөн кичинекей таажыларды кийип алыптыр. Денесинде өзүнөн башка эч ким билбеген ысмы жазылуу экен.
13Канга чыланган чапан кийген Анын аты — Кудай Сөзү.
14Таптаза ак шайы кийимчен, ак боз атчан асман аскерлери Анын артынан ээрчип жүрүштү.
15Оозунан элдерди кыйратуу үчүн колдоно турган курч кылыч чыкты. Ал элдердин үстүнөн темирдей катуу бийлик орнотот. Жүзүмдү тебелегенде ширеси агып чыккан сыяктуу, Ал кудуреттүү Кудайдын ачуусу менен каарынын шарабын алардын үстүнө төгөт.
16Чапанынын санын жапкан тушунда мындай деген ат жазылган: «Падышалардын Падышасы, эгедерлердин Эгедери».

 

17Анан мен күндө турган бир периштени көрдүм. Ал асманда бийик учуп бараткан канаттуулардын баарына катуу үн менен:

 

— Келгиле, Кудайдын чоң тоюна чогулгула.
18Падышалар менен аскербашылардын, алдуулардын, аттар менен чабандестердин жана да бардык адамдардын: кул эместер менен кулдардын, атактуулар менен карапайымдардын этинен жегенге келгиле, — деп кыйкырды.

 

19Анан мен баягы жырткычтын жана жер бетиндеги падышалар менен алардын аскерлеринин Ак боз атчан менен Анын аскерлерине каршы согуш ачууга чогулушканын көрдүм.
20Бирок жырткыч кармалып, аны менен кошо анын алдында укмуштай белгилерди көрсөтүп жаткан жалган пайгамбар да колго түштү. Ал ушул укмуштары менен жырткычтын белгисин кабыл алгандарды жана анын эстелигине табынгандарды азгырып-алдаган эле. Экөө тең күйүп жаткан күкүрт көлгө тирүүлөй ыргытылды.
21Калган аскерлери атчандын оозунан чыккан кылычтан кырылышты жана канаттуулардын баары алардын этин жеп, абдан тоюнушту.

 

20

 

Миң жылдык

 

1Андан соң, түпсүз туңгуюктун ачкычы бар, колуна чоң чынжыр кармаган бир периштенин асмандан түшүп келе жатканын көрдүм.
2Ал байыркы жылан — ажыдаарды, башкача айтканда, ибилисти, же шайтанды кармады да миң жылга байлап салды.
3Миң жыл бүткүчө элдерди мындан ары алдаганын токтотуу үчүн аны туңгуюкка таштады да, үстүнөн кулпулап, мөөр басып салды. Андан кийин ал кыска убакытка эркиндикке чыгышы керек.

 

4Анан мен тактыларды көрдүм. Аларда Кудай бийлик кылууга укук бергендер олтурушуптур. Ошондой эле Ыйса тууралуу күбөлүккө өтүп, Кудай Сөзү үчүн баштары алынгандардын жандарын көрдүм. Алар жырткычка же анын эстелигине табынбагандар жана анын белгисин чекесине же колуна койдурбагандар болчу. Булар кайрадан өмүр сүрүп, Ыйса менен бирге миң жыл падышалык кылышты.
5(Калган өлүктөр миң жыл бүткүчө кайра тирилишпеди). Бул биринчи тирилүү.
6Биринчи тирилүүгө катышкандар бактылуу жана ыйык адамдар. Экинчи өлүм алардын үстүнөн бийлик кыла албайт. Алар Кудайдын жана Машаяктын дин кызматкерлери болуп, Аны менен бирге миң жыл падышачылык кылышат.

 

Шайтандын тагдыры

 

7Миң жыл өткөндө, шайтан өзүнүн түрмөсүнөн бошотулду да,
8төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган улуттар — Гок менен Магокту алдап, согушка чогултуу үчүн жөнөдү. Алардын саны деңиз жээгиндеги кумдай эле.
9Жерди туурасынан аралап өтүп, Кудайдын сүйүктүү шаарындагы ыйыктардын жамаатын курчап алышты. Бирок көктөн бир от түшүп, аларды жалмады.
10Анан аларды алдаган ибилис мурда жырткыч менен жалган пайгамбар ыргытылган күйүп жаткан күкүрт көлгө ыргытылды. Эми алар күнү-түнү түбөлүктөн түбөлүккө азап тартышат.

 

Кыямат кайым

 

11Анан мен чоң ак тактыны жана анда олтурган Бирөөнү көрдүм. Асман-жер анын алдынан качып, таптакыр жок болушту.
12Тактынын алдында атактуусу, карапайымы дебей, бардык өлгөндөрдүн турганын көрдүм. Китептер ачылуу экен. Дагы бир башка китеп да ачылуу турду. Ал өмүр китеби эле. Өлүктөр, китептерде жазылгандай, кылган иштерине жараша соттолушту.
13Деңиз да, өлүм менен о дүйнө да өздөрүндөгү өлүктөрдү чыгарып беришти. Ошондо баары кылган иштерине жараша соттолушту.
14Анан өлүм менен о дүйнө от көлүнө ыргытылды. От көлү — бул экинчи өлүм.
15Ким өмүр китебинде жазылбаса, от көлүнө ыргытылды.

 

21

 

Жаңы Иерусалим

 

1Анан мен жаңы асман менен жаңы жерди көрдүм. Анткени биринчи асман менен биринчи жер жок болуп кетиптир, деңиз да жок экен.
2Мен күйөөсү үчүн жасалгаланып даярдалган колуктуга окшогон, көктөн, Кудайдан түшүп келе жаткан ыйык шаар — жаңы Иерусалимди көрдүм.

 

 

3Тактыдан: — Карагыла, турак жайы Кудайдын

 

Адамдардын арасына орноду.

 

Мындан ары, болуп эми Кудайы,

 

Алар менен чогуу жашайт Жараткан.

 

Анын эли болуп калып адамдар,

 

Алар менен болот Кудай ар дайым.

 

4Бардык жашты көздөрүнөн алардын

 

Аарчыйт Кудай, өлүм деген жок болот.

 

Мындан ары болбой калат эч бир ый,

 

Өкүрүк да, оору дагы, анткени

 

Мурункунун өтүп кетти бардыгы! —

 

 

деген катуу үндү уктум.

 

5Тактыда Олтурган болсо:

 

— Мен баарын жаңыртып жатам! — деди.

 

Анан сөзүн улантып:

 

— Муну жазып кой, анткени бул сөздөр ишенимдүү жана акыйкат, — деди.

 

6Ал мага дагы мындай деди:

 

— Баары аткарылды. Мен Альфа жана Омегамын, Башталышы жана Аягымын. Ким суусаса, өмүр булагынан бекер ичиремин.
7Жеңүүчү ушунун баарын мураска алат жана Мен анын Кудайы, ал Менин уулум болот.
8Бирок коркок, ишенбес, пас, канкор, бузуку, сыйкырчы, бутка табынуучу жана бардык жалганчылардын барар жери — жалындаган күкүрт көл. Бул экинчи өлүм.

 

9Акыркы жети балээ толгон жети идишти көтөргөн жети периштенин бири келди да, мага:

 

— Бери кел, мен сага колуктуну — Козунун аялын көрсөтөм, — деди.

 

10Анан Кудайдын Руху мени толук бийлеп алды да, периште улуу жана бийик тоого алып чыгып, көктөн, Кудайдан түшүп келе жаткан Ыйык Шаар — Иерусалимди көрсөттү.
11Ал Кудайдын даңкын чачыратып, жаркырап турган эле, анын жаркыраганы өтө кымбат баалуу ташка, мөлтүр таштай тунук ясписке окшоп,
12чоң, бийик дубалында он эки дарбазасы бар экен. Ар бир дарбазасында бирден периште кайтарып туруптур. Дарбазаларына Ысрайылдын он эки уруусунун аттары жазылыптыр. Бир дарбазага бир аттан.
13Чыгыш тарабында үч, түндүк тарабында үч, түштүк тарабында үч, батыш тарабында үч дарбаза.
14Дубалдын он эки кат пайдубалы бар экен. Аларга Козунун он эки элчисинин аттары жазылган. Ар бирине бирден ат.

 

15Мени менен сүйлөшкөн периштенин шаарды, анын дарбазаларын жана дубалын өлчөй турган алтындан ченегичи бар эле.
16Шаар төрт чарчы сыяктуу жайгашып, узуну да туурасы да бирдей болчу. Периште ченегичи менен шаарды ченегенде узуну да, туурасы да, бийиктиги да эки миң төрт жүз чакырым болуп чыкты.
17Дубалынын калыңдыгын ченеди эле, жетимиш метр болду. Периште колдонгон ченегич адамдыкы менен бирдей эле.
18Дубал яспистен, ал эми шаар болсо айнектей тунук таза алтындан жасалыптыр.
19Дубалдарынын пайдубалы түрдүү-түрдүү асыл таштар менен кооздолуптур. Биринчи пайдубалы — яспистен, экинчиси — көк жакуттан, үчүнчүсү — акак таштан, төртүнчүсү — зымырыттан,
20бешинчиси — феррузадан, алтынчысы — лалдан, жетинчиси — сары жакуттан, сегизинчиси — көк зымырыттан, тогузунчусу — топаздан, онунчусу — жашыл акак таштан, он биринчиси — хиацинттен, он экинчиси — аметисттен эле.
21Он эки дарбазасы — он эки бермет. Ар бир дарбаза бир берметтен жасалган. Шаардын башкы көчөсү тунук айнектей болгон таза алтындан салыныптыр.

 

22Шаардын ичинен ийбадаткана көргөнүм жок, анткени анын ийбадатканасы Кудуреттүү Кудай Эге менен Козунун Өзү экен.
23Шаардын күнгө же айдын жарыгына муктаждыгы болбоду, анткени Кудайдын шаң-салтанаты ага жарык берип, Козунун Өзү шамчырак катары нурун чачып турду.
24Бардык улуттар шаардын жарыгында жүрүп, жер бетиндеги падышалар өзүлөрүнүн шаң-салтанатын ошол шаарга алып келишти.
25Шаар дарбазалары күнү бою ачык туруп, эч качан жабылбады, анткени ал жакта түн деген жок экен.
26Бардык улуттардын улуулугу менен сый-урматтары шаардын ичине алынып келинет.
27Шаарга эч бир таза эмес нерсе, уяттуу же алдамчылык иш кылган киши кирбейт. Козунун өмүр китебине аттары жазылгандар гана киришет.

 

22

 

Өмүр дайрасы

 

1Ушундан соң, периште мага мөлтүр таштай жылтылдаган дайраны көргөздү. Бул өмүр суусу эле. Ал Кудай менен Козунун тактысынан агып чыгып,
2шаардагы башкы көчөнүн кап ортосуна куюлуп жатты. Дарыянын эки жээгинде тең ар айда бир, жылына он эки жолу түшүм берген — жемиши түбөлүк өмүр берүүчү дарак өсүп турду. Анын жалбырактарын элдерди айыктыруу үчүн колдонушат.
3Мындан ары эч кандай каргыш болбойт. Анткени Кудай менен Козунун тактысы шаардын ичине орнотулат. Кудайдын кулдары Ага кызмат кылышат.
4Кудайды өз көздөрү менен көрүп, аты чекелерине жазылат.
5Ал жакта мындан ары эч качан түн болбойт. Эч качан чырактын же күндүн жарыгына муктаж болушпайт, анткени Кудай Эгенин Өзү аларга жарыгын төгүп турат. Алар Аны менен бирге түбөлүктөн түбөлүккө бийлик кылышат.

 

6Периште мага мындай деди:

 

— Бул ишенсе боло турган акыйкат сөздөр. Пайгамбарлардын оюн башкарган Кудай Эге жакын арада боло турган окуяларды кулдарына көрсөтүү үчүн периштесин жиберди.

 

Ыйса жакында келерин эсте

 

7«Сак тургула, Мен жакында келем! Ушул китептеги пайгамбарлык сөздөрдү аткаргандар бактылуу».

 

8Мен, Жакан, ушуларды уктум да көрдүм. Угуп, көрүп бүткөн соң, табынайын деген ниетте ушуларды көргөзгөн периштенин бутуна жыгылдым.

 

9Бирок ал: — Токтот! Мен өзүң менен, боордошторуң болгон пайгамбарлар менен жана ушул китептин сөздөрүн аткаргандар менен бирге кызмат кылып жүрөм. Кудайга табынгының! — деди.

 

10Анан ал мага мындай деди:

 

— Бул китептеги пайгамбарлык сөздөрдү жашырбагын, анткени андагылар аткарыла турган убакыт жакын калды.
11Жамандык кылгандар дагы кыла беришсин, пастыкка баткандар дагы бата беришсин, ал эми адилеттер адил иштерин дагы улантышсын, ыйыктар андан бетер ыйык боло беришсин.

 

12«Сак тургула, Мен жакында келемин! Ар кимдин ишине жараша берер сыйлыгымды Өзүм менен бирге ала келем.
13Мен Альфа жана Омегамын, Биринчи жана Акыркымын, Башталышы жана Аягымын.
14Дарактын түбөлүк өмүр берүүчү жемишинен жегенге жана шаар дарбазалары аркылуу киргенге укук алуу үчүн кийимдерин жууп алгандар бактылуу.
15Жалган дин мугалимдер, сыйкырчылар, аягы суюктар, канкорлор, бутка табынуучулар жана жалгандыкты сүйгөн алдамчылардын баары сыртта калышат.
16Мен, Ыйса, жыйындар үчүн айтылган ушул сөздөрдү силерге жарыя кылсын деп периштемди жибердим. Мен — Дөөттүн тукумумун жана жаркыраган таңкы жылдызмын».

 

17Рух менен Колукту: «Кел!» — дешет. Уккандар да: «Кел!» — деп айтышсын. Ким суусаса, келсин. Ким кааласа, өмүр суусунан бекер алсын.

 

Угарманга эскертүү

 

18Ушул китептеги пайгамбарлык сөздөрдү уккан ар бир адамга эскертип коёюн: эгерде кимде-ким мындагы пайгамбардык сөздөргө бир нерсе кошсо, Кудай ага ушул китепте жазылган балээлерди кошот.
19Кимде ким бул пайгамбардык китептин сөздөрүнөн бир нерсе алып салса, Кудай аны ушул китепте жазылган түбөлүк өмүр берүүчү дарактын жемишинен жедирбейт да, ыйык шаарга киргизбейт.

 

20Ушул кабарларды жарыялап жаткан:

 

— Ооба, Мен жакын арада келем! — дейт.

 

Келе көр, Эгебиз Ыйса. Оомийин.

 

21Эгебиз Ыйса баарыңа ырайым кылсын.

 

 


notes

[1]

1:21 - Ыйса деген аттын мааниси: «куткаруучу».

[2]

Матай 6:13 - . Кээ бир кол жазмаларда 13–аятка: «. . . анткени падышалык, кудурет жана даңк — түбөлүк Сеники. Оомийин» — деген сөздөр кошулган. Эгебиздин сыйынуусунун аягындагы бул сөздөр кийинки кол жазмаларда гана орун алат, ал эми эң эски кол жазмаларда алар жок. Бул сөздөрдү текстке эрте мезгилдеги жыйындарда колдонуу үчүн жыйын жетекчилери кошкон болушу керек.

[3]

10:25 - Бээлзебул — шайтандын дагы бир аты.

[4]

11:21 - Катуу кийим кийип, күлгө олтуруу — бул күнөөдөн баш тартып, ниетти өзгөрткөндүктү билдирет.

[5]

12:24 - Бээлзебул — шайтандын дагы бир аты.

[6]

12:41 - Нинеби шаары Ашур империясынын борбору болгон.

[7]

12:42 - Бул жер түштүк Арабия болушу мүмкүн.

[8]

16:1 - Фарисейлер менен садукейлер Ыйсага ишенбей, Анын Кудайдан келгенин далилдей турган өзгөчө белги талап кылышкан.

[9]

16:18 - Петир деген грек сөзүнүн мааниси — «аска таш».

[10]

Матай 17:21 - . Кээ бир кол жазмаларда 21–аят бар: «Бирок бул сыяктуу жиндер орозо тутуп сыйынмайын чыкпайт». Бул аят Матай жазган Жакшы Кабардын эң эски кол жазмаларында жок. Ал Марк 9:29дан алынып кошулган болушу керек. Андагы текст Матайдагы текстке бир топ окшош.

[11]

Матай 18:11 - . Кээ бир кол жазмаларда 11–аят бар: «Адам Уулу жоголгонду куткаруу үчүн келди». Бул аят эң эски кол жазмаларда жок. Аны кийин көчүрмөчүлөр 10–аят менен 12–14–аяттарды жакшыраак байланыштырыш үчүн кошушкан болушу керек.

[12]

18:28 - Бир күмүш теңге жумушчунун бир күндүк эмгек акысына барабар болгон.

[13]

21:5 - Бул аяттын мааниси: Ыйса Иерусалимге ат минип, аскер катары эмес, согушка колдонулбай турган жаныбар — эшекти минип, ал тургай коделекти минип тынчтык менен келет дегенди билдирет. Ышая 62:11, Закир 9:9.

[14]

21:9 - Түп нускада бул жерде «осанна!» деп берилген эврей сөзү сөзмө-сөз «куткара көр» дегенди билдирет, бул сөз кийин урматтоону, мактоону билдирген чакырыкка айланып кеткен. Забур 117:25–26.

[15]

Матай 23:14 - . Кээ бир кол жазмаларда 14–аят бар: «Дин мугалимдери менен фарисейлер, силерге кайгы! Силер эки жүздүүсүңөр! Жесирлердин ырыскысын жеп, үйлөрүн тонойсуңар да көзгө түшүү үчүн узакка сыйынымыш болосуңар! Ушундай кылганыңар үчүн силердин жазаңар оорураак болот». Бул аят эң эски, эң ишенимдүү кол жазмаларда жок. Кийинки кол жазмаларда болсо ал же 13–аяттан кийин, же 13–аятка чейин жайгашкан. Мунун өзү эле аяттын түп нуска текстинде жок болгонун жана Марк 12:40тан же Лука 20:47ден алынганын айгинелеп турат.

[16]

24:33 - Же: Адам Уулунун.

[1]

3:18 - Улутчул диний партиянын мүчөсү

[2]

3:22 - Бээлзебул - шайтандын дагы бир аты.

[3]

6:37 - Ошол убакта бир күмүш теңге жумушчунун бир күндүк эмгек акысы болгон.

[4]

Марк 11:26 - . Кээ бир кол жазмаларда 26–аят бар: «Эгер силер башкаларды кечирбесеңер, анда асмандагы Атаңар да силердин каталарыңарды кечирбейт». Бул аят эң эски кол жазмалардан табылбайт. Аны текстти Матай 6:15ке окшош кылыш үчүн кошушкан болушу керек.

[5]

13:29 - Же: Адам Уулунун.

[6]

Марк 15:28 - . Кээ бир кол жазмаларда 28–аят бар: «”Ал каракчылар менен кошо эсептелди” деп жазылганы иш жүзүнө ашты». Бул аят — Ышайа 53:12ден келтирилген цитата. Ал эң эски жана эң ишенимдүү кол жазмаларда жок. Бул аят Лука 22:37ден алынып, адегенде негизги тексттин чекесине жазылган болуу керек. Кийин көчүрмөчүлөр байкабай, аны негизги текстке кошуп салышкан өңдөнөт.

[1]

1:5 - Арундун тукумдары диний кызматчылар болушкан. Абыя Арундан тараган бир уруунун түпкү атасы болгон.

[2]

1:22 - Ийбадаткананын ичиндеги динкызматчылар гана кире ала турган атайын бөлмө

[3]

2:22 - Мусанын мыйзамы боюнча эркек бала төрөлгөндөн кырк күн өткөндө, анын энеси диний тазалануу расмисинен өтүү керек болчу.

[4]

7:41 - Ошол убакта бир күмүш теңге жумушчунун бир күндүк эмгек акысы болгон.

[5]

7:46 - Ысрайылдагы конокко сый көрсөтүүнүн белгиси.

[6]

Лука 9:55 - . Кээ бир кол жазмаларда 55–аятка ушул сөздөр кошулган: «Анан: “Силер кандай рухтан экениңерди билбейсиңер, анткени Адам Уулу адамдардын жанын алыш үчүн эмес, куткарыш үчүн келген”, — деди». Лука 19:10до жана Жакан 3:17де айтылгандарды кайталаган бул аят аталган тексттерден алынып кошулган болушу керек.

[7]

10:12 - Илгери Содом шаарынын эли ушунча катуу бузулгандыктан, Кудай аларга асмандан от түшүрүп жазалаган. Башт. 19.

[8]

11:15 - Бээлзебул — шайтандын дагы бир аты.

[9]

11:31 - Бул жер түштүк Арабия болушу мүмкүн.

[10]

11:44 - Ысрайылда көрдүн үстүнөн баскан адам арам саналат.

[11]

11:51 - Адам атанын алгачкы балдарынын бири.

[12]

12:50 - Ыйса жаза жыгачында канга чөмүлүп, адамзаттын күнөөлөрү үчүн курман болот.

[13]

13:19 - Абдан кичинекей дандуу өсүмдүк.

[14]

13:32 - Ыйса Өзүнүн айкаш жыгачка кадалып, өлүп, кайра үчүнчү күнү тирилери тууралуу айтып жатат.

[15]

14:27 - Мен үчүн өлүмгө даяр болбостон.

[16]

16:8 - Жарыктын адамдары: Ыйсанын жолундагылар.

[17]

17:4 - Сансыз көп жолу.

[18]

Лука 17:36 - . Кээ бир кол жазмаларда 36–аят бар: «Талаада эки киши иштеп жаткан болот: алардын бири алынат да экинчиси калтырылат». Бул аят эң эски кол жазмаларда жок. Көчүрмөчүлөр аны Матай 24:40тан алып кошушу мүмкүн.

[19]

18:13 - Көкүрөгүн койгулоо: өкүнүү, күнөөнү моюнга алуу.

[20]

19:13 - Грекче мина — 100 күндүк эмгек акыга тете акча бирдиги болгон.

[21]

Лука 23:17 - . Кээ бир кол жазмаларда 17–аят бар: «Пилат ар жылы, куткарылуу майрамы маалында, аларга камактан бир адамды бошотуп берүүгө милдеттүү эле». Бул аят эң эски кол жазмаларда учурабайт. Ал Матай 27:15тен жана Марк 15:6дан алынган болушу ыктымал.

[1]

1:21 - Кыямат сотуна чейин келет деп Ыйык Жазууда айтылган пайгамбар. Мал. 3:23.

[2]

1:21 - Кудай «жиберем» деп убада кылган Мусага окшогон өзгөчө Пайгамбар. Мыйз. кайт. 18:15.

[3]

1:42 - Кефа деген арамей сөзү грекче — «Петир».

[4]

4:20 - Гаризим тоосунда самариялыктардын ийбадатканасы болгон.

[5]

Жакан 5:3–4 - . Кээ бир кол жазмаларга ушул аят кошулган: «Алар суунун чайпалышын күтүшчү. Мезгил-мезгили менен Эгебиздин периштеси түшүп келип, сууну чайпачу. Суу чайпалгандан кийин көлмөгө биринчи болуп кирген адам оорусунан айыгып кетчү». Мындагы сүйлөмдөр эң эски, эң ишенимдүү кол жазмаларда жок. Жыйырмадан ашуун кол жазмаларда бул үзүндүнүн түп нускада болбогондугу атайын белгиленет. Ошондой эле бул сүйлөмдөрдө Жакандын Жакшы Кабарынын башка бир да жеринде учурабаган сөздөр менен сөз айкаштары кездешет. Ушул фактыларга таянып, изилдөөчүлөр бул аяттар түп нускада болгон эмес деген пикирге келишкен.

[6]

6:7 - Бир күмүш теңге жумушчунун бир күндүк эмгек акысына барабар болгон.

[7]

7:27 - Алар Ыйсанын назареттик экенин билишчү.

[8]

1:21 - ди караңыз.

[9]

12:13 - Бул «бизди куткара көр» деген сөз.

[10]

12:31 - Бул дүйнөнүн башкаруучусу деп шайтанды айтып жатат.

[11]

19:2 - Падышалар кийүүчү кочкул кызыл түстөгү чапан.

[12]

19:41 - Иудейлер өлгөн адамдын сөөгүн асканын бооруна оюлган үңкүр көрүстөндөргө коюшчу.

[13]

21:8 - 90 метрге жакын аралык.

[14]

21:24 - Салт боюнча, бул китептеги «Ыйсанын өзгөчө сүйгөн шакирти», «ошол шакирт», «алиги шакирт» деген сөздөр Ыйсанын шакирти — Жаканды билдирет.

[1]

2:20 - «Эгебиздин улуу жана даңктуу күнү» деген сөздөрдө кыямат кайым, сот күнү деген маани бар.

[2]

7:40 - Арун Мусанын бир тууган агасы жана башкы динкызматчы болгон.

[3]

Элчилердин иштери 8:37 - . Кээ бир кийинки кол жазмаларда 37–аят бар: «Ага Филип: ”Эгер чын жүрөктөн ишенсеңиз, өтсөңүз болот”, — деди. Вазир: ”Мен Ыйса Машаяктын Кудай Уулу экенине ишенем”, — деди». Бул аят эң эски кол жазмалардын көбүндө жок. Аны эрте мезгилдеги жыйын өзүнүн сууга чөмүлдүрүү расмилеринде колдонуп, башында ал Элчилердин иштери текстинин чекесине, кошумча катары жазылган болушу керек. Кыязы, «эфиопиялык өз ишенимин жарыялабаса, Филип аны чөмүлдүрмөк эмес» деген пикирден улам, бул аят кийинчерээк негизги текстке кошулуп кеткен окшойт.

[4]

10:9 - Мурда Ысрайылда үйлөрдүн төбөсү жалпак болгон.

[5]

Элчилердин иштери 24:6–8 - . Кээ бир кол жазмаларда 6–8 аяттарга төмөнкү сөздөр кошулган: «Биз муну өзүбүздүн мыйзамыбыз боюнча соттойлу деп жаттык эле, бирок миңбашы Лусий жетип келип, колубуздан зордук менен тартып алды. Анан мунун айыптоочулары болгон бизди сиздин алдыңызга барууга буйруду». Бул сүйлөмдөр көчүрмөчүлөргө 6–аят аягына чыкпай калгандай жана кошумча түшүндүрмө берүү зарыл болгондой сезилген үчүн киргизилген болушу керек.

[6]

Элчилердин иштери 28:29 - . Кээ бир кол жазмаларда 29–аят бар: «Пабыл ушундай дегенде, иудейлер бири-бири менен талашып, жаңжалдашып, тарап кетишти». Бул аят түп нускада болгон эмес деп айтканга бир топ негиз бар. Ал 28 жана 30–аяттарды жакшыраак байланыштыруу үчүн гана кошулган өңдүү.

[1]

Римдиктерге 8:1 - . Кээ бир кол жазмаларда бул аят мындай берилген: «Ошентип, эми Машаяк Ыйса менен биримдикте, күнөөлүү табияты эмес, Рух боюнча жашагандарга жазалоо өкүмү чыгарылбайт». «Күнөөлүү табияты эмес, Рух боюнча» деген сөздөр эң эски кол жазмаларда жок. Алар 4–аяттан алынган болушу керек.

[2]

8:15 - Абба — арамейче — «ата».

[3]

Римдиктерге 11:6 - . Кээ бир кол жазмаларда 6–аяттын аягына мындай сөздөр кошулган: «Эгерде ишине жараша болсо, анда ырайым ырайым болбой калмак. Ошондой болгондо, иш да иш болбой калмак». Бул сүйлөмдөр кээ бир кийинки кол жазмаларда бар болгону менен, кээ бир эң эски кол жазмаларда жок. Анын үстүнө, кийинки кол жазмаларда ушул өңдүү кошумчалар бири биринен айырмаланып тургандыктан, алардын түп нускада болгону шек туудурат.

[4]

Римдиктерге 14:24–26 - . Кээ бир кол жазмаларда бул үч аятты 16–бөлүмдүн аягынан тапса болот (16:25–27). Кээ бир изилдөөчүлөрдүн ою боюнча, Пабыл бул каттын бир көчүрмөсүн Рим жыйынына, экинчисин Эфеске жиберген болушу керек. Эфеске жиберилген көчүрмөдөн 15– жана 16–бөлүмдөр алынып ташталып, ошол себептен аталган аяттар 14–бөлүмдүн аягына кошулган болушу мүмкүн.

[5]

Римдиктерге 16:25–27 - . Кээ бир кол жазмаларда бул аяттар 14–бөлүмдүн аягынан орун алат. (Өйдө жакта Римдиктер 14:24–26га берилген түшүндүрмөнү караңыз. )

[6]

Ышая 11:10 - . Жесей Дөөт падышанын атасы болгон.

[7]

Римдиктерге 16:24 - . Кээ бир кол жазмаларда 24–аят бар: «Эгебиз Ыйса Машаяк силерге ырайым кылсын. Оомийин». Бул аят эң эски жана ишенимдүү кол жазмаларда жок. Аны көчүрмөчүлөр жыйын кызматы үчүн кошуп коюшкан болушу керек.

[1]

10:1 - Бул жерде Пабыл ысрайылдыктар Мисирден чыккандагы окуяны кеп кылып жатат. Чыгуу 14-бапты караңыз.

[2]

16:22 - Бул жерде Пабыл арамей сөзүн колдонот: мараната — «Эгебиз келегөр».

[1]

9:2 - «Ахаялыктар» дегени корунттуктар. Корунт шаары Ахая аймагынын баш калаасы болгон.

[1]

4:6 - Абба — арамейче — «ата». Каттын түп нускасында Пабыл эки сөздү тең: арамейчесин да, грекчесин да колдонгон.

[1]

1:7 - «Македония жана Ахая» деген аталыш ошол кездеги бүтүндөй Грециянын аймагын билдирген.

[1]

3:11 - Же: (жардамчылардын) аялдарынын.

[2]

5:9 - Же: бир гана жолу күйөөгө чыккан.

[1]

1:11 - «Онисим» грекче «керектүү, пайдалуу» дегенди билдирет.

[1]

Чыгуу 2:2; - 1:22. Мисир падышасынын буйругу боюнча, ысрайылдыктардын кичинекей эркек балдарынын баары тышка калтырылып, өлүшү же өлтүрүлүшү керек болчу.

[1]

1:1 - Он эки уруу Кудайдын батасын ала турган Ысрайыл элин билдирет, бирок Жакып биерде Ыйсага ишенгендерге кайрылып жатат.

[1]

1 Жакан 5:7–8 - . Кийинки кол жазмалардын кээ биринде гана бул аяттар төмөнкүдөй берилген: «Демек, асманда үч күбө бар: Ата, Сөз жана Ыйык Рух. Үчөөнүн күбөлүгү бирдей. Жерде да үч күбө бар: Рух, суу жана кан. Бул үчөөнүн да күбөлүгү бирдей». Асмандагы үч күбө жөнүндөгү сөздөр кийинчерээк пайда болгон грек тилиндеги жети көчүрмөдө гана бар. Бул сөздөрдүн түп нускада болбогондугунан эч күмөн жок. Аларды алтынчы кылымдагы Жаңы Келишимдин латын тилиндеги котормолоруна кошо башташкан.

[1]

1:1 - «Айым жана анын балдары» деген сөздөр жыйынды жана анын мүчөлөрүн билдирет.

[2]

1:13 - «Эжең» деген сөз жыйынды билдирет.

[1]

1:13 - 13 Деңиз толкундары, адашкан жылдыздар — бул сүрөттөө ааламдын Кудайга каршы чыкканын билдирет.

[1]

1:8 - Грек алфавитиндеги биринчи жана акыркы тамгалар. Бул — Кудай Эге баарынын баштоочусу жана бүтүрүүчүсү дегенди билдирет.

[2]

1:9 - Байыркы тарых китептеринде Жакан жыйындагы кадыр-барктуу адам болгондуктан, Рим бийлиги аны Патмос аралына сүргүнгө айдаган деп айтылат.

[3]

1:10 - Бул жуманын биринчи күнү болсо керек. Ушул күнү Эгебиз Ыйса Машаяк өлүп, кайра тирилген.

[4]

2:6 - Николаиттер — жалган ишеним менен жалган идеяларды жолдогондор (2:15ти да караңыз).

[5]

2:11 - Экинчи өлүм — Аян 20:12–15ти караңыз.

[6]

2:13 - Пергам шаарында эң байыркы ийбадаткана болгон. Адамдар ал жерге барып, Рим падышасына табынган.

[7]

Аян 2:6ны - караңыз.

[8]

3:7 - «Дөөттүн ачкычын» — бул бабасы Дөөт падышанын тукумун башкарганга (Ыйсанын) укугу бар дегенди билдирет.

[9]

7:9 - «Колдоруна пальма бутактарын кармаган» — бул адамдардын Кудайдын куткарылуусун кубануу менен кабыл алганын билдирет. Жакан 12:13тү караңыз.

[10]

9:11 - Бул «кыйратуучу» дегенди билдирет.

[11]

Дан. 7:13 - караңыз.

[12]

16:13 - «Жалган пайгамбар» — бул экинчи жырткыч. Аян 13:11–17ни караңыз.

[13]

19:1, - 3, 4, 6–аяттардагы «Эгебизди мактагыла» деген сөздөр түп нускада «Аллилуия» деп берилген.

Сообщить об ошибке

Библиотека Святых отцов и Учителей Церквиrusbatya.ru Яндекс.Метрика

Все материалы, размещенные в электронной библиотеке, являются интеллектуальной собственностью. Любое использование информации должно осуществляться в соответствии с российским законодательством и международными договорами РФ. Информация размещена для использования только в личных культурно-просветительских целях. Копирование и иное распространение информации в коммерческих и некоммерческих целях допускается только с согласия автора или правообладателя